Алматы шаары
2003-жылдын 16-апрели
Евразия экономикалык коомчулугуна
мүчө өлкөлөрдүн юстиция министрликтеринин кызматташуусу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Евразия экономикалык коомчулугуна мүчө өлкөлөрдүн юстиция министрликтери, мындан ары Тараптар деп аталып,
эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерине жана ченемдерине ылайык адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана укук чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташууга олуттуу маани берүү менен,
Евразия экономикалык коомчулугун уюштуруу жөнүндө келишимдин жоболорун жетекчиликке алуу менен,
эки жактуу кызыкчылык туудурган маселелер боюнча иштешүүнү өнүктүрүүгө умтулууларынын натыйжасында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты.
1-берене. Кызматташуунун жалпы принциби
Тараптар өз компетенциясынын чегинде жана өз мамлекеттеринин мыйзамдарын жана эл аралык келишимдерин сактоо менен ушул Макулдашууга ылайык кызматташууну жүргүзүшөт.
2-берене. Кызматташуунун негизги багыттары
Тараптар өз компетенциясынын чегинде төмөнкү негизги ишмердүүлүк багыттары боюнча кызматташышат:
юстиция чөйрөсүндө макулдашылган саясатты түзүү жана ишке ашыруу;
инсандын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу; юстиция органдарын жана мекемелерин башкаруу;
сот жана башка органдардын актыларынын аткарылышын камсыз кылуу;
кылмыш үчүн жазалардын аткарылышын уюштуруу жана камсыз кылуу;
соттордун ишмердүүлүгүнүн бекитилген тартибин камсыз кылуу;
мыйзам чыгаруучулук ишмердүүлүктү усул жагынан камсыз кылуу;
жарандык, үй-бүлөлүк жана башка иштер боюнча укуктук мамилелер жана укуктук жардам жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелердин аткарылышын уюштуруу жана камсыз кылуу;
укуктук маалымат системдерин өнүктүрүү;
юстиция органдарында жана мекемелеринде реестр жүргүзүүну жана актыларды каттоону уюштуруу;
соттук-эксперттик мекемелерде изилдөөлөрдү заманбап деңгээлде жүргүзүүнү илимий-усулдук камсыз кылуу;
юстиция органдары жана мекемелери үчүн кадрларды даярдоо жана алардын ишбилгилигин жогорулатуу;
калкка укуктук жардам көрсөтүүнү уюштуруу;
өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча илимий-изилдөө ишмердүүлүгү.
Тараптар ЕврАзЭК мүчө өлкөлөрүнүн мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларын эриш-аркак келтирүү (жакындатуу, унификация) жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди турмушка ашыруу маселелери боюнча иштешишет.
Тараптардын ишмердүүлүгүнүн бул багытын координациялоочу орган болуп ЕврАзЭК Интеграция Комитетине караштуу Юстиция министрлеринин кеңеши (мындан ары – Министрлер кеңеши) саналат.
Тараптар Министрлер кеңешинин материалдарын өз убагында даярдап жана анын чечимдерин турмушка ашыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүп турууга милдеттенишет.
3-берене. Кызматташуунун түрлөрү
Бул Макулдашуунун 1- жана 2- беренелеринин жоболорун аткаруу максатында Тараптардын кызматташуусу, анын ичинде, төмөнкүдөй түрлөрдө ишке ашырылат:
иш тажрыйбасы менен алмашуу, анын ичинде таанышуу сапарларын, такшалмаларды, консультацияларды жана семинарларды өткөрүү жолу менен;
мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актылары менен, ошондой эле мекемелик басылмалар жана усулдук материалдар менен такай алмашуу;
биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, илимий жана илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү, илимий жарыялоолорду даярдоо;
мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну маалыматтык камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, анын ичинде долбоору иштелип чыгып жаткан ченемдик укуктук актынын маселесине тиешеси бар тескөөнүн чет өлкөлүк тажрыйбасы жана эл аралык кызматташтык жөнүндө материалдарды берүү жолу менен;
юстиция органдары жана мекемелери үчүн кадрларды даярдоо жана алардын ишбилгилигин жогорулатуу боюнча иштешүү, анын ичинде окуу курстары, такшалмалар, лекция жана семинарларды өткөрүү, окуу басылмаларын биргелешип даярдоо жолу менен;
Тараптардын ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча маалымат алмашуу, ошондой эле өз ара пайдалуу негизде адабият жана илимий басылмалар менен алмашуу;
өз мамлекеттеринин колдонуудагы же мурда колдонууда болгон мыйзамдары жөнүндө маалымат берүү боюнча суроо-талаптарды аткаруу;
ченемдик укуктук актылары менен алмашуу.
Тараптардын кызматташуусу мамлекеттик сыр жөнүндө улуттук мыйзамдарды аткаруу менен ишке ашырылат
4-берене. Кызматташууну өнүктүрүү
Ушул Макулдашуу Тараптарга ушул Макулдашуунун 1-беренесинде каралган шарттар аткарылган учурда кызматташуунун өз ара алгылыктуу багыттарын жана түрлөрүн аныктоого жана өнүктүрүүгө тоскоолдук көрсөтпөйт.
5-берене. Көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптар
1. Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу кызыкдар болгон Тараптын суроо-талабынын негизинде же сунуш кылынып жаткан көмөк же биргелешкен иш-чара башка Тарап же Тараптар үчүн кызыкчылык туудурат деп эсептеген Тараптын демилгеси менен ишке ашырылат.
2. Суроо-талап же демилгелик сунуш жазуу жүзүндө жөнөтүлөт, бирок кечиктирилгис учурларда аларды үч күндүк мөөнөттүн ичинде жазуу жүзүндө, анын ичинде текстти берүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу аркылуу милдеттүү түрдө тастыктоо шарты менен алар оозеки түрдө берилиши мүмкүн.
Суроо-талаптын нукуралыгынан күнөм санаган учурда аны тастыктоону суранууга болот.
3. Көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо-талап буларды камтышы керек:
көмөк сурап жаткан органдын жана, эгер белгилүү болсо, сурай турган органдын аталышы;
иштин маңызын баяндоо;
суроо-талаптын максатын көрсөтүү жана негиздөө;
суралып жаткан көмөктүн мазмунун сүрөттөө;
суроо-талапты тиешелүү түрдө аткаруу үчүн пайдасы тийиши мүмкүн болгон башка каалаган маалымат.
4. Жазуу жүзүндө берилген же ырасталган көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо-талап сурап жаткан органдын жетекчиси же анын орун басарынын колу коюлуп, сурап жаткан органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
6-берене. Көмөк көрсөтүүдөн баш тартуу
1. Эгерде суроо-талап жиберилип жаткан Тарап көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу анын мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна же башка маанилүү кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн, же болбосо анын мамлекетинин эл аралык милдеттенмелерине каршы келет деп эсептесе, аны аткаруудан баш тартышы мүмкүн.
2. Мүмкүнчүлүк болгондо суроо-талап жиберилип жаткан Тарап көмөк көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруудан мурун көмөк суроо-талап жиберилип жаткан Тарап зарыл деп эсептеген шарттарды аткаруу менен көрсөтүлүшү мүмкүнбү деген маселени кароо үчүн суроо-талап жиберген Тарап менен консультациялар өткөрөт. Суроо-талап жиберген Тарап коюлган шарттарга макул болгон учурда аларды аткарууну камсыз кылат.
3. Суроо-талап жиберген Тарап суроо-талапты аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө анын себеби көрсөтүлгөн жазуу жүзүндө кабар алат.
7-берене. Суроо-талапты аткаруу
1. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап суроо-талапты бат жана мүмкүн болушунча толук аткарууну камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
Суроо-талап жиберген Тарап суроо-талаптын аткарылышына тоскоол болгон же анын аткарылышын кыйла кармаган жагдайлар жөнүндө токтоосуз кабарландырылат.
2. Эгер суроо-талапты аткаруу суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын компетенциясына кирбесе, ал бул жөнүндө суроо-талап жиберген Тарапты токтоосуз кабардар кылат жана анын суроосу менен өз мамлекетинин компетенттүү органына берет.
3. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап анын пикири боюнча суроо-талапты тиешелүү түрдө аткарууга зарыл болгон кошумча маалыматты да талап кылууга укуктуу.
4. Суроо-талапты аткарууда суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын мамлекетинин мыйзамдары колдонулат, бирок, эгерде бул суроо-талап жиберилип жаткан Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына же эл аралык милдеттенмелерине каршы келбесе, суроо-талап жиберген Тараптын өтүнүчү менен анын мамлекетинин мыйзамдары колдонулушу мүмкүн.
5. Эгерде суроо-талап жиберилип жаткан Тарап суроо-талапты токтоосуз аткаруу анын мамлекетинде жүргүзүлүп жаткан кылмыш иликтөөгө же башка өндүрүшкө тоскоол болот деп эсептесе, ал суроо-талаптын аткарылышын кийинкиге калтыра же анын аткарылышын суроо-талап жиберген Тарап менен консультациялардан кийин зарыл деп аныкталган шарттарды аткаруу менен байланыштыра алат. Эгерде суроо-талап жиберген Тарап аныкталган шарттарда ага көмөк көрсөтүлүшүнө макул болсо, ал бул шарттардын аткарылышын камсыз кылат.
6. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап суроо-талап жиберген Тараптын өтүнүчү менен суроо-талап түшкөнүнүн фактысынын, бул суроо-талаптын мазмунунун жана аны коштогон документтердин, ошондой эле көмөк көрсөтүлгөнүнүн фактысынын купуялыгын камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөт.
Суроо-талапты купуялыгын сактоо менен аткаруу мүмкүн болбогон учурда суроо-талап жиберилип жаткан Тарап бул жөнүндө суроо-талап жиберген Тарапты кабардар кылат жана ал суроо-талапты ушундай шарттарда аткаруу керекпи деп чечет.
7. Суроо-талап жиберилип жаткан Тарап мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде суроо-талап жиберген Тарапты суроо-талаптын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө кабардар кылат.
8-берене. Алынган маалымат жана документтерди пайдалануудагы чектөөлөр
1. Ар бир Тарап башка Тараптан алынган маалымат жана документтер жабык мүнөзгө ээ болсо жана аларды берип жаткан Тарап алардын жайылып кетишин кааланбаган деп эсептесе, алынган маалымат жана документтердин купуялыгын камсыз кылат. Мындай маалымат жана документтердин жабыктык деңгээлин аларды берип жаткан Тарап аныктайт.
2. Ушул Макулдашуунун негизинде алынган маалымат жана документтерди аларды берген Тараптын макулдугусуз алар суралган жана берилгенден башка максаттарда, эгер алар аларды берген Тараптын мамлекетинде жалпыга жеткиликтүү болуп эсептелбесе, колдонууга болбойт.
3. Ушул Макулдашуунун негизинде бир Тарап алган маалымат жана документтерди үчүнчү тарапка берүү үчүн аларды берген Тараптын алдын-ала макулдугу, эгерде алар бул Тараптын мамлекетинде жалпыга жеткиликтүү болуп эсептелбесе жана аларды берүүдө ал Тарап андай шарт койбогон болсо, талап кылынбайт.
4. Ушул берененин жоболору, эгер суроо-талап жиберген Тараптын мамлекетинде мындай аракеттерге милдеттенме каралган болсо, суроо-талаптын аткарылышынын натыйжасында алынган маалымат жана документтерди пайдаланууну же жайылтууну жокко чыгарбайт. Суроо-талап жиберип жаткан Тарап суроо-талап жиберилип жаткан Тараптан мындай маалымат жана документтерди мүмкүн болгон жана болжолдонгон пайдалануу же жайылтуу жөнүндө алдын ала кабардар кылат.
9-берене. Чыгымдар
Ушул Макулдашуунун алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларды каржылоого байланышкан чыгымдар кабыл алып жаткан мамлекеттин юстиция министрлигинин эсебинен ишке ашырылат, ал эми бул иш-чараларга катышууга байланышкан чыгымдарды жөнөткөн мамлекеттин юстиция министрлиги өз алдынча тартат.
10-берене. Тилдер
Ушул Макулдашуунун негизинде кызматташууну ишке ашырууда Тараптар орус тилин колдонушат.
11-берене. Кызматташууну координациялоо
1. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын кызматташуусу боюнча иш-чараларды координациялоо Тараптардын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө дайындалат, алар бири-бири менен кызматташа алат.
2. Тараптар өздөрүнүн түзүмдүк бөлүктөрүн өз алдынча аныкташат, алар Ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу үчүн түздөн-түз байланыш жана байланыш каналдарын түзө алышат.
12-берене. Иштиктүү жолугушуулар жана консультациялар
Тараптардын өкүлдөрү Ушул Макулдашуунун негизинде кызматташуунун таасирдүүлүгүн бекемдөө жана жогорулатуу маселелерин кароо максатында зарылчылыгына жараша эки тараптуу дагы, көп тараптуу дагы деңгээлдерде иштиктүү жолугушууларды жана консультациялар өткөрүп турушат.
13-берене. Каршы келүүлөрдү чечүү
Ушул Макулдашуунун жоболорун түшүнүү жана колдонууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон каршы келүүлөр кызыкдар Тараптардын өкүлдөрүнүн консультациялар жана сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет.
14-берене. Башка эл аралык келишимдер менен катышы
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттеринин башка эл аралык келишимдеринен келип чыккан укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
Жыйынтыктоочу жоболор
15-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын макулдашуусу боюнча өзүнчө протоколдор менен жол-жоболоштурулган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналмакчы.
16-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун түшүнүү жана колдонууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштар жана каршы келүүлөр консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
17-берене.
Ушул Макулдашуу 5 жылга түзүлөт жана кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет. Беш жыл убакыт өткөндөн кийин, эгер Тараптар башка жөнүндө макулдашпаган болсо, ал кийинки беш жылдык мөөнөткө өзү эле узартылып турат .
Ар бир Тарап депозитарий болуп саналуучу ЕврАзЭК Интеграция Комитетине дипломатиялык жолдор аркылуу жазуу жүзүндөгү кабар катын жөнөтүү менен ушул Макулдашуудан чыга алат. Бул Тарап үчүн мындай кабар катын алган күндөн тарта үч ай өткөн соң ушул Макулдашуу күчүн жоготот.
Алматы шаарында 2003-жылдын 16-апрелинде орус тилинде бир нускада аткарылды. Ушул Макулдашуунун түпнускасы ЕврАзЭК Интеграция Комитетинде сакталат, ал анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн ар бир Тарапка жөнөтөт.
Беларусь Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн
Казакстан Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн
Россия Федерациясынын Юстиция министрлиги үчүн
Тажикстан Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн