29 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы


2014-жылдын 14-июлу № 135

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 1472016-жылдын 12-декабрындагы № 1962017-жылдын 19-апрелиндеги № 61
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Адвокатуранын, адвокаттык иштин укуктук негиздерин, ошондой эле адвокаттардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт.

1-глава. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы


1-берене. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдар

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын (мындан ары - Адвокатура) жана адвокаттык ишти жөнгө салуунун укуктук негизи болуп саналат.

2-берене. Адвокатура

1. Адвокатура - бул Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттык ишти  өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу.

2. Адвокатура жарандык коомдун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбейт жана өз ишин ушул Мыйзамга жана Адвокатуранын уставына ылайык жүзөгө ашырат.

3. Адвокатура өз алдынча уюштуруучулук-укуктук формасы - Адвокатурасы бар коммерциялык эмес юридикалык жак болуп саналат.

Адвокатура пайда алуу максатын көздөбөйт жана коммерциялык уюмдарды түзүүгө жана алардын катышуучусу болууга укуксуз.

4. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында уюштуруучулук-укуктук  формадагы бирден аймактык адвокатура - филиал түзүлүүгө тийиш.

5. Адвокатура өлкөнүн калкы аз жана алыскы райондорунда өз ишин жүзөгө ашырган адвокаттарга тиешелүү жеңилдиктерди (адвокаттык түзүмдөрдүн муктаждыгына милдеттүү чегерүүлөрдөн бошотуу жана башка жеңилдиктер) берүү мүмкүнчүлүгүн карайт.

6. Адвокат Адвокатуранын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми Адвокатура адвокаттардын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

3-берене. Адвокатуранын мүлкү

1. Адвокатура өзүнө жеке менчик укугунда таандык болгон мүлккө ээ, ал уставдык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн негизги зарыл жана жүгүртмө каражаттарды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, баалуу кагаздарды жана башка мүлктү өзүнө камтыйт.

2. Мүчөлүк төгүмдөр, өз ишинен түшкөн кирешелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка келип түшүүлөр Адвокатуранын мүлк булагы болуп саналат.

4-берене. Адвокатуранын уставы

1. Адвокатура өз уставын ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бекитет.

2. Адвокатуранын уставында төмөнкүлөр каралат:

1) Адвокатуранын максаттары, милдеттери жана иш-милдеттери;

2) Адвокатуранын башкаруу органдарын түзүүнүн жана анын ыйгарым укуктарынын тартиби;

3) Адвокатурага кирүүнүн шарттары жана тартиби;

4) Адвокатуранын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

5) адвокаттардын квалификациясын жогорулатуунун тартиби;

6) Адвокатуранын мүлкүн түзүүнүн жана аны пайдалануунун тартиби;

7) Адвокатуранын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби;

8) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөнүн тартиби;

9) чыгымдардын сметасы боюнча отчеттуулукту берүүнүн жана аны жарыялоонун тартиби;

10) аймактык Адвокатураны, анын башкаруу органдарын түзүүнүн, алардын иштешинин тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;

11) адвокаттарды аймактык Адвокатурага киргизүүнүн (бекитүүнүн) тартиби;

12) Адвокатуранын текшерүү комиссиясын түзүүнүн жана анын ыйгарым укуктарынын тартиби.

3. Уставда ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген, Адвокатуранын ишине тиешелүү башка жоболор да каралышы мүмкүн.

5-берене. Адвокатуранын башкаруу органдары

1. Адвокатуранын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Адвокаттардын съезди;

2) Адвокаттардын кеңеши.

2. Адвокатуранын башкаруу органдарын түзүүнүн жана алардын ыйгарым укуктарынын тартиби ушул Мыйзамда жана Адвокатуранын уставында белгиленет.

6-берене. Адвокаттардын съезди

1. Адвокаттардын съезди Адвокатуранын жогорку башкаруу органы болуп саналат.

Адвокаттардын съездинде Адвокаттар кеңешинин төрагасы, ал эми ал жок болуп калган учурда - төраганын орун басары төрагалык кылат.

2. Адвокаттардын съезди адвокаттардын Кеңешинин чечими боюнча үч жылда бир жолу чакырылат, ал съездин датасын, убактысын жана өткөрүлө турган ордун белгилейт. Адвокаттардын кезексиз съезди адвокаттар Кеңешинин чечими боюнча же Адвокатуранын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча чакырылат.

Эгерде анын ишине Адвокатуранын мүчөлөрүнүн жалпы санынан шайланган делегаттардын курамынын жарымынан кем эмеси катышса, адвокаттардын съезди укук ченемдүү болуп эсептелет.

3. Съездин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Адвокатуранын ишинин негизги багыттарын аныктоо;

2) Адвокатуранын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу же уставды жаңы редакцияда кабыл алуу;

3) Адвокаттардын кеңешин түзүү жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

4) адвокаттардын Кесиптик этикасынын кодексин кабыл алуу;

5) Адвокатуранын мүчөлөрүнүн ичинен этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо;

6) текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо, финансылык-чарбалык иштин  натыйжалары жөнүндө анын отчетун бекитүү;

7) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөдөн келип түшкөн каражаттардын ичинен Адвокатуранын жалпы муктаждыктарына аймактык адвокатуралардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.

7-берене. Адвокаттар кеңеши

1. Адвокаттар кеңеши Адвокатуранын коллегиялуу аткаруучу органы болуп саналат жана адвокаттардынсъездинде Адвокатуранын мүчөлөрүнүн ичинен үч жылдык мөөнөткө 9 адамдан ашпаган санда жашыруун добуш менен түзүлөт.

Адвокаттар кеңеши өз курамынын ичинен Кеңештин төрагасын жана анын сунушу боюнча - орун басарын шайлайт.

2. Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары Адвокаттар кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин сакталат .

3. Адвокаттар кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде жана башка уюмдарда Адвокатуранын атынан чыгуу;

2) текшерүү комиссиясын кошпогондо, Адвокатуранын комиссиялары жөнүндө жоболорду бекитүү;

3) аймактык адвокатуралар жөнүндө жоболорду бекитүү;

4) адвокаттардын мүчөлүк төгүмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо жана бекитүү, мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөнүн тартибин бекитүү;

5) Адвокатуранын алдындагы Адвокаттардын окуу борборунун директорун дайындоо жана бошотуу;

6) адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу программасын бекитүү, ал программалар боюнча кесиптик окутуп-үйрөтүүнү уюштуруу;

7) Адвокаттар кеңешинин төрагасына жана мүчөлөрүнө сыйакы берүүнүн өлчөмүн аныктоо;

8) адвокаттардын социалдык жана кесиптик укуктарын коргоо;

9) Адвокатуранын этика боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу же андан ажыратуу жөнүндө сунуштама киргизүү;

10) Адвокатуранын уставына ылайык башка ыйгарым укуктар.

8-берене. Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы

1. Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы үч жылдык мөөнөткө 9 мүчө санында түзүлөт. Мында адвокат - комиссиянын мүчөсү беш жылдан кем эмес адвокаттык иш тажрыйбага ээ болушу керек.

Этика боюнча комиссиянын төрагасы анын мүчөлөрүнүн ичинен үч жылдык мөөнөткө шайланат.

Адвокатуранын этика боюнча комиссиясынын жыйналышы комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экисинен кем эмеси катышканда укук ченемдүү болуп эсептелет.

2. Адвокаттар - этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү комиссиядагы ишти адвокаттык иш менен айкалыштыра алат. Адвокатуранын этика боюнча комиссиясынын мүчөлөрү бир эле убакта Адвокаттар кеңешинин мүчөсү боло алышпайт.

3. Адвокатуранын этика боюнча комиссиясынын жыйналыштары этика боюнча комиссиянын төрагасы тарабынан зарылдыгына жараша, бирок жылына төрт жолудан кем эмес чакырылат.

4. Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы арызды, даттанууну кароонун натыйжалары боюнча чечим чыгарат.

5. Адвокатуранын этика боюнча комиссиясынын чечими анын жыйналышына катышкан мүчөлөрдүн добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү аркылуу добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Адвокатуранын этика боюнча комиссиясынын жыйналышынын протоколуна этика боюнча комиссиясынын төрагасы жана анын катчысы тарабынан кол коюлат.

6. Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы жөнүндө жобо Адвокаттардын кеңеши тарабынан бекитилет.

9-берене. Текшерүү комиссиясы

1. Текшерүү комиссиясы Адвокатуранын каржылык-чарбалык ишин контролдоону жүзөгө ашырат жана Адвокаттардын съездине отчет берет.

2. Текшерүү комиссиясын түзүүнүн жана анын иштөө тартиби Адвокатуранын Уставында аныкталат.

3. Адвокаттар - текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү текшерүү комиссиясындагы ишти адвокаттык иш менен айкалыштыра алат. Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү бир эле убакта Адвокаттар кеңешинин мүчөсү боло алышпайт.

10-берене. Адвокаттардын окуу борбору

1. Адвокатуранын алдында адвокаттардын кесиптик окуп-үйрөнүүсүн уюштуруу жана квалификациясын жогорулатуу максатында өз алдынча юридикалык жак болуп саналган Адвокаттардын окуу борбору иштейт.

2. Адвокаттардын окуу борборунун ишинин жана аны каржылоонун тартиби Адвокаттардын съезди тарабынан бекитилүүчү анын уставында аныкталат.

11-берене. Аймактык адвокатура

1. Аймактык адвокатура Адвокатуранын уставында аныкталган тартипте түзүлөт.

2. Аймактык адвокатура өз ишинде Адвокатуранын уставын жетекчиликке алат.

12-берене. Аймактык адвокатуранын башкаруу органдары

Аймактык адвокатуранын башкаруу органдары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу;

2) аймактык адвокатуранын башкармасы.

13-берене. Тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу

1. Тиешелүү аймактын адвокаттарынын жалпы чогулушу (мындан ары - адвокаттардын жалпы чогулушу) аймактык адвокатураны башкаруунун жогорку органы болуп саналат.

2. Адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:

1) аймактык адвокатуранын төрагасын, анын орун басарын жана башкармасынын мүчөлөрүн шайлоо;

2) аймактык адвокатуранын уставы менен адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына кирген башка  маселелерди чечүү.

3. Эгерде адвокаттардын жалпы чогулушуна катышуу үчүн каттоо аяктаган учурда тиешелүү аймактык адвокатуранын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катталса, адвокаттардын жалпы чогулушу укук ченемдүү болот.

4. Адвокаттардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби тиешелүү аймактык адвокатуранын уставы менен белгиленет.

14-берене. Аймактык адвокатуранын башкармасы

1. Аймактык адвокатуранын башкармасы аймактык адвокатуранын коллегиялуу аткаруучу органы болуп саналат жана адвокаттардын жалпы чогулушунда тиешелүү аймактын адвокаттарынын ичинен 5 адамдан ашпаган санда жашыруун добуш менен үч жылга түзүлөт.

2. Башкарманын төрагасы жана анын орун басары аймактык адвокатуранын башкармасынын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат

Башкарманын төрагасы аймактык адвокатуранын ишине учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана аймактык адвокаттардын жалпы чогулушуна отчет берет.

3. Аймактык адвокатуранын башкармасынын компетенциясына адвокаттардын жалпы чогулушунун компетенциясына кирбеген, аймактык адвокатуранын уставында аныкталган баардык маселелерди чечүү кирет.

2-глава. Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш


15-берене. Адвокат

Адвокат - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алган жана Адвокатуранын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны.

16-берене. Кыргыз Республикасындагы адвокаттык иш

1. Жеке жана юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мындан ары - ишеним артуучулар) жана корголуучуга (адвокат жазык сот өндүрүшүнө коргоочу катары милдеттүү катышкан учурларда) алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнө жетүүсүн коргоо жана камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамда белгиленген тартипте адвокаттыкиш жүргүзүү укугуна лицензия алган адамдар тарабынан кесиптик негизде көрсөтүлө турган квалификациялуу юридикалык жардам Кыргыз Республикасында адвокаттык иш болуп саналат.

2. Адвокат адвокаттык ишти жеке адвокаттык кабинет формасында же болбосо адвокаттык уюм аркылуу адвокаттар коллегиясы же адвокаттык бюро формасында жүзөгө ашыра алат.

21Адвокат ушул Мыйзамга ылайык адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун формасын өз алдынча тандоого жана өзгөртүүгө укуктуу. Адвокат адвокаттык ишти жүзөгө ашыруунун тандаган формасы жөнүндө каттаган күндөн тартып бир айдын ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Адвокатурага кабарлоого милдеттүү.

22. Юридикалык жактардын аталыштарында "адвокаттык иш", "адвокатура", "адвокат" же бул терминдерди өзүнө камтыган сөз айкалыштарын пайдаланууга адвокаттарга жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн уюмдарга гана жол берилет.

3. Адвокаттар тарабынан адвокаттык иштин алкагында жүзөгө ашырылуучу юридикалык жардам ишкердик (коммерциялык) иш болуп саналбайт.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

161-берене. Адвокаттык кабинет

1. Адвокаттык ишти жеке жүзөгө ашыруу чечимин кабыл алган адвокат адвокаттык кабинетти уюштурат.

2. Адвокат адвокаттык кабинетти уюштуруу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Адвокатурага жиберет, анда адвокат, адвокаттык кабинеттин жайгашкан жери, телефондордун, факстардын номерлери, электрондук почтанын даректери жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

3. Адвокаттык кабинет юридикалык жак болуп саналбайт.

4. Адвокаттык кабинетти уюштурган адвокат мыйзамдарга ылайык банктарда эсептерди ачат, анда адвокаттыккабинеттин дареги жана аталышы менен мөөрү, штампы жана бланкы болот. Адвокаттык кабинеттин аталышы аны уюштурган адвокаттын атын, ошондой эле "адвокаттык кабинет" деген сөздөрдү камтууга тийиш.

5. Адвокаттык кабинетте юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуулар адвокат менен ишеним артуучунун ортосунда түзүлөт жана адвокаттар коллегиясынын документ жүгүртүү тутумунда катталат.

6. Адвокат адвокаттык кабинетти жайгаштыруу үчүн анын же болбосо анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчик укугуна таандык турак жайды акыркылардын жана коңшуларынын макулдугу менен пайдаланууга укуктуу. Жалдоо келишими боюнча адвокат жана анын үй-бүлө мүчөлөрү ээлеген турак жай адвокат тарабынан адвокаттык кабинетти жайгаштыруу үчүн жалдоого берүүчүнүн, коңшуларынын жана адвокат менен бирге жашаган бардык жашы жеткен адамдардын макулдугу менен пайдаланылышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

162-берене. Адвокаттар коллегиясы

1. Эки жана андан көп адвокат адвокаттар коллегиясын уюштурууга укуктуу.

2. Адвокаттар коллегиясы мүчөлүккө негизденген жана анын уюштуруучулары тарабынан бекитилүүчү уставдын (мындан ары - устав) жана алар тарабынан түзүлгөн уюштуруу келишиминин негизинде аракеттенүүчү коммерциялык эмес уюмдун өз алдынча формасы болуп саналат.

3. Уюштуруу келишиминде өз мүлкүн адвокаттар коллегиясына берүүнүн шарттары, анын ишине катышуунун тартиби, жаңы мүчөлөрдү адвокаттар коллегиясына кабыл алуунун тартиби жана шарттары, адвокаттар коллегиясын уюштуруучулардын (мүчөлөрүнүн) укуктары жана милдеттенмелери, уюштуруучулардын (мүчөлөрүнүн) анын курамынан чыгуу тартиби жана шарттары аныкталат.

4. Устав төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу формасына көрсөтмөнү камтыган адвокаттар коллегиясынын аталышын;

2) адвокаттар коллегиясынын жайгашкан жерин;

3) адвокаттар коллегиясынын ишинин предметин жана максаттарын;

4) адвокаттар коллегиясынын мүлкүн түзгөн булактарды жана аны пайдалануунун багыттарын (анын ичинде бөлүнбөс фонддун болушу же болбошу жана аны пайдалануунун багыттарын);

5) адвокаттар коллегиясын башкаруу тартибин;

6) адвокаттар коллегиясынын филиалдары жөнүндө маалыматтарды;

7) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартибин;

8) адвокаттар коллегиясын кайра уюштуруу жана жоюу тартибин;

9) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду.

5. Уюштуруу келишиминин жана уставдын талаптары адвокаттар коллегиясынын өзү жана уюштуруучулары (мүчөлөрү) үчүн аткарууга милдеттүү.

6. Адвокаттар коллегиясын уюштуруучулар аны уюштуруу, кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилген формага ылайык Адвокатурага кабарлоо жиберет.

7. Адвокаттар коллегиясы аны юстиция органында мамлекеттик каттаган күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет. Адвокаттар коллегиясын мамлекеттик каттоо, ошондой эле анын ишин токтотуу жөнүндө жазууну юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

8. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында, ошондой эле эгерде бул чет мамлекеттердин мыйзамдарында каралса, чет элдик мамлекеттердин аймактарында филиалдарды түзүүгө укуктуу.

Адвокаттар коллегиясы филиалдарды түзүү же жабуу жөнүндө Адвокаттар кеңеши тарабынан бекитилген формага ылайык Адвокатурага кабарлоо жиберет.

Адвокаттар коллегиясынын филиалында адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу адвокаттар тиешелүү филиалды түзгөн адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү болуп саналат.

Адвокаттар коллегиясынын филиалында адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу адвокаттар жөнүндө маалыматтар адвокаттардын мамлекеттик реестрине киргизилет.

9. Адвокаттар коллегиясынын уюштуруучулары тарабынан салым катары киргизилген мүлк ага менчик укугунда таандык болот.

10. Адвокаттар коллегиясынын мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, адвокаттар коллегиясы өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

11. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адвокаттык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу алар тарабынан алынган кирешелер боюнча алардын мүчөлөрү болуп саналган адвокаттардын салык агенти, ошондой эле ишеним артуучулар, үчүнчү жактар жана башка адвокаттар коллегиясынын уюштуруу документтеринде каралган башка маселелер боюнча алардын өкүлү болуп саналат.

12. Адвокаттар коллегиясында юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу адвокаттар менен ишеним артуучунун ортосунда түзүлөт жана адвокаттар коллегиясынын документ жүгүртүү тутумунда катталат.

13. Ушул Мыйзамдын 163-беренесинде белгиленген тартипте адвокаттар коллегиясы адвокаттык бюрого кайра түзүлгөн учурду кошпогондо, адвокаттар коллегиясы коммерциялык уюмга же болбосо кандай гана болбосун башка коммерциялык эмес уюмга кайра түзүлүшү мүмкүн эмес.

14. Адвокаттар коллегиясы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле адвокаттар коллегиясында жалгыз мүчөсү калган учурда жоюлат. Акыркысы адвокаттар коллегиясынын жалгыз мүчөсү болуп калган учурдан тартып үч айдын ичинде адвокаттык кабинеттин, адвокаттар коллегиясынын же адвокаттык бюронун уюштуруучусу (уюштуруучулары) болуп саналбаган башка адвокат (адвокаттар) менен бирдикте ушул Мыйзамдын 163-беренесинде белгиленген тартипте аны адвокаттык бюрого кайра түзүүгө укуктуу.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

163-берене. Адвокаттык бюро

1. Эки жана андан көп адвокат адвокаттык бюро уюштурууга укуктуу.

Адвокаттык бюро коммерциялык эмес уюмдун өз алдынча формасы болуп саналат.

2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, адвокаттык бюрону уюштурууга жана анын ишине байланыштуу пайда болгон мамилелерге карата ушул Мыйзамдын 162-беренесинин эрежелери колдонулат.

3. Адвокаттык бюронун аталышы "жана компаниясы", "жана өнөктөштөр" же болбосо "жана адвокаттар" деген сөздөрдү кошуу менен бир же бир нече адвокат-өнөктөштөрдүн аттарын камтууга тийиш. Адвокаттык бюродо катышуусун токтоткон адвокат-өнөктөштүн уруксаты менен анын атын адвокаттык бюронун аталышына пайдаланууга жол берилет.

4. Адвокаттык бюро уюштурган адвокаттар өз ара жазуу жүзүндө жөнөкөй өнөктөштүк келишимин түзөт жана адвокаттык бюрону каттоо үчүн аны юстиция органына бербейт. Өнөктөштүк келишими боюнча адвокат-өнөктөштөр бардык өнөктөштөрдүн атынан юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өздөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүүгө милдеттенишет.

5. Өнөктөштүк келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) өнөктөштүк келишиминин колдонулуу мөөнөтү;

2) өнөктөштөр тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби;

3) башкаруучу өнөктөштү шайлоо тартиби, анын компетенциясы жана башка шарттар.

6. Эгерде өнөктөштүк келишиминде башкача белгиленбесе, адвокаттык бюронун жалпы ишин алып баруу башкаруучу өнөктөш тарабынан жүзөгө ашырылат. Ишеним артуучу менен юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу алардын берген ишеним каттарынын негизинде бардык өнөктөштөрдүн атынан башкаруучу өнөктөш тарабынан түзүлөт. Ишеним каттарында ишеним артуучулар жана үчүнчү жактар менен макулдашууларды жана бүтүмдөрдү түзүүчү өнөктөштүн компетенциясын бардык чектөөлөр көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн чектөөлөр ишеним артуучуларга жана үчүнчү жактарга маалымдалат.

7. Өнөктөштүк келишими төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:

1) өнөктөштүк келишиминин колдонулуу мөөнөтү аяктаганда;

2) эгерде өнөктөштүк келишиминде калган өнөктөштөрдүн ортосундагы мамилелерде келишимди сактоо каралбаса, өнөктөштөрдүн бири болуп саналган адвокат статусунан ажыраганда, токтотулганда же токтотула турганда;

3) эгерде өнөктөштүк келишиминде калган өнөктөштөрдүн ортосундагы мамилелерде келишимди сактоо каралбаса, өнөктөштөрдүн биринин талабы боюнча өнөктөштүк келишими бузулганда.

8. Өнөктөштүк келишими токтогон учурдан тартып анын катышуучулары ишеним артуучуларга жана үчүнчү жактарга карата аткарылбаган жалпы милдеттенмелер боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.

9. Өнөктөштөрдүн бири өнөктөштүк келишиминен чыкканда ал юридикалык жардам көрсөткөн бардык иштер боюнча өндүрүштү башкаруучу өнөктөшкө өткөрүп берүүгө милдеттүү.

10. Өнөктөштүк келишимининен чыккан адвокат анын өнөктөштүк келишимине катышкан мезгилинде пайда болгон жалпы милдеттенмелер боюнча ишеним артуучулардын жана үчүнчү жактардын алдында жооп берет.

11. Адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлгөн учурду кошпогондо, адвокаттык бюро коммерциялык уюмга же болбосо кандай гана болбосун башка коммерциялык эмес уюмга кайра түзүлүшү мүмкүн эмес.

12. Өнөктөштүк келишими токтогондон кийин адвокаттар жаңы өнөктөштүк келишимин түзүүгө укуктуу. Мурдагы өнөктөштүк келишиминин колдонулушу токтогон күндөн тартып бир айдын ичинде жаңы өнөктөштүк келишими түзүлбөсө, анда адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлүүгө же болбосо жоюлууга жатат.

Өнөктөштүк келишими токтогон учурдан тартып жана адвокаттык бюро адвокаттар коллегиясына кайра түзүлгөн учурга же болбосо жаны өнөктөштүк келишими түзүлгөнгө чейин адвокаттар юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуксуз.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-берене. Адвокаттык иштин принциптери

1. Адвокаттык иштин принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда адвокаттын көз карандысыздыгы жана өз  алдынчалуулугу;

2) мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана гумандуулук;

3) адвокаттык ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ыкмалар жана каражаттар менен жүзөгө ашыруу;

4) адвокаттардын кесиптик этикасынын Кодексин сактоо;

5) адвокаттык жашыруун сырды сактоо.

2. Адвокаттык ишти аткарууда адвокатты ишеним артууну же корголуучу жана анын кызыкчылыгы катары кароого болбойт.

18-берене. Юридикалык жардам берүүнүн кепилдиги

1. Мамлекет Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына юридикалык жардам, анын мүнөзү жана алуунун тартиби жөнүндө маалымат алуунун бирдей жеткиликтүү болушуна кепилдик берет.

2. Мыйзамда каралган, мамлекет тарабынан кепилдик берилген алкактарда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн ага адвокат дайындалган учурларды кошпогондо, юридикалык жардам үчүн кайрылган адам адвокаттандоодо эркин.

Мамлекет тарабынан кепилдик берилген квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардынэмгегине акы төлөө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

3. (КР 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-берене. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу

1. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия (мындан ары - лицензия) алууга жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча бир жылдан кем эмес иш стажысы бар, квалификациялык сынактан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны укуктуу.

2. Лицензияны төмөнкү жаран ала албайт:

1) Аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чектелген деп табылган;

2) жабылбаган же алып салынбаган соттуулугу бар;

3) тартиптик жосунун жасагандыгына байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулган - бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде;

4) мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыраган;

5) жүрүм-турумунун кынтыксыз эместигине байланыштуу судьянын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган - бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде.

3. Лицензия алуу үчүн зарыл болгон юридикалык адистик боюнча иш стажысына төмөнкү иштер киргизилет:

1) судья катарында;

2) мамлекеттик органдардагы, анын ичинде колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынганга чейин болгон жогорку юридикалык билимди талап кылган мамлекеттик кызматтардагы;

3) жогорку юридикалык билимди талап кылган муниципалдык кызматтардагы;

4) уюмдардын юридикалык кызматтарында жогорку юридикалык билимди талап кылган кызматтардагы;

5) илимий-изилдөө мекемелериндеги жогорку юридикалык билимди талап кылган кызматтардагы;

6) орто кесиптик, жогорку кесиптик жана кесиптик билим берүүнүн жогорку окуу жайларынан кийинки мекемелерде юридикалык сабактарды окутуучу катарында;

7) адвокаттын жардамчысы катарында;

8) нотариус катарында.

4. Беш жылдык иш стажысы бар төмөнкү адамдарга квалификациялык сынак бердирбестен лицензия берилет:

1 ) укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүндө;

2) судья катары;

3) Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттарынын бөлүмдөрүндө жогорку юридикалык билимдин болушун талап кылган кызмат орундарында;

4) Жогорку Кеңештин жогорку юридикалык билими бар депутаты катары.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн жана өз ишин жүзөгө ашыруу мезгилинде лицензия алган адамдар лицензия алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде өз ишинин мезгилине карата лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылууга тийиш.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацы менен каралган талаптар аткарылбаган учурда лицензия жокко чыгарылат.

20-берене. Квалификациялык сынакка киргизүү

1. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген адам Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине квалификациялык сынак тапшырууга киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

2) талапкердин инсандыгын жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастаган документтер;

3) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

4) юридикалык кесип боюнча иш стажысын ырастаган документтин нотариалдык жактан же кадрлар кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

5) акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө;

6) фотосүрөт.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги зарыл болгондо талапкер тарабынан тапшырылган документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө укуктуу, ал үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга сунушталган документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү же ырастоо үчүн суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.

3. Документтерди текшерүү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы квалификациялык комиссия квалификациялык сынакка киргизүү же болбосо киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Квалификациялык сынакка киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим анын кабыл алынган күнүнөн тартып бир айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.

21-берене. Квалификациялык сынак

1. Квалификациялык сынак Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында жети адамдан түзүлгөн квалификациялык комиссия (мындан ары - квалификациялык комиссия) тарабынан кабыл алынат.

2. Квалификациялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилет:

1) адвокаттык иште беш жылдан кем эмес стажысы бар адвокаттардын ичинен Адвокаттар кеңеши тарабынан сунушталуучу Адвокатурадан төрт өкүл;

2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен үч өкүл.

2. Квалификациялык сынакты өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

4. Тесттин жалпы суроолорунун 70 пайызынан көбүнө туура жооп берген адам квалификациялык сынак берди деп эсептелет.

Квалификациялык сынактан өтпөй калган адамга аны кайрадан тапшырууга алты айдан эрте эмес киргизилет.

5. Квалификациялык комиссия тарабынан сынактын натыйжалары боюнча протокол формасында жол-жоболонгон чечим кабыл алынат.

Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан сынактын натыйжалары жөнүндө чечим кабыл алынат, ал кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.

6. Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде лицензия берилет. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Адвокатурага лицензия берүү жөнүндө он жумушчу күндүн ичинде кабарлайт. Адвокатура кабарлоону алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде адвокаттынАдвокатурага мүчө болуп киргендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдайт.

Караңыз:

КР Конституциялык сотунун 2015-жылдын 11-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кээ бир ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө жарандар Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун,Раимкул уулу Касымбектин, Жунусовдун жана Акин Усубалиевич Токталиевдин кайрылуулары боюнча "Чечими

 

22-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу

1. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жүргүзүлөт.

2. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) адвокат мамлекеттик же муниципалдык кызматка (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо) кирген учурда;

2) адвокат мөөнөттүү чыныгы аскер кызматында болгон учурда;

3) адвокаттын арызы боюнча;

4) ушул Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын адвокаттын иши менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу мезгилине лицензия алган арызы боюнча;

5) адвокат тарабынан Кесиптик этика кодексинин ченемдери бузулган учурда;

6) мүчөлүк төгүмдөрдү Адвокатуранын уставында аныкталган мөөнөттө төлөбөгөн учурда.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча лицензиянын колдонулушун токтото туруу үч жылга чейин жүргүзүлөт.

Токтото турулган лицензиянын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жаңыланат.

4. Лицензиядан ажыратуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) адвокатка карата соттун айыптоо өкүмү  мыйзамдуу күчүнө кирет;

2) Кесиптик этика кодексинин ченемдери кайталанып бузулган;

3) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн лицензиянын колдонулушун токтото туруу учурларын кошпогондо, ушул Мыйзамдын же болбосо Адвокатуранын уставынын ченемдерине ылайык квалификациясын жогорулатпаган;

4) адвокат тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдери бузулган.

5. Лицензиясын колдонушун токтотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) адвокат Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраган учурда;

2) адвокат каза болгондо же аны дайынсыз жоголгон же каза болгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;

3) адвокат белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган учурда;

4) адвокаттын жазуу жүзүндө берилген жеке арызы боюнча;

5) бир айдын ичинде жүйөсүз себептер боюнча лицензия албаган учурда;

6) адвокат лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирбеген учурда.

6. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими ал кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

23-берене. Адвокаттардын мамлекеттик реестри

1. Адвокаттардын мамлекеттик реестрин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кагаз жана электрондук формаларда жүргүзөт жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.

2. Адвокаттардын мамлекеттик реестри адвокаттын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын дарегин, лицензия берилген датаны, лицензиянын номерин, Адвокатурага кирүү датасын, адвокаттык мекеменин аталышын жана юридикалык дарегин, белгиленген тартипте даярдалган мөөрүнүн үлгүсүн камтууга тийиш. Реестрде белгиленген ар кандай өзгөртүүлөр бир айдын ичинде адвокаттар тарабынан Юстиция министрлигине жана Адвокатурагамаалымдалууга тийиш.

3. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумунун алкактарында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестрин ыйгарым укуктуу орган кагаз жана электрондук формаларда жүргүзөт жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.

4. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн адвокат ыйгарым укуктуу органга арыз берет.

(КР 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

231-берене. Адвокатуранын мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумунун алкактарында квалификациялуу юридикалык жардам берүүгө катышуусу

Адвокатура квалификациялуу юридикалык жардам берүү тутумунда төмөнкү жолдор менен катышат:

1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин формасын иштеп чыгуу;

2) мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумуна катышуучу адвокаттарды тандап алуунун критерийлери жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү;

3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын ишинин сапатынын жана баалоо стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;

4) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын эмгегине акы төлөө тарифтерин жана шарттарын иштеп чыгуу;

5) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн регистрин жүргүзүүнүн тартибин жана формасын жана маалыматтарды сактоо мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган менен биргелешип иштеп чыгуу;

6) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын ишинин мониторинги;

7) ушул Мыйзамга жана мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка иш-милдеттерди аткаруу.

(КР 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


3-глава. Адвокаттын укуктары жана милдеттери. Адвокаттык иштин кепилдиктери

 

24-берене. Адвокат тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын түрлөрү

1. Адвокат адвокаттык ишти жүргүзүүдө:

1) укук маселелери боюнча оозеки же жазуу жүзүндө кеңеш берет;

2) арыздарды, даттанууларды, сунуштоолорду жана башка укуктук мүнөздөгү документтерди түзөт;

3) конституциялык, жарандык жана административдик сот иштерине катышат;

4) кылмыш иштери боюнча сот өндүрүшүнө жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштерге катышат;

5) бейтарап сотто, эл аралык коммерциялык сотто жана чыр-чатактарды чечүүчү башка органдарда иштерди териштирүүгө катышат;

6) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында  жана башка уюмдарда ишеним артуучунун кызыкчылыктарын жактайт;

7) эгерде чет мамлекеттердин мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача көрсөтүлбөсө, чет мамлекеттердин мамлекеттик жана башка органдарында, эл аралык сот органдарында ишеним артуучунун кызыкчылыктарын жактайт;

8) аткаруу ишине, ошондой эле кылмыш жазасынын аткарылышына катышат.

9) мыйзамда белгиленген мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкактарында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.

2. Адвокат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка юридикалык жардамды көрсөтүүгө укуктуу.

3. Чет өлкөлүк мамлекеттердин адвокаттары Кыргыз Республикасындагы жеке жана юридикалык жактарга адвокаттын өлкөсү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык макулдашууларынын негизинде ар кандай түрдөгү жардамды көрсөтүшү мүмкүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан атайын реестрге киргизилет.

Чет өлкөлүк мамлекеттердин адвокаттарына Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жашыруун сыр менен байланышкан маселелер боюнча юридикалык жардам көрсөтүүгө жол берилбейт.

(КР 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-берене. Адвокаттын укуктары

1. Адвокат өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ишеним артуучунун тапшыруусу боюнча тийиштүү маселелерди чечүү ыйгарым укугуна кирген бардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында алардын өкүлдөрү катары чыгууга жана укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;

2) юридикалык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултууга, анын ичинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле коомдук бирикмелерден жана башка уюмдардан маалыматтарды жана башка документтерди суратып алууга. Көрсөтүлгөн органдар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте адвокатка ал сураткан документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн адвокаттын суроо-талабы алынган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде берүүгө милдеттүү;

3) конституциялык, жарандык жана административдик сот өндүрүшүндө,  ошондой эле жазык сот өндүрүшүндө жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштө далил катары пайдаланылышы мүмкүн болгон фактылар жөнүндө маалыматтарды жыйноого;

4) күбөлөрдүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн алууга, жерин карап чыгуунун жеке протоколдорун түзүүгө;

5) жеке жактардын макулдугу боюнча документтерди же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдү суратууга жана алууга;

6) тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон документтер жана материалдар менен уюмдарда таанышууга;

7) атайын билимди талап кылган маселелер боюнча адистердин жазуу жүзүндөгү корутундуларын алууга;

8) кызмат адамдарынын кабылдоосунда өтүнүчтөрдү жана даттанууларды берүүгө жана мыйзамга ылайык алардан ошол өтүнүчтөр жана даттануулар боюнча жазуу жүзүндө жоопторду алууга;

9) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарында жана уюмдарда өздөрүнүн сунуштоолорун кароого катышууга жана алардын маани-мазмуну боюнча түшүнүк берүүгө;

10) иштин материалдарынан зарыл маалыматтарды жазып алууга жана/же алардын көчүрмөлөрүн алууга;

11) ишеним артуучуга же корголуучуга карата камакка алуу түрүн болтурбоо чарасын тандап алуу жөнүндө тергөөчүнүн сунуштоосун (токтомун) мыйзам менен ыйгарым укук берилген адам тарабынан кароодо милдеттүү түрдө катышууга, ошондой эле жазуу же оозеки түрүндө сунуштоо билдирүүгө. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген учурларды кошпогондо, ишеним артуучуну же корголуучуну камакта кармоо мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө маселени кароодо да адвокаттын катышуусу милдеттүү;

12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка аракеттерди жасоого.

2. Адвокат төмөнкүлөргө укуксуз:

1) эгерде ал мурдатан эле мыйзамсыз мүнөзгө ээ болгон учурда, юридикалык жардам көрсөтүү үчүн кайрылган адамдан тапшырма алууга;

2) юридикалык жардам көрсөтүү үчүн ага кайрылган адамдан тапшырма алууга, эгерде ал:

а) ишеним артуучуга ушул иш боюнча юридикалык жардам көрсөтүп жаткан же мурда көрсөткөн болсо, анын кызыкчылыктары жардам сурап кайрылган адамдын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе (тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ортомчу катары чыккан учурларды кошпогондо);

б) ишеним артуучу менен макулдашуунун предмети боюнча аталган адамдын кызыкчылыгынан айырмаланган өз алдынча кызыкчылыкка ээ болсо;

в) ишке судья, прокурор, алгачкы териштирүү жүргүзгөн адам, тергөөчү, эксперт, адис, котормочу, күбө, жабыр тартуучу же калыс күбө, граждандык доогер же граждандык жоопкер катары катышса;

г) аталган адамдын ишин териштирүүгө же кароого катышкан же катыша турган кызмат адамы менен туугандык жана үй-бүлөлүк мамиледе болсо;

3) адвокат ишеним артуучунун же корголуучунун өздөрү мурдатан билерине ынанган учурларды кошпогондо, иш боюнча ишеним артуучунун же корголуучунун эркине каршы көз карашты ээлөөгө;

4) ишеним артуучунун же корголуучунунун макулдугусуз ага өзү тарабынан көрсөтүлгөн юридикалык жардамга байланыштуу ишеним артуучу же корголуучу  тарабынан билдирилген маалыматтарды ачыкка чыгарууга;

5) өзүнө алган коргоодон баш тартууга.

(КР 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-берене. Адвокаттын милдеттери

1. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, Кесиптик этика кодексинин ченемдерин сактоого;

2) лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирүүгө;

3) Адвокатура тарабынан аныкталуучу өлчөмдө жана тартипте мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөгө;

4) ишеним артуучулардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, корголуучунунун сот адилеттүүлүгүнө жетүүсүн камсыз кылуу үчүн мыйзам менен каралган баардык каражаттарды жана ыкмаларды пайдаланууга;

5) юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды жардамга кайрылган жактын макулдугусуз ачыкка чыгарбоого;

6) өзүнүн билимин үч жылда бир жолудан кем эмес  өркүндөтүүгө жана өзүнүн квалификациясын жогорулатууга.

2. Өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Адвокатуранын уставында каралган жоопкерчиликти тартат.

27-берене. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу

1. Юридикалык жардам ишеним артуучу менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде адвокат тарабынан жүргүзүлөт.

2. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу юридикалык жардам көрсөтүүгө ишеним артуучу менен адвокаттын ишеним артуучунун өзүнүн же ал тарабынан дайындалган адамдын ортосунда жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн жарандык-укуктук келишим болот.

Адвокаттан жана анын ишеним артуучусунан адвокаттын ишке киришүүсү үчүн юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну көрсөтүүсүн эч ким талап кылууга укуксуз.

21Адвокатура жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзүшү мүмкүн.

3. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун олуттуу шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) тапшырманы аткарууну кабыл алган адвокатка (адвокаттарга), ошондой эле алардын адвокаттык уюмга таандыктуулугун көрсөтүү;

2) тапшырманын предмети;

3) көрсөтүлгөн юридикалык жардам үчүн сыйакынын ишеним артуучу тарабынан төлөнүү шарттары;

4) тапшырманын аткарылышы менен байланышкан адвокаттын (адвокаттардын) чыгымдарын компенсациялоонун тартиби жана өлчөмү;

5) тапшырманы аткарууга кабыл алган (кабыл алышкан) адвокаттын (адвокаттардын) жоопкерчилигинин өлчөмү жана мүнөзү.

4. Адвокаттын сыйакыга жана тапшырманы аткарууга байланышкан чыгымдарын компенсациялоо укугу ишеним артуучунун атайын макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүлүп бериши мүмкүн эмес.

41. Ишеним артуучу тарабынан адвокатка төлөнүүчү сыйакы жана (же) тапшырманы аткарууга байланыштуу адвокаттын чыгымдарын компенсациялоо адвокаттык кабинеттин же болбосо адвокаттык уюмдун кассасына макулдашууда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө төгүлүүгө же эсептешүү эсебине которулууга жатат.

5. Юридикалык жардам берүү боюнча адвокаттын ыйгарым укуктары адвокат менен ишеним артуучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде адвокаттык кабинет же болбосо адвокаттык уюм формасындаадвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу адвокат тарабынан берилген тапшырма ордери менен ырасталат. Тапшырма ордеринин формасы Адвокатура тарабынан бекитилет. Башка учурларда адвокат ишеним каттын негизинде ишеним артуучунун атынан чыгат.

Тапшырма ордеринин болушу адвокатты ишеним артуучунун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, уюмдарда жана жарандардын алдында ыйгарым укуктуу жак катары көрсөтүү үчүн таанууга негиз болуп саналат.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 1472016-жылдын 12-декабрындагы № 196 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

28-берене. Адвокаттын жардамчысы

1. Юридикалык жардам көрсөтүүдө көмөкчү иштерди аткаруу үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жана жогорку юридикалык билими бар адамдардын ичинен жардамчыларды алышы мүмкүн. Адвокаттын жардамчылары адвокаттардын укугуна ээ болушпайт жана тергөөдө, сотто жана башка мамлекеттик органдарда иштерди жүргүзүүгө жол берилбейт.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган, жабылбаган же алып салынбаган соттуулугу бар; тартиптик жосун жасагандыгына байланыштуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулган адамдар бошотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде; адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензиядан мурда ажыратылгандар адвокаттын жардамчысы болушу мүмкүн эмес.

3. Адвокаттын жардамчысы адвокаттын катышуусунда же анын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча алгачкы териштирүү жана тергөө органдарында, сотто жана башка мамлекеттик органдарда, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде жана уюмдарда иштин материалдары менен таанышууга, документтерди алууга, алардын көчүрмөсүн сүрөткө тартып алууга, көчүрүп алууга жана адвокаттын процесстик ыйгарым укуктарына таандык болгон аракеттерди кошпогондо, адвокаттын өндүрүшүндө болгон иштер боюнча башка тапшырмаларды аткарууга укуктуу.

4. Адвокат менен анын жардамчысынын өз ара мамилеси, адвокаттын жардамчысы тарабынан аткарылуучу иштин көлөмү, эмгегине акы төлөө жана анын ишине таандык болгон башка маселелер адвокат же адвокаттык уюм менен адвокаттын жардамчысынын ортосунда түзүлө турган келишим менен аныкталат.

Адвокаттын жардамчысына юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын маалыматтарынын купуялыгын сактоо милдети жайылтылат.

29-берене. Адвокаттык иштин көз карандысыздыгынын кепилдиги жана адвокаттын кол тийбестиги

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу адвокаттык ишке кийлигишүүгө, же болбосо бул ишке кандай түрдө болбосун тоскоолдук кылууга тыюу салынат.

Адвокат адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда, юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо каражаттарын жана ыкмасын тандоодо өз алдынчалыкка ээ жана башка жактардын пикирлери менен байланышпайт.

2. Адвокаттардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берген же болбосо мындай ишти жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

3. Адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда айтылган пикири үчүн адвокат кандайдыр бир жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

Адвокаттын кесиптик ишине байланыштуу ага карата кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же болбосо анын орун басарлары тарабынан гана козголушу мүмкүн.

4. Адвокаттын турак-жайына же жумушчу башпаанасына, пайдаланган транспортуна кирүү, аларды карап чыгуу, тинтүү, алып коюу, адвокатты жеке кароо же тинтүү, анын мүлкүнө камак салуу жана почта-телеграф корреспонденцияларын карап чыгуу жана алып коюу, анын телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, адвокатты мажбурлап алып келүү, кармоо жана камакка алуу сот актысы боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

Адвокат кылмыш жасаган жеринде кармалган учурлардан тышкары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда жеке тинтүүгө же жеке кароого кириптер болушу мүмкүн эмес.

5. Айкын кылмыш иши боюнча юридикалык жардамга байланыштуу маалыматтарды талап кылууга, алып коюуга, карап чыгууга, текшерүүгө, документтерди көчүрмөлөөгө, маалыматтарды топтоого жана пайдаланууга адвокатайыпталуучу катары тартылган учурларда гана, ал эми кылмыш, жарандык, административдик, тартиптик иштерди же административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо ишеним артуучунун макулдугу менен гана жол берилет.

6. Адвокат юридикалык жардам үчүн кайрылууга же анын көрсөтүлүшүнө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө күбө катары чакырылышы жана суракка алынышы мүмкүн эмес.

Адвокат ушул жагдайлар жөнүндө түшүндүрмөлөрдү же көрсөтмөлөрдү берүүгө, ошондой эле изин суутпай-издөө иштеринде, сот өндүрүшүндө, мамлекеттик органдарда пайдалануу үчүн алар жөнүндө кандайдыр-бир материалдарды берүүгө укуксуз.

7. Адвокатка карата кылмыш ишин козгоо, аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө, ошондой эле аны кармоо же камакка алуу тууралу маалымат Адвокатурага жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине токтоосуз билдирилет.

30-берене. Адвокаттык сыр

1. Адвокат тарабынан өзүнүн ишеним артуучусуна юридикалык жардам көрсөтүүсүнө байланышкан кандай гана маалымат болбосун адвокаттык сыр болуп саналат.

2. Адвокат адвокаттык сырды түзгөн маалыматтарды өз кызыкчылыктарында же үчүнчү жактардын кызыкчылыктарында пайдаланууга укуксуз.

4-глава. Өтмө жоболор


31-берене. Адвокатураны түзүүгө байланышкан маселелер

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө  кирген күндөн тартып алты айдын ичинде Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин каржылоого,  уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.

Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездинде Адвокатуранын уставы бекитилет, Адвокатуранын башкаруу органдары түзүлөт, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелер чечилет.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги региондук өкүлчүлүктү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездинин катышуучуларынын санын аныктасын.

3. Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин съездге катышкан жашы боюнча улуу адвокатачат. Жыйналышты алып баруу үчүн президиум шайланат.

Адвокаттардын уюштуруу съездинин чечимдери чогулушка катышкан адвокаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Адвокатуранын башкаруу органдарын, анын филиалдарын - аймактык адвокатураларын жана Адвокаттардын окуу борборун тиешелүү башпааналарга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карасын.

32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-октябрындагы № 114 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 105-ст.);

- "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-октябрындагы № 115 Мыйзамы,  (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 106-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-мартындагы № 47 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 309-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы, 2013-жылдын 13-августу, № 67);

- "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-октябрындагы № 191 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1026-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин, анын ичинде Адвокаттар кеңеши менен бирдикте адвокаттык ишти уюштуруунун формаларына ылайык салыктык режимди иштеп чыксын;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги адвокаттык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарды кайра каттоо жана мыйзамда белгиленген тартипте Адвокатурага кирбеген адамдардын адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиялардын колдонулушун токтотуу боюнча иш жүргүзсүн.

4. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензия өзүнүн юридикалык күчүн сактап калары белгиленсин.

5. Адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар адамдар Адвокатура мамлекеттик катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирсин.

6. Өз алдынча же юридикалык жакты түзүү менен өзүнүн адвокаттык ишин жүзөгө ашыруучу адвокаттар 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө өзүнүн адвокаттык ишин уюштуруу формасын ушул Мыйзамдын 16 - 163-беренелеринин жоболоруна ылайык келтирсин.

7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин "адвокаттык иш", "адвокатура", "адвокат" деген терминдерди же бул терминдерди өзүнө камтыган сөз айкалыштарын өзүнүн аталышында пайдаланган юридикалык жактар 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө аларды ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 22-бөлүгүнүн эрежелерине ылайык келтирсин.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


Кыргыз Республикасынын

           Президенти


А.Ш. Атамбаев


Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы