27 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча мекеме аралык комиссиянын 2015-жылдын 27-мартындагы протоколу


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы
Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор
аралык комиссиянын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өткөрүлгөн күнү: 2015-жылдын 27-марты                                                         Бишкек ш.
Өткөрүлгөн жери: Юстиция министрлиги
Катышкандар:
 
Юстиция министрлиги:
 
Таштанов Н.А.                                                                    – статс-катчынын м.а.;
(комиссиянын төрагасы);
 
Курманбаева А.М.                                                              – ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу
жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги (комиссиянын катчысы).
 
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү:
Тышкы иштер министрлиги:
Худайбергенов С.                                                               – ТИМнин атташеси;
 
Коргоо министрлиги:
Иманова С.С.                                                                       – аскердик мыйзамдар бөлүмүнүн
башкы адиси;
Ички иштер министриги:
Абдырахманов К.С.                                                            – укуктук камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси;
Финансы министрлиги
Молдоканова Д.Н.                                                              -башкы адис;
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Зулумов Э.Ж.                                                                       – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
Абдилатип уулу Т.                                                              – мыйзам долбоорлоо ишмердиги жана укуктук колдоо башкармалыгынын адиси;
 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
Замир Ыйман                                                                       – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси;
 
 
Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
Мукашев Р.Э.                                                                       – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Саламаттык сактоо министрлиги:
Джумабаева И.Т.                                                                 – юридикалык секторунун башкы адисинин м.а.;
 
Соцалдык өнүгүү министрлиги:
Усубалиева Ч.У.                                                                  – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн
башкы адиси;
 
Дарманкул Б.                                                                       – башкы адис;
Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы
мамлекеттик агенттиги:
Аскеев Н.Ш                                                                         – бөлүмдүн башчысынын м.а.;
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:
Джеенкулова А.                                                                   – укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
Ибраев Б.А.                                                                          укуктук камсыздоо жана ички контролдоо бөлүмүнүн адиси;
Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги:
Муканов Э.Т.                                                                       -укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:
Матисаков К.А.                                                                   укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
Таштанбеков  М.Б.                                                              – укуктук жөнгө салуу бөлүмүнүн
улук инспектору;
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
Бектурганова З.К.                                                               -укуктук колдоо бөлүмүнүн
улук инспектору;
 
Өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмолдөө мамлекеттик кызматы:
Асанова Н.М.                                                                       – укуктук камсыздоо жана лицензиялоо  бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы:
Сейдакматова В.М.                                                             – улук инспектор;
 
 
Өкмөткө караштуу баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы:
Думанаев М.Н.                                                                    – улук инспектор;
 
Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациалар мамлекеттик кызматы:
Бабалиева З.З.                                                                      -жетектөөчү адис;
 
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы:
Шабданов А.                                                                        -укуктук камсыздоо бөлүмүнүн офицери;
Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
Джамакунов М.Д.                                                                -юридикалык сектордун
башкы адис;
 
Өкмөткө караштуу мамлекеттик мулктү башкаруу боюнча фонду:
Бегжанов Э.Б.                                                                      -кызматкер;
 
Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы:
Алыбекова А.О.                                                                  -укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Социалдык фонду:
Тороев Р.А.                                                                          – бөлүмдүн начальниги;
Мамлекеттик кадр кызматы:
Касымбаев Э.                                                                       - жетектөөчү адистин м.а.;
Улуттук банкы:
Калыбеков У.                                                                       – юрист;
Жогорку сот:
Астаев Б.А.                                                                          -мыйзамдар менен иштөө жана маалымат алмашуу бөлүмүнүн башкы адиси;
 
Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясы:
Шамырканов А.                                                                   -юрист;
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы:
Джаманалиева М.Д.                                                            – илим экспертиза жана анализ секторунун башчысы.
 
КҮН ТАРИТИБИ:
 
1. Күн тартибин бекитүү. Отурумдун иш тартибин талкуулоо.
2. Отчетторду сунуштоо:
1) «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Финансы министрлиги тарабынан;
2) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан.
 
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы  Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2015-жылга карата Иш планын бекитүү.
 
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы  Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2015-жылга карата Иш планы.
 
  1. «Кыргыз Республикасында жарандардын медициналык касыздандыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (жооптуу орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду);
  2. «Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (жооптуу орган – Ички иштер министрлиги);
  3.  «Кыргыз Республикасынын референдуму тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (жооптуу орган – Ички иштер министрлиги);
  4.  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (жооптуу орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги);
  5. «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (жооптуу орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги);
  6.  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (жооптуу орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги);
  7. «Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (жооптуу орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациалар мамлекеттик кызматы);
  8. «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (жооптуу орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациалар мамлекеттик кызматы);
  9. «Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жаатындагы нормативдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16 –майындагы № 255 токтому (жооптуу орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду).
 
4. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо (баяндамачы-Юстиция министрлиги):
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору:
1. «Ɵсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
2. «Балык чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу»;
3. «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
4. «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
5. «2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;
Проекты постановлений Правительства Кыргызской Республики: 
6.«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө»;
7. «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;
8. «Жерди бузуп зыян келтиргени үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 668 токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө, ошондой эле  «Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринин эмгек акы фондусунун белгиленген лимитин жогорулаткандыгы үчүн жоопкерчилик чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 5-июнундагы № 223 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө»;
9. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
10. «Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун  (төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун) тартиби жөнүндө” Жжобону бекитүү тууралуу».
 
Күн тартибин бекитүүдөн мурун статс-катчынын м.а. Таштанов Н.А. Ведомстволор аралык комиссиянын ишмердигин сапатын жогорулатуу боюнча өткөрүлүп жаткан иштер тууралуу белгилеп кетти. Юстиция министрлиги тарабынан Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия тууралуу Жобонун жаӊы долбоору иштелип чыккан. Сунушталган долбоор Комиссиянын ишин күчөтүүгө багытталган, анткени азыркы убакыта Комиссиянын ишинин өзүндө, ошондой эле иштелип жакткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлордун сапатында көйгөйлөр бар. Ошондой эле долбоор менен Комиссиянын курамын өзгөртүү караштырылган. Жалпысынан, статс-катчынын м.а. Таштанов Н.А. Комиссиянын мүчөлөрүн ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча жигердүү иш алып баруусуна чакырды.
1. Күн тартибин бекитүү. Отурумдун иш тартибин талкуулоо.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги – Курманбаева А.М., комиссиянын мүчөлөрү менен учурашып, жыйынды ачты жана күн тартибине ылайык маселерлерди талкуулоого киришүүнү сунуштады.
Курманбаева А.М. күн тартиби боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүнү сунуштады.
Күн тартиби боюнча сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок
2. Отчетторду сунуштоо:
Курманбаева А.М. 2014-жылдын 4 кварталында Финансы министрлиги жана Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Комиссиянын кароосуна 2 ченемдик укуктук актынын долбоору киригизилген.
Ушуга байланыштуу, Курманбаева А.М. «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» жана  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору боюнча маалымат берүүнү сунуштады.
Финансы министрлигинин өкүлү Молдоканова Д.Н. долбоорду жылдыруу иштери токтотулгандыгы тууралуу билдирди. Буга себеп болуп, бүгүнкү күндө Финансы министрлиги алдындагы Баалуу металдар департаментинин функцияларын башка мамлекеттик органдарга берүү менен аны ликвидациялоо же болбосо реорганизациялоо тууралуу маселелер бар.
Молдоканова Д.Н. ушул маселе боюнча Юстиция министрлигинин дарегине кошумча кат жөнөтүлөт деп белгиледи.
Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Матисаков К.А. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жылдыруу максатты актабайт деп билдирди, анткени окшош түзөтүүлөр менен Мыйзам долбоору Жогорку Кенештин депутаты демилгеленген. Ушул Мыйзам долбоору Жогорку Кенеште 1 окуудан өткөн.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы  Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2015-жылга карата Иш планын бекитүү.
 
Курманбаева А.М. мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча түзүлгөн Иш планын карап чыгууну жнан Комиссияынын кароосуна квартал боючна киргизүүнү пландаштырууну сунуштады.
Иш планын 1 жана 9 – пунктары боюнча.
Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлү Джамакунов М.Д. медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу Саламаттыкты сактоо министрлигине берилгендигине байланыштуу, бул маселе аталган мамлекеттик орган менен макулдашууга жатат.
Иш планын 2 жана 3 – пунктары боюнча.
Ички иштер министригинин өкүлү Абдырахманов К.С. бул маселелер боюча маалымат болбогондугуна байланыштуу Иш планына эки Мыйзам долбоорлорун киргизүүнү кийинкиге калтырууну сунуштады.
Курманбаева А.М. Иш планына эки Мыйзам долбоорлорун киргизүү тууралуу тактоонун жана Юстиция министрлигин жазуу түрүндө маалымдоонун керектигин белгиледи.
Иш планын 4 – пункту боюнча.
Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Матисаков К.А. Иш планынан «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү маселесин алып салууну сунуштады. Агенттик менен иштелип жаткан мыйзам долбоору Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор  аралык комиссиянын кароосунун предметине кирбеген түзөтүлөрдү камтыйт.
Иш планын 5 – пункту боюнча.
Матисаков К.А.  Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына бир толуктоо киргизүү демилгеленген. Ошону менен, Жогорку Кенештин кароосуна мыйзам долбоору келип түшкөн, аны менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамга өзөртүүлөрдү киргизүү караштырылган. Өз учурда, Агенттик тарабынан Жогорку Кенешке жогоруда эскертилген толуктоону киргизүү тууралуу сунуш киргизилген.
Иш планын 6 – пункту боюнча.
Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Матисаков К.А. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү 2015-жылдын 2 – кварталына киргизүүнү сунуштады.
Иш планын 7 и 8 – пунктары боюнча.
Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациалар мамлекеттик кызматынын өкүлү Бабалиева З.З. 7.       «Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү 2015-жылдын 3 – кварталына,  ал эми «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү 2015-жылдын 4 – кварталына киргизүүнү сунуштады.
4. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо (баяндамачы-Юстиция министрлиги):
1) «Ɵсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси Сулайманова А. Кыргыз Республикасынын «Ɵсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»;» Мыйзам долбоору тууралуу баянамасы менен чыгып сүйлөдү.
Ушул Мыйзам долбооруу карама-каршылыктарды жоюу максатындагы үчүн  иштеплип чыккандыгын белгиледи.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлингин органдарынын милдеттерине жана ыйгарым укуктарынын ишине тиешелүү кайсы-бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деңгээлиде бекитүү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келет.
Ушуга байланыштуу, «Ɵсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 2, 5, 6, 7, 11, 12, 14, 17, 19, 20, 22, 23 – беренелериндеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын укуктары жана функциялары алынып салынууда.
Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесине ылайык преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгөө жол берилбейт, ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун преамбуласын алып салууга сунуш берилди.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү менен бул мыйзам доолборун жактыруу чечими кабыл алынган.
 
            2) «Балык чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
            ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси Ызакова С. менен жогоруда белгиленген мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөр айтылды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлингин органдарынын милдеттерине жана ыйгарым укуктарынын ишине тиешелүү кайсы-бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деңгээлиде бекитүү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келет.
Ызакова С. Кыргыз Республикасынын Коституциясынын 20-беренесине ылайык, жарандардын укуктары Конституция жана Мыйзамдары менен гана жектелишүү мүмкүн экенин белгиледи. Буга байланыштуу аталаган Мыйзамдын 16-беренесине түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталды. Кыргыз Республикасынын «Балык чарбасы жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесин «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык келтирилүүдө.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү менен бул мыйзам доолборун жактыруу чечими кабыл алынган.
 
3) «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
«Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоорун Ызакова С. көрсөтү.
Бул мыйзам мурда иштетилип жана каралып Комиссияга берилген боюнча Ызакова С. белгиледи. Ангыча, Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мыйзам боючна сунуш киргизген жок.
Өкмөткө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын
өкүлү Думанаев М. мыйзам долбоорунун преамбуласын 6 жана 4 – бөлүктөрдөн «класстык чиндерди» алып салууга сунуш берди.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Абдырахманов К. айтты маалым-кат негиздемеде  «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» тизмек наамдар алдын ала караштырылган эмес аскердик берүүгө Өзгөчө кырдаалдар министирлигине жана Ички аскерлер ички иштер министирлигине. Ошодой эле, ички аскерлер тийишии жок Ички иштер министирлиги менен деп айтып эскертилген.
Коргоо министирилигинин өкүлү Иманова С.С ички аскерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына тийиштүү деп комментарий берди.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Абдырахманов К. токтом долбоорунун 3 – пунктунан Ички иштер министрлигин алып салууну сунуштады.
Өкмөткө караштуу Бажы кызматынын өкүлү Таштанбеков М.Б.  Мыйзамдын 5-1 жана  6-беренелеринен «атайын класстык чендер» деген сөздөрдү алып салууну сунуштады, анткени атайын класстык чендер атайын наамдарга кирбейт.
Өкмөткө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын
өкүлү Думанаев М. мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгү боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети башка аскердик түзүлүштөрүнө карабай тургандыгын белгилеп кетти.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлгөн сунуштамаларды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынган.
4) «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси Турганбаева А. «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу » Мыйзам долбоорун сунуштады.
Мыйзам долбоору менен «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамга ылайыкташыруу максатында «Китепкана иши жөнүндө» Мыйзамдын преамбуласын алып салуу сунушталууда.
Ошондой эле,  баш ийген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын алып салуу сунушталууда.
«Китепкана иши жөнүндө» Мыйзамдын жоболорун Конституциянын 6-беренеси ылайык келтирүү сунушталууда.
«Китепкана иши жөнүндө» Мыйзамдын 10 жана 11 –беренелери 22-берененин жоболору менен төп келгендигине байланыштуу мыйзам долбоору менен аталган беренелерди күчүн жоготту деп таануу сунушталды.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 14-беренеси «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирилүүдө.
Ошондой эле, Мыйзамдын 22 жана 23 – беренелери Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Мыйзамына жана 21-беренеси Эмгек кодекстин 1-бернеси менен ылайык келтирилүүдө.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү менен бул мыйзам доолборун жактыруу чечими кабыл алынган.
5) «2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
«2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоорун ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси Айтматова А. көрсөттү.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 2012-жылдын 16-июлундагы № 114» Мыйзамдын 5 беренесинин 1-бөлүгү менен Үй-бүлөлөк кодекстин 127, 130, 154 – беренелерине өзгөртүүлөр киргизилген.
Ошондой эле, Мыйзамдын 5 – беренесинин 10-13-бөлүктөрү менен Үй-бүлөлөк кодекстин  127,130,157,162 –беренелине өзгөртүүлөр киргизилген.
Ошону менен бирге, аталган Мыйзамдын 5-беренесинин 9-бөлүгү менен  Үй-бүлөлүк кодекстин 6-бөлүмүнг күчүн жоготуу деп таанууну сунушталган.
Ошондуктан, Мыйзам долбоору менен 1-бөлүмдөн сөздөрүн алып салууну жана «2012-жылдын 16-июлундагы № 114 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын 5-беренесинин 10-13-бөлүмдөрүн күчүн жоготуу деп таанууну сунушталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Джумабаева И.Т. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын 11-беренесине ылайык негизги ченемдик укуктук актыга аны өзгөрткөн жана (же) толуктаган мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбегендигин белгиледи.
Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Усубалиева Ч.У. Мыйзам долбоордун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун кайра карап чыгууга сунуш кылды.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлгөн сунуштамаларды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынган.
6) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн токтом  долбоору боюнча.
Жогоруда белгиленген Өкмөттүн токтом долбоорун ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ташиев П. көрсөттү. Долбоор менен 13 Өкмөттүн токтомдорун күчүн жоготуу деп таанууну сунушталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Замир Ыйман Өкмөттүн токтом долбоорунан 1-пунктун 8-пунктчасын алып салууну сунуш кылды.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сунушун эске алуу менен бул Өкмөтүн токтом долбоорун жактыруу чечими кабыл алдынган.
7) «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн токтом  долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси Пазылов Э. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын сунушунун негизинде иштелип чыккан долбоорду жактоо боюнча доклады менен чыгып сүйлөдү.
Белгиленген мыйзамдын 15-беренесине ылайык, убактылуу жана туруктуу жашоого уруксат чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын алардын Кыргыз Республикасында болгон мезгилиндеги жекече күбөлүгү болуп саналаарын белгилеп кетүү керек.
Ушуга байланыштуу, долбоор менен жобонун 1-пунктунда баяндалган  «жашап турууга уруксат»түшүнүгүнүн аныктамасын тиешелүү абзац менен толуктоо сунушталууда.
Мындан тышкары, «Тышкы миграция жөнүндө» Мыйзамдын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасына алты айдан ашык мөөнөткө келишкен чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамга ылайык убактылуу жашап турууга уруксат алышат.
Бирок, жобонун 13-пунктуна ылайык, жашап турууга уруксат берүү жөнүндө арызды 18 жашка чыккан, Кыргыз Республикасынын аймагында 6 айдан ашык мыйзамдуу түрдө жүргөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам (алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) өздөрү беришет.
Баяндалганды эске алып, долбоор менен  жобонун белгиленген пунктун  көрсөтүлгөн мыйзамдын 15-беренесинин ченемдерин эске алуу менен баяндоо сунушталууда.
Кошумча дагы, зарыл документтерди чогултуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, долбоор менен арыз ээсинин туруктуу легалдуу киреше булагынын бардыгын тастыктаган документтердин ичинен бирин көрсөтүү заарылдыгын кароо сунушталууда.
Ошондой эле, жобонун 16-пунктуна ылайык, арыз даана эмес толтурулган, керектүү пункттарда айрым жазуулар болбогон, оңдолгон жана кырылган жерлер аныкталганда Департаменттин аймактык органынын кызматкери арыз ээси билдирген маалыматтардын тууралыгын текшерүү үчүн керектүү кошумча информацияны талап кылууга укуктуу экенин белгилеп кетүү керек.
Муну менен, «укуктуу» деген туюндурма Департаменттин кызматкерине көрсөтүлгөн ченемди колдонуу боюнча негизсиз кенен ыйгарым укуктарды берет. Көрсөтүлгөн жобо коррупциялык болуп саналат, ошондуктан  долбоор менен жобонун 16-пунктунун көрсөтүлгөн абзацынын  жаӊы редакциясы сунушталууда.
Жобонун 19-пунктуна ылайык, жашап турууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясында каралган негиздер боюнча кабыл алынышы мүмкүн.
Муну менен бирге, жобонун 21-пунктуна ылайык, жашап турууга туруктуу уруксат берүү Департаментте, жашап турууга убактылуу уруксат берүү Департаменттин аймактык органдарында жүргүзүлөт.
Айрым учурларда, анын ичинде арыз ээси жашап турууга туруктуу уруксат алуудан баш тартуу жөнүндө кайрылган учурда, Департамент жашап турууга убактылуу уруксат берүүнү жүргүзөт.
Андыктан, «кабыл алынышы мүмкүн» жана «айрым учурларда» деген туюндурмалар коорупциялык болуп саналат, анткени  аны эки ача түшүндүрүү мүмкүндүгүн берет, долбоор менен бул жоболорду тактоо сунушталууда.
Тышкы иштер министрлиги өкүлү Худайбергенов С. 1-пунктун 4-абзацы боюнча туруктуу же убактылуу жашап турууга уруксат, чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын анын Кыргыз Ремпубликасынын аймагында туруу маалындагы өздүгүнүн күбөлүгү болуп саналбайт деп билдирди.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлү Дарманкул Б. туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби 1 жылдан 9 айга чейин кыскартуу кароо мөөнөттөр макстака ылайыктуу эместиги тууралуу өзүнүн ойун билдирди.
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өкүлү Таштанбеков М.Б. Өкмөттүн токтомунун күчүнө кирүү тартибин 2-пунктуда көрсөтүүнү сунуштады.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү тарабынан көрсөтүлгөн сунуштамаларды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен бул Өкмөттүн токтом долбоорун  жактыруу чечими кабыл алынган.
8) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн токтом  долбоору боюнча.
Жогоруда белгиленген Өкмөтүн токтом долбоорун ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын башкы адиси Ипасова Н. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо долбоор демилгелегендигин жана Юстиция министирлиги тарабынан иштелип чыккандыгын белгилеп кеттик Жалпысынан, долбоор менен 1999-жылдын 13-декабрындагы № 684 жана 1999-жылдын 3- апрелиндеги № 220 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Мыйзамы менен ылайык келтирүү каралууда.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү менен бул Өкмөтүн токтом доолборун жактыруу чечими кабыл алынган.
 
9) «Жерди бузуп зыян келтиргени үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 668 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө, ошондой эле  «Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринин эмгек акы фондусунун белгиленген лимитин жогорулаткандыгы үчүн жоопкерчилик чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 5-июнундагы № 223 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн токтом  долбоору боюнча.
Ушул долбоор ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын адиси Эшбаев А.  менен көрсөтүлдү. Долбоор боюнча төмөнкү белгиленди.
«Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренсине ылайык эсептешүү көрсөткүчү – бул социалдык төлөмдөрдүн, компенсациялардын, экономикалык санкциялардын жана администрациялык жазалар менен жазапулдардын, эмгек акысын төлөө менен байланышпаган башка экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөгүдөй өлчөмдөрүн аныктоочу ченемдик акчалай көрсөткүч болуп саналат.
Ошону менен бирге, «Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө» Мыйзамынын 1-беренесине ылайык эң төмөнкү эмгек акы (эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмү) – бул нормалдуу эмгек шартында жөнөкөй ишти аткарууда жумуш убактысынын нормасын толук иштеп бүткөн квалификациясы жок кызматкерлердин эмгеги үчүн бир айлык эмгек акынын гарантиялык өлчөмү, Кыргыз Республикасынын «Республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамында тийиштүү жылга карата белгиленет.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 668 токтомунун № 2 тиркемесиндеги колдонулган «эң төмөнкү эмгек акы» термини Кыргыз Республикасында жерди бузуп зыян келтирилгендиги үчүн белгиленген бааны өндүрүп алуусу туура эмес эсептөөгө алып келиши мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мыйзам Өкмөттүн токтомуна караганда жогору юридикалык күчкө ээ жана ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук акт өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбеши керек.
Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 2-беренесине ылайык инсанды коргоо, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, калктын саламаттыгын, санитардык-эпидемиологиялык жагынан бакубаттыгын, коомдук адеп-ахлакты, менчикти, курчап турган табигый чөйрөнү, мамлекеттик бийликти жүзөгө ашыруунун белгиленген тартибин жана башкаруу тартибин, коомдук тартипти, юридикалык жактардын жана алардын бирикмелеринин укуктарын администрациялык укук бузуулардан коргоо, ошондой эле администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди өз убагында жана калыс кароо жана мындай укук бузуулардын алдын алуу администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдардын милдети болуп саналат.
Ушул эле учурда, жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 4-беренесине ылайык администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчилик-укук бузууга байланыштуу укуктук чара көрүү болуп саналат, ал укук бузууда күнөөлүү болгон адамды сот (судья), орган (кызмат адамы) тарабынан айыптоону жана жаза колдонууну билдирет.
Мындан тышкары, белгилей кетчү нерсе нерсе, жогоруда аталган Кодекстин 9-бересинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алар үчүн администрациялык жоопкерчилик каралган жеке же юридикалык жактын укукка жат, күнөөлүү (атайлап же байкабастыктан жасалган) аракети же аракетсиздиги администрациялык укук бузуу (жорук) деп таанылышы аныкталат.
Баяндалгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 5-июнундагы № 223 «Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринин эмгек акы фондусунун белгиленген лимитин жогорулаткандыгы үчүн жоопкерчилик чаралар жөнүндө» токтомунун ченемдери көрсөтүлгөн Кодексте камтылышы керек, анда кызмат адамдарынын укук бузгандыгынын жоопкерчилиги камтылган. Буга байланыштуу сунушталган долбоор менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 5-июнундагы № 223 «Бюджеттик мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринин эмгек акы фондусунун белгиленген лимитин жогорулаткандыгы үчүн жоопкерчилик чаралар жөнүндө» токтомун күчүн жоготту деп табылууда.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү менен бул Өкмөтүн токтом доолборун жактыруу чечими кабыл алынган.
10) «Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун) тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» » Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн токтом  долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Шеркулова А. Комиссия мүчөлөрүнө «Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун  (төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун) тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» Өкмөттүн токтом долбоорун көрсөттү. Ошону менен бирге, көрсөтүлгөн Өкмөттүн токтомунун долбоору менен Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чендерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун) тартиби жөнүндө Жобону бекитүү менен Убактылуу жобону жана башка ченемдик укуктук актыларды  күчүн жоготту деп тануу сунушталууда. Долбоор менен Убактылуу жобону анын айрым жоболору «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө», «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Соттук-эксперттик иш жөнүндө» мыйзамдарына менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 жана 2009 – жылдын 26-октябрындагы №577 токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын Президентин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 жана 2013-жылдын  26-июндагы № 145 Жарлыктарына ылайык келтирүү сунушталууда.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү менен бул Өкмөттүн токтом доолборун жактыруу чечими кабыл алынган.
 
Отурумдун аягында Курманбаева А.М. Комиссиянын мүчөлөрүн 2015-жылдын 1-майына чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы  Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2015-жылга карата Иш планына сунуш киргизүүнү суранды.
Ошентип, отурумдун жыйынтыгы боюнча Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү төмөндөгүнү чечишти:
1. Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда каралган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактоо.
2. Юстиция министрлигине, Өкмөттүн 2013-жылдын 10-июнунда № 341 токтому менен бекитилген Регламенттин тартибине ылайык, жактырылган ченемдик укуктук актылардын долбоолорун министрликтер жана ведомстволор менен макулдашууга жөнөтүү.
Комиссия төрагасы                                                                                  Н. Таштанов
Комиссия катчысы                                                                                  А. Курманбаева
 
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы