29 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00

Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна салыштырма таблица

салыштырма таблица

Колдонуудагы редакция

Сунушталган редакция

5-берене. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн жана Өкмөттү түзүүнүн тартиби

1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

2. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса, же болбосо шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албаса, Президент фракциялардын бирине 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса Президент экинчи фракцияга 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

4. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын бекитпесе, түзүмүн жана курамын аныктабаса, фракциялар өз демилгеси менен 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө тийиш.

5. Президент үч күндүк мөөнөттө Премьер-министрдин жана Өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрдин жана Өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет.

6. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте Өкмөттүн программасы бекитилбесе, курамы жана түзүмү аныкталбаса Президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мындай учурда Өкмөт жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте өз милдетин аткара берет.

7. Фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкон учурда Өкмөт ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат.

8-берене. Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жетекчилери үчүн белгиленген чектөөлөр

1. Премьер-министр, Өкмөт мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси болуп төмөнкүдөй адамдар дайындалышы мүмкүн эмес:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган;

2) башка мамлекеттин жараны болуп саналган;

3) жогорку билими болбогон;

4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган, же болбосо ага карата соттун чечими менен мамлекеттик кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик кызматта кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

5) мыйзамдар менен белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барлар.

2. Өкмөт мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси төмөнкүлөргө укуксуз:

1) Жогорку Кеңештин же башка шайлануучу органдын депутаты болууга;

2) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында башка кызматтарды ээлөөгө;

3) ишкердик иш жүргүзүүгө, мыйзамдар менен каралган учурлардан башка, коммерциялык уюмдун жетекчи же байкоочу органынын курамына кирүүгө;

4) мамлекеттик бийлик органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча өкүл болууга;

5) кызматтык иштерге гана арналган маалыматты, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;

6) протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөргөн учурда, жөнөкөй сувенирлерди кошпогондо, кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен байланышкан аракеттерди же аракетсиздикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн белектер, акчалар жана кызматтар түрүндөгү сый акыларды жеке жана юридикалык жактардан алууга;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөлүк мамлекеттердин органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен макулдашуу боюнча өз ара негизде жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарларын албаганда, жеке жана юридикалык жактардын эсебинен кызматтык иш сапарларына жана башка кыдырууларга чыгууга;

8) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же чет өлкөлүк мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара негизде макулдашууларында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген башка чет өлкөлүк коммерциялык эмес, бейөкмөт уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн башкаруу органдарынын, камкорчулук же байкоочу кеңештеринин курамына кирүүгө;

9) мамлекеттик кызматчынын өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандары болуп саналган адамдардын жеке кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү болгон маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга.

3. Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси көрсөтүлгөн кызматка кирген күндөн тартып бир айдын ичинде коммерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы өз менчигинде турган үлүшүн (акциялардын пакетин) Өкмөттүн мүчөсүнүн кызматында болгон убакка ишенимдүү башкарууга мыйзам менен белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө милдеттүү.

4. Жеке кызыкчылыктардын Өкмөттүн мүчөсүнүн, администрациялык ведомствонун жетекчисинин милдеттеринен ашып түшүүсүнө (кызыкчылыктардын кагылышуусу) жол берилбейт. Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси мамлекеттик кызматчылардын этикасын сактоого милдеттүү.

5. Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси дайындалган күндөн тартып 7 жумуш күндөн кечиктирбестен Өкмөттүн мүчөсүнүн, администрациялык ведомствонун жетекчисинин кызматы менен шайкеш келбеген ыйгарым укуктар менен милдеттерди өткөрүп берүүгө тийиш.

6. Ушул берене менен белгиленген талаптар бузулган учурда Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси ушул конституциялык Мыйзам менен каралган тартипте ээлеген кызматынан бошотулат.

        5-берене. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн жана Өкмөттү түзүүнүн тартиби

1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 25 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет же

мурдагы Өкмөттүн программаларын ишке ашырууга улантылышын сунуш кылууга, ошондой эле Өкмөттүн учурдагы түзүмүн сактап турууга укуктуу.

2. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса, же болбосо шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албаса, Президент фракциялардын бирине 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет же мурдагы Өкмөттүн программаларын ишке ашырууга улантылышын сунуш кылууга, ошондой эле Өкмөттүн учурдагы түзүмүн сактап турууга укуктуу.

3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса Президент экинчи фракцияга 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет же мурдагы Өкмөттүн программаларын ишке ашырууга улантылышын сунуш кылууга, ошондой эле Өкмөттүн учурдагы түзүмүн сактап турууга укуктуу.

4. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын бекитпесе, түзүмүн жана курамын аныктабаса, фракциялар өз демилгеси менен 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө тийиш.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет же мурдагы Өкмөттүн программаларын ишке ашырууга улантылышын сунуш кылууга, ошондой эле Өкмөттүн учурдагы түзүмүн сактап турууга укуктуу.

5. Президент үч күндүк мөөнөттө Премьер-министрдин жана Өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрдин жана Өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет.

6. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте Өкмөттүн программасы бекитилбесе, курамы жана түзүмү аныкталбаса Президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мындай учурда Өкмөт жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте өз милдетин аткара берет.

7. Фракциялар коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготуусу Өкмөттүн кызматтан кетүүсүнө жана ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө анын жаңы курамынын түзүлүшүнө алып келет. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат.

8-берене. Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жетекчилери үчүн белгиленген чектөөлөр

1. Премьер-министр, Өкмөт мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси болуп төмөнкүдөй адамдар дайындалышы мүмкүн эмес:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган;

          2) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жана башка мамлекеттин жарандыгына ээ;

3) жогорку билими болбогон;

4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган, же болбосо ага карата соттун чечими менен мамлекеттик кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик кызматта кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

5) мыйзамдар менен белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барлар.

2. Өкмөт мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси төмөнкүлөргө укуксуз:

1) Жогорку Кеӊештин (Премьер-министр жана биринчи вице-премьер-министрди кошпогондо ) же башка шайлануучу органдын депутаты болууга;

2) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында башка кызматтарды ээлөөгө;

3) ишкердик иш жүргүзүүгө, мыйзамдар менен каралган учурлардан башка, коммерциялык уюмдун жетекчи же байкоочу органынын курамына кирүүгө;

4) мамлекеттик бийлик органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча өкүл болууга;

5) кызматтык иштерге гана арналган маалыматты, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;

6) протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөргөн учурда, жөнөкөй сувенирлерди кошпогондо, кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен байланышкан аракеттерди же аракетсиздикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн белектер, акчалар жана кызматтар түрүндөгү сый акыларды жеке жана юридикалык жактардан алууга;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөлүк мамлекеттердин органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен макулдашуу боюнча өз ара негизде жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарларын албаганда, жеке жана юридикалык жактардын эсебинен кызматтык иш сапарларына жана башка кыдырууларга чыгууга;

8) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же чет өлкөлүк мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара негизде макулдашууларында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген башка чет өлкөлүк коммерциялык эмес, бейөкмөт уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн башкаруу органдарынын, камкорчулук же байкоочу кеңештеринин курамына кирүүгө;

9) мамлекеттик кызматчынын өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандары болуп саналган адамдардын жеке кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү болгон маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга.

3. Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси көрсөтүлгөн кызматка кирген күндөн тартып бир айдын ичинде коммерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы өз менчигинде турган үлүшүн (акциялардын пакетин) Өкмөттүн мүчөсүнүн кызматында болгон убакка ишенимдүү башкарууга мыйзам менен белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө милдеттүү.

4. Жеке кызыкчылыктардын Өкмөттүн мүчөсүнүн, администрациялык ведомствонун жетекчисинин милдеттеринен ашып түшүүсүнө (кызыкчылыктардын кагылышуусу) жол берилбейт. Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси мамлекеттик кызматчылардын этикасын сактоого милдеттүү.

5. Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси дайындалган күндөн тартып 7 жумуш күндөн кечиктирбестен Өкмөттүн мүчөсүнүн, администрациялык ведомствонун жетекчисинин кызматы менен шайкеш келбеген ыйгарым укуктар менен милдеттерди өткөрүп берүүгө тийиш.

6. Ушул берене менен белгиленген талаптар бузулган учурда Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси ушул конституциялык Мыйзам менен каралган тартипте ээлеген кызматынан бошотулат.

10-берене. Өкмөттүн ыйгарым укуктары

1. Өкмөт:

1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;

3) Өкмөттүн программасын ишке ашырууда өнүгүү концепцияларын жана программаларын бекитет;

4) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

5) мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;

6) бюджеттик-финансылык, баа, тариф, инвестициялык, тышкы экономикалык, салык жана бажы саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

7) социалдык-экономикалык чөйрөдө, жаштар саясатында, маданият, көркөм өнөр, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция, этностор аралык мамилелер, балдарды коргоо жана гендердик теңчилик, социалдык камсыз кылуу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер байлыктарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө; архитектура, шаар куруу жана курулуш иши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, статистика, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тоолуу аймактар жана башка чөйрөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

8) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууну камсыз кылат; эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат; ушундай келишимдерди узартат же болбосо бузат; Кыргыз Республикасынын жарандарын анын аймагынан тышкары жерлерде коргойт; Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелеринин өнүгүшүн камсыз кылат;

9) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын алдында Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүн ачууну камсыз кылат;

10) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке киргизет жана анын аткарылышын камсыз кылат; Жогорку Кеңешке республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет берет;

11) менчиктин бардык түрлөрүнүн өнүгүшүнүн тең шарттарын камсыз кылуу жана аларды коргоо, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

12) мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат, мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин менчиктештирүүнү уюштурат;

13) объекттерди, мамлекеттик материалдык резервдин товардык-материалдык баалуулуктарын башкаруу жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

14) жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;

15) тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууну камсыз кылат;

16) техникалык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат; экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү программасын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн, жумуш жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт;

17) бирдиктүү монополияга каршы жана атаандаштык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

18) экономикалык мейкиндиктин жана экономикалык иштин эркиндигинин бирдиктүүлүгүн, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана финансы каражаттарынын эркин өтүп турушун камсыз кылат;

19) республиканын экономикалык жана финансы тутумун чыңдоо боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

20) бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат;

21) мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт; мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;

22) Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте карала турган кечиктирилгис мыйзам долбоорлорунун тизмесин аныктайт;

23) Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин актыларынын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарууга милдеттүү токтомдорду жана тескемелерди чыгарат жана алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;

24) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдардын көбөйүшүн же анын киреше бөлүгүнүн кыскарышын караган мыйзамдардын долбоорлоруна каржылоо булактарынын бар экендиги жөнүндө расмий корутундуларды берет;

25) министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар бөлүгүндө отчетторун угат;

26) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоболорун, башкаруу схемасын жана чектик штаттык санын бекитет;

26-1) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн, штаттык санын бекитет;

26-2) Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү институтун түзөт;

27) консультациялык-кеңеш берүү органдарын түзөт;

28) эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобону жана аларды өнүктүрүү программаларын бекитет;

29) Өкмөттүн Ардак грамотасын жана башка өкмөттүк сыйлыктарды түзөт, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт;

30) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө шарттарын аныктайт;

31) аскердик наамдарды жана атайын наамдарды ыйгаруу тартибин аныктайт;

32) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын актыларын жокко чыгарат;

33) Жогорку Кеңештин кезексиз сессияларын чакыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасына сунуштарды киргизет;

34) мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун уюштурат;

35) жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

36) Конституция, ушул конституциялык Мыйзам жана мыйзамдар менен анын карамагына кирген башка ыйгарым укуктарды аткарат.

2. Конституция менен Президенттин жана Жогорку Кеңештин компетенциясына таандык болгон, ошондой эле Конституцияжана мыйзамдар менен соттордун, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык болгон маселелерден тышкары, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.

10-берене. Өкмөттүн ыйгарым укуктары

1. Өкмөт:

1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;

3) Өкмөттүн программаларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар (иш-аракеттер) пландарын бекитет жана алардын аткарылышын камсыз кылат;

35-1) расмий майрам күндөрдүн жана эстелик күндөрдүн датасын бекитет;

36) Конституция, ушул конституциялык Мыйзам жана мыйзамдар менен анын карамагына кирген башка ыйгарым укуктарды аткарат.

2. Конституция менен Президенттин жана Жогорку Кеңештин компетенциясына таандык болгон, ошондой эле Конституцияжана мыйзамдар менен соттордун, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык болгон маселелерден тышкары, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.

13-берене. Өкмөттүн отставкасы

1. Өкмөт төмөнкү негиздер боюнча отставкага кеткен болуп эсептелет:

1) фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондо;

2) Конституцияда каралган учурларда, Жогорку Кеңешке шайлоолор мөөнөтүнөн мурда дайындалганда;

3) Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы кабыл алынганда;

4) Президент тарабынан Премьер-министрдин отставкасы кабыл алынганда;

5) Конституцияда каралган тартипте, Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынганда;

6) ушул беренеде каралган тартипте, Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартышына байланыштуу Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим Президент тарабынан кабыл алынганда.

2. Өкмөт отставкага кеткен учурда ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттө жаңы Өкмөт түзүлөт.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда, Президент фракциялардын коалициясы тарабынан парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондугу жөнүндө расмий жарыялаган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде фракциялардын бирине 15 жумуш күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 6-пункттарында каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынгандан же ал тарабынан Премьер-министрдин жана Өкмөттүн отставкасы кабыл алынгандан тартып 15 күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.

3. Премьер-министр Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин алдына жылына бир жолуданашык эмес коюшу мүмкүн.

Премьер-министрдин Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселеси Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат.

Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңештин алдына Премьер-министр тарабынан демилге көтөрүлгөн Жогорку Кеңештин айкын чечиминин долбоору менен байланышта коюлушу мүмкүн. Бул учурда Премьер-министр сунуш кылган чечимди Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынбагандыгы Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартуу деп эсептелет.

Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңештин алдына республикадагы жалпы саясий кырдаалга негизденүү менен коюлушу мүмкүн.

Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тарткан учурда Президент 5 жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.

4. Өкмөттүн отставкасынын кабыл алынышы Өкмөттүн бүткүл курамынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин отставкасына алып келет.

Өкмөттүн отставкасы учурунда Өкмөттүн мүчөлөрү жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери дайындалган күнгө чейин өз милдеттерин аткарууну уланта берет.

Отставкага кеткен Өкмөт мүчөлөрү Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү дайындалган күнү Президенттин жарлыгы менен өз милдеттерин аткаруудан бошотулат.

5. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-берене. Өкмөттүн отставкасы

1. Өкмөт төмөнкү негиздер боюнча отставкага кеткен болуп эсептелет:

1) фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондо;

2) иштеп жаткан чакырылыштагы Жогорку Кенештин ыйгарым укуктарын токтотуу;

3) Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндөчечими кабыл алынганда;

4) Президент тарабынан Премьер-министрдин отставкасыжөнүндө чечими кабыл алынганда;

5) Конституцияда каралган тартипте, Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынганда;

6) ушул беренеде каралган тартипте, Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартышына байланыштуу Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим Президент тарабынан кабыл алынганда.

1-1. Президент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызматтан кетиши жөнүндө жарлыкты үч жумушчу күндүн ичинде кабыл алат.

2. Өкмөт отставкага кеткен учурда ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттө жаңы Өкмөт түзүлөт.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда, Президент фракциялардын коалициясы тарабынан парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондугу жөнүндө расмий жарыялаган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде фракциялардын бирине 25 жумуш күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 6-пункттарында каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынгандан же ал тарабынан Премьер-министрдин жана Өкмөттүн отставкасы кабыл алынгандан тартып 15 күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.

3. Премьер-министр Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин алдына жылына эки жолуданашык эмес коюшу мүмкүн.

Премьер-министрдин Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселеси Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат.

Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңештин алдына Премьер-министр тарабынан демилге көтөрүлгөн Жогорку Кеңештин айкын чечиминин долбоору менен байланышта коюлушу мүмкүн. Бул учурда Премьер-министр сунуш кылган чечимди Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынбагандыгы Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартуу деп эсептелет.

Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңештин алдына республикадагы жалпы саясий кырдаалга негизденүү менен коюлушу мүмкүн.

Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тарткан учурда Президент 5 жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.

4. Өкмөттүн отставкасынын кабыл алынышы Өкмөттүн бүткүл курамынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин отставкасына алып келет.

Өкмөттүн отставкасы учурунда Өкмөттүн мүчөлөрү жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери дайындалган күнгө чейин өз милдеттерин аткарууну уланта берет.

Отставкага кеткен Өкмөт мүчөлөрү Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү дайындалган күнү Президенттин жарлыгы менен өз милдеттерин аткаруудан бошотулат.

5. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-берене. Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары жана башка актылар

1. Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин актыларынын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт токтомдорду жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын камсыз кылат.

2. Өкмөттүн ченемдик мүнөздөгү актылары токтомдор түрүндө чыгарылат. Оперативдүү жана башка ченемдик эмес мүнөздөгү учурдагы маселелер боюнча Өкмөттүн чечимдери тескемелер түрүндө чыгарылат.

3. Премьер-министрдин тескемелери анын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча чыгарылат.

4. Өкмөттүн же Премьер-министрдин актысына виза койгон кызмат адамы алардын бөлүгүнө тиешелүү жоболордун мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү үчүн жеке жооп берет.

5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик башка органдардын жетекчилери Өкмөттүн укуктук актыларынын долбоорлорун киргизгендиги жана макулдашкандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

6. Өкмөттүн токтомдору жана тескемелери, Премьер-министрдин тескемелери министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.

7. Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун тартиби мыйзамдар менен аныкталат.

8. Өкмөттүн токтомдору менен тескемелерине Премьер-министр, ал эми Премьер-министр болбогондо биринчи вице-премьер-министр же болбосо анын ордун ээлеген вице-премьер-министр кол коет.

9. Мамлекеттик же башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды камтыган актылардан тышкары, Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары Өкмөттүн расмий басма сөз органында же расмий Интернет-порталында белгиленген тартипте жарыяланууга тийиш.

10. Өкмөттүн жана Премьер-министрдин актылары сотко даттанылышы мүмкүн.

17-берене. Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары жана башка актылар

1. Конституциянын, мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт токтомдорду жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын камсыз кылат.

2. Өкмөттүн ченемдик мүнөздөгү актылары токтомдор түрүндө чыгарылат. Оперативдүү жана башка ченемдик эмес мүнөздөгү учурдагы маселелер боюнча Өкмөттүн чечимдери тескемелер түрүндө чыгарылат.

3. Премьер-министрдин тескемелери анын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча чыгарылат.

4. Өкмөттүн же Премьер-министрдин актысына виза койгон кызмат адамы алардын бөлүгүнө тиешелүү жоболордун мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү үчүн жеке жооп берет.

5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик башка органдардын жетекчилери Өкмөттүн укуктук актыларынын долбоорлорун киргизгендиги жана макулдашкандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

6. Өкмөттүн токтомдору жана тескемелери, Премьер-министрдин тескемелери министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.

7. Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун тартиби мыйзамдар менен аныкталат.

8. Өкмөттүн токтомдору менен тескемелерине Премьер-министр, ал эми Премьер-министр болбогондо биринчи вице-премьер-министр же болбосо анын ордун ээлеген вице-премьер-министр кол коет.

9. Мамлекеттик же башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды камтыган актылардан тышкары, Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары Өкмөттүн расмий басма сөз органында же расмий Интернет-порталында белгиленген тартипте жарыяланууга тийиш.

10. Өкмөттүн жана Премьер-министрдин актылары сотко даттанылышы мүмкүн.

18-берене. Премьер-министрдин ыйгарым укуктары

1. Премьер-министр аткаруу бийлигинин жогорку кызмат адамы болуп саналат.

2. Премьер-министр:

1) Өкмөткө жетекчилик кылат, анын иши үчүн Жогорку Кеңештин алдында жеке жоопкерчилик тартат;

2) аткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

3) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жерлерде Өкмөттүн атынан иш алып барат;

4) Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын аныктайт;

5) Өкмөттүн мүчөлөрүнөн — коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо, Өкмөттүн түзүмүн, курамын өзгөртүү боюнча сунуштарды жана Өкмөттүн программаларын Жогорку Кеңешке киргизет;

6) Өкмөт менен ага баш ийген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин уюштурат;

7) Өкмөттүн жыйналыштарына төрагалык кылат;

8) Өкмөттүн токтомдоруна, тескемелерине, Өкмөттүн жыйналыштарынын протоколдоруна кол коет;

9) өз компетенциясына кирген маселелер боюнча тескемелерди чыгарат;

10) биринчи вице-премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

11) (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

12) биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин жана Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын ишин координациялайт жана контролдойт;

13) мыйзамдарда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өкмөттөр аралык жана башка эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коет;

14) Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын башка мамлекеттердин экономикасына интеграцияланышына көмөк көрсөтөт;

15) администрациялык ведомстволордун, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

16) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун статс-катчыларын мыйзамдарда каралган тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

17) коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо, министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын сунуштамасы боюнча министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин орун басарларын (анын ичинде биринчи орун басарын) кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

18) Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүн, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларын алардын жетекчилеринин сунуштамасы боюнча кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

19) Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисин, орун басарларын (анын ичинде биринчи орун басарын) кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

20) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин кеңешчилери менен жардамчыларын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн башчыларын дайындайт жана бошотот;

21) жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын мыйзамда каралган тартипте дайындайт жана бошотот;

22) чет өлкөлүк мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындоого Президентке макулдук берет;

23) Өкмөттүн мүчөлөрүн кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштамаларды Президентке белгиленген тартипте киргизет;

24) Президент тарабынан дайындалуучу кызмат адамдарын бошотуу жөнүндө сунуштамаларды Президентке белгиленген тартипте киргизет;

25) министрлерге, мамлекеттик комитеттердин төрагаларына, администрациялык ведомстволордун жетекчилерине, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

26) Өкмөткө ведомстволук караштуулуктагы аткаруу бийлик органдарынын башка кызмат адамдарына, мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алардын бирикмелеринин өзү дайындоочу жана бошотуучу жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот;

27) мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын башкы директорлорун, ошондой эле дайындоо, бекитүү (бошотуу) Премьер-министрдин тескемеси менен жүзөгө ашырылуучу кызматтардын номенклатурасына кирген башка кызмат адамдарын белгиленген тартипте дайындайт жана бошотот;

28) Өкмөттүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган курал жана башка өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку аскер наамдарын, класстык чендерди, Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;

29) жогорку класстык чендерди ыйгарат;

30) Кыргыз Республикасынын эл аралык финансы институттарындагы жана эл аралык уюмдардагы өкүлдөрүн дайындайт;

31) (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

32) (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

33) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Премьер-министрдин чечимдери Премьер-министрдин тескемелери түрүндө кабыл алынат.

21) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт жана бошотот;

22) чет өлкөлүк мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындоого Президентке макулдук берет;

23) Өкмөттүн мүчөлөрүн кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштамаларды Президентке белгиленген тартипте киргизет;

23-1) Конституцияда каралган учурларда Өкмөттүн мүчөлөрүн ээлеген кызмат ордунан бошотот;

24) Президент тарабынан дайындалуучу кызмат адамдарын бошотуу жөнүндө сунуштамаларды Президентке белгиленген тартипте киргизет;

25) министрлерге, мамлекеттик комитеттердин төрагаларына, администрациялык ведомстволордун жетекчилерине, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

26) Өкмөткө ведомстволук караштуулуктагы аткаруу бийлик органдарынын башка кызмат адамдарына, мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алардын бирикмелеринин өзү дайындоочу жана бошотуучу жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот;

27) мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын башкы директорлорун, ошондой эле дайындоо, бекитүү (бошотуу) Премьер-министрдин тескемеси менен жүзөгө ашырылуучу кызматтардын номенклатурасына кирген башка кызмат адамдарын белгиленген тартипте дайындайт жана бошотот;

28) Өкмөттүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган курал жана башка өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку аскер наамдарын, класстык чендерди, Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;

29) жогорку класстык чендерди ыйгарат;

30) Кыргыз Республикасынын эл аралык финансы институттарындагы жана эл аралык уюмдардагы өкүлдөрүн дайындайт;

31) (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

32) (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

33) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Премьер-министрдин чечимдери Премьер-министрдин тескемелери түрүндө кабыл алынат.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-берене. Премьер-министрди кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер

1. Премьер-министр Президент тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

2) башка ишке өткөндө же шайлануучу кызматка шайланганда;

3) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

4) ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

5) ээлеген кызматына шайкеш келбеген иш менен алектенгенде;

6) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;

7) сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп табылганда;

8) каза болгондо.

2. Премьер-министрди ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотуу Өкмөттүн отставкага кетишине алып келет.

Премьер-министр кызмат ордунан бошотулган учурда Өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияда каралган тартипте Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну уланта беришет. Премьер-министр кызмат ордунан бошотулган учурда анын милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучуга жүктөлөт.

3. Премьер-министр төмөнкү учурларда отставкага кетти деп эсептелет:

1) Президент тарабынан анын отставкасы кабыл алынганда;

2) Өкмөт отставкага кеткенде.

4. Премьер-министрдин отставкасы Өкмөттүн отставкага кетишине алып келет.

Премьер-министр же болбосо Өкмөт отставкага кеткен учурда, Конституцияда каралган тартипте Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр же Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну уланта беришет.

5. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Президент тарабынан кабыл алынган арыздын негизинде милдеттерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордунан бошотулган учурда, анын ыйгарым укуктары биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучуга жүктөлөт.

6. Конституцияны жана мыйзамдарды бузуу менен байланышпаган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан ишеним көрсөтпөөгө же Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланышпаган негиздер боюнча отставкага кеткен Премьер-министр Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри наамына ээ болот.

8) каза болгондо;

9) ишенимди жоготкондо.

24-берене. Өкмөттүн мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер

1. Өкмөттүн мүчөлөрү өз иши үчүн жана тиешелүү мамлекеттик органдын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

2. Өкмөттүн мүчөсү тарабынан антты, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузушу Премьер-министрдин негизделген сунуштамасы боюнча Президент тарабынан кызмат ордунан бошотууну кошуп алганда ага карата тартип чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздерден тышкары, Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат:

1) Өкмөттүн түзүмү өзгөртүлгөндө жана тиешелүү министрлик, мамлекеттик комитет жоюлганда (кайра уюштурулганда);

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

3) ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурда Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө;

4) башка ишке өткөндө же шайлануучу кызматка шайланганда;

5) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

6) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) ээлеген кызматына шайкеш келбеген иш менен алектенгенде;

8) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;

9) ал сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп табылганда;

10) каза болгондо;

4. Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн. Президент Өкмөттүн мүчөсүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Премьер-министр тарабынан сунуштама киргизилген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө аны кызматтан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарат.

Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Өкмөттүн айрым мүчөсүн кызмат ордунан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген Өкмөттүн мүчөсүн — мамлекеттик органдын жетекчисин кошпогондо, ал кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет.

4-1. Өкмөттүн мүчөсү отставка жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Өкмөттүн мүчөсүнүн отставкасы Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.

5. Өкмөттүн мүчөсү төмөнкү учурларда отставкага кетти деп эсептелинет:

1) Президент анын отставкасын кабыл алганда;

2) Өкмөт отставкага кеткенде.

6. Өкмөттүн мүчөсү отставкага кеткенде же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр Өкмөттүн мүчөсүнүн бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңеш тарабынан ал жактырылган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде Президентке киргизет. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Президент Өкмөттүн мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат.

(

         24-берене. Өкмөттүн мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер

1. Өкмөттүн мүчөлөрү өз иши үчүн жана тиешелүү мамлекеттик органдын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

2. Өкмөттүн мүчөсү тарабынан антты, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузушу Премьер-министрдин негизделген сунуштамасы боюнча Президент тарабынан кызмат ордунан бошотууну кошуп алганда ага карата тартип чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат же ушул берененин 4- бөлүгүнө ылайык Өкмөт башчы менен.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздерден тышкары, Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча же ушул берененин 4- бөлүгүнө ылайык Өкмөт башчы менен Президент тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат:

1) Өкмөттүн түзүмү өзгөртүлгөндө жана тиешелүү министрлик, мамлекеттик комитет жоюлганда (кайра уюштурулганда);

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

3) ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурда Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө;

4) башка ишке өткөндө же шайлануучу кызматка шайланганда;

5) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

6) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) ээлеген кызматына шайкеш келбеген иш менен алектенгенде;

8) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;

9) ал сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп табылганда;

10) каза болгондо;

11) ишенимди жоготкондо;

12) Өкмөт мүчөсү Премьер-министрге ал ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнундө кайрылуу жасаганда;

4. Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн. Президент Өкмөттүн мүчөсүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Премьер-министр тарабынан сунуштама киргизилген күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө аны кызматтан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарат.

         Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Өкмөттүн айрым мүчөсүн кызмат ордунан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген Өкмөттүн мүчөсүн - мамлекеттик органдын жетекчисин кошпогондо, Премьер-министр парламенттик көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин Өкмөт мүчөсүн өзүнүн чечими менен ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.

4-1. Күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Өкмөттүн мүчөсү төмөнкү учурларда отставкага кетти деп эсептелинет:

1) отставка кабыл алынганда;

2) Өкмөт отставкага кеткенде.

6. Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштайт. Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди Президент Өкмөт мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындайт. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн баштап Президент 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет. 

31-берене. Өкмөттүн мыйзам чыгаруу ишине катышуусу

1. Өкмөткө мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугу таандык.

Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоорун сунуш кылуу үчүн  Жогорку Кеңешке расмий өкүл дайындалат министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же болбосо алардын биринчи орун басарларынан, статс-катчыларынан, орун басарларынан, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнөн.

2. Мыйзам чыгаруу демилге укугу Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорун түздөн-түз иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү жолу менен ишке ашырылат.

3. Өкмөт мыйзам чыгаруу ишине төмөндөгүлөр каралган мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутунду берүү жолу аркылуу да катышат:

1) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;

2) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдарды көбөйтүү же анын киреше бөлүгүн кыскартуу;

3) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү;

4) салыктарды киргизүү же жокко чыгаруу, аларды төлөөдөн бошотуу;

5) мамлекеттин финансы милдеттенмелерин кабыл алуу жана өзгөртүү;

6) Өкмөттүн, аткаруу бийлик органдарынын компетенцияларын жана ыйгарым укуктарын өзгөртүү.

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан же элдик демилге жолу менен демилге көтөрүлгөн мыйзамдардын мындай долбоорлору Өкмөттүн расмий корутундусун берүү үчүн Өкмөткө алдын-ала жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында каралган мыйзамдардын долбоорлоруна Өкмөттүн расмий корутундусу Өкмөттүн токтому менен, ал эми калган учурларда — кат жүзүндө жол-жоболоштурулат.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзам долбоорлору Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

5. Өкмөт мыйзам долбоорун ал келип түшкөн күндөн баштап 30 күндөн кечиктирбестен карайт. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти менен макулдашуу боюнча ал мөөнөт узартылышы мүмкүн.

6. Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген жана расмий корутунду алуу үчүн Өкмөткө жиберилген же жиберилбеген мыйзам долбоорлоруна кат түрүндө корутунду берүүгө укуктуу. Мыйзам долбоорлоруна кат түрүндөгү корутундуларга Премьер-министр, биринчи-вице-премьер-министр же вице-премьер-министр кол коет.

7. Өкмөттүн корутундусу Мыйзам долбоорлорун комитеттердин, фракциялардын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарында кароодо милдеттүү түрдө таркатылууга жана жарыяланууга жатат.

8. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. Өкмөт Жогорку Кеңешке берилген ченемдик укуктук актынын долбоорун чакыртып алууга укуктуу, бул жөнүндө Жогорку Кеңешке мыйзамдарда белгиленген тартипте билдирилет.

10. Өкмөткө байланыштуу эмес шарттар боюнча (зарыл маалыматтарды бербөө, анын ичинде финансылык-экономикалык негиздемелер, социалдык-экономикалык божомол жана долбоорду кабыл алуунун башка кесепеттери) корутундуну өз убагында берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо жазуу жүзүндөгү корутунду берүүнүн мөөнөтү жөнүндө маселе мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектти менен Өкмөттүн ортосунда макулдашуу боюнча чечилет.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 1502013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

         31-берене. Өкмөттүн мыйзам чыгаруу ишине катышуусу

1. Өкмөткө мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугу таандык.

2. Мыйзам чыгаруу демилге укугу Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү жолу менен ишке ашырылат.

Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеӊеште сунуштоо үчүн Өкмөттүн расмий өкүлү министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же болбосо алардын биринчи орун басарларынан, орун басарларынан, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнөн дайындалат.

Өкмөт тарабынан киргизилген Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөттүн макулдугусуз же ушул мыйзам долбоору боюнча дайындалган Өкмөттүн расмий өкүлүнүн макулдугусуз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

3. Өкмөт мыйзам чыгаруу ишине төмөндөгүлөр каралган мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутунду берүү жолу аркылуу да катышат:

1) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;

2) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдарды көбөйтүү же анын киреше бөлүгүн кыскартуу;

3) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү;

4) салыктарды киргизүү же жокко чыгаруу, аларды төлөөдөн бошотуу;

5) мамлекеттин финансы милдеттенмелерин кабыл алуу жана өзгөртүү;

6) Өкмөттүн, аткаруу бийлик органдарынын компетенцияларын жана ыйгарым укуктарын өзгөртүү.

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан же элдик демилге жолу менен демилге көтөрүлгөн мыйзамдардын мындай долбоорлору Өкмөттүн расмий корутундусун берүү үчүн Өкмөткө алдын-ала жөнөтүлүүгө тийиш.

3-1. Өкмөт республикалык бюджет, салыктар жөнүндөгү мыйзамдарга макул эмес болгон учурда, Премьер-министр Президентке мыйзамдарды кол койбостон кайтарып берүү боюнча белгиленген тартипте кайрыла алат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында каралган мыйзамдардын долбоорлоруна Өкмөттүн расмий корутундусу Өкмөттүн токтому менен, ал эми калган учурларда — кат жүзүндө жол-жоболоштурулат.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзам долбоорлору Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

5. Өкмөт мыйзам долбоорун ал келип түшкөн күндөн баштап 30 күндөн кечиктирбестен карайт. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти менен макулдашуу боюнча ал мөөнөт узартылышы мүмкүн.

6. Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген жана расмий корутунду алуу үчүн Өкмөткө жиберилген же жиберилбеген мыйзам долбоорлоруна кат түрүндө корутунду берүүгө укуктуу. Мыйзам долбоорлоруна кат түрүндөгү корутундуларга Премьер-министр, биринчи-вице-премьер-министр же вице-премьер-министр кол коет.

7. Өкмөттүн корутундусу Мыйзам долбоорлорун комитеттердин, фракциялардын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарында кароодо милдеттүү түрдө таркатылууга жана жарыяланууга жатат.

8. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. Өкмөт Жогорку Кеңешке берилген ченемдик укуктук актынын долбоорун чакыртып алууга укуктуу, бул жөнүндө Жогорку Кеңешке мыйзамдарда белгиленген тартипте билдирилет.

10. Өкмөткө байланыштуу эмес шарттар боюнча (зарыл маалыматтарды бербөө, анын ичинде финансылык-экономикалык негиздемелер, социалдык-экономикалык божомол жана долбоорду кабыл алуунун башка кесепеттери) корутундуну өз убагында берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо жазуу жүзүндөгү корутунду берүүнүн мөөнөтү жөнүндө маселе мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектти менен Өкмөттүн ортосунда макулдашуу боюнча чечилет.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 1502013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

34-берене. Өкмөт менен прокуратуранын өз ара мамилелери

1. Өкмөт менен прокуратуранын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул конституциялык Мыйзамынын жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.

2. Прокуратура аткаруу бийлик органдарынын тутумундагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Өкмөткө белгиленген тартипте маалымдайт.

3. Өкмөттүн курамына кирүүчү мамлекеттик органдар менен прокуратуранын ортосундагы ишти координациялоону Өкмөт камсыз кылат.

4. Өкмөт жарандардын эркиндиктери менен укуктарынын, коомдук тартипти сактоонун, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоонун мыйзамдуулугун камсыз кылууга карата суроо-талаптар жана сунуштар менен прокуратурага кайрылууга укуктуу, аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө жооп берилүүгө тийиш.

34-берене. Өкмөт менен прокуратуранын өз ара мамилелери

1. Өкмөт менен прокуратуранын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул конституциялык Мыйзамынын жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.

2. Прокуратура жыл сайын мыйзамдуулуктун аткаруу бийлик органдарынын системасындагы жана жалпы өлкөдөгү абалы жөнүндө Өкмөткө маалымдайт.

3. Аткаруу бийликтин мамлекеттик органдары жана прокуратуранын ортосундагы ишти координациялоону Өкмөт камсыз кылат.

4. Өкмөт жарандардын эркиндиктери менен укуктарынын, коомдук тартипти сактоонун, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоонун мыйзамдуулугун камсыз кылууга карата суроо-талаптар жана сунуштар менен прокуратурага кайрылууга укуктуу, аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө жооп берилүүгө тийиш.

Министр                                                                                                                                                                                         У.Ахметов

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар

Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?

Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы