20 Тогуздун айы, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Өзбек Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосунда кызматташтык жөнүндө Макулдашуу


Бишкек шаары
1997-жылдын 3-октябры

         Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги менен Өзбек Республикасынын Адилет министрлиги, мындан ары «Тараптар» деп аталган эки өлкөнүн адилет министрликтеринин адилет министрликтеринин ортосундагы кызматташуунун маанилүүгүн таанып,
эки өлкөнүн ортосундагы илимий, техникалык жана маданий кызматташуунун оң тажрыйбаларын, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы жүрүп жаткан интеграциялык процесстерди эске алып,
кыргыз жана өзбек адилеттердин ортосундагы өз ара түшүнүүнү жана достук кызматташууну мындан ары бекемдөө максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну жүзөгө ашырышат:
1)    юридикалык илимдин жана практиканын ар түрдүү маселелери боюнча эки тараптуу симпозиумдарды, конференцияларды жана семинарларды уюштурууну;
2)    мыйзамдар жана укуктук структуралар жөнүндө мааламаттарды алмашууну;
3)    юстиция органдарынын жана мекемелеринин уюмдары жана иштери менен толугураак таанышуу үчүн Тараптар делегацияларды алмашууну;
4)    юридикалык кадрларды даярдоо, адистерди өз ара алмашуу иштерине жардам көрсөтүүнү;
5)    Тараптардын юстиция органдарынын жана мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды орнотууну;
6)    мыйзамдардын укуктук экспертизалары үчүн адистердин тобун паритеттик башталышта түзүүнү;
7)    юстициянын улуттук системаларынын маалыматтар багытында адистерди алмашууну жүзөгө ашырууну.
2-берене
Тараптар ушул Макулдашуунун чектеринде менчиктүүлүк, инвестициялар жана макулдашылган тематикалардын сферасында мыйзамдардын программасын биргелешип иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча комиссияны уюштура алат.
3-берене
Тараптар эки өлкөнүн мыйзамдарын гармонизациялоо жана жакындашуу боюнча жумуштарга күч –аракеттерин жумшашат.
4-берене
Тараптар ушул Макулдашууну аткаруу максатында тийиштүү финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылыйык өздөрүнүн кызматташуусунун конкреттүү долбоорлорун жыл сайын тактап турушат.
Кырматташуу боюнча биргелешкен чараларды финансылаштырууда Тараптар принциптүүлүктү сакташат, ошого ылайык мүмкүн болгон медициналык чыгымдар–кабыл алуучу Тарапка , автоунаа менен тиги жакка жана кайра келишине жол кире боюнча чыгымдар-жиберүүчү тарапка жүктөлөт.
5-берене
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс болуп эсептелген өзунчө протоколдор менен тариз делген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Ушул Макулдашуунун колдонуу багытына таандык маселелер боюнча Тараптар ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана консультация алышуу жолу менен чечилет.
6-берене
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана чектелбеген убакытка чейин колдонулат.
Тараптардын бирөө тарабынын ал бузулушу мүмкүн жана башка Тарап жагынан бузуу жөнүндө билдирүү алынган кундөн алты айдан өтүшү боюнча өзүнүн колдонуу күчүн жоготот.
1997-жылдын 3-октябрда Бишкек шаарында кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде эки нускада ишке ашырылды, ошондой эле текстин бардыгы бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун текстин түшүндүрүү маселелеринде Тараптар орус тилиндеги текстти пайдаланышат.
 
Кыргыз Республикасынын                                                                          Өзбек Республикасынын
Юстиция Министрлиги                                                                                Юстиция Министрлиги

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы