19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы



 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2011-жылдын 25-ноябры N 223

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги N 402012-жылдын 15-июнундагы N 822012-жылдын 12-июлундагы N 1052013-жылдын 11-июлундагы N 1332013-жылдын 18-октябрындагы N 1932013-жылдын 27-ноябрындагы N 2082013-жылдын 13-декабрындагы N 2202014-жылдын 18-февралындагы № 302014-жылдын 18-февралындагы N 352014-жылдын 5-мартындагы № 392014-жылдын 10-июлундагы N 1292015-жылдын 15-апрелиндеги N 822015-жылдын 21-майындагы N 1082016-жылдын 5-январындагы N 22016-жылдын 15-апрелиндеги N 422016-жылдын 27-июлундагы N 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти (мындан ары - ушул Регламент) Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция) каралган ыйгарым укуктардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан жүзөгө ашырылышынын тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.

I БӨЛҮМ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ

1-глава
Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Регламентте колдонулуучу терминдер

Ушул Регламенттеги төмөндө келтирилген аныктамалар жана түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниге ээ:

атаандаш мыйзам долбоорлору - бир эле коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталган, мыйзам чыгаруу демилгесинин ар кыл субъекттеринен Жогорку Кеңешке бир убакта келип түшкөн мыйзам долбоорлору;

мыйзам долбоорлорунун базасы - Жогорку Кеңешке расмий келип түшкөн жана каттоого алынган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жыйындысы;

мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар - өлкөнүн жашап кетүү, коопсуздук жана өнүгүү муктаждыктары, ошондой эле мамлекеттин улуттук кубаттуулугун арбытууга жана жарандардын көпчүлүгүнүн турмуш жыргалчылыгын арттырууга кызмат кылуучу, тарыхый жана маданий мурастарынын баалуулуктары, жашоо ыңгайы, мамлекеттик саясат субъекттеринин иштеринин, умтулуулары жана демилгелери менен шартталган кызыкчылыктар;

мыйзам чыгаруу сунушу - Жогорку Кеңештин мыйзам же башка ченемдик укуктук акты долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө Өкмөткө сунушу;

шайланган депутат - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия) тарабынан депутат катары катталган, бирок өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга кирише элек (шайлоонун натыйжаларын расмий жарыялагандан кийин же болбосо бошогон мандатты алуу тартибинде) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;

кызыкчылыктардын кагылышуусу - аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда депутаттардын мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктарынын коомдук жана мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар менен каршы келген кырдаал;

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши - Жогорку Кеңештин ишин натыйжалуу уюштуруу маселелерин жамааттык чечүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин туруктуу органы;

мыйзам долбоорунун лингвистикалык экспертизасы - юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстинин заманбап кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине ылайыктуулугун баалоо жана грамматикалык, синтаксистик, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталыктарды жана терминдерди колдонуудагы каталыктарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү;

жеке кызыкчылык - өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжасында Жогорку Кеңештин кызмат адамдары, депутаттары өзү же өзүнүн жакындары үчүн түз же кыйыр түрдө алууга умтулган же алып жаткан материалдык же башка пайда;

коомдук кызыкчылык - коомдун бакубаттуулугун, туруктуулугун, коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен байланышкан кандай гана болбосун жактын (жактардын) кызыкчылыгы;

коомдук экспертиза - көз карандысыз коомдук же эксперттик уюмдар, улуттук же эл аралык эксперттер тарабынан жүргүзүлүүчү экспертиза;

ачык добуш берүү - добуш берүү ыкмасы, мында ар бир депутаттын жооптун варианттарынын ("макул", "каршы") бири боюнча атын атап добуш берүүдөгү эркин билдирүүсү жана натыйжасы белгиленет;

мыйзамдын долбоору (мыйзам долбоору) - мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна расмий киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору;

жыйналыштын протоколу - жыйналыштын жүрүшүн башталышынан тартып аяктаганына чейин белгилөөчү документ;

жыйналыштын стенограммасы - Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан уюштурулган башка иш-чаралардын катышуучуларынын оозеки сүйлөгөн сөздөрүнүн укма стенограммасынан сөзмө сөз жазуу көчүрмөсүн билдирген документ;

мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти - Жогорку Кеңештин кароосуна өз атынан мыйзамдардын долбоорлорун киргизүү укугуна ээ болгон субъект;

жашыруун добуш берүү - добуш берүүнүн түрү, мында катышуучулар анонимдүү добуш беришет жана жооптун варианттарынын ("макул", "каршы") бири боюнча добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүн контролдоого болбойт;

жыйналышка катышкан депутаттардын саны - жыйналыштар залында отурган жана добуш берүүнү өткөрүүнүн алдында каттоодон өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны.

Ушул Регламентте колдонулуучу, бирок ушул беренеде камтылбаган терминдер, алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык колдонулат.

2-берене. Жогорку Кеңеш

1. Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин сактоо менен, мыйзам чыгаруу бийлигин жана контролдоочу функцияларын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңештин конституциялык курамы 5 жылдык мөөнөткө шайланган 120 депутаттан турат.

3. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган ыйгарым укуктарын ушул Регламентте аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.

4. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары, анын биринчи жыйналышында конституциялык курамдын депутаттарынын көпчүлүгү ант берген күндөн тартып башталат. Мурунку чакырылыштын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып токтотулат.

5. Жогорку Кеңеш, анын органдары жана кызмат адамдары өз иштеринде Конституцияны, ушул Регламентти жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алышат.

3-берене. Жогорку Кеңештин конституциялык ыйгарым укуктары

1. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алуу;

2) Президентти шайлоону дайындоо;

3) Конституциянын тогузунчу бөлүмүндө аныкталган тартипте, Конституциянын үчүнчүтөртүнчүбешинчиалтынчыжетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;

4) мыйзамдарды кабыл алуу;

5) Президенттин каршы пикирлери менен кайтарылган мыйзамдарды кайра кароо;

6) Өкмөттүн ишин контролдоону жүзөгө ашыруу;

7) мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;

8) мыйзамда аныкталган тартипте, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо;

9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечүү;

10) республикалык бюджетти бекитүү;

11) республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү;

12) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечүү;

13) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;

14) Өкмөттүн программаларын кароо жана бекитүү, Өкмөттүн коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мүчөлөрүн - мамлекеттик органдардын жетекчилерин албаганда, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо; Премьер-министр тарабынан киргизилген Өкмөт мүчөсүнүн бош кызмат ордуна талапкерди жактыруу;

15) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүү;

16) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

17) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алуу;

18) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо; конституциялык мыйзамда каралган учурларда, Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызмат ордунан бошотуу;

19) мыйзамда белгиленген тартипте, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү;

20) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлоо; мыйзамда каралган учурларда, аны кызмат ордунан бошотуу;

21) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо: курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча; мыйзамда каралган учурларда, аларды кызмат орундарынан бошотуу;

22) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлоо: курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бнрин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча; мыйзамда каралган учурларда, аларды кызмат орундарынан бошотуу;

23) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда, кызмат ордунан бошотуу; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;

24) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда кызмат орундарынан бошотуу; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;

24-1) Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин (мындан ары - Улуттук борбор) мүчөлөрүн шайлоо жана мыйзамда каралган учурларда, шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу;

25) Башкы прокурорду дайындоого, аны жазык жоопкерчилигине тартууга жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү;

26) мыйзамда каралган учурларда, Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактыруу;

27) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизүү; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;

28) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү; согуш абалын киргизүү; согуш абалын жарыялоо; бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;

29) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүү;

30) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилөө;

31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу наамдарын уюштуруу;

32) Президенттин, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угуу;

33) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угуу;

33-1) Улуттук борбордун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу;

34) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угуу;

35) Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иши жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын ар жылдык маалыматын угуу, сот адилеттигин жүргүзүүгө кийлигишпөө жана дайындуу сот иши боюнча отчетту талап кылууга тыюу салуу принцибин сактоо менен жүргүзүлөт:

36) Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коюу; Президентти кызмат ордунан четтетүү тууралуу чечим кабыл алуу;

37) Президент оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбой калган учурда, мамлекеттик медициналык комиссия түзүү;

38) Президент оорусу боюнча өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбогондо, мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

39) Жогорку Кеңештин Төрагасын (Төрайымын) (мындан ары - Төрага), анын орун басарларын, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо; комитеттерди, убактылуу комиссияларды уюштуруу жана алардын курамдарын түзүү; Жогорку Кеңештин кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун угуу жана аларды чакыртып алуу;

40) өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-, 3-5-, 8-10-, 12-, 13-, 30-, 31-пункттарында каралган Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу, ал эми 32-пунктту кошпогондо, башка ыйгарым укуктары токтомдор менен ишке ашырылат.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

(КР 2012-жылдын 12-июлундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. Жогорку Кеңештин ишинин принциптери

Жогорку Кеңеш өзүнүн иштерин төмөнкү принциптерге негизденүү менен жүзөгө ашырат:

1) ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, ачык-айкындык;

2) өзүнүн ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында аткаруу;

3) элдин жана өз шайлоочуларынын алдында жоопкерчилик;

4) эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин сактоо жана урматтоо;

5) Конституцияны, мыйзамдарды, ушул Регламентти жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоо;

6) пикирлерди эркин билдирүү жана чечимдерди жамааттуу кабыл алуу;

7) саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук;

8) Жогорку Кеңештин жетекчилигинде жана анын органдарында фракциялардын өкүлчүлүгүнүн тең салмактуулугун сактоо;

9) Жогорку Кеңештин органдарында бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгүнүн 70 пайыздан ашпоосун камсыз кылуу.

5-берене. Жогорку Кеңештин жайгашкан жери

1. Жогорку Кеңештин туруктуу жайгашкан жери Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаары болуп саналат.

2. Зарыл учурларда Төраганын чечими боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштары башка жерде өткөрүлсө болот.

3. Жогорку Кеңештин имаратына жана анын аймагына башка органдарды жана уюмдарды жайгаштырууга Жогорку Кеңештин макулдугу менен жол берилет.

4. Жогорку Кеңештин карамагында турган имараттарда жана аймактарда туруунун жана жүрүүнүн тартиби Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.

2-глава
Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын даярдоо жана ачуу

6-берене. Даярдык көрүүчү топту түзүү жана ишин уюштуруу

1. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын уюштуруу үчүн шайлоо босогосунан өткөн партиялардын демилгеси боюнча, келгендерине жараша Жогорку Кеңештин депутаттарынан Даярдык көрүүчү топ түзүлөт.

2. Даярдык көрүүчү топту Жогорку Кеңештин шайланган жашы боюнча улуу депутаты жетектейт.

3. Даярдык көрүүчү топ, контролдоо жана жабык жыйналыштарды өткөрүү ыйгарым укуктарын кошпогондо, ушул Регламентте Жогорку Кеңештин комитеттери үчүн белгиленген тартипте иштейт жана өзүнүн ишин биринчи жыйналыш аяктагандан кийин токтотот.

4. Даярдык көрүүчү топ жүргүзгөн иштери жөнүндө жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышында баяндайт.

7-берене. Биринчи жыйналышка катышуу үчүн шайланган депутаттарды маалыматтык камсыздоо

Жогорку Кеңештин Аппараты (мындан ары - Аппарат) биринчи жыйналышка 3 күн калганга чейин депутатка төмөнкүлөрдү жиберет;

1) Конституциянын текстин;

2) "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын текстин;

3) Регламенттин текстин;

4) Жогорку Кеңештин, Аппараттын жана Иш башкармалыктын түзүмдөрүн;

5) жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты;

6) Аппарат жана Иш башкармалык тууралуу жоболорду;

7) Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызмат адамдарынын тизмесин жана алардын кызматтык телефондорун.

8-берене. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы

1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.

2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын, Төрага шайланганга чейин төрагалык кылуучунун функцияларын аткаруучу, жашы боюнча улуу шайланган депутат ачат.

3. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагасына сөз берет.

4. Шайланган депутат Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстине оң колун коюп, Жогорку Кеңештин алдында төмөнкүдөй мазмундагы ант берет:

"Мен. ..., Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого ант беремин".

5. Анттын текстинен жана аны берүүнүн жол-жоболорунан четтөөгө жол берилбейт. Четтеп кеткен учурда ант кайталанып берилет.

6. Ант берүү жол-жоболорунун сакталышын контролдоону Жогорку Кеңештин Даярдык көрүүчү тобу жүзөгө ашырат.

7. Жогорку Кеңештин депутаты ант бергенден кийин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.

8. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ал ант берген күндөн тартып башталат.

9. Катышып отурган депутаттар тарабынан ант берүү жол-жобосу аяктагандан кийин биринчи жыйналыш жабылат.

9-берене. Жогорку Кеңеш биринчи кезекте кароого тийиш болгон маселелер

1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелер биринчи кезекте каралуусу тийиш:

1) Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;

2) добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссияны түзүү;

3) Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо;

4) Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүү;

Караңыз:

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы N 14-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтому

5) комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо;

6) Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамын түзүү;

7) Өкмөттүн программасын бекитүү, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоо.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирээти жыйналыштын күн тартибинде аныкталат.

Жогорку Кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелердин катарына жана башка маселелер киргизилиши мүмкүн.

3-глава
Парламенттик фракциялар, парламенттик көпчүлүк жана азчылык, оппозиция

10-берене. Парламенттик фракция

1. Парламенттик фракция (мындан ары - фракция) - тизме боюнча бир саясий партиядан шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси.

Фракция өзүнүн курамына башка партиялардан өткөн депутаттарды кошууга укуксуз.

2. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, курамынын тизмеси, лидеринин фамилиясы жана фракциянын башка жетекчилери жөнүндө жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.

3. Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна келген депутат, ант берген учурдан тартып тиешелүү фракциянын мүчөсү болуп калат.

4. Бир саясий партиядан шайланган депутаттын ошол эле партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.

5. Фракция ушул Регламентке карама каршы келбеген фракция жөнүндө жобонун негизинде ишти жүзөгө ашырат.

6. Фракция алар боюнча саясий көз карашын аныктоо үчүн Жогорку Кеңеш карай турган маселелерди алдын ала кароого укуктуу. Фракция кароонун натыйжалары боюнча фракция мүчөлөрү үчүн милдеттүү чечим кабыл алат. Фракция ушул Регламентте белгиленген тартипте, өз мүчөлөрүнө түзөтүүлөрдү киргизүү жана жарыялоо үчүн ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.

7. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:

1) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;

2) Жогорку Кеңеш өзүн өзү таратканда.

8. Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу Жогорку Кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.

11-берене. Фракциянын жетекчилиги

1. Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.

2. Фракция лидеринин ыйгарым укуктары;

1) Жогорку Кеңеште жана анын чегинен тышкары фракциянын атынан чыгат;

2) фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;

3) фракциянын чечимдерине кол коет;

4) ички фракциялык тартипти контролдоону жүзөгө ашырат;

5) фракциянын чечими боюнча Жогорку Кеңештин түзүмдөрүнө талапкерлерди сунуш кылат;

6) фракциянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;

7) фракциянын чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча анын саясий көз карашын жарыялайт;

8) фракциянын чечими боюнча жыйналышта фракциянын коалицияга киргени жөнүндө жарыялайт;

9) Жогорку Кеңештин жетекчилиги жана мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен фракциянын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

10) эсептөө комиссиясынын жана добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча комиссиянын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;

11) Жогорку Кеңештин, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына, ошондой эле Жогорку Кеңештин иш-чараларына фракциянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат;

12) фракциянын катчылыгына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

13) фракциянын жобосуна ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Фракциянын лидери Төраганын, Төраганын орун басарларынын, комитеттин жана убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төраганын орун басарынын кызмат орундарын бир учурда ээлей албайт.

12-берене. Фракциянын укуктары

1. Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Жогорку Кеңеш карап жаткан маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;

2) башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;

3) Төрагага Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;

4) фракциянын өкүлүн фракциянын атынан билдирүүлөр, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирмелер жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө өкүлдөөгө;

5) башка фракциялар менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын жыйналышына кызыкдар адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;

6) Мыйзам чыгаруу иш планы жана Жогорку Кеңештин ар жылдык жумуш планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;

7) Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

8) фракциялардын өкүлчүлүгүнүн тең салмактуулук принцибин сактоо менен, парламенттик делегациялардын, достук топторунун курамына фракция мүчөлөрүн кошуу (чакыртып алуу) боюнча сунуштарды киргизүүгө;

9) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон кызмат адамдарын шайлоо, бошотуу, бекитүү, жактыруу, макулдук берүү, дайындоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;

10) айрым маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топторун түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

11) Жогорку Кеңешке жана комитеттерге парламенттик угууларды өткөрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

12) Конституциянын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3 жана 5-9-пункттарында каралган негиздер боюнча фракция мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

13) Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизүү үчүн кандай гана болбосун талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын өзгөчө пикирин берүүгө;

14) фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого, ошондой эле Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырууга;

15) фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чыңдоо максатында зарыл чараларды көрүүгө;

16) концепциясын, максатын жана милдетин кыскача баяндоо менен, мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө Өкмөткө мыйзам чыгаруу сунушун жиберүүгө;

17) өзүнүн өкүлүн комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басарынын кызмат ордунан чакыртып алууга;

18) фракция жөнүндө жобого ылайык өзүнүн мүчөлөрүнө таасир этүү чараларын көрүүгө;

19) Конституцияда жана ушул Регламентте каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

2. Фракциялардын Конституцияда жана ушул Регламентте кепилденген укуктары парламенттик көпчүлүк тарабынан чектелиши мүмкүн эмес.

13-берене. Фракциянын ишин камсыз кылуу

1. Фракциянын иши Жогорку Кеңеш бекиткен чыгымдар сметасынын чектеринде түзүмү жана штаттык саны аныкталган катчылык тарабынан, Жогорку Кеңештеги фракциялардын өкүлчүлүгүнүн тең салмактуулук принцибин эске алуу менен камсыз кылынат.

2. Катчылыктар орун жайлар, оргтехникалар жана жумуш үчүн зарыл болгон башка шарттар менен камсыз кылынат.

14-берене. Фракциялардын коалициясы

1. Фракциялардын коалициясы (мындан ары - коалиция) ишин коалициялык макулдашуунун жана жобонун негизинде жүзөгө ашыруучу фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат.

Фракциялар парламенттик көпчүлүктүн коалициясына же парламенттик азчылыкка же оппозициялык фракциялардын коалициясына биригүүгө укуктуу.

2. Коалициялык макулдашууда төмөнкүлөр чагылдырылышы мүмкүн:

1) коалицияны түзүүнүн негизи болуп калган, макулдашылган саясий көз караштар;

2) коалициянын саясий багытталгандыгы;

3) коалициянын иш принциптери;

4) коалициянын чечимдерди кабыл алуу тартиби;

5) коалициянын ишин токтотуу шарттары.

3. Коалициялык макулдашууга фракциялардын коалицияга кирүү жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алынган жыйындардын протоколдору тиркелет.

4. Коалицияга кирген фракциялардын көз караштарын макулдашуу максатында, коалициянын жамааттык органы түзүлүшү мүмкүн.

5. Коалициянын атынан, эгерде бул коалициялык макулдашууда аныкталса, коалицияга кирген фракциялардын лидерлери же болбосо коалициянын жетекчиси чыгат.

6. Коалициянын жумушун маалыматтык жана техникалык жактан камсыз кылууну фракциялардын катчылыктары, эгерде анын түзүлүшү коалициялык макулдашууда аныкталса, коалициянын катчылыгы жүзөгө ашырат. Коалициянын жумушун уюштуруу тартибинин башка маселелери коалициялык макулдашууда аныкталышы мүмкүн.

7. Жогорку Кеңештин жыйналышында уюшулганы жарыялаган учурдан тартып, коалиция расмий статуска ээ болот.

8. Төмөнкү учурдан тартып коалиция өз ишин токтотот:

1) фракция же фракциялар өзүн андан чыкканын жарыялагандыгынын натыйжасында парламенттик көпчүлүктүн статусу жоюлганда;

2) анын жетекчиси же ыйгарым укуктуу өкүлү коалициянын таратылышы жөнүндө жарыялаганда.

9. Коалициянын түзүлүшү же ишин токтотуусу жөнүндө расмий жарыялангандан кийин, коалициялык макулдашуу, коалициянын жеке курамы, коалициянын лидеринин аты, эгерде ушундай аныкталса, ошондой эле коалициянын ишин токтоткону жөнүндө маалыматтар "Эркин Тоо" газетасынын кезектеги санына же Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланат.

15-берене. Парламенттик көпчүлүк жана азчылык

1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп эсептелет.

2. Парламенттик көпчүлүктүн коалициясына кирбеген фракция же фракциялар парламенттик азчылыкты түзөт.

3. Парламенттик азчылыктын фракциясы же фракциялары өзүн оппозиция катары жарыялоого укуктуу.

16-берене. Парламенттик оппозиция

1. Парламенттик азчылыкты түзгөн жана Жогорку Кеңештин жыйналышында өзүнүн оппозициясы жөнүндө жарыялаган фракция, фракциялар же алардын коалициясы парламенттик оппозиция болуп саналат.

2. Фракция, фракциялар же алардын коалициясы Жогорку Кеңештин жыйналышында парламенттик оппозиция статусунан баш тартканы тууралуу же парламенттик көпчүлүктүн коалициясынын курамына киргени жөнүндө расмий жарыялаган учурдан тартып, парламенттик оппозиция статусун жоготот.

17-берене. Парламенттик оппозициянын кепилдиктери

1. Парламенттик оппозиция төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Төраганын орун басарларынын кызмат ордуна;

2) Жогорку Кеңештин бюджет жана укук коргоо маселелери боюнча комитеттеринин төрагаларынын, ошондой эле башка комитеттердин төрагаларынын орун басарларынын кызмат орундарына;

3) мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына тең жеткиликтүүлүккө;

4) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын, Эсептөө палатасынын, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин түзүүгө.

2. Парламенттик оппозициянын ушул беренеде кепилденген укуктарын чектөөгө жол берилбейт.

4-глава
Жогорку Кеңештин кызмат адамдары

18-берене. Жогорку Кеңештин жетекчилиги

Жогорку Кеңештин жетекчилиги Төрагадан жана анын орун басарларынан турат.

19-берене. Төраганы шайлоо

1. Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө, жашыруун добуш берүү менен өзүнүн курамынан Төраганы шайлайт.

2. Төраганын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерликти көрсөтүү укугуна депутаттар жана көрсөтүү жөнүндө чечимди негиздөө менен фракциялар ээ.

3. Төраганын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү сунуштама фракция тарабынан, көрсөтүү кезеги боюнча талапкерлердин бирдиктүү тизмесин түзүүчү жана аны жарыялоочу төрагалык кылуучуга Жогорку Кеңештин жыйналышында берилет.

4. Талапкерлерди көрсөтүү аяктагандан кийин Жогорку Кеңештин жыйналышы корутунду берүү үчүн Жогорку Кеңештин бардык Комитетинин жыйналышынын тартибине өтөт.

5. Жогорку Кеңештин бардык Комитетинин жыйналышында талапкерлерди кароо ушул Регламенттин 14- жана 15-главаларында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Жогорку Кеңеш Жогорку Кеңештин бардык Комитети тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча корутунду кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңештин жыйналышынын тартибине кайтып келет.

7. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жол-жобосуна өтүү жөнүндө жарыялайт.

8. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге өз талапкерлигин алып салган адамдарды кошпогондо, Жогорку Кеңештин бардык Комитети тарабынан каралган бардык талапкерлер киргизилет.

9. Ар бир талапкер бюллетенге киргизгенге чейин өзүнүн талапкерлигин алып салууга укуктуу.

10. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер шайланган болуп эсептелет.

11. Эгерде Төраганы шайлоого бир талапкер катышса жана ал шайланбай калса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.

12. Эгерде Төраганы шайлоого эки талапкер катышса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын алалбаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайра добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде ал бул учурда да добуштардын зарыл санын алалбаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.

13. Эгерде Төраганы шайлоого экиден ашуун талапкер катышса, жана алардын бири да добуштардын зарыл санын алалбаса, эң көп сандагы добуш алган эки талапкердин ортосунда шайлоонун кийинки туру өткөрүлөт. Эгерде алардын бири да добуштардын зарыл санын алалбаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайра добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде талапкер бул учурда да добуштардын зарыл санын алалбаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгерде кийинки турга өткөн талапкер, өз талапкерлигин алып салса, анын ордуна добуштардын кийинки санын алган талапкер үчүн добуш берүү өткөрүлөт.

20-берене. Төраганын ыйгарым укуктары

1. Төрага:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) Жогорку Кеңеш кабыл алган актыларга кол коет;

4) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары Жогорку Кеңештин атынан чыгат. Жогорку Кеңештин Президент, Өкмөт, мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары жана сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттерин камсыз кылат;

5) Аппараттын ишине жалпы жетекчилик кылууну жана контролдоону жүзөгө ашырат;

6) Президенттин, Өкмөттүн же депутаттардын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессияларын чакырат;

7) Конституцияда белгиленген учурларда Президенттин ыйгарым укуктарын аткарат;

8) Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырат;

9) кезексиз кароого тийиш болгон маселелерди Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизет;

10) Жогорку Кеңештин тапшырмасын аткарат;

11) Жогорку Кеңештин ишкер кадыр-баркын сактоо жана коргоо боюнча чараларды көрөт;

12) Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;

13) ушул Регламентте көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, Координациялык кеңешке төрагалык кылат;

14) "Өкмөттүк күнгө" Жогорку Кеңештин маселелеринин реестрин бекитет;

15) бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүк принцибин сактоо менен, ушул Регламентке ылайык Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызмат адамдарын дайындоону жүргүзөт;

16) Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындайт жана кызматынан бошотот;

17) Төраганын алдында консультативдик кеңештерди уюштурат;

18) Жогорку Кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгымдарынын сметасына ылайык Жогорку Кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт;

19) Жогорку Кеңештин чыгымдарынын сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана бюджеттик жыл аяктаганга 3 ай калгандан кечиктирбестен аны Жогорку Кеңештин кароосуна коет;

20) өзүнүн орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

21) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча тескемелерди чыгарат;

22) Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш сапарлары жөнүндө тескемелерди чыгарат жана алардын отчетун бекитет;

23) добуш берүүнүн электрондук тутумунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

24) жыйналыштар залында ирээттүүлүктү жана тартипти камсыз кылат, аларды бузуучуларга карата ушул Регламент менен каралган таасир этүү чараларын колдонот;

25) Жогорку Кеңештин мүлкүнүн пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

26) фракциялардын иши үчүн бирдей шарттарды камсыз кылат;

27) Жогорку Кеңеште жана анын карамагында турган объекттерде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

28) Жогорку Кеңештин грамоталары, сыйлык куралы жана Жогорку Кеңештин башка сыйлыктары менен сыйлайт;

29) Жогорку Кеңештин депутаттарын, Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку аскердик жана атайын наамдарды, дипломатиялык рангдарды ыйгарууга көрсөтөт;

30) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ага ушул Регламентте жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине карама каршы келүүчү Төраганын тескемелери Жогорку Кеңештин чечими менен өзгөртүлүшү же жокко чыгарылышы мүмкүн.

3. Төрага жыл сайын июнь айынын акыркы декадасында Жогорку Кеңештин сессия мезгилиндеги иши жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет.

4. Бюджеттик жыл аяктагандан кийин бир айдан кечиктирбестен, Төрага жана караштуулугунда финансылык-чарбалык маселелер болгон анын орун басары Координациялык кеңеш менен макулдашылган тариз боюнча. Жогорку Кеңештин өткөн жылдагы чыгымдары жөнүндө Жогорку Кеңешке маалымат берет, ал ички аудиттин корутундусу менен ар жылдын 15-мартынан кечиктирбестен каралат.

5. Ушул Регламенттин 32-беренесинде белгиленген учурду кошпогондо, Төрага Жогорку Кеңештин комитеттеринде жана убактылуу комиссияларында болууга укуксуз.

6. Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда Конституцияны, ушул Регламентти жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

21-берене. Төраганын орун басарларын шайлоо

1. Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө, жашыруун добуш берүү менен өз курамынан, ар бир фракциянын өкүлчүлүгүн камсыз кылуучу санда Төраганын орун басарларын шайлайт.

Караңыз:

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы N 16-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому

2. Төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкер, бош орун түзүлгөн күндөн тартып, тиешелүү фракция тарабынан 10 жумушчу күндүн ичинде сунушталат.

3. Бардык фракциялардын макулдугу менен Төраганын бир нече орун басарларын шайлоо альтернативдик эмес негизде бирдиктүү тизме менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында фракция бир гана талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Калган учурларда бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү менен жүзөгө ашырылат.

Катышкандардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алган талапкер шайланган болуп эсептелет.

(КР 2014-жылдын 10-июлундагы N 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-берене. Төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары

1. Төраганын орун басарлары Төраганын милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө тескемесине ылайык анын айрым ыйгарым укуктарын аткарышат.

2. Төрага болбогон же убактылуу ишке жөндөмсүз болгон учурда, Төраганын тескемесине ылайык анын милдетин орун басарларынын бири аткарат.

3. Төраганын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, анын милдеттерин жаңы Төрага шайланганга чейин анын орун басарларынын бири аткарат.

4. Төраганын орун басарлары регламенттин маселелери караштуулугунда турган комитеттин курамына киришет.

Төраганын орун басарлары Жогорку Кеңештин убактылуу комиссияларында болууга укуксуз.

5. Төраганын орун басарлары Жогорку Кеңешке өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча ар жылдык отчет беришет.

(КР 2012-жылдын 15-июнундагы N 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-берене. Төраганын жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

1. Төраганын же анын орун басарларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) Төраганын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) депутаттык ыйгарым укуктар токтотулганда;

3) Жогорку Кеңеш чакыртып алганда.

2. Төраганын же Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (отставка) жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын текстти төрагалык кылуучу тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланат жана эске алынат.

3. Депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу Төраганын же Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарынын токтошуна алып келет.

4. Төраганы же Төраганын орун басарын чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине фракциянын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана тиешелүү арыз берилгенден кийин 72 сааттан эрте эмес жана бешинчи күндөн кечиктирбестен каралышы керек.

5. Төраганы чакыртып алуу тууралуу Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен, ушул Регламенттин 14- жана 15-главаларында белгиленген тартипте кабыл алынат.

6. Төраганын орун басарын чакыртып алуу тууралуу Жогорку Кеңештин чечими катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен ушул Регламенттин 14- жана 15-главаларында белгиленген тартипте кабыл алынат.

7. Төраганы же анын орун басарын чакыртып алуу жөнүндө сунуш бир эле фракция тарабынан жылына бир жолудан көп эмес киргизилиши мүмкүн.

8. Жогорку Кеңеш тарабынан Төраганы чакыртып алуу тууралуу маселени кароодо жыйналышка Төраганын жашы боюнча улуу орун басары төрагалык кылат.

24-берене. Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши

1. Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) Жогорку Кеңештин ишин жалпы пландаштырууну, Жогорку Кеңештин өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашырууга багытталган уюштуруу маселелерин талкуулоону жана чечүүнү жүзөгө ашырат.

2. Координациялык кеңештин курамына Төрага, анын орун басарлары, комитеттердин төрагалары, коалициялардын жетекчилери жана фракциялардын лидерлери, ал эми алар болбогон учурда - орун басарлары кирет.

3. Координациялык кеңештин жыйналышы Төраганын чечими боюнча апта сайын өткөрүлөт.

4. Координациялык кеңеш төмөнкүлөрдү кароону жүзөгө ашырат:

1) Жогорку Кеңештин сессиялык жана айлык иш планынын долбоорлорун жана аларды Жогорку Кеңешке киргизүүнү;

2) ар жылдык иш пландын жана Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу иш планынын аткарылыш мониторингин жана контролдоо натыйжаларын;

3) Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташуу планын;

4) чет өлкөлөргө жиберилүүчү расмий парламенттик делегациялардын курамын (делегациялардын ыйгарым укуктарынын көлөмүн. алардын жетекчилерин жана коштоочу адамдарын);

5) ички аудит жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоорун;

6) Төраганын отчетторунун тариздерин;

7) комитеттин жана убактылуу комиссиянын типтүү жобосун;

8) тартип, жүрүм-турум жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына депутаттардын катышууларынын абалы жөнүндө тиешелүү комитеттин маалыматтарын;

9) ички аудиттин натыйжаларын;

10) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча башка маселелерди.

5. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ички аудитти жүргүзүүгө кийлигишүүлөрүнө тыюу салынат. Ички аудиттин натыйжаларын кароодо жыйналышты Координациялык кеңеш ыйгарым укук берген фракциянын лидери алып барат.

6. Координациялык кеңештин чечими Жогорку Кеңешке жиберилет жана катышып отургандардын көпчүлүгүнүн чечими боюнча, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен жокко чыгарылышы мүмкүн.

5-глава
Жогорку Кеңештин комитеттери жана убактылуу комиссиялары, Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу

25-берене. Комитеттер

1. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин турмушка ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат.

2. Жогорку Кеңеш комитеттердин санын, алардын караштуулугундагы маселелерди аныктайт, ошондой эле алардын курамын түзөт.

Караңыз:

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы N 17-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" токтому

3. Комитеттердин курамы фракциялардын лидерлеринин сунуштамалары боюнча, алардын тең салмактуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт.

4. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин контролдоо функциялары жөнүндө мыйзамга ылайык, бийликтин аткаруу органдарында мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт.

5. Комитеттер Жогорку Кеңешке отчет берет.

26-берене. Комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоонун тартиби

1. Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө, Жогорку Кеңештин бардык Комитетинин төрагасын кошпогондо, өзүнүн курамынан Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын жашыруун добуш берүү менен шайлайт.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы N 1491-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-февралындагы N 1664-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 1874-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому

2. Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү, кароо жана шайлоо Төраганын кызмат ордуна талапкерлер үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Бардык фракциялардын чечими боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо талапкерлердин бирдиктүү тизмеси боюнча, атаандашсыз негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Катышып отургандардын санынын көпчүлүгүнүн добушун, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушун алган талапкер шайланган болуп эсептелет.

5. Караштуулугунда бюджет жана укук коргоо маселелери болгон комитеттердин төрагалары парламенттик оппозиция өкүлдөрүнүн ичинен шайланат.

27-берене. Комитеттин ишинин милдеттүү шарттары жана чектөөлөр

1. Жогорку Кеңештин комитеттеринин курамынын эң аз санын 5 депутат түзөт.

2. Комитеттин мүчөлөрү комитеттин жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

3. Комитеттин жыйналышы анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү болот. Комитет чечимди комитеттин катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүгү менен кабыл алат.

4. Фракция ар бир комитетте өзүнүн өкүлчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү, мында бир комитеттеги анын өкүлдөрүнүн саны чечүүчү добушу бар 4 мүчөдөн ашпоого тийиш.

5. Депутат ушул берененин 6-бөлүгүндө жана ушул Регламенттин 32-беренесинде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, бир гана комитетте турат.

6. Бардык комитеттерде анын мүчөлүгүн камсыз кылууга саны мүмкүнчүлүк бербеген фракциянын депутаттары, фракциянын сунушу боюнча чечүүчү добуш укугу менен эки комитетте турушат. Мында бул фракциянын комитеттин курамындагы мүчөлөрүнүн саны чечүүчү добуш берүү укугу бар бир мүчөдөн ашпашы керек.

7. Депутат кеңеш берүүчү добуш укугу менен, өзү мүчөсү болуп саналбаган комитеттердин ачык жыйналыштарына катышууга укуктуу.

8. Аппараттын эксперттик жана лингвистикалык кызматтарынын корутундусу жок мыйзам долбоорлорунун жооптуу комитет тарабынан алдын ала кароосуна жол берилбейт.

9. Эгерде каралуучу маселелердин мүнөзү жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, комитеттин жыйналышы ачык өткөрүлөт. Жабык жыйналышка комитет тарабынан чакырылган адамдар катышууга укуктуу.

10. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, комитеттер жыйналыш күнүнө чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен, жыйналыштын күн тартиби, өтүүчү убактысы жана орду жөнүндө маалыматтарды маалымат керегесине жана Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырат.

11. Президент, Премьер-министр, алардын Жогорку Кеңештеги өкүлдөрү, Акыйкатчы (Омбудсмен), Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин төрагасы комитеттин ачык жана жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу.

12. Комитеттин ачык жыйналышына эксперттер, кызыкдар адамдар, ошондой эле Жогорку Кеңеште аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттары катышууга укуктуу.

13. Комитеттин жыйналышына талапкерликтери Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга жаткан адамдар чакырылышы мүмкүн.

14. Комитеттин жыйналышына катышкандар ушул Регламенттин 145-беренесинин талаптарын сактоого милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 15-июнундагы N 822012-жылдын 12-июлундагы N 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

28-берене. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

1. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө өздөрү жазуу жүзүндө арыз бергенде (кызматтан кетиши);

2) депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганда;

3) Жогорку Кеңеш чакыртып алганда.

2. Комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын тексти төрагалык кылуучу тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланат жана эске алынат.

3. Депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет.

4. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине фракциянын демилгеси боюнча, Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана 72 сааттан эрте эмес жана тиешелүү арыз берген күндөн кийин бешинчи күндөн кечиктирбестен каралышы керек.

5. Жогорку Кеңештин комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төраганын орун басарын чакыртып алуу жөнүндө токтому катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

6. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын чакыртып алуу жөнүндө сунуш бир эле фракция тарабынан жылына бирден көп эмес киргизилиши мүмкүн.

29-берене. Комитеттин ыйгарым укуктары

1. Жогорку Кеңештин комитети өзүнө таандык болгон маселелер боюнча:

1) мыйзам долбоорлорун алдын ала карайт жана ушул Регламенттин талаптарын сактоо менен алар боюнча чечимдерди кабыл алат;

2) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон мамлекеттик кызматка шайлоо, дайындоого, жактыруу макулдук берүү жана бошотуу маселелери боюнча корутундуларды карайт жана берет;

3) Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлорун Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизет;

4) мыйзам долбоорун Өкмөткө, Акыйкатчыга (Омбудсменге), ошондой эле көз карандысыз эксперттик уюмдарга корутундуларды жана сунуштамаларды берүү үчүн жиберүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу;

5) парламенттик угууларды өткөрөт;

6) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жарандардан жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардан расмий документтерди жана башка материалдарды суратып алат;

7) Жогорку Кеңештин жыйналышында парламенттик суроо-талап жиберүү жөнүндө маселени демилгелейт;

8) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана аткаруу бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топторду түзөт;

9) жооптуу комитетке республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун тиешелүү бөлүмдөрү боюнча корутундуларды жиберет;

10) алар күчүнө киргенден 6 ай өткөндөн кийин алардын карамагындагы кабыл алынган мыйзамдардын мониторингин жүргүзөт;

11) каралып жаткан маселени башка комитетке берүү жөнүндө Төрагага сунуш киргизет;

12) көчмө, ошондой эле Жогорку Кеңештин башка комитеттери менен биргелешкен жыйналыштарды өткөрүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

13) мамлекеттик органдардын жетекчилерин угат;

14) концепциясын, максатын жана милдетин кыскача баяндоо менен, Өкмөткө мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө сунушун (мыйзам чыгаруу сунушун) жиберүүгө укуктуу;

15) өз ишине адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартууга укуктуу;

16) иштин сессиялык планынын негизинде Төрагага кийинки жылга Жогорку Кеңештин бюджетинин долбооруна карата сунуштарды киргизет;

17) өз ишин уюштуруу маселелерин өз алдынча чечет;

18) Жогорку Кеңештин контролдоо функциялары жөнүндө мыйзамга ылайык аткаруу бийлик органдарында мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;

19) ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка маселелерди карайт.

2. Мыйзам долбоорлорун кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңештин комитеттери корутунду түрүндө чечим кабыл алат.

3. Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, комитеттин жыйналышына 3 күн калгандан кечиктирбестен анын мүчөлөрүн күн тартибинин маселелери боюнча материалдар менен камсыз кылат.

(КР 2015-жылдын 21-майындагы N 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-берене. Комитеттин төрагасынын ыйгарым укуктары

Комитеттин төрагасы:

1) комитеттин ишин жетектейт:

2) комитеттин мүчөлөрүнүн арасында милдеттерди бөлүштүрөт;

3) комитеттин жыйналышынын күн тартибинин долбоорун түзөт;

4) комитеттин жыйналыштарына төрагалык кылат;

5) комитеттин документтерине кол коет;

6) ушул Регламентте жана комитет жөнүндө жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

31-берене. Комитеттердин биргелешкен жыйналышы

1. Бир нече комитеттерге таандык болгон маселелер боюнча биргелешкен жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Биргелешкен жыйналыштарда комитеттер ар бир комитеттин катышкан мүчөлөрүнүн санынын добуштарынын көпчүлүгү менен биргелешкен чечимдерди кабыл алышы мүмкүн, аларга төрагалар, ал эми алар болбогондо орун басарлар кол коет. Комитеттердин ортосунда пикир келишпестиктер болгондо чечим ар бир комитет тарабынан өз алдынча кабыл алынат.

3. Биргелешкен жыйналыш комитеттер үчүн белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

32-берене. Бүткүл Жогорку Кеңештин комитети

1. Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй учурларда бүткүл Жогорку Кеңештин комитети тартибинде иштейт:

1) шайлангандан кийин Жогорку Кеңештин ишинин башталышында ушул Регламенттин 9-беренесине ылайык биринчи кезектеги маселелерди кароодо;

2) өзгөчө кырдаал, согуштук абал киргизилгенде, согуш абалы жарыяланганда Жогорку Кеңештин демейки тартипте иштеши үчүн шарттар жок болгон учурда;

2. Жыйналыш тармактык комитеттин жетекчисинин төрагалыгы алдында жүргүзүлөт, ал болбогон учурда төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин чечими боюнча шайланат.

3. Бүткүл Жогорку Кеңештин комитетинин материалдары жана чечимдеринин долбоорлору жыйналыштын жүрүшүндө таратылып берилиши мүмкүн.

4. Бүткүл Жогорку Кеңештин комитети чечимди ант берген депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн ачык добушу менен кабыл алат.

5. Бүткүл Жогорку Кеңештин комитети каралган маселе боюнча чечим кабыл алгандан кийин өз ишин аяктайт.

6. Бүткүл Жогорку Кеңештин комитетинин чечими Жогорку Кеңештин жыйналышында токтоосуз каралууга жатат.

33-берене. Убактылуу комиссиялар

1. Жогорку Кеңеш айрым маселелерди иликтөө жана парламенттик териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн убактылуу комиссияларды (мындан ары - комиссиялар) түзөт.

2. Комиссия түзүү жөнүндө сунушту фракциялар же комитеттер киргизүүгө укуктуу, ал Координациялык кеңеш тарабынан каралууга жатпайт.

3. Фракциялардын сунушу боюнча, алардын Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн тең салмактуулугун эске алуу менен курамы 5 депутаттан кем эмес болгон комиссия түзүлөт.

4. Эгерде фракция комиссиянын курамына төрагалык кылуучу белгилеген мөөнөттө өзүнүн өкүлдөрүн сунуштабаса, Жогорку Кеңеш алардын катышуусуз эле комиссияны түзөт.

5. Комиссия түзүү жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) комиссиянын аталышын;

2) комиссия кароо үчүн түзүлгөн максаттарды, милдеттерди, маселелердин чөйрөсүн;

3) жеке курамын;

4) анын иштөө мөөнөтүн;

5) иштин натыйжалары жөнүндө баяндама берүүнүн мөөнөтүн;

6) комиссияны уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыз кылуу маселелерин.

6. Комиссиянын иштөө мөөнөтү ал түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан ашышы мүмкүн эмес. Комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

7. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 4 ай калганда комиссия түзүүгө жол берилбейт.

8. Төмөнкүлөр комиссиянын төрагасы жана анын орун басары болуп шайланышы мүмкүн эмес:

1) комитеттердин төрагалары;

2) бир фракциянын мүчөлөрү.

9. Кызыкчылыктардын карама-каршылыгы болгондо депутат комиссиянын курамы шайланганга чейин өз талапкерлигин алып коюуну билдирүүгө милдеттүү.

10. Эгерде комиссиянын ишинин жүрүшүндө депутатта кызыкчылыктардын карама-каршылыгы пайда болсо, ал комиссиянын курамынан чыгуу жөнүндө арызын комиссиянын төрагасына берүүгө милдеттүү, бул жөнүндө фракциянын лидерине билдирет.

11. Комиссиянын чыгып кеткен мүчөсүнүн ордун ээлөө ошол эле фракциянын өкүлдөрүнүн ичинен жүзөгө ашырылат.

12. Комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте жүзөгө ашырылат.

II БӨЛҮМ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ

6-глава
Жогорку Кеңештин сессиялары Сессиянын ишин пландоо

34-берене. Жогорку Кеңештин сессиялары

1. Жогорку Кеңештин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталат жана кийинки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

2. Сессиялар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен башталат жана аяктайт.

3. Сессиялар Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары таризинде жүзөгө ашырылат.

4. Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде Төрага Президенттин, Өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакырат.

5. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш себептерин, кароого сунушталган суроолорду жана өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен Төрагага жиберилет.

6. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы келип түшкөн сунуш Жогорку Кеңеште катталган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен Төрага тарабынан чакырылат.

7. Кезексиз сессия Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган маселелер боюнча чечим кабыл алынгандан кийин аяктайт.

8. Жашыруун добуш берүү жол-жобосун камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңеш убактылуу комиссияларды түзүү үчүн каралган тартипте эсептөө комиссиясын шайлайт.

(КР 2014-жылдын 10-июлундагы N 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-берене. Жогорку Кеңештин жыйналыштары

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштары төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

1) кезектеги;

2) кезексиз;

3) ачык;

4) жабык.

2. Жогорку Кеңештин кезектеги жыйналыштары мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, шаршемби жана бейшемби күндөрү өткөрүлөт.

Мыйзамдарга ылайык жумушчу күндөрү которулган учурда, Жогорку Кеңеш жана анын органдары ошол которулган жумушчу күн үчүн иштешет.

3. Кезектеги жыйналыштар 9 саат 30 мүнөттө башталат жана саат 18.00дө аяктайт. Жогорку Кеңештин чечими боюнча жыйналышты өткөрүү убактысы узартылат.

4. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын убагында фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары, парламенттик угуулар өткөрүлбөйт, ошондой эле шайлоочулар менен иштер жүргүзүлбөйт.

5. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышы шаршембиден жана бейшембиден тышкары, аптанын кайсыл гана болбосун күнү Президенттин, Төраганын сунушу боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.

36-берене. Жогорку Кеңештин жабык жыйналыштары

1. Мамлекеттик, аскердик жана мыйзамда аныкталган башка сырлар боюнча маселелерди кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналыштары ачык болуп саналат.

2. Негиздер болгон өзгөчө учурларда Жогорку Кеңеш күн тартибиндеги маселени Жогорку Кеңештин чечими боюнча жабык тартипте кароо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

3. Жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим катышкандардын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

4. Президент, Премьер-министр, Акыйкатчы (Омбудсмен), Президенттин жана Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу жана туруктуу өкүлдөрү Жогорку Кеңештин бардык жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу.

Жогорку соттун төрагасы, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы, Улуттук банктын төрагасы, Эсептөө палатасынын төрагасы, Башкы прокурор, Өкмөт мүчөлөрү өздөрүнүн караштуулугундагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу. Башка кызмат адамдары жабык жыйналыштарга Төраганын же ал болбогондо Төраганын орун басарларынын чакыруусу боюнча катышууга укуктуу.

5. Жогорку Кеңештин жабык жыйналышынын мазмунун ачыкка чыгарууга жана жайылтууга, ошондой эле жыйналыш убагында фото-, укма жана көрмө жабдууларды, маалыматтарды иштетүү каражаттарын, телефондук жана радио байланыштарын пайдаланууга тыюу салынат.

6. Жогорку Кеңештин жабык жыйналышын стенографиялоо, протоколун даярдоо, Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан, анын купуялыгын камсыз кылуучу тартипте жүзөгө ашырылат.

7. Мамлекеттик жана мыйзамда корголуучу башка жашыруун сырды түзгөн материалдарды сактоонун, аларга жетүүнүн жана жашыруундуулук тартибин камсыз кылуу тартиби Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү жободо аныкталат.

8. Жогорку Кеңештин жабык жыйналышында кабыл алынган чечимдер жана добуш берүүнүн натыйжалары Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылууга жатат.

37-берене. Чакырылган адамдардын Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышуусу

Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбоорлору жана башка маселелер боюнча зарыл маалыматтарды, корутундуларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн, комитеттердин жана комиссиялардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышына мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана адистер чакырылышы мүмкүн.

38-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышын өткөрүүнүн тили

1. Жогорку Кеңештин жыйналышы расмий тилге жарыш которууну камсыз кылуу менен, төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде алып барылат.

2. Депутат, ошондой эле чакырылган адамдар Жогорку Кеңештин жыйналыштарында расмий тилде сүйлөөгө укуктуу.

3. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарында чыгып сүйлөөлөр мамлекеттик тилден расмий тилге жана расмий тилден мамлекеттик тилге жарыш которуу менен камсыз кылынат.

4. Чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген өкүлдөрү, чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу, алар мамлекеттик жана расмий тилдерге жарыш которуу менен камсыз кылынат.

39-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу

1. Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу:

1) жыйналышты ушул Регламенттин талаптарына ылайык алып барат;

2) чыгып сүйлөө үчүн катталган билдирмелердин келип түшкөн тартибинде, жыйналыштын күн тартибине жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык сөз берет;

3) каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды алардын келип түшкөн тартибинде добушка коет;

4) добуш берүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө жарыялайт жана анын натыйжаларын жарыя кылат;

5) жыйналыштардын протоколдорунун жана стенограммаларынын жүргүзүлүшүн контролдойт, аларга кол коет;

6) парламенттик суроо-талаптарга жана протоколдук тапшырмаларга кол коет;

7) фракциялардын ортосунда консультацияларды уюштурат.

2. Төрагалык кылуучу жыйналышты аяктап жатып кийинки күндүн жыйналышынын күн тартибин жарыя кылат.

3. Төрагалык кылуучу жыйналышта талаптагыдай тартипти камсыз кылуу үчүн ушул Регламенттин 31-главасында каралган чараларды колдонот.

40-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучуга карата чектөөлөр

1. Чыгып сүйлөгөндөр тарабынан этика ченемдери бузулган учурда, жыйналышта төрагалык кылуучу сүйлөгөн сөздү чечмелебестен ага сын-пикир айтууга укуктуу.

2. Электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүүдө төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет.

3. Төрагалык кылуучу жыйналыштын жүрүшүндө ушул Регламенттин талаптарын үч жолу одоно бузганда, катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен Жогорку Кеңеш кийинки жыйналышка чейин башка төрагалык кылуучуну дайындоого укуктуу.

41-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттардын укуктары жана милдеттери

1. Депутат Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

2. Жогорку Кеңештин жыйналыштарында депутаттар ушул Регламентте белгиленгендердин чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жарыш сөзгө катышууга;

2) талкууланып жаткан маселелердин маңызы боюнча ой-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө;

3) Жогорку Кеңештин кароосуна көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын талапкерликтери боюнча пикир айтууга;

4) ушул Регламентте белгиленген тартипте чыгып сүйлөгөндөргө суроо берүүгө;

5) маалымдамаларды берүүгө жана депутаттардын арасында Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин, комиссияларынын ишине тиешелүү материалдарды таратууга.

3. Депутаттар ушул Регламентте белгиленген башка укуктардан пайдаланууга укуктуу.

42-берене. Жогорку Кеңештин иш пландары

1. Жогорку Кеңеш жаңы чакырылыштын башталышында парламентти өнүктүрүү стратегиясын кабыл алат жана зарыл болгондо ага өзгөртүүлөрдү киргизет.

2. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш комитеттер жана комиссиялар түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен, ошондой эле кийинки кезектеги сессиянын 1-октябрынан кечиктирбестен өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана контролдоо функцияларын ишке ашыруу боюнча иштердин сессиялык планын бекитет.

3. Жогорку Кеңеш ар бир айдын башталышында маселелердин кезектүүлүгүн, ошондой эле фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жана депутаттардын жазуу жүзүндөгү сунуштарын эске алуу менен иштердин ар айлык планын кабыл алат.

4. Жогорку Кеңештин иштеринин сессиялык жана ар айлык пландары токтом менен кабыл алынат жана кабыл алынган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат.

43-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартиби

1. Жогорку Кеңештин жыйналышы маселелерди кароонун кезектүүлүгүн аныктоо менен, ар айлык пландын негизинде жыйналыштын Төрага сунуш кылган күн тартибин бекитүүдөн башталат.

2. Жогорку Кеңеш комитеттерде каралган мыйзамдардын долбоорун жыйналыштын күн тартибине мөөнөтүнөн мурда киргизүүгө укуктуу.

3. Жогорку Кеңеш тарабынан жооптуу комитеттин жылдыруу жөнүндө чечими жактырылган учурларды кошпогондо, жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени кароону Жогорку Кеңештин чечими боюнча бир жолудан ашык эмес жылдырууга жол берилет.

4. Жыйналыштын күн тартиби катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен бекитилет.

5. Ушул Регламенттин 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-, 6-9-, 13-, 15-, 17-30-, 33-, 38-, 39-пункттарында каралган маселелер ушул Регламентте белгиленген шарттар сакталганда, жыйналыштын күн тартибине аны Жогорку Кеңештин бекитүүсү жок эле Төрага тарабынан киргизилет.

6. Өкмөт тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоору жооптуу комитеттин корутундусу болгондо, жыйналыштын күн тартибине киргизилет жана Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат.

7. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, жыйналыштардын күн тартибинин маселелери боюнча материалдар депутаттарга Жогорку Кеңештин жыйналышына чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен берилет.

44-берене. Фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары

1. Фракциялардын жыйналыштары жума күнү, ал эми зарыл болгондо шайлоочулар менен иштөө убактыларын, комитеттердин жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарын кошпогондо, башка күндөрү өткөрүлөт.

2. Комитеттерде жана комиссияларда жыйналыштар дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү, ал эми зарыл болгондо шайлоочулар менен иштөө убактыларын, фракциялардын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарын кошпогондо, башка күндөрү өткөрүлөт.

3. Комитеттердин, комиссиялардын жыйналышы алардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү болот. Комитеттер, комиссиялар чечимди комитеттердин, комиссиялардын катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүгү менен кабыл алат.

4. Фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүү тариздери жана жол-жоболору кворум, жыйналыш өткөрүүнүн тили, күн тартибин бекитүү, ж.б. маселелери, эгерде ушул Регламентте башкалар каралбаса, Жогорку Кеңештин жыйналыштарын өткөрүү жол-жобосуна окшош болот.

III БӨЛҮМ
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖОЛ-ЖОБОСУ

7-глава
Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизүү жана аларды алдын ала кароо

45-берене. Мыйзам чыгаруу демилгеси укугунун субъекттери

Мыйзам чыгаруу демилгеси укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) 10 миң шайлоочуга жана элдик демилге жөнүндө мыйзамда жөнгө салынат;

2) ушул Регламентке ылайык Жогорку Кеңештин депутатына;

3) Өкмөт жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык Өкмөткө.

46-берене. Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышы кабыл албаган мыйзам долбоорлорун кароо

1. Депутат же депутаттар тарабынан демилгелеген жана мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралбаган мыйзам долбоору, элдик демилге тартибинде киргизилген долбоорду кошпогондо, чакыртып алынган болуп эсептелет.

2. Эгерде Өкмөттүн жаңы курамы аны колдоодон баш тартса, Өкмөттүн мурунку курамы тарабынан киргизилген мыйзам долбоору чакыртып алынган болуп эсептелет.

3. Депутат же депутаттар тарабынан демилгелеген чакыртып алынган мыйзам долбоору, аны кайталап демилгелөө жана сессиялык планга кошуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жаңы чакырылыштын депутаттарына жана Жогорку Кеңештин тармактык комитетине таратып берилет.

4. Жаңы чакырылыштын депутаттары тарабынан талап кылынбаган чакыртып алынган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин архивине өткөрүп берилет.

5. Элдик демилге тартибинде киргизилген же Өкмөт колдоого алган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламентте аныкталган тартипте каралат.

6. Мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламентте аныкталган тартипте каралат.

47-берене. Мыйзам долбоорун киргизүү. Коштоочу документтер

1. Мыйзам чыгаруу демилгеси укугунун субъекти тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилүүчү мыйзам долбооруна төмөнкү коштоочу материалдар тиркелет:

1) демилгечинин коштоочу каты;

2) мыйзамдын долбооруна карата маалымдама-негиздеме, ал төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтуусу тийиш:

а) мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө;

б) мыйзамдын колдонулушунун мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттери жөнүндө;

в) парламенттик угуунун, коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө;

г) мыйзам долбоорунун мыйзамдарга ылайыктуулугу жөнүндө;

д) каржылоонун булактары тууралуу;

з) эгерде мыйзам долбоорунда колдонуудагы мыйзамга түзөтүү киргизилип жатса, салыштырма таблица;

4) сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунан келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун (мындан ары - мыйзам долбоорунун пакетин);

5) ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорунун жөндөөчү таасирин талдоону.

2. Мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүүдө төмөнкүлөр кошумча берилиши тийиш:

1) демилгечи топту каттоо жөнүндө документ (курамы, фамилиясы, аты-жөнү, паспорттук маалыматтары);

2) колтамгалар коюлган барактар;

3) мыйзам долбоорунун расмий басылмада жарыяланган текстинин бир нускасы.

3. Мыйзам долбоору жана коштоочу документтер электрондук форматта, мамлекеттик жана расмий тилдерде (12 өлчөмүндөгү TIMES NEW ROMAN арибинде), ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын санына барабар кагазда басылган вариантта берилет.

48-берене. Мыйзам долбоорун каттоо

1. Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү мыйзам долбоорун каттайт жана Төрагага киргизүү үчүн 2 күндүк мөөнөттө ушул Регламенттин 45- жана 47-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө маалымдама даярдоо үчүн аны 2 күндүн ичинде юридикалык кызматка жиберет.

Мыйзам долбоору юридикалык кызматтын маалымдамасы менен Төраганын алдындагы улуттук коопсуздук боюнча эксперттик топко жөнөтүлөт, ал 3 күндүн ичинде мыйзам долбоорунун улуттук коопсуздуктун негиздерине ылайыктуулугу жөнүндө корутунду даярдайт. Эгерде эксперттик топ терс корутунду берсе, мыйзам долбоору демилгечисине кайтарылып берилет.

2. Төрага 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен Төраганын алдындагы улуттук коопсуздук боюнча эксперттик топтун корутундусунун жана юридикалык кызматтын маалымдамасынын негизинде, мыйзам долбоорун алып баруу маселелерине ылайык жооптуу комитетти аныктоо менен тиешелүү комитеттерге жөнөтүү жөнүндө резолюция коет.

Резолюцияда төрагасынын фамилиясы биринчи көрсөтүлгөн комитет жооптуу болуп саналат.

3. Төраганын резолюциясына ылайык Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү бир күндүн ичинде мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди фракцияларга, комитеттерге, депутаттарга, атайын экспертизаларды жүзөгө ашыруучу эксперттик кызматка (мындан ары - эксперттик кызмат) жиберет, ошондой эле мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырат.

4. Депутаттар тарабынан, ошондой эле элдик демилге тартибинде киргизилген мыйзам долбоорлору каттоодон кийин Президентке жана Өкмөткө жиберилет.

5. Мыйзам долбоорунун демилгечиси аны биринчи окууда кабыл алынганга чейин мыйзам долбоорун чакыртып алууга же болбосо демилгелөөгө катышуудан баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө Төраганы жазуу жүзүндө кабарландырат. Эгерде мыйзам долбоору депутаттардын тобу тарабынан киргизилсе, ал бардык демилгечилердин макулдугу менен чакыртып алынышы мүмкүн.

49-берене. Мыйзам долбоорун демилгечиге кайтарып берүү

Эгерде берилген мыйзам долбоорлору жана коштоочу документтер ушул Регламенттин 45- жана 47-беренелеринин жана ченем чыгаруу техникасынын талаптарына жооп бербесе, Төрага Аппараттын юридикалык кызматынын маалымдамасынын негизинде мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди демилгечиге кайтарып берет.

50-берене. Мыйзам долбоорунун экспертизасы

1. Аппараттын эксперттик кызматы мыйзам долбоору боюнча укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизалардын натыйжалары менен милдеттүү тартипте төмөнкү корутундуларды берет:

1) алар тиешелүү комитеттерде каралганга жана биринчи окууга киргизилгенге чейин мыйзам долбооруна жана мыйзам долбоорлорунун пакетине;

2) мыйзам долбоорун экинчи окууга карата даярдоонун жүрүшүндө киргизилген түзөтүүлөргө;

3) Президенттин каршы пикирлери боюнча макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзамдын текстине.

2. Аппараттын лингвистикалык кызматы төмөнкүлөрдү камтыган экспертизаны жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзам долбоорунун тексттеринин жана тиркелген пакеттин каралганга жана биринчи окууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин аныктыгынын жана ички ырааттуулугунун салыштырма-редакциялык экспертизасын;

2) мыйзам долбоорун экинчи окууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жооптуу комитеттин корутундусунун жана түзөтүүлөр таблицасынын котормосун;

3) каралганга жана үчүнчү окууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги туура келген тексттерин;

4) Президенттин каршы пикирлери боюнча макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзамга сунуштардын туура келген текстин.

3. Эксперттик корутундуларга, ошондой эле котормонун тексттерине тиешелүү кызматтын жетекчиси кол коет.

51-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун биринчи окууга даярдоо

1. Жооптуу комитет ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору алынган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен аны алдын ала кароону жүзөгө ашырат.

2. Фракциялар, комитеттер, депутаттар, Өкмөт, жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды жазуу жүзүндө, ал Жогорку Кеңештин расмий сайтында жайгаштырылган күндөн тартып 2 жуманын ичинде жооптуу комитетке жиберүүгө укуктуу.

3. Эксперттик кызмат корутундуларды жооптуу комитетке мыйзам долбоору алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен жиберет.

4. Мыйзам долбоору жооптуу комитеттин жыйналышына анын демилгечиси же ал ыйгарым укук берген өкүл тарабынан сунушталат. Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоору расмий өкүл болуп дайындалган министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же болбосо алардын биринчи орун басарларынын, статс-катчыларынын, орун басарларынын, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунушталат.

5. Альтернативдүү мыйзамдардын долбоорлору болгон учурда жооптуу комитет аларды бир убакта карайт жана Жогорку Кеңешке бир мыйзам долбоорун кабыл алууну жана калгандарын четке кагууну же болбосо бардык мыйзам долбоорлорун бириктирүүнү же четке кагууну сунуш кылат.

6. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди кароонун жыйынтыктары боюнча корутунду кабыл алат, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:

1) мыйзам долбоорунун концепциясы;

2) мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайыктуулугу;

3) мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу ченемдик базанын абалы;

4) ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорунун жөндөөчү таасирин талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар;

5) ушул Регламенттин 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар;

6) эгерде ушундайлар болсо, көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар;

7) алар өткөрүлгөн учурда, өткөрүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар;

8) мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары;

9) ал болгондо, комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири;

10) Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламенттин 56-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган чечимди кабыл алуусу жөнүндө сунуштамалар.

7. Мыйзам долбоорун алдын-ала кароонун натыйжалары боюнча жооптуу комитет Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкүлөрдү жиберет:

1) комитеттин корутундусун;

2) болсо - корутундуга карата салыштырма таблицаны;

3) мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун.

8. Жооптуу комитеттин жыйналышынын корутундусуна жана протоколуна төрагалык кылуучу кол коет.

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги N 402013-жылдын 11-июлундагы N 1332015-жылдын 21-майындагы N 108 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

52-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоо

1. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү аркылуу, ушул Регламенттин 56-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө, алардын негиздемеси менен мыйзам долбооруна карата жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү бир эле мезгилде жооптуу комитетке жана эксперттик кызматка жиберет.

2. Эксперттик кызмат жооптуу комитетке келип түшкөн түзөтүүлөргө корутундуну биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен берет.

3. Жооптуу комитет төмөнкүлөрдү кароону жүзөгө ашырат:

1) ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык сунуштарды жана түзөтүүлөрдү, демилгечилерден экинчи окууга карата келип түшкөн түзөтүүлөрдү;

2) (КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги N 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) эксперттик кызматтын корутундусун;

4) башка тармактык комитеттердин корутундуларын.

4. Ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөрдү кароо, биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 20 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.

5. Жооптуу комитеттин жыйналышына аны өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө алдын ала кабарландырылган түзөтүүлөрдүн демилгечилери, мыйзам долбоорунун демилгечиси же анын ыйгарым укук берген өкүлү чакырылат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси же анын өкүлү келбеген учурда, комитет аны кароону башка убакытка калтырууга укуктуу. Түзөтүүлөрдүн демилгечилеринин келбегени мыйзам долбоорун кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

6. Жооптуу комитет келип түшкөн түзөтүүлөрдү карайт жана аларды кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган түзөтүүлөр экинчи окууга даярдалышы керек болгон мыйзам долбооруна киргизилет.

7. Жооптуу комитет экинчи окууга карата корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкү материалдарды жиберет:

1) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алууга сунушталган түзөтүүлөр эске алынган мыйзам долбоорунун текстин;

2) түзөтүүлөрдүн салыштырма таблицасын;

3) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун;

4) келип түшкөн түзөтүүлөр боюнча эксперттик кызматтын корутундусун;

5) алар өткөрүлгөн учурда, өткөрүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу маалыматты.

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

53-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоо

1. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү менен бирдикте, Жогорку Кеңештин жыйналышынын стенограммасынын негизинде, экинчи окууда кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло акыркы текстин даярдайт.

Мыйзам долбоорунун текстин даярдоодо, алардын мазмунун өзгөртпөстөн беренелеринин жана анын түзүмдүк элементтеринин өз ара туура байланышын белгилөө үчүн так эместиктерди четтетүүгө жана оңдоолорду киргизүүгө жол берилет.

2. Жооптуу комитет үчүнчү окууга карата корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкү материалдарды жиберет:

1) мыйзам долбоорунун биротоло акыркы толук текстин жана тиркелген мыйзам долбоорлорунун пакетин;

2) бардык түзөтүүлөр менен таблицаны;

3) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун.

54-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун төртүнчү окууга даярдоо

1. Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдарды кароодо Жогорку Кеңеш төртүнчү окуу өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

Жооптуу комитет Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте, Жогорку Кеңештин жыйналышынын стенограммасынын негизинде үчүнчү окуу боюнча мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло акыркы текстин даярдайт.

2. Жооптуу комитет корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкү материалдарды жиберет:

1) мыйзам долбоорунун биротоло текстин;

2) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун.

8-глава
Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзамдардын долбоорлорунун каралышы

55-берене. Мыйзамдардын долбоорлорун кароонун жалпы талаптары

1. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды алар жооптуу комитеттерде каралгандан кийин кабыл алат.

2. Жооптуу комитет тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна даярдалган мыйзам долбоору жана материалдар Төрагага жиберилет.

3. Мыйзамдардын долбоорлору үч окуу жол-жобосу боюнча каралат жана кабыл алынат.

4. Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору жана мамлекеттик чек араны өзгөртүү тууралуу мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан кеминде үч окууда кабыл алынат. Ушул мыйзам долбоорлору боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн чечими менен төртүнчү окуу дайындалышы мүмкүн.

5. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин кабыл алынат.

6. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорун кароо ар айлык иш планына ылайык жүргүзүлөт.

7. Мыйзам долбоору коштоочу документтери менен Жогорку Кеңеш тарабынан аны кароого чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен депутаттарга берилет.

8. Жогорку Кеңеш ар бир окууда мыйзам долбоорун кароонун натыйжалары боюнча добуш берүү өткөрөт.

9. Ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору боюнча ар бир окуунун ортосундагы убакыттын аралыгы 10 жумушчу күндөн кем болушу жана 30 жумушчу күндөн ашык болушу мүмкүн эмес.

10. Бардык фракциялардын, жооптуу жана тармактык комитеттердин оң корутундусу болгондо, Жогорку Кеңеш төмөнкү учурларда мыйзам долбоорун бир эле мезгилде үч окууда кабыл алууга укуктуу:

1) мыйзамдын ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүүдө;

2) колдонуудагы мыйзамды жаңы кабыл алынган мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүүдө;

3) мыйзамдын бир беренелерин ошол эле мыйзамдын башка беренелерине ылайык келтирүүдө;

4) мыйзамдын тексттинин грамматикалык каталарын оңдоодо;

5) мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзамдын тексттеринин ортосундагы дал келбестиктерди жоюуда;

6) кредиттик макулдашууларды кошпогондо, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароодо.

11. Президенттин каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайтарылып берилген, макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзам ушул Регламенттин 77-беренесине ылайык кыскартылган жол-жобо боюнча кайра каралууга тийиш.

12. Мыйзам долбоору четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш аны кайра кароого четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес киришиши мүмкүн.

13. Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоору расмий өкүл болуп дайындалган министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же болбосо алардын биринчи орун басарларынын, статс-катчыларынын, орун басарларынын, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунушталат.

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги N 402013-жылдын 11-июлундагы N 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

56-берене. Мыйзам долбоорунун биринчи окууда каралышы

1. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароодо анын концепциясы, максаттары жана милдеттери, түзүлүшү, актуалдуулугу, максатка ылайыктуулугу, ошондой эле Конституциянын жоболоруна шайкештиги талкууланат. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун бардык беренелерин ырааттуу талкуулоо (беренелер боюнча талкуулоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо ушул Регламенттин 76-беренесинде каралган жол-жобо боюнча жүргүзүлөт.

3. Биринчи окуунун жүрүшүндө мыйзам долбоорунун текстине түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

4. Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) жооптуу комитетке аны экинчи окууга даярдоону тапшыруу менен, мыйзам долбоорун негиз катары кабыл алуу;

2) мыйзам долбоорун четке кагуу.

5. Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомунда мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөрдү берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт, ал 10 жумушчу күндөн ашышы мүмкүн эмес.

6. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин аны Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун кийинки баскычтарынын жоопкерчилигин жооптуу комитет тартат.

57-берене. Мыйзам долбоорунун экинчи окууда каралышы

1. Экинчи окууда биринчи окуунун жүрүшүндөгү талкуунун убагында түзөтүүлөрдүн демилгечилеринен жооптуу комитетке келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштар боюнча мыйзам долбоорунун беренелери каралат.

2. Мыйзам долбоорунун экинчи окуусу келип түшкөн түзөтүүлөрдү кароонун жыйынтыктары тууралуу жооптуу комитеттин төрагасынын баяндамасынан башталат.

3. Төрагалык кылуучу жооптуу комитет тарабынан сунушталган түзөтүүлөр боюнча фракциялардын, депутаттардын, Өкмөттүн өкүлүнүн жана жыйналышка чакырылган адамдардын каршы пикирлеринин бар-жогун сурап билет.

4. Жооптуу комитеттин сунуштарына каршы пикирлер болбогон учурда, төрагалык кылуучу мыйзам долбооруна жооптуу комитет тарабынан сунушталган түзөтүүлөрдү жалпы жонунан кабыл алуу жөнүндө маселени добушка коет.

5. Жооптуу комитет тарабынан сунушталган кайсы бир түзөтүүлөргө каршы пикирлер болгон учурда, төрагалык кылуучу адегенде каршы пикирлер болбогон түзөтүүлөрдү добушка коет, андан кийин каршы пикирлер болгон ар бир түзөтүү боюнча жарыш сөз ачат.

6. Тиешелүү түзөтүү боюнча жарыш сөздөр токтотулгандан кийин төрагалык кылуучу адегенде жооптуу комитеттин сунуштамасын добушка коет. Жооптуу комитеттин сунуштамасы кабыл алынган учурда, демилгечинин талкууланып жаткан беренеге карата түзөтүүлөрүнүн тексти боюнча добуш берүү жүргүзүлбөйт. Эгерде жооптуу комитеттин сунуштамасы кабыл алынбаса, демилгечилердин түзөтүүлөрү түзөтүүлөр таблицасында көрсөтүлгөн тартипте добушка коюлат. Кайсы бир түзөтүү кабыл алынган учурда, калган түзөтүүлөр боюнча добуш берүү жүргүзүлбөйт. Жооптуу комитеттин да, түзөтүүлөр демилгечисинин да түзөтүүлөрү четке кагылган учурда, мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынган редакциясы сакталат.

7. Аны экинчи окууда талкуулоонун жүрүшүндө мыйзам долбооруна карата жаңы сунуштар келип түшкөн учурда, аларды иликтөө жана экинчи окуу тартибине даярдоо үчүн мыйзам долбоору жооптуу комитетке кайтарылып берилет. Мындай учурда Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорун кароо экинчи окуунун жол-жобосу боюнча кайталанат.

8. Мыйзам долбооруна карата бардык түзөтүүлөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча төрагалык кылуучу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө маселени добушка коет.

9. Экинчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоору кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен, үчүнчү окууга даярдоо үчүн жооптуу комитетке жиберилет.

58-берене. Мыйзам долбоорунун үчүнчү окууда каралышы

1. Мыйзам долбоорунун үчүнчү окуусу жооптуу комитеттин өкүлүнүн кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен, аны комитетте кароонун натыйжалары жөнүндө баяндамасынан башталат.

2. Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароодо анын текстинин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

3. Үчүнчү окууда мыйзам долбоорун жалпысынан же болбосо анын айрым түзүмдүк бирдиктерин талкуулоого кайрылып келүүгө жол берилбейт.

4. Мыйзам долбоору боюнча жыйынтыктоочу добуш берүүнүн алдында жооптуу комитет тарабынан, Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн катышуусу менен мүмкүн болгон ички карама-каршылыктарды четтетүү жана беренелердин өз ара туура байланышын белгилөө үчүн мыйзам долбоорунун текстин редакциялык оңдоолор жүргүзүлөт.

5. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун биротоло акыркы текстин үчүнчү окууда кабыл алуу же болбосо аны четке кагуу жөнүндө жыйынтыктоочу добуш берүү өткөрөт.

59-берене. Экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү

1. Жогорку Кеңеш өзгөчө учурларда мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууга жана мыйзам долбоорунун мазмунуна таасир этүүчү грамматикалык, редакциялык жана техникалык мүнөздөгү каталыктарды тапканда экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүүгө укуктуу.

2. Түзөтүүлөрдү киргизүүнүн демилгечиси жооптуу комитетке негизделген экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү сунушу менен кайрылууга укуктуу.

Жооптуу комитет экинчи окууга кайрылып келүү жөнүндө сунушту жактыруу же четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат жана маселени Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

3. Талкууланган жана катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынган экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө токтомдун долбоору ушул мыйзам долбоору боюнча мурун кабыл алынган токтомду жокко чыгарат.

4. Мыйзам долбоору жооптуу комитетке жеткире иштеп чыгууга жиберилет, ал 7 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизилет жана экинчи окуунун белгиленген жол-жобосу боюнча каралат.

Жооптуу комитеттин экинчи окууга карата мурун кабыл алган корутундусу жокко чыгарылууга жатпайт жана кошумча корутунду менен бирдикте каралат.

60-берене. Мыйзам долбоорунун төртүнчү окууда каралышы

1. Төртүнчү окуунун жүрүшүндө мыйзам долбоорунун үчүнчү окуусунун жүрүшүндө редакциялык-техникалык түзөтүүлөр киргизилген бөлүктөрү гана талкууланышы мүмкүн.

Төртүнчү окууда мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүүгө жана аны жалпысынан же болбосо анын айрым түзүмдүк бирдиктерин талкуулоого кайрылып келүүгө жол берилбейт.

2. Төртүнчү окуунун жүрүшүндө жалпы мыйзам долбоору үчүн жыйынтыктоочу добуш берүү өткөрүлөт. Төртүнчү окууда кабыл алынбаган мыйзам долбоору четке кагылган болуп эсептелет.

61-берене. Мыйзамдын биротоло акыркы текстин даярдоо

1. Мыйзам долбоору үч (төрт) окууда каралгандан жана кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам кабыл алынган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын тексти оңдолууга жатпайт.

3. Эгерде Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан мыйзамдын биротоло акыркы текстин даярдоо процессинде, чечилиши көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмдүн ыйгарым укугуна кирбеген карама-каршылыктар жана башка маселелер табылса, алар боюнча чечимдер анын корутундуларынын жана жыйналыштардын стенограммаларынын негизинде жооптуу комитет тарабынан кабыл алынат.

4. Аппараттын ченемдик укуктук актылардын чыгышы үчүн жооптуу тиешелүү бөлүмү, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын биротоло акыркы текстин төмөнкү кызмат адамдары менен макулдашат:

1) жооптуу комитеттин төрагасы:

2) жооптуу комитеттин бөлүмүнүн башчысы;

3) лингвистикалык кызматтын жетекчиси:

4) мыйзамдын текстин мамлекеттик же расмий тилдерге которуу үчүн жооп берүүчү кызматтын жетекчиси.

5. Аны үчүнчү (төртүнчү) окууда кабыл алгандан кийин мыйзам долбоорун кароого кайрылып келүүгө жол берилбейт.

6. Кабыл алынган мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло акыркы тексти 14 календардык күндүн ичинде кол коюу жана жарыялоо үчүн Президентке жиберилет.

(КР 2015-жылдын 21-майындагы N 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-глава
Президент тарабынан каршы пикирлер менен кайтарылып берилген мыйзамдардын каралышы

62-берене. Президент тарабынан кайтарылып берилген мыйзамдардын каралышы

1. Төрага Президенттин каршы пикирлери менен мыйзамды алган күндөн тартып 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен каршы пикирди жооптуу комитетке, фракцияларга, эксперттик кызматка жиберет.

2. Жооптуу комитет Президенттин каршы пикирлерин, фракциялардын сунуштарын, эксперттик кызматтын корутундусун иликтегенден кийин 10 жумушчу күндөн ашык эмес мөөнөттө төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:

1) Президенттин каршы пикирлерине макулдук берилсин;

2) Президенттин каршы пикирлерине макулдук берилбесин жана мыйзам мурун кабыл алынган редакциясында жактырылсын (ветону жеңип өтүү);

3) мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу түзүлсүн.

3. Жогорку Кеңеш Президенттин каршы пикирлерине макул болуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда Аппараттын тийешелүү бөлүмдөрү менен бирдикте жооптуу комитетке Президенттин каршы пикирлерин эске алуу менен мыйзамдын текстин жеткире иштеп чыгууну жана Президентке кол коюга жөнөтүүнү тапшырат.

Эгерде Жогорку Кеңеш мыйзамды толугу менен кабыл алуунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө Президенттин каршы пикирине макулдук берсе, анда мыйзам четке кагылды деп эсептелинет.

4. Эгерде Жогорку Кеңеш мыйзамды мурун кабыл алынган редакциясында Жогорку Кеңештин конституциялык курамынан депутаттардын үчтөн экисинин кем эмес добушу менен кайрадан жактырса, мыйзам Президентке кол коюуга жиберилет.

5. Мурун кабыл алынган редакциясында жактырылган мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде ага Президент тарабынан кол коюлушу керек. Белгиленген мөөнөттө кол коюлбаган учурда, мыйзамга 10 күндөн кечиктирбестен Төрага тарабынан кол коюлат жана жарыяланууга жатат.

6. Президенттин каршы пикирлерин эске алуу менен мыйзамды даярдоо үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу чечим катышкандардын көпчүлүгүнүн добуштары, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш Президенттин каршы пикирин кароонун натыйжасында ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чечимдердин бирин кабыл албаса, мыйзам четке кагылды деп эсептелинет.

8. Жогорку Кеңеш Президенттин төмөнкү мыйзамга келген каршы пикирлерин кароосуз калтырат:

1) Жогорку Кеңеш тарабынан кийинчерээк күчүн жоготкон деп табылган негизги мыйзамды өзгөртүүгө багытталган;

2) күчүнө кирген башка мыйзам менен анын мазмуну сиңирип алынган.

63-берене. Макулдашуу тобун түзүү жана анын иши

1. Макулдашуу тобун түзүү жөнүндө чечим кабыл алууда Жогорку Кеңеш анын Жогорку Кеңештен жана Президенттен мүчөлөрүнүн санын жана курамын аныктайт.

2. Макулдашуу тобуна Жогорку Кеңештен демилгечи жана жооптуу комитеттин өкүлдөрү кирет.

3. Чечим кабыл алууда макулдашуу тобунун мүчөлөрүнүн добуш берүүсү "бир тарап - бир добуш" принциби боюнча жүргүзүлөт. Макулдашуу тобунун чечими бир добуштан болушу керек.

4. Мыйзамдын вариантынын макулдашылган редакциясына жана түзөтүүлөрдүн таблицасына кол коюуга чейин макулдашуу тобунун Жогорку Кеңештен теңтөрагасы ушул Регламенттин 50-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүндө каралган шарттарды аткаруу үчүн аларды эксперттик кызматка жиберет.

5. Макулдашуу тобу Жогорку Кеңеш тарабынан аны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

6. Макулдашуу тобунун ишин уюштурууну жана маалыматтык камсыз кылууну жооптуу комитеттин бөлүмү жүзөгө ашырат.

7. Жогорку Кеңеш макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан төмөнкү вариант боюнча чечим кабыл алат:

1) конституциялык мыйзамдын - депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмес добуштарынын көпчүлүгү менен;

2) мыйзамдын - катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен.

IV БӨЛҮМ
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУНУН АТАЙЫН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

10-глава
Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Референдумду дайындоо

64-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун кароонун өзгөчөлүктөрү

1. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөөнүн жана кабыл алуунун тартиби Конституциянын 114-беренесинде аныкталат.

2. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору корутунду берүү үчүн Жогорку соттун Конституциялык палатасына жиберилүүгө жатат.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы терс корутунду чыгарган учурда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралууга жатпайт.

65-берене. Референдумду дайындоо

1. Референдум мыйзам менен дайындалат.

2. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору, тизмеги референдум жөнүндө конституциялык мыйзамда белгиленүүчү мамлекеттик мааниси бар маанилүү маселелер референдумду дайындоонун предмети болуп саналат.

3. Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамда маселе же мыйзам долбоорунун, аталышы (референдумдун предмети), референдумду өткөрүүнүн датасы аныкталат.

66-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун кароонун өзгөчөлүктөрү

1. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбооруна ушул Регламенттин 47-беренесинде көрсөтүлгөн документтерден тышкары, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору тиркелет.

2. Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоодо Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун текстине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

3. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору, Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып бир айдан эрте эмес жана 3 айдан кеч эмес, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

4. Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун четке кагуу тууралуу Жогорку Кеңештин токтому Жогорку соттун Конституциялык палатасына даттанылышы мүмкүн.

11-глава
Эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдарды кабыл алуу

67-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялоого же денонсациялоого тийиш болгон эл аралык келишимдердин долбоорлорун макулдашуу

1. Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууга же денонсацияланууга жаткан эл аралык келишимдин долбоору ага Президент же Өкмөт кол коердун алдында макулдашуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине жиберилет.

2. Жооптуу комитет тармактык комитет менен бирдикте төмөнкүлөрдү карайт:

1) эл аралык келишимдин долбоорунун текстин;

2) тексттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуулугу жөнүндө Юстиция министрлигинин экспертизасын;

3) келишимдин долбоорунан келип чыгуучу каржы милдеттенмелери бөлүгүндө Финансы министрлигинин экспертизасын;

4) караштуулугунда тышкы иштер маселелери болгон орган менен макулдашуу документтерин.

3. Жогорку Кеңештин эл аралык келишимдин долбоорунун тексти боюнча сын пикирлери болгон учурда, алар келишим тарабынан иштеп чыгылышы үчүн Президентке же Өкмөткө жиберилет.

68-берене. Эл аралык келишимдерди ратификациялоонун тартиби. Мамлекеттик чек араны өзгөртүү боюнча эл аралык келишимди ратификациялоо

1. Жогорку Кеңеш эл аралык келишимдерди (макулдашууларды) ратификациялоо жана денонсациялоо маселелерин карайт жана чечимдерди кабыл алат.

2. Эл аралык келишимди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоору төмөнкү документтер болгондо, белгиленген тартипте Өкмөт тарабынан киргизилет:

1) эл аралык келишимдин тексти;

2) келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуулугу жөнүндө Өкмөттүн корутундусу жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу каржы-экономикалык жана башка кесепеттерине берген баасы тууралуу;

3) эл аралык келишимди даярдоонун жана ага кол коюунун жүрүшү жөнүндө маалыматтар;

4) эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө Жогорку соттун Конституциялык палатасынын корутундусу.

3. Төрага ратификациялоого же денонсациялоого келип түшкөн эл аралык келишимдин мазмунуна жараша аны Жогорку Кеңештин кароосуна даярдоо боюнча жооптуу комитетти аныктайт.

4. Тармактык комитет өз компетенциясына ылайык жооптуу комитетке эл аралык келишим боюнча корутунду даярдоодо көмөк көрсөтөт.

Жооптуу комитет эл аралык келишимди кароодо Жогорку Кеңештин жыйналышына материалдарды даярдоо боюнча жумушчу топту түзүшү мүмкүн.

5. Жооптуу комитет кароонун жыйынтыктары боюнча корутунду берет, анда төмөнкүлөр камтылат:

1) ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө сунуштамалар;

2) эки тараптуу эл аралык келишимдерди кошпогондо, ратификациялоону же денонсациялоону эл аралык укук жол берген мүмкүн болуучу декларациялар, билдирүүлөр же эскертмелер менен коштоонун зарылдыгы жөнүндө сунуштарды.

6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын белгилөөчү эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору үч окуудан өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө маселени кароонун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алса, мындай чечим жүйөлөштүрүлүшү керек.

69-берене. Айрым мыйзамдарды кароонун жана кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү

1. Администрациялык-аймактык түзүлүш, аскердик наамдарды, дипломаттык рангдарды жана башка атайын наамдарды белгилөө, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды уюштуруу, мунапыс жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөттүн корутундусу болгондо каралат.

2. Республикалык бюджет жана салыктар жөнүндө мыйзамдар милдеттүү түрдө Президент тарабынан кол коюлууга жатат.

3. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзамдардын долбоорлорун кароо жана кабыл алуу тиешелүү мыйзамдардын ченемдерине жана ушул Регламенттин III бөлүмүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

12-глава
Республикалык бюджетти кароо жана бекитүү

70-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү

1. Жогорку Кеңештин тармактык комитети Өкмөт менен биргелешип орто мөөнөттүү божомолдун бекитилген көрсөткүчтөрүнүн негизинде бюджеттик резолюциянын долбоорун иштеп чыгат, анда кийинки жылга бюджеттик саясаттын негизги багыттары чагылдырылат.

Бюджеттик резолюцияны жактыруу жөнүндө токтом катышкандардын санынын көпчүлүгү, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добуштары менен 15-апрелге чейин кабыл алынат.

2. Бюджеттик резолюциянын долбоорун кароонун алдында Жогорку Кеңеш Өкмөттүн төмөнкү маалыматын угат:

1) өтүп жаткан жылдын бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө;

2) Өкмөттүн ишинин орто мөөнөттүү программасынын ишке ашырылышы жөнүндө.

3. Өкмөт Жогорку Кеңешке республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун 1-сентябрдан кечиктирбестен берет.

4. Ыйгарым укуктуу министрлик бюджеттик каражаттардын учурдагы чыгымдалышы жөнүндө маалыматты Жогорку Кеңештин тармактык комитетине квартал сайын берип турат. Бул маалымат тиешелүү талдоо жүргүзүү үчүн Эсептөө палатасына жиберилиши мүмкүн.

71-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун фракциялар жана комитеттер тарабынан каралышы

1. Республикалык бюджеттин долбоорун кароодо комитеттер 3 күндөн кечиктирбестен өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Судьялар кеңешинин төрагасынын, Жогорку соттун төрагасынын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин алардын бюджеттеринин долбоорлору боюнча маалыматтарын угат, алар жана депутаттар тарабынан киргизилген сунуштарды жана ой-пикирлерди, ошондой эле республикалык бюджеттин долбоорун талдоонун натыйжалары боюнча Социалдык фонддун, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларынын маалыматтарын угат.

2. Комитеттер республикалык бюджеттин чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууда сунуш кылынган чыгымдарын көбөйтүүнү жабуучу кирешелердин кошумча булактары боюнча өз сунуштарын корутундуга бир убакта киргизет.

3. Комитеттер республикалык бюджеттин кирешелерин азайтуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда сунуш кылынган чыгымдарды кыскартуу боюнча өз сунуштарын корутундуга бир убакта киргизет.

4. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун фракцияларда жана комитеттерде кароо ал Жогорку Кеңешке келип түшкөн күндөн тартып 20 күндүн ичинде аяктоого тийиш.

5. Жооптуу комитет фракциялардын чечимдерин, комитеттердин корутундуларын жана Эсептөө палатасынын талдоосун алгандан кийин 10 күндүн ичинде аларды карап чыгат, топтоштурулган корутунду даярдайт жана республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун коштоочу документтер менен 5 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

72-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алуу талаптары

1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламенттин III бөлүгүнүн жоболоруна ылайык толук талкуулоо жол-жобосу боюнча үч окууда каралат.

2. Эгерде бул Өкмөттүн корутундусу боюнча бюджеттик жөнгө салууда кыйынчылыктарга алып келе турган болсо, республикалык бюджетти бекитүү маселеси боюнча чечим кабыл алуу кийинки жыйналышка калтырылышы мүмкүн эмес.

3. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзам 14 күндүн ичинде милдеттүү түрдө кол коюу үчүн Президентке жиберилет.

73-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кароонун өзгөчөлүктөрү

1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кароодо анын концепциясы, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн божомолу, республикалык бюджеттин негизги мүнөздөмөлөрү, бюджеттик жана салыктык саясаттын негизги багыттары, анын ичинде божомолдонгон ички дүң продуктун көлөмү жана инфляциянын деңгээли талкууланат.

2. Жогорку Кеңеш биринчи окууда кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки божомолдонгон эки жылга долбоордо төмөнкү сунуш кылынгандарды карайт:

1) ички дүң продуктуга карата республикалык бюджеттин кирешелеринин салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;

2) ички дүң продуктуга карата республикалык бюджеттин чыгымдарынын салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;

3) республикалык бюджеттин абсолюттук цифралардагы тартыштыгын (профицитин) жана ички дүң продуктуга карата пайыздарын;

4) бюджеттин тартыштыгын жабуунун булактарын;

5) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки божомолдонуучу эки жылга кирешелерди бөлүштүрүүнүн ченемдерин;

6) кезектеги бюджеттик жылдын аягына жана кийинки болжолдонуучу эки жылга Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы мамлекеттик карызынын жогорку чегин;

7) кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонуучу эки жылга Өкмөттүн резервдик фонддорунун республикалык бюджеттеги ченеминин чоңдугун.

3. Кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжомолдонуучу эки жылга республикалык бюджеттин негизги мүнөздөмөлөрүн бекитүүдө кезектеги бюджеттик жылдагы болжолдонгон ички дүң продуктунун көлөмү жана өткөн жылдын июлунун көрсөткүчтөрү менен салыштырмалуу үстүдөгү жылдын июлунун көрсөткүчтөрү боюнча керектөөчү баалардагы инфляциянын арымы көрсөтүлөт.

4. Эгерде Өкмөт каржылоо булактарын аныктабаса, Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин негизги мүнөздөмөлөрүн биринчи окууда бекитүүдө мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтө албайт.

5. Республикалык бюджеттин долбоору биринчи окууда четке кагылган учурда, Жогорку Кеңеш Өкмөткө республикалык бюджеттин долбоорун жеткире иштеп чыгуу жана аны биринчи окууда кайра кароо үчүн берүүнүн мөөнөтүн аныктайт.

74-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан республикалык бюджеттин долбоорунун экинчи жана үчүнчү окууларда кароонун өзгөчөлүктөрү

1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин чыгымдарын, алардын түрлөрү боюнча бюджеттик классификацияга ылайык бөлүмдөрдүн, топтордун, топчолордун кесилишинде беренелер боюнча бекитет жана үчүнчү окууга даярдоо жана киргизүү үчүн жооптуу комитетке жиберет.

2. Долбоорду үчүнчү окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алат.

3. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы бюджеттик жыл башталганга чейин бир ай калгандан кечиктирбестен каралат жана кабыл алынат.

V БӨЛҮМ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН ТАЛКУУЛОО ЖАНА ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

13-глава
Жогорку Кеңештин жыйналышында маселелерди кароонун жол-жоболору

75-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында маселелерди кароонун жол-жоболору

1. Жогорку Кеңеш ушул Регламентте белгиленген учурлардан тышкары, күн тартибинин маселелерин кароонун жол-жоболорун колдонуу жөнүндө маселени катышкандардын санынын добуштарынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен ачык добуш берип чечет.

2. Жол-жоболордун түрлөрүнүн бирин колдонуу жөнүндө чечим жыйналыштын стенограммасында чагылдырылуусу тийиш жана токтом менен жол-жоболоштурулбайт.

3. Жогорку Кеңештин жыйналышында фракциянын лидери, коалициянын жетекчиси же фракция тарабынан ыйгарым укук берилген депутат, комитеттин төрагасы (өкүлү) жол-жобо маселеси боюнча эки жолудан ашык эмес сүйлөй алат.

76-берене. Толук жол-жобо

Жыйналышта маселелерди кароонун толук жол-жобосу төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) негизги баяндамачынын-демилгечинин баяндамасын;

2) баяндамачыга суроолорду жана аларга жоопторду;

3) жооптуу комитеттин же болбосо убактылуу комиссиянын өкүлүнүн кошумча баяндамасын;

4) кошумча баяндамачыга суроолорду жана аларга жоопторду;

5) жарыш сөздү;

6) негизги баяндамачынын жана кошумча баяндамачынын корутунду сөзүн.

77-берене. Кыскартылган жол-жобо

1. Жогорку Кеңеш төрагалык кылуучунун, фракциянын, жооптуу комитеттин же депутаттардын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча маселени кыскартылган жол-жобо боюнча кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

2. Жыйналыштагы кыскартылган жол-жобо төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) негизги баяндамачы-демилгечинин баяндамасын;

2) жооптуу комитеттин же болбосо комиссиянын өкүлүнүн кошумча баяндамасын;

3) ар бир фракциядан эки суроону жана аларга жоопторду;

4) ар бир фракциядан бирден өкүлдүн чыгып сүйлөөсүн;

5) добуш берүү жүйөсү боюнча ар бир фракциядан бирден өкүлдүн чыгып сүйлөөсүн.

78-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышындагы жол-жобо маселелери

1. Жол-жобо маселесине жыйналышты алып баруунун тартибине тиешелүү төмөнкү маселелер кирет:

1) танапис, жыйналышты кийинкиге которуу, жабуу же узартуу жөнүндө;

2) добуш берүү ыкмасын өзгөртүү жөнүндө;

3) чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;

4) кошумча каттоо жүргүзүү жөнүндө;

5) кворумду ырастоо жана добуштарды кайра эсептөө жөнүндө;

6) талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздү кийинкиге калтыруу же токтотуу жөнүндө;

7) маселени жооптуу комитеттин же убактылуу комиссиянын кароосуна берүү жөнүндө;

8) чыгып сүйлөөлөрдүн убактысына чек коюу же узартуу жөнүндө;

9) жыйналыштын күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;

10) жыйналышта маселелерди кароонун жана талкуулоонун кезеги жөнүндө;

10-1) добуш берүүнү жүргүзүү жөнүндө;

11) маселени кароону кийинки жыйналышка которуу жөнүндө;

12) күн тартибинин маселесин талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;

13) маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү же алып салуу жөнүндө;

14) суроолорго жооп берүү үчүн убакыттын узактыгы жөнүндө;

15) сүйлөнүүчү сөздөрдүн жана берилүүчү суроолордун санына чектөө коюу жөнүндө;

16) суроолорго жана жоопторго убакытты чектөө же узартуу жөнүндө;

17) ушул Регламенттин 37-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды жыйналышка чакыруу жөнүндө;

18) чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;

19) күн тартибинин маселеси боюнча аны талкуулоосуз добуш берүүгө өтүү жөнүндө;

20) добуштарды кайрадан эсептөө жөнүндө;

21) жол-жобого таандык болгон башка маселелер.

2. Жогорку Кеңештин жолжоболук маселелер боюнча чечими катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен жол-жоболонбойт.

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

79-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы

1. Төрагалык кылуучу катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени талкуулоонун, суроолорго жана жоопторго берилген убакыттын жалпы узактыгын белгилеши, чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын узартуусу мүмкүн.

2. Баяндамалардын, кошумча баяндамалардын, корутунду сөздөрдүн жана башка чыгып сүйлөөлөрдүн узактыгы төмөнкүдөн ашпоосу тийиш:

1) баяндама үчүн - 20 мүнөттөн;

2) кошумча баяндама үчүн - 10 мүнөттөн;

3) жарыш сөздө сүйлөө үчүн - 5 мүнөткө чейин;

4) "ар кыл" маселелерде чыгып сүйлөөлөр үчүн - 3 мүнөткө чейин;

5) жол-жобо маселелери боюнча, добуш берүү жүйөлөрү боюнча, талапкерлер боюнча чыгып сүйлөөлөр үчүн; билдирүүлөр үчүн, суроолор жана аларга жооптор үчүн, сунуштар, кабарлоолор, маалымдамалар үчүн - 2 мүнөткө чейин;

6) корутунду сөз үчүн - 7 мүнөткө чейин.

Жогорку Кеңештин чечими боюнча чыгып сүйлөө үчүн фракцияларга 10 мүнөткө чейин убакыт берилиши мүмкүн.

3. Белгиленген убакыт аяктагандан кийин төрагалык кылуучу бул тууралуу чыгып сүйлөөчүгө эскертет, андан кийин анын сөзүн токтотууга укуктуу.

4. Караштуулугунда регламент маселелери болгон комитеттин төрагасы маселелерди кароонун жол-жобосунун бузулганы жана ушул Регламентте белгиленген тартипке кайрылып келүү жөнүндө билдирүү менен кезексиз тартипте чыгып сүйлөөгө укуктуу.

80-берене. Жарыш сөз

1. Төрагалык кылуучунун уруксаты жок Жогорку Кеңештин жыйналышында эч ким чыгып сүйлөөгө укуксуз.

2. Жогорку Кеңештин жыйналышында жооптуу комитеттин, комиссиянын төрагасы (өкүлү), фракциянын лидери же фракция ыйгарым укук берген депутат бир эле маселе боюнча жарыш сөздөрдө экиден ашык эмес чыгып сүйлөшү мүмкүн.

3. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчү талкууланып жаткан маселени карманышы керек. Эгерде чыгып сүйлөөчү темадан четтеп кеткен учурда, төрагалык кылуучу эскертүү берет, ал эми талапты аткарбаган учурда - сөзүн алып коет.

4. Төрагалык кылуучу жарыш сөздү токтотуу жөнүндө сунуш алганда, депутаттарга сөзгө жазылгандардын жана чыгып сүйлөгөндөрдүн саны жөнүндө маалымдайт, жазылгандардын кимиси чыгып сүйлөө ниетинен кайтпасын тактайт жана ушуну эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу жөнүндө маселени добушка коет.

5. Жарыш сөздүн токтотулушуна байланыштуу сөз сүйлөй албай калган фракциянын өкүлдөрү, депутаттар аларды жыйналыштын стенограммасына тиркөө үчүн сүйлөөчү сөздөрүнүн кол коюлган тексттерин Төрагага берүүгө укуктуу.

81-берене. Жыйналыштын күн тартибинин маселесине кайрылып келүү

Четке кагылган мыйзам долбоорлорун кошпогондо, Жогорку Кеңештин жыйналышы ичинде каралып жаткан маселеге бир ирет кайрылып келүүгө жол берилет. Каралып жаткан маселеге кайрылып келүү бул маселе боюнча мурун кабыл алынган чечимдин жокко чыгарылышын билдирет. Каралып жаткан маселеге кайрылып келүү жөнүндө добуш берүү жокко чыгарылуучу чечим кабыл алынган тартипте жүргүзүлөт. Адепки добуш берүүнүн натыйжалары жыйналыштын протоколуна киргизилет жана Жогорку Кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулбайт.

14-глава
Кворум, добуш берүү жана добуштарды эсептөө

82-берене. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарын өткөрүүнүн укук ченемдүүлүгү үчүн кворум

1. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналышы кворум болгондо укук ченемдүү болот, мында жыйналыш мыйзамдуу, ал эми кабыл алынган чечимдер юридикалык күчкө ээ болуп эсептелет.

2. Жогорку Кеңештин, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын кворуму Жогорку Кеңештин депутаттарынын, комитеттердин, комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн катышууларын билдирет.

3. Депутаттарды каттоо башталгандан тартып 15 мүнөттүн ичинде кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу танапис жарыялайт.

4. Эгерде 15 мүнөттүн ичинде кворумдун болушу камсыз кылынбаса, анда жыйналыш болбогон болуп эсептелет.

83-берене. Чечимдерди кабыл алуу үчүн кворум

1. Жогорку Кеңештин чечими төмөнкүдөй кабыл алынат:

1) депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен;

2) депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен;

3) катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен;

4) катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн добушу менен (токтом кабыл алуу талап кылынбаган маселени кароодо);

5) депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин добушу менен.

2. Толук конституциялык курам болбогондо, чечим ант берген депутаттардын иш жүзүндөгү курамынан (депутаттардын жалпы саны) кабыл алынат.

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

84-берене. Добуш берүү жана анын түрлөрү

1. Жогорку Кеңеш чечимдерди добуш берүүнүн төмөнкү түрлөрүнүн негизинде кабыл алат:

1) добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен ачык добуш берүү;

2) электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүү;

3) электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүү;

4) бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү.

2. Добуш берүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) эгерде бир эле убакта бир нече кызмат ордуна бир нече адамдар шайланып жатса, бирдиктүү тизме боюнча:

2) эгерде бир адам шайланып жатса жана бир нече талапкер көрсөтүлсө, ушул Регламенттин 90-беренесине ылайык үч турда;

3) эгерде бир адам шайланып жатса жана бирден көп эмес талапкер көрсөтүлсө бир турда.

3. Депутат добуш берүү укугун жеке өзү жүзөгө ашырат.

4. Эч кимдин добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.

85-берене. Добуш берүү убактысы

1. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү Жогорку Кеңештин жыйналыштар күндөрү саат 15.00дөн тартып өткөрүлөт.

Добуш берүү убактысында мыйзам долбоорлорун талкуулоого жол берилбейт.

2. Жооптуу комитеттер добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча токтомдун долбоорлорун сунушташат.

3. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышынын күн тартибиндеги мыйзам долбоорлору боюнча талкуу жана добуш берүү жолжобосу ушул беренеде көрсөтүлгөн тартипте, Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт.

4. Добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат.

5. Депутаттар иш сапарларын жана башка иш-чараларын добуш берүүгө катышуу милдетине байланыштуу пландаштыруулары керек.

6. Фракциялардын лидерлери фракция мүчөлөрүнүн добуш берүүгө себепсиз катышпагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

7. Төрагалык кылуучу добуш берүү башталганга чейин:

1) кворумдун бар экенин аныктоо үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышына катышкан депутаттарды каттоо" жөнүндө жарыя кылат жана каттоодон өткөн депутаттардын санын жарыялайт;

2) компьютерлери өчүрүлүүгө тийиш болгон, жок депутаттарды жарыялайт.

8. Катышкан жана катышпаган депутаттардын саны аныкталгандан кийин төрагалык кылуучу мыйзам долбоорлору боюнча токтомдордун долбоорлорун кезеги менен добушка коет.

Добуш берген депутаттардын саны катталгандардын саны менен дал келүүгө тийиш.

Эгерде добуш берген депутаттардын саны катталгандардын саны менен дал келбей калса, анда маселе кайра добушка коюлат.

Добуш берүүдөн четтөөгө жол берилбейт.

9. Депутат добуш берүү убагында жыйындар залынан чыгып кеткен учурда, анын компьютери өчүрүлүүсу тийиш жана төрагалык кылуучу кайра каттоо жарыялайт.

10. Каттоонун жана депутаттардын атын атап добуш берүүлөрүнүн натыйжалары 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат.

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги N 402013-жылдын 18-октябрындагы N 1932013-жылдын 27-ноябрындагы N 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

86-берене. Мыйзам долбоорлоруна таандык болбогон маселелер боюнча добуш берүү

1. Мыйзам долбоорлоруна таандык болбогон маселелер боюнча добуш берүү, аларды талкуулоодон кийин өткөрүлөт, мында чечүүчү добуш укугун (мындан ары - добуш берүү укугун) өткөрүп берүүгө жол берилет.

2. Депутат добуш берүү укугун өзүнүн фракциясынын лидерине же депутатына берүүгө укуктуу, алар бир эле учурда экиден ашык ишеним каттарын ала алышпайт.

Добуш берүү укугун башка фракциянын депутатына берүүгө жол берилбейт.

3. Кадимки жагдайда жүйөлүү себептер менен депутаттын жок болушу катары төмөндөгүлөр саналат:

1) убактылуу ишке жарамсыздыгы;

2) кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча, баланы асырап алууга байланыштуу өргүү;

3) эмгек акысы сакталбаган өргүү (үй-бүлөлүк шарттар, никеге катталуу учурлары, баланын төрөлүшү боюнча, баланы багуу боюнча, жакын туугандарынын каза болгондугуна байланыштуу);

4) окуу өргүүсү, иш сапарында болуусу, жазуу түрүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана парламенттин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуусу;

5) тиешелүү документтер менен тастыкталган транспорттук тоскоолдуктар.

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөндөн тышкары, ар бир учурда депутаттын жок болушунун себебин жүйөлүү деп таануу жөнүндөгү маселе тиешелүү комитет тарабынан чечилет.

5. Добуш берүү укугун өткөрүп берүү өзүнүн жок болушунун себептерин, добушу өткөрүлүп берилип жаткан убактысын, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан каралып жаткан маселелер боюнча добуш берүү учурунда добушту кантип берүүсүн көрсөтүү менен депутаттык бланкка жол-жоболоштурулат.

6. Жогорку Кеңештин жыйналышында жок болгон мезгилге өзүнүн добушун өткөрүп берүү жөнүндө чечимин депутат телеграмма аркылуу жөнөтүүгө да укуктуу.

7. Депутаттардын добуш берүү укугун өткөрүп берүү жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арыздары, факсимилдик билдирүүлөрү жана телеграммалары аларды жыйналыштын иш-кагаздарына кошуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү кызматтарына берилет.

8. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин жыйналышында:

1) жок депутаттардын тизмесин, ошондой эле добуш берүү укугун фракциянын лидерине же депутатына өткөрүп берген депутаттардын тизмесин жарыялайт;

2) добуш берүүгө коюлуучу талапкерлердин же сунуштардын саны жөнүндө билдирет, сунуштардын жөндөлүшүн тактайт, сунуштардын жыйынтыкталган тексттерин жана алардын добуш берүүгө коюла турган ирээтин окуп берет, добуш берүүнүн түрү жөнүндө жана чечим кандай көпчүлүк добуш менен кабыл алынарын эске салат.

9. Добуш берүү укугун өткөрүп берген депутаттардын тизмеси жарыялангандан кийин алардын компьютерлери иштетилет, ал эми калган жок болгон депутаттардын компьютерлери өчүрүлүүгө жатат.

10. Жогорку Кеңештин жыйналышында каттоодон өткөн, бирок добуш берүү учурунда катышпаган депутат өзүнүн добуш берүү укугун башка бирөөгө өткөрүп берүүгө же добуш берүүгө бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин кайра добуш берүү жөнүндө маселени коюуга укугу жок.

(КР 2013-жылдын 18-октябрындагы N 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

87-берене. Ачык добуш берүү

1. Жогорку Кеңештин жыйналышында ачык добуш берүү добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен же болбосо Жогорку Кеңештин чечими боюнча электрондук тутумду пайдаланбастан өткөрүлөт.

2. Добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен ачык добуш берүүнү өткөрүүдө аларды белгилөө, жазуу камсыз кылынат.

3. Добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдаланбастан ачык добуш берүү төрагалык кылуучу тарабынан ар бир депутаттан анын эрк-ниетин билдирүүсүн атын атап сурап-билүү жүргүзүү жолу менен өткөрүлөт.

88-берене. Жашыруун добуш берүү

1. Жашыруун добуш берүү добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун же бюллетендерди пайдалануу менен өткөрүлөт.

2. Эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүүдө добуш берүүнүн ар бир этабынын натыйжалары добуш берүүнүн жалпыланган натыйжасы түрүндө чагылдырылат, мындай учурда аты аталган тизме компьютердин эсине киргизилбейт.

3. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, эгерде Жогорку Кеңеш тарабынан башкача белгиленбесе, добуш берүү башталган учурдан баштап 30 мүнөттүн ичинде өткөрүлөт.

4. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү бюллетендерди толтуруу жолу менен ар бир депутаттын жеке өзү жүзөгө ашырат, бюллетень депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын эрк-ниетин билдирүүнүн жашыруундуулугун камсыз кылган атайын кабинада толтурулат жана эсептөө комиссиясы чаптаган добуш берүү үчүн даярдалган урнага ташталат.

5. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары кошумча бекитүүнү талап кылбайт. Жогорку Кеңештин тиешелүү актысына кошумча добуш берилбестен эле жыйналышка төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат.

89-берене. Жогорку Кеңештин эсептөө комиссиясынын иши

1. Эсептөө комиссиясы:

1) бюллетендердин формасын белгилейт жана алардын шайланган депутаттарынын санына ылайык санда даярдалышын контролдойт;

2) депутаттарга бюллетендерди өзүнө кол койдуруп берет;

3) добуш берүүнү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;

4) бюллетендерди берүү аяктагандан кийин, калгандарын жок кылат;

5) добуш берүүнүн убактысын белгилейт;

6) добуш берүүнүн жүрүшүндө келип чыгуучу карама-каршылыктарды жана талаштарды чечет;

7) урнаны ачууну жана добуштарды эсептөөнү жүзөгө ашырат;

8) добуш берүүнүн натыйжаларын, анын ичинде даярдалган, берилген, жок кылынган, анык, анык эмес бюллетендердин жалпы санын, ошондой эле добуштарды эсептөөнүн натыйжасын жарыя кылуу менен Жогорку Кеңешке берет.

2. Добуштарды эсептөөдө белгиленбеген формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эрк-ниетин аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер анык эмес деп эсептелет.

3. Урнаны ачуу жана бюллетендер боюнча добуштарды эсептөө жыйналыштар залында ачык түрдө эсептөө комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөө комиссиясы протоколго чагылдырат, ага катышып жаткан комиссия мүчөлөрү кол коет.

Комиссия мүчөлөрүнүн бири протоколго макул эмес болгон учурда, ал жазуу түрүндө өзгөчө пикирин билдирет, ал протоколго тиркелип, жыйналышта жарыя кылынат.

5. Жогорку Кеңештин депутаттары эсептөө комиссиясынын ишинин жүрүшүнө кийлигишүү укугусуз жашыруун добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөөдө катышып турушу мүмкүн.

90-берене. Үч турда добуш берүүнү өткөрүүнүн тартиби

1. Эгерде ушул Регламент менен башкасы каралбаса, бир орунга бир нече талапкер көрсөтүлгөндө же чечимдин бир нече варианты каралганда добуш берүү үч турда өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Депутаттар бир гана талапкер же чечимдин бир гана варианты үчүн добуш бере алышат. Талапкерлер бюллетендерге алфавиттик же мыйзам менен аныкталган башка тартипте киргизилет.

3. Биринчи турда депутат көрсөтүлгөн бир нече талапкерлердин ичинен бирине же чечимдердин бир нече варианттарынын бирине добуш берет.

4. Добуш берүүнүн экинчи туру добуштардын санынын көпчүлүгүн алган эки талапкер же маселени чечүүнүн эки варианты боюнча өткөрүлөт. Экинчи турдун жыйынтыктары боюнча добуштардын зарыл санын алган талапкер шайланды же чечимдин варианты кабыл алынды деп эсептелинет.

5. Эгерде экинчи турда добуш берүүгө киргизилген эки талапкер же чечимдин эки варианты добуштардын тең санын алып калса, Жогорку Кеңеш кайталап добуш берүүнү өткөрөт.

6. Эгерде экинчи турда эки талапкердин бири да же чечимдин эки вариантынын бири да добуштардын талап кылынган санын ала албай калса, добуш берүүнүн үчүнчү туру өткөрүлөт.

7. Эгерде ушул Регламент менен башкасы белгиленбесе, үчүнчү турдун жыйынтыктары боюнча катышкандардын санынын добуштарынын көпчүлүгүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушун алган ошол талапкер шайланды же чечимдин ошол варианты кабыл алынды деп эсептелинет.

8. Эгерде талапкерлердин же чечимдин вариантынын бири да добуштардын зарыл болгон санын ала албай калса, жаңы талапкерлерди же чечимдердин жаңы вариантын көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.

91-берене. Электрондук тутумду пайдалануу

Электрондук тутум төмөнкү максаттарда пайдаланылат:

1) Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо;

2) депутаттарды сөз сүйлөөгө жазуу;

3) добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо;

4) добуш берүүнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалыматтык жана статистикалык маалыматты топтоо жана ыкчам берүү;

5) тизмелерди жана жыйналыштардын башка документтерин түзүү жана бастырып чыгаруу;

6) мыйзам долбоорлорунун маалыматтар базасын кошуп алганда, Жогорку Кеңештин жыйналыштар залында депутаттарды маалыматтык жактан камсыз кылуу.

92-берене. Электрондук тутумду пайдаланууну контролдоо

1. Жогорку Кеңеш бардык фракциялардын депутаттарынын ичинен туруктуу жумушчу комиссиясын түзөт, ал добуш берүүдө электрондук тутумду пайдаланууга контролду жүзөгө ашырат.

2. Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматка тоскоолдуксуз жетүү укугуна ээ.

3. Жумушчу комиссиянын чечими Аппараттын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болот.

4. Электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүүдө жумушчу комиссия добуш берүү башталганга чейин электрондук тутумдун оң иштешин текшерүүгө милдеттүү.

5. Жашыруун добуш берүү режиминде электрондук тутумду пайдалануунун эрежелерин сактоо жумушчу комиссия тарабынан түзүлүүчү протокол менен жол-жоболоштурулат.

6. Жумушчу комиссия атын атап добуш берүүнүн натыйжаларындагы, сөз сүйлөөгө жазылуулардагы так эместиктер жана электрондук тутумдун ишиндеги башка каталар жөнүндө фракциялардын арыздарынын негиздүүлүгүн карайт жана текшерет.

7. Жумушчу комиссия өз ишине электрондук тутумдар боюнча эксперттерди жана адистерди тартышы мүмкүн.

93-берене. Электрондук тутумдун маалыматтарын берүү

1. Жыйналышта депутаттарды каттоонун натыйжалары, алардын сөз сүйлөөдөгү кезектүүлүгү, добуш берүүнүн натыйжалары жана Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшү жөнүндө башка маалыматтар депутаттарга алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча сандык маалыматтар жана тизмелер түрүндө электрондук тутумду техникалык жактан тейлөөнү камсыз кылуучу Аппараттын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан берилет.

2. Жыйналыштагы депутаттарды каттоонун, атын атап добуш берүүнүн натыйжалары жана Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшү жөнүндө башка маалыматтар Жогорку Кеңештин сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырууга жатат.

3. Эгерде ушул Регламентте башкасы белгиленбесе, электрондук тутумдун эсинде сакталган маалыматтар жана көрсөткүчтөр Жогорку Кеңештин архивинде сакталат.

15-глава
Жыйналыштын жана мыйзам долбоорунун протоколу, стенографиялык отчету, "иш кагаздары"

94-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколунун мазмуну

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштары протоколдоштурулат. Жыйналыштын протоколун жүргүзүүнү Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат. Жыйналыштын протоколуна жыйналышка төрагалык кылуучу кол коет.

2. Жыйналыштын протоколунда төмөнкүлөр чагылдырылат:

1) жыйналышты өткөрүү датасы, убактысы жана орду;

2) жыйналышка катышкан депутаттардын саны;

3) кароого коюлган күн тартибинин маселелери;

4) ошол жыйналыш үчүн депутаттарга таратылган документтердин аталыштары жана редакциясы;

5) жыйналышка чакырылган адамдардын фамилиялары жана кызматтары;

6) жыйналышка төрагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөгөндөрдүн фамилиялары;

7) добуш берүүгө коюлган бардык маселелер жана сунуштар, аларды чечүүнүн ыкмалары;

8) добуш берүүнүн толук натыйжалары (жыйналышка төрагалык кылуучу аларды толук эмес жарыя кылган учурда да тиркелет) жана кабыл алынган чечимдер;

9) жыйналышка катышкан депутаттарды атын атап каттоо жөнүндө маалыматтар;

10) жыйналышка жүйөлүү себептер боюнча катышпагандыгы белгилүү болгон депутаттардын тизмеси.

3. Жыйналыштын протоколуна жыйналыштын күн тартибинин маселелери боюнча добуш берүүнүн натыйжалары кошулат.

4. Протоколдун стенограммага ылайык келбегендиги үчүн жоопкерчиликти протокол түзүүнү жүзөгө ашырган адамдар тартат.

95-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын стенограммасы

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштары стенограммаланат. Жыйналыштардын стенограммаларын жүргүзүүнү Аппарат жүзөгө ашырат. Стенограмма талкуулоонун жүрүшүн чагылдырууга, жыйналышты өткөрүүнүн күнү, убактысы, орду, күн тартиби, төрагалык кылуучунун фамилиясы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.

2. Стенограммада стилистикалык жана башка так эместиктерге жол берилген учурда депутат жыйналыштан кийинки жумушчу күндүн ичинде жыйналышка төрагалык кылуучунун ысымына сын-пикирлерин жибере алат, ал талаш маселелер боюнча чечим кабыл алат.

Стенограмманын түп нускасынын ар бир барагына текстин жазылышына жооп берүүчү адам (фамилиясын жана датасын көрсөтүү менен) кол коет.

3. Жыйналышта сүйлөнгөн сөздөрдү жазуу Аппараттын тиешелүү кызматында электрондук жана басылма форматтарда сакталат жана бир жыл өткөндөн кийин архивге өткөрүлүп берилет.

96-берене. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын стенограммаларына жана протоколдоруна жеткиликтүүлүк

1. Жогорку Кеңештин, комитеттердин жана комиссиялардын ачык жыйналыштарынын, ошондой эле фракциялардын айрым жыйналыштарынын протоколдору алардын чечими боюнча сайтка жайгаштырылат жана Жогорку Кеңештин китепканасына өткөрүлүп берилет.

2. Фракциялар, комитеттер, комиссиялар жана депутаттар Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарынын стенограммаларынын жана протоколдорунун түп нускаларын эркин ала алышат.

3. Жогорку Кеңештин ачык жыйналыштарынын редакцияланган стенограммалары жыйналыш аяктаган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө Жогорку Кеңештин окуу залына өткөрүлүп берилет жана расмий сайтына жайгаштырылат.

4. Жогорку Кеңештин жабык жыйналыштарынын стенограммалары жана протоколдору менен таанышуу Төрага бекиткен жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

97-берене. Жыйналыштын "иш кагаздары"

Жогорку Кеңештин ар бир жыйналышы боюнча Аппарат жыйналыштын "иш кагаздарын" жүргүзөт, аларга төмөндөгүлөр кирет:

1) жыйналыштын "иш кагаздарына" кирүүчү документтердин тизмеги;

2) жыйналыштын протоколу;

3) жыйналыштын стенограммасы;

4) Жогорку Кеңештин чечими боюнча жыйналыштын стенограммасына кирбей калган атын атап добуш берүүнүн натыйжалары;

5) жыйналышта каралган документтердин долбоорлору;

6) жыйналышта каралган маселелер боюнча фракциялардын жана комитеттердин корутундулары;

7) депутаттардын айтылбай калган сөздөрүнүн тексттери;

8) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча фракциялардын өзгөчө пикирлери;

9) фракциялардын жана депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары жана аларга жооптор;

10) Аппарат тарабынан депутаттардын арасында таратылган башка материалдар;

11) ошол жыйналышта каралган документтердин кабыл алынган редакциядагы тексттери;

12) жыйналышка чакырылган адамдардын тизмеси;

13) добуш берүү укугун өткөрүп берүү жөнүндө депутаттардын арыздары.

2. Фракциялар, комитеттер, комиссиялар, депутаттар жана Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жыйналыштын "иш кагаздары" менен таанышууга укуктуу.

98-берене. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздары"

1. Жогорку Кеңеште катталган мыйзам долбоору боюнча жооптуу комитет мыйзам долбоорунун "иш кагаздарын" жүргүзөт.

2. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздарына" киргизүүнүн, кароонун же кабыл алуунун хронологиялык тартиби боюнча төмөнкү документтер кирет:

1) мыйзам долбоору, анын ичинде альтернативдүү мыйзам долбоору жана коштоочу документтер;

2) комитеттердин альтернативдүү корутундуларынын долбоорлору;

3) арадагы бардык редакциялар;

4) мыйзам долбооруна карата сунуштар жана түзөтүүлөр;

5) мыйзам долбоору боюнча комитеттердин корутундулары жана бардык экспертизалардын корутундулары;

6) жооптуу комитеттин жыйналыштарынын протоколдору;

7) Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорунан жана стенограммаларынан үзүндү көчүрмөлөр;

8) жашыруун же ачык добуш берүүнүн натыйжалары;

9) мыйзамдын акыркы редакциясынын тексти;

10) парламенттик угуулардын сунуштары.

3. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздарына" басылма тексттери, мөөр басылган жана өздөрү кол койгон документтердин түп нускалары же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кошулат.

4. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздары" сессия аяктагандан кийин Аппараттын тиешелүү кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин архивине өткөрүлүп берилет.

99-берене. Жогорку Кеңештин актылары

Жогорку Кеңештин актыларына төмөндөгүлөр кирет:

1) мыйзамдар;

2) токтомдор;

3) саясий мүнөздөгү маселелер боюнча резолюциялар, декларациялар, кайрылуулар, билдирүүлөр жана башка актылар.

100-берене. Жогорку Кеңештин саясий мүнөздөгү актылары

1. Жогорку Кеңештин резолюциялары, декларациялары, кайрылуулары, билдирүүлөрү саясий мүнөздөгү актылар болуп саналат жана ички же тышкы саясаттын белгилүү бир маселеси боюнча анын позициясын билдирет.

2. Актынын долбоору фракция же 5 депутаттан турган топ тарабынан Төрагага берилет, ал аны кароого жооптуу комитетке жиберет. Жооптуу комитет актынын долбоору боюнча 3 күндүк мөөнөттө корутунду кабыл алат жана аны Аппараттын тиешелүү кызматына жиберет.

3. Актынын долбоору жооптуу комитеттин корутундусу менен Аппараттын тиешелүү кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышына берилет, ал аны күн тартибине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Акт жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялануусу, ошондой эле 3 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылуусу тийиш.

VI БӨЛҮМ
КОНТРОЛДОО ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

16-глава
Ар жылдык отчеттор

101-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан ар жылдык отчетторду кароо

1. Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдүн ар жылдык отчетторун угат:

1) республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу Өкмөттүн - 15-сентябрдан кечиктирбестен;

2) Өкмөттүн иши жөнүндө Премьер-министрдин - 1-майдан кечиктирбестен;

3) Башкы прокурордун - 20-апрелден кечиктирбестен;

4) Улуттук банктын төрагасынын - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлуна чейин;

5) Эсептөө палатасынын төрагасынын - 20-июндан кечиктирбестен;

6) республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүүдө республикалык бюджеттин аткарылышынын аудитинин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын - 1-сентябрдан кечиктирбестен;

7) Эсептөө палатасынын өзгөчө маанилүү же шашылыш маселелери боюнча атайын отчетторун - Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери менен макулдашуу боюнча;

8) Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын отчетторун - 1-октябрдан кечиктирбестен;

9) Төрага өз ишмердиги жөнүндө - 1-октябрдан кечиктирбестен жана өткөн жыл үчүн Жогорку Кеңештин чыгымдарынын отчетун - 15-февралдан кечиктирбестен;

10) ички аудиттин натыйжалары боюнча Координациялык кеңештин отчетун - 15-февралдан кечиктирбестен.

2. Отчеттор, аларды Жогорку Кеңештин жыйналышында кароого бир ай калгандан кечиктирбестен комитеттерге жөнөтүлөт.

3. Отчетторду кароо толук талкуулоо жол-жобосу боюнча өткөрүлөт.

4. Ар жылдык отчетторду кароодо комитеттердин төрагаларына жана фракциялардын лидерлерине чыгып сүйлөө үчүн убакыт берилет.

5. Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдын же кызмат адамдын ишин баалоо менен отчетторду бекитүү тууралуу токтомду катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алат.

6. Жогорку Кеңештин депутаттарынын консультациялык-кеңеш берүүчү органдардагы отчеттору ушул главада белгиленген тартипте угулат (макулдашуу боюнча).

102-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын аткарылышын контролдоо

1. Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоону комитеттер жана комиссиялар аркылуу, ошондой эле Эсептөө палатасына тапшырма берүү аркылуу жүзөгө ашырат.

2. Ыйгарым укуктуу министрлик отчеттук кварталдан кийинки 15 календардык күндөн кечиктирбестен учурдагы бюджеттик каражаттарды чыгымдоо жөнүндө маалыматты Жогорку Кеңештин тармактык комитетине берет. Тармактык комитет квартал сайын маалыматты алынган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин фракцияларына жана комитеттерине жиберет.

3. Жогорку Кеңештин комитеттери республикалык бюджеттин учурдагы аткарылышын өзүнө караштуу маселелер боюнча жылына төрт жолудан ашык эмес кароого укуктуу. Бюджеттин учурдагы аткарылышынын маселелерин кароонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш комитеттин (комитеттердин) сунушу боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча атайын отчетторду даярдоону Эсептөө палатасына тапшырышы мүмкүн.

4. Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын катышуусу менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын каражаттарды натыйжалуу пайдаланылышынын аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетторун жана мыйзамдарга ылайык аудит жөнүндө башка отчетторду суратып алышы мүмкүн.

103-берене. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет

1. Өкмөт өтүп жаткан жылдын 15-майынан кечиктирбестен республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзамдын долбоору менен өткөн жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту Жогорку Кеңешке берет.

2. Өкмөттүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету каралганга чейин Эсептөө палатасы өтүп жаткан жылдын 1-сентябрына чейин Жогорку Кеңешке отчетту өткөн жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышынын аудитинин натыйжалары менен кошо берет.

3. Өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Өкмөттүн ар жылдык отчетун аудиттин натыйжалары менен Эсептөө палатасынын отчетун Төрага алдын ала кароо үчүн комитеттерге жана фракцияларга жана корутунду берүү үчүн бюджет боюнча жооптуу комитетке Жогорку Кеңешке киргизилген күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен жиберет.

4. Жооптуу комитет республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын аткарылышы тууралуу Өкмөттүн отчетун карайт жана ар жылдык аудиттин натыйжалары менен Эсептөө палатасынын отчету Жогорку Кеңешке киргизилген күндөн тартып 15 күндүн ичинде топтоштурулган корутунду берет.

5. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет Жогорку Кеңештин жыйналышында 15-сентябрдан кечиктирбестен каралат.

6. Жогорку Кеңеш тарабынан бул маселени кароодо төмөндөгүлөр угулат:

1) Премьер-министр;

2) Эсептөө палатасынын төрагасы;

3) Социалдык фонддун төрагасы;

4) Бюджет жана финансы боюнча тармактык комитеттин өкүлү;

5) фракциялардын лидерлери.

7. Кароонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш анын аткарылышына баа берүү менен республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу мыйзам кабыл алат.

8. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко канааттандырарлык эмес деген баа берилген учурда, Жогорку Кеңеш Өкмөттүн, анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт.

17-глава
"Өкмөттүк саат" жана "өкмөттүк күн"

104-берене. "Өкмөттүк саатты" жана "өкмөттүк күндү" даярдоо жана өткөрүү мөөнөттөрү

1. Ар бейшемби күнү Жогорку Кеңештин жыйналышында "ар кандай" маселенин алкагында Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө депутаттар суроолорун берүү үчүн убакыт бөлүнөт.

2. Ай сайын ар бир айдын акыркы бейшемби күнү Жогорку Кеңеш Премьер-министрдин, Өкмөт мүчөлөрүнүн жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусу менен "өкмөттүк саат" өткөрүүгө укуктуу.

3. "Өкмөттүк сааттын" узактыгы бир саатты түзөт. Жогорку Кеңештин чечими боюнча убакыт узартылышы мүмкүн, бирок бир сааттан көп эмес.

4. Жогорку Кеңеш кварталына бир жолудан көп эмес "өкмөттүк күн" өткөрөт. Ар жылдык иш планынын негизинде Жогорку Кеңеш "өкмөттүк күндүн" темасын, чакырылуучу кызмат адамдарынын курамын аныктайт жана аны бекиткенге чейин 2 күндөн кечиктирбестен Өкмөткө жөнөтөт. "Өкмөттүк күндүн" узактыгы Жогорку Кеңештин жыйналышынын убактысын түзөт.

5. "Өкмөттүк күндө" депутат, аны өткөрүүгө 5 жумушчу күн калгандан кечиктирбестен аны жооптуу комитетте каттатуу менен, бир суроо берүүгө укуктуу. Суроолор жеке мүнөздө жана соттун кароосунда турган иштерге тиешелүү болбоого тийиш.

6. Жооптуу комитет "өкмөттүк күнгө" депутаттардын суроолорунун реестринин долбоорун даярдоону алардын келип түшкөн убактысын эске алуу менен жүзөгө ашырат, окшош суроолор келип түшкөн учурда аларды депутаттар-демилгечилер менен макулдашуу боюнча бириктирет жана ал өткөрүлгөнгө чейин 5 жумушчу күн калганда суроолордун реестрин фракциялардын пропорциялык өкүлчүлүгүн сактоо үчүн Төрагага берет.

7. Төрага "өкмөттүк күндүн" суроолорунун реестрин бекитет жана аны өткөрүүгө 3 жумушчу күн калгандан кечиктирбестен Өкмөткө жана депутаттарга жиберет.

8. Депутаттардын суроолорунун "өкмөттүк күнгө" бекитилген реестри Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат.

105-берене. "Өкмөттүк саатты" жана "өкмөттүк күндү" өткөрүүнүн тартиби

1. "Өкмөттүк саатка" жана "өкмөттүк күнгө" чакырылган адамдар Жогорку Кеңештин жыйналышына келүүгө милдеттүү.

2. Эгерде чакырылган кызмат адамы "өкмөттүк саатка" же "өкмөттүк күнгө" катыша албай турган болсо, Премьер-министр жыйналыштын өтүүсүнө 3 жумушчу күн калганга чейин чакырылган кызмат адамынын катышууга мүмкүн болбогондугунун себеби жөнүндө Төрагага маалымдайт жана аны алмаштыруучу кызмат адамын аныктайт.

3. "Өкмөттүк саатка" чакырылган адамдардын тиешелүү маселе боюнча узактыгы 5 мүнөттөн ашпаган сөз сүйлөөгө укугу бар.

4. Депутаттар суроолорун аларды каттоого алган тартибинде беришет. Суроолорго жооптор оозеки таризде берилет. Суроолор жана жооптор боюнча жарыш сөз өткөрүлбөйт.

5. "Өкмөттүк күнгө" чакырылган адамдардын узактыгы 20 мүнөттөн ашпаган сөз сүйлөөгө укугу бар.

6. "Өкмөттүк күндө" кызмат адамдары чыгып сүйлөгөндөн кийин, төрагалык кылуучу талкууланып жаткан тема боюнча суроолорду берүү үчүн депутаттарга убакыт берет.

7. "Өкмөттүк саатта" жана "өкмөттүк күндө" депутаттарга төмөндөгүлөргө убакыт берилет:

1) суроону берүүгө - 2 мүнөттөн ашпаган;

2) суроону тактоого - бир мүнөттөн ашпаган;

3) кыскача пикир айтууга - бир мүнөттөн ашпаган.

8. Чакырылган кызмат адамдарына төмөнкүлөр үчүн убакыт берилет:

1) суроого жооп берүүгө - 3 мүнөттөн ашпаган;

2) тактоочу суроого жооп берүүгө - 2 мүнөттөн ашпаган.

9. Эгерде депутат жоопко канааттанбаган учурда, ага жооп берүүчүгө суроонун маңызы боюнча бир тактоочу суроо менен кайрылууга же болбосо жооптун маңызы боюнча кыскача пикир айтууга укук берилет.

10. Жыйналышта төрагалык кылуучу угулуп жаткан кызмат адамынан берилген суроонун маңызы боюнча жооп берүүнү талап кылууга милдеттүү.

11. "Өкмөттүк күндүн" жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алат.

12. "Өкмөттүк күндүн" протоколу аны өткөргөндөн кийин 3 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат.

18-глава
Парламенттик териштирүү, парламенттик суроо-талап, депутаттык суроо-талап

106-берене. Парламенттик териштирүү жүргүзүү үчүн негиздер

1. Парламенттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн Жогорку Кеңеш парламенттик териштирүү жүргүзүүгө укуктуу, эгерде ал төмөнкүлөргө коркунуч келтирүү менен байланыштуу болсо:

1) мамлекеттик эгемендүүлүккө;

2) улуттук коопсуздукка;

3) коомдук тартипке;

4) аймактык бүтүндүккө;

5) калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына;

6) саясий, экономикалык жана башка мамлекеттик кызыкчылыктарга.

2. Төмөндөгүлөрдүн аракеттери (аракетсиздиктери) парламенттик териштирүүгө жатат:

1) парламенттин контролу астындагы аткаруу бийлик органдарынын, анын ичинде Өкмөт жана анын айрым мүчөлөрүнүн;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен юридикалык жактардын;

3) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын;

4) Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн иштери маанилүү болуп саналган жеке компаниялардын.

3. Парламенттик териштирүү мыйзамсыз аракеттерге карата жүргүзүлөт, аларга төмөндөгүлөр кирет:

1) "легализация", "акчаларды адалдоо" түшүнүгүнө туура келген мыйзамсыз бүтүмдөрдү жүргүзүү;

2) мыйзамсыз террордук түзүлүштөрдү колдоо;

3) мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу же уурдоо;

4) мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыяндарды алып келген аракеттер;

5) жана башка мыйзамсыз аракеттер.

4. Жогорку Кеңеш төмөндөгүлөрдүн жазуу жүзүндөгү негизделген демилгеси боюнча парламенттик териштирүү дайындоого укуктуу:

1) Төраганын;

2) комитеттин;

3) фракциянын;

4) убактылуу комиссиянын;

5) Акыйкатчынын (Омбудсмендин);

6) Координациялык кеңештин төрагасынын жана Улуттук борбордун директорунун.

5. Парламенттик териштирүүнү дайындоо жөнүндө токтом катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

(КР 2012-жылдын 12-июлундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

107-берене. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия түзүү

1. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия бир гана конкреттүү маселени (бир ишти, бир адамдын аракеттерин) териштирүү же иликтөө үчүн түзүлөт жана маселени иликтөө аяктагандан кийин таратылат.

2. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия фракциянын лидерлеринин жазуу жүзүндөгү сунуштамасы боюнча пропорциялык катышта фракциялардын депутаттарынын ичинен түзүлөт.

3. Комиссиянын тизмелик курамы парламенттик териштирүүнү дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынган күндөн тартып 7 жумушчу күндөн кечиктирилбестен катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен Жогорку Кеңештин токтому аркылуу бекитилет.

4. Комиссиянын төрагасы жана анын орун басары бекитилген комиссиянын курамынан катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат.

5. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия, ушул беренеде белгиленген ченемдерден тышкары, убактылуу комиссияларды түзүү үчүн каралган тартипте түзүлөт.

6. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия Жогорку Кеңештин алдында отчет берет жана Жогорку Кеңештин алдында гана жооптуу болуп эсептелет.

Жогорку Кеңеш аралык отчет берүүнүн мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу.

7. Эгерде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтөөрүнө 4 айдан ашык эмес убакыт калса, парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссияны түзүүгө жол берилбейт.

8. Бир эле маселе боюнча эки же андан көп комиссияларды түзүүгө жол берилбейт.

Комиссиянын ишинде ушул Регламенттин жана мыйзамдардын ченемдерин бузуулар белгиленген учурда Жогорку Кеңеш ушул маселе боюнча кайрадан комиссия түзөт.

108-берене. Парламенттик териштирүүнүн мөөнөттөрү

1. Парламенттик териштирүү аны түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунда белгиленген мөөнөттүн ичинде аяктоого тийиш.

2. Жогорку Кеңеш тарабынан парламенттик териштирүү жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөтү Жогорку Кеңештин чечими боюнча узартылышы мүмкүн.

3. Эгерде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин комиссия каралып жаткан маселе боюнча корутунду кабыл ала албаса, бардык материалдар комиссиянын отчету менен бирге жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешке өткөрүлүп берилет, ал маселени иликтөөнү улантуу жөнүндө чечим кабыл алат.

109-берене. Парламенттик териштирүү боюнча комиссиянын иши

1. Бардык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссияга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Алар комиссиянын талабы боюнча бардык зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Комиссия тарабынан банктык же мыйзам менен корголгон башка сырларды камтыган маалыматтарды алуу зарылдыгы болгон учурларда бардык бул документтер "кызматтык пайдалануу үчүн" деген гриф менен аныкталууга тийиш жана жарыя кылынууга тийиш эмес.

Парламенттик териштирүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү банктык же мыйзам менен корголгон башка сырларды камтыган маалыматтарды тараткандыгы үчүн мыйзамдар менен каралган жоопкерчиликти тартат.

3. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия укуктардан пайдаланат жана ага тергөө органдары үчүн жазык-процесстик мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр жайылтылат. Комиссиянын жыйналышына келүүдөн жана түшүндүрмөлөрдү берүүдөн качууга эч кимдин укугу жок. Комиссиянын жыйналышына келүүдөн, түшүндүрмөлөрдү берүүдөн, парламенттик териштирүү боюнча комиссияга материалдарды жана маалыматтарды көрсөтүүдөн качкан адамдар жөнүндө маалыматтар коомчулукка жеткирилет.

4. Түшүнүктөр комиссиянын ачык жыйналышында угулат. Өзгөчө учурларда, эгерде маалыматта мамлекеттик же мыйзам менен корголгон сырлар камтылса, комиссиянын чечими боюнча ушул маалыматты угуу аяктаганга чейин жыйналыш жабык режимде уланат.

5. Комиссия кимдир бирөөлөрдүн аракеттери парламенттик териштирүүнүн предмети болгон кызмат адамдарынын түшүнүктөрүн угууда мыйзамдар менен белгиленген тартипте полиграфты колдонууга укуктуу.

6. Өзгөчө учурларда комиссия түшүнүк алууну, алардын бири парламенттик оппозициянын өкүлү болуусу тийиш болгон комиссиянын үч мүчөсүнө тапшырууга укуктуу.

7. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия укук бузуунун фактысын тапкан учурда мамлекеттик органдын же кызмат адамынын алдына укук бузууга бөгөт коюу же болбосо жазык ишин, администрациялык же тартиптик өндүрүштү козгоо жөнүндө маселени коюуга укуктуу.

8. Ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселе алдына коюлган мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары, эгерде комиссия тарабынан башка мөөнөт белгиленбесе, коюлган маселени кароонун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө бир айлык мөөнөттө комиссияга билдирүүгө милдеттүү.

9. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия түшүндүрмөлөрдү алуу максатында, комиссия мүчөлөрүнө жаза аткаруу мекемелерине кирүү укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чечимдин аткарылышы милдеттүү.

10. Комиссиянын бардык чечимдери комиссия мүчөлөрүнүн катышкан санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

11. Жумуш аяктагандан кийин комиссия негизделген корутунду түзөт, ал Жогорку Кеңешке берилет, 15 күндүк мөөнөттө анын жыйналышында талкууланат жана токтом менен бекитилет.

12. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссиянын корутундусу төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) териштирилген фактылардын жана жагдайлардын сыпатталып жазылышын;

2) алардын келип чыгуу себептерин жана алардын кесепеттерин талдоону;

3) жыйынтыктарды;

4) сунуштамаларды;

5) зарыл болгон учурда ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу, адамдарды жоопко тартуу же мамлекеттик органдардын жана (же) алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды.

13. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат жана "Эркин Тоо" газетасына жарыяланат.

110-берене. Парламенттик суроо-талап

1. Коомдук кызыкчылыгы бар маселелер боюнча, Өкмөт тарабынын жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык саясат маселелери, ошондой эле мыйзамдарды колдонуу практикасы боюнча мыйзамдарды жана Жогорку Кеңештин чечимдерин турмушка ашырууну контролдоону жүзөгө ашыруу максатында Төрага, фракция, комитет же депутаттардын тобу парламенттик суроо-талап жөнөтүү жөнүндө маселени демилгелөөгө укуктуу.

2. Парламенттик суроо-талап мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өз капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржыланган уюмдардын жетекчилерине жөнөтүлөт.

3. Парламенттик суроо-талап Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн демилгечилер тарабынан Координациялык кеңешке жөнөтүлөт жана аны кароонун натыйжалары боюнча токтом кабыл алынат.

4. Парламенттик суроо-талапка демилгечи негиздеме, ошондой эле зарыл болгон учурда, башка документтерди жана материалдарды тиркейт. Суроо-талапта жообун берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт, ал жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын өтүнүчү боюнча Координациялык кеңеш тарабынан, бирок 10 күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

5. Парламенттик суроо-талап 3 күндүн ичинде суроо-талапта көрсөтүлгөн кызмат адамдарына Координациялык кеңеш тарабынан жөнөтүлөт.

6. Жогорку Кеңеш парламенттик суроо-талаптарды алардын келип түшкөн кезегинин тартибинде карайт.

7. Парламенттик суроо-талаптарга жооптор Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланат. Жазуу жүзүндөгү жооптун көчүрмөлөрү, аны алгандан кийин 3 күндүн ичинде бардык депутаттарга жөнөтүлөт.

8. Эгерде Жогорку Кеңеш башка чечим кабыл албаса, парламенттик суроо-талаптын жообу толук талкуулоо жол-жобосу боюнча каралат.

9. Парламенттик суроо-талаптын жообун талкуулоонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алуу менен өз көз карашын билдире алат.

111-берене. Депутаттык суроо-талап

1. Депутат, каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, бийликтин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик менчиктин үлүшү бар, республикалык бюджеттен каржылоо алган же мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган уюмдарга, мекемелерге, фонддорго, алардын кызмат адамдарына, алардын компентенциясына кирген маселелер боюнча депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу.

2. Депутаттык суроо-талаптарда жеке мүнөздөгү же юридикалык мүнөздөгү кеңештерди берүүнү талап кылуучу, ошондой эле айыптоону же мазактоону камтыган маселелерге жол берилбейт.

3. Көзөмөл органдарынын кызмат адамдарына, алардын өндүрүшүндө турган дайындуу иштер жана материалдар боюнча даректелген депутаттык суроо-талаптар, ушул органдардын жана адамдардын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

4. Депутат суроо-талап менен кайрылган ар бир орган же кызмат адамы, бир айлык мөөнөттө, жазуу жүзүндө жеке өзү жооп берүүгө милдеттүү.

5. Депутаттардын аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына карата Жогорку Кеңештин жыйналышы учурунда жазуу жүзүндө же оозеки айтылган суроо-талаптары стенограмманын негизинде жол-жоболоштурулат, депутаттын өзү тарабынан кол коюлат жана Аппарат тарабынан тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

Депутаттык суроо-талаптар атайын бланкта жол-жоболоштурулат жана Аппарат тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарына жеткиликтүү болгон депутаттык суроо-талаптардын жана аларга жооптордун бирдиктүү реестринде каттоого алынат.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы N 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

112-берене. Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмалары

1. Жогорку Кеңеш Төрагага, анын орун басарларына, комитеттерге, комиссияларга, Аппараттын Жетекчисине тапшырма берүүгө укуктуу. Тапшырмалар жыйналышта төрагалык кылуучунун, фракциялардын же депутаттардын сунуштары боюнча аларды кызыктырган маселе боюнча кошумча маалыматтарды алдыруу же болбосо каралып жаткан маселе боюнча тиешелүү чараларды көрүү максатында берилет.

2. Тапшырманын жазуу жүзүндө киргизилген жана демилгечи тарабынан кол коюлган тексти, ал же төрагалык кылуучу тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыя кылынат.

3. Каршы пикирлер болгондо, тапшырма берүү жөнүндө сунуш добушка коюлат. Чечим добуш берүүгө катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Кабыл алынган тапшырмалар жыйналыштын протоколунда чагылдырылат. Протоколдук тапшырма бир сутканын ичинде Аппарат тарабынан аткаруучуга жөнөтүлөт, ал тапшырма алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен же Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленген башка мөөнөттө, төрагалык кылуучуга же тапшырманын демилгечисине аны аткаруунун натыйжалары жөнүндө маалымдайт. Төрагалык кылуучу бул маалыматты кезектеги жыйналышта Жогорку Кеңешке маалымдайт.

19-глава
Комитеттердин мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырышы

113-берене. Мыйзамдар жана Жогорку Кеңештин чечимдери бузулган учурларда комитеттер тарабынан чечимдердин кабыл алынышы

1. Комитеттер мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин жарандардын укуктарына жана кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгондой бузууларды тапканда, аларды четтетүү жөнүндө чечимдерди чыгарышат.

2. Чечимде бузулган жобо, табылган бузуулардын мүнөзү, аларды четтетүү боюнча сунуштар көрсөтүлөт. Ушул маселелер боюнча комитеттин чечими Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизүү үчүн Координациялык кеңешке жөнөтүлөт.

3. Комитеттин чечими жана тартип бузууга жол берген кызмат адамынын жүйөлөнгөн жообу Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга жатат.

4. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин турмушка ашырылышын контролдоо мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин бийликти бөлүштүрүү принцибине ылайык өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен комитеттер тарабынан жүзөгө ашырылат.

114-берене. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда комитеттердин укуктары

1. Өздөрүнүн, каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында комитеттер мыйзамдардын жоболорун жана Жогорку Кеңештин чечимдерин бузуу же болбосо аткарбоо фактылары боюнча, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ башка маселелер боюнча мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу.

2. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын текшерүүдө комитеттер өздөрү жүргүзүп жаткан иш-чараларга катышууга контролдоо-көзөмөлдөө функциялары берилген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле мамлекеттик эмес аудитордук кызматтардын өкүлдөрүн жана айрым адистерди тартууга укуктуу.

3. Комитеттер мамлекеттик бюджеттен каржылоо алган мамлекеттик органдардан жана уюмдардан же мамлекеттик органдын функцияларын же болбосо функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган, мамлекеттик менчиктин үлүшү бар ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан документтерди жана материалдарды суратып алууга, ошондой эле алардын кызмат адамдарын жыйналыштарга чакырууга укуктуу.

4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын кызмат адамдары комитеттерге алар сураткан документтерди, материалдарды, маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

5. Суралган документтердин жана материалдардын жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускалары же көчүрмөлөрү Жогорку Кеңештин комитеттерине бир айдан ашпаган мөөнөттө берилиши керек.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы N 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

114-1-берене. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин мониторинги жана аларга баа берүү

1. Жогорку Кеңештин комитеттери мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышына контролдоо жүргүзүү максатында алардын тармагына таандык кылынган кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин мониторингин жана аларга баа берүүнү жыл сайын жүргүзөт.

2. Кабыл алынган мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин мониторингин жана алардын натыйжалуулугуна баа берүүнү жүргүзүү максатында комитеттер мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан, ошондой эле менчигинин формасына карабастан, башка уюмдардан маалымат суратып алууга укуктуу, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди тартышы мүмкүн.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жана баа берүүнүн жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Жогорку Кеңештин расмий сайтына отчеттон кийинки жылдын 1-майынан кечиктирилбестен жарыяланат.

(КР 2014-жылдын 18-февралындагы N 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-глава
Парламенттик угуулар

115-берене. Парламенттик угуулар

1. Фракциялар, комитеттер жана комиссиялар өздөрүнүн караштуулугундагы маселелер боюнча парламенттик угууларды демилгелешет жана өткөрүшөт.

2. Парламенттик угууларда мыйзам долбоорлору, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо боюнча мыйзамдардын долбоорлору, республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору жана анын аткарылышы жөнүндө отчет, мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышы, башка маселелер талкууланат.

3. Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктук статусун камсыз кылуу тууралуу, бюджет, салык жана башка алымдар жөнүндө, жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү жөнүндө, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузууларга каршы күрөшүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү милдеттүү болуп саналат.

116-берене. Парламенттик угуулар жөнүндө коомчулукка маалымдоо

1. Фракциялар, комитеттер жана комиссиялар парламенттик угуулардын темалары, убактысы жана аларды өткөрүүнүн орду бекитилгенден кийин, парламенттик угууну өткөргөнгө чейин 10 күн калгандан кечиктирбестен маалыматты Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырат, аны жалпыга маалымдоо каражаттарына берет.

2. Парламенттик угууларга чакырылган адамдардын курамы, бул угуулар демилгеленген фракциялар, комитеттер жана комиссиялар тарабынан аныкталат.

117-берене. Парламенттик угууларга катышуу

1. Парламенттик угуулар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери үчүн ачык болот.

2. Президент, Премьер-министр, Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагалары, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү, Өкмөт мүчөлөрү, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Башкы прокурор, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагалары, Акыйкатчы (Омбудсмен), Координациялык кеңештин төрагасы жана Улуттук борбордун директору парламенттик угууларга катышууга укуктуу. Башка кызмат адамдары парламенттик угууларга бул угуулардын демилгечилеринин чакыруусу боюнча катыша алышат.

(КР 2012-жылдын 12-июлундагы N 1052016-жылдын 27-июлундагы N 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

118-берене. Парламенттик угууларды өткөрүүнүн тартиби

1. Парламенттик угууларды аларды өткөрүүнү демилгелеген фракциянын лидери, комитеттин же комиссиянын төрагасы алып барат.

2. Төрагалык кылуучу депутаттарга жана чакырылган адамдарга чыгып сүйлөө үчүн сөз берет, талкуулоонун тартибин сактайт, билдирүүлөр менен чыгат.

3. Парламенттик угуулардын узактыгын талкууланган маселелердин мүнөзүнө жараша Жогорку Кеңештин фракциясы, комитети жана комиссиясы аныктайт.

4. Эгерде Жогорку Кеңеш башка чечим кабыл албаса, Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын убагында парламенттик угууларды өткөрүүгө жол берилбейт.

5. Парламенттик угуулар катышып отургандарга талкуулана турган маселенин маңызы, жыйналышты өткөрүүнүн тартиби, чакырылган адамдардын курамы жөнүндө маалымат берген төрагалык кылуучунун кириш сөзү менен башталат. Андан кийин талкуулануучу маселе боюнча баяндама үчүн фракциянын, комитеттин же комиссиянын өкүлүнө 20 мүнөткө чейин сөз берилет, андан кийин депутаттар жана чакырылган адамдар сүйлөшөт.

6. Чакырылган адамдардын баары төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана сүйлөшөт.

7. Парламенттик угууларда баяндамачылардын жана чакырылган адамдардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин, катышып отургандардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки суроолору жана аларга берилген жооптор болот.

8. Парламенттик угуулардын катышуучулары чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн кыйкырыктар, кол чабуулар менен бөлүүгө, парламенттик угуулардын регламентин бузууга укуктары жок. Төрагалык кылуучу тартип бузуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.

119-берене. Парламенттик угуулардын сунуштамалары

1. Парламенттик угуулардын жыйынтыктары боюнча угууларга катышкан депутаттардын добушунун көпчүлүгү менен талкууланган маселе боюнча сунуштамалар кабыл алынат. Парламенттик угуулардын сунуштамалары аларды өткөрүүнү демилгелеген фракциялар, комитеттер, комиссиялар тарабынан каралат.

2. Парламенттик угуулар стенограммаланат. Стенограммага төрагалык кылуучу же башка жооптуу адамдар кол коет.

3. Парламенттик угуулардын сунуштамалары Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылат жана басма сөздө жарыяланышы мүмкүн.

VII БӨЛҮМ
АГА ТААНДЫК БОЛГОН МАСЕЛЕЛЕРДИН ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН КАРАЛЫШЫ

21-глава
Айрым мамлекеттик маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу

120-берене. Согуш жана тынчтык, өзгөчө, аскердик абалды киргизүү, Кыргыз Республикасына түздөн-түз кол салуу же кол салуу коркунучу болгон учурда согуш абалын жарыялоо маселелерин кароо

1. Президент согуш жана тынчтык, өзгөчө, аскердик абалды киргизүү, Кыргыз Республикасына түздөн-түз кол салуу же кол салуу коркунучу болгон учурда, согуш абалын жарыялоо маселелери боюнча жарлыкты Жогорку Кеңешке жиберет.

2. Жогорку Кеңеш Президенттин жарлыгын комитеттерде алдын ала кароосуз бекитүү же жокко чыгаруу боюнча чечимди ал келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде, ал эми айрым жерлерде өзгөчө кырдаалды киргизүү маселелери боюнча - ал келип түшкөн учурдан тартып 3 күндөн кечиктирилбестен  карайт жана кабыл алат.

3. Эгерде табигый кырсыктардын, башка жеңүүгө мүмкүн болбогон кыйынчылыктардын натыйжасында кворум белгиленген мөөнөттө болушу мүмкүн болбосо, же болбосо жыйналыш Жогорку Кеңештин имаратында өтүшү мүмкүн болбосо, Төрага Бишкек шаарындагы же башка шаардагы башка жайды тандап алат, ал жөнүндө депутаттар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен кабарландырылат.

4. Кыргыз Республикасына кол салуу же кол салуу коркунучу түздөн-түз болгон учурда Жогорку Кеңеш Президенттин өзгөчө, аскердик абалды киргизүү жөнүндө, согуштук абал жарыялоо тууралуу жарлыгын жана ал караган чараларды толугу менен, тигил же бул бөлүктөрүн бекитиши же аны четке кагышы мүмкүн.

5. Президенттин жарлыгын бекитүү же жокко чыгаруу жөнүндө токтом катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынат.

6. Кабыл алынган чечим жөнүндө Жогорку Кеңеш 3 сааттын ичинде Президентке маалымдайт жана аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш аны ушул Регламент менен аныкталган мөөнөттө бекитпесе, өзгөчө, аскердик абалды киргизүү жөнүндө, Кыргыз Республикасына кол салуу же кол салуу коркунучу түздөн-түз болгон учурда согуш абалын жарыялоо тууралуу Президенттин жарлыгы күчүн жоготот.

(КР 2014-жылдын 5-мартындагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

121-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары пайдалануунун мүмкүндүгү жөнүндө маселени кароо

1. Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо фракциялардын же депутаттардын демилгелүү тобунун, депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесин түзгөн депутаттардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары пайдалануунун мүмкүндүгү жөнүндө маселени карайт.

2. Фракциялардын же депутаттардын демилгелүү тобунун сунушун Төрага корутунду даярдоо үчүн жооптуу комитетке токтоосуз жиберет.

3. Жооптуу комитеттин жыйналышына Жогорку Кеңештеги Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү жана Өкмөттүн туруктуу өкүлү, караштуулугунда коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер, юстиция маселелери болгон мамлекеттик органдардын жана башка кызыкчылыктары бар органдардын жетекчилери чакырылат.

4. Корутунду фракциялар же депутаттардын демилгелүү тобу тарабынан сунуш киргизилген учурдан тартып 3 күндөн кечиктирилбестен жооптуу комитет тарабынан даярдалууга тийиш.

5. Жогорку Кеңеш тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер ортосундагы келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени тиешелүү сунуш келип түшкөн учурдан тартып бешинчи күндөн кечиктирбестен чечет.

6. Жогорку Кеңеш өз жыйналышына Президентти, Премьер-министрди, коргоо министрин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын зардалын, караштуулугунда улуттук коопсуздук, тышкы иштер, ички иштер, юстиция маселелери болгон мамлекеттик органдардын, башка кызыкдар болгон органдардын жетекчилерин чакырат.

7. Маселени Жогорку Кеңештин жыйналышында кароо фракциялардын же депутаттардын демилгелүү тобунун өкүлүнүн баяндамасынан башталат.

8. Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары пайдалануу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүгү менен кабыл алынат жана ал кабыл алынган учурдан тартып бир күндүн ичинде Президентке жиберилет.

(КР 2016-жылдын 15-апрелиндеги N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-глава
Премьер-министрди көрсөтүүнүн жол-жоболору. Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү

122-берене. Премьер-министрдин талапкерлигин көрсөтүү

1. Премьер-министрдин талапкерлигин көрсөтүү укугу ирети менен төмөнкүлөргө таандык:

1) депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракцияга же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясына;

2) парламенттик көпчүлүктү түзгөн фракциялардын коалициясына.

2. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт. Премьер-министрдин кызматына талапкер, Президент тарабынан дайындалуучу караштуулугунда коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери болгон мамлекеттик органдардын жетекчилерин албаганда, Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын сунуштайт.

3. Эгерде шайлоонун натыйжалары боюнча фракциялардын бири да депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албай калса, ошондой эле эгерде ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык Өкмөттүн программасы бекитилбесе, түзүмү жана курамы аныкталбаса, Президент фракциялардын бирине парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат. Парламенттик көпчүлүктү түзүүнүн, Премьер-министрдин талапкерлигин көрсөтүүнүн жана Өкмөттүн программасын бекитүүнүн, түзүмүн жана курамын аныктоонун жол-жобосу Президенттин сунушу келип түшкөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде аяктоого тийиш.

4. Эгерде ушул берененин 3-бөлүгү менен аныкталган мөөнөттүн ичинде Өкмөттүн программасы бекитилбесе, түзүмү жана курамы аныкталбаса, Президент парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин талапкерлигин көрсөтүүнү башка фракцияга сунуш кылат. Парламенттик көпчүлүктү түзүүнүн Премьер-министрдин талапкерлигин көрсөтүүнүн жана Өкмөттүн программасын бекитүүнүн, түзүмүн жана курамын аныктоонун жол-жобосу Президенттин сунушу келип түшкөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде аяктоого тийиш.

5. Эгерде ушул берененин 4-бөлүгү менен аныкталган мөөнөттүн ичинде Өкмөттүн программасы бекитилбесе, түзүмү жана курамы аныкталбаса, фракциялар өз демилгеси боюнча 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүгө, Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтүүгө, Өкмөттүн программасын бекитүүгө, түзүмүн жана курамын аныктоого тийиш.

6. Премьер-министр кызматынан кеткен же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусунан ажыраган учурда, Өкмөт ушул берененин 2-5-бөлүктөрү менен каралган тартипте жана мөөнөттөрдө түзүлөт.

123-берене. Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү

1. Өкмөттүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоорлору Премьер-министрдин кызматына талапкер тарабынан ал көрсөтүлгөн күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке киргизилет жана ушул Регламенттин 122-беренесинде белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга жана бекитилүүгө тийиш.

2. Төрага Жогорку Кеңешке келип түшкөн Өкмөттүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоорлорун бардык депутаттарга жиберет жана аны Жогорку Кеңештин кезексиз кароосуна киргизет.

3. Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңеш толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт.

4. Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоорлорун Премьер-министрдин кызматына талапкердин макулдугусуз өзгөртө албайт.

5. Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү жөнүндө токтом катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынат.

6. Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө Жогорку Кеңеш ушул берене менен аныкталган тартипте Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн программасындагы, түзүмүндөгү жана курамындагы өзгөртүүлөрдү бекитет.

23-глава
Мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоо, бекитүү, дайындоого же кызматынан бошотууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү

124-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоонун, бекитүүнүн, дайындоого макулдук берүүнүн жол-жобосу

1. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган мамлекеттик кызматтарга шайлоо тууралуу, дайындоого, жактыруу макулдук берүү жөнүндө жана мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоону бекитүү тууралуу маселелерди тиешелүү сунуштаманы алган учурдан тартып 14 күндөн кечиктирбестен карайт жана чечет.

Талапкерлерди кароо бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Көрсөтүлгөн кызматтарга талапкерлер Жогорку Кеңешке кызмат адамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 20 күндөн кечиктирбестен, же анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен киргизилет.

3. Жогорку Кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлер тиешелүү сунуштама алган күндөн тартып 14 күндөн кечиктирбестен милдеттүү түрдө жооптуу комитетте талкууланат, ал ар бир талапкер боюнча корутунду даярдайт.

Башка комитеттер жана фракциялар сунушталган талапкерлерди талкуулоону жүргүзүүгө жана маселени жооптуу комитет караганга чейин 3 күн калганча ар бир талапкер боюнча корутундуну жооптуу комитетке берүүгө укуктуу.

Талапкерлер чакырылган учурда, комитеттин, фракциянын жыйналышына катышууга жака берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү.

4. Жогорку Кеңеш жашыруун добуш берүү менен төмөнкүлөрдү шайлайт:

1) Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын кошуп алганда, Жогорку соттун судьяларын, Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын курамдарынын үчтөн бирин - Президенттин сунуштамасы боюнча;

2) Эсептөө палатасынын жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын курамдарынын үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн сунуштамасы боюнча, ал эми үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча;

3) Акыйкатчыны (Омбудсменди) - парламенттик фракциялардын сунуштамасы боюнча;

4) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын - Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча.

5. Парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин жашыруун добуш берүү менен шайлайт. Судьялар кеңеши тарабынан сунушталган талапкерлер менен чогуу шайланган талапкерлер Жогорку Кеңештин тармактык комитетине сунушталып, ал Судьяларды тандоо боюнча кеңештин толук курамын Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизет.

6. Жогорку Кеңеш Судьяларды тандоо боюнча кеңештин шайланган курамын бирдиктүү тизмеде ачык добуш берүү менен бекитет.

7. Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду дайындоого жашыруун добуш берүү менен макулдук берет.

8. Жогорку Кеңештин шайлоо, дайындоого, жактыруу макулдук берүү жөнүндө жана кызматка шайланууну бекитүү жөнүндө чечими катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат жана токтом менен жол-жоболоштурулат.

9. Эгерде Жогорку Кеңеш сунуш кылынган талапкерлерди дайындоого макулдук бербесе, аларды шайлабаса, Президент 15 календардык күндүн ичинде башка талапкерлерди сунуштоого милдеттүү.

Макулдук берүү же Жогорку Кеңеш тарабынан шайлануу жол-жобосунан өтпөгөн талапкерлер Жогорку Кеңеште тиешелүү органга өкүл болууга укугу жок.

(КР 2015-жылдын 21-майындагы N 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

125-берене. Кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу

1. Жогорку Кеңеш Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын, Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагаларын жана мүчөлөрүн, Акыйкатчыны (Омбудсменди) алар тарабынан өз каалоосу боюнча кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арыз берилген учурда катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен бошотот.

2. Жогорку Кеңеш ачык добуш берүү менен, төмөнкүлөрдү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:

1) Жогорку соттун судьяларын жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын - депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен;

2) Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагаларын жана мүчөлөрүн, Акыйкатчыны (Омбудсменди) - катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен;

3) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын - катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн добушу, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен.

3. Бул сунушту негиздөө менен кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушту төмөнкүлөр берет;

1) Президент - Башкы прокурорго карата;

2) Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президент - Жогорку соттун судьяларына жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына карата;

3) Президент, эки фракция, эки комитет - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө карата;

3-1) Кыргыз Республикасынын Президенти, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция ушул Мыйзамда каралган учурларда - Эсептөө палатасынын мүчөсүнө (аудиторуна) карата;

4) Жогорку Кеңештин фракциялары - Акыйкатчыга (Омбудсменге) карата;

5) Акыйкатчы (Омбудсмен) - өзүнүн орун басарларына карата.

4. Эгерде тиешелүү чечим үчүн ачык добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси добуш берсе, Президентке Башкы прокурорду кызматынан бошотууга Жогорку Кеңеш тарабынан макулдук берилген болуп эсептелет.

5. Жогорку Кеңеш депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча, ачык добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу жана мыйзам менен каралган учурларда, Башкы прокурорду кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш тармактык комитет тарабынан 10 күндүк мөөнөттө, бирок сунушту алгандан кийин 7 күндөн эрте каралбайт.

Башка комитеттер жана фракциялар талкуулоо өткөрүүгө жана жооптуу комитет тарабынан маселе каралганга 3 күн калганга чейин жооптуу комитетке корутунду берүүгө укуктуу.

7. Жогорку Кеңеш кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени, ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин 5 күндөн кечиктирбестен карайт.

8. Эгерде Жогорку Кеңештин сессиясы көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин жабылган учурда, ушул берененин 6- жана 7-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактоо менен маселе кезексиз сессияда каралууга жана чечилүүгө тийиш.

(КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

126-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү

1. Башкы прокурордун же анын милдетин аткаруучунун тиешелүү сунуштамасы болгондо гана Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарларын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени карайт.

2. Сунуштаманы кароо үчүн ушул Регламентте белгиленген тартипте териштирүү боюнча комиссия түзүлөт. Комиссия сунуштаманы карайт жана өзү түзүлгөн учурдан тартып 21 күндөн кечиктирбестен өз корутундусун Жогорку Кеңешке жөнөтөт.

3. Сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү маселесин кароодо комиссия Башкы прокуратуранын өкүлүн, ошондой эле маселеси чечилип жаткан адамды угууга милдеттүү.

4. Комиссиянын маалымдамасы жана мамлекеттик кызмат адамдарын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимдин долбоору Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизилет.

5. Бул маселени кароодо, ошондой эле берилген чечимдин долбоорунда сунуштамада көрсөтүлгөн фактыларды гана чечмелөө, баалоо же тактоо менен чектелет.

Токтом жашыруун добуш берүү менен катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

126-1-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун жана мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуунун тартиби

1. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин эки ай мурда Координациялык кеңештин төрагасы бул тууралуу Төрагага кабарлайт жана парламенттик көпчүлүктөн жана парламенттик оппозициядан Координациялык кеңештин жаңы мүчөлөрүн шайлоону сунуш кылат.

2. "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен Акыйкатчы (Омбудсмен) Координациялык кеңештин биринчи курамын түзүү жөнүндө Төрагага парламенттик көпчүлүктөн жана парламенттик оппозициядан Координациялык кеңештин мүчөлөрүн шайлоо тууралуу сунуш жиберет.

3. Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер депутаттар, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын депутаттык фракциялары, ошондой эле саясий партиялар тарабынан сунушталышы мүмкүн.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин мүчөлөрү парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тарабынан шайланат.

Парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын жыйналыштары өз-өзүнчө өткөрүлөт жана алардын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышканда укук ченемдүү болуп эсептелет.

Тиешелүүлүгүнө жараша парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик оппозициянын мүчөлөрүнүн көбүрөөк сандагы добушуна ээ болгон парламенттик көпчүлүктөн талапкер жана парламенттик оппозициядан талапкер Координациялык кеңештин курамына шайланган болуп эсептелет. Талапкерлер боюнча добуш берүү ачык жүргүзүлөт.

5. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте анын Жогорку Кеңештин депутатынын кызматындагы ыйгарым укуктары токтотулган учурда, мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Бул учурда Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын токтолушу жөнүндө чечим тиешелүүлүгүнө жараша парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тарабынан кабыл алынат.

6. Координациялык кеңештин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин мүчөсүн кайра чакыртып алууну жүзөгө ашырат. Бул учурда Жогорку Кеңеш Координациялык кеңештин мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин корутундусу болгондо, катышкандардын көпчүлүгүнүн добушу менен, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен чечет.

(КР 2012-жылдын 12-июлундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-глава
Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн дайындоо жана кайра чакыртып алуу

127-берене. Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн дайындоо жана кайра чакыртып алуу

1. Жогорку Кеңеш парламенттик көпчүлүктүн жана азчылыктын тең салмактуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен өзүнүн өкүлдөрүн консультациялык-кеңеш берүүчү органдарга дайындайт.

2. Консультациялык-кеңеш берүүчү органдарга Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн талапкерликтери фракциялардын сунушу боюнча жооптуу комитет тарабынан берилет.

3. Жогорку Кеңеш Өкмөттөгү өзүнүн туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлүн Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жобого ылайык Аппараттын кызматкерлеринин ичинен дайындайт жана бошотот.

4. Өз өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө же баш тартуу тууралуу маселе боюнча Жогорку Кеңеш ачык добуш берүү менен катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен токтом кабыл алат.

5. Жогорку Кеңештин консультациялык-кеңеш берүүчү органдарынын курамындагы өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу комитеттин төрагасын жана анын орун басарларын кайра чакыртып алуу үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

25-глава
Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын, Өкмөттүн ишинин орто мөөнөттүү программаларын бекитүү. Өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү билдирүү

128-берене. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын кароонун жана бекитүүнүн тартиби

1. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларынын (экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий) долбоорлору Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилет.

2. Төрага социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын алдын ала кароо жана жооптуу комитетти аныктоо менен алар боюнча корутундуларды даярдоо үчүн фракцияларга жана комитеттерге жөнөтөт.

3. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программалары Жогорку Кеңеш тарабынан толук жол-жобо боюнча талкууланат жана гендердик экспертиза менен коштолот.

129-берене. Өкмөттүн ишинин орто мөөнөттүү программаларын кароонун жана бекитүүнүн тартиби

1. Премьер-министр 5 жылдык мөөнөткө Өкмөттүн ишинин орто мөөнөттүү программасынын долбоорун Өкмөттүн курамы дайындалгандан кийин бир айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңешке көрсөтөт.

2. Төрага Өкмөттүн ишинин орто мөөнөттүү программасынын долбоорун алдын ала кароо жана алар боюнча корутундуларды даярдоо үчүн жооптуу комитетти аныктоо менен фракцияларга жана комитеттерге жөнөтөт.

3. Өкмөттүн ишинин орто мөөнөттүү программасынын долбоору толук жол-жобо боюнча каралат.

130-берене. Премьер-министрдин Өкмөткө ишеним көрсөтүү маселесин коюшу

1. Премьер-министр Жогорку Кеңештин алдына Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени жылына бир жолудан көп эмес кое алат.

2. Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тарткан учурда, Президент 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.

131-берене. Жогорку Кеңештин Өкмөткө ишеним көрсөтпөөсү

1. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.

2. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

3. Президентти кезектеги шайлоого 6 ай калганда Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселенин каралышы мүмкүн эмес.

4. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө болгондон кийин Президент Өкмөттүн кызматтан кетиши тууралуу чечимди кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечимине макул болбоого укуктуу.

5. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим 3 айдын ичинде кайра кабыл алынган учурда, Президент Өкмөттү кызматтан кетирет.

26-глава
Кайрылууларды, билдирүүлөрдү, сөздөрдү жана ар жылдык баяндамаларды угуу

132-берене. Президенттин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн угуу

1. Жогорку Кеңеш Президенттин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн угат, алар талкууланбайт жана добуш берүүгө коюлбайт. Суроолордун жана жооптордун жол-жобосу колдонулбайт.

2. Жогорку Кеңештин чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, парламенттик делегациялардын жетекчилери жана башка өкүлдөрү чыгып сүйлөгөн жыйналыштарына Премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы, Өкмөттүн мүчөлөрү, Акыйкатчы (Омбудсмен), чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын башчылары жана келүүнүн программасына ылайык башка кызмат адамдары чакырылат.

133-берене. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамалары

(Берененин аталышы КР 2012-жылдын 12-июлундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо үчүн парламенттик контроль Акыйкатчыга (Омбудсменге) жүктөлөт.

2. Ар бир жылдын 1-апрелине чейин Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун абалы жөнүндө Жогорку Кеңешке ар жылдык баяндамасын берет.

2-1. Улуттук борбор жыл сайын 1-мартка чейин Жогорку Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө баяндама жана өткөн жыл үчүн финансылык отчет берет.

Ар жылдык баяндама кыйноолорду жана катаал мамиленин алдын алуу чөйрөсүнүн абалы жөнүндө жалпы баа берүүнү, корутундуларды камтуусу тийиш. Ар жылдык баяндамада анын сунуштамаларын этибарга албастан, Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылган мамлекеттик органдар (кызмат адамдары) көрсөтүлүүсү тийиш.

Зарыл болгондо Улуттук борбор Жогорку Кеңешке эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайлардагы ашкереленген жана дароо чечүүнү талап кылган адам укуктарын одоно бузуулардын фактылары боюнча атайын баяндаманы (баяндамаларды) бере алат.

3. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамалары тармактык комитет тарабынан каралгандан кийин Жогорку Кеңеш алардын баяндамаларын биринчи эле жыйналышта угууга милдеттүү.

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамалар менен чыгып сүйлөө датасы Жогорку Кеңеш тарабынан айлык иш планында аныкталат.

Парламенттик фракциялар баяндамага карата өзүлөрүнүн мамилелерин аныктоо үчүн чыгып сүйлөй алышат.

4. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышына Премьер-министр, Башкы прокурор, Өкмөттүн мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылат.

5. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамаларын кароонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштарын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылуусунун максатка ылайыктуулугуна баа бериши жана тиешелүү чечим кабыл алышы керек.

(КР 2012-жылдын 12-июлундагы N 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-глава
Президентти шайлоону дайындоо. Анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

134-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти шайлоону дайындоо

1. Президентти шайлоо катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн добушу, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтому менен дайындалат.

2. Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө токтомдун долбоору Жогорку Кеңештин жыйналышына тиешелүү комитет тарабынан киргизилет.

3. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 5 ай калгандан эрте эмес жана 4 ай калгандан кеч эмес дайындалат. Шайлоо иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 60 календардык күн калгандан эрте эмес жана 45 календардык күн калгандан кеч эмес өткөрүлүшү керек.

4. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде дайындалат. Шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлүшү керек.

5. Шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому кийинки 2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

135-берене. Президенттин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

1. Президенттин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

1) өз арызы боюнча кызматтан кеткенде;

2) оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;

3) каза болгондо;

4) Конституцияда каралган тартипте кызмат ордунан четтетилгенде.

2. Өз арызы боюнча кызматтан кеткен учурда, Президенттин ыйгарым укуктары Жогорку Кеңешке жазуу жүзүндө арыз берген же ал өзү эл алдында билдирүү жасаган учурдан тартып токтотулган болуп эсептелет, кызматтан кетүү жөнүндө арыз Жогорку Кеңеш тарабынан эске алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат.

3. Президент каза болгон учурда Жогорку Кеңеш тарабынан каза болуу фактысы эске алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат.

4. Президенттин оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбой калгандыгы жөнүндө маселени эки фракция же эки комитет коюуга укуктуу. Мындай учурда Жогорку Кеңеш 5 календардык күндүн ичинде катышкандардын көпчүлүк добуштары, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен мамлекеттик медициналык комиссия түзүү жөнүндө токтом кабыл алат. Жогорку Кеңеш мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде, корутунду берилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде, депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

136-берене. Президентти кызматынан четтетүү

1. Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен бышыкталган, Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.

2. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси кол койгон, жазуу жүзүндөгү сунуштама айып коюу маселесинин демилгелениши болуп саналат. Сунуштамага кол койгон депутат өзүнүн койгон колун кайра чакыртып алууга укуксуз. Айып коюу жөнүндө сунуштамада Президентке коюлуп жаткан айыптын кылмыш белгилеринин дайындуу көрсөтүлүшү, ошондой эле анын бул кылмышка тиешеси бар экендигинин негиздемеси камтылышы керек.

3. Жогорку Кеңеш жол-жобо эрежелеринин сакталышын жана айыптоонун иш жүзүндөгү негиздүүлүгүн баалоо үчүн, 7 күндүн ичинде токтом менен убактылуу комиссияларды түзүү үчүн ушул Регламентте белгиленген тартипте атайын комиссия түзөт. Атайын комиссия 7 күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңешке өзүнүн корутундусун берет. Терс корутунду айып коюу жол-жобосун токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.

4. Айып коюу жөнүндө сунуштама жана атайын комиссиянын корутундусу, атайын комиссиянын корутундусу берилген күндөн тартып 7 күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңештин жыйналышында каралат. Маселени талкуулоого ушул сунуштаманын демилгечилеринин ичинен ыйгарым укук берилген депутат, атайын комиссиянын төрагасы, фракциялардын өкүлдөрү, ошондой эле фракциялар тарабынан чакырылган, берүүчү баалары жана көрсөтмөлөрү олуттуу мааниге ээ болуучу эксперттер жана башка адамдар катышат. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөз кезексиз берилет.

5. Президентке каршы айып коюу жөнүндө токтом атайын комиссиянын корутундусу берилген күндөн тартып 7 күндөн кечиктирилбестен, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6. Президентке каршы айып коюлган учурда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери бар экени жөнүндө корутунду алуу үчүн 3 күндүк мөөнөттө Башкы прокурорго Жогорку Кеңештин токтомун жана башка документтерди жөнөтөт.

7. Башкы прокурор Жогорку Кеңеш тарабынан берилген токтомду жана башка документтерди карап чыгат жана өзүнүн корутундусун бир айлык мөөнөттө Жогорку Кеңешке берет.

8. Төрага Башкы прокурордун корутундусун 3 күндүк мөөнөттө бардык фракцияларга жана комитеттерге жиберет. Кийинки 7 күндүн ичинде Жогорку Кеңеш Президенттин иш аракеттеринде кылмыш белгилери бар экенин айкындоо максатында Башкы прокурордун корутундусун карап чыгат. Ушундай ырастоо болгон учурда Жогорку Кеңеш Президентке каршы коюлган айыпты жана Башкы прокурордун корутундусун маани-маңызы боюнча кароонун (кароо токтом кабыл алынган күндөн тартып 10 күндөн эрте жана 20 күндөн кеч башталбоосу керек) күнүн дайындоо жөнүндө токтом кабыл алат, тескерисинче болгон учурда айып коюу четке кагылган болуп эсептелет.

9. Президентке каршы коюлган айыпты жана Башкы прокурордун корутундусун маани-маңызы боюнча кароого ушул сунуштаманын демилгечилеринин ичинен ыйгарым укук берилген депутат, атайын комиссиянын төрагасы, фракциялардын өкүлдөрү, ошондой эле фракциялар тарабынан чакырылган, берүүчү баалары жана көрсөтмөлөрү олуттуу мааниге ээ болуучу эксперттер жана башка адамдар катышат. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөз кезексиз берилет.

10. Маселени кароо аяктагандан кийин, бирок Президентке каршы айып коюлган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен, Президентти кызматынан четтетүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому добушка коюлат. Токтом жашыруун добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңеш чечим кабыл албаса, айып коюу четке кагылган болуп эсептелет.

28-глава
Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу. Депутаттын көз карандысыздыгынын кепилдиктери. Депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңеш тарабынан макулдук берилиши

137-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу

1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) жарандыктан чыкканда же болбосо башка жарандыкты кабыл алганда;

3) башка ишке өткөндө же ал депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда;

4) шайлоолор жараксыз деп табылганда;

5) туруктуу жашоого Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткенде;

6) сот тарабынан депутат жөндөмсүз деп табылганда;

7) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

8) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарына 30 же андан көп жумушчу күнү жүйөлүү себептерсиз катышпаганда;

9) анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

10) депутат каза болгондо.

2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиз пайда болгон күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.

3. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт.

4. Депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштама Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга тиешелүү негиздер белгиленген күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө берилет:

1) тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-, 5- жана 10-пункттарында каралган учурларда;

2) сот тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-, 6-, 7 жана 9-пункттарында каралган учурларда;

3) Жогорку Кеңеш тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3- жана 8-пункттарында каралган учурларда.

138-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңеш тарабынан кароо

1. Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон комитет ушул Регламенттин 137-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 8-пункттары менен каралган учурларда, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карайт. Ушул негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту комитеттин кароосуна ошондой эле депутат мүчөсү болуп саналган фракция дагы киргизүүгө укуктуу. Маселени кароо тиешелүү маалымат же арыз түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде жүргүзүлөт.

2. Бул маселени кароодо комитет документтерди иликтейт, ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш киргизилген депутатты жана фракциялардын өкүлдөрүн угат.

3. Комитет чечим кабыл алат жана көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн аны Координациялык кеңешке жиберет.

4. Жогорку Кеңеш маселени толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом Жогорку Кеңеш тарабынан катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга жөнөтүлөт.

139-берене. Депутаттын көз карандысыздыгынын кепилдиктери

1. Жогорку Кеңештин депутатына ыйгарым укуктарынын бардык мөөнөтү ичинде көз карандысыздык кепилдиктери жайылтылат:

1) ал депутаттык ишине байланыштуу айткандары же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес;

2) өзгөчө оор кылмыш жасаган учурларды кошпогондо, депутат Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутатына карата жазык иши Башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн.

2. Депутатка кол салгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жоопкерчиликти тартат.

140-берене. Депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселенин Жогорку Кеңеш тарабынан каралышынын тартиби

1. Депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Башкы прокурордун, соттун сунуштамасы келип түшкөндө Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө маселени 48 сааттын ичинде кезексиз тартипте карайт.

Атайын комиссия бир айдан кеч эмес мөөнөттө сунуштаманы карайт. Зарыл болгондо Башкы прокурордон жана соттон кошумча материалдар суратып алынышы мүмкүн.

Атайын комиссия маселени кароодо ага карата маселе чечилип жаткан депутатты, прокуратуранын, соттун же арыз берүүчүнүн (жеке айыптоочунун) өкүлүн угууга жана чечимдин долбоорунда интерпретациялоо, баалоо же сунуштамада көрсөтүлгөн фактыларды гана тактоо менен чектелүүгө тийиш.

Башкы прокурордун же соттун сунуштамасын кароонун жыйынтыктары боюнча атайын комиссия депутатты жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн маалымдаманы жана чечимдин долбоорун Координациялык кеңешке жиберет.

2. Жогорку Кеңеш тарабынан маселени кароо атайын комиссиянын өкүлүнүн анын ишинин натыйжалары жөнүндө баяндамасы менен башталат жана толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүргүзүлөт.

Маселе боюнча жарыш сөздөргө фракциялардын өкүлдөрү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө ага карата маселе чечилип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты катышат.

3. Эгерде ал үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, Жогорку Кеңештин Башкы прокурордун же соттун сунуштамаларын канааттандыруу жөнүндө чечими кабыл алынган болуп эсептелинет.

4. Жогорку Кеңештин жүйөлөштүрүлгөн токтомунун кабыл алынышы жөнүндө Башкы прокуратурага жана сотко үч күндүк мөөнөттө кабарланат.

Негиздер болгондо Жогорку Кеңеш өз чечимин кайра карашы мүмкүн.

5. Башкы прокурор же сот иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө ишти териштирүүнүн же кароонун натыйжалары жөнүндө Жогорку Кеңеш кабарлоого милдеттүү.

6. Жогорку Кеңештин депутатын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартышы бул депутатка карата жазык иши боюнча өндүрүштү алып коюучу жагдай болуп саналат.

141-берене. Депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө токтомду күчүн жоготту деп табуу

Мурда Жогорку Кеңеш тарабынан жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген депутатка карата кылмыш иши токтотулгандыгы жөнүндө маалымдама Жогорку Кеңешке келген учурда, Жогорку Кеңеш жакынкы жыйналыштарында катышкандардын көпчүлүгүнүн добушу, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен мурда кабыл алынган токтомду күчүн жоготту деп табуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган токтом токтоосуз түрдө Башкы прокурорго, ошондой эле зарылчылык болгон учурда, тиешелүү сотко жөнөтүлөт.

29-глава
Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу. Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо

142-берене. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу

1. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Өзүн-өзү таратуу жөнүндө негизделген сунушту фракция киргизүүгө укуктуу. Төрага сунушту 7 күндүн ичинде алдын ала кароо жана сунуштарды киргизүү үчүн 2 күндүн ичинде бардык фракцияларга жөнөтөт. Ушундан кийин Төрага маселени кароонун датасын дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш тарабынан өзүн-өзү таратуу жөнүндө маселени кароо толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Талкуулоо аяктагандан кийин, бирок талкуулоо башталгандан 3 күндөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу жөнүндө сунушу боюнча добуш берүү жүргүзүлөт.

4. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

5. Эгерде өзүн-өзү таратуу жөнүндө токтом кабыл алынса, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө Президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Мында шайлоо мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган күндөн тартып 45 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүшү керек.

6. Жогорку Кеңеш жаңы чакырылыштын биринчи жыйналышына чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарат.

143-берене. Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо

1. Президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындайт:

1) Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда;

2) эгерде Жогорку Кеңеш ушул Регламентте белгиленген тартипте жана мөөнөттө Өкмөттүн программасын бекитпеген, анын түзүмү менен курамын аныктабаган учурда;

3) Ал Конституциянын 86-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык чечим кабыл алган учурда.

30-глава
Депутаттардын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышкандардын этикасы жана тартиби

144-берене. Депутаттык этика

1. Жогорку Кеңештин ар бир депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары - кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттүү.

2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн Депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашы үчүн жана коомчулук ага ишенүүгө мүмкүнчүлүк алышы үчүн баарын жасоого тийиш.

3. Жогорку Кеңештин, комитеттин, комиссиянын жыйналыштарында кандай гана маселени караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жыйналышка төрагалык кылуучунун эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн өз алдынча четтөөгө тийиш.

4. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда караштуулугунда регламент маселелери болгон комитет тиешелүү корутундуну Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылууга милдеттүү.

5. Жыйналыштарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.

145-берене. Жогорку Кеңештин имаратында тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштар өтүүчү залы Жогорку Кеңештин жыйналыштарын өткөрүүчү расмий жай болуп саналат, ал жерде катышып отургандар тартипти, этиканы жана жүрүм-турумдун белгиленген ченемин сакташат.

2. Жогорку Кеңеш иштеп жаткан учурда депутаттар жана ага катышкан адамдар Жогорку Кеңештин расмий иш мүнөзүнө ылайык келген кийим кийип жүрүүгө тийиш.

3. Жыйналыштардын убагында уюлдук байланыш каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.

Депутаттарга, ошондой эле чакырылган жана Жогорку Кеңеште аккредиттелген адамдарга Жогорку Кеңештин имаратында курал алып жүрүүгө тыюу салынат.

4. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналышына чакырылгандарга, ошондой эле аккредиттелген адамдарга жыйналышты өткөрүүгө тоскоол болуучу плакаттарды, лозунгдарды, үн күчөткүчтөрдү, башка буюмдарды алып кирүүгө жана пайдаланууга тыюу салынат. Бул адамдар тартипти сактоого, тартипти бузбоого, жыйналыштар залында болуп жаткандарга карата өзүнүн мамилесин көпчүлүктүн алдында билдирүүдөн карманууга тийиш.

5. Белгиленген тартипти бузган учурда көрсөтүлгөн адамдар залдан мажбурлап чыгарылат.

(КР 2013-жылдын 13-декабрындагы N 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

146-берене. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

1. Эгерде депутат жыйналыштарда өзүнүн жүрүм-туруму менен Жогорку Кеңештин жыйналышын өткөрүүгө жолтоо кылса, төрагалык кылуучунун эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же жыйналыштын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланган темадан башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса ага карата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:

1) эскертүү;

2) айкын маселени кароодо микрофонду өчүрүү менен сөз бербөө;

3) жыйналыштын аягына чейинки мөөнөткө сөз бербөө.

2. Ушул берененин жоболорун биринчи жолу бузганда, төрагалык кылуучу эскертүү берет жана ушул Регламент менен белгиленген тартипти сактоо талабы менен кайрылат. Кайрадан жана андан кийин да тартип бузуулар болсо, ага карата ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чара көрүү колдонулат.

3. Эгерде депутат башка адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айткан жана кесөө көрсөткөн, күч колдонгон учурда ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү органдарга берилет.

4. Депутатка жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышкандарга карата колдонулуучу чаралар жыйналыштын протоколунда белгиленет.

5. Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон комитет тармактык комитеттердин төрагаларынын, Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн маалыматтарынын негизинде Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйналыштарына депутаттардын катышуусунун жыйынтыгын ай сайын чыгарат.

Талкуулоонун жыйынтыктары боюнча комитет жүйөлүү себептерсиз жыйналыштарга катышпаган депутаттардын тизмесин Төрагага берет, ал катышпай калган ар бир күн үчүн депутаттык ай сайын төлөмдөрдөн 1/10 бөлүгүн кармап калууга тескеме чыгарат.

Жүйөлүү себептерсиз катышпаган депутаттардын тизмеси Жогорку Кеңештин жыйналышында комитеттин төрагасы тарабынан жарыя кылынат жана жарыя кылынган күндөн тартып бир күндүк мөөнөттө анын сайтына жарыяланат.

6. Комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарында тартипти сактоо максатында алардын төрагаларынын Жогорку Кеңештин жыйналыштарына төрагалык кылуучу сыяктуу эле укуктары бар жана ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чараларды колдонушу мүмкүн. Комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарында депутаттарга карата колдонулуучу чаралар комиссия тарабынан жыйналыштардын протоколунда белгиленет жана ошол депутаттар мүчөсү болуп саналган фракцияларга карап чыгуу үчүн берилет.

7. Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон комитеттердин мүчөлөрү фракциялардын мүчөлөрүнүн жүрүм-турум этикасы боюнча фракциялардын жыйналыштарына катышууга укуктуу.

31-глава
Эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык

147-берене. Парламенттер аралык кызматташтык

1. Жогорку Кеңеш башка мамлекеттердин парламенттери жана эл аралык парламенттик уюмдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзө алат, ага ыйгарым укуктуу адамдар кол коет жана Жогорку Кеңеште бекитилүүгө тийиш.

2. Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик, парламенттик, өкмөттүк жана башка делегациялардын курамында, ошондой эле жеке чакыруу боюнча эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтыкка катышат.

3. Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык байланыштарын координациялоо эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө планына жана Жогорку Кеңештин ар жылдык иш планына ылайык тармактык комитет тарабынан жүзөгө ашырылат.

148-берене. Эл аралык парламенттик уюмдардагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

1. Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн караштуулугунда эл аралык жана парламенттер аралык маселелер болгон Аппараттын бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ичинен, Аппарат Жетекчисинин тармактык комитет менен макулдашылган сунуштамасы боюнча Төрага дайындайт жана бошотот.

2. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн статусу, ыйгарым укуктарынын көлөмү, алардын ишин материалдык жана каржылык жактан камсыз кылуу Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.

149-берене. Парламенттер аралык уюмдардын сунуш кылынган мыйзам чыгаруу актыларын кароо

1. Парламенттер аралык уюмдар тарабынан иштелип чыккан сунуштама мыйзам актылары (моделдүү мыйзамдар) ал актылар менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясында болгон комитеттер, ошондой эле караштуулугуна парламенттер аралык кызматташуу маселелери таандык болгон комитет тарабынан каралат.

2. Жогорку Кеңеш комитеттердин корутундусунун негизинде моделдик мыйзамдар боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алышы мүмкүн:

1) алар эске алынсын;

2) сунуштук мыйзам актыларынын негизинде мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетине же Өкмөткө тапшырылсын.

150-берене. Парламенттер аралык комиссиялар, достук топтору жана туруктуу парламенттик делегациялар

1. Парламенттер аралык жана эл аралык уюмдарда Жогорку Кеңештин парламенттер аралык комиссияларынын, достук топторунун жана туруктуу парламенттик делегацияларынын негизги милдеттери, функциялары, аларды түзүүнүн жана ишинин тартиби жобо менен регламенттелет жана катышкандардын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

2. Чет өлкөлөргө жөнөтүлүүчү расмий парламенттик делегациялардын курамынын долбоорлору парламенттик фракциялардын, достук топторунун сунуштарын эске алуу менен тармактык комитет тарабынан түзүлөт жана Координациялык кеңеш тарабынан бекитилет.

3. Чакыруулардын негизинде эл аралык келишимдерге, макулдашууларга, программаларга ылайык депутаттын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгуусу Төраганын жана анын орун басарынын резолюциясына ылайык тармактык комитеттин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

Бардык чыгымдарды чакыруучу тараптын төлөөсү менен жекече чакыруу боюнча депутаттын чет өлкөгө иш сапарга чыгуусу Төраганын жана анын орун басарларынын резолюциясынын негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Чет өлкөлүк парламенттердин, парламенттер аралык уюмдардын делегацияларын кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңеш каржылык жана уюштуруу-техникалык камсыз кылуунун бирдиктүү тартибин бекитет, анын жоболору парламенттер аралык комиссиялардын алкагында же расмий парламенттик делегациялардын курамында чет өлкөлөргө жөнөп жаткан депутаттарга жайылтылат.

VIII БӨЛҮМ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ШАЙЛООЧУЛАР, МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ЖАНА ЖАРАНДЫК КООМДОР МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕРИ

32-глава
Шайлоочулар менен иштөө

151-берене. Шайлоочулар менен иштөөнүн тариздери жана ыкмалары

1. Жогорку Кеңеш, анын органдары, депутаттар сессия учурунда жана сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:

1) шайлоочуларды кабыл алуу;

2) сунуштарды, арыздарды, сунуштамаларды кароо;

3) чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды, "тегерек үстөлдөрдү", семинарларды, кеңешмелерди, жыйналыштарды, анын ичинде жерине баруу менен ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;

4) жарандардын жана алардын бирикмелеринин мыйзам чыгаруу сунуштарын кароо жана кабыл алуу;

5) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандардын укуктарын бузуу боюнча парламенттик териштирүү жүргүзүү жөнүндө жарандардын кайрылууларын кароо;

6) мыйзам долбоорлору жана коомдук маанилүү маселелер боюнча парламенттик угууларды өткөрүү;

7) шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына парламенттик жана депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.

152-берене. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби

1. Фракциялардын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен региондордо иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар алар менен жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.

2. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери, ошондой эле депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.

3. Фракция шайлоочулар менен иштөө боюнча өзүнүн мүчөлөрүнүн ишин жана төмөнкү маселелер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүк функцияларын аткарууну уюштурат:

1) фракциянын дарегине келип түшкөн кайрылуулардын, сунуштардын, арыздардын өз учурунда, объективдүү жана толук каралышы, алар боюнча зарыл чаралардын кабыл алынышы жөнүндө жана бул маселелер боюнча Жогорку Кеңештин комитеттери менен өз ара аракеттенүү;

2) ошол фракциянын дарегине шайлоочулар кайрылганда, фракциянын мүчөсү болуп саналган депутаттын шайлоочуларды өзү кабыл алуусу;

3) депутаттын дарегине келип түшкөн кайрылуулар боюнча маселелерди чечүүдө өз учурунда, объективдүү жана толук кароо жана алар боюнча зарыл чараларды кабыл алуу максатында депутатка көмөк көрсөтүү;

4) депутаттарга тиешелүү региондорду бекитип берүү жолу менен өлкөнүн ар кайсы региондорунда жашаган шайлоочулар менен депутаттардын фракция мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрүү;

5) фракция мүчөлөрүнүн демилгеси жана катышуусу боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;

6) жеке депутаттын жана фракциянын атына келип түшкөн кайрылууларды жалпылоо жана талдоо;

7) фракциянын катышуусу менен өткөрүлгөн өкүлчүлүк функцияларды аткарууга багытталган иш-чараларды жалпылоо жана талдоо;

8) жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн жана Жогорку Кеңештеги фракциялардын иштеринин абалы жөнүндө шайлоочуларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо.

4. Фракциянын шайлоочулар менен иштөө тартиби фракциянын жобосу менен аныкталат.

153-берене. Жогорку Кеңештин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы

1. Жогорку Кеңеш, анын органдары, депутаттар өз ара аракетти жана кызматташтыкты ушул Регламент жана иш пландар менен аныкталган иштин тариздерине жана ыкмаларына ылайык төмөнкүлөр менен жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттик органдар менен;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, анын ичинде шаардык, райондук, айылдык кеңештер менен;

3) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомдук кеңештери менен;

4) улуттук, этностук, диний, атайын жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен;

5) эл аралык уюмдар жана фонддор менен;

6) саясий партиялар менен.

2. Жыл сайын Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жобого ылайык Жогорку Кеңештин, анын органдарынын, депутаттардын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт.

3. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу Жогорку Кеңештин жыйналыштарында депутаттар тарабынан каралат.

(КР 2015-жылдын 15-апрелиндеги N 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

33-глава
Жогорку Кеңештин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу

154-берене. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишиндеги ачыктык жана айкындык

1. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар болгон тараптар депутаттарга, комитеттерге, жумушчу топторго Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралганга чейин мыйзам долбооруна карата сунуш киргизүүгө укуктуу.

2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар болгон тараптар мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөттө экинчи окууга карата депутаттар же Өкмөт аркылуу Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүгө укуктуу.

3. Жооптуу комитеттер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мыйзамдардын долбоорлорун талкуулоо үчүн өзүнүн жыйналыштарына жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырууга;

2) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун ишине көз карандысыз эксперттерди тартууга.

4. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштөө үчүн тартылган эксперттер менен каралган фонддордун чегинде мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзүүгө укуктуу.

5. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу, аткаруу жана сунуштамаларды иштеп чыгуу мониторингин өткөрүү боюнча туруктуу аракеттенүүчү коомдук Кеңешти уюштурууга укуктуу, анын түзүмү жана ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.

155-берене. Коомдук экспертиза

1. Көз карандысыз эксперттер, илимий-изилдөө мекемелеринин, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү депутаттардын кароосунда турган мыйзамдын долбоору боюнча коомдук экспертизанын натыйжаларын (эксперттик корутундуларды, талдоолорду, пикирлерди, баалоолорду, сунуштарды, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка экспертизаларды кошуп алганда) Жогорку Кеңешке, фракцияларга жана комитеттерге жибере алат.

2. Комитеттерге берилүүчү сунуштар кыска, так туюндурулуп, экспертизанын, сунуштамалардын предметин талдоо жана уюмдар же билдирме берген жактар тууралуу кыскача маалыматтарды камтууга тийиш.

3. Коомдук экспертиза жооптуу комитет тарабынан жыйналышта каралат, ага түшүнүк берүү, сунуш киргизүү жана кошумча маалыматтарды берүү үчүн экспертиза жүргүзгөн адамдар чакырылат.

4. Коомдук экспертизанын натыйжаларын кароонун жыйынтыгы боюнча комитет билдирүүчүгө кабыл алынган же четке кагылган сунуштар жөнүндө негизделинген жооп жиберет.

156-берене. Жарандык коом менен иштөөдө Жогорку Кеңештин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуунун тариздери жана ыкмалары

1. Жарандар жана жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү жободо каралган тартипте Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга укугу бар.

2. Жогорку Кеңештин иши менен таанышуу жана анын ишинин айкындуулугун камсыз кылуу үчүн жарандар жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, окуу жайларынын өкүлдөрү атайын жобо менен аныкталган тартипте Жогорку Кеңешке келүүгө укуктуу.

3. Жарандык коомдун өкүлдөрү менен иште Жогорку Кеңеш жана анын органдары.

1) өздөрүнүн иштери жөнүндө аларды маалымдайт;

2) мыйзамдардын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырууга аларды тартат;

3) жарандык демилгелерди колдоого алат;

4) биргелешкен талаш-тартыштарды, дебаттарды, акцияларды, өнөктүктөрдү жана башка иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт.

4. Төрага же анын орун басарлары кызматташуунун натыйжалуулугун баалоо, кызматташуунун жаңы багыттары жөнүндө чечим кабыл алуу жана биргелешкен иш-чараларды Жогорку Кеңештин ар жылдык иш планына киргизүү максатында жарандык коомдун уюмдары менен жыл сайын жолугушууларды өткөрөт.

5. Парламенттик угуулардын, конференциялардын, "тегерек үстөлдөрдүн", семинарлардын, кеңешмелердин, жыйналыштардын, анын ичинде жерине баруу жана жарандык коом уюмдарынын катышуусу менен өткөрүлүүчү башка иш-чаралардын аудио жазылмасы, стенограммасы бир жумалык мөөнөттө Жогорку Кеңештин сайтында жайгаштырылат.

157-берене. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу

1. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча берүү жолу менен, ошондой эле Жогорку Кеңештин сайты аркылуу камсыз кылынат.

Телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча маалыматтардын убактысы жана көлөмү Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталат.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитациялоо шартында Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарына катыша алат.

Аккредитациялоонун шарттары жана тартиби, андан ажыратуунун негиздери Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү жобо менен каралат.

3. Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарын киного, видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

158-берене. Жогорку Кеңештин сайты

1. Жогорку Кеңештин сайты Жогорку Кеңеш, анын органдарынын жана түзүмдөрүнүн иши, бекитилген иш пландары жөнүндө дайыма жаңыланып туруучу маалыматтарды, статистикалык, талдоочулук маалыматтарды жана материалдарды, коштоочу документтери менен мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорунун электрондук версияларын, комитеттерден түшкөн жана каралуучу отчетторду, корутундуларды, маалымдамаларды, ачык жыйналыштардын протоколдорун, стенограммаларын жана у.с. камтыйт.

2. "Парламент жөнүндө", "Жогорку Кеңештин түзүмү", "Мыйзам чыгаруу иши", "Парламенттик контроль", "Басма сөз борбору", "Коомчулук менен байланыш", "Пайдалуу шилтемелер", "Бош орундар", "Жогорку Кеңештин эл аралык иши" бөлүмдөрүнө маалыматтык материалдарды жайгаштырууну Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жүзөгө ашырат.

3. Маалыматтык материалдарды жайгаштырууну контролдоону Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жүзөгө ашырат.

4. "Фракциялар", "Комитеттер", "Депутаттар" бөлүмдөрүнө маалыматтарды жайгаштырууну фракциялардын катчылыктарынын, комитеттердин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана депутаттардын жардамчылары жүзөгө ашырат.

Фракциялардын катчылыктарынын, комитеттин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, депутаттар контролду жүзөгө ашырат.

5. Сайттын ишине жалпы контролду Аппарат Жетекчисинин орун басары жүзөгө ашырат.

6. Радио- жана видео блогдор Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тарабынан даярдалат жана сайтка жайгаштырылат.

7. Бул блогдорду техникалык жактан камсыз кылуу Аппараттын маалыматтык технологиялар бөлүмүнө жүктөлөт.

8. Сайттын бөлүмдөрүнүн аталыштарына өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин жетекчилиги менен макулдашуусуз киргизилиши мүмкүн эмес.

IX БӨЛҮМ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ

34-глава
Жогорку Кеңештин Аппараты. Жогорку Кеңешти материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу

159-берене. Жогорку Кеңештин Аппараты

1. Жогорку Кеңештин, анын органдарынын жана түзүмдөрүнүн ишин укуктук, уюштуруучулук, документтик, маалыматтык жана башка жактан камсыз кылууну Аппарат жүзөгө ашырат.

2. Аппараттын түзүмү Төраганын сунушу боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

Аппараттын жана анын бөлүмдөрүнүн укуктук статусу, алардын кызматкерлеринин укугу, милдеттери жана жоопкерчилиги Төрага тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.

3. Аппараттын кызматкерлеринин штаттык саны, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун шарттары, ошондой эле аны күтүүгө кеткен чыгымдар белгиленген чыгымдардын сметасынын чегинде Төрага тарабынан аныкталат жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

160-берене. Аппараттын кызматкерлерин дайындоо жана бошотуу

1. Аппараттын кызматкерлерин кызматка дайындоо жана бошотуу мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.

2. Аппараттын Жетекчисин Төрага дайындайт. Аппараттын Жетекчисинин сунуштамасы боюнча Төрага анын орун басарларын дайындайт.

3. Төрага Жогорку Кеңештин макулдугу менен Аппарат Жетекчисин жана анын орун басарларын бошотот.

4. Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары Аппарат Жетекчисинин сунуштамасы боюнча Төраганын тескемеси менен дайындалат жана бошотулат.

5. Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери бош кызматтарды ээлөө боюнча сынактын же аттестациялардын жыйынтыктары боюнча Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин сунуштамасы боюнча Аппараттын Жетекчисинин тескемеси менен кызматка дайындалат жана бошотулат. Аттестациялык-сынактык комиссиянын курамына бош кызматтары болгон же алардын кызматкерлери аттестациялоого жаткан түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кирет.

6. Жогорку Кеңештин депутаттарынын консультанттары жана жардамчылары тиешелүү депутаттын сунуштамасы боюнча Аппараттын Жетекчисинин тескемеси менен кызматка дайындалат жана бошотулат.

7. Фракциялардын катчылыктарынын жетекчилери тиешелүү фракциялардын лидерлеринин сунуштамасы боюнча Төраганын тескемеси менен дайындалат жана бошотулат.

Фракциялардын катчылыктарынын кызматкерлери тиешелүү фракциянын катчылыгынын жетекчисинин сунуштамасы боюнча Аппараттын Жетекчисинин тескемеси менен кызматка дайындалат жана бошотулат.

8. Коалициялардын катчылыктарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) кызматкерлерин (эгерде коалициялык келишим боюнча аларды түзүү каралса) тиешелүү коалициянын лидеринин (эгерде коалициялык келишим боюнча ошондой кызмат каралса) же коалицияга кирген фракциянын лидеринин сунуштамасы боюнча Аппараттын Жетекчиси кызматка дайындайт жана бошотот.

9. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда, Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган жана анын жаңы курамы шайланган учурда депутаттардын консультанттарын жана жардамчыларын, фракциялардын катчылыктарынын, коалициялардын катчылыктарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) кызматкерлерин албаганда, Аппараттын кызматкерлеринин иши токтотулбайт.

Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурда депутаттардын консультанттары жана жардамчылары, фракциялардын катчылыктарынын, коалициялардын катчылыктарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) кызматкерлери мыйзамдар менен каралган тартипте компенсация алат.

161-берене. Комитеттин бөлүмү

1. Жогорку Кеңештин комитетинин ишин камсыз кылууну Аппараттын туруктуу иштеген түзүмдүк бирдиги болуп саналган комитеттин бөлүмү жүзөгө ашырат.

2. Комитеттин бөлүмү өз ишин Аппараттын Жетекчиси тарабынан бекитилген Аппарат, комитеттин бөлүмү жөнүндө жоболордун негизинде жүзөгө ашырат.

3. Комитеттин бөлүмү:

1) укуктук, талдоочулук колдоо көрсөтүүнү, уюштуруучулук камсыз кылууну жана комитеттин иш кагаздарын жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

2) Аппарат жана комитеттин бөлүмү жөнүндө жоболор менен аныкталган башка функцияларды аткарат.

162-берене. Фракциялардын катчылыктары жана коалициялардын катчылыктары (өкүлчүлүктөрү)

1. Фракциянын ишин камсыз кылууну Аппараттын түзүмдүк бирдиги болуп эсептелген, фракциянын иштөө мезгилинде аракеттенген жана Аппарат жөнүндө жобонун жана фракциянын лидеринин сунушу боюнча фракция тарабынан бекитилген фракциянын катчылыгы жөнүндө жобонун негизинде өз ишин алып барган фракциянын катчылыгы жүзөгө ашырат.

2. Фракциялардын коалициясынын ишин камсыз кылууну коалициянын иш мезгилинде иштеген жана өз ишин Аппараттын түзүмдүк бирдиги болуп саналып, Аппарат жөнүндө жобонун жана коалициянын лидеринин же коалицияга кирген фракциялардын лидерлеринин сунуштамасы боюнча коалиция тарабынан бекитилүүчү (эгерде коалициялык макулдашуу менен ушундай кызмат каралган болсо) коалициянын катчылыгы (өкүлчүлүгү) жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашыруучу коалициянын катчылыгы (өкүлчүлүгү) (эгерде коалициялык макулдашуу менен аны түзүү каралса) жүзөгө ашырат.

3. Фракциянын катчылыктары жана коалициянын катчылыктары (өкүлчүлүктөрү):

1) укуктук, талдоочулук колдоо көрсөтүүнү, уюштуруучулук камсыз кылууну жана иш кагаздарын жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

2) Аппарат жана фракциянын катчылыгы, коалициянын катчылыгы (өкүлчүлүгү) жөнүндө жоболор менен аныкталган башка функцияларды аткарат.

163-берене. Жогорку Кеңешти жана анын органдарын материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу

1. Жогорку Кеңешти жана анын органдарынын ишин материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылууну Жогорку Кеңештин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жүзөгө ашырат.

2. Жогорку Кеңешти каржылык камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү каржылык бөлүмдөрү кийинки бюджеттик жылга Жогорку Кеңештин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана өтүп жаткан жылдын 1-июлуна чейин Финансы министрлигине жөнөтөт.

3. Жогорку Кеңештин жылдык бюджетинде Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылууга, анын ичинде депутаттардын мыйзамдар менен каралган ишин камсыз кылууга (турак жай, машина берүү, иш сапарларга чыгууларды төлөө ж.б.) чыгымдардын өзүнчө беренеси каралат.

4. Жогорку Кеңештин функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөр түзүлөт:

1) бюджеттик укук жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүлүүчү Төраганын резервдик фонду. анын көлөмү тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен аныкталат;

2) ар жыл сайын бюджеттен депутаттык иш-аракетти каржылоого бөлүнүүчү каражаттардын чегинде түзүлүүчү депутаттын фонду.

5. Көрсөтүлгөн фонддордон каражаттарды чыгымдоонун тартиби Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү тиешелүү жоболор менен белгиленет.

(КР 2016-жылдын 5-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

164-берене. Жогорку Кеңештин документ жүгүртүүсү

1. Жогорку Кеңештин документ жүгүртүүсү, мыйзамдарда каралган учурларды албаганда, кагаз жана электрондук түрдө мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

2. Электрондук документ жүгүртүү мыйзамдар менен белгиленген тартипте электрондук санариптик колтамга менен камсыз болушу мүмкүн.

3. Депутат(тар) тарабынан мамлекеттик тилде иштелип чыккан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилгенден кийин расмий тилге которулууга жатат.

35-глава
Корутунду жоболор

165-берене. Ушул Регламенттин күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришине байланыштуу төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 2005-жылдын 3-январындагы N 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2005-жылдын 18-январы, N 4-5);

- 2006-жылдын 17-январындагы N 5 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 1, 7-ст.);

- 2006-жылдын 11-майындагы N 84 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 5, 422-ст.);

- 2006-жылдын 16-июнундагы N 90 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 6, 446-ст.);

- 2006-жылдын 29-июнундагы N 93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 6, 449-ст.);

- 2006-жылдын 8-августундагы N 161 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жылдын 22-августу, N 62);

- 2006-жылдын 8-ноябрындагы N 179 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 10, 855-ст.);

- 2007-жылдын 26-февралындагы N 20 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 2, 146-ст.);

- 2007-жылдын 2-июлундагы N 95 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 7-8-9, 664-ст.);

- 2008-жылдын 25-январындагы N 1 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 1, 2-ст.);

- 2008-жылдын 23-июнундагы N 132 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 6/2, 596-ст.);

- 2008-жылдын 28-июлундагы N 171 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 6/2, 635-ст.);

- 2008-жылдын 2-октябрындагы N 203 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 8, 895-ст.);

- 2008-жылдын 17-октябрындагы N 227 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 8, 919-ст.);

- 2008-жылдын 15-декабрындагы N 261 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 10, 1089-ст.);

- 2008-жылдын 15-декабрындагы N 262 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 10, 1090-ст.);

- 2008-жылдын 29-декабрындагы N 277 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 10, 1105-ст.);

- 2009-жылдын 23-январындагы N 16 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 1, 16-ст.);

- 2009-жылдын 27-апрелиндеги N 137 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 4, 359-ст.);

- 2009-жылдын 27-апрелиндеги N 138 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 4, 360-ст.);

- 2009-жылдын 26-майындагы N 169 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 5, 486-ст.);

- 2009-жылдын 15-октябрындагы N 276 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 9, 863-ст.);

- 2010-жылдын 3-мартындагы N 41 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы, 2010-жылдын 12-марты, N 17-18);

- 2011-жылдын 17-февралындагы N 1 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жылдын 22-февралы, N 14).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүү үчүн зарыл чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

Р.Отунбаева

 

 

 

2011-жылдын 14-октябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 


Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы