27 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча мекеме аралык комиссиянын 2013-жылдын 29-мартындагы протокол


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин астындагы Ведомоство аралык комиссиясынын чогулушунун протоколу
Өткөргөн датасы: 29-март 2013-жыл                                           Бишкек шаары
Өткөргөн орду: Юстиция министрлиги
Катышуучулар:
Комиссиянын төрайымы:
Мамидинова Ч. К.                                       -Юстиция министрлигинин статс-катчысы.
 
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү :
Юстиция министрлиги:
Курманбаева А. М.                                      -Юстиция министрлигинин ЧУА долбоорлорун
иштеп чыгуу жана мыйзам актыларын эксперти-
задан өткөрүү Башкы башкармалыгынын
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча
бөлүмүнүн башчысы (комиссиянын катчысы).
 
Ички иштер министрлиги:
 
Исаков Э. А.                                                укуктук камсыздоо бащкармалыгынын башкы
инспектору.
 
Экономика министрлиги:
 
Казматов К. К.                                             -укуктук колдоо  жана экспертиза кызматынын
жетектөөчү адиси.
 
Бугубаев К. А.                                             техникалык жөнгө салуу жана метрология
Башкармалыгынын бааларды ылайык тоо
системасын жөнгө салуу бөлүгүнүн башчысы
 
Финансы министрлиги:
Молдоканова Д.Н.                                       – укуктук колдоо башкармалыгынын башкы
адиси
Коргоо министрлиги:
Саалаев Т.У.                                                 – укуктук камсыздоо башкармалыгынын
аскердик мыйзамдар бөлүмүнүн башкаруучусу
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
Сулайманов А.Ж.                                        – юридикалык кызматтын адиси.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
Мукашев Р.Э.                                               – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү
адиси
Транспорт жана коммуникация министрлиги:
Смаилов У.А.                                                –Мыйзам долбоорлук ишмердүүлүгү жана
укуктук ишмердүүлүк Башкармалыгынын
башкаруучусунун орун басары
 
Саламаттыкты сактоо министрлиги:
Ногоева А.А.                                              – юридикалык сектордун жетектөөчү адиси.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:
Калыбеков У.                                               – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Маданият жана туризм министрлиги:
Туратбек кызы З.                                         – талдоо, мониторинг жана укуктук колдоо
бөлүмүнүн башкы адиси
Социалдык өнүгүү министрлиги:
Джумалиев Р.М.                                          –укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
Бейшекеев Э.К.                                            – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин
кызматкери
Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын мамлекеттик агентствосу:
Раимов У.Р.                                                  – экологиялык стратегия жана саясат
башкармалыгынын башкы адиси.
Мамлекеттик байланыш агентствосу:
Джунусалиев Р.А.                                       – укуктук камсыздоо башкармалыгынын
Башкаруучусунун орун басары.
Жөнгө салуу жана финансылык базарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы:
Абжанбеков А.Э.                                          аткаруу кеӊешинин мүчөсү.
Мамлекеттик таможня кызматы:
Айтбаев Р.Б.                                                            – укуктук башкармалыктын инспектору;
Мамлекеттик каттоо кызматы:
Кебеков А.Ж.                                               – РиРРИ башкармалыгынын бащкаруучусу;
Акматбекова Ж.А.                                       – укуктук камсыздоо Башкармалыгынын башкы.                                                                    адиси
Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы:
Алиев Д.Б.                                                    – уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн улуу.                                                                                       инспектору
Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы:
Фарходов Э.Ф.                                             – укуктук камсыздоо жана тышкы байланыштар.                                                                    бөлүмүнүн инспектору
Мамлекеттик чек ара кызматы:
Кудайбергенов М.Т.                                    – укуктук иштер бөлүгүнүн башкаруучусу.
Мамлекеттик салык кызматы:
Бектурганова З.К.                                                   – укуктук колдоо бөлүмүнүн башкы
инспектору.
Интеллектуалдык менчик жана инновациялык Мамлекеттик кызматы:
Байзаков С.                                                               – укук жана эл аралык келишимдер.
бөлүмүнүн башчысы
Государственная служба исполнения наказаний:
Айдаров Э.М.                                               – укуктук камсыздоо жанаэл аралык
кызматташтык Башкармалыгынын      башкаруучусу.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия:
Ботоев Ж.Т.                                                  – укуктук камсыздоо, кадрдык кызматтын
улуу инспектору
Социалдык фонд:
Тороев Р.А.                                                              – ченемдик укуктук актылардын иштеп
чыгуу жана экспертизалоо бөлүмүнүн
башчысы.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:
Орозбекова А.                                              – юридикалык башкармалыктын башкы адиси.
Милдетүү медициналык камсыздандыруу фонду:
Джаманкулов Д.К.                                        – укуктук колдоо жана сатын алуу
Башкармалыгынын башкы адиси.
Улуттук банк:                               
Жоробекова А.Т.                                         – юридикалык башкаруунун юриси.
Монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенствосу:
Горенова О.В.                                              –конкуренция бөлүмүнүн башкы адиси.
Бишкек шаарынын мэриясы:
Джакшылыкова А.А.                                  – укуктук камсыздоо жана укук коргоочу                                                                                  органдар менен бирге аракеттенишүү
Башкармалыгынын башкаруучусунун м.а
Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академия:
Мамырканова Т.А.                                      – Граждандык процесс жана нотариат
кафедрасынын башчысы.
 
Кыргыз улуттук университети:
 
Ажыбеков А.К.                                            –юридикалык бөлүмдүн юристи.
 
 Күн тартиби:
  1. 1.      Күн тартибин бекитүү. Чогулуштун жумушчу тартибин талкулоо.
  2. 2.      2013-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин астындагы Ведомоство аралык комиссиясынын чогулушунун протоколу менен бекитилген, 2013-жылдын 1 жарым жылдыгына карат ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Ведомоство аралык комиссиясынын Планынын аткаруу боюнча министерстволордун жана ведомостволордун аткарган иштеринин жыйынтыгын кароо.
Айрыкча, жогорудагы аталган Планга ылайык министерстволор жана ведомостволор февраль айында өздөрүнүн компетенциясынын чегинде коллизия жана бош жерлерди жоюу преметин инвентаризациялаш керек эле, ошондой эле төмөнкү мыйзамдардын нормаларындагы коррупциялык дискрециондук предметтерин, комиссиянын кароосуна (мыйзамдардын долбоорлору) тийиштүү сунуштарды киргизилсин.
 
 
-Тышкы иштер министрлиги:
 
«Тышкы миграция жөнүндө» (I квартал)
 
-Финансы министрлиги:
 
«Кыргыз Республикасынын Казынанын негизги жоболору жөнүндө»;
«Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө».
-Коргоо министрлиги:
«Аскер кызматкеринин статусу жөнүндө»;
« Аскер кызматкерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө».
- Ички иштер министрлиги:
«Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө».
- Экономика министрлиги:
«Кыргыз Республикасынын товардык биржалары жана биржалык соодасы жөнүндө».
-Айыл чарба жана мелиторация министрлиги:
«Суу жөнүндө»;
«Үрөөн жөнүндө»;
«Балык чарбасы жөнүндө».
-Транспорт жана коммуникация министрлиги:
«Автомобиль жолдору жөнүндө».
-Саламаттыкты сактоо министрлиги:
«Калкты туберкулездон коргоо жөнүндө»;
«Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө»;
«Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө»
-Билим берүү жана илим министрлиги:
«Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу»
-Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:
«Майрам күндөрү жөнүндө»;
«Профессиональдык союздар жөнүндө».
-Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
«Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө»
-Социалдык өнүгүү министрлиги :
«Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө»
-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
«Мамлекеттик коргоо жөнүндө».
-Айлана – чөйрөнү коргоо жана токой чарбасымамлекеттик агентствосу:
«Кыргыз Республикасында биосфералык аймактар жөнүндө» (I квартал)
-Мамлекеттик байланыш агентствосу:
«Электр жана почта жөнүндө».
-Өкмөткө караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентствосу:
«Дене тарбия жана спорт жөнүндө» (I квартал)
-Курулуш жана аймактык өнүгүү боюнча агентствосу:
«Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө».
-Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентствосу:
«Геодезиялар жана картографиялар (I квартал).
-Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы:
«Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө»
-Мамлекеттик салык кызматы:
«Салык консультанттары жөнүндө».
-Финансылык базарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы:
«Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө»;
«Инвестициялык фонду жөнүндө».
-Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы:
«Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө»;
«Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө»;
«Патентный мыйзам».
-Чек ара мамлекеттик кызматы:
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө»
-Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу:
«Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» (I квартал)
-Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусу:
« Кыргыз Республикасынын турак-жайды приватташтыруу жөнүндө»
-Социалдык фонд:
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» (I квартал)
-Улуттук банк:
«Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө»;
«Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө».
 
 
  1. 3.      Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо (докладчы-Юстиция министрлиги, докладчылар компетенциясына ылайык – министрликтер жага ведомостволор
 
  1. Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилиги жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жанга толуктоолорду киргизүү жөнүндө» ;
  2. «Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
  3. «Калкты жана турак жай фондусун каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;
  4. «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» :
- 1994-жылдын 6-сентябрындагы 1994-жылдын № 232 «Калктын кирешелерин декларациялоого өтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы;
- 1994-жылдын 23-декабрындагы № 347 «Калкты иш менен камсыз кылууга жардамдашуу Фондусуна финансылык камсыз кылуу боюнча чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы;
- 1994-жылдын 31-мартындагы № 89 «Кыргыз Республикасынын Президентинин астындагы стратегиялык изилдөөнүн Эл аралык институтун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы;
-.1995-жылдын 25-январындагы № 30 «Кыргыз Республикасынын аксакалдар соту жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгы;
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери күчүн жоготту деп табуу жөнүндө»
- 1997-жылдын 1-апрелиндеги № 71 «Контролдук кылган органдарды тартипке келтирүү жана ишкердик ишмердүүлүктү коргоо боюнча кошумча чараларды көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгы;
-.1998-жылдын 1-октябрындагы № 289 «Кыргыз Республикасында жагымдуу ишкердүүлүктү жана инвестициялык чөйрөнү түзүү боюнча кошумча чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы;
- 2004-жылдын 19-июлундагы № 236 «Кыргыз Республикасында жагымдуу ишкердүүлүктү жана инвестициялык чөйрөнү түзүү боюнча кошумча чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгы;
6. «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдери күчүн жоготту деп табуу жөнүндө»
- 1995-жылдын 18-январындагы № 22 «Таможня органдарынын кызматчы адамдарынын атайын каражаттарды жана атыла турган куралдарды алып жүрүүсү жана колдонуусу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы;
- 1998-жылдын 9-октябрындагы № 305 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигининастындагы Мамлекеттик таможня инспекциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы;
7. 2013-жылдын 24-январындагы № 36 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлук ишинин Планын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».
8. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»:
. -2010-жылдын 25-мартында №184 «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу өкүлчүлүктүү органдарынын ченедик укуктук актыларды каттоо тартиби  жөнүндө Типтүү жобону бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрга киргизүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.
9. 2012-жылдын 23-июлундагы №517 «Иш жүгүртүү боюнча Типтүү инструкция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».
4. Кайра кабыл алынган Мыйзамдардан келип чыккан ченемдик укуктук актыларга оӊдоолорду киргизүүдө зарыл болгон предметине ЧУА инвентаризацияга тийиштүү болгон Юстиция министрлигине мамлекеттик органдардын каттарын кароонун жыйынтыгы:
 
            ЮМ кат чыг.02-1/464 21.01.2013-ж.,(2012-жылдын 29-декабрындагы № 206 «Билим берүү жөнүндө» КРМна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» КРМ, доклад Билим берүү жана илим министрлиги);
ЮМ кат чыг. 02-2/1386 14.02.2013-ж. (2013-жылдын 15-январындагы № 3 «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРМ докладчы: Билим берүү жана илим министрлиги);
- ЮМ кат чыг. 02-2/1166 08.02.2013-ж (2013-жылдын 25-январындагы № 8 «КР Патенттик мыйзамы» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» КРМ докладчы: Интеллектуалдуу менчик жана инновация Мамлекеттик кызматы);
- ЮМ кат чыг. 02-1/1370 14.02.2013-ж. (2013-жылдын 25-январындагы № 8 «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө», «Мамлекеттик жыйымдар жөнүндө» мыйзамдарына оӊдоолорду киргизүү боюнча докладчы: министрликтер жана ведомостволор).
1. Күн тартибин бекитүү. Чогулуштун жумушчу тартибин талкулоо.
 
            Мамидинова Ч.К. –Юстьиция минисчтрлигинин статс-катчысы, Комиссиянын мүчөлөрү менен саламдашып, чогулушту ачты жана күн тартибине ылйык маселелерди талкулоого өтүүнү сунуштады.
Комиссиянын төрайымы Ч.К. Мамидинова тарабынан күн тартиби боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле эч кандай сунуштар болбогондуктан, күн тартибин бекитүү чечими кабыл алынды.
Муну менен бирге , Комиссиянынын төрайымыкомиссиянын мүчөлөрүнүн көӊүлүнө ченемдик укуктук актынын долбоорлорун иштеп чыгуу этабына бурду, айрыкча Өкмөттүн Регламентинин талаптары такай сакталбай жатканын белгиледи.
Буга байланыштуу мамлекеттик органдардын аткаруу тартибин чыӊдоо зарылчылыгы жөнүндө белгиледи.
Ушул эле учурда Мамидинова Ч.К. ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда Өкмөттүн тапшырууларын кароодо мыйзамдын долбоорлоруна Юстиция мини стрлиги өзүнүн корутундусун берээрде дайыма «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын 24-беренесинин нормаларын сактоо зарылчылыгы жөнүндө белгиледи, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыга өзгөртүү зарылчылыгы болсо, ченемдик укуктук актынын долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду тиркеме болуп кириши керек. Андыктан, Өкмөттүн ситемасында аракет кылган мамлекеттик органдар мыйзам долбоорлорунун шаблондору бекитилген , мындай талдоолор жана мындай жоболор ишке ашырылбай жатат.
Мындан тышкары, Ч.К. Мамидинова ЧУА долбоорлорун иштеп чыгууда усулдук жана консультациялык жардам көрсөтүү үчүн Юстиция министрлигинин ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү боюнча Башкы башкармалыктын тийиштүү кызматкерлерин ар бир мамлекеттик органга бекитилди.
 
2. 2013-жылдын 26-декабрындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин астындагы Ведомоство аралык комиссиясынын чогулушунун протоколу менен бекитилген, 2013-жылдын 1 жарым жылдыгына карат ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Ведомоство аралык комиссиясынын Планынын аткаруу боюнча министерстволордун жана ведомостволордун аткарган иштеринин жыйынтыгын кароо.
 
Финансы министрлиги:
 
Ушул министрликтин өкүлү Д.Н. Молдоканова «Кыргыз Республикасынын Казынасынын негизги жоболору жөнүндө» «Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө», «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча пикирлердин жоктугу жөнүндө маалымат берди.
 
Коргоо министрлиги:
 
            Көрсөтүлгөн ведомоствонун өкүлү тарабынан төмөнкүлөр айтылды. 2013-жылдын 18-февралындагы № 77 Өкмөттүн токтому менен «Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору жактырылган жана Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизилген, ошондой эле мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу жана боштуктарды толтурууга багытталган нормалар да каралууда.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптимизациялаштыруу боюнча Комисссиянын чогулушунун протоколунун аткарылышы азыркы учурда Өкмөттүн буйрутмасы менен Социалдык фонд тарабынан «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамына оӊдоолорду киргизүүнү же болбосо ушул аталыштагы мыйзамдын долбоорунун жаӊы редакциясын иштеп чыгуу маселеси каралып, пенсия саясатын жүргүзүү пенсияны дайындоо жана берүү бирин-бири кайталаган функцияларды жоюу боюнча ведомоство аралык Комиссия
түзүү жөнүндө белгидеди.
Буга байланыштуу ченемдик укуктук актыны инвентаризациялоо боюнча ведомоство аралык комиссиянын Планындагы жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарды максаттуу алып таштоону белгиледи.
 
 
 
Ички иштер министрлиги:
 
            Ички иштер министрлигинин өкүлү Э. А. Исакова тийиштүү мыйзамдардын долбоолору келээрки Комиссиянын чоулушунун кароосуна киргизилээрин белгиледи.
Экономика министрлиги:
 
Ушул министрликтин өкүлү К. Казматова Юстиция министрлигинин дарегине инвентаризация жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү кат жиберилгендиги жөнүндө маалыматты айтты.
Улуттук банк:
 
            Улуттук банктын өкүлү А. Т. Жоробекова Банктык кодекстин долбооруиштелип чыккандыгын жана анын макулдашуу жүрүшүндө болуп жаткандыгы, 2013-жылдын 1 жарым жылдыгында ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомоство аралык комиссиянын Планына ылайык инвентаризацияга жогорку долбоор мыйзамдардын жоболорун камтырын маалымдады.
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
           
            План боюнча ушул министерствого «Суу жөнүндө», «Үрөөн жөнүндө», «Балык чарбасы жөнүндө» Мыйзамдарды инвентаризациялоо тапшырмасы берилген.
Ушул министрликтин өкүлү тарбынан төмөнкүлөр айтылды.
«Балык чарбасы жөнүндө» Мыйзамы балык чарбасындагы мамилелерди жөнгө сала турган ченемдик укуктук актынын базасы болуп эсептелет. Ал 1997-жылы кабыл алынган.Ушул мыйзам жаӊы коомдук мамилелерди жөнгө сала турган нормаларды камтыбайт.Мындан тышкары, ушул мыйзамда колдоно турган түшүнүктөр эскирген.Буга байлданыштуу, терминдерге так аныктама берүү зарылчылыгы келип чыгат. Ошондой эле азыркы учурда жөнгө салынбай жаткан балык чарбасын жүргүзүүнүн түрлөрүн жана аквамаданиятына мыйзамдуу аныктамаберүү зарылчылыгы келип чыгууда.
Муну менен бирге « Балык чарбасы жөнүндө» Мыйзамда балык кармоо жана аквамаданиятынын экологиялык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Улуттук балык чарбасынын стратегиясын, саясатын жана балык кармоо жана аква маданиятын өнүктүрүү боюнча Планды даярдоонун жана бекитүүнүн талаптарын камтыбайт.
«Балык чарбасы жөнүндө» Мыйзамына киргизиле турган оӊдоолордун чоӊ көлөмдө болгондуктан, балык чарбасын жөнгө салуу чөйрөсүндө жаӊы Мыйзамдын долбоорун максаттуу иштеп чыгуу жөнүндө өзгөргөн жашоонун чындыгын эске алуу менен мурунку кабыл алынган ченемдик укуктук актыга ылайык, ошондой эле мыйзамдарда өкүм сүргөн боштуктарды жоюу мүмкүнчүлүгүн алуу жөнүндө белгиледи.
Жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча талдоодо «Үрөөн жөнүндө» Мыйзамга оӊдоолорду киргизүүнү талап кылбайт.
Мындан тышкары министрлик Юстиция министрлиги менен бирдикте «Суу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштелип чыгууда жана Юстиция министрлигинин кароосунда эки жумалык мөөнөттө каралаарын билдирди.
 
Транспорт жана коммуникация министрлиги:
           
            «Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоорун Юстиция министрлигинин дарегине тийиштүү кат жолдонгон. Ушул эле учурда «Автомобиль жолдору» Мыйзамы боюнча сунуштар жок экендигин маалымдады.
 
Саламаттыкты сактоо министрлиги:
 
            Ушул министрликтин өкүлү А. А. Ногоеванын 2013-жылдын 1 жарым жылдыгында ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Ведомоство аралык комиссиянын Планын аткаруу боюнча иштер жүргүзүлө электигин белгиледи.
Юстиция министрлигинин статс-катчысы Ч.К. Мамидинова Саламаттыкты сактоо министрлиги белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө иш жүргүзбөй жаткандыгын белгиледи. Буга карата ал бир жумалык мөөнөтө, ошондой эле иштердин өз мөөнөтүндө аткарылбаган иштердин себептери боюнча маалыматтарды берүүнү суранды.
 
Эмгек, миграциижана жаштар министрлиги:
 
            Ушул министрликтин өкүлү У. Калыбеков «Майрам күндөрү» жана «Профессионалдык союздар жөнүндө» Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү боюнча сунуштардын жоктугун маалымдады.
 
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
 
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Туратбек кызы З. «Тарыхый-маданий мурасттарды коргоо жана колдонуу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору иштелип чыккандыгын маалымдады. Ошондой эле Өкмөттүн айрым чечимдерин оӊдоолорду киргизүүгө долбоолор иштелип чыкты, бул боюнча Юстиция министрлигине тийиштүү кат жолдонгонун маалымдады.
Социалдык өнүктүрүү министрлиги:
 
            Ушул ведомоствонун өкүлү Жумалиев Р. М. «Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө» инвентаризациялап, ушул Мыйзам эч кандай оӊдоолорду талап кылбайт.
 
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
 
Бул ведомоствонун өкүлү Э. Бейшекеев 2013-жылдын ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Ведомоство аралык комиссиянын Планын аткарууда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Мамлекеттик коргоо жөнүндө» Мыйзамын инвентаризациялоо жүргүзүүдө «Мамлекеттик коргоо жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Юстиция министрлигинин дарегине ведомоство аралык комиссиясынын кароосуна жөнөтүлгөн.
Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агентствосу:
 
            Айтылган кызматтын өкүлү У.Р. Раимов Планда бекитилген мөөнөттө мыйзамдарды инвентаризациялоо болгон жок.Ченемдик укуктук актылардын долбоолорун келээрки чогулушка даярдалаарын айтты.
 
           
            Байланыш мамлекеттик агентствосу:
           
            Ушул агентствонун өкүлү Р. А. Жунусалиев төмөнкүлөрдү айтты:
Юстиция министрлигинин кароосуна «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамына оӊдоолорду кирги зүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору жиберилет.
Статс-катчы Ч.К. Мамидинова транспорт жана коммуникация министрлиги менен ушул мыйзам долбоорун макулдашылгандыгын сурады. Учурунда мамлекеттик агентствонун өкүлү макулдашуу болбогондугун белгиледи.
            Комиссиянын төрайымы ушул мыйзхамдын долбоорун милдеттүү түрдө транспорт жана коммуникация Министрлиги  менен макулдашуу керектигин айтты.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы:
 
«Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын долбоорун ведомоство аралык комиссиянын кароосуна коюлганын маалымдады.
Ч. К. Мамидинова мыйзам долбоору комиссиянын келээрки чогулушунда каралаарын айтты.
 
Жөнгө салуу жана финансы базарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы:
 
            Ушул ведомоствонун өкүлү А. Э. Абжанбеков «Кыргыз Республикасынын камсыздоо уюштуруу жөнүндө», «Инвестиция фонду жөнүндө» мыйзамдарына оӊдоолорду киргизүү боюнча мыйзамдын долбоорлорун Юстиция министрлигинин дарегине жөнөтүлгөн.
 
Интеллектуалдуу менчик жана инновация мамлекеттик кызматы:
 
            Ушул кызматтын өкүлү С. Байзаков инвентаризациянын жыйынтыгы менен «Автордук жана чектеш укук жөнүндө», «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө», «Патент мыйзамы» Конституцияга жана колдонулуп жаткан мыйзамдарга каршы келген, ошондой эле коррупциялык нормалар табылган жок.
 
Социалдык фонд:
 
Социалдык фонддун өкүлү Тороев Р. А. «Кыргыз Республикасынын социалдык фонду жөнүндө» Мыйзамы боюнча сунуш жөнөтүлгөн. Ушуну менен бирге, инвентаризациянын жүрүшүндө «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамында эч кандай карама-каршы нормалар жок экендигин маалымдады.
 
  1. 3.      Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо (докладчы-Юстиция министрлиги, докладчылар компетенциясына ылайык – министрликтер жага ведомостволор.
 
Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын долбоору боюнча
 
Юстиция министрлигинин өкүлү Э. Пазылов «Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору боюнча доклад жасады. Айрыкча, ушул мыйзам долбоору мамлекеттик органгдардын сунуштарынын негизинде иштелип чыкты, ошондой эле « Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамынын нормаларына ылайыкталды.
Ушуну менен долбоор ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомоство аралык комисситясында экинчи жолу каралууда.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн талкуусунун жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоору жактырылды.
«Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору боюнча.
Ченемдик укуктук актылдардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башчысы А. Курманбаева төмөнкүлөрдү белгиледи.
Президенттин жана Жогорку Кенештин укуктары Конституцияда аныкталган, «Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйхзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбооруна Президентинин жана Жогорку Кеӊешинин укуктарын тийиштүүсүн Өкмөткө берүү боюнча оӊдоолор киргизилүүдө.
Комиссиянын мүчөлорү жогоруда аталган мыйзам долбоорун жактыруу үчүн добуш бришти.
«Калкты каттоо жана турак жай фондусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын долбоору тууралуу
Юстиция министрлигинин өкүлү М. Баймагамбетова комиссиянын мүчөлөрүнө «Калкты каттоо жана турак жай фондусу жөнүндө» Мыйзамынын долбоору көрсөтүлдү. Айрыкча ал жогоруда аталган Мыйзамдын жоболорун Конституцияга «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана гарантиялар жөнүндө» Мыйзамга ылайыктоого багытталган оӊдоолордун киргизилишин белгиледи. Бул айтылган маселелер боюнча Президенттин жана Жогорку Кеӊештин укуктары Конституцияда аныкталгандыктан, калкты каттоожана турак жай фондусуна тийиштүү маселелер боюнча Өкмөткө тийиштүү укуктарды аныктоо зарыл экендиги айтылды.
Ошондой эле аталышын өзгөртүү «мыйзамдар» түшүнүгүн алып салуу үчүн долбоор аркылуу негизги оӊдоолор кирип жатат.
Комиссия мүчөлөрү докладды угуп, жактырууну чечишти.
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору боюнча
 
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча бөлүмдүн башчысы А. М. Курманбаева ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомоство аралык комиссиясынын чегинде 2000-жылга чейинки мезгилдеги Президенттин чечимдеринин айрымдарын күчүн жоготту деп табуу үчүн тийиштүү долбоорлор даярдалды.
Өз кезегинде комиссиянын мүчөлөрүнүн добушу менен Президенттин чечимдеринин долбоорлору жактырылды.
Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору боюнча 2013-жылдын 24-январындагы № 36 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорунун иш Планын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 2012-жылдын 23-июлундагы №517 иш кагаз жүргүзүү боюнча Типтүү инструкция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» А. Курманбаева аталган долбоорлор комиссиянын мүчөлөрүнө берилгендигин билдирди, ошондой эле сын-пикирлерди жана сунуштарды берүүнү суранды.Комиссиянын мүчөлөрү жогорудагы долбоорлорго сын-пикирлердин жана сунуштардын жоктугун жана бир добуштан жактырылышын билдиришти.
 
  1. 4.      Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоодо жаӊы кабыл алынган мыйзамдардан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын предметине оӊдоолорду киргизүү боюнча Юстиция министрлигинин мамлекеттик органдарга жолдогон катын кароонун жыйынтыгы.
 
Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын өкүлү С. Байзаков 2013-жылдын 25-январындагы № 8 «Патенттик мыйзам» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын күчүнө киришине байланыштуу Кыргызпатент интеллектуалдуу менчик тармагында ченемдик укуктук актыларды бир калыпка келтирүу максатында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдуу менчик тармагында айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоору иштелип чыкты.
Айрыкча ал 2012-жылдын 20-февралындагы №131 Өкмөттүн токтому менен бекитилген интеллектуалдуу менчик жана инновация мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, ошондой эле Өкмөттүн токтому менен бекитилген патент берүү тартиби боюнча жана патенттөө жыйымы жөнүндө Жобого долбоорлор сунушталууда. Бул долбоорлор Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна киргизилгендигин маалымдады.
 
Ушуга байланыштуу ЧУА инвентаризация боюнча ведомоство аралык комиссиянын мүчөлөрү чогулуштун жыйынтын боюнча чечим кылды:
 
  1. Ведомоство аралык комиссиянын чогулушунда каралган ченемдик укуктук актылардын  долбоорлору жактырылсын.
 
  1. Мамлекеттик органдарга (2013-жылдын 26-декабрындагы Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомоство аралык комиссиясынын чогулушунун Протоколу менен бекитилген 2013-жылдын 1 жарым жылдыгында ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомоство аралык комиссиянын Планын аткаруу боюнча маалымат бербегендерге) Юстиция министрлигинин дарегине мыйзамдардын Планында көрсөтүлгөн оӊдоолорду киргизүү боюнча тийиштүү сунуштар жиберилсин.
 
Комиссиянын төрайымы                                                            Ч. Мамидинова
 
Комиссиянын катчысы                                                               А. Курманбаева
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы