15 Жетинин айы, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ Жарандык жөнүндө


1-глава

Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

Ушул конституциялык  Мыйзам, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун жана токтотуунун шарттарынын жана тартибинин негиздерин, принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын таанууну белгилейт.

 

2-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу жөнүндө мыйзамдар

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу жөнүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул конституциялык Мыйзамдан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерден жана ушул конституциялык Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу жөнүндө маселелерди башка мыйзамдарга кошууга жол берилбейт.

 

3-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

Кыргыз Республикасынын жарандыгы – алардын өз ара укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысынан көрүнгөн адамдын Кыргыз Республикасы менен саясий-укуктук байланышы;

жарандыгы жок адамдар - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандай болбосун чет мамлекеттин жарандыгына ээ эмес, мындай статусту Кыргыз Республикасында же чет элдик мамлекеттерде алган адам;

текшерүү – улуттук коопсуздук органы жана ички иштер органдары тарабынан өткөрүлгөн, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана токтотуу жөнүндө маселелер боюнча өтүнүч кылган адамдарды изилдөө жана текшерүү боюнча иш чаралар.

 

4-берене. Башка жарандык

1. Башка жарандыгы да бар Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны катары  каралат.

Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттин жарандары үчүн башка жарандык таанылбайт.

2. Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна алып келбейт.

3. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен белгиленген тартипте башка жарандыгынын бардыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны берүүгө милдеттүү.

Кабарламаны берүүдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын жараны административдик жоопкерчиликке тартылат.

 

5-берене. Кош жарандык

1. Кыргыз Республикасынын жаранында эгерде мамлекеттердин ортосунда кош жарандык маселелери боюнча Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер бар болсо  ал тарабынан кабыл алынган чет мамлекеттин жарандыгы таанылышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттин жаранынын Кыргыз Республикасындагы кош жарандыгы таанылбайт.

 

6-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын принциптери

Кыргыз Республикасынын жарандыгы төмөнкүдөй принциптерге негизделген:

1)        Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуунун эркиндиги;

2)        мамлекеттик башкаруу тутумуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган адамдар үчүн бирдей шарттарды түзүү;

3)        Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жарандарды коргоо жана колдоо;

4)        Кыргыз Республикасынын жарандарынын тең укуктугу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун негизине жана тартибине карабастан бирдей шарттарды түзүү;

5)        Кыргыз Республикасынын жарандарын басмырлоого жол бербөө;

6)        патриотизм;

7)        Кыргыз Республикасынан чыгуунун жана Кыргыз Республикасына кирүүнүн эркиндиги;

8)        Кыргыз Республикасынан жарандарды чыгарып салууга жана Кыргыз Республикасынын жарандарын башка мамлекетке берүүнүн жол берилбестиги;

9)        Кыргыз Республикасынын жарандыгынан негизсиз ажыратуунун жол берилбестиги.

 

2-глава

Жарандыктын принциптерин камсыздоонун  кепилдиктери

 

7-берене. Жарандыкты алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы бала Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн же бала Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары төрөлгөн учурда берилет, эгерде ата-энесинин бирөө эле Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса; Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган учурда ушул конституциялык мыйзам менен каралган мөөнөттөрдө.

2. Кыргыз Республикасынын   жарандыгы ошондой эле ушул конституциялык мыйзам менен каралган башка негиздер  боюнча да  алынат.

3.  Кыргыз Республикасынын ар бир жараны ушул конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгыган  чыгууга укуктуу.

 

8-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын теңдиги жөнүндө

1. Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган адамдарга мамлекеттик башкаруу тутумуна катышууга укукту кепилдейт.

2. Мамлекеттик башкаруу тутумуна катышууга жарандардын укугун чектөө улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, калктын ден соолугун жана адеп-ахлактуулугун сактоо, башка жактардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурларда, ошондой эле аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жол берилет.

 

 

 

9-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары коргоо жана колдоо

1. Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулукка интеграциялоо жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын коргоо жана колдоо боюнча чараларды көрөт.

2. Чет мамлекеттин аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн чет мамлекетте жүргөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мекемелерине билдирүүгө укуктуу.

3. Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандардын эсебин камсыздайт.

4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекетте акредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине юридикалык жардам үчүн кайрылууга укуктуу.

 

10-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын тең укуктуулугу

1. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу негиздерине карабастан мыйзам менен бирдей укуктар жана милдеттер менен бөлүнөт, ал бардыгына бирдей жайылтылат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандарын жынысы, расасы, тили, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого жол берилбейт.

3. Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын бузулган укуктары, милдеттери жана басмырлоо боюнча тең соттук коргоо камсыздалат.

 

11-берене. Патриотизм

1. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасын жаманатты кылган аракеттерди жана жоруктарды  жүзөгө ашырууга укуксуз.

2. Өлкөнүн беделин көтөрүү жана колдоо Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын милдети болуп саналат.

 

12-берене. Жарандардын Кыргыз Республикасына кирүү жана Кыргыз Республикасынан чыгуу укугу

1. Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынан эркин чыгууга жана Кыргыз Республикасына эркин кирүүгө укуктуу.

2. Мыйзам менен каралган учурларды кошпогондо эркин кирүү жана чыгуу укугун чектөөгө жолберилбейт.

3. Кыргыз Республикасынын жарандарын республикадан чыгарып жиберүүгө, Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салууга же тоскоолдук болууга, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын жарандарын башка мамлекетке берүүгө жол берилбейт.

4. Ушул берененин бузулушуна жол берген жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө, Кыргыз Республикасына кирбөөгө зомбулук менен мажбурлоо жана коркутуу үчүн да кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат.

 

13-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан өз билемдик менен ажыратууга жол берилбейт.

2. Адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу  Конституциялык мыйзам менен каралган тартипте жана учурларда жол берилет.

 

 

 

3-глава.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын таануу, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу тартиби жана шарттары

 

Эскертүү. Ушул главада жана ушул конституциялык мыйзамдын 4 жана 5-главаларында пайдаланылган «ата-эне» түшүнүгү жалгыз ата-эне, бала асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү дегенди билдирет.

 

14-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгын таануу

Кыргыз Республикасынын жарандары болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган адамдар (жарандык статусу бар);

2) СССРдин жарандыгында турган адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы беш жылда туруктуу жашаган (калкты каттоо органга кайрылган учурдан тартып) жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө билдирүү кылбаса.

3) туулган мамлекетине карабастан ата-энеси Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган балдар;

4) Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан асырап алынган балдар;

5) туулган мамлекетине карабастан, ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган балдар;

6) Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, жарандыгы жок адамдар болуп  саналган, мындай статусту Кыргыз Республикасында алган ата-энелердин  балдары;

7) ата-энесинин экөө тең белгисиз, Кыргыз Республикасынын аймагында турган балдар;

8) ата-энесинин бирөө ал туулган учурда Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, ал эми башкасы туулган жерине карабастан мындай статусту Кыргыз Республикасында алган жарандыгы жок адам болуп саналган балдар;

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга документтер Кыргыз Республикасынын жараны катары таризделет жана берилет. Документтерди тариздөө жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

15-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жалпы тартипте алуу

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жалпы тартипте алуу талаптагыдай таризделген документтерди тиркөө менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү берген күндөн тартып бир жылга чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

2. 18 жаштык куракка толгон, Кыргыз Республикасында мындай статусту алган жарандыгы жок адамдар жана чет элдик жарандар, ушул конституциялык Мыйзамдын                20 жана 21-беренелеринде көрсөтүлгөн талаптар бар болгондо Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүчү менен жалпы тартипте кайрылууга укуктуу.

 

16-берене. Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу

1. Адам Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн учурда Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуу талаптагыдай таризделген документтерди тиркөө менен өтүнүчтү берген күндөн тартып алты айга чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

2. Ушул конституциялык мыйзамдын 17, 22-25-беренелеринде көрсөтүлгөн талаптарына ылайык келген учурда 18 жаштык куракка толгон, жарандыгы жок адамдар жана чет элдик жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүчү менен жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кайрылууга укуктуу.

17-берене. Туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу

1. Адам Кыргыз Республикасынын аймагында туулган учурда Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу. Бул учурда мындай адамдын ата-энесинин чет мамлекетке таандыктыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

Баланын ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган учурда ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгын  кабыл алууда Кыргыз Республикасынын жараны ант берет, жана жарандыкка кабыл алуу жөнүндө Президенттин жарлыгы чыккан күндөн тартып жарандык алынган болуп эсептелинет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди тапшыруу жана тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

18-берене. Кыргыз Республикасынын жаранынын анты

1. Адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып жатып, жазуу жүзүндө ант берет:

«Мен, ……………… Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып жатып салтанаттуу ант беремин: Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого,  Кыргызстандын элине жана мекенге  берилгендигиме, укуктарды жана улуттук кызыкчылыктарды коргоого.».

2.  Ант берүүчү анттын текстине кол коёт жана аны кабыл алган датаны көрсөтөт. Анттын тексти Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу боюнча көктөмөсүндө сакталат.

 

19-берене. Баланын жарандыгын сактап калуу жана өзгөртүү

1. Чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар, же бирөө Кыргыз Республикасынын жараны, башкасы чет элдик жаран же жарандыгы жок адам болуп саналган  жубайлар тарабынан асырап алынган Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелинген бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап калат.

2. 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы баланын  ата-энесинин жарандыгы өзгөргөн учурда, ошондой эле баланы асырап алууда баланын жарандыгын өзгөртүү балдардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу менен гана жол берилет.

 

20-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу

1. Кыргыз Республикасында чет элдик жаран жана жарандыгы жок адам статусун алган, туруктуу жашап туруунун негизинде беш же андан көп жыл үзгүлтүксүз Кыргыз Республикасынын  аймагында жашаган, ошол эле учурда ушул мезгилдин ичинде соттолбогон, мамлекеттик же расмий тилде сүйлөшүү/түшүндүрүү үчүн жетишээрлик көлөмдө билген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

Эгерде адам Кыргыз Республикасынын чегинен бир жылдын ичинде үч айдан көп эмес убакытка чыкпаса жашоо мөөнөтү үзгүлтүксүз болуп эсептелинет.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда Кыргыз Республикасынын жараны ант берет жана жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү Президенттин жарлыгы чыккан күндөн тартып  жарандык алынган болуп эсептелинет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди берүү жана тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

 

21-берене. Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлктү сатып алгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу

1. Кыргыз Республикасында чет элдик жаран жана жарандыгы жок адам статусун алган, туруктуу жашап туруунун негизинде үч же андан көп жыл үзгүлтүксүз Кыргыз Республикасынын  аймагында жашаган, жана жашоо үчүн багытталган жана жарактуу Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлкү бар, ошол эле учурда ушул мезгилдин ичинде соттолбогон, мамлекеттик же расмий тилде сүйлөшүү/түшүндүрүү үчүн жетишээрлик көлөмдө билген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

Эгерде адам Кыргыз Республикасынын чегинен бир жылдын ичинде үч айдан көп эмес убакытка чыкпаса жашоо мөөнөтү үзгүлтүксүз болуп эсептелинет.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда Кыргыз Республикасынын жараны ант берет жана жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү Президенттин жарлыгы чыккан күндөн тартып  жарандык алынган болуп эсептелинет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди берүү жана тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

22-берене. Кыргыз Республикасынын жараны менен никеси бар болгондо жарандыкты алуу

1. Кыргыз Республикасынын жараны менен үч жылдан кем эмес никеде турган  же никеде баласы бар   ошол эле учурда ушул мезгилдин ичинде соттолбогон, мамлекеттик же расмий тилди сүйлөшүү/түшүндүрүү үчүн жетишээрлик көлөмдө билген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда Кыргыз Республикасынын жараны ант берет жана жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү Президенттин жарлыгы чыккан күндөн тартып  жарандык алынган болуп эсептелинет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди берүү жана тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

23-берене. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине салым кошкондо жарандыкты алуу

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен аныкталган өлчөмдө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине салым кошкон, соттуулугу жок, чет мамлекетте же келген өлкөсүндө кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбаган,   мамлекеттик же расмий тилде сүйлөшүү/түшүндүрүү үчүн жетишээрлик көлөмдө билген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар статусун чет мамлекетте алган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда Кыргыз Республикасынын жараны ант берет жана жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү Президенттин жарлыгы чыккан күндөн тартып  жарандык алынган болуп эсептелинет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди берүү жана тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

24-берене. Мурда Кыргыз ССРинде, СССРинде  жана Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган же Кыргыз Республикасынын жараны – ата энеси бар жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдардын жарандыкты алуусу

1. Кыргыз ССРинде туулган жана мурдагы СССРдин жарандыгында  турган же Кыргыз Республикасында туулган, же ата энесинин бирөө  Кыргыз Республикасынын жараны болгон жана Кыргыз Республикасынын  аймагында жашаган,     мамлекеттик же расмий тилде сүйлөшүү/түшүндүрүү үчүн жетишээрлик көлөмдө билген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар   Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда Кыргыз Республикасынын жараны ант берет жана жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү Президенттин жарлыгы чыккан күндөн тартып  жарандык алынган болуп эсептелинет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди берүү жана тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

25-берене. Этникалык кыргыздар, кайрылмандар тарабынан жарандыкты алуу

1. Кайрылмандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана чет элдик мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок адам статусу бар  этникалык кыргыздар, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууда Кыргыз Республикасынын жараны ант берет жана жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү Президенттин жарлыгы чыккан күндөн тартып  жарандык алынган болуп эсептелинет.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди берүү жана тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

26-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга баш тартуунун негизи

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга төмөнкү адамдарга баш тартылат:

1) Конституциялык түзүлүштүн негиздерин күч менен өзгөртүүгө чыккан, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтиргендерге.

2) жалган (же жасалма) документтерди көрсөткөндөргө же көз көрүнө жалган маалыматтарды билдиргендерге;

3) кыргыз Республикасына беш жылдын ичинде убактылуу же туруктуу кирүүгө тыюу салуу менен Кыргыз Республикасынан чыгарылгандарга;

4) аскердик же чалгындоочу кызматтарда, ошондой эле чет элдик мамлекеттин укук коргоо органдарында жана коопсуздук органдарында тургандарга;

5) ага жана анын үй бүлөсүнө жашоо-тиричилик минимумун камсыздоочу киреше булагы жокторго;

6) жугуштуу оорулардан жапа чеккендерге. Мындай оорулардын тизмеги жана алардын бардыгын же жоктугун тастыктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;

7) Кыргыз Республикасында салыктык карызы жана/же социалдык төгүмдөр боюнча карыздары барларга.

2. Жарандыкка кабыл алуудан баш тартуу тартибин Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.

 

4-глава.

Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө иштер боюнча иш өндүрүшү

 

27-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу тийиштүү жарлыкты чыгаруу менен Президент тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн негиздердин бири боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жөнүндө өтүнүч кылууга укуктуу.

Эгерде чет элдик жаран  жана жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун бир нече негиздерине туура келсе, анда ал ушул негиздердин бири боюнча же анын бардыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

Ушул Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жөнүндө өтүнүчтү тапшырууда ушул негиздер боюнча зарыл болгон маалыматтар көрсөтүлөт.

3. Президент ушул Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды көрсөтпөстөн  чет элдик жаранды  жана жарандыгы жок адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алууга укуктуу.

4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндөгү өтүнүчтү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине  тапшырат.

5. Өтүнүчтү арыз ээси жеке өзү тапшырат.

6. Баланын же аракетке жөндөмсүз адамдын жарандыгын өзгөртүү жөнүндөгү өтүнүч баланын же аракетке жөндөмсүз адамдын жашаган орду боюнча анын ата-энеси тарабынан тапшырылат.

7. Өтүнүчтү тапшыруу тартиби, кароо мөөнөттөрү, текшерүүлөрдү өткөрүү Кыргыз Республикаксынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

8. Жарандуулук маселеси боюнча кайталап берилген арыз бул маселе боюнча мурдагы чечим кабыл алынган учурдан баштап бир жыл өткөндөн кийин каралат. Эгерде арыз берүүчүгө белгисиз жана белгисиз болууга тийиш болгон өтө маанилүү жагдайлар жаралган учурда кайталап арыз берүү эртерээк каралышы мүмкүн.

9. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жөнүндө өтүнүчтү кароо жана текшерүү өткөрүү жыйынтыктары боюнча жарандыкка кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жүзөгө ашырылат.

10. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуудан баш тартуу даттанууга жатпайт.

 

28-берене.  Паспортторду берүү

Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алган адамдар паспортторду берүү маселелерин жөнгө салган мыйзамдар менен аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууга укуктуу.

 

5-глава. Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу

 

29-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуунун негиздери

Кыргыз Республикасынын жарандыгы төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо.

 

30-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуунун негиздери

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ушул параграф менен каралган тартипте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелинген мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен  жарандын өз эрки менен билдирген негизде жүзөгө ашырылат.

 

31-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө өтүнүчтү берүү тартиби

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө өтүнүч Кыргыз Республикасынын Президентинин атына даректелет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандар өтүнүчтү жеке өзү тапшырат. Ишеним кат боюнча өтүнүчтү тапшырууга жол берилбейт.

3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандар өтүнүчтү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине жеке өзү, ишенимдүү адам аркылуу же почта боюнча тапшырат, бул учурда өтүнүчкө кол койгон адамдын колунун аныктыгы, жана өтүнүчкө тиркелген документтердин көчүрмөлөрүнүн алардын түп нускаларына  ылайык келүүсү нотариалдык жазуулар менен күбөлөндүрүлөт.

4. Баланын же аракетке жөндөмсүз адамдын кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө өтүнүч анын ата-энелери тарабынан баланын же аракетке жөндөмсүз адамдын жашаган орду боюнча тапшырылат.

5. Документтерди тариздөө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча өтүнүчтү кабыл алуу жана кароо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

32-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө өндүрүштү токтотуу үчүн негиздер

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө иштин өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) жарандын мамлекет алдындагы милдеттенмелерин же, Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык же жеке жактардын   кызыкчылыктары менен байланышкан анын мүлктүк милдеттенмелерин аткарбагандыгы;

2) жаранды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу;

3) жарандын мамлекеттик сырларга жетүүгө жолбермеси бар болгондо;

4) чет мамлекеттин жарандыгыналуу жөнүндө өтүнүчүн бергенде.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө иштин өндүрүшү төмөнкүдөй мөөнөттөргө  токтотулат:

1) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, милдеттенмелерди толук аткарганга чейин;

2)  ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

3) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, мындай жолберме токтотулган күндөн тартып беш жылга;

4) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндөгү  өзүнүн өтүнүчүн чакыртып алуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын кайрылуусуна чейин.

3. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө өндүрүш  милдеттенмелерди аткаргандыгы жөнүндөгү далилдерди көрсөткөн, соттун өкүмү мыйзамду күчүнө кирген күндөн тартып, ошондой эле ушул  берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен белгиленген мөөнөттүн өтүшү боюнча кайра жаңыланат.

4. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө  өндүрүштү токтотуу жана кайра жаңылоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

 

33-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө   чечимди кабыл алуу

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө  чечим жарлык чыгаруу жолу менен Кыргыз Республикаксынын Президенти тарабынан кабыл алынат.

2. Кыргыз Республикаксынын Президенти жарандын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга өтүнүчүнөн баш тарта албайт.

 

34-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуунун кесепеттери

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жубайлардын же балдардын жарандыгынын өзгөрүшүнө алып келбейт.

2. Кыргыз Республикасы тарыхый мекени болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда Кыргыз Республикасына эркин кирүү жана андан чыгуу, Кыргыз Республикасында жашоо укугун сактап калат. Кыргыз Республикасында мындай жаранга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жарандыгы жок адамдын статусу берилет.

 

35-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуунун негиздери

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу улуттук коопсуздукту жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо боюнча өзгөчө чара болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын жаранынан анын жарандыгын ажыратуу үчүн төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген аракеттерди жасоо;

2) террористтик же экстремисттик кылмыштарды жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдыктан өтүү;

3) Кыргыз Республикасындагы террористтик уюмдарга катышуу;

4) чет мамлекеттин аймагындагы куралчан кагылышууларга же согуш аракеттерине катышуу;

5) чет мамлекеттин аскер же чалгындоо кызматтарына кирүү;

6) жалган маалыматтарды же жасалма документтерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу.

3. Кыргыз Республикасынын жаранды болгон бала ушул берененин 2-бөлүгүӊдө көрсөтүлгөн негиздердин себеби боюнча өзүнүн жарандыгынан ажыратыла албайт.

 

36-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө өндүрүш

1. Ушул конституциялык мыйзамдын 35-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча улуттук коопсуздук органы жана ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө өндүрүштү  козгойт, жана тиешелүү материалдарды даярдайт.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу үчүн негиз болгон жагдайлар жана фактылар көрсөтүлгөн материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы материалдар келип түшкѳн күндѳн тартып эки айдын ичинде ѳтүнүчтѳ жана тиркелген документтерде баяндалган маалыматтардын ѳткѳрүлгѳн ыкчам-издөө жана башка  иш-чаралардын   мыйзамдуулугун текшерүүнү жүзѳгѳ ашырат.    Аталган мөөнөт эки айга чейин узартылышы мүмкүн.

4. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

1) ѳтүнүчтѳ жана тиркелген документтерде баяндалган маалыматтардын ѳткѳрүлгѳн ыкчам-издөө жана башка  иш-чаралардын   мыйзамдуулугу тастыкталган учурда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду даярдайт.

2) ѳтүнүчтѳ жана тиркелген документтерде баяндалган маалыматтардын ѳткѳрүлгѳн ыкчам-издөө жана башка  иш-чаралардын   мыйзамдуулугунун бузулгандыгы тастыкталган учурда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратууга жол берилбестиги жөнүндө корутунду даярдайт.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы материалдарды сунуштаган органга ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда юстиция органына материалдарды тиркөө менен өзүнүн корутундусун жөнөтөт.

 

37-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө маселени кароо тартиби

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө маселе юстиция органында иштеген комиссия тарабынан каралат.

Комиссияны түзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын корутундусун жана сунушталган материалдарды ал келип түшкөн күндөн тартып үч айдын ичинде изилдейт.

3. Комиссия өзүнүн кароосун төмөнкүдөй учурларда төрт айга чейин токтотууга укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу үчүн негиз болгон жагдайларга жана фактыларды көрсөткөн толук маалыматтарды сунуштабоо;

2) улуттук коопсуздук органдарына же ички иштер органдарына көрсөтүлгөн маалыматтарда камтылган маалыматтар чындыка ылйаык келбейт деген билдирүү түшкөндө;

3) кошумча консультацияларды өткөрүү зарыл болгондо.

4. Кароонун жыйынтыктары боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу же  Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуудан баш тартуу жөнүндөгү чечимди кабыл алат.

5. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө маселени кароо жана чечимди кабыл алуу боюнча Комиссиянын ишинин тартибин  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

 

38-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу маселеси боюнча Комиссиянын чечимине даттануу

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу же  Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуудан баш тартуу жөнүндөгү Комиссиянын чечими ага карата чечим чыгарылган адам тарабынан, прокуратура, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары тарабынан сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

 

39-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуунун кесепеттери

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылган  адамга, эгерде ушул адам  башка же кош жарандуулугу жок болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жарандыгы жок адам статусу берилет.

2. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жубайлардын же балдардын жарандыгынын өзгөрүшүнө алып келбейт.

 

40-берене. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө Бирдиктү маалыматтар базасы

1.Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү жана токтотуу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү Бирдиктү маалыматтар базасына киргизилет.

2. Маалыматтар базасын жүргүзүү жана маалыматтар базасынан маалыматтарды алуу жана актуалдаштыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсүнүн тартиби жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзам менен аныкталат.

 

6-глава

Корутунду жоболор

 

41-берене. Ушул конституциялык мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөнт тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул конституциялык мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити 2007-жылдын 1-июну № 39);

2) «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы  («Эркин-Тоо» гезити 2011-жылдын 15-июлу № 57);

3) «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы  («Эркин-Тоо» гезити 2012-жылдын 14-февралы № 12);

4) «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы  («Эркин-Тоо» гезити 2012-жылдын 27-марты  № 25);

5) Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренеси («Эркин-Тоо» гезити 2016-жылдын 16-августу № 71)

3. Ушул Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) өзүнүн чечимдерин ушул Конституциялык мыйзамга ылайык келтирсин.

2) ушул Конституциялык мыйзамды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

4. Ушул Конституциялык мыйзам күчүнө киргенге чейин жарандык маселелер боюнча Комиссиянын кароосуна сунушталган Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө документтер конституциялык мыйзам күчүнө киргенге чейин иштеп келген ченемдик укуктук актыларга ылайык каралышы керек.

 

 

 

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы