Катышуучулар:
- Курманбаева А. М. Юстиция министрлигинин ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана экспертизадан откоруу боюнча
Башкы башкармалыгынын ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу болумунун башчысы, комиссиянын Координатору
- Кулманбетов С. Б. Коргоо министрлигинин өкүлү
- Раимов У. Б. Өкмөткө караштуу айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо Мамлекеттик агентствосунун экологиялык стратегия, саясат жана пресс-кызматы Башкармалыгынын башкы адиси
- Жигитова Ж. Б. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү
- Толонов М. Т. Билим берүү жана илим министрлигинин УПГКС жетектөөчу адиси
- Исакова Э. А. Ички иштер министрлигинин УПОМС уулу инспектору
- Орозалиева Г. Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу минитрлигинин эл аралык бөлүмүнүн башкаруучусу
- Бейшекеев Э. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү
Чакырылгандар:
- Мурзаева А. Кызыл Крест Эл аралык комитетинин өкүлү
Ошондой эле:
- Элгондиев Н. Юстиция министрлигинин ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү Башкармалыгынын башкы адиси
Күн тартиби:
- ENMOD Конвенциясына кошулуунун жүрүшү илгерилетүү (докладчы – ГАООСиЛХ).
- Кыргыз Республикасынын Уголовдук кодексиндеги аскердик кылмыштар бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Мыйзамдын долбоорун жылдыруу (докладчы – Коргоо министрлиги).
- 2012-жылдын 24-декабрындагы Юстиция министрлигине караштуу эл аралык гуманитардын укукту боюнча ведомоство аралык Комиссиянын чогулушунун протоколу менен бекиген 2013-жылдын эл аралык гуманитардын укугунун нормаларын имплементациялоо боюнча иш-чараларынын Планындагы иш-чараларын аткаруу жөнүндө мамлекеттик органдардын отчету.
- Ар түрдүү.
А. Курманбаева Эл аралык гуманитардык укугунун нормаларын имплементациялоо боюнча ведомоство аралык комиссиясынын мүчөлөрү менен саламдашып. Комиссиянын төрайымы Ч. Мамидинова нын катыша албастыгын билдирип, чогулушту баштады.
Буга байланыштуу А. Курманбаева тарабынан Комиссиянын мүчөлөрүнөн чогулушту өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бардыгын сурады.
Комиссияда эч кандай каршылык жок болгондуктан, күн тартибин талкуулоого өтүштү.
Күн тартибинин 1- пункту ( ENMOD Конвенциясына кошулуунун жүрүшү илгерилетүү (докладчы – ГАООСиЛХ).
Өкмөткө караштуу айлана–чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенствосунун өкүлү У. Раимов мурун Өкмөт Аппаратында «1976-жылдын 10-декабрында Женевада кол коюлган жаратылыш чөйрөсүнө аскердик же башка куралдуу каражаттарынын колдонууга тыюу салуу жөнүндө Конвенциясында Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» Мыйзам=-0 долбоору менен бирге 2013-жылдын 10-июнунда № 341 Өкмөттүн токтому менен бекитилген Өкмоттүн Регламентинде көрсотүлгөн сын-пикирлер эсепке алынып, документтердин топтому иштелип чыккан жана тартиби менен кайра жөнөтүлгөндүгүн билдирди.
Бирок, Өкмөттүн Аппараты бул долбоор Конституциялык палатынын корутундусу жок болгондуктан экинчи жолу кайра кайратылды.
Ушуну менен бирге, У. Раимов азыркы күнү Өкмөткө караштуу айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агентствосунун жетеги менен 1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган жаратылыш чөйрөсүн аскердик жана куралдуу каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө» Конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушунун илгерилетүү жөнүндө» маселе коюлган.
Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин өкүлү А. Мурзаева Кыргыз Республикасы айтылган Конвенцияга кошулуу зарылчылыгы жөнүндө жана Өкмөткө караштуу айлана чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо Мамлекеттик агентствосунун иштеп чыккан мыйзам долбоорун андан ары жылдыруу керектигин, ошондой эле бул кошулуу жана милдеттерди аткаруу өзүнүн жакшы жагын жана эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын рейтингин көтөрөөрүн айтты.
Ушуну менен бирге А. Курманбаева Өкмөт Аппаратынан түшкөн сын-пикир «Кыргыз Респрубликасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө» Мыйзамдын 68-беренесинин талаптарына багытталгандыгын Эл аралык келишимди ратификациялоо жана денонсациялоо жөнүндө» Мыйзамидын долбоорун жана Жогорку соттун Конституциялык паласынын эл аралык келишимди конституцияга ылайыктоо жөнүндө Корутундусун белгилүү тартипте Өкмөт тарабынан киргизилээрин белгиледи.
Ошондой эле А. Курманбаева У. Раимовду Өкмөткө караштуу айлана чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо Мамлекеттик агентствосунун иштеп чыккан Мыйзам долбоорун алдыга жылдыруу боюнча Өкмөттүн Аппаратындагы аткаруучу менен тыгыз байланышта болуп алардын колдоосуна аракеттенүүсүн билдирди.
Күн тартибинин 2-пункту боюнча (Кыргыз Республикасынын Уголовдук кодексиндеги аскердик кылмыштар бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Мыйзамдын долбоорун жылдыруу (докладчы – Коргоо министрлиги).
Коргоо министрлигинин өкүлү Л. Чымырбаева мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн уголовдук мыйзамдарда киргизилип жаткан аскердик кылмыштарды жасагандыгына жоопкерчилик бөлүгүнө оӊдоолорду кигизүү иштелип чыгууда.
Ушуну менен бирге, ушул пункту ишке ашырууга жооптуу аткаруучу Кулманбетов С. Б., азыркы учурда кызматтык милдетине байланыштуу Комиссиянын чогулушуна катыша албай калды.
А. Мурзаева уголовдук мыйзамдарга оӊдоолорду киргизүү боюнча мыйзамдын долбоорун Коргоо министрлиги менен Эл аралык Кызыл Крест комитети менен бирдиктүү иштешип жаткандыгын билдирди.
Ошондой эле А. Мурзаева жакында кайраиштелип чыккан долбоор Комиссия мүчөлөрүнүн алгачкы кароосуна берилет.
Күн тартибинин 3-пункту боюнча (2012-жылдын 24-декабрындагы Юстиция министрлигине караштуу эл аралык гуманитардын укукту боюнча ведомоство аралык Комиссиянын чогулушунун протоколу менен бекиген 2013-жылдын эл аралык гуманитардын укугунун нормаларын имплементациялоо боюнча иш-чараларынын Планындагы иш-чараларын аткаруу жөнүндө мамлекеттик органдардын отчету.)
Пландын 1 жана 2 пунктары боюнча ГАООСЛХ өкүлү жогорудагы маалыматты билдирет.
Пландын 3-пункту боюнча (1954-жылдын 14-майындагы Гаагада кол коюлган Куралдуу кагылышуу учурда маданий баалуулуктарды коргоо жөнүндө Конвенциянын нормаларын имплементациялоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу ( Кыргыз Республикасы 1995-жылдын 10-июнундагы П № 94-1 КР Жогорку Кеӊешинин токтому жана 1995-жылдын 8-июнундагы № 121-1 Жогорку Кеӊештин токтому менен кошулган) улуттук мыйзамдарда иштеп чыгуу жана зарыл болгон учурларда Өкмөттүн Аппаратында нормативдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун киргизүү) маданият жана туризм жана маалымат министрлигинин өкүлү- жооптуу аткаруучу жок болгондуттан эч кандай билдирүү болбой калды.
Пландын 4-пункту күн тартибинин 2-пунктунда каралды.
Пландын 6 жана 7 –пункттарында ( 1948-жылдын 9-декабрында Нью.-Йорк шаарында геноцид кылмышы жана анын жазасын эскертүү жөнүндө Конвенцияны талдоо жүргүзүү (1996-жылдын 26-июлундагы № 49 КР Мыйзамы менен Кыргыз Республикасы кошулган) К Р улуттук мыйзамдарында анын нормаларын имплементациялоо предмети жана 1973-жылдын 30-ноябрындагы Нью-Йоркто кабыл алынган апартеида кылмышы жана анын жазасы жөнүндө Конвенцияга талдоо жүргүзүү (Кыргыз Республикасы 1996-жылдын 26-июлундагы № 50 КР Мыйзамы менен) КРулуттук мыйзамына анын нормаларын имплементациялоо предмети) бул боюнча жооптуу аткаруучу Э. Бейшекеев тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы боюнча (улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин түзүмдүк бөлүктөрүнө тийиштүү бул маселелерди иштеп чыгуу) ушул Конвенциянын нормаларын имплементациялоо мезгилсиздиги УКМК жетекчилиги тарбынан чечим чыккандыгын белгиледи.
А. Курманбаеава жүргүзүлгөн иштер боюнча жазуу жүзүндө көрсотүүлөрү зарыл экенин билдирди.
Пландын 8-пункту (1949-жылдын 12-августунда Женева Конвенциясына кошумча протоколуна кошулуу маселеси боюнча 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча өзгөчөлөнгөн эмблемасын (III Протоколу) кабыл алуусуна тийиштүү сунуштарды карап киргизүү) Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү – жооптуу аткаруучусу жоктугуна байланыштуу эч кандай маалымат болгон жок.
Пландын 9- пункту боюнча (эл аралык гуманитардык укук жөнүндө маданий-агартуучу иш-чараларды өткөрүү – аткаруучусуКызыл Жарым Ай улуттук коому) маалымат жок.
Пландын 10-пункту (Улуттук мыйзамдарга эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын имплементациялоо маселеси боюнча Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомоство аралык Комиссиясынын мүчөлөрү үчүн семинар өткөрүү ) А. Мурзаева 2013-жылдын 4-июлундагы «Холидей Инн» отелинде, Бишкек шаарында Юстиция министрлиги менен бирге Комиссиянын мүчөлөрү үчүн профессордук-окутуучулардын курамынын катышуусу менен « Эл аралык гуманитардык укуктун негизи жана аны имплементациялоодо мамлекеттин орду» деген темада тренинг өттү.
Пландын 12-пункту (башка өлкөлөрдүн эл аралык гуманитардык укук боюнча ведомоство аралык комиссиясынын улуттук мыйзамдарында эл аралык гуманитардык укутарын имплементацияло боюнча чаралары жөнүндө тажрыйбасы жана маалыматты менен алмашуу).
А. Мурзаева тарбынан 2012-жылы Комиссия мүчөлөрү Беларусь Республикасынан маалымат алуу үчүн Минск шаарына барууга мүмкүнчүлүк алышты.
Ошондой эле Астана шаарына Комиссиянын кээ бир мүчөлөрүнүн баруусу уюштурулууда.
Ушуну менен бирге 2013-жылга Кыргызстан Беларусь Республикасына имплементация боюнча Комиссиянын мүчөлөрүн жиберүү пландаштырылууда.
Бирок 2013-жылдын айтылган пунктун ишке ашырууда азыркы учурда болуп жаткан саясий себептерден мүмкүнчүлүк болбой жатканын билдирди.
Пландын 13-пункту боюнча (Өкмөттүн Аппаратында комиссиянын ишмердүүлүгү жөнүндө жөнөтүлгөн отчеттордо Комиссиянын ишмердүүлүгүн басмаларда, газеталарда макалаларды жарыялоо жолу мене ниш-чараларды өткөрүү), А. Курманбаева Комиссиянын ишмердүүлүгү жөнүндө Юстиция министрлигитарабынан макала жазылганын билдирди.Бул макала «Эркин Тоо» газетасында октябрь айында жарыяга берилээри белгиленүудө.
Ошондой эле А. Курманбаева мурда сүйлөшүү боюнча Тышкы иштер министрлиги азыркы учурда Комиссиянын ишине илимий потенциал берүү үчүн зарыл материалдар берилген эместигин белгиледи.
Ушул эле учурда, Жаштар ,эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин өкүлү Г. Орозалиева тарабынан Комиссиянын ишмердүүлдүгүн жарыялоо максатында Комиссия жылдык отчет жазып, ьаны жарыялаш керек.
А. Курманбаева Юстиция министрлиги тийиштүү отчетту даярдайт жана Комиссиянын мүчөлөрүнүн алгачкы кароосмуна жиберилээрин белгиледи.
Чогулуштун жыйнтыгы менен Комиссиянын мүчөлөрү чечти:
- Женева шаарында 1976-жылдын 10-декабрында кол коюлган жаратылыш чөйрөсүнө аскердик же башка Куралдуу каражаттарды колдонуунун таасирине тыюу салуу жөнүндө Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча тийиштүү ишти Өкмөткө караштуу айлана- чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо Мамлекеттик агентствосу жүргүзөт.
- Коргоо министрлиги МККК менен бирге аскердик кылмышты жасагандыгы боюнча уголовдук жоопкерчиликти аныктоого мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу боюнча ишти күчөтүлгөн.
- Э. Бейшекеев Юстиция министрлигинин дарегине К Р Улуттук мыйзамдарына 1948-жылдын 9-декабрындагы Нью-Йорк шаарында геноцид кылмышы жана жазаны эскертүү жөнүндө Конвенциянын нормаларын имплементациялоонун максаттуу предметине талдоо жүргүзүү (КР 1996-жылдын 26-июлунда №49 КР Мыйзамы менен кошулган) жана 1973-жылдын 30-ноябрындагы Нью-Йорк шаарында кабыл алынган апартеид кылмышына тыюу салуу жана жаза колдонуу жөнүндө Конвенция (1996-жылдын 26-июлундагы № 50 КР Мыйзамы менен кошулган) жэиберилсин.
- Н. Алиева дайындалат:
- ККомиссиянын ишмердүүлүгү жөнүндө даярдалган макаланы Комиссиянын мүчөлөрүнүн электрондук дарегине жиберилиши жана Юстиция министрлигинин расмий сайтына киргизилсин.
- Комиссиянын ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык отчет даярдалсын жана аны Комиссия мүчөлөрүнүн электрондук дарегине жиберип, алардын алгачкы кароосуна жиберилсин.
Комиссиянын төрайымы А. Курманбаева
Комиссиянын катчысынын м.а. Н. Элгондиев