Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮУшул «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоору «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
2017-жылдын 15-январында 2016-жылдын 28-декбарындагы № 218 «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум менен кабыл алынган мыйзам күчүнө кирген. Аталган мыйзам менен Конституциянын 6, 16, 20, 24, 26, 36, 41, 50, 64, 68, 70, 72, 74, 75, 81, 84, 86, 87, 89, 94, 95, 96, 102, 104-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилген.
Ошол эле учурда көрстөтүлгөн өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин тартибин жана ишин уюштурууну регламенттеген ченемдерди да козгоп өтөт.
Алсак, Конституциянын 84-беренесине ылайык депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 25 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт деген 25 жумушчу күндүк убакыт 15 күнгө өзгөртүлгөн.
Мындан тышкары, Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Жогорку Кеңешке Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын киргирзгендиктен мыйзам долбоору менен талапкердин ошондой эле мурдагы өкмөттүн программасын ишке ашырууну улантуу жана Өкмөттүн иштөөдөгү түзүмүн сактап калуу жөнүндөгү сунушун киргизүүгө укугун белгилөө сунушталууда.
Ошондуктан «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 5-беренесине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Конституциянын 72-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугун сактоо менен дайындалышы мүмкүн. Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалган депутаттын башка ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун жана чектөөнүн тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталат.
Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордундагы Жогорку Кеңештин депутатынын аталган кызматтан кетүүсү, бошотулушу жана милдеттерин аткарууну токтотушу анын депутаттык ыйгарым укуктарын толук көлөмдө калыбына келтирүүгө алып келет.
Ушуга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 8-беренесине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Конституцияга ылайык Өкмөттүн программасы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилээрин бейлгилей кетүү керек, буга жараша Өкмөт андан ары аны ишке ашыруу максатында иш чаралар планын бекитүүсү жана анын аткарылышын камсыздоосу керек. Ошондой эле Өкмөт кесиптик майрамдардын жана эстелик күндөрдүн даталарын бекитет.
Ошондуктан мыйзам долбоору менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 10-беренесине Өкмөттүн кошумча ыйгарым укуктары киргизилүүдө.
Жогоруда аталган Конституциялык мыйзамдын 13-беренеси:
-Конституциянын 87-беренесине ылайык келтирилүүдө, ага ылайык жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны болгон күндөн тартып Өкмөт кызматтан кетти деп эсептелет;
- Конституциянын 86-беренесине ылайык келтирилүүдө, ага ылайык Премьер-министр жылына эки жолудан көп эмес Жогорку Кеңештин алдына Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе кое алат.
- Конституциянын 87-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди Президент Өкмөт мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындайт. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн баштап Президент 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелгендиктен, долбоор менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 13-беренесин тиешелүү 1-1-пункт менен толуктоо сунушталууда.
Жогоруда аталган Конституциялык мыйзамдын 17-беренеси Конституциянын 90-беренесине ылайык келтирилүүдө, ага ылайык Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.
Жогоруда аталган Конституциялык мыйзамдын 18-беренеси Конституциянын 89-беренесине ылайык келтирилүүдө, ага ылайык Премьер-министр жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт жана бошотот.
Жогоруда аталган Конституциялык мыйзамдын 23-беренесинде Премьер-министрди кызмат ордунан бошотуунун негизги себептеринин бири катары ишенимдин жоготушун бекитүү сунушталууда. Бул толуктоо «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 13-беренесинде көрсөтүлгөн жобону ишке ашыруу максатында сунушталууда ага ылайык, Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тарткан учурда Президент 5 жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.
Конституциянын 87-беренесине ылайык, коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин — Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Президент аталган сунуштаманы алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, Премьер-министр парламенттик көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин Өкмөт мүчөсүн өзүнүн чечими менен ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.
Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштайт. Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди Президент Өкмөт мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындайт. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн баштап Президент 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет.
Ошондуктан «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 13-беренеси Конституциянын жогоруда аталган беренесине ылайык келтирилүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 31-беренесинде Өкмөттүн мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө катышуу маселелери чагылдырылган, мыйзам долбоору менен Өкмөт белгиленген тартипте (Конституциянын 81-беренеси) мыйзам менен макул болбогон учурда Премьер-министрдин республикалык бюджет, салыктар жөнүндөгү мыйзамдарын кол койбостон кайтаруу жөнүндөгү Президентке кайрылууга укугун караган өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Мындан тышкары, Өкмөт киргизген мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш тарабынан кароодо аларды дайыма эле көзөмөлдөөгө мүмкүн болбогон белгилүү бир өзгөртүүлөр киргизилгендиктен, мыйзам долбоору менен ошол мыйзам долбоору боюнча дайындалган Өкмөттүн расмий өкүлүсүз же Өкмөтсүз өзгөртүүлөр киргизилбейт деп белгилөө сунушталууда.
Мыйзам долбоору менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 23, 24 жана 34-беренелерине тактоочу мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жаткандыгынн белгилейбиз.
Жалпысынан долбоор конституциянын жоболорун ишке ашырууга багытталган башка түзөтүүлөрдү да карайт.
Мындан сырткары, Эл аралык мыйзамдарга жана иштөөдөгү улуттук ченемдерге жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган долбоордун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга каршы келбейт, ошондой эле долбоор жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган эмес.
Ушуну менен, белгиленген долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбээрин кошумча маалымдайбыз.
Ошондой эле, сунушталган долбоор жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын козгобогондугун, ошондой эле ишкердикти жөнгө салууга багытталбагандыгын эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык бул долбоор коомдук талкуулоо жүргүзүүнү талап кылбайт.
Министр У. Ахметов
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо