28 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

2015-жылдын 31-мартындагы Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун протоколу


Катышкандар:
 
Комиссия мүчөлөрү:
 
1. Таштанов Н.                                       (Комиссиянын Төрагасы) Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин  статс-катчысынын м.а.;
 
2. Курманбаева А.                                 Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигинин ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу
жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү
боюнча башкармалгынын начальниги;
 
3. Раимов У.                                           Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы
мамлекеттик агенттигинин өкүлү;
 
4. Аширбекова А.                                  Кыргыз Республикасынын ички иштер
минситрлигинин өкүлү;
 
5.  Абдырахманов А.                             Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин өкүлү;
 
6. Омельченко К.                                   Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим
министрлигинин өкүлү;
 
7. Эралиев А.                                         Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат
жана туризм министрлигинин өкүлү;
 
8. Орозалиева Г.                                     Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана
жаштар министрлигинин өкүлү;
 
9. Кулманбетов С.                                 Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин
өкүлү;
 
10. Мамбетаипова Ч.                             Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү
министрлигинин өкүлү;
 
11. Сейтказиева Г.                                 Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо
министрлигинин өкүлү;
 
12. Усубалиева Б.                                   Улуттук кызыл ай коомунун өкүлү (УКАК);
 
13. Мурзаева А.                                      Эл аралык Кызыл крест комитетинин өкүлү (ЭККК);
 
 
14. Кадырбекова Н.                               Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигинин башкы адиси;
15. Абдырасулова А.                           Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
жетектөөчү адиси (комиссиянын катчысы);
 
Күн тартиби
 
  1. Минск шаарында 2015-жылдын 18нен 20-мартына чейин Казахстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Эл аралык кызыл крест комитети менен кызматташтыкта уюштурулган эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча бешинчи регионалдык семинардын катышуучуларынын отчетун сунуштоо, (баяндамачылар: Н. Кадырбекова, Э. Бейшекеев);
 
  1. 1954-жылдын 14-майында Гаагада кол коюлган Куралчан кагылыш учурунда маданият баалуулуктарын коргоо жөнүндө Конвенциянын ченемдерин улуттук мыйзамдарга имплементациялоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу (2015-жылга иш чаралар планынын 1-пункту, баяндамачы ММТМдин өкүлү);
 
 
  1. 2015-жылга эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча иш чаралар планында коюлган иш чаранын пункттарын аткарууну талкуулоо (2014-жылдын 17-декабрындагы эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча Юстиция министрлигинин алдындагы ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун протоколу менен бекитилген).
 
Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отурумун (мындан ары – Комиссия) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын м.а. Н. Таштанов ачты.
Комиссия мүчөлөрү менен саламдашып,  Н. Таштанов күн тартибине  сунуштардын бар болуусу жөнүндө   комиссия мүчөлөрүнө суроо даректеди. Сунуштардын жок болгондугунан, күн тартибин бир добуштан бекиткенден кийин, комиссия мүчөлөрү күн тартибин талкуулоого киришти.
Күн тартибинин 1-пункту боюнча (Минск шаарында 2015-жылдын 18нен 20-мартына чейин Казахстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Эл аралык кызыл крест комитети менен кызматташтыкта уюштурулган эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча бешинчи регионалдык семинардын катышуучуларынын отчетун сунуштоо, баяндамачылар: Н. Кадырбекова, Э. Бейшекеев);  төмөнкүлөр белгиленген.
Катышуучулар менен саламдашып, аталган семинардын катышуучусу Н. Кадырбекова бул семинар кызыктуу өткөнүн, семинардын программасы мазмундуу болгонун белгиледи. Бул семинарга катышууга мүмкүндүк бергендиги үчүн ЭКККне ыраазычылык билдирди. Семинарда  Н. Кадырбековадан башка Комиссиянын мүчөсү Э. Бейшекеев катышкан жана эксперт катары чакырылган Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян Университетинин проректору Л. Сыдыкова катышышкан.
Семинар Белорус Республикасынын Юстиция министрлиги менен кызматташтыкта туруктуу негизде өткөрүлөт.
Прибалтиканы кошпогондо дээрлик постсоветтик өлкөлөрдүн бардыгы катышышты. Ошондой эле эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча өзүлөрүнүн ведомстволор аралык комиссияларынын иши жөнүндө баяндамасын сунушташкан Польшанын жана Германиянын өкүлдөрү чакырылган.
Семинардын негизги максаты эл аралык гуманитрадык укукту имплементациялоо (мындан ары – ЭГУну имплементациялоо) чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын же ведомстволор аралык комиссиянын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты угузуу жана көрсөтүү болду. Көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн ведомстволор аралык комиссиясынын курамына биздин комиссиядагыдай эле маанилүү мамлекеттик органдар кирет.
Сунушталган докладдардын ичинен Н. Кадырбекова  ЭГУну имплементациялоо улуттук деӊгээлде жүргүзүлгөн жана ЭГУну имплементациялоо боюнча план Өкмөттүн деӊгээлинде бекитилген Молдова Республикасынын баяндамасын белгиледи. Бул чөйрөдө иш Коргоо министрлиги тарабынан активдүү өткөрүлөт. Катардагы жана офицердик курам менен туруктуу негизде окутууларды өткөргөн Коргоо министрлигине караштуу Юридикалык кеӊешчи жайылтылган жана ийгиликтүү иштейт. Мындан тышкары, ЭГУнун ченемдерин жайылтуу боюнча билим берүү тутуму өнүккөн.
Ошондой эле, саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, курал менен соода кылуу жана кибер чабуулга багышталган  ЭКККнин кызматкерлеринин баяндамалары сунушталган.
Саламаттыкты сактоо боюнча: баяндаманын негизги максаты УКАК жана ЭККК кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ЧУА ченемдерин имплементациялоо зарылдыгы болгон, анткени азыркы убакта  бул актуалдуу маселе жана ага ылайык өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу убагында каза тапкан жана жаракат алган кызматкерлердин статистикасы угузулган.
Андан ары, семинарда, согуш жүргүзүү методу катары жана мындай методду колдонууга жол бербөө жөнүндө куралдуу кагылыштардын убагында сексуалдык зомбулукка багышталган баяндама угузулду.
Куралдандыруу маселеси боюнча: 2014-жылы курал-жарак  соодасы жөнүндө эл аралык келишимге кол коюлган. Бул келишим эл ралык курал-жарак менен соода кылууну бир тартипке келтирүү, куралды алууга адамдардын жетүүсүн катуулатуу үчүн зарыл болгон. Анткени, куралдуу кагылыштар болуп жаткан жерлерде согуш бүткөндөн кийин, курал жарак калктын колунда калат жана анын аркасынан калк массалык жеткиликтүү болгон куралдардан жабыркашат.
Кибер чабуул маселелери боюнча: азыр согуштун жаӊы түрү пайда болду, ал кибер согуш, б.а. маалыматтык мейкиндиктеги согуш, ал өзүнүн кесепеттери менен коркунучтуу. Төмөнкүдөй мисалдар келтирилди, натыйжасында терс кесептеттерге алып келген, ар кандай өлкөлөрдүн  Коргоо министрлигинин сайтын бузуу. Ушуга байланыштуу, мындай кибер чабуулдарды кантип алдын алуу керек жана алардын кесепеттерин кантип күн мурун билүү керектиги үчүн эмне кылуу керек деген суроо пайда болот, анткени бул чөйрө жөнгө салынган эмес.
Билим берүүгө багышталган, баяндамада мектеп окуучуларынан баштап, калк арасында ЭГУ курсунун жаӊы түрлөрү жана сабак берүүнүн жаӊы ыкмалары жөнүндө айтылды. Дээрлик бардык өлкөлөрдө, ЭГУ факультатив катары окутулат, б.а. мамлекеттик билим берүү стандарттарында милдеттүү предмет катары саналбайт, деп белгиленди. Ошондуктан негизинен юридикалык факультеттерде окутулат. Бирок муну менен, ЭГУну юридикалык факультеттерден башка, медициналык факультеттерде, аскер институттарында жана ички иштер министрлигинде окутуу зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, окутуунун жаӊы ыкмалары жана каражаттары сунушталды. ЭГУну окутуунун жаӊы ыкмасы катары ЭККК менен, видео оюн түрүндө таризделген «атышуу» деп аталып жүргөн, качан куралдын кайсы бир түрүн колдонууда, аны колдонуунун кесепеттери, ошондой эле мунун артынан ЭГУнун кандай ченемдери бузулгандыгын көрсөткөн, жаӊы курс сунушталган.
Н. Кадырбекова ал семинарда сунушталган материалдарды комиссия мүчөлөрүнө электрондук форматта таратууну сунуштады.
А. Мурзаева ЭГУ мурда предмет катары мамлекеттик стандарттарда болгонун, кийинчерээк анын алынып калганын белгилеп өттү, ошондой эле мектеп программасынан дагы. Атайын мектеп программасы үчүн өзүнө ЭГУнун негиздерин камтыган 35 миӊ китеп басылып чыгарылган, жана бул китептер да колдонуудан алынган. Азыркы мезгилде ЭГУ окутуучулары менен жолугушуулар жүргүзүлүп жатканы жана алардын ЭГУну мамлекеттик стандартка кошууга макулдуктары бар экендиги жөнүндө белгиледи.
Жогоруда айтылганга байланыштуу, А. Мурзаева Билим берүү министрлигинин өкүлүнөн бул жол-жобону Комиссиянын алкагында Билим берүү министрлиги менен биргеликте жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк барбы деп тактады. Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү К. Омельченко ЭГУ предметин мамлекеттик стандартка кошууга макул экендигин белгилеп жана  азыркы мезгилде жаӊы мамлекеттик стандартты иштеп чыгуу жүргүзүлүп жатканын маалымдап жана бардык сунуштар каралаарын билдирди.
Н. Таштанов бир убакта ЭГУ милдеттүү предмет катары бардык ЖОЖдордо окутулган жана качан мамлекеттик стандартты иштеп чыкканда бул предметти алып салышып, Эл аралык укуктун предметинин бөлүктөрүнүн бири кылып коюшкан жана ЭГУ предметин мамлекеттик билим берүү стандартына киргизүү дүйнөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу актуалдуу болуп эсептелээрин белгиледи.
Ошондой эле, Ч. Мамбетаипова ага докладдагы  билим берүү чөйрөсүндөгү маалымат жаккандыгын белгилеп жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин тутумунда кесиптик адистерди эмгек рыногуна даярдоодон башка, иш издеп чет өлкөгө чыккан жарандарды окута турган жана атайын сертификаттарды бере турган Кесиптик техникалык билим берүү агентствосу бар экендигин маалымдады. Мындан тышкары кесиптик техникалык билим берүү тутумунда 101 лицей бар экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу ЭГУ предметин мамлекеттик билим берүү стандарттарына Билим берүү министрлигинин көмөктөшүүсү боюнча  киргизген учурда, ЭГУ предметин кесиптик техникалык билим берүү тутумуна да киргизүүнү кароону сунуштады.
 
Күн тартибинин 2-пункту боюнча (1954-жылдын 14-майында Гаагада кол коюлган Куралчан кагылыш учурунда маданият баалуулуктарын коргоо жөнүндө Конвенциянын ченемдерин улуттук мыйзамдарга имплементациялоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу (2015-жылга иш чаралар планынын 1-пункту, баяндамачы ММТМдин өкүлү)    Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү А. Эралиев көрсөтүлгөн конвенцияга улуттук мыйзамдарды ылайык келтирүү боюнча багытты аныктоодо жана ага жараша ченемдик укуктук актыны иштеп чыгууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын билдирди.
Н. Таштанов Конвенцияда көрсөтүлгөн иш чараларды жүзөгө ашырууда белгилүү-бир жол-жоболорду өткөрүү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  түздөн-түз функциясына кирет, анткени маданий-материалдык баалуулуктардын тизмесин Маданият жана туризм министрлиги координациялайт жана жүргүзөт деп түшүндүрдү. Ошондой эле Комиссиянын төрагасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлүнө бул маселени ишке ашыруу үчүн иш чараларды өткөрүүнү  тездетилген тартипте баштоо өтүнүч  менен кайрылып, жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчилигине ыкчам билдирип туруӊуздар деп белгиледи. Мындан тышкары, Комиссиянын курамына кирген мамлекеттик органдар, анын ичинде Юстиция министрлиги, ЭККК жана УКАК бул багытта пайда болгон көйгөйлөрдө көмөк көрсөтөөрүн белгиледи. А. Мурзаева бул ченемди имплементациялоонун үстүнөн иштеген башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен бөлүшөөрүн белгиледи.
 
Күн тартибинин 3-пункту боюнча (2015-жылга эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча иш чаралар планында коюлган иш чаранын пункттарын аткарууну талкуулоо (2014-жылдын 17-декабрындагы эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча Юстиция министрлигинин алдындагы ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун протоколу менен бекитилген)                  А. Курманбаева, эгер 2015-жылга иш чаралар планынын пункттарын аткаруу боюнча көйгөйлөр бар болсо талкуулоону сунуштады жана Саламаттыкты сактоо министрлиги, ЭККК жана УКАК алардын аткаруучулары болуп саналган экинчи кварталга каралган пункттарга көӊүл бөлдү. А. Мурзаева Пландын 5-пунктун аткарууга, дайынсыз жоголгон адамдар жөнүндө маселелер боюнча  Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту менен өткөрүлгөн изилдөөнү Юстиция министрлигинин базасында презентациялоону Комиссия мүчөлөрүнө сунуштады. Ошондой эле, бул изилдөө Юстиция министрлигинин икатышуусу менен жана Л. Чынтурганованын жетекчилиги алдында өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Мындан тышкары, БУУнун Качкындар менен иштөө боюнча комитеттин өкүлдөрү менен Комиссиянын өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурууну сунуштады, Комитеттин өкүлдөрү качкындардын укугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине тиешелүү юридикалык маселелерди сунуштагылары келген.
 
 
Отурумдун жыйынтыгы боюнча, Комиссия мүчөлөрү чечти:
  1. Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча бешинчи регионалдык семинардын катышуучусунун отчету эске алынсын жана электрондук почта боюнча бар болгон материалдар Комиссия мүчөлөрүнө таратылсын.
 
  1. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине 2015-жылга иш-чаралар планынын 1-пункту боюнча талдоо жүргүзүү жана тиешелүү сунуштарды киргизүү сунушталсын.
 
 
Комиссиянын Төрагасы                                      Н. Таштанов
 
 
Комиссиянын катчысы                                          А. Абдырасулова 
 
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы