22 Тогуздун айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

«Жарандык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбооруна МААЛЫМ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ


«Жарандык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору (мындан ары  — мыйзам долбоор) Кыргыз Республикасынын конституциясынын жарандык маселелерине тиешелүү жагындагы ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Рсепубликасынын жарандыгын  (мындан ары — жарандык) алынышы жана токтотулушу менен байланыштуу пайда болгон мамилелерди жөнгө салуу милдети бар.

Бул мыйзам долбоору 2017-жылдын 23-мартындагы № 49 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы болуп саналат. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү кирген. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине башка малекеттик органдардын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жарандык маселелери боюнча комиссиянын өкүлдөрү да кирген.

2016-жылдын 11-декабырнда  референдумда кабыл алынган 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын  Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилген.

Өзгөтүүлөр ошондой эле жарандык маселелерин жөнгө салган Конституциянын 50-беренесине да токтолгон. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Жарандык жөнүндө» мыйзамын карап чыгуу жана талддодон өткөрүү зарылдыгы келип чыкты.

Мыйзам долбоору жарандыкты алуу жана токтотуу маселелерин камтыйт. Мунун арты менен мыйзам долбоору менен жарандык негиздене турчу принциптерди бекитүү сунушталууда. Андан ары бул принциптердин маанисин деталдуу ачып берүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору жарандыкты таануу, алуу жана токтотуу деген түшүнүктөрдү киргизүүдө.

Мыйзам долбоордун 14-беренеси менен кандайдыр бир жагдайларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жараны катары тааныла турчу адамдардын белгилүү бир категориясы сунушталган. Мисалы, Кыргыз Республикасы, туулган мамлекетине карабастан ата-энеси Кыргыз мамлекетинин жараны болуп саналган балдарды өзүнүн жараны катары   тааныйт.

Мыйзам долбоорунун 17, 20-25 беренелери менен жарандардын алар   белгиленген талаптарга  ылайык келген учурда жарандыкты алууга укуктуу адамдар көрсөтүлгөн, ошол эле учурда адамдардын ар бир категориясына өз талаптары коюлган.

Мыйзам долбоору менен жарандыкты алуунун эки тартибин белгилөө сунушталууда: жалпы жана жөнөкөйлөтүлгөн тартип. Алардын ортосундагы айырмачылык жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү өтүнүчтү кароо мөөнөттөрүндө жана жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү өтүнүч кылуу укугуна ээ субъекттерде.

Мыйзам долбоору менен жаӊылык киргизилүүдө, ал жарандыкты алып жаткан адамдын ант берүүсүндө турат. Ал ант берип жатып Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун маанилүүлүгүн тереӊ түшүнүп жана сезе билүүсү менен өбөлгөлөнгөн. Мыйзам долбоордун 29-беренеси менен жарандык андан чыкканда же жарандыктан ажыратылганда токтотулат деп бекитүү сунушталган. Ошол эле учурда жарандыктан ажыратуу белгилүү бир адамга карата анын жүрүм-турумуна байланыштуу санкция колдонуу дегенди түшүндүрөт.

Жарандыктан чыгуунун жалпы жол-жобосу мыйзам долбоорунун 31-33-беренелеринде жазылган.

Мыйзам долбоорунун 35-беренеси менен жарандыктан ажыратуу үчүн негиздердин толук тизмегин аныктоо сунушталган.

Конституциянын 64-беренесинин 7-бөлүгүн эске алуу менен, анда Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуунун жана жарандыктан чыгуунун маселелерин чечет деп белгиленген, мыйзам долбоору менен жарандыктан ажыратуу маселесин Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн Комиссияга берүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун 36 жана 37-беренелери менен жарандыктан ажыратуунун тартибин мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана ички иштер министрлиги компетенциясынын алкагында жарандыктан ажыратуунун негиздеринен ишке ашырат деп белгилөө сунушталууда.

Аталган органдар тарабынан чогултулган материалдар алардын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Башкы прокуратура оӊ корутунду чыгарган учурда материалдар изилдөө жана чечим кабыл алуу үчүн Комиссияга келип түшөт.

Ар бир адамдын өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн укукту камсыздоо максатында мыйзам долбоору менен жарандыктан ажыратуу жөнүндө чечимди сот тартибинде даттануу мүмкүндүгүн кароо сунушталууда.

Жалпысынан алганда мыйзам долбоору менен  жарандыкты алуу жана токтотууга тиешелүү маанилүү маселелрди жөнгө салуу сунушталууда, ал арада процедуралык маселелер аларга ылайык кабыл алынган мыйзам алдындагы актылар менен деталдуу регламенттелет.

Мыйзам долбоору менен  корутунду жоболор каралууда, анын алкагында сунушталып жаткан конституциялык мыйзам күчүнө киргенге чейин пайда болгон укуктук мамилелер жөнүндө  маселелерди чечүү сунушталган.

Иштөөдөгү улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча, сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери башка ченемдик укуктук актыларга каршы келбейт, ошондой эле долбоор жөнгө салуучу таасирди талдоого жатпайт анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»  мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык долбоор коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрүү үчүн Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылган.

Белгиленген долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик эколгиялык , коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт жана  мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы чыгымдарын талап кылбайт.

 

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы