16 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00

Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакция

Сунушталган редакция

Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана алардын кепилдиктерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары – Президент), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын (мындан ары – Жогорку Кеңештин депутаттары) шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.Күчүн жоготуу деп таанылсын.
 
1-1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана алардын кепилдиктерин аныктайт, Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары – Президент), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын (мындан ары – Жогорку Кеңештин депутаттары) шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.

3-берене. Жалпыга бирдей шайлоо укугу

1. Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жараны шайлоого, ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясында(мындан ары – Конституция) жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген жашка жеткенде – мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу.

3. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.

4. Соттолгондугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.

5. Жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат.

3-берене. Жалпыга бирдей шайлоо укугу

1. Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жараны шайлоого, ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары – Конституция) жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген жашка жеткенде – мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу.

3. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандар, соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмү бар адамдар шайлоого, шайланууга укуксуз.

4. Соттолгондугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.

5. Жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат.

46-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер

1. Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат.

2. Талапкердин каттоосу добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия кээ бир талапкерлерди шайлоого талапкерлердин тизмесинен чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;

4) ушул конституциялык Мыйзамдын 2153 жана 61-беренелеринде аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу, же анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууларына талапкердин катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

6) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз катышуу фактылары далилдегенде;

7) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле талапкердин жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууларына катышуу фактылары далилденгенде.

3. Талапкерлердин тизмесинин каттоосу добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакырып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;

2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

3) ушул конституциялык Мыйзамдын 2153 жана 61-беренелеринде аныкталган талапкерлердин тизмесин каттоо эрежелери бузулганда;

4) саясий партиянын жетекчилиги талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундарынын же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланганынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундук же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

5) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, аткаруу органынын кызматкерлеринин, өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгына түздөн-түз тиешесинин фактысы далилденгенде;

6) саясий партиянын жетекчилигинин же аткаруу органынын, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде.

4. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Президентти шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандатты тапшырганга чейин, ушул талапкерде пассивдүү шайлоо укугу болбогондугу тууралуу, анын ичинде, анда мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат жана шайлоо жараксыз деп таанылат.

Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин жана шайланган талапкерди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаганга чейин анда пассивдүү шайлоо укугунун жок экени тууралуу, анын ичинде, мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгону бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле ал каза болгон учурда, ушул шайланган талапкерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алынбайт. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин талаптарын эске алуу менен, ушул саясий партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки шайланган талапкер катталат.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер шайланган талапкерди, анын ичинде талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн толук жетиштүү болуп саналат.

46-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер

1. Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин Мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат.

2. Талапкердин каттоосу добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия кээ бир талапкерлерди шайлоого талапкерлердин тизмесинен чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;

4) ушул конституциялык Мыйзамдын 2153 жана 61-беренелеринде аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу, же анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууларына талапкердин катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

6) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз катышуу фактылары далилдегенде;

7) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле талапкердин жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууларына катышуу фактылары далилденгенде.

3. Талапкерлердин тизмесинин каттоосу добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакырып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;

2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

3) ушул конституциялык Мыйзамдын 2153 жана 61-беренелеринде аныкталган талапкерлердин тизмесин каттоо эрежелери бузулганда;

4) саясий партиянын жетекчилиги талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундарынын же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланганынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундук же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

5) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, аткаруу органынын кызматкерлеринин, өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгына түздөн-түз тиешесинин фактысы далилденгенде;

6) саясий партиянын жетекчилигинин же аткаруу органынын, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде.

4. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Президентти шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандатты тапшырганга чейин, ушул талапкерде пассивдүү шайлоо укугу болбогондугу тууралуу, анын ичинде, анда мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат жана шайлоо жараксыз деп таанылат.

Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин жана шайланган талапкерди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаганга чейин анда пассивдүү шайлоо укугунун жок экени тууралуу, анын ичинде, мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгону бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле ал каза болгон учурда, ушул шайланган талапкерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алынбайт. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин талаптарын эске алуу менен, ушул саясий партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки шайланган талапкер катталат.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер шайланган талапкерди, анын ичинде талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн толук жетиштүү болуп саналат.

49-берене. Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү тартиби

1. Президенттин кызматына талапкерлердин саны чектелбейт. Шайлоочулардын 30 миңден кем эмесинин колун топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.

2. Президенттин кызматына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталат жана шайлоо күнүнө чейин 75 календардык күн калганда аяктайт.

3. Президенттин кызматына талапкерлерди көрсөтүү укугу өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга, ошондой эле шайлоо дайындалганы жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата юстиция органдарында белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.

Саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө иш милдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу бийликтин аткаруу бутагынын мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө бул чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактарында тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.

4. Саясий партия тарабынан Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү анын уставында каралган тартипте жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу, талапкердин Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызын (арыздарды) тиркөө менен, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына басылган түрдө берилет.

Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди берген адамга аларды алгандыгын жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү.

Көрсөтүлгөн ырастама (маалымдама) документтер берилгенден кийин токтоосуз берилет.

5. Президенттин кызматына талапкерликти өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүү Борбордук шайлоо комиссиясына Президенттин кызматына талапкер болууга ниеттенгени жөнүндө арызды берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

49-берене. Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү тартиби

1. Президенттин кызматына талапкерлердин саны чектелбейт. Шайлоочулардын 30 миңден кем эмесинин колун топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.

2. Президенттин кызматына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталат жана шайлоо күнүнө чейин 75 календардык күн калганда аяктайт.

3. Президенттин кызматына талапкерлерди көрсөтүү укугу өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга, ошондой эле шайлоо дайындалганы жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата юстиция органдарында белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.

Саясий партиялардын мамлекеттик каттоосу/кайра каттоосу тууралуу маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө бул чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органы жөнөтөт.

4. Саясий партия тарабынан Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү анын уставында каралган тартипте жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу, талапкердин Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызын (арыздарды) тиркөө менен, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына басылган түрдө берилет.

Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди берген адамга аларды алгандыгын жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү.

Көрсөтүлгөн ырастама (маалымдама) документтер берилгенден кийин токтоосуз берилет.

5. Президенттин кызматына талапкерликти өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүү Борбордук шайлоо комиссиясына Президенттин кызматына талапкер болууга ниеттенгени жөнүндө арызды берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

6. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүүгө укуксуз.

53-берене. Президенттин кызматына талапкерлерди каттоо

1. Каттоо үчүн Президенттин кызматына талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) Президенттин кызматына талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен, өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;

2) өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;

3) паспорттун көчүрмөсүн;

4) иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

5) ушул конституциялык Мыйзамда каралган шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянынжана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана каттоону жүзөгө ашырат, же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.

Мында эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен аны каттоо үчүн тоскоол болуучу ылайыксыздыктарды тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы ушул ылайыксыздыктар жөнүндө талапкерге же саясий партияга кабарландырууга милдеттүү. Талапкер же саясий партия кабарландыруу алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

3. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттоодо Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү чечиминде анын тиешелүү саясий партия тарабынан көрсөтүлгөнүн фактысы белгиленет.

4. Президенттин кызматына талапкер каттоого чейин жана берилген документтери текшерилгенден кийин, жеке каражаттарынан же өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмеси анын талапкерлигин колдоп добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин төгүлгөн шайлоо күрөөсү талапкерге кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого, өткөрүүгө жана шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу пайдаланылат.

5. Президенттин кызматына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда аяктайт.

6. Талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерге же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

7. Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;

2) берилген талапкерди колдогон шайлоочулардын так ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;

3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкердин өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөнү;

5) ушул конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактабаганы.

Эгерде талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген, бирок каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин аларды кошумча берген учурда, шайлоо комиссиясы талапкерди каттоого милдеттүү.

8. Каттоодон баш тартуу тууралуу чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматына талапкер кылып каттоодон баш тартылган адамга жеткирет. Көрсөтүлгөн чечим 5 күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

9. Президенттин кызматына талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

10. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин 5 күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партиялык таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялайт.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде, катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү ырастама берет.

4) эгер болсо иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

6) ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда.

Эгерде талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген, бирок каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин аларды кошумча берген учурда, шайлоо комиссиясы талапкерди каттоого милдеттүү.

8. Каттоодон баш тартуу тууралуу чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматына талапкер кылып каттоодон баш тартылган адамга жеткирет. Көрсөтүлгөн чечим 5 күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

9. Президенттин кызматына талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

10. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин 5 күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партиялык таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялайт.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде, катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү ырастама берет.

60-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби

1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда аяктайт.

2. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө юстиция органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Саясий партиялардын мамлекеттик каттоосу/кайра каттоосу тууралуу маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө бул чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органы жөнөтөт.Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

3. Тизме боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 120 талапкерден кем жана 200 талапкерден ашык болушу мүмкүн эмес.

Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү:

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;

- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун;

- ар кандай улуттарга таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун;

- кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышары тууралуу жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариалдык ырасталган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталуусу тийиш.

Эгерде анын уставында камтылган аталышынын жана энбелгисинин кыскача сыпаттамасы саясий партиянын шайлоо документтеринде пайдаланылуучу кыскача аталышынан жана энбелгисинен айырмаланган учурда, аларды Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана энбелгиси Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөндөн кийин, шайлоо жүрүмү аяктаганга чейин аларды өзгөртүүгө жол берилбейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияга ушул билдирмени алганы жөнүндө токтоосуз жазуу жүзүндө ырастама жана саясий партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымдама берүүгө милдеттүү.

5. Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, талапкерлердин чыгып кетүүлөрүнөн улам болуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Бул учурда чыгып кеткен талапкердин ордун ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен партиянын башка мүчөсү ээлейт.

60-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби

1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда аяктайт.

2. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө юстиция органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Саясий партиялардын мамлекеттик каттоосу/кайра каттоосу тууралуу маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө бул чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик органы жөнөтөт. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

3. Тизме боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 120 талапкерден кем жана 200 талапкерден ашык болушу мүмкүн эмес.

Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү:

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;

- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун;

- ар кандай улуттарга таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун;

- кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышары тууралуу жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариалдык ырасталган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталуусу тийиш.

Эгерде анын уставында камтылган аталышынын жана энбелгисинин кыскача сыпаттамасы саясий партиянын шайлоо документтеринде пайдаланылуучу кыскача аталышынан жана энбелгисинен айырмаланган учурда, аларды Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана энбелгиси Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөндөн кийин, шайлоо жүрүмү аяктаганга чейин аларды өзгөртүүгө жол берилбейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияга ушул билдирмени алганы жөнүндө токтоосуз жазуу жүзүндө ырастама жана саясий партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымдама берүүгө милдеттүү.

5. Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, талапкерлердин чыгып кетүүлөрүнөн улам болуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Бул учурда чыгып кеткен талапкердин ордун ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен партиянын башка мүчөсү ээлейт.

61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталган, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;

2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин, алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же окуган жерлеринен маалымдаманы;

3) шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.

Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алынганы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү. Ырастама (маалымдама) документтер көрсөтүлгөндөн кийин токтоосуз берилет.

2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.

Төгүлгөн шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин, тизмелери добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан ашык пайызын алган саясий партияларга кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу багыттоо менен пайдаланылат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен же талапкерлердин тизмесинен ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайыксыздыктарды тапса, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул ылайыксыздыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

4. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык каттоого жол берилбейт.

5. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт.

6. Эгерде ушул беренеде белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо округу боюнча бир да талапкерлердин тизмеси катталбаган же талапкерлердин бир гана тизмеси Катталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо талапкерлердин тизмесин кошумча көрсөтүү жана андан кийинки шайлоо аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн 25 календардык күнгө кийинкиге жылдырылат.

7. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен, шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;

2) көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо;

3) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул шайлоодо талапкердин башка саясий партиянын тизмесинде катталуу фактысы болгону;

5) саясий партиянын өз шайлоо фондун түзбөгөнү;

6) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү.

Эгерде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген учурда, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.

8. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул беренеде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин күбөлөндүрүлгөн тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

9. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим, чечимди алган учурдан тартып 2 календардык күндүн ичинде жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

10. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берүү менен, шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Саясий партия кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү менен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же талапкерлердин тизмесинен айрым талапкерлерди чыгарып салууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүлөрдүн негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен, талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.

12. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталган, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;

2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин, алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн, эгер болсо иштеген же окуган жерлеринен маалымдаманы;

3) шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.

Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алынганы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү. Ырастама (маалымдама) документтер көрсөтүлгөндөн кийин токтоосуз берилет.

2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.

Төгүлгөн шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин, тизмелери добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан ашык пайызын алган саясий партияларга кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу багыттоо менен пайдаланылат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен же талапкерлердин тизмесинен ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайыксыздыктарды тапса, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул ылайыксыздыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

4. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык каттоого жол берилбейт.

5. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт.

6. Эгерде ушул беренеде белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо округу боюнча бир да талапкерлердин тизмеси катталбаган же талапкерлердин бир гана тизмеси Катталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо талапкерлердин тизмесин кошумча көрсөтүү жана андан кийинки шайлоо аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн 25 календардык күнгө кийинкиге жылдырылат.

7. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен, шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;

2) көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо;

3) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул шайлоодо талапкердин башка саясий партиянын тизмесинде катталуу фактысы болгону;

5) саясий партиянын өз шайлоо фондун түзбөгөнү;

6) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү.

Эгерде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген учурда, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.

8. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул беренеде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин күбөлөндүрүлгөн тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

9. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим, чечимди алган учурдан тартып 2 календардык күндүн ичинде жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

10. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берүү менен, шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Саясий партия кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү менен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же талапкерлердин тизмесинен айрым талапкерлерди чыгарып салууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүлөрдүн негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен, талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.

12. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

Министр                                                                                                                                                                            У. Ахметов

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар

Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?

Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы