18 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


1-берене

«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр  киргизилсин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-б):

1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Жаратылыш жана анын бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын улуттук энчиси, анын омоктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги факторлорунун бири.»;

2) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«1-берене. Ушул мыйзамдын предмети жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Ушул мыйзам Кыргыз Республикасында жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы  саясатты аныктайт жана укуктук мамилелерди жөнгө салат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын  мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул мыйзамдан, башка мыйзамдардан, жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле эл аралык келишимдерден турат.»;

3) 2-беренеде:

а) Жыйырма жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«озон катмары – биологиялык коркунучтуу ультрафиолеттик нурланууну сиңирип алуучу стратосферада жайгашкан атмосфералык озондун катмары;»;

б) отуз жетинчи абзацтагы  «жаратылышты коргоо мыйзамдары» деген сөздөр «айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары» деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) кырк үчүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;

г) элүү биринчи абзацтагы «жаратылышты коргоо мыйзамдарын» деген сөздөр «айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 6-беренеде:

а) 1-бөлүгүнүн он биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кошумча чаралар белгилениши мүмкүн.»;

5) 7-беренеде:

а) 2-бөлүгүндөгү «эл аралык конвенциялардын жана макулдашуулардын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин»  деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүндөгү «айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо органдары тарабынан башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен алардын компетенциясына ылайык макулдашуу боюнча» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен белгиленген тартипте» деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 8-беренеде:

а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин кошумча  түрлөрү белгилениши мүмкүн.»;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

«Айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдерин бекитүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.»;

7) 9-берене күчүн жоготту деп табылсын;

8) 11-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;

9) 13-берененин 2-бөлүгүндөгү «айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен белгиленген тартипте» деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«14-статья. Жаратылыш ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу жана социалдык-экономикалык баа берүү

Кыргыз Республикасында жаратылыш ресурстарынын жана  кайталанма сырьенун, алардын социалдык-экономикалык маанисин аныктоо менен эсепке алуу  жүргүзүлөт. Бул үчүн мамлекет тарабынан мамлекеттикжер, суу, токой кадастрлары, жер казынасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана объектилердин, ошондой эле өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын кадастрлары жүргүзүлөт

Мамлекеттик эсепке алуу жана социалдык-экономикалык баа берүү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен белгиленет.»;

11) 15-беренеде:

а) 3-бөлүгүндөгү «мамлекеттик» сөзү «республикалык» сөзүнө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүгүндөгү «жана башка булгоонун түрлөрү жана жаратылышка терс таасир тийгизүү» деген сөздөр алынып салынсын;

в) 5-бөлүгүндөгү «юридикалык жана жеке жактар тарабынан талашсыз тартипте жаратылышты коргоонун мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фондуларынын атайын эсептерине» деген сөздөр «республикалык бюджетке» деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 6-бөлүгүндөгү «жана ченемдери» сөздөрү алынып салынсын;

д) төмонкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

«Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жаратылышты пайдалануу үчүн башка төлөмдөр белгилениши мүмкүн.»;

12) 23-беренеде:

а) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;

б) б) 5-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын» жана «боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо боюнча республикалык мамлекеттик органы менен макулдашуу» деген сөздөр алынып салынсын;

13) 25-беренеде:

а) 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына ылайык министрликтер менен ведомстволор» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык мамлекеттик органдар» деген сөздөргө алмаштырылсын.

б) 3-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет жана мамлекеттик бийлик жана башкаруунун бардык органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга кабарланат» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет» деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 6-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;

14) 28-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«28-берене. Экологиялык аудит

Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушун жоюу жана болтурбай коюу жана айлана-чөйрөнүн булганышынын өтө жогорку тобокелчилигин аныктоо максатында ишканаларга көз карандысыз экологиялык аудит өткөрүлөт.

Экологиялык аудит аны өткөрүүгө таламдаш болгон юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын же тартылган каражаттардын эсебинен мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Экологиялык аудитти өткөрүүнүн тартиби, негизи жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.»;

15) 29-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«29-статья. Айлана-чөйрөнүн мониторинги

Айлана-чөйрөнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы анын ресурстарынын абалына жана өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү менен эсепке алууну, баа берүүнү, болжолдоону, контролдоону жана башкарууну, ошондой эле булганычтарды чек аралар аралык ташууларды камсыз кылуу максатында айлана-чөйрөнүн мамлекеттик мониторингинин тутуму түзүлөт.

Айлана-чөйрөнүн мамлекеттик мониторингинин структурасы, мазмуну жана аны жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

16) 30-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«30-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы контролдоонун милдеттери

Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы контролдук төмөндөгүлөрдү: чарбалык жана башка иштин таасири астында айлана-чөйрөнүн абалына жана өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү, жаратылышты коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү, айлана-чөйрөнү  коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо өзүнүн милдети катары коет.

Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы контрол  ишкерликтин субъекттерин текшерүүнү өткөрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

17) 31 жана 32-беренелер күчүн жоготту деп табылсын;

18) 34-берененин үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;

19) 35-берене күчүн жоготту деп табылсын;

20) 38-берененин 7-бөлүгүндөгү «, жаратылышты коргоонун каражаттарынын» деген сөздөр алынып салынсын;

21) 40-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«40-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы компетенциясы

Айлана-чөйрөнү коргоо жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына:

- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана комплекстүү башкарууну жүргүзүү;

- министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын ишин башкарууну, координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашыруу;

- жерлерди, жер казынасын, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды, атмосфералык абаны, токтойлорду жана башка өсүмдүктөрдү, жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануу үчүн, ошондой эле экологиялык коопсуздуктун ченемдерин сактоо үчүн мамлекеттик контрол.

- республиканын аймагында жаратылыш ресурстарына мониторинг киргизүүгө жана алардын пайдаланылышын жөнгө салууга контролдук жүргүзүү;

- айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун усулун бекитүүнү;

- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык, региондор аралык, мамлекеттер аралык программаларды жана пландарды жүзөгө ашыруунун концепцияларын иштеп чыгууну, бекитүүнү, каржылоону, ишке ашырууну жана контролдоону уюштуруу;

- жаратылыш ресурстарынын кадастрларын жүргүзүүнү уюштуруу;

- экологиялык коопсуздуктун ченемдерин, жаратылышты пайдалануунун лимиттерин жана ченемдерин бекитүү;

- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартибин жана өлчөмдөрүн бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик контролдугу жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик экологиялык экспертиза жөнүндө жоболорду бекитүү;

- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитүү;

- эгерде аларды жүзөгө ашыруу айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашына алып келсе, өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүнүн жана жайгаштыруунун, мелиорациянын, химиялаштыруунун жана башка чечимдердин мурда кабыл алынган схемаларын токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

- утилдештирилбеген уулуу, ошондой эле радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу жана көмүү боюнча полигондорду жайгаштыруучу жерлерди аныктоо;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, объектилер жөнүндө жана аларды Кыргыз Республикасынын табигый-корук фондусуна киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

- экологиялык камсыздандыруу жана экологиялык камсыздандыруу фондусун пайдалануу тартибин бекитүү;

- жарандарга экологиялык билим берүүнү жана тарбиялоону камсыз кылуу;

- эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;

- ушул мыйзам  жана  айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка маселелер таандык кылынат.

- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар түзүлүшү мүмкүн.

22) 43, 44 жана 45-беренелер күчүн жоготту деп табылсын;

23) 46-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«46-берене. Юридикалык жана жеке жактардын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы укуктары жана милдеттери

Юридикалык жана жеке жактар укуктуу:

- айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал жана комплекстүү пайдалануу жана иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышууга;

- белгиленген тартипте  айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ченем жаратуу процессине катышууга;

- белгиленген тартипте жаратылыш ресурстарын пайдаланууга;

- жаратылышты коргоонун коомдук бирикмелерин түзүүгө;

- айлана-чөйрөнүн жана калктын ден соолугунун абалы жөнүндө, курууга пландаштырылып жаткан өндүрүштүк объектилер тууралу толук жана так маалымат алууга;

- коомдук экологиялык экспертизаны өткөрүүгө катышууга;

- экологиялык билим алууга;

- табиятка, ден соолугуна жана мүлкүнө айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүнүн натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге, кызмат адамдарына жана жарандарга талаптарды жана доолорду коюуга укуктуу.

Юридикалык жана жеке жактар милдетүү:

- айлана-чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына этият мамиле кылууга;

- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органдарынын буйруктарын аткарууга;

- товарларды, башка продукцияларды даярдоодо алардын экологиялык коопсуздугун жана калктын ден соолугу үчүн зыянсыздыгын камсыз кылууга;

- айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

Жарандар (алардын бирикмелери) саясий, экономикалык жана социалдык терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон жалган (текшерилбеген) экологиялык маалыматты жайылтууга укуксуз.

24) 47-берененин 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөрдүн алдына «айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» деген сөздөр менен толукталсын;

25) 48-берененин 2-бөлүгүндөгү «Айлана-чөйрөнү коргоонун, билим берүүнүн мамлекеттик органдары, башка» деген сөздөр алынып салынсын;

26) 50-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«50-берене. Айлана-чөйрө жөнүндө маалымат

Ар бир жаран же уюм мамлекеттик органдарда болгон айлана-чөйрө жөнүндө маалыматтарга укуктуу болот..

Айлана-чөйрө жөнүндө маалымат колунда болгон  мамлекеттик органдар жарандардын жана уюмдардын каалоосу боюнча маалымат берүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик же башка мыйзам менен корголгон сырды түзгөн маалыматтарды кошпогондо, айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө маалымат мамлекеттик органдар тарабынан арыздануучунун кат жүзүндөгү сунуш-талабы боюнча жарандардын кайрылууларын кароо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте  берилет.»;

27) 53-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

«экоцид үчүн эскирүү мөөнөтүн колдонууга жол берилбейт.»;

28) 54-беренеде:

а) 3-бөлүгүндөгү «жаратылышты коргоонун республикалык жергиликтүү фондуларына» деген сөздөр  «республикалык бюджетке» деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 6-бөлүгүндөгү «ал эми аларды белгилөө мүмкүн болбогондо, жаратылышты коргоонун тиешелүү фондусунун каражаттарынын эсебинен өндүрүлөт.» деген сөздөр алынып салынсын;

29) 56-берененин1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаштар  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.»;

30) 57-берене күчүн жоготту деп табылсын;

31) 58-берене   төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«58-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык келишимдер

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.»;

 

2-берене

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Өкмөт өзүнүн чечимдерин ушул мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

МААЛЫМ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ

 

Сунушталган мыйзам долбоору «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин Конституцияга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Алсак, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдын ченемдерине ылайык преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт, долбоор менен «жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын преамбуласынын экинчи абзацын күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

Ошондой эле, «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 1-беренесин мыйзамдын предметин регламенттеген жоболор менен толуктоо сунушталууда.

Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүүгө жол берилбегендиктен, долбоор менен айлана чөйрөнү коргоонун республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү мүмкүндүгүн алып салуу сунушталууда.

Ошондой эле «озон катмары» түшүнүгүн «Озон катмарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү сунушталууда.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы менен ченем жаратуучу органдардын (кызмат адамдардын) тизмеги так аныкталган. Бирок «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү чөйрөдөгү айрым ченемдик укуктук актыларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктары каралган, ушуга байланыштуу долбоор менен тиешелүү түзөтүүлөр каралган.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 11-беренеси ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен Өкмөт аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.

Аталган конституциялык мыйзамдын 17-беренесине ылайык, Өкмөт конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин актыларынын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт токтомдорду жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын камсыз кылат.

Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоору менен «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын конституциялык мыйзамдын белгиленген беренелерине ылайык келтирүү сунушталууда, атап айтканда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу.

Дагы кошумча, «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 50-беренесин «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»  мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү сунушталууда.

Ошондой эле долбоор менен «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына тактоочу мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралууда.

Иштөөдөгү улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча, сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери башка ченемдик укуктук актыларга каршы келбейт, ошондой эле долбоор жөнгө салуучу таасирди талдоого жатпайт анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»  мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык долбоор коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрүү үчүн Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылган.

Белгиленген долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик эколгиялык , коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт жана  мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы чыгымдарын талап кылбайт.

 

 

Министр                                                                                                                   У. Ахметов

 

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы