Катышкандар:
Комиссиянын мүчөлөрү:
1.Майкозов К. Юстиция министрлигинин статс-
катчысынын милдетин аткаруучусу, комиссиянын төрагасы;
2. Кыдыралиев К. Коргоо министрлигинин өкүлү;
3. Раимов У. Б. Өкмөткө караштуу курчап турган
чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы;
Мамлекеттик агентствосунун өкүлү;
4. Худайбергенов С. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү;
5 Худайбергенов Д. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү;
6. Мамбетаипова Ч. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү
7. Усубалиева Б. Кызыл жарым ай улуттук коомунун
өкүлү;
Чакырылгандар:
11. Мурзаева А. Эл Аралык Кызыл Крест Комитетинин
өкүлү;
Ошондой эле:
12. Кодуранова А. Юстиция министрлигинин архиви жана мүлккө болгон укукту, калкты каттоо
чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча бөлүмдүн башчысы.
13. Эгенбердиева К. Юстиция министрлигинин ЧУА
долбоорлорун иштеп чыгуу жана
мыйзам долбоорлорун экспертизадан
өткөрүү башкармалыгынын жетектөөчү
адисинин м.а.
Күн тартиби
1. “1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башкача кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзам долбоорунда белгиленген тартипте макулдашылган Өкмөттүн Аппаратына жөнөтүү.(2014-жылга иш чаралар планынын 1-пункту, баяндамачылар – Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Тышкы иштер министрлиги);
2. 1954-жылдын 14-майында Гаагада кол коюлган куралдуу кагылышуу учрунда маданият баалуулуктарын коргоо жөнүндө Конвенциянын ченемдерин улуттук мыйзамдарга имплементациялоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу (КР Жогорку Кеӊештин МЧ 1995-жылдын 8-июнундагы 3 № 121-1 жана Жогорку Кеӊештин ЭӨЖ 1995-жылдын 10-июнундагы токтому менен кошулган) (зарыл болгон учурда Өкмөттүн Аппаратына тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүү жана иштеп чыгуу) (2014-жылга иш чар планынын 2-пункту, баяндамачы – Туризм жана маданият министрлиги);
3. Согуш кылмыштарын жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти бекитүү жагы боюнча кылмыш жаза мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна коомдук талкуу жүргүзүү жана иштеп чыгуу.
Талдоо: 1) 1977-жылдын 8-июнундагы эл аралык куралчан кагылышуулардын курмандыктарын коргоого тиешелүү 1949-жылдын 12-августундагы Женева Конвенциясына 1 жан 2 кошумча протоколдорун (КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 86 мыйзамы менен ратификацияланган;
2) 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларын;
- азыркы аскердеги оорулуулардын жана жарадар болгондордун тагдырын жакшыртуу тууралуу ;
- деӊиздеги куралдуу күчтөрдүн курамынан кеменин кыйрашына учураган адамдардын, жарат алгандардын, жана оорулуулардын тагдырын жакшыртуу тууралуу;
- согуш туткундарына мамиле тууралуу;
- согуш маалында жарандык калкты коргоо жөнүндө (КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 86 мыйзамы менен ратификацияланган) (2014-жылга иш чара планынын 3-пункту, баяндамачылар – Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги);
4. 1948-жылдын 9-декабрындагы Нью-Йорк ш. Элдерди кырып-жоюу кылмышынын алдын алуу жана ал кылмыш үчүн жазалоо жөнүндө Конвенцияга аны Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын ченемдерине имплементациялоо предметине талдоо жүргүзүү (КР 1996-жылдын 26-июлундагы № 49 Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен кошулган) (2014-жылга иш чара планынын 5-пункту, баяндамачы – Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Мамлекеттик чек ара кызматы, Коргоо министрлиги);
5. 1973-жылдын 30-ноябрындагы Нью-Йорк ш. Апартеид кылмышын болтурбоо жана ал үчүн жазалоо жөнүндө Конвенцияга аны Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын ченемдерине имплементациялоо предметине талдоо жүргүзүү (КР 1996-жылдын 26-июлундагы № 50 Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен кошулган) (2014-жылга иш чара планынын 6-пункту, баяндамачы – Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Мамлекеттик чек ара кызматы, Коргоо министрлиги);
6. 2005-жылдын 8-декабрындагы (3-протокол) кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алууга тиешелүү 1949-жылдын 12-августундагы Женева Конвенцияларынын кошумча протоколуна кошулуу маселелери боюнча сунуштарды киргизүү жана изилдөө (2014-жылга иш чара планынын 7-пункту, баяндамачы – саламаттыкты сактоо министрлиги).
Эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө саламдашып, Майкозов К., дароо күн тартибинин маселелерине өттү.
Күн тартибинин биринчи пункту боюнча (“1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башкача кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзам долбоорунда белгиленген тартипте макулдашылган Өкмөттүн Аппаратына жөнөтүү. (2014-жылга иш чаралар планынын 1-пункту, баяндамачылар – Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Тышкы иштер министрлиги);
Раимов У. жогоруда көрсөтүлгөн пункттун аткарылгагандыгын билдирди, анткени 2014-жылдын 23-июнунуда № 351 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынган, Мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жөнөтүлгөн.
Күн тартиптин 4-5-пункту боюнча Мурзаева А. Бул конвенциялар комиссиянын өткөн отурумдарында талкууланганын эскертти. Ушуга байланыштуу, Конвенциялар эл аралык гуманитардык укуктун чөйрөсүнө тиешеси жок болгондуктан, Комиссия бул пункттарды иш чара планынан алып салууну сунуштаган, бирок алып салуу жөнүндөгү маселе ачык бойдон калган. (1948-жылдын 9-декабрындагы Нью-Йорк ш. Элдерди кырып-жоюу кылмышынын алдын алуу жана ал кылмыш үчүн жазалоо жөнүндө Конвенцияга аны Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын ченемдерине имплементациялоо предметине талдоо жүргүзүү (КР 1996-жылдын 26-июлундагы № 49 Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен кошулган) (2014-жылга иш чара планынын 5-пункту, баяндамачы – Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Мамлекеттик чек ара кызматы, Коргоо министрлиги), (1973-жылдын 30-ноябрындагы Нью-Йорк ш. Апартеид кылмышын болтурбоо жана ал үчүн жазалоо жөнүндө Конвенцияга аны Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын ченемдерине имплементациялоо предметине талдоо жүргүзүү (КР 1996-жылдын 26-июлундагы № 50 Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен кошулган) (2014-жылга иш чара планынын 6-пункту, баяндамачы – Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Мамлекеттик чек ара кызматы, Коргоо министрлиги);
Ошондой эле, УКМКнын өкүлү бүгүнкү комиссиянын отурумуна ктышууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, ал Юстиция министрлигинин дарегине жогоруда айтылган конвенцяга тиешелүү позициясы жөнүндө расмий катын жөнөткөн. Ошондуктан УКМКнын пикирин эске алуу менен комиссия тарабынан бул пункттарды алып салуу чечими кабыл алынган.
Күн тартибинин экинчи пункту боюнча (1954-жылдын 14-майында Гаагада кол коюлган куралдуу кагылышуу учрунда маданият баалуулуктарын коргоо жөнүндө Конвенциянын ченемдерин улуттук мыйзамдарга имплементациялоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу (КР Жогорку Кеӊештин МЧ 1995-жылдын 8-июнундагы 3 № 121-1 жана Жогорку Кеӊештин ЭӨЖ 1995-жылдын 10-июнундагы токтому менен кошулган) (зарыл болгон учурда Өкмөттүн Аппаратына тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүү жана иштеп чыгуу) (2014-жылга иш чар планынын 2-пункту, баяндамачы – Туризм жана маданият министрлиги) Туризм жана маданият министрлигинин өкүлү жок болгондуктан, маалымат сунушталган эмес.
Бул боюнча Майкозов К. юстиция министрлиги менен өткөрүлгөн отурумдарды, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү бир нече ирет тоготпогондугу жөнүндө ушул комиссияда кызматкерлери мүчөлүктө турган Мамлекеттик органдарга расмий кат жөнөтүү зарыл экендигин белгиледи.
Күн тартиптин 3-пункту боюнча (Согуш кылмыштарын жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти бекитүү жагы боюнча кылмыш жаза мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна коомдук талкуу жүргүзүү жана иштеп чыгуу.
Талдоо: 1) 1977-жылдын 8-июнундагы эл аралык куралчан кагылышуулардын курмандыктарын коргоого тиешелүү 1949-жылдын 12-августундагы Женева Конвенциясына 1 жан 2 кошумча протоколдорун (КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 86 мыйзамы менен ратификацияланган;
2) 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларын;
- азыркы аскердеги оорулуулардын жана жарадар болгондордун тагдырын жакшыртуу тууралуу ;
- деӊиздеги куралдуу күчтөрдүн курамынан кеменин кыйрашына учураган адамдардын, жарат алгандардын, жана оорулуулардын тагдырын жакшыртуу тууралуу;
- согуш туткундарына мамиле тууралуу;
- согуш маалында жарандык калкты коргоо жөнүндө (КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 86 мыйзамы менен ратификацияланган) (2014-жылга иш чара планынын 3-пункту, баяндамачылар – Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги);
Коргоо министрлигинин өкүлү мындан ары көрсөтүлгөн министрликтин кызматкери болбой калгандыктан,министрликтин убактылуу өкүлү Кыдыралиев Кубат келген, анын бул тууралуу маалыматы жок болгондуктан бул пунктту ачып икароого мүмкүндүк болгон жок.
Анын арасында, Мурзаева А. Бул долбоор боюнча үч жолугушуу болгон, жана мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча Кызыл крест эл аралык Комитети менен биргеликте чоӊ иштер жасалганын белгиледи. Ошондуктан, азыркы мезгилде бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратында болууда.
Күн тартиптин 6-пункту боюнча (2005-жылдын 8-декабрындагы (3-протокол) кошумча айырмалоочу эмблеманы кабыл алууга тиешелүү 1949-жылдын 12-августундагы Женева Конвенцияларынын кошумча протоколуна кошулуу маселелери боюнча сунуштарды киргизүү жана изилдөө (2014-жылга иш чара планынын 7-пункту, баяндамачы – саламаттыкты сактоо министрлиги).
Х. Кудайбергенов Комиссия мүчөлөрүнөн сунунштар келип түшкөнүн жана “2005-жылдын 8-декабрындагы (протокол 3) кошумча айыриалоочу эмблеманы кабыл алууга тийиштүү, 1949-жылдын 12- августундагы Женева Конвенциясынын кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” мыйзам долбоору жалпыланганын жана белгиленген мыйзам жөнүндөгү токтом иштелип чыкканын жана жакынкы арада сунушталаарын билдирди.
Ошондой эле, Кызыл жарым ай улуттук коомунун өкүлү – Акиев.Э Комиссиянын жаӊы мүчөсүн тааныштырды (өз талапкерлигинин ордуна) – Усубалиева Бермет мындан ары Кызыл жарым ай улуттук коомун көрсөтөт.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрү чечти:
1. 2014-жылга иш-чара планынын 5 жана 6 пункту алынып салынсын
2. Комиссия мүчөлөрү тарабынан комиссиянын отурумдарын тоготпогондугу тууралуу - мамлекеттик органдар боюнча кат даярдалсын.
Комиссиянын төрагасы К. Майкозов
Комиссиянын катчысы К. Эгенбердиева