Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна
Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32
Дб-Иш, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Бишкек шаары, 2017-жылдын 23-январы № 15-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелеринин негизинде:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары – 2017-жылга план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2017-жылга планды ишке ашырууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуу таасирин талдоону милдеттүү түрдө жүргүзүү жөнүндө талаптарын эске алуу менен белгиленген мөөнөттөрдө 2017-жылга планда каралган мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
- эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын бекитишсин;
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландары бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей 2017-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- 2017-жылга пландын аткарылышын контролдосун;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2017-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берсин;
- зарыл болгон учурда 2017-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрсүн.
4. 2017-жылга планда көрсөтүлгөн мыйзамдардын долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тескеген орун басарларына жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2б-февралындагы № 73-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 304-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы № 311-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 418-б буйругу.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин
ПЛАНЫ
Мыйзам долбоорунун аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруу жөнүндө токтомун кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү | Эскертүү | |
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү чөйрөсүндө | |||||
1 | Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ошэлектр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө | ӨЭЖМК | I квартал | II квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
2 | 2016-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу | Айылчарбамин | I квартал | II квартал | Айыл тургундарын айыл чарба продукциясын өстүрүү үчүн жаңы сугат жерлери менен камсыз кылуу, региондогу социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатында |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза” долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө | ӨЭЖМК | II квартал | III квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-фаза” долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө | ӨЭЖМК | II квартал | III квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа өнүктүрүү банкынын ортосундагы ‘”Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү” долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө | ӨЭЖМК | II квартал | III квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
6 | Астана шаарында 2016-жылдын 17-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу | ИИМ | II квартал | III квартал | Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 75 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык союзунун түзүлүшүн эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралардын планын (“жол картасын”) жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын аткаруу үчүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-декабрындагы № 575-б буйругу) Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
7 | Коргоо чараларын ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу маселелери боюнча 2006-жылдын 28-ноябрындагы Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө | ИИМ | II квартал | III квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
8 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу” долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө | ӨЭЖМК | III квартал | IV квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
9 | Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигине катышуучу мамлекеттердин улуттук чарбакер субъекттеринин бириктирилген финансылык отчеттуулугу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу | Финкөзөмөл | III квартал | IV квартал | КМШга катышуучу мамлекеттерде Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын колдонууга көмөк көрсөтүү аркылуу 2020-жылга чейинки мезгилде КМШ экономикалык өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында. Бухгалтердик эсепке алуу маселелери боюнча иш-аракеттерди координациялоо, Тараптардын улуттук чарбакер субъекттеринин бириктирилген финансылык отчеттуулугун түзүү, ошондой эле ФОЭС менен улуттук эсепке алуу системаларын жакындатуу жана шайкеш келтирүү максатында |
Бюджеттик мамилелер чөйрөсүндө | |||||
10 | “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ФМ | II квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн |
11 | “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ФМ | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн |
12 | Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө | ФМ | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн |
13 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө | Соцфонд | IV квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн |
Жол тармагы чөйрөсүндө | |||||
14 | “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ТЖМ | I квартал | II квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 372 токтому менен бекитилген 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу үчүн. Жол тармагын реформалоо максатында |
15 | Жол тармагынын ишин жөнгө салуучу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө | ТЖМ | I квартал | II квартал | Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 372 токтому менен бекитилген 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу үчүн. Жол тармагын реформалоо максатында |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө | |||||
16 | Айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жөнүндө | ЖӨБ жана этностор агенттиги | III квартал | IV квартал | Калктуу конуштарды өз алдынча жана натыйжалуу өнүктүрүү максатында |
17 | “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Курулуш агенттиги | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын аткаруу үчүн. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы тармактык мыйзамдарды оптималдаштыруу максатында |
Айыл чарба чөйрөсүндө | |||||
18 | “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Курулуш агенттиги | II квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын аткаруу үчүн. Мамлекеттик органдардын функцияларын кайталоону жоюу жана калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында |
19 | Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө | Айылчарбамин | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын аткаруу үчүн, ошондой эле төмөнкү максаттарда: - кооптуу-уулуу химиялык пестициддерди пайдаланууну азайтуу; - экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмдөрүн жана зоналарын көбөйтүү; - Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн шарттарды түзүү |
20 | Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө | Айылчарбамин | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында жайыт ресурстарын башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында |
Кодификация | |||||
21 | Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Курулуш агенттиги | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын аткаруу үчүн |
22 | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Курулуш агенттиги | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын аткаруу үчүн |
23 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Курулуш агенттиги | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын аткаруу үчүн. Ичүүчү суу менен камсыздоочу ишканалардын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу жана ичүүчү суу менен камсыздоочу ишканалардын банкроттук процессин алдын алуу максатында |
Энергетика жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө | |||||
24 | Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Көмүр жөнүндө”, “Мунай жана газ жөнүндө”, “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө | ӨЭЖМК | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын аткаруу үчүн. Кенемтелерди жана коллизияларды жоюу, аталган мыйзамдардын жоболорун азыркы учурдагы талаптарга шайкеш келтирүү максатында |
Экономика жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө | |||||
25 | “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЭМ | II квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү максатында |
26 | “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Жаштар жана спорт агенттиги | II квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын аткаруу үчүн |
27 | “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЭМ | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды/кенемтелерди жоюу максатында |
28 | “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЭМ | III квартал | IV квартал | Республикада өндүрүлүүчү продукцияга карата техникалык шарттарды иштеп чыгууну жана колдонууну, продукцияны каталогдоштуруу системасын түзүүнү караган ченемдерди киргизүү максатында. Киргизилген оңдоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ченемдик укуктук базасына шайкеш келишине алып келет |
29 | “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | БИМ | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасында билим берүү системасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды/кенемтелерди жоюу максатында |
30 | “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | БИМ | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү системасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды/кенемтелерди жоюу максатында |
(*) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруу жөнүндө токтомдорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү жана чыгаруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген мөөнөттөрдө киргизүү үчүн тиешелүү министрликтер жана ведомстволордон тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү дагы жооптуу аткаруучулар болуп саналышат.
Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
ММК каттоо үчүн документтердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды,филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) каттоону жүргүзүүнүн тартиби
Типтүү уставтардын үлгүлөрү, каттоо арызынын формасы жана каттоо үчүн алына турган акы
“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Mассалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө Жобо 1992-жылдын 19-августу № 410
Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо мөөнөттөрү
Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо докуметтердин тизмеси
Массалык маалымат каражаттарын каттоо жөнүндө маалымат
Жоопкерчилиги чектелген коомду каттоо үчүн төмөнкүлөр керек
Акционердик коомду (ачык, жабык) каттоо үчүн керек
Коомдук бирикмени каттоо үчүн керек
Коомдук фондду каттоо үчүн керек
Филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо үчүн керек
Жабык акционердик коомдун Tиптүү уставы
Коммерциялык кооперативдин Tиптүү уставы
Ачык акционердик коомдун Tиптүү уставы
Жоопкерчилиги чектелген коомдун Tиптүү уставы
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо