20 Баш оона, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Протокол заседания Межведомственной комиссии при Министерстве юстиции Кыргызской Республики по инвентаризации нормативных правовых актов Кыргызской Республики от 21 июля 2015 года


Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча
ведомстволор аралык комиссиянын
ПРОТОКОЛУ
 
Өткөрүлгөн күнү: 2015-жылдын 21-июлу                                                         Бишкек ш.
Өткөрүлгөн орду: Юстиция министрлиги
 
Юстиция министрлигинен катышты:
Мамбеталиева Ж.Ж.                                                           – Юстиция министри;
 
Таштанов Н.А.                                                                    – Статс-катчынын м.а.
(Комиссиянын төрагасы);
 
Курманбаева А.М.                                                              – ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу
жана мыйзам долбоорлорун
экспертизадан өткөрүү боюнча
башкармалыгынын начальниги.
(Комиссиянын катчысы).
 
 
Комиссия мүчөлөрүнөн:
 
Айдаров А.                                                                          – Экономика  министрлигинин
Укуктук колдоо жана экспертиза
бөлүмүнүн башкы адиси –
ыйгарым укуктуу адам;
 
Касымбаев Н.А.                                                                  – Ички иштер министринин
биринчи орун басары;
 
Жумабаева И.Т.                                                                    - Саламаттыкты сактоо
министрлигинин юридикалык
кызматынын башкы адиси –
ыйгарым укуктуу адам;
 
Сүйөркулов А.Ж.                                                                – Коргоо министринин биринчи
орун басары;
 
Жылдыз уулу А.                                                                  – Айыл чарба жана мелиорация
министрлигинин укуктук
камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисиинин м.а. – ыйгарым укуктуу адам;
 
Мамыркалиев Э.А.                                                             -Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин статс-
катчысынын м.а.;
 
Жунушалиев А.Ж.                                                              – Эмгек, миграция жана жаштар
министрлигинин статс-
катчысынын м.а.;
Рыскулов Ш.Д.                                                                    – Финансы министрлигинин
укуктук колдоо башкармалыгынын
укуктук эксперттиза бөлүмүнүн
башчысы – ыйгарым укуктуу
кызмат адам;
 
Иманалиев Т.У.                                                                   – Энергетика жана өнөр-жай
министрлигинин укуктук
камсыздоо бөлүмүнүн башчысы -
ыйгарым укуктуу кызмат адам;
 
Бекбоев А.З.                                                                        – Билим берүү жана илим
министринин орун басары;
 
Кайкиев Э.А.                                                                                  – Тышкы иштер министринин орун
басары;
 
Куйкеев Э.А.                                                                       – Социалдык өнүктүрүү
министринин орун басары –
ыйгарым укуктуу  кызмат адам;
 
Секимов Б.Ш.                                                                      – Маданият, маалымат жана туризм
министринин орун басары;
 
Куланбек уулу А.                                                                – Мамлекеттик улуттук коопсуздук
комитетинин башкармалыгынын
начальниги;
 
Мотукеев Б.Ж.                                                                     – Өкмөткө караштуу Дене тарбия
жана спорт мамлекеттик
агенттигинин директорунун
орун басары;
 
Шамшиев А.А.                                                                    – Өкмөткө караштуу Финансы
рыногун  жөнгө салуу жана
көзөмөлдөө мамлекеттик
кызматынын статс-катчысы;
 
Орозалиев Н.С.                                                                   – Өкмөткө караштуу жазаларды
аткаруу мамлекеттик кызматынын
төрагасынын орун басары;
 
Алтыбаев Р.М.                                                                    – Өкмөткө караштуу Баӊгизаттарды
контролдоо боюнча мамлекеттик
кызматтын төрагасынын орун
басары – ыйгарым укуктуу  кызмат
адам ;
 
Турсуналиева А.Т.                                                              – Социалдык фонддун
Юридикалык башкармалыгынын
ЧУА иштеп чыгуу жана
методология, экспертиза
бөлүмүнүн башкы адиси -
ыйгарым укуктуу кызмат адам;
 
Министрликтерден жана ведомстволордон:
 
Маалымат, маданият жана туризм министрлиги:
Ибрагимов Б.Б.                                                                   – бөлүм башчы;
 
Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
Исмаилова Ш.                                                                     – юридикалык бөлүмдүн
инспектору.
 
Комиссияга тартылган мамлекеттик органдардан:
 
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:
Серова О.В.                                                                         – укуктук камсыздоо
башкармалыгынын начальниги;
 
Өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги:
Кадырбекова Н.                                                                   – укуктук жана методологиялык
иштер секторунун башчысынын
м.а.;
 
Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:
Жоробеков М.Д                                                                   – юридикалык башкармалыктын
жетектөөчү адиси;
 
Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
Абдиев Э.К.                                                                         – Укуктук камсыздоо
башкармалыгынын начальниги.
 
Комиссия мүчөлөрүнүн ичинен жок болгондор:
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Темиралиев Т.Т., Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Бөрүбаев С.Н.
 
КҮН ТАРТИБИ:
1. Күн тарибин бекитүү. Отурумдун иш тартибин талкуулоо.
2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо (баяндамачы – Юстиция министрлиги, Өкмөткө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы):
Кыргыз республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору:
1. «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги);
2.  Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги);
3. «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө»  Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги);
4. «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги);
5. «Транспорт жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги);
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги);
7. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги);
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 4-июлундагы № 259 «Кесиптик-техникалык атайын окуу жайларынын Жобосун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги);
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 591 КПҮ «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда, кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» (баяндамачы – Өкмөткө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы).
 
Юстиция министри Мамбеталиева Ж.Ж. отурумду ачты жана 2015-жылдын                         7-июлунда кабыл алынган, жаӊы жобо менен ылайык комиссиянын ишинин негизги багыттарын белгиледи.  Булар менен бирге министр тарабынан комиссиянын ишине тиешелүү жагныда юстиция министрлигинин коллегиясынын жыйынтыктары жөнүндө белгиленди. Ошондой эле комиссия мүчөлөрүнө Комиссия жөнүндө жобонун талаптарын сактабагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги жөнүндө маалыимдады.
 
1. Күн тарибин бекитүү. Отурумдун иш тартибин талкуулоо.
Таштанов Н.А. – комиссиянын төрагасы күн тартибине ылайык маселелерди талкуулоого өтүүнү сунуштады. Комиссиянын төрагасы  тарабынан күн тартиби боюнча эскертүлөрдү жана сунуштарды киргизүү сунушталды.
Юстиция министрлиги тарабынан нотариат жана адвокатура боюнча башкармалыгы менен иштелип чыккан «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз иРеспубликасынын мыйзамынын долбоорун Комиссиянын кароосуна киргизүү сунушталды.
 
2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо (баяндамачы – Юстиция министрлиги, Өкмөткө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы).
1) «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
Бул мыйзам долбоору комиссия мүчөлөрүнө ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлоорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкармалыгынын начальниги Курманбаева А.М. менен сунушталган, атап айтканда мыйзам долбоор аткаруу бийлигинин тутумунда иштеген мамлекеттик органдардын укуктук статусун,  функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктаган жоболорду мыйзам актыларынан алып салуу боюнча 2014-жылдын 24-мартындагы № 177 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз республикасында мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча иш чаралар планынын иш чаралар планынын 11-пунктун аткарууга  иштелип чыккандыгы белгиленген.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысынын м.а. Жунушалиев А.Ж. мыйзам долбоору боюнча төмөнкүлөрдү белгиледи.
Долбоор менен «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 4-бөлүгүндө биринчи сүйлөмүндөгү «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда,» сөздөрүн алып салуу каралган, бул өзгөртүү Эмгек кодексинин 10-беренесине каршы турат, анткени бул берене менен качан жумушчу жумушту аткаруудан баш тартууга укугу жоктугунун так учурлары каралган. Ушуга байланыштуу бул өзгөртүүнү алып салууну сунуштайбыз.
Ошондой эле долбоор менен «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамынын 7-берененин 4,5 жана 7-бөлүктөрүндөгү жана 11-берененин 2-бөлүгүнүн 5 жана 18-абзацтарындагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык»  деген сөздөрдөн кийин «эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү» деген сөздөр менен толукталсын, «КР эмгек мыйзамдары менен ылайык» деген сөздөрдү алмаштырууну сунуштайбыз, анткени жогоруда көрсөтүлгөн беренелердин жоболорунда эмгек кодексинин ченемдери  камтылган.
Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун 21-беренесинде «(контрактта)» алынып салынсын анткени Эмгек кодексинде «контракт» деген түшүнүк жок.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бул мыйзам долбоорун Эмгек. Миграция жана жаштар министрлигинин сунуштарын эске алуу менен жактыруу чечими кабыл алынды.
 
2) Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
Мыйзам долбоор комиссия мүчөлөрүнө ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлоорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси Абдырасулова Айгерим тарабынан сунушталган.
Баяндаманын жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан бул мыйзам долбоорун сунуштарды эске алуу менен жактыруу чечими кабыл алынды.
 
3) «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча.
Мыйзам долбоор комиссия мүчөлөрүнө ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлоорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айтматова А. тарабынан сунушталган.
Тышкы иштер министринин орун басары  Кайкиев Э.А. мыйзам долбоордун 1-беренесинин 14-бөлүгү менен  «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесинде «Тышкы иштер министрлиги менен» деген сөздөрдү «Өкмөт менен белгиленген тартипте» деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталгандыгын белгиледи. Буга жараша Чет өлкөлүк телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын чет элдик кабарчыларын аккредитациялоо Өкмөт менен белгиленген тартипте жүргүзүлүшү зарыл.
А.Айтматова Чет өлкөлүк телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын чет элдик кабарчыларын аккредитациялоо тартиби, 2000-жылдын 19-апрелиндеги N 215 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө жобо менен аныкталаарын белгиледи.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысынын м.а.              Мамыркалиев Э.А. «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоору боюнча   өзүнүн позициясын билдирди, ага ылайык бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊеште кароодо Өкмөттүн расмий өкүлү болуп   Транспорт жана коммуникациялар  министрин дайындоо сунушталган.
Мамыркалиев Э.А.  Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу маселелери маданият, маалымат жана туризм министрлигинин компетенциясына кирээрин белгилеп, Өкмөттүн токтомунун долбоорунда расмий өкүл катары маданият, маалымат жана туризм министрин аныктоону сунуштады.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Ибрагимов Б.Б. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору демилгеленгендигин билдирди, аны менен «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу» мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда жана инвентаризациянын алкагында сунушталган демилгеленген мыйзам долбоордогу түзөтүүлөрдү кароо максатка ылайыктуу экендигин белгиледи.
Ошондой эле мыйзам долбоору Транспорт жана коммуникациялар  министрлигинин, маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Өкмөткө караштуу мамлекеттик байланыш агенттигинин ишмердүулүгүнө тиешеси бар экендиги белгиленген.
Ушуга байланыштуу, Өкмөттүн токтомунун долбоорунда расмий өкүл катары  маданият, маалымат жана туризм министрлигин жана Транспорт жана коммуникациялар  министрлигинин көрсөтүү сунушталды.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Комиссия мүчөлөрү «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоорунда Жогорку Кеӊеш тарабынан бул мыйзам долбоорун кароодо Өкмөттүн расмий өкүлү кылып маданият, маалымат жана туризм министрин дайындоону сунуштоо боюнча бирдиктүү пикирге келишти, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар  министрин кошо өкүл кылып аныктоо сунушталды.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан бул мыйзам долбоорун сунуштарды эске алуу менен жактыруу чечими кабыл алынды.
 
4) «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
Бул мыйзам долбоору боюнча кыска баяндамасы менен  ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлоорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкармалыгынын башкы  адиси  Нурудинов Б. чыгып сүйлөдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Жумабаева И.Т. Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 6-бөлүгүн күчүндө калтырууну сунуштады.
Анткени ВИЧ-инфекцияда консультациялоо жана тестирлөө ВИЧ-инфекцияда алдын алуу, дарылоо, багуу жана колдоо боюнча кызматардын чечүүчү ажырагыс компоненти болуп саналат жана  ВИЧ-инфекцияны  биринчи жана экинчи жолку алдын алууда чоӊ мааниге ээ.
Кыргыз Республикасы ВИЧ/СПИД менен күрөшүү ишин улантуу жөнүндө декларацияда камтылган (2001-жыл) жана  ВИЧ/СПИД менен күрөшүү глобалдык чараларына жетекчиликти камсыздоо максаты менен ВИЧ/СПИД саясий декларациянын милдеттенмелерин өзүнө алган өлкөлөрдүн катарына кирет.
Кыргыз Республикасы «ВИЧ/СПИДди алдын алууну камсыздоо боюнча иш чаралардын милдеттүү компоненти катары ВИЧке консультациялоону жана тестирлөөнү кеӊейтүү» бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарын колдонот.
Тышкы иштер министринин орун басары  Кайкиев Э.А. мыйзам долбоордун 1-беренесинин 2-бөлүгүндөгү «улуттук коопсуздук» деген сөздөрдү алып салууну сунуштады.
Ошондой эле долбоордун 1-беренесинин 3-бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу тууралуу Кайкиев Э.А., 1969-жылдагы  эл аралык келишимдердин укугу тууралуу Вена конвенциясынын 26 жана 27-беренелерине ылайык ар бир иштөөдөгү келишим анын катышуучулары үчүн милдеттүү жана алар менен ак ниеттүүлүк менен аткарылууга тийиш.
(Рaсtа sunt servanda – принциби) андан тышкары катышуучу ал менен келишимди аткарбоо үчүн актануу катарында  өзүнүн ички укуктарынын жоболоруна шилтеме кыла албайт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен карама каршы келген учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорун аткаруудан баш тартуудан укуксуз. Ошондуктан «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн күчүндө калтыруу сунушталган. Курманбаева А.М. бул эскертүүгө комментарий берди. Эгерде улуттук мыйзамдардын ченемдери эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келсе, укук колдонуучуга эл аралык келишимдердин ченемдерин жетекчиликке алуу укугун берүү жоболорун мыйзамдардан алып салуу, Кыргыз Республикасынын 6-беренесине ылайык келбейт, ага ылайыкАдам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери түздөн-түз колдонулат жана башка эл аралык келишимдин ченемдерине караганда артыкчылыкка ээ.
Комиссия мүчөлөрү менен бул мыйзам долбоорун саламаттыкты сактоо министрлигинин, ошондой эле тышкы иштер министрлигинин жөнгө салуу предметине тиешелүү жагындагы  сунуштарын жана эскертүүлөрүн эске алуу менен жактыруу чечими кабыл алынган.
 
5) «Транспорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
Бул мыйзам долбоору боюнча баяндамасы менен менен  ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлоорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкармалыгынын жетектөочү   адиси Шеркулова А. Чыгып сүйлөдү. Тышкы иштер министринин орун басары Э.А. Кайкиев тарабынан мыйзам долбоордун 1-беренесинин 15-бөлүгүнө ушундай эле эскертүү айтылган, ага ылайык «Транспорт жөнүндө» мыйзамдын 19-беренесинин 3-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу сунушталган, анда Эгерде эл аралык, мамлекеттер аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандагыдан башка эрежелер белгиленсе, анда тийиштүү келишимдин эрежелери колдонулат деп каралган.
Бул эскертүү боюнча Шеркулова А. «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбоору боюнча Курманбаева А.М. айтылган позициясын колдоорун белгиледи.
Комиссия мүчөлөрү менен бул мыйзам долбоорун Тышкы иштер министрлигинин транспорт чөйрөсүндө эл аралык келишимдерди түзүү жагындагы сунуштарын жана эскертүүлөрүн эске алуу менен жактыруу чечими кабыл алынган.
 
6) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору боюнча.
Өкмөттүн токтомунун долбоору Комиссия мүчөлөрүнө ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлоорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкармалыгынын башкы адиси Ипасова Н. тарабынан сунушталган.
Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун өкүлү Жоробеков М.Д. Өкмөттүн токтомунун долбооруна жазуу түрүндөгү эскертүүсүн көрсөттү.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Комиссия мүчөлөрү тарабынан бул Өкмөттүн токтомунун долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.
 
7) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору боюнча.
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана мамлекеттик салык кеызматы – кызыкдар мамлекеттик органдар  жок болгондуктан ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкармалыгынын начальниги тарабынан бул Өкмөттүн токтомунун долбоорун кийинки отурумга калтыруу сунушталган.
Комиссия мүчөлөрү менен бир добуштан бул сунуш жактырылган.
 
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 4-июлундагы № 259 «Кесиптик-техникалык атайын окуу жайларынын Жобосун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору боюнча.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Статс-катчысынын м.а. Жунушалиев А.Ж.  тарабынан төмөнкүлөр белгиленген.
Кесиптик – техникалык билим берүү тутумунда укук бузуу жасаган бирок тарбия берүүнүн өзгөчө шарттарында жана катуу педагогикалык режимди муктаж курагы боюнча же аларга кылмыш-жаза чарасын пайдалануунун максатка ылайыксыздыгына байланыштуу  кылмыш – жаза жоопкерчилигинен бошотулган кыйындык менен тарбиялана турган жашы жете электерди түзөө жана кармоо үчүн Чүй облусунун москва районунун Беловодское айылында № 2 атайын КТУ бар болчу. Бирок бул атайын КТУ 2007-жылдын 30-декабрындагы  № 637 кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жоюлуп кеткен.  Азыркы мезгилде кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин тутумунда мындай атайын КТУлар жок, ушуга байланыштуу жогоруда баяндалгандын негизинде  1995-жылдын 4-июлундагы № 259 «Кесиптик-техникалык атайын окуу жайларынын Жобосун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун күчүн жоготту деп таанууну сунуштайбыз.
            Комиссия мүчөлөрү тарабынан Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин  сунушу бир добуштан жактырылды.
 
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 591 КПҮ «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда, кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору боюнча.
Бул долбоор боюнча баяндамасы менен Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын юридикалык бөлүмүнүн инспектору Исмаилова Ш. чыгып сүйлөдү.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин  сунушу бир добуштан жактырылды.
 
10) «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
Мыйзам долбоору Нотариат жана адвокатура боюнча башкармалыгынын кызматкери Абдуллаева Г. тарабынан сунушталган, атап айтканда мыйзам долбоору менен «Нотариат жөнүндө» мыйзамын «Улуттук Архивдик фонд жөнүндө» мыйзамы менен ылайык келтирүү сунушталып жаткандыгын белгиледи.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бул мыйзам долбоорун   бир добуштан жактыруу чечими кабыл алынды.
 
Ошентип, отурумдун жыйынтыгы боюнча ЧУА инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү чечишти:
1. Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда каралган 8 ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактырууну.
2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун кароону комиссиянын кийинки отурумуна калтырууну.
3. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун, 1995-жылдын 4-июлундагы  №  259 «Кесиптик-техникалык атайын окуу жайларынын Жобосун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун күчүн жоготту деп таанууну караган пункт менен толуктоону.
4. Юстиция министрлиги жактырылган ЧУА долбоорлорун  2013-жылдын 10-июнундагы  № 341 Өкмөттүн токтому менен бекитилген Өкмөттүн регламентинде белгиленген тартипте  министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу жол-жобосун өткөрүү жана Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна киргизүү  үчүн алардын компетенциясынын алкагында мамлекеттик органдарга жөнөтсүн.
5. Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N 591 КПҮ «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда, кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун жылдырууну, жогоруда көрсөтүлгөн Өкмөттүн регламентинин талаптарына ылайык  камсыздасын.
 
 
 
 
Комиссиянын төрагасы                                                                          Н. Таштанов
 
 
Комиссиянын катчысы                                                                          А. Курманбаева
 
 

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы