Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 1-апрелиндеги
№ 154 токтомуна) Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишинин укуктук жана уюштуруучулук маселелерин жөнгө салат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Комиссиянын максаттары, милдеттери жана укуктары
3. Комиссия Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык укук жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга байланышкан маселелерди кароо максатында түзүлдү.
4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык гуманитардык укук жаатындагы конвенциялар менен келишимдердин жоболоруна ылайык келтирүүгө жардамдашуу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерине ылайык келүүсүн иликтөө жана баалоо;
3) Кыргыз Республикасында эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча сунуштарды даярдоо;
4) Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык укук жаатындагы эл аралык келишимдеринин, ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору боюнча консультациялык корутундуларды кароо жана даярдоо;
5) мамлекеттик башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасында эл аралык гуманитардык укук ченемдерин имплементациялоого багытталган иш-аракетин координациялоо;
6) эл аралык гуманитардык укук жөнүндө билимдерди жайылтууга көмөктөшүү жана эл аралык гуманитардык укуктун өнүгүүсү жөнүндө маалымат жыйноо;
7) Комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарууну контролдоо;
8) Эл аралык Кызыл Крест комитети, эл аралык гуманитардык укук жаатында иш жүргүзгөн башка эл аралык уюмдар менен өз ара байланышты, маалымат алмаштырууну уюштуруу.
5. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык укук жаатындагы эл аралык-укуктук милдеттенмелерин ишке ашыруунун негизги багыттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
2) мамлекеттик органдарга алардын компетенцияларынын чегинде эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин колдонуу маселелери боюнча сунуштарды даярдоону тапшырууга;
3) өзүнүн жыйындарында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн эл аралык гуманитардык укуктук ченемдерин Кыргыз Республикасында имплементациялоо маселеси боюнча угууга;
4) Комиссиянын ишине башка кызыкдар мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле илимий чөйрөнүн, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга;
5) Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык укук жаатындагы мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун экспертизалоо жана даярдоо үчүн жумушчу топторду, эксперттик комиссияларды түзүүгө;
6) мамлекеттик органдардан Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча материалдарды алууга;
7) Комиссиянын алдында турган максаттарга жетишүүгө зарыл болгон башка иштерди жүргүзүүгө.
3. Комиссиянын курамы.
Комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары, мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6. Комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
1) юстиция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, Комиссиянын төрагасы;
2) юстиция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын катчысы;
3) тышкы саясатты ишке ашыруу, саламаттык сактоо, ички иштер, экология, өзгөчө кырдаалдар, коргоо, билим берүү, маданият, эмгек жана социалдык өнүктүрүү, мамлекеттик чек араны кайтаруу, миграция, улуттук коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым ай коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча), Комиссиянын мүчөлөрү.
Комиссиянын жеке курамы юстиция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) буйругу менен бекитилет.
7. Комиссиянын ишине жетекчиликти төрага жүргүзөт.
Комиссиянын төрагасы:
1) Комиссиянын жыйындарын башкарат;
2) Комиссиянын жыйындарынын күн тартибин белгилейт;
3) башка мамлекеттердин тийиштүү органдары жана эл аралык гуманитардык укук жаатында иш жүргүзгөн эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Комиссиянын атынан чыгат;
4) Комиссиянын ишин, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону камсыздайт;
5) Комиссиянын ишин жетектөө боюнча башка милдеттерди аткарат.
8. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык гуманитардык укук жаатындагы эл аралык укуктук милдеттенмелерин аткаруунун негизги багыттарына тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизүүгө;
2) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди имплементациялоонун чегинде мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) Комиссиянын жыйынынын күн тартиби жана жүргүзүү тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө;
4) Комиссиянын жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулоого катышууга, жыйында талкууланып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) талкууланып жаткан маселелер боюнча добуш берүүгө катышууга;
6) Комиссиянын кезексиз жыйындарын чакыруу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
7) Комиссиянын жыйынынын протоколу менен таанышууга.
9. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Комиссиянын жыйынына катышууга;
2) Комиссиянын жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча материалдарды даярдоого;
3) жыл сайын, өтүп жаткан жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен Комиссиянын кийинки жылга Иш планына сунуштарды киргизүүгө. Мында, киргизилүүчү сунуштар жетекчилик менен макулдашылышы жана Комиссиянын мүчөсү тараптагы мамлекеттик органдын же уюмдун расмий каты менен Комиссияга жиберилиши керек;
4) улуттук мыйзамдарга эл аралык келишимдердин ченемдерин имплементациялоого багытталган, анын ичинде Комиссиянын бекитилүүчү планына ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Комиссиянын кароосуна киргизүүгө;
5) Комиссиянын Иш планынан жана Комиссиянын чечимдеринен келип чыккан иш-чаралардын өз убагында аткарылышын камсыз кылууга.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу
10. Комиссия өз ишин ушул Жобого жана өзү бекитүүчү жылдык пландарга жараша жүргүзөт.
11. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
12. Комиссия чечимди жыйынга Комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышканда кабыл алууга укуктуу.
Комиссиянын чечими катышып жаткан Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, бирок каралып жаткан маселе боюнча Комиссиянын кызыкдар мүчөлөрүнүн болушу зарыл. Алар катышпаган учурда бул маселе күн тартибинен алынып, Комиссиянын кийинки жыйынына которулат.
Комиссиянын чечимдери тийиштүү органдарга Комиссиянын жыйындарынын протоколунун көчүрмөсү түрүндө жиберилет.
13. Комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун ыйгарым укуктуу орган жыйынга чейин жети күн мурдатан даярдайт жана тиешелүү материалдар менен Комиссиянын төрагасына киргизет.
Комиссиянын төрагасы тарабынан жактырылган жыйындын күн тартибинин долбоору жана тиешелүү материалдар Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын болуучу күнгө чейин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жиберилет. Комиссиянын жыйынынын күн тартиби Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен жыйындын өзүндө бекитилет. Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча күн тартибине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
14. Комиссиянын протоколу менен жактырылган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыккан мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилет.
15. Эгерде Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер менен Комиссиянын жыйынына катыша албаса, ал өкүлү болуп саналган тиешелүү мамлекеттик орган же уюм ыйгарым укуктуу органга ал жөнүндө мурдатан маалымдап жана жыйынга башка кызматкерди жиберүүгө милдеттүү, ага Комиссиянын мүчөсүнүн атынан добуш берүүгө белгиленген тартипте укук берилет.
16. Эгерде Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себепсиз Комиссиянын жыйынында жок болсо, ошондой эле Комиссиянын Иш планын жана чечимдерин аткарбаса Комиссиянын төрагасы ал жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органга же уюмга тиешелүү чара көрүү үчүн кат жиберүүгө укуктуу.
17. Комиссиянын мүчөлөрү иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилери менен макулдашылган позицияларын билдирүүгө тийиш.
18. Комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет.
19. Протоколду катчы жазат жана Комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коёт.
20. Комиссиянын ишине эл аралык гуманитардык укук жаатындагы иштерди жүргүзгөн кызыкдар органдардын, Эл аралык Кызыл Крест комитетинин жана башка эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий чөйрөнүн өкүлдөрү кеңеш берүү укугу менен катыша алышат.
21. Ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын секретариатынын ишин аткарат жана Комиссиянын ишине зарыл болгон уюштуруу-методикалык жана техникалык камсыздоону Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым ай коому (макулдашуу боюнча) жана Эл аралык Кызыл Крест комитети (макулдашуу боюнча) менен бирдикте жүргүзөт.
22. Комиссиянын ишин уюштуруу максатында ыйгарым укуктуу орган (секретариат) төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) эл аралык гуманитардык укук жаатындагы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун укуктук экспертизалоо;
2) Комиссиянын чечимдерин аткарууну уюштуруу боюнча документтердин долбоорлорун даярдоо;
3) Комиссиянын боло турган жыйындарынын болжолдуу күн тартибин; Мамлекеттик органдардан жана уюмдардан келип түшкөн кошумча маселелерди комиссиянын жыйынынын күн тартибине киргизүү жөнүндө сунуштарды; Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Комиссиянын мүчөлөрүнө жөнөтүү;
4) Комиссиянын тапшырмалары боюнча макулдашуу үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун тиешелүү органдарга же уюмдарга жөнөтүү;
5) эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын имплементациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
23. Ыйгарым укуктуу орган өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Комиссиянын ишин, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө;
2) ыйгарым укуктуу органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан жана уюмдардан зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Комиссиянын ишин өркүндөтүү үчүн сунуштарды киргизүүгө;
4) Комиссиянын тапшырмаларында каралган башка ыйгарым укуктарды аткарууга.
24. Ушул Жобонун талаптары аткарылбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Комиссиянын мүчөлөрү жеке жоопкерчилик тартышат.