13 Бештин айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Коомдук бирикмени каттоо үчүн керек


1. Юридикалык жактардын, филиалдардын  (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган,  башка юридикалык жактардын аталышынан  айырмаланган аталышты тандоо;
2. Төмөнкүдөй каттоо документтерин даярдоо жана тапшыруу:
- каттоо арызын (Формасы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.01.2011-жылындагы № 31 токтому менен бекитилген);
- коомдук бирикмени түзүү жөнүндө  чечимин (чечим “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесине ылайык келүүсү зарыл);
- коомдук бирикменин жетекчисинин кол тамгасы коюлган, эки нускадагы уставды;
- коомдук бирикменин жетектөөчү органынын мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, шайланган кызматы көрсөтүлгөн тизмесин;
-  фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын жана адресин көрсөтүү менен коомдук бирикмени түзүүнүн уюштуруучуларынын тизмесин.
Тизмеге уюштуруучулардын кол тамгасы коюлат, бирок алардын кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлүшү зарыл;
-        түзүлүп жаткан коомдук бирикменин жетекчисинин паспортунун көчүрмөсүн.
Маалымат катары:
-                     коомдук бирикменин уюштуруучуларынын саны үчтөн кем эмес аракетке жөндөмдүү жеке жактардан түзүлүшү керек;
-         жеке жактар гана коомдук бирикменин мүчөсү боло алат;
-                     чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кошо тапшырылат;
-                     чет өлкөлүк катышы бар коомдук бирикме Юстиция министрлигинде катталат, ал эми  чет өлкөлүк катышы жоктору – юстициянын аймактык органдарында.
Документтерди кабыл алуу: күн сайын саат 9-30дан 14-00гө чейин;
Документтерди берүү, аталыш текшерүү: күн сайын саат 14-00дөн 17-00гө чейин;
Каттоо мөөнөтү: каттоо органына документтерди берген күндөн баштап 10 күндүн ичинде;
Каттоо үчүн төлөм: 407 сом + бланкалык өндүрүм үчүн.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы