12 Бештин айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө


1-берене.
 
“Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  1. преамбула күчүн жоготту деп табылсын;
  2. Мыйзам төмөнкү мазмундагы 1-1 –беренеси менен толукталсын:
«1-1-берене. Мыйзамдын предмети
Ушул Мыйзам Жогорку Кенештин депутатынын ишинин принциптерин жана кепилдиктерин жана анын Конституцияда каралган негизги укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт.»;
  1. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын ишин башка милдеттерди аткаруу менен айкалыштыруу
Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иш жүргүзө алат, эгерде Жогорку Кеӊештин депутатынын негизги ишмердигине каршы келбесе.
Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна дайындалган Жогорку Кенештин депутаты, Жогорку Кеӊештин төрагасы, анын орун басары, Жогорку Кенештин Комитетинин же Жогорку Кенештин убактылуу комиссиясынын төрагасы же мүчөсү болуп шайлана албайт.
Жогорку Кеӊештин депутаты, Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна депутаттык мандатын сактоо менен жана пленардык отурумдарда добуш берүү укугун сактоо менен дайындалышы мүмкүн.
Жогорку Кеӊештин депутаты, Премьер-министр же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордунан кетсе, бошотулса же милдетин аткаруусу токтотулса, депутаттык укуктары толугу менен калыбына келтирилет.»;
  1. 24-берененин 3-бөлүгүндө слова «макулдугу» деген сөздү «депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүгүнүн добушу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
  2. 28-берененин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
2-берене.
 
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти  


Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы