20 Баш оона, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу


Статья 1
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 – беренеси менен толукталсын::
«1-1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана алардын кепилдиктерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары – Президент), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын (мындан ары – Жогорку Кеңештин депутаттары) шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.»;
3) 3-берененин 6-бөлүгүндөгү «же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар» деген сөздөр «жарандар, соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмү бар адамдар» менен алмаштырылсын;
4) 46-берененин 1 – бөлүгүндөгү «ушул конституциялык» деген сөздөр алып салынсын;
5) 49-беренеде:
а) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Саясий партиялардын мамлекеттик каттоосу/кайра каттоосу тууралуу маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө бул чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органы жөнөтөт.»;
б) төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүүгө укуксуз.»;
6) 53-беренеде:
а)  1-бөлүгүнүн 4-пункту «иштеген» деген сөздүн алдында «эгер болсо» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 7-бөлук төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда.»;
7) 60-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«Саясий партиялардын мамлекеттик каттоосу/кайра каттоосу тууралуу маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө бул чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органы жөнөтөт.»;
8) 61-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту «көчүрмөлөрүн,» деген сөздөн кийин «эгер болсо» деген сөздөр менен толукталсын.
 
Статья 2
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
 
            Президент
            Кыргызской Республики 

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы