Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы
Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор
аралык комиссиянын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өткөрүлгөн күнү: 2014-жылдын 22-апрели Бишкек ш.
Өткөрүлгөн жери: Юстиция министрлиги
Катышкандар:
Юстиция министрлиги:
Курманбаева А.М. – ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу
жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги (комиссиянын катчысы).
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү:
Экономика министрлиги:
Баетов А.Б. – Укуктук колдоо, экспертиза жана кадр башкармалыгынын башкы адиси;
Финансы министрлиги:
Нарынбаева Г. - Укуктук колдоо башкармалыгынын башкы адиси ;
Ички иштер министрлиги:
Абдырахманов К.С. – Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
Шаршекеева Н. – Мыйзам долбоорлоо ишмердиги жана укуктук колдоо башкармалыгынын башкы адиси;
Социалдык өнүгүү министрлиги:
Алыбаева Ж. – Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн
башчысы;
Нусупбеков А. – Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Коргоо министрлиги:
Исраилова А.М. – Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси;
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
Ибрагимов Б. – Маалыматтык саясат
башкармалыгынын адиси;
Саламаттык сактоо министрлиги:
Худайбергенов Д.А. – Юридикалык секторунун жетектөөчү адисинин м.а.;
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
Тыналиева Н.Т. – Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн улук офицери;
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:
Эсеналиева З.Т. - Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адисинин м.а.;
Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
Мукашев Р.Э. – Юридикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
Бейшекеев Э.К – Укуктук камсыздоо башкармалыгы;
Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги
Ажибаев Ф.Б. - Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси;
Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
Океев С.К. – Эл аралык кызматташтык жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
Бектурганова З.К. – Укуктук колдоо бөлүмүнүн
башкы адиси;
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
Зарылбеков Н. - Укуктук башкармалыгынын инспектору;
Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы:
Фарходов Э.Ф. – Тышкы байланыштар жана
укуктук камсыздоо бөлүмүнүн инспектору;
Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы:
Байзаков С. -Эл аралык келишимдер жана
укук бөлүмүнүн башчысы;
Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
Маматаиров Б.К. – Административдик камсыздоо жана кадр иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:
Джеенкулова А.Б. – Укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Мамлекеттик кадр кызматы:
Джаманкулов А. – Ченемдик-укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси;
Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
Джаманакунов Д.К.: – башкы адис;
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:
Орозбекова А.Б. – Юридикалык башкармалыгынын Укуктук камсыздоо бөлүмү;
Жогорку сот:
Бокошова Ж.С. -Мыйзамдар менен иштөө жана маалымат алмашуу бөлүмүнүн башчысы;
Улуттук банк:
Жоробекова А. – Юридикалык башкармалыгынын
юристи;
Социалдык фонд:
Тороев Р.А. – Ченемдик укуктук актыларды экспертизадан өткөрүү жана
иштеп чыгуу бөлүмүнүн
начальниги;
Бишкек шаарынын мэриясы:
Кокоева Г.М. – Юридикалык бөлүмдүн
башкы адиси;
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы:
Ботоев Ж.Т. – Кадр кызматы, укуктук
камсыздоо бөлүмүнүн улук
инспектору;
Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясы:
Брейво В.Г. - Укук коргоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз улуттук университети:
Ажыбекова А.К. – Юридикалык бөлүмдүн юристи;
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы:
Мамырканова Т.С. – Жарандык процесс жана нотариат кафедрасынын башчысы.
КҮН ТАРИТИБИ:
1. Күн тартибин бекитүү. Отурумдун иш тартибин талкуулоо.
2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо (баяндамачы-Юстиция министрлиги):
1) «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору;
2) «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору;
3) «Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору;
4) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Мыйзам долбоору;
Өкмөттүн токтомдорунун долбоорлору:
5) «Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергерлик (турмуш-тиричилик) буюмдардын сапаты жана аларга эн салуу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө, өзгөртүүлөр киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө»;
6) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө токтому» 2003-жылдын 26-марты № 169 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө»;
7) «Кыргыз Республикасында массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү»;
8) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө»;
9) «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргызстан Республикасынын юстициясынын органдарынын жана мекемелеринин иштерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарылыгын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Президенттин жарылыгынын долбоору.
1. Күн тартибин бекитүү. Отурумдун иш тартибин талкуулоо.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги – Курманбаева А.М., комиссиянын мүчөлөрү менен учурашып, жыйынды ачты жана күн тартибине ылайык маселерлерди талкуулоого киришүүнү сунуштады.
Курманбаева А.М. күн тартиби боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүнү сунуштады.
Күн тартиби боюнча сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок
2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо (баяндамачы-Юстиция министрлиги).
1) «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору боюнча.
«Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору тууралуу баяндамасы менен Юстиция министрлигинин өкүлү Баймагамбетова М.А. чыгып сүйлөдү. Ал белгилеп кеткендей, бул Мыйзам долбоорунун иштелип чыгуусунун максаты болуп, кайталанган жана коррупциялык ченемдерди алып салуу эсептелинет. Сунушталган долбоор менен көрсөтүлгөн Мыйзамдан Өкмөт алдындагы малекеттик органдардын ыйгарым укуктарын алып салуусу сунушталат, анын себеби мыйзам денгээлинде Өкмөт алдындагы малекеттик органдардын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тийиштүү ченемдерди бекитүү Жарандык кодексинин 87-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине карама-каршы болбошу зарыл.
Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Алыбаева Ж. ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарылоонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 457 токтому менен бекитилген “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө” Жобосу менен жөнгө салынгадыктан, «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамга жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттү киргизбөөнү сунуштады. Бүгүнкү күндө Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан мөөнөттү 5 жылдан 3 жылга чейин өзгөртүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгиленип кетти.
Ошону менен, ушул мөөнөттү белгиленген мыйзамдын 25-беренесинен алып салууну жана шилтеме ченемди караштырууну Баймагамбетова М. сунуштады.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги Курманбаева А.М. кошууну сунуштады.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Абдырахманов К.С. «балдар» деген сөздү «адамдар» деген сөз менен алмаштырууну сунуштады. Бул сунушка Социалдык өнүгүү министрлиги, Алыбаева Ж. өзүнүн чечмелөөсүн айтып кетти, ал боюнча балдардын майыпттыгы чоӊ бойго жеткен адамдардай топко бөлүнбөйт, 18 жашка жете элек балдар гана бар.
Келип тушкон сунуштарды эсепке алуу менен талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ушул Мыйзам доолборун жактыруу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алынды.
2) «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси Баймагамбетова М.А. жогоруда аталган Мыйзам долбоор менен, «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Мыйзамынын катар жоболорун Президенттин жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгаруу ыйгарым укуктары жан Конституциянын 64 жана 74-беренелерине ылайыкташтырууну сунушталуусун айта кетти, ал беренелер боюнча.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору менен Мыйзамдын 5-беренеси менен 5-1-берененин ортосунда карама-каршылыктарды жоюну сунуштайт, ал боюнча класстык чен – “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген ар бир мамлекеттик кызматчынын жеке өзүнө ыйгарылуучу атайын наам.
Мыйзам долбоору менен «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын эске алуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталат. Ошону менен бирге мыйзамдын 9 жана 10- бренелеринде улуттук коопсуздук органдарынын, аскер прокуратурасынын жана аскер сотунун аскер кызматчыларына жана аскерге ыйгарылуучу аскердик наамдардын тизмеси көрсөтүлгөндүгү белгилүү, бирок мыйзамда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине ыйгарылуучу аскердик наамдардын тизмеси аныкталбагандыгы тууралуу белгилеп кетүү керек.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ушул Мыйзам доолборун жактыруу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алынды.
3) «Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору боюнча.
Бул долбоор боюнча ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси Алиева Н.А. төмөнкүнү белгилей кетти.
«Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралу» Мыйзамдын 3-беренесине ылайык Юстиция министрлиги ушул Конвенцияны ишке ашыруу боюнча жооптуу орган катары аныкталган. Ошол менен бирге, 2008-жылдын 21-апрели ПЖ N 143 Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө» Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагынан чыгарылган. Сот актыларын жана Кыргыз Республикасынын башка органдарынын актыларын аткаруу Сот департаментинин соттук аткаруучуларга жүктөлгөндүгүн эске алып, жогоруда аталган мыйзам долбооруна түзөтүү киргизүүсү жана Конвенцияны ишке ашыруу боюнча жооптуу орган болуп, Сот департаменти аныкталуусу сунушталат.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ушул Мыйзам доолборун жактыруу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алынды.
4) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Мыйзам долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси Ызакова С.Т. төмөнкүнү белгилей кетти.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин инвентаризациялык ишмердүүлүгүнүн алкагында, бүгүнкү күндө өз аракетин токтоткон, мыйзамга өз мезгилинде өзгөртүүлөр киргизилген мыйзамдар табылган. Табылган Мыйзамдар дагы жоюлууга жаткан, ошону менен азыркы учурда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылар өзүнүн күчүн жоготту деп таанылган эмес
Күчүн жоготту деп таанылбай калган ушул сыяктуу түзөтүүлөр 1991-жылкы мезгилден бүгүнкү күнгө чейин табылуусун белгилеп кетүү керек.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин эске алып, сунушталган мыйзам долбоору менен бир катар тийиштүү мыйзамдардын юридикалык аракетин токтотуу сунушталат.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ушул Мыйзам доолборун жактыруу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алынды.
5) «Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергерлик (турмуш-тиричилик) буюмдардын сапаты жана аларга эн салуу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө, өзгөртүүлөр киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоору боюнча.
Юстиция министрлигинин өкүлү Бакаев А.Дж. жогоруда көрсөтүлгөн Өкмөттүн токтомунун долбоору боюнча баяндамасы менен сүйлөп чыкты. Ошону менен бирге, Бакаев А.Дж. белгиленген токтом долбоору Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин адистери менен жумушчу тартипте иштелип чыккандыгын белгилеп кетти. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-январындагы №15 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергер (тиричилик) буюмдарын сынамыктоо жана эн тамгалоо жөнүндө жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №264 токтому менен бекитилген Баалуу металлдардан жасалган зергер (тиричилик) буюмдарын эн тамгалоо эрежелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы №551 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сынамык көзөмөлдөө жөнүндө жобосунун ченемдери көпчүлүк учурда бири-бирин кайталаарын жана ошол эле коомдук-укуктук мамилелерди регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды түзөрүн белгилөөгө ылайык. Белгиленген токтом долбоору жогоруда айтылып кеткен Жобонун ченемдерин «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайыкташтыруу максатында иштелип чыккан.
Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү Зарылбеков Н. токтом долбоорунун, бажы кызмат ар ай сайын, отчеттук 5- күндөн кеч эмес, инспекцияга юридикалык жана жеке жактар тууралуу, жалпы салмагы жана Кыргыз Республикасына чет өлкөдөн алынып келген баалуу металлдардан жасалган зергерлик (турмуш-тиричилик) буюмдардын жалпы саны тууралуу маалымат берип тууруусун камтыган 7-пунктун алып салууну сунуштады. Аткени мындай жобо Бажы кодексинде жана Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө Жобосунда көрсөтүлгөн эмес.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Абдырахманов К.С. түзүлүп калган тажрыйбага шилтенип, токтом долбоорунун 3-пунктундагы «укуктук» деген сөздү «ведомстволук» деген сөзгө алмаштыруусун сунуштады.
Экономика министрлигинин өкүлү Баетов А.Б. өз кезегинде ченемдик укуктук акт долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоону жүргүзүүнүн керектигин белгиледи. Анын себебин токтом долбоору менен 5-главанын 1-пунктусунда «Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы» деген графасында «талдоо» деген сөз киргизүүсү менен түшүндүрдү.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ушул токтом доолборун жактыруу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алынды.
6) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө токтому» 2003-жылдын 26-марты № 169 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоору боюнча.
Юстиция министрлигинин өкүлү Пазылов Э.А. тарабынан ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө токтому» 2003-жылдын 26-марты № 169 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоору көрсөтүлдү.
Белгиленген долбоор карама-каршылыктарды жана боштуктарды, коррупциялык мүнөздөгү ченемдерди жоюу максатында иштелип чыккан.
Мындан тышкары, токтом долбоору менен Жобонун 7-пунктусундагы «эксперт» деген сөздү алып салуу сунушталат, анткени «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренесине ылайык келбейт.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун өкүлү Орозбекова А.Б. жогоруда аталган токтом долбоорун Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду иштеп чыгуусун демилгеледи, бул себептен, токтом долбоорун кароодон алып салууну сунуштады. Орозбекова А.Б. иштелип чыккан токтом долбоорун кийинки отурумдун кароосуна алынып чыгуусун белгилеп кетти.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун өкүлүнүн сунушун жактырды.
7) «Кыргыз Республикасында массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү» Өкмөттүн токтомунун долбоору боюнча.
Юстиция министрлигинин өкүлү Эгенбердиева К.К. тажрыйба көргөзгөндөй 1992-жылдын 19-августундагы №410 Жобосунда камтылган ченемдер, бул ченемди жетекчиликке алган жактар үчүн толук маалыматты чагылдырбай тургандыгын, буга байланыштуу массалык маалымат каражаттарынын ишинин токтотулушун каттоодо, кайра каттоодо жана, каттоо учурларында кыйынчылыктар пайда болуусун, муну менен Юстиция министрлигинин кызмат адамдарынын ишине кедергиси тийүүсүн жана кагаз иштерин создуктуруусун белгилеп кетти.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Ибрагимов Б. Жобонун 3-пунктусу «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Мыйзамдын ченемдерине карама-каршы келгендигин белгилеп кетти. Мында тышкары Ибрагимов Б. массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укукугу жеке ишкерге гана таандык, бул менен жеке жактардын укугу бузулуусун белгилеп кетти.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Ибрагимов Б. 7-пунктагы «мүмкүн» деген сөздү алып салууну жана коомдук талкуулоого алып чыгууну сунуштады
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ушул токтом доолборун жактыруу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алынды.
8) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги Курманбаева А.М. тарабынан ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоору көрсөтүлдү. Ошону менен бирге, мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында бир катар Өкмөттүн токтомдорун күчүн жоготту деп табуу сунушталгандыгын белгиледи.
Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү Джаманкулов А. Өкмөттүн «Он үчүнчү эмгек акыны эсептөө тартибин бекитүү тууралуу» 2009-жылдын 22-декабрындагы №792 токтомун алып салууну сунуштады, анткени Өкмөттүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 токтому менен бекитилген жаны эмгек акы төлөө системасына бардык мамлекеттик органдар өтпөгөндүгүн белгилей кетти. Ал эми, жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилбеген эмгек акы төлөө шарты Өкмөттүн «Он үчүнчү эмгек акыны эсептөө тартибин бекитүү тууралуу» 2009-жылдын 22-декабрындагы №792 токтому жана Өкмөттүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жан муницпалдык кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары тууралуу» 2011-жылдын 29-июлундагы № 436 КПҮ токтому менен аныкталган.
Ошентип, жогоруда айтылганды эсепке алуу менен ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги Курманбаева А.М. тарабынан Өкмөттүн «Он үчүнчү эмгек акыны эсептөө тартибин бекитүү тууралуу» 2009-жылдын 22-декабрындагы №792 токтому тууралуу пунктун долбоордон алып салууну сунушталды.
Келип тушкон сунуштарды эске алуу менен талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ушул токтом доолборун жактыруу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алынды.
9) «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргызстан Республикасынын юстициясынын органдарынын жана мекемелеринин иштерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарылыгын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Президенттин жарлыгынын долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги Курманбаева А.М. көрсөтүлгөн жарлыктын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргызстан Республикасынын юстиция органдарынын жана мекемелеринин иштерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын күчүн жоготту деп табуусу сунушталуусун белгилеп кетти. Бул Президенттин жарлыгы азыркы убакытта өзүнүн актуалдуулугун жоготкон, себеп болуп, белгиленген жарлык менен Юстиция министрлигине кошумча функциялар бекитилген, мисалы, укуктук экспертиза жүргүзүү, ченемдик актыларды каттоо, жарандарга жана юридикалык жактарга укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш алып барууга лицензия берүү жана каттоо, массалык маалымат каражаттарын каттоо. Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн жарлык менен Юстиция министрлигинин карамагына ЖААЖ органы берилген, андан башка министрликке караштуу юстиция мекемелерин жана сотторду өнүктүрүү фондун түзүсүү тапшырылган.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ушул жарлыктын доолборун жактыруу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алынды.
Ошентип, отурумдун жыйынтыгы боюнча Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү төмөндөгүнү чечишти:
1. Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда каралган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактоо.
2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө токтому» 2003-жылдын 26-марты № 169 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоорун кароо Ведомстволор аралык комиссиянын кийинки отурумуна калтыруу.
3. Юстиция министрлигине, Өкмөттүн 2013-жылдын 10-июнунда № 341 токтому менен бекитилген Регламенттин тартибине ылайык, жактырылган ченемдик укуктук актылардын долбоолорун министрликтер жана ведомстволор менен макулдашууга жөнөтүү.
Комиссия катчысы А. Курманбаева