27 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Протокол заседания Межведомственной комиссии при Министерстве юстиции Кыргызской Республики по инвентаризации нормативных правовых актов Кыргызской Республики от 28 августа 2015 года


Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча
ведомстволор аралык комиссиянын
ПРОТОКОЛУ
 
Өткөрүлгөн күнү: 2015-жылдын 28-августу                                                     Бишкек ш.
Өткөрүлгөн орду: Юстиция министрлиги
 
Юстиция министрлигинен катышты:
Таштанов Н.А.                                                                     – Статс-катчынын м.а.
(Комиссиянын төрагасы);
 
Курманбаева А.М.                                                              – ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу
жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкармалыгынын начальниги (Комиссиянын катчысы).
 
Комиссия мүчөлөрү:
Баетов А.Б.                                                                          – Экономика министрлигинин
Укуктук колдоо, экспертиза жана кадр иштери башкармалыгынын башкы адиси – ыйгарым укуктуу кызмат адам;
 
Исакова Э.А.                                                                       – Ички иштер министрлигинин
укуктук камсыздоо жана эл аралык
кызматташтык башкармалыгынын
улук инспектору – ыйгарым
укуктуу кызмат адам ;
 
Керимбаев А.                                                                                  – Саламаттыкты сактоо
министрлигинин юридикалыкэ
секторунун адиси – ыйгарым
укуктуу кызмат адам;
 
Токсонбаев М.Э.                                                                 – Коргоо министрлигинин укуктук
камсыздоо башкармалыгынын
бөлүмүнүн  улук офицери –
ыйгарым укуктуу кызмат адам;
 
Өмүралиева Р.К.                                                                 – Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин укуктук
камсыздоо бөлүмүнүн начальниги –  ыйгарым укуктуу кызмат адам;
Жылдызбек уулу А.                                                            – Айыл-чарба жана мелиорация
министрлигинин укуктук
камсыздоо жана айыл-чарба
ишканаларын кайра уюштуруу
бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин
м.а. – ыйгарым укуктуу кызмат
адам;
Мамыркалиев Э.А.                                                             -Трнаспорт жана коммуникациялар
министрлигинин статс-
катчысынын м.а.;
 
Жунушалиев А.Ж.                                                              – Эмгек, жаштар жана миграция
министрлигинин статс-
катчысы;
 
Рыскулов Ш.                                                                       – Финансы министрлигинин
укуктук колдоо башкармалыгынын
укуктук экспертиза бөлүмүнүн
башчысы – ыйгарым укуктуу
кызмат адам;
 
Бекбоев А.З.                                                                        – Билим берүү жана илим
министринин орун басары;
 
Акматбаева М.                                                                    – Тышкы иштер министрлигинин
МПД экинчи катчысы – ыйгарым
укуктуу кызмат адам;
 
Нусупбеков А.К.                                                                 – Социалдык өнүктүрүү
министрлигинин укуктук
камсыздоо бөлүмүнүн башкы
адиси – ыйгарым укуктуу кызмат
адам;
 
Дүйшөнбиева А.К.                                                             – Маданият, маалымат жана туризм
министринин орун басары-
ыйгарым укуктуу кызмат адам;
 
Токтосунов М.Т.                                                                 – Мамлекеттик улуттук коопсуздук
комитетинин кызматкери –
ыйгарым укуктуу кызмат адам;
Мотукеев Б.Ж.                                                                     – Өкмөткө караштуу Дене тарбия
жана спорт мамлекеттик
агенттигинин директорунун
орун басары;
 
Шамшиев А.А                                                                     -Өкмөткө караштуу Финансы
рыногун жөнгө салуу жана
көзөмөлдөө мамлекеттик
кызматынын статс-катчысы;
 
Бульба А.А.                                                                         – Өкмөткө караштуу Жазаларды
аткаруу мамлекеттик кызматынын
УПОМС инспектору – ыйгарым
                                                                                              укуктуу кызмат адам ;
 
Ибраев Б.А.                                                                         – Өкмөткө караштуу Архитектура,
курулуш жана турак-жай
коммуналдык чарба мамлекеттик
агенттигинин Укуктук камсыздоо
жана ички контрол бөлүмүнүн
адиси – ыйгарым укуктуу
кызмат адам;
 
Думанаев М.А.                                                                    – Өкмөткө караштуу Баңгизаттарды
контролдоо боюнча мамлекеттик
кызматтын штабынын башкы
инспектору- ыйгарым укуктуу
кызмат адам;
 
Тороев Р.А.                                                                          – Социалдык фонддун
Юридикалык башкармалыгынын
ченемдик укуктук актыларды
экспертизадан өткөрүү секторунун
башчысы – ыйгарым укуктуу
кызмат адам;
 
Комиссияга тартылган мамлекеттик органдардан:
 
Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттик:
Ажибаев Ф.Б.                                                                      – Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн
башкы адиси;
 
Өкмөткө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы:
Келдибаев Ч.                                                                       – Укуктук камсыздоо
башкармалыгынын  жетектөөчү
адиси;
 
Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы:
Омокеев С.С.                                                                       – Укук башкармалыгынын укук
жана эл аралык келишимдер
бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
 
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
Кадыров Б.Ж.                                                                      – Укуктук башкармалыктын
инспектору;
 
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
Жороев И.Н.                                                                        – Укуктук жана апелляциялык
иштер башкармалыгынын улук
инспектору;
 
Өкмөткө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
Жаманкулов Д.                                                                    – Юридикалык сектордун башкы
адиси.
 
 
 
Комиссия мүчөлөрүнүн ичинен катышпаганы:
Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин Статс-катчысы Баетов Б.И.
 
Күн тартиби:
1. Күн тартибин бекитүү. Отурумдун иш тартибин талкуулоо.
2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо (баяндамачылар – Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Өкмөткө караштуу  милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду):
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору:
1. «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Финансы министрлиги);
2. «Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Финансы министрлиги);
3. «Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги);
4. «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги);
5. «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Өкмөткө караштуу  милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду);
6. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги);
7. КПҮ 2003-жылдын 22-октябрындагы № 676 «Кыргыз Республикасында маанилүү режимдик объекттерди жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги);
8. 1996-жылдын 19-июлундагы № 330  «Өзгөчө шарттарда тарбиялоого муктаж болгон балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын жалпы билим берүү мектептери жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» (баяндамачы – Юстиция министрлиги).
3. 2015-жылдын 21-июлундагы ченемдик укуктук  актыларды инвентаризациялоо боюнча  ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда ченемдик укуктук актылардын төмөнкү долбоорлору боюнча отчетторду сунуштоо:
1. «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (баяндамачы – Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги);
2. «Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (баяндамачы – Саламаттыкты сактоо министрлиги);
3. «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө»  Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (баяндамачы – Маданият, маалымат жана туризм министрлиги);
4. «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (баяндамачы – Саламаттыкты сактоо министрлиги);
5. «Транспорт жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (баяндамачы – Транспорт жана коммуникациялар министрлиги);
6. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоору (баяндамачы – Экономика министрлиги);
7. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N 591 КПҮ «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинде кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Өкмөттүн токтомунун долбоору (баяндамачы – Өкмөткө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы).
 
1. Күн тартибин бекитүү. Отурумдун иш тартибин талкуулоо.
Таштанов Н.А. – Комиссиянын төрагасы күн тартибине ылайык маселелерди талкуулоого өтүүнү сунуштады.
Комиссиянын төрагасы тарабынан күн тартиби боюнча эскертүүлөрдү жана сунуштоолорду киргизүү сунуш кылынды.
Юстиция министрлиги тарабынан Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттик  тарабынан демилгеленген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун Комиссиянын кароосуна киргизүү сунушталды.
Комиссия мүчөлөрү менен күн тартибине киргизилген сунуш жактырылды.
 
2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо (баяндамачылар – Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Өкмөткө караштуу  милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду).
1) «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
Мыйзам долбоору Финансы министрлигинин Укуктук колдоо башкармалыгынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы Рыскулов Ш.Д. тарабынан сунушталган. Атап айтканда Рыскулов Ш.Д. тарабынан төмөнкүлөр белгиленген.
«Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесине ылайык  50 пайыз өлчөмүндө аларды иштетүү орду боюнча айылдардын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттерине кенди колдонгондугу үчүн салыктын чегерүү ченемдери белгиленген. Ошондуктан  мыйзам долбоору менен мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүн «кенди пайдалангандыгы үчүн салык (роялти)» деген 2-1 пункт менен толуктоо сунушталууда.
Мындан тышкары 2012-жылдын 3-декабрындагы № 191 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык атайын каражаттарга салык жокко чыгарылган. Ошондуктан бул мыйзам долбоору менен  мыйзамдын 32-берененин 6-пунктун жана 33-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынган. 
2) «Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
Бул мыйзам долбоору Рыскулов Ш.Д. тарабынан сунушталган жана «Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ылайык мамлекеттик активдерди, ошондой эле ички жана тышкы карыздарын башкаруу жана аларга контрол жүргүзүү негизги функция катары Финансы министрлигинин казыналыгына бекитилген.
Муну менен бирге, 2001-жылдын 21-сентябрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган ага ылайык бул мыйзам карыз алуу, зайымдарды тартуу, өздөштүрүү жана тындырууда, мамлекет кепил болгон карыздарды кошуп алганда, мамлекеттик карыздарды башкаруу боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу процессинде келип чыккан мамилелерди жөнгө салат. Көрсөтүлгөн функцияны жүзөгө ашыруу макстаында  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмүндө – Мамлекеттик карызды башкаруу деген түзүмдүк бөлүм иштейт.  Анын негизги милдети болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу саналат.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору менен мамлекеттик карызды башкаруу боюнча «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» мыйзамынын жана «Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ортосундагы карама-каршылыкты алып салуу сунушталды.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды. 
 
3) «Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча.
Бул мыйзам долбоору боюнча ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси Шеркулова А. Баяндамасы менен чыгып сүйлөдү. Шеркулова А. Мыйзамдын бир катар беренелери «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына, ошондой эле эл аралык келишимдер  маселеси боюнча Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирилгендигин белгиледи.
11-берене жарандык кодекске жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (өкүлчүлүктөрдү)» мыйзамына ылайык келтирилүүдө.
23-берене Эмгек кодексине ылайык келтирилүүдө. Мыйзамдын 23-беренеси менен илимий ишкерлерди социалдык коргоо жөнүндө  жобо каралган. Мындай коргоолордун бири болуп  мамлекеттик мекемелерде иштеген докторлорго (профессорлорго), илимдин кандидаттарына 36-48 жумуш күн өлчөмүндөгү эмгек өргүүсүн берүү саналат. бирок эмгек кодексинин 117-беренеси ар жылы берилүүчү негизги эмгек өргүүсү 28 күнгө берилет деп бекитет. Ошону менен жогоруда аталган кодекстин 119-беренеси айрым категориядагы адамдар үчүн Акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүнү карайт, алардын ичине жумушчулардын тизмегине ылайык ишинин өзгөчө мүнөзү үчүн Акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү бекитилген. Ага илимий жумушчулар кирет. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору менен мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
23-берене да Турак-жай кодексине ылайык келтирилүүдө. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык: эл аралык илимий уюмдарды, борборлорду, убактылуу жамааттарды түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.  илимий уюмдардын ишине тартылган чет өлкөлүк инвестициялар бажы жыйымдарынан бошотулат.
Бажы кодексинин 220-беренеси бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуунун так учурларын бекиткен. Бирок чет элдик инвестициялар менен болгон учурлар Бажы кодексинин жогоруда аталган беренесинде каралган эмес. Ошондуктан мыйзамдын 47-беренесинин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацынын экинчи сүйлөмүнүн күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды. 
 
4) «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  мыйзам долбоору боюнча.
«Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  мыйзам долбоору Юстиция министрлиги менен иштелип чыккан жана Комиссия мүчөлөрүнө ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкармалыгынын башкы адиси Нурудинов Б. тарабынан сунушталган.
«Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө»  мыйзамдын жоболору Конституциянын 6-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине ылайык келтирилээрин Нурудинов Б. белгиледи.
Жогоруда аталган мыйзамдын 22-беренесинин 3-бөлүгү боюнча Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү шарттары менен тартиби, ошондой эле хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн жана каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеги ченемдик укуктук актынын белгилерин өзүнө камтыйт. Ошондуктан   Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү тартиби, ошондой эле хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмеги  ченемдик жаратуучу орган менен бекитилиши зарыл.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды. 
«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча.
Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоор Өкмөткө караштуу  милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Юридикалык секторунун башкы адиси Жаман7кулов Д. Менен комиссия мүчөлөрүнө сунушталган.
Жаманкулов Д. Сунушталган мыйзам долбоор бирдей юридикалык күчтөгү ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды, ички карама-каршылыктарды, укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюуга багытталган жана өзүнө редакциялык мүнөздөгү бир катар түзөтүүлөрдү кошот.
Мындан тышкары Жаманкулов Д. мыйзамдын 9-беренесинин 8-бөлүгү менен он алты жашка толо элек балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары үчүн – алар окуусун бүткөнгө чейин, бирок алар он сегиз жашка толгонго чейин гана), баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери үчүн – алар жыйырма бир жашка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдөн окугандардан башка) республикалык бюджеттин каражаттарынан жылына эсептик көрсөткүчтөрдүн 1,5 өлчөмүндө төлөнөт белгиленгендигин айтты.
Бирок «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесине  ылайык, мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жарандардын билим алуу укугун төмөндөгүдөй жолдор менен камсыз кылат:
эгерде билим берүүнүн ушул деңгээлин жаран биринчи жолу алып жатса, акысыз милдеттүү негизги жалпы, жалпыга жетимдүү акысыз орто жалпы, акысыз кесиптик башталгыч жана конкурстук негизде кесиптик орто, кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайдан кийин мамлекеттик кесиптик билим берүү уюмдарында мамлекеттик тапшырыктын жана билим берүү стандарттарынын чегинде билим алуу үчүн зарыл социалдык-экономикалык жана укуктук шарттарды түзүү. Окуп жаткандардын акысыз билим алуусу мамлекеттик билим берүү уюмдарын күтүүнү бюджеттен каржылоо, билим берүү уюмдарынын билим берүүчү кызматтарына бюджеттик каражаттардан акы төлөө, болбосо мамлекеттик билим берүү гранттарын берүү аркылуу ишке ашырылат.
Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоору менен мыйзамдын 9-беренесинин 7-бөлүгүнө жана 8-беренесинин 1-бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда, анткени милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери үчүн мамлекеттик бюджжеттин каражаттарынан төгүлөт.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекбоев А.З. мыйзамдын 9 жана 8-беренелеринен «сырттан же кечки бөлүмдөн окугандар» деген сөздөрдү алып салуу тууралуу терс позициясын айтты.
Финансы министрлигинин өкүлү Рыскулов Ш.Д. мыйзамдын 8-беренесинен ченемди алып салуу жөнүндө иштеп чыгуучунун сунушуна түшүндүрмө берди, ага ылайык   баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери жыйырма бир жашка чыкканчакты милдеттүү медициналык камсыздандырууга тийиш. Эгер 21 жаш баштапкы  куракты алып салсак анда мамлекет курагы 21 жаштан ашкан бардык окугандарды медициналык камсыздандыруу менен камсыздай албайт.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Исакова Э.А. милдеттүү медициналык камсыздандырууга тийиш адамдардын тизмесине  аз камсыз болгон үй бүлөлөрдөн чыккан  адамдарды кошуу маселесин кайра карап чыгууну сунуштады.
Комиссия мүчөлөрүнүн ойлорун угуп милдеттүү медициналык камсыздандырууга тийиш адамдардын тизмеси  жагында  мыйзам долбоорун жумушчу тартипте жеткире иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан Финансы министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен  биргеликте жеткире иштеп чыгууну эске алуу менен  бир добуштан бул мыйзам долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды. 
 
6) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору боюнча.
Бул Өкмөттүн токтомунун долбоору ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ташиева П. менен көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору мурда комиссиянын отурумунда каралган жана Эмгке миграция жана жаштар министрлигинин сунушун эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарылдыгы болгондуктан, анын чечими менен кийинки отурумга калтырылган.
Долбоор 1995-жылдын 4-июлундагы № 259 «Кесиптик-техникалык атайын окуу жайларынын Жобосун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун күчүн жоготту деп таанууну караган пункт менен толукталган.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан бул Өкмөттүн токтомунун  долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды. 
 
7) «КПҮ 2003-жылдын 22-октябрындагы № 676 «Кыргыз Республикасында маанилүү режимдик объекттерди жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору боюнча.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги Курманбаева А.М. комиссия мүчөлөрүнө «КПҮ 2003-жылдын 22-октябрындагы № 676 «Кыргыз Республикасында маанилүү режимдик объекттерди жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун тааныштырды.  Курманбаева А.М. бул долбоор Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын сунушу боюнча иштелип чыккандыгын белгиледи.
Жогоруда аталган Өкмөттүн токтомунун 2-пункту менен ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын бөлүмдөрүнүн коргоосуна келишимдик негизде өткөрүлүп берилүүгө тийиш объектилердин тизмеги бекитилген.
«Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» мыйзамынын 2-беренесинде стратегиялык объектилерге тийиштүү объектилер аталган, алар 2015-жылдын 12-февралындагы  № 56.
«Стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 12-пунктуна ылайык Объекттерди кайтаруу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана Улуттук гвардиянын атайын бөлүмдөрү, аскерлешкен жана мекемеден тышкаркы же мекемелик кайтаруунун күзөт бөлүкчөлөрү, жекече күзөт ишканалары жана башка күзөт түзүмдөрү тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Ушуга байланыштуу, «КПҮ 2003-жылдын 22-октябрындагы № 676 «Кыргыз Республикасында маанилүү режимдик объекттерди жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна 2-тиркемеде көрсөтүлгөн айрым объектилер стратегиялык объектилерге тиешелүү экендигин белгилеп кетүү керек, атап айтканда архивдер жана алардын сактагычтары, жылуулук жана гидроэлектр станциялар, бөлүштүрүүчү электр көмөк чордондор, энерготутумдар менен башкаруучу борбордук диспетчердик пункттар, суу менен жабдуу объектилери, суу  сактагычтар, мамлекеттик музей, эл аралык жана республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтери, мамлекеттик телеберүү жана радиоуктуруу объектилери, радиотелеберүүчү борборлор жана 2015-жылдын 17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» Өкмөттүн токтомунда чагылдырылган.
«КПҮ 2003-жылдын 22-октябрындагы № 676 «Кыргыз Республикасында маанилүү режимдик объекттерди жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 2-тиркемесиндеги объектилердин тизмеги көрсөтүлгөн тизмекте аталган органдарды да өзүнө камтыгандыктан, жогоруда белгиленген Өкмөттүн токтомунун көрсөтүлгөн тиркемесинин үчүнчү, сегизинчи, тогузунчу жана он биринчи абзацтарын күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан бул Өкмөттүн токтомунун  долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.
 
8) 1996-жылдын 19-июлундагы № 330  «Өзгөчө шарттарда тарбиялоого муктаж болгон балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын жалпы билим берүү мектептери жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору боюнча.
Бул долбоор Курманбаева А.М. тарабынан сунушталган. Атап айтканда өзгөчө шарттарда тарбиялоого муктаж болгон балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын жалпы билим берүү мектептери жөнүндө типтүү жобонун ченемдерин Балдар жөнүндө кодекс менен, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы менен ылайык келтирүү сунушталууда. Андан тышкары долбоор менен ички карама-каршылыктарды, ошондой эле бар болгон коррупциялык ченемдерди алып салуу сунушталууда.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекбоев А.З. 23-пункттун биринчи абзацындагы «Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык» деген сөздөрдү «мектептик билим  берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары менен» деп сунушталган сөздөрдүн ордуна «стандарттарга ылайык» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштады.
Ошондой эле Бекбоев А.З. 53-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен аныкталган» деген сөздөрдү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген» деп сунушталган сөздөрдүн ордуна «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштады.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан бул мыйзам долбоорун Билим берүү жана илим министрлигинин сунушун эске алуу менен жактыруу чечими кабыл алынды. 
 
9) «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору боюнча.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Ф.В. Ажибаев менен сунушталган, атап айтканда мыйзам долбоору менен 2015-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечими бар болгондуктан жогоруда белгиленген мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүн күчүн жоготуу деп таануу сунушталып жаткандыгы белгиленген, ага ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  112-беренесинин 1-бөлүгүнө, 52-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна 2-берененин 1,2 бөлүктөрүнө ылайык эмес деп таанылган, анткени азыркы мезгилде жергиликтүү кеӊештин депутатын кайра чакырып алуу механизми жок болгондуктан кайра чакырып алуу жол жобосун өз билемдик менен чакырып алуу коркунучун жаратат.
Ошондой эле долбоор менен  жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамында коррупциялык жоболорду алып салган түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Бул долбоор менен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда, атап айтканда «аткаруучу комитетке, аткаруучу комитеттин бөлүмдөрүнүн, башкармаларынын жана башка органдарынын жетекчилерине» деген сөздөрдү «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына» сөздөрүнө алмаштырууга.
Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 23-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүнө ылайык, жергиликтүү кеңеш аткарууга алган шайлоочулардын сунуш-талаптарын ишке ашырууну анын аткаруучу органдары же колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аткаруучу-тескөөчү мүнөздөгү, аларга жергиликтүү кеңеш тарабынан берилген милдеттерди жүзөгө ашырган башка органдар камсыз кылышат. Жергиликтүү кеңештин аткаруучу органы жок, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары бар.
Мыйзамдын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин депутаты, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясынын демилгеси боюнча жумуштан бошотулууга (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурларды кошпогондо), ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңеш менен, ал эми жергиликтүү кеңештин сессияларынын аралыгында – жергиликтүү кеңештин төрагасы менен алдын-ала макулдашуусуз жана мандат комиссиясынын, депутаттык ишмердик жана этика боюнча комиссиясынын корутундусуз тартиптик жаза иретинде төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулууга тийиш эмес. Бул ченем жумуш берүүчүнүн укугун чектеп Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-11-пункттарына жана 146-беренесинин 1-бөлүгүнө каршы турат анда жумуш берүүчү менен эмгек келишимин бузуу учурлары жана жергиликтүү кеӊештин депутатын тийиштүү негиздер боюнча жумуштан бошотуу түрүндө тартипке чакыруу жаза чарасын колдонуу каралган.
Юридикалык күчүнүн деңгээли боюнча кодекс мыйзамга караганда жогору турат. Ушуга байланыштуу  Мыйзамдын 25-беренесинин 1-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги Курманбаева А.М мыйзам долбооруна маалым кат негиздемени жергиликтүү кеӊештин депутаттарын кайра чакырып алуу маселесине тийиштүү маалымат  менен толуктоону сунуштады.
Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Токтосунов М.Т. мыйзам долбоордун 1-беренесинин 9-бөлүгүнүн бешинчи абзацында «мамлекеттик сырлар» сөзүнө алмаштырууну сунуштады.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан бул мыйзам долбоорун сунуштарды эске алуу менен жактыруу чечими кабыл алынды.
 
2. 2015-жылдын 21-июлунда ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда жактырылган төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча отчетторду сунуштоо:
1) «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча.
Эмгек миграция жана жаштар министрлигинин Статс-катчысы А.Ж. Жунушалиев мыйзам долбоору 2015-жылдын 21-июлундагы Комиссиянын отурумунда келип түшкөн сунуштарды жана эскертүулөрдү эске алуу менен жана 10.06.2013-жылдагы № 341 Өкмөттүн токтому менен бекитилген Өкмөттүн регламентинин 48-1 пунктунун талаптарына ылайык кайра иштелип чыккан, кызыкдар мамлекеттик органдар менен талкуулангандыгын, анын жыйынтыгы боюнча талкуулоонун протоколу түзүлгөндүгүн белгиледи.
Бүгүнкү күндө мыйзам долбоору коомдук талкуулоодон өтүүдө.
 
2) «Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору боюнча.
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан отчет көрсөтүлгөн эмес.
 
3) «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө»  Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору боюнча.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү А.К. Дүйшенбиева  мыйзам долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол жобосун өтүп жаткандыгын белгиледи.
 
4) «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору боюнча.
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан отчет көрсөтүлгөн эмес.
5) «Транспорт жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору боюнча.
Транспорт жана Коммуникациялар министрлиги тарабынан отчет көрсөтүлгөн эмес.
 
6) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоору боюнча.
Экономика министрлиги тарабынан отчет көрсөтүлгөн эмес.
 
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N 591 КПҮ «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда, кызматтык жеңил, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Өкмөттүн токтомунун долбоору боюнча
Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Бульба А.А. токтом долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол жобосун өтүп жаткандыгын белгиледи.
 
Ошентип, ЧУА инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү отурумдун жыйынтыгы боюнча чечишти:
1. Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунда каралган 9 ченемдик укуктук актылардын долбоору жактырылсын.
2. Юстиция министрлиги 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 Өкмөттүн токтому менен бекитилген Өкмөттүн регламенти менен белгиленген тартипте министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу жол-жобосун өткөрүү үчүн алардын компетенцияларынын алкагында мамлекеттик органдарга жактырылган ЧУА долбоорлорун жөнөтсүн.
 
Комиссиянын төрагасы Таштанов Н.А. тапшырды:
1. Мамлекеттик органдарга мыйзамдардагы боштуктарды толтуруу жана коррупциялык ченемдерди, коллизияларды жоюуну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун комиссиянын кийинки отурумуна киргизсин. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жок болгон учурда  инвентаризациясы өткөрүлгөн ченемдик укуктук актылардын толук тизмесин көрсөтүү менен юстиция министрлигин бул жөнүндө маалымдасын.
2. Саламаттыкты сактоо министрлиги, Транспорт жана Коммуникациялар министрлиги жана Экономика министрлиги бир жуманын ичинде күн тартибинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча отчётту сунуштасын.
3. Бүгүнкү отурумда жактырылган  Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жылдыруу милдети жүктөлгөн мамлекеттик органдар Комиссиянын кийинки отурумуна отчётторду көрсөтсүн.
 
 
Комиссиянын төрагасы                                                                          Н. Таштанов
 
 
Комиссиянын катчысы                                                                          А.Курманбаева
 
 
 
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы