20 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин Регламенти


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2012-жылдын 24-октябрындагы

№ 748 токтому менен

бекитилген

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин

РЕГЛАМЕНТИ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 561 токтомунун редакциясына ылайык)

Ушул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары – Өкмөт) мыйзам долбоорлоо иштеринин регламенти (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.

1. Жалпы жоболор

1. Өкмөт мыйзам чыгаруу демилгеси укугун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары – Жогорку Кеңеш) кароосуна мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык (пландуу мыйзам долбоорлору) же бул пландан тышкары (пландан тышкаркы мыйзам долбоорлору) киргизүү аркылуу ишке ашырат.

2. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө“, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Регламентке ылайык жүргүзүлөт.

3. Мыйзам долбоорлоо ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Өкмөт үчүн:

- министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жана башка мамлекеттик органдар (мындан ары – министрликтер жана ведомстволор) тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун жактыруу;

- мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан Өкмөткө киргизилген, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшү же анын киреше бөлүгүнүн азайышы каралган, мыйзам долбоорлоруна каржылоо булактарынын бар экендиги жөнүндө расмий корутунду берүү;

- Жогорку Кеңеш менен дайыма өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, мыйзам чыгаруу демилгеси катары Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорунун өтүшүн көзөмөлдөө, ошондой эле алардын кабыл алынышын камсыз кылуу максатында Жогорку Кеңештин ишине катышуу;

- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин алкагында мыйзам долбоорлоо иштеринин аткарылышын контролдоо;

2) Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү үчүн:

- Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңеште Өкмөттүн кызыкчылыгын билдирүүнү камсыз кылуу;

- Жогорку Кеңеште Өкмөттүн мыйзам чыгаруу демилгелерин өткөрүү маселелери боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин координациялоо;

- мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун иштерин координациялоо жана Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте каралуу үчүн Өкмөт тарабынан демилге кылынган кечиктирилгис мыйзам долбоорлорунун тизмесин түзүү;

- Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;

- Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңеш менен дайыма өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, мыйзам чыгаруу демилгеси катары Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорунун өтүшүн көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле алардын кабыл алынышын камсыз кылуу максатында Жогорку Кеңештин ишине катышуу;

3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Юстиция министрлиги) үчүн:

- министрликтер менен ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо;

- ушул Регламенттин 9-пунктуна ылайык Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын түзүү, аны белгиленген тартипте Өкмөткө бекитүүгө киргизүү, ошондой эле анын аткарылышын контролдоо;

- мыйзам долбоорлоо иштери маселелери менен иштеген эл аралык уюмдардын ишин координациялоо жана алар менен иш алып баруу, алар жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, аларга комплекстүү экспертиза жүргүзүү жана белгиленген тартипте Өкмөткө киргизүү;

- Эл аралык гуманитардык укукту жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-усулдук жана техникалык жактан камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү;

- министрликтер жана ведомстволор тарабынан иштелип чыгуучу мыйзам долбоорлорунун сапатын жогорулатуу;

4) министрликтер жана ведомстволор үчүн:

- мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу жана талдоо;

- мыйзам долбоорлорун Өкмөттүн тиешелүү жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планына киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;

- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштелип чыгуучу мыйзам долбоорлорун даярдоого катышуу;

- министрликтер жана ведомстволор расмий өкүлдөрү болуп саналган, Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн кызыкчылыктарын Жогорку Кеңеште билдирүүнү камсыз кылуу.

4. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши пландык да, ошондой эле пландан тышкары негизде да жүзөгө ашырылат. Министрликтер менен ведомстволордун пландуу мыйзам долбоорлоо иши Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына (мындан ары – План) ылайык жүргүзүлөт.

Мыйзам долбоорлорунун өз убагында жана сапаттуу иштелип чыгышы, алга жылышы үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле алардын тескеген маселелери боюнча орун басарларына жүктөлөт.

5. Мыйзам долбоорлоо иши боюнча Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жана Өкмөт тарабынан дайындалуучу министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же алардын биринчи орун басарларынан, статс-катчыларынан, орун басарларынан турган Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнө жүктөлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы N 561 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Пландын аткарылышы жана мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн ушул Регламентте белгиленген тартибинин сакталышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

- Өкмөттүн Аппаратында – тиешелүү бөлүмгө;

- министрликтерде жана ведомстволордо – жетекчилерге, ошондой эле алардын тескеген маселелери боюнча орун басарларына.

7. Министрликтерде жана ведомстволордо мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруу жана алардын Өкмөт жана Жогорку Кеңеш менен өз аракеттенүүсүн камсыз кылуу жетекчилерге, алардын тескеген маселелери боюнча орун басарларына жүктөлөт.

8. Министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштеринин алкагында документтер менен иштөө тартиби ушул Регламентте, Өкмөттүн Регламентинде, Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөө Регламентинде жана министрликтердин жана ведомстволордун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча тиешелүү ички ведомстволук ченемдик укуктук актыларында аныкталат.

2. Пландын долбоорун даярдоо

9. Планды жыл сайын Өкмөт бекитет.

Пландын долбоору Юстиция министрлиги тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыгат:

- жалпы мамлекеттик программалардын;

- Өкмөттүн иш-аракеттеринин программаларынын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмаларынын, Жогорку Кеңештин рекомендацияларынын;

- министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарынын;

- Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик жана башка уюмдардын, илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарынын;

- Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдарын кабыл алууну, мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин.

10. Пландын долбоору боюнча сунуштарды даярдоо жана чогултуу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун иштерин координациялоону Юстиция министрлиги камсыздайт.

11. Пландын долбооруна киргизүү үчүн сунушталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунушта төмөнкүлөр камтылышы керек:

- мыйзам долбоорунун аталышы;

- аны иштеп чыгуу зарылдыгынын негиздемеси жана концепциясы;

- мамлекеттик органдын – жооптуу аткаруучунун аталышы жана тең аткаруучулардын тизмеси;

- мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтү жана мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү мөөнөтү.

Пландын долбоорун түзүү боюнча сунуш Юстиция министрлигине жыл сайын, учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбестен берилет.

12. Юстиция министрлиги ушул Регламенттин 9-пунктун эске алуу менен, сунуштарды жалпылайт жана тийиштүү мезгилге Пландын долбоорун түзөт.

Пландын долбоору төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

- мыйзам долбоорунун аталышын;

- мыйзам долбоорун, ошондой эле ишке ашыруу үчүн мыйзам долбоору иштелип чыгып жаткан ченемдик укуктук актыны демилге кылуунун максаты;

- мамлекеттик органдын – жооптуу аткаруучунун аталышын жана тең аткаруучулардын тизмесин;

- мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Өкмөткө берүү мөөнөтүн;

- мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү мөөнөттөрү.

Илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштары, эгерде алар төмөнкүлөргө багытталса План долбооруна киргизилет:

- адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоого;

- кийинкиге калтырууга болбогон коомдук мамилелерди жөнгө салууга.

13. Ушул Регламенттин 9-12-пункттарынын талаптарына ылайык даярдалган Пландын долбоору сунуштар киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Юстиция министрлиги тарабынан 15-ноябрдан кечиктирилбестен жиберилет.

Пландын акыркы долбоору кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылат жана 25-декабрдан кечиктирилбестен Өкмөттүн кароосуна жана бекитүүсүнө жиберилет.

14. Пландан пункттарды алып салуу же аларды аткаруу мөөнөттөрүн жылдыруу пункттарды алып салуу же аларды аткаруу мөөнөттөрүн жылдыруу зарылдыгынын толук негиздемеси менен, министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарынын негизинде жүргүзүлөт.

3. Министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин пландаштыруу

15. Тиешелүү мезгилге Планга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери – жооптуу аткаруучулар тарабынан жыл сайын мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары бекитилет.

16. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

- мыйзам долбоорлорунун аталышын жана аларды иштеп чыгуунун негиздемесин;

- түзүмдүк бөлүктүн – жооптуу аткаруучунун аталышын жана тең аткаруучулардын тизмесин;

- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жүктөлгөн адистердин аты-жөнүн, алардын байланыш телефондорун;

- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды Өкмөткө киргизүү мөөнөттөрүн;

- мыйзам долбоорлорун жактыруу жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу жана аларды Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү мөөнөттөрүн.

17. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары министрликтердин жана ведомстволордун юридикалык кызматтары тарабынан иштелип чыгат жана алардын жетекчилери тарабынан бекитилет. Мыйзам долбоорлоо иштеринин бекитилген ведомстволук ички пландарынын көчүрмөлөрү Өкмөт тарабынан учурдагы жылга Планды бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынгандан кийин эки жумалык мөөнөттө Юстиция министрлигине жиберилет.

18. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарынын аткарылышын контролдоону министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, алардын тескеген маселелери боюнча орун басарлары, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун юридикалык кызматтары ишке ашырат.

19. Министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк бөлүктөрү ар бир кварталдын биринчи айынын биринен кечиктирбестен мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты өздөрүнүн юридикалык кызматтарына жиберишет, ал эми юридикалык кызматтар өз кезегинде квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Юстиция министрлигине учурдагы жылга Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты беришет.

20. Министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери өздөрү жетекчилик кылган бөлүктөрү тарабынан мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

4. Планга киргизилген мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Өкмөткө киргизүү, аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында кароо

21. Пландын алкагында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана даярдоону уюштуруу министрликтер жана ведомстволор – жооптуу аткаруучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.

22. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана макулдашуу “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат.

23. Министрликтер жана ведомстволор – жооптуу аткаруучулар тарабынан мыйзам долбоорлорун даярдоо максатында жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн, алардын курамына министрликтердин жана ведомстволордун – жооптуу аткаруучулардын кызматкерлери, тең аткаруучулардын, Юстиция министрлигинин, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, илимий-изилдөө уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ишке тартылган эксперттер киргизилет.

24. Министрликтерге жана ведомстволорго мыйзам долбоорлорун мыйзам чыгаруу демилгесинин укугунун башка субъекттерине өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

25. Пландын алкагында даярдалган жана Өкмөттүн кароосуна киргизилген мыйзам долбоорлору Өкмөттүн Аппараты тарабынан биринчи кезектеги тартипте каралат.

5. Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизүү

26. Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилүүчү мыйзам долбоорлору боюнча бардык токтомдорго Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү кол коюуга тийиш.

27. Жогорку Кеңешке Өкмөт тарабынан мыйзам долбоору төмөнкү документтерди тиркөө менен киргизилет:

1) демилгечинин коштоочу каты;

2) мыйзам долбооруна маалымкат-негиздеме, анда төмөнкү маалымат камтылууга тийиш:

а) мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө;

б) мыйзамды колдонууда мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер жөнүндө;

в) коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө;

г) мыйзам долбоорунун мыйзамдарга ылайык келиши жөнүндө;

д) каржылоо булактары жөнүндө;

3) салыштырма таблица, эгерде мыйзам долбоорунда колдонуудагы мыйзамга түзөтүүлөр киргизилсе;

4) киргизилип жаткан мыйзам долбоорунан келип чыккан мыйзам долбоорлору;

5) ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорунун жөнгө салуу таасирин талдоо.

Эл аралык келишимди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоору белгиленген тартипте Өкмөт тарабынан төмөнкү документтер болгондо киргизилет:

1) эл аралык келишимдин тексти;

2) келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши жөнүндө жана аны ратификациялоонун мүмкүн болгон финансы-экономикалык жана башка кесепеттерине берген баасы тууралуу Өкмөттүн корутундусу;

3) эл аралык келишимди даярдоонун жана ага кол коюунун жүрүшү жөнүндө маалыматтар;

4) эл аралык келишимдин конституцияга ылайык келиши жөнүндө Жогорку соттун Конституциялык палатасынын корутундусу.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшү каралган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

Мыйзам долбоору жана коштоочу документтер электрондук форматта, мамлекеттик жана расмий тилдерде (TIMES NEW ROMAN 12-өлчөмдө), ошондой эле кагаз жүзүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын санына жараша нускада берилет.

6. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Өкмөткө киргизүү

28. Министрликтер жана ведомстволор тарабынан Пландан тышкары даярдалган мыйзам долбоорлору пландан тышкаркы мыйзам долбоорлору болуп эсептелет. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөттүн тапшырмалары, Жогорку Кеңештин рекомендациялары, өз демилгеси же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча же эл аралык укук ченемдерин имплементациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында даярдалат.

Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу министрликтер жана ведомстволор тарабынан ушул Регламентте жана Өкмөттүн Регламентинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

29. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорунун Жогорку Кеңеште өтүүсүнө мониторинг жүргүзүү, аларды кабыл алууну камсыз кылуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан министрликтер жана ведомстволор тарабынан ишке ашырылат.

7. Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорлоруна корутундулардын, түзөтүүлөрдүн долбоорлорун жана мыйзам долбоорлоруна пикирлерди даярдоо

30. Өкмөткө мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлоруна Өкмөттүн корутундусу токтом же кат түрүндө берилет.

Төмөнкүлөрдү караган мыйзам долбоорлоруна Өкмөттүн корутундусу Өкмөттүн токтому менен таризделет:

- республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн же анын кирешелүү бөлүгүнүн кыскарышын;

- республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү;

- салыктарды киргизүүнү же алып салууну, аларды төлөөдөн бошотууну;

- мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин кабыл алууну же өзгөртүүнү;

- Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин органдарынын компетенцияларын жана ыйгарым укуктарын өзгөртүүнү.

Өкмөттүн кат жүзүндөгү корутундусу мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан мыйзам долбоору Өкмөткө макулдашуу жана токтом түрүндө Өкмөттүн расмий корутундусун берүүнү талап кылбаган маселелер боюнча Өкмөттүн позициясын тактоо үчүн киргизилген учурда берилет.

Өкмөт “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келип түшкөн мыйзам долбоорлорго корутунду (кат жүзүндө) берүүгө укуктуу.

Корутунду (токтом түрүндөгү) Өкмөттүн Аппаратынын профилдик бөлүмүнүн тапшырмасы боюнча компетенциясынын чегинде тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан же Өкмөттүн Аппаратынын профилдик бөлүмү тарабынан өз алдынча даярдалат жана мыйзамда белгиленген тартипте Өкмөттүн кароосуна киргизилет.

Корутунду (кат жүзүндөгү) Өкмөттүн Аппаратынын профилдик бөлүмү тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин негизинде даярдалат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – Кыргыз Республикасынын министри тарабынан, анын расмий бланкында кол коюлат.

31. Корутундунун долбоорун даярдоодо анда төмөнкү маалыматтар чагылдырылууга тийиш:

- мыйзам долбоорун ишке ашырууга байланышкан, болжолдонгон чыгымдарды каржылоо булагынын бар экендиги жөнүндө;

- мыйзам долбоорун кабыл алууга, күчүнө кирүү күнүнө карата Өкмөттүн позициясы жөнүндө;

- башка маалыматтар.

32. Өкмөт мыйзам долбоорун ал келип түшкөн күндөн баштап 30 күндөн кечиктирбестен карайт.

33. Өкмөткө көз каранды эмес жагдайлар боюнча өз убагында корутунду берүүгө мүмкүнчүлүк болбогон учурда (корутунду берүү үчүн зарыл маалыматтар, долбоорду кабыл алуунун финансы-экономикалык негиздемелери, социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларынын божомолу берилбегенде) кат жүзүндө корутунду берүүнүн мөөнөтү жөнүндө маселе мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти менен Өкмөттүн ортосундагы макулдашуу боюнча чечилет.

34. Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам долбоорлоруна Жогорку Кеңешке сын-пикирлерди жана сунуштарды жиберүүгө укуктуу.

Сын-пикирлер жана сунуштар Өкмөттүн Аппаратынын профилдик бөлүмдөрү тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин негизинде даярдалат.

35. Өкмөт мыйзам долбоорлоо демилгеси катары мурда киргизилген долбоорду Жогорку Кеңештин жыйынында каралганга чейин кайра сурап алууга укуктуу. Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу Өкмөттүн токтому түрүндө таризделет, долбоор тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан белгиленген тартипте даярдалат.

36. Өкмөт өзү демилге кылган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүгө укуктуу. Түзөтүүлөр тийиштүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан Өкмөттүн токтом долбоору түрүндө даярдалат жана Өкмөткө жиберилет.

37. Министрликтер жана ведомстволор – жооптуу аткаруучулар Өкмөттүн регламентинин талаптарына ылайык Өкмөткө жиберилүүчү тиешелүү мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө Өкмөттүн токтом долбоорун даярдашат.

38. Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилген мыйзам долбоорлоруна түзөтүүлөрдүн жана кайра сурап алуу жөнүндө токтомдордун долбоорлоруна, ошондой эле аларга маалымкат-негиздемелерге мыйзам долбоорунун демилгечиси болгон министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин колдору милдеттүү түрдө коюлушу керек.

8. Мыйзам долбоорлоо ишин маалыматтык жактан камсыз кылуу

39. Мыйзам долбоорлоо ишин маалыматтык жактан камсыз кылуу Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө электрондук маалыматтар базасын түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат, ал Юстиция министрлигине келип түшкөн мыйзам долбоорлорунун ичинен түзүлөт.

40. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын электрондук базасы төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

- мыйзам долбоорунун аталышын жана текстинин кыскача мазмунун;

- мыйзам долбоорун иштеп чыккан жана мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жооптуу болгон мамлекеттик органдын аталышын;

- башка маалыматтарды.

41. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын электрондук базасы Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

42. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын электрондук базасы Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылат.

9. Мыйзам чыгаруу демилгеси катары Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин ишине Өкмөттүн катышуусу

43. Өкмөттүн расмий өкүлү мыйзам чыгаруу демилгеси катары Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоору каралган учурда Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин жыйындарына белгиленген тартипте катышат. Өкмөттүн расмий өкүлүн алмаштырууга Өкмөттүн токтомунун негизинде жол берилет. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги расмий өкүлдөрүн, алар жүйөлүү себептер боюнча катыша албаган учурлардан тышкары, башка адамдар менен алмаштырууга жол берилбейт.

44. Жогорку Кеңеште Өкмөттүн туруктуу өкүлү болот, ал Жогорку Кеңеш менен туруктуу өз ара аракеттенүү аркылуу Жогорку Кеңеште Өкмөттүн конституциялык ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

45. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү өз компетенциясынын чегинде Жогорку Кеңештин, парламенттик көпчүлүк фракциялардын коалицияларынын, депутаттык фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жыйындарына, анын ичинде жабык жыйындарга, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан өткөрүлүүчү координациялык кеңешмеге катышып, каралып жаткан мыйзам долбоорлору, чечимдердин долбоорлору жана башка маселелер боюнча Өкмөттүн позициясын билдирип, сунуштарды киргизет жана түшүндүрмө берет.

46. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында Өкмөттүн расмий өкүлдөрү Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү менен бирдикте төмөнкүлөрдү аткарышат:

- мыйзам чыгаруу демилгеси катары Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорун, ошондой эле Өкмөттүн корутундуларын жана түзөтүүлөрүн Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин жыйындарында кароого киргизүүнү уюштурат;

- министрликтерге, ведомстволорго таандык маселелер боюнча мыйзам долбоорлорун жана мыйзамдарды Жогорку Кеңеште, анын комитеттеринде кароо жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана жалпылоону уюштурат;

- Жогорку Кеңештин комитеттерин мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугуна ээ башка субъекттер тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн позициясы жөнүндө маалымдайт;

- Жогорку Кеңештин депутаттары жана депутаттык фракциялар менен тиешелүү мыйзам долбоорлору боюнча өз ара аракеттенишет.

47. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги расмий өкүлдөрү мыйзам чыгаруу демилгеси катары Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште каралган учурда:

- Жогорку Кеңешке, анын ичинде комитеттерге мыйзам чыгаруу демилгеси катары Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорун беришет;

- Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорунун жоболоруна түшүндүрмө беришет, мыйзам долбоорлоруна түзөтүүлөрдү кароо учурунда Өкмөттүн позициясын коргошот;

- берилген ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште талкууланган учурда келип түшкөн сунуштарды кабыл алышат же четке кагышат.

48. Министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштөө үчүн түзүлгөн жумушчу топтордун, ошондой эле парламенттик угууларда карала турган маселелерди даярдоо үчүн Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордун курамдарына киргизилиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси – министр

 Н.Момуналиев


Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы