24 Аяк оона, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы


1 — берене.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жарчысы, 2012 ж., №6, б.2396):

1) 5 — беренеде:

а) 1 жана 2 бөлүгүнүн абзацтарында «15» деген сан «25» деген санга алмаштырылсын;

б) 1-4 бөлүгүнүн абзацтарында «Жогорку Кеңешке киргизет» деген сөздөрдөн кийин «же мурдагы Өкмөттүн программаларын ишке ашырууга улантылышын сунуш кылууга, ошондой эле Өкмөттүн учурдагы түзүмүн сактап турууга укуктуу» деген сөздөр менен толукталсын;

в) 7 бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«7) Фракциялар коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготуусу Өкмөттүн кызматтан кетүүсүнө жана ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө анын жаңы курамынын түзүлүшүнө алып келет.

2) 8 — беренеде:

а) 1 бөлүгүнүн 2 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жана башка мамлекеттин жарандыгына ээ;»;

б) 2 бөлүгүнүн 1 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1); Жогорку Кеӊештин (Премьер-министр жана биринчи вице-премьер-министрди кошпогондо ) же башка шайлануучу органдын депутаты болууга».

3) 10 — беренеде:

а) 1 бөлүгүнүн 3 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3) Өкмөттүн программаларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар (иш-аракеттер) пландарын бекитет жана алардын аткарылышын камсыз кылат;»;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 35-1 пункт менен толукталсын:

«35-1. расмий майрам күндөрдүн жана эстелик күндөрдүн датасын бекитет;».

4) 13 — беренеде:

а) 1 бөлүгүнүн 2 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2) иштеп жаткан чакырылыштагы Жогорку Кенештин ыйгарым укуктарын токтотуу;»;

б) 1 бөлүгүнүн 3,4 пунктарында «отставка» деген сөз «отставкасы жөнүндө чечими» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;

в) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 бөлүк менен толукталсын:

«1-1. Президент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызматтан кетиши жөнүндө жарлыкты үч жумушчу күндүн ичинде кабыл алат.»;

г) 2 бөлүгүнүн абзацында «15» деген сан «25» деген санга алмаштырылсын;

д) 3 бөлүгүнүн биринчи абзацында «бир жолудан» деген сөздөр «эки жолудан» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5) 1 бөлүгүнүн 17 беренесинде «Президенттин актыларынын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун» деген сөздөр алып салынсын.

6) 18 — беренеде:

а) 21 пунктунда «жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча мыйзамда каралган тартипте» деген сөздөр алып салынсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 23-1 пункту менен толукталсын:

«23-1) Конституцияда каралган учурларда Өкмөттүн мүчөсүн ээлеген кызмат ордунан бошотот;».

7) 23 — берене төмөнкүдөй мазмундагы 9 пункту менен толукталсын:

«9) ишенимди жоготкондо.».

8) 24 — беренеде:

а) 3 бөлүгүнүн биринчи абзацындагы «Премьер-министр» деген сөздөрдөн кийин «же ушул берененин 4- бөлүгүнө ылайык Өкмөт башчы менен» деген сөздөр менен толукталсын;

б) 3 бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-12 пункттар менен толукталсын:

«11) ишенимди жоготкондо;

«12) Өкмөт мүчөсү Премьер-министрге ал ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнундө кайрылуу жасаганда.»;

в) 4 бөлүгүндө:

- биринчи абзацында «үч күндүк мөөнөттө» деген сөздөр «беш жумуш күндүн ичинде» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- экинчи абзацында «ал кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет» деген сөздөр «Премьер-министр парламенттик көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин Өкмөт мүчөсүн өзүнүн чечими менен ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

г) 6 бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр беш жумушчу күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштайт. Талапкерди сунуштаган күндөн тартып Жогорку Кеӊештин аны жактыруусу жөнүндө чечими беш жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Жогорку Кеӊеш жактырган талапкер Президент тарабынан Өкмөт мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындалат. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн тартып Президент беш жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет.».

9) 31 — беренеде:

а) 1 жана 2 бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Өкмөткө мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугу таандык.

«2. Мыйзам чыгаруу демилге укугу Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү жолу менен ишке ашырылат.

Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеӊеште сунуштоо үчүн Өкмөттүн расмий өкүлү министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же болбосо алардын биринчи орун басарларынан, орун басарларынан, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнөн дайындалат.

Өкмөт тарабынан киргизилген Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөттүн макулдугусуз же ушул мыйзам долбоору боюнча дайындалган Өкмөттүн расмий өкүлүнүн макулдугусуз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.»;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 бөлүк менен толукталсын:

«3-1. Өкмөт республикалык бюджет, салыктар жөнүндөгү мыйзамдарга макул эмес болгон учурда, Премьер-министр Президентке мыйзамдарды кол койбостон кайтарып берүү боюнча белгиленген тартипте кайрыла алат.».

2 — берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

“Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясы жөнүндө Жобо

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү тартиби жөнүндө Жобо

Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө Нускама

Жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Квалификациялык комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө буйругу

Порядок проведения проверки организации нотариальной деятельности государственных и частных нотариусов


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы