29 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча мекеме аралык комиссиянын 2014-жылдын 26-июнундагы протоколу


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы
Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор
аралык комиссиянын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
 
Өткөрүлгөн күнү: 2014-жылдын 30-сентябры                                                   Бишкек ш.
 
Өткөрүлгөн жери: Юстиция министрлиги
 
Катышкандар:
 
Юстиция министрлиги:
Курманбаева А.М.                                                              – ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу
жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги (комиссиянын катчысы).
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү:
Финансы министрлиги
Молдоканова Д.                                                                  -кызматкер;
 
Ички иштер министриги:
Абдрахманов К.С.                                                               – укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
Шаршекеева Н.                                                                    – мыйзам долбоорлоо ишмердиги жана укуктук колдоо башкармалыгынын башкы адиси;
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
Абдрахманов А.А.                                                              – юридикалык секторунун жетектөөчү адиси;
Билим берүү жана илим министрлиги
Кадыралиев Б.Д..                                                                 – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн  башкы адиси;
 
Саламаттык сактоо министрлиги:
Худайбергенов Д.А.                                                           – юридикалык секторунун жетектөөчү адисинин м.а.;
Кулов И.С.                                                                           -укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
 
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
Бейшекеев Э.К.                                                                    -укуктук камсыздоо бөлүмүнүн о/у;
 
 
Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик
агенттиги:
Аскеев К.                                                                              – башкы адиси;
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:
Джеенкулова А.                                                                   – укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Рысбеков А.Р.                                                                      – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
 
Өкмөткө караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
Эгембердиева Ж.                                                                 – уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси;
 
Өкмөткө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги:
Муканов Э.Т.                                                                       -укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги
Матисаков К.А.                                                                   укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
 
Өкмөткө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
Океев С.К.                                                                            -укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жана эл аралык кызматташу кызматкери;
 
Өкмөткө караштуу мамлекеттик салык кызматы:
Болотбаев Дж.С.                                                                 -улуу инспектор;
 
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
Айтбаев Н.                                                                            улук инспектору;
 
Өкмөткө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмолдөө мамлекеттик кызматы:
Оболбекова Д.А.                                                                 – башкы адис;
 
Өкмөткө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:
Кененбаев Ч.Т.                                                                    -башкарма жетектөөчүсү;
 
Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациалар мамлекеттик кызматы:
Бабалиева З.З.                                                                      -жетектөөчү адис;
 
Өкмөткө караштуу баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы:
Думанаев М.Н.                                                                    -инспектор;
 
Өкмөткө караштуу мамлекеттик чек ара кызматы:
Шабданов А.                                                                        -укуктук камсыздоо болумунун улуу офицери;
Өкмөткө карашту мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
Зарнаев Э.Ж.                                                                        -юридикалык болүмүнүн башкы адиси;
Өкмөткө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
Джамакунов М.Д.                                                                -башкы адис;
 
Өкмөткө караштуу мамлекеттик мулктү башкаруу боюнча фонду:
Джоробеков М.Д.                                                                -юридикалык башкармалыгынын адиси;
 
Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы:
Алыбекова А.О.                                                                  -укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Социалдык фонду:
Турсуналиева А.Т.                                                               – ЧУА Экспертиза жана иштеб чыгаруу болүмүнүн башкы адиси;
Мамлекеттик кадр кызматы:
Джаманкулов А.                                                                -ченемдик укуктук болумунун адиси;
 
Башкы прокуратура:
Акматалиев                                                                          -улук прокурор;
Жогорку сот:
Астаев Б.А.                                                                          -мыйзамдар менен иштөө жана маалымат алмашуу бөлүмүнүн башкы адиси;
 
Бишкек шаарынын мэриясы:
Абдыманапова Ж.Б.                                                            – башкы адиси;
Губина Л.В.                                                                          -социалдык өнүгүү башкармасынын начальниктин орун басары;
Ракишев М.                                                                          -маданият башкармасынын начальниги;
 
Кыргыз республикасынын профсоюздар федациясы:
Омурова А.М.                                                                      -улуу укуктук эмгек инспектору;
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы:
Осмонов А.А.                                                                      – Кадр кызматы, укуктук
                                                                                              камсыздоо бөлүмүнүн улук
инспектору;
 
 
Кыргыз улуттук университети:
Осмонов А.А.                                                                      – Юридикалык бөлүмдүн юристи;
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы:
Джаманалиева М.Д.                                                            – Илим Экспертиза жана анализ секторунун башчысы.
 
 
Күн тартиби:
1.  Күн тартибин бекитүү.  отурумдун иштөө тартибин талкуулоо.
2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо (баяндамачы – юстиция министрлиги):
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору:
1. «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
2. «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
3. «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
4. «Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
5. «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
6. «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
7. «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
Өкмөттүн токтомунун долбоорлору:
8. «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;
9. «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү регламенттеген  жоболорду бекитүү жөнүндө» 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу».
 
1. Күн тартибин бекитүү. отурумдун иштөө тартибин талкуулоо.
Юстиция министрлигинин ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкрамалыгынын начальниги Курманбаева А. М. отурумду ачып жана күн тартибине ылйаык маселеелерди талкуулоого өтүүнү  сунуштады.А.М. Курманбаева тарабынан күн тартибине эскертүүлөрдү жана сунуштооллоорду киргизүү айтылды.
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун өкүлү Жоробеков М.Д. тарабынан «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана  «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү регламенттеген  жоболорду бекитүү жөнүндө» 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Өкмөттүн токтомдорунун долбоорлорун күн тартибинен алып салуу сунушталды. Бул себепти жогоруда аталган  мамлекеттик органдын өкүлү жогоруда аталган долбоорлор менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү тартибин жөнгө салган ченемдик укукттук актыларга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилип жатканын, мамлекеттик мүлк фонду менен белгиленген маселелер боюнча жумушчу топ түзүлүп жаткандыгы менен түшүндүрдү. Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдорго киргизилген өзгөртүүлөргө тыкыр талдоо жүргүзүү максатында жана ошондой эле андан ары алар боюнча  эскертүүлөрдү жана сунуштарды киргизүү үчүн жогоруда аталган Өкмөттүн токтомунун долбоорлорун күн тартибинен алып салуу сунушталды.
Отурумда күн тартибинен Өкмөттүн токтомунун эки долбоорун алып салоуунун мааксатка ылайыктуулугу жөнүндө маселе көтөрүлгөн анткени ушул жылдын 22-апрелинде болгон ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун өкүлү Орозбекова А.Б. тарабынан «2003-жылдын 26-мартындагы № 169 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти
менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Өкмөттүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу демилгеленген, андыктан мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан бул долбоорду кароодон алып салуу сунушталган. Мындан тышкары ушул токтомдун долбоору комиссиянын кийинки отурумуна сунушталаары белгиленген. Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча мүчөлөр менен аталган мамлекттик органдын өкүлү А.Б Орозбекованын демилгеси жактырлган, ушуга байланыштуу жогоруда аталган Өкмөттүн токтомунун долбоору күн тартибинен алынып салынган.
Муну менен, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду менен жогоруда аталган Өкмөттүн токтомунун долбоору ушуга чейин киргизиле элек.
Ошентип, комиссия мүчөлөрү жыйынтыгында «2003-жылдын 26-мартындагы  № 169 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «2003-жылдын 26-мартындагы № 168 «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү регламенттеген жоболорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Өкмөттүн токтомунун долбоорлорун күн тартибинен алып салууну чечишти.  Булар менен бирге, комиссиянын кийинки отурмуна 2014-жылдын 22-апрелиндеги отурумунда жана бүгүнкү отурумдан алынып салынган жеткире иштелген Өкмөттүн токтомунун долбоорлорун киргизүү зарылдыгы жөнүндө белгиленген.
Күн тартибинин башка долбоорлору боюнча эскертүүлөр жана сунуштоолор түшкөн жок.
 
2. Ченемдик укуктук актылардын  долбоолоркун кароо (баяндамачы – Юстиция министрлиги)ю
 
1) «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси Ипасова Н. «Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жөнүндө доклады менен чыгып сүйлөдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын милдеттерине жана ыйгарым укуктарынын ишине тиешелүү кайсы-бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деӊгээлинде бекитүү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конситуциялык мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келет.
Ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен Өкмөт аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда, алар жөнүндө жоболордубекитүү жолу менен  бөлүштүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Абдрахманов А.А. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн жана  Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүн алып салбастан күчүн жоготту деп таанууну сунуштады.
Билим берүү министрлигинин өкүлү Кадыралиева Б.Д. Мамкурулуш өкүлүнүн жок болгондугунан бул мыйзам долбоору боюнча маселени кароогу кийинкиге калтырууну сунуштады.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен комиссия мүчөлөрү тарабынан бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынган. Мыйзамдардан мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын алып салуу жарандар үчүн тигил же бул ченемдик укуктук актыны  жетекчиликке алууда кыйынчылык туудургандыктан комиссия мүчөлөрүнүн алтоосу бул долбоорго каршы көз карашын билдиришти.
 
2) «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоллорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Респуьбликасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси Пазылов, Э. А. менен жогоруда белгиленген мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөр айтылды.
Мыйзам долбоору менен Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын алып салуу сунушталууда, муну менен «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө» мыйзамында камтылган «Кыргызпатенттин» ыйгарым укуктары алынып салынат.
Мындан тышкары Э.А. Пазылов тарабынан  «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө» мыйзамдын 15-беренесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда деп белгиленген. Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам мамлекеттик органдын эсебине киргизилүүчү кызмат көрсөткөндүгү үчүн күбөлүктүн ээсине, арыз берүүчүдөн юридикалык маанилүү аркеттерди жасагандыгы үчүн алым алууну бекиткендиктен түзөтүүлөр киргизилүүдө. Бирок «Мамлекеттик алым жөнүндө» мыйзамдын 3-беренеси юридикалык жана жеке жактардан юридикалык маанилүү аракеттери үчүн  алынуучу мамлекеттик алымдын түрлөрүн аныктайт. Ошондой эле  «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө» мыйзамында коомдук мамилелердин тиешелүү чөйрөсүн жөнгө салган «Мамлекеттик алым жөнүндө» атаайын  мыйзамында чагылдырырлган ченемдер жок.ошентип, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосундагы коллизияларды болтурбоого жогоруда аталган мыйзамдын 15-беренесине түзөтүүлөр демилгеленген.
Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын өкүлү Бабалиева З.З. иштеп чыгуучу тарабынан эске алынган мыйзам долбооруна жазуу түрүндөгү эскертүүлөрдү жана сунуштоолорду көрсөттү.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү тарабынан  көрсөтүлгөн сунуштамаларды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынган.
 
3) «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси А. Сулайманова «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча баяндамасы менен чыгып сүйлөдү. Сунушталган мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөрдү белгиледи.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, преамбула (киришүү) – ченемдик укуктук актынын милдеттүү эмес өз алдынча бөлүгү, анда актыны кабыл алуунун (чыгаруунун) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтылат. Преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт, ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун преамбуласын күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын милдеттерине жана ыйгарым укуктарынын ишине тиешелүү кайсы-бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деӊгээлинде бекитүү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конситуциялык мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келет.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору менен «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын 8, 12, 13, 26, 38, 41, 46, 74 беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда, ага ылайык мамлекеттик органдардын милдеттери жана ыйгарым укуктары алынып салынат.
Курулушту ишке ашырууга жер участогун берген жергиликтүү оалдынча башкаруу органынын же мамлекеттик органдын мыйзамга ылайыксыз иштеринин жыйынтыгында тарткан чыгашаларын курулуш субъектилерине ордун толтуруу маселелери  Жарандык процессуалдык кодекстин 26-главасында аныкталган тартипте жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 36-беренесинин 5-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу сунушталат.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү менен бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынган.
 
4) «Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
Белгиленген Мыйзам долбоору боюнча ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкрамалыгынын начальниги Курманбаева А. М. доклады менен чыкты. Аны менен, сунушталган мыйзам долбоору менен «Маданият жөнүндө» Мыйзамдын 1, 17, 21 жана 38-беренелерине тиешелүү түзөтүүлөр киризилгендигин, ошондой эле 15-беренени күчүн жоготту деп табуусун белгиленди.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү менен бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынган.
 
5) «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
Ушул долбоор боюнча доклад менен Юстиция министрлигинин өкүлү Шеркулова А. чыкты. Мыйзам долбоору мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюуга багытталгандыгы, ошону менен «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамдын 1 жана 29 – беренелерин Конституциянын 6-беренесине ылайыкташтыруусу белгиленди. Ошондой эле мыйзам долбоору менен мыйзамдын жоболорунан аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу сунушталууда.
Мындан тышкары, Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүндөгү экинчи абзацындагы коррупциялык жоболорду алып салуу максатында долбоор менен аталган абзацты күчүн жоготту деп табуу сунушталууда.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү менен бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынган.
 
6) «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкрамалыгынын начальниги Курманбаева А. М. «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоорун көрсөттү. Көрсөтүлгөн долбоор менен министрликтердин жана ведомстволордун ыйгарым укуктарын алып салуу сунушталууда. Ошону менен бирге, «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө» Мыйзамдын  11 –беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп тануу сушуталган, анткени аталган берененин жоболору жарандык-процессуалдык кодексинин предметине кирет.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү менен бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынган.
 
7) «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкрамалыгынын жетектөөчү адиси Турганбаева А.К. көрсөтүлгөн мыйзам долбоору мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн иштелип чыккандыгын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын милдеттерине жана ыйгарым укуктарынын ишине тиешелүү кайсы-бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деӊгээлинде бекитүү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конситуциялык мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келет.
Ошол менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы № 177 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча Иш-чаралар планынын 11-пункту менен Юстиция министрлигине министрликтер жана ведомстволор менен бирге мыйзам актыларынан аткаруучу бийлик тутумунда иштеген мамлекеттик органдардын укуктук статусун, функциясын жана ыйгарым укуктарын аныктоочу жоболорун алып салууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуусу тапшырылган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Өкмөткө баш ийген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыгарым укуктарын жана функцияларын алып салуу максатында Мыйзам долбоору менен «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ушул Мыйзам доолборун жактыруу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алышты.
 
Ошентип, отурумдун жыйынтыгы боюнча Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү төмөндөгүнү чечишти:
1. Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда каралган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактоо.
2. Юстиция министрлигине, Өкмөттүн 2013-жылдын 10-июнунда № 341 токтому менен бекитилген Регламенттин тартибине ылайык, жактырылган ченемдик укуктук актылардын долбоолорун министрликтер жана ведомстволор менен макулдашууга жөнөтүү.
 
 
Комиссия катчысы                                                                                          А. Курманбаева
 
 
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы