14 Бештин айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча мекеме аралык комиссиянын 2011-жылдын 30-июнундагы отурумунун протоколу


Катышуучулар:
 
Комиссиянын төрагасы:
 
1. Мамидинова Ч.К.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы
Комиссиянын мүчөлөрү:
 
1.Жумабаев А.Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси
2. Нурбекова Д.ККыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Мамтоотехкөзөмөлүнүн башкы адиси
3.Сарыбаев Ч.АКыргыз Республикасынын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы
4. Саякбаев ДКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атташеси
5. Аземова А.ДКыргыз Республикасынын Унаа жана коммуникациялар министрлигинин укуктук башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
6. Саадабаева Г.А.Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси
7. Исмаилов А.ККыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо министрлигинин укук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
8. Чокморов А.ДКыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
9. Султанмуратова Г.Э.Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин жетектөөчү адиси
10. Молдоканова Д.НКыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин укуктук экспертиза башкармасынын жетектөөчү адиси
11. Туратбек кызы З.Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси
12. Сулайманова А.Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетектөөчү адиси
13.Чумакова А.ВКыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин юридикалык бөлүмү
14. Куланбек уулу А.Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын башкармасынын башчысынын орун басары
15. Раимов У.БКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башкы адиси
16. Жантаев Ч.ГКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы
17.Умарбаев А.АКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин укуктук камсыздоо башкармасынын башкы адиси
18. Борубаев М.ШКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Каржылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы
19. Бекташева В.УКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун укуктук маселелер боюнча сектор башсысы
20. Сабитова-Ким Д.ТКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каржы полиция кызматынын штабынын ага инспектору
21. Усеналиева Б.С.Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын укуктук ченемдик камсыздоо жетектөөчү адиси
22. Кененбаев У.Б.Кыргыз Республикасынын Каржылык чалгындоо кызматынын укук бөлүмүнүн башчысы
23. Ботоев Ж.ТКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башкы адиси
24. Бектурганова З.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башкы инспектору
25. Абышева О.ДМамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башкы адиси
26. Акунова Э.ОКыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун юридикалык башкармалыгынын адиси
27. Байганчук А.ДКыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мыйзам долбоорлоо иши боюнча тобунун жетекчиси
28. Джакшылыкова А.Бишкек шаарынын мэриясынын укуктук башкаруу башкы адиси
29. Джумакадыров Т.Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин эл аралык кызматташуу жана инвестициялар департаментинин бөлүм башчысы
30. Таржиев У.МКыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын проректору
31. Сыдыгалиева А.СКыргызстан-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин окутуучусу
32. Брейво В.ГКыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын эмгекчилерди укуктук коргоо бөлүмүнүн башчысы
ошондой эле:
Комиссиянын катчысы                                                                             Курманбаева А.
 
 
 
______________________________________________________________
Күн тартиби:
 
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги иштеп чыккан жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мекемелеринин комиссиясына кароого сунуштаган Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоо мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана коллизияларды четтетүү иретинде.
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги даярдаган долбоорлор:
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;
«Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө»;
«Мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу»;
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү туралуу»;
«Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу»;
«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туралуу».
  • Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо министрлиги даярдаган долбоорлор:
«Эмгек акыны, пенцияларды, пособияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу».
«Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу».
  • Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги даярдаган долбоор:
«Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу».
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы даярдаган долбоор:
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө».
  • Бишкек шаарынын мэриясы даярдаган долбоор:
«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү туралуу».
I. Мамидинова Ч.К. – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын мүчөлөрү менен саламдашкандан кийин, отурумду ачып, ченемдик укуктук актылардын сунуш кылынган долбоорлорун талкуулоого өттү.
«Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору эскертүүсүз макулдашылды.
«Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору эскертүүсүз макулдашылды.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору эскертүүсүз макулдашылды.
«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордуу киргизүү туралуу» Мыйзамдын долбоору эскертүүсүз макулдашылды.
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору эскертүүсүз макулдашылды.
«Мамлекеттик символдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Саякбаев Д. 1-берененин 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында жана 7-бөлүгүнүн алтынчы абзацында «жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн анын ичинде эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүнүн» деген сөздөрдү анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга караштуу туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылды. Бул сунушуна ал Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын башка расмий өкүлчүлүктөрү жок экени менен жүйөө келтирди.
Буга байланыштуу комиссиянын мүчөлөрү көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жогоруда баяндалган эскертүүнү эске алуу менен макулдашышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрин аныктоону сунуш кылды.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туралуу» Мыйзамдын долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Саякбаев Д. редакциялык оңдоо киргизүү сунуш кылынды: кайталоого жол бербөө максатында Мыйзамдын 17-беренесин күчүн жоготту деп таануу, себеби көрсөтүлгөн Мыйзамда 1-берененин 16-пунктунда «муниципалдык мүлк» түшүнүгү ачылып берилет. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлү Джакшылыкова А., «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Мыйзамдын 15-беренесинин мурунку редакцияда калышы максатка ылайык эместигине байланыштуу, Мыйзамдын көрсөтүлгөн долбоорунун 1-беренесинин 10-бөлүгүн алып салуу сунуш кылды. Буга байланыштуу комиссиянын мүчөлөрү көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жогоруда баяндалган эскертүүнү эске алуу менен макулдашышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Каржы министрин аныктоону сунуш кылды.
«Эмгек акыны, пенцияларды, пособияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» Мыйзамдын долбоору эскертүүсүз макулдашылды.
«Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору эскертүүсүз макулдашылды.
«Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору эскертүүсүз макулдашылды.
«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү туралуу» Мыйзамдын долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин өкүлү Сарыбаев Ч.А. Мыйзамдын көрсөтүлгөн долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуш кылды. Бул сунушун ал Мыйзамдын көрсөтүлгөн долбоору жарандардын кызыкчылыктарын козгогондуктан, кеңири талкуулоого муктаж экендиги менен жүйөөлөдү. Буга байланыштуу комиссиянын мүчөлөрү көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салышты.
            Мамидинова Ч. – комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнө бул отурумда каралган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумунда каралып чыгарын эскертип өттү.
Комиссиянын төрагасы
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
статс-катчысы                                                                                                                  Ч. Мамидинова
 
Комиссиянын катчысы                                                                                              А.Курманбаева

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы