14 Бештин айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

“Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу Мыйзамынын долбоору


“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна

салыштырма таблица


“Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын колдонуудагы редакциясы

 “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталуучу толуктоолор жана өзгөртүүлөр

 

Мыйзамдын өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийинки акыркы варианты

2. Согуштун майыптары:

 

- граждандык жана Улуу Ата мекендик согушта согушуп жаткан армиянын аскер кызматчысынын, партизандардын жана подполдук уюмдардын мүчөлөрүнүн катарында болгон адамдар, ошондой эле граждандык жана Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде фронтто, согуш жүргөн райондо, согушка жакын темир жолдордо, коргонуу чегиндеги курулуштарда, аскер-деңиз базаларында жана аэродромдордо алынган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жумушчулар жана кызматчылар жана пенсия менен камсыз кылуу боюнча согушуп жаткан армиянын аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына теңештирилген адамдар;

- СССРди коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин башка мезгилдерде аткарууда, ошондой эле Афганистанда, же согуш аракеттери болуп жаткан башка өлкөлөрдө аскер кызматын өтөө учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн натыйжасында майып болуп калган аскер кызматчылары;

- СССРдин ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын согуш аракеттери болуп жаткан мамлекеттерде аскер кызматын аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;

- 1944-жылдын 1-январынан 1951-жылдын 31-декабрына чейин Украин ССРинин, Белорус ССРинин, Литва ССРинин, Латвия ССРинин, Эстон ССРинин аймактарында аракеттенген, аскердик тапшырмаларды аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган аскер кызматчылары, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар, жок кылуучу батальондордун жана элди коргоо взводдорунун жана отряддарынын жоокерлери жана командалык адамдар;

- башка өлкөлөрдө согушкан аскердик контингенттерди тейлеген жана аларда согуштук аракеттер жүргөн мезгилде жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жумушчулар жана кызматчылар.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4. Башка өлкөлөрдүн аймактарындагы согуш аракеттерине катышкандар:

- СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык башка өлкөлөрдүн аймагында согуш аракеттерине катышкан Советтик Армиянын, Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары жана СССРдин Ички иштер министрлигинин башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар (согуштук адистер жана кеңешчилерди кошкондо);

- согуштук аракеттеринин учурунда Афганистанга жүктөрдү жеткирүү үчүн жиберилген автомобилдик батальондордун аскер кызматчылары;

- согуш аракеттеринин учурунда аскердик жыйынга чакырылган жана Афганистанга жиберилген аскерге милдеттүүлөр;

- СССРдин аймагынан Афганистанга аскердик тапшырма боюнча учууну аткарган учкучтардын курамындагы аскер кызматчылары;

- Афганистандагы советтик аскер контингенттерин тейлеген, жаракат, контузия алган же мертинген, же болбосо согуштук аракеттерди камсыз кылууга катышкандыгы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жумушчулар жана кызматчылар.

Кыргыз Республикасынын граждандары катышкан согуш аракеттери жүргөн мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана алар болгон мезгилдердин тизмеси ушул Мыйзамдын тиркемесинде келтирилет.

17-статья. Башка мамлекеттин аймактарында согуш аракеттерине катышкандарга берилүүчү социалдык гарантиялар

(Статьянын аталышы 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

I. Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамынын адамдары, согуш аракеттерине катышкан аскер адистерин, аскер кеңешчилерин кошо алганда, ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын социалдык гарантияларынан, ал эми майыптар – 15-статьяда каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн социалдык гарантиялардан пайдаланышат.

Жогоруда көрсөтүлүп кеткен адамдарга 14 жана 15-статьяларда белгиленген социалдык гарантиялардан тышкары кошумча түрдө төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар берилет:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.

 

 

 

 

III Бөлүм

Алжирдеги согуш аракеттери: 1962-1964-жылдар;

Египеттеги согуш аракеттери (Бириккен Араб Республикасы); 1962-жылдын октрябрынан тартып 1963-жылдын мартына чейин; 1967-жылдын июну; 1968-жыл; 1969-жылдын мартынан тартып 1972-жылдын июлуна чейин; 1973-жылдын октябрынан тартып 1974-жылдын мартына чейин; 1974-жылдын июнунан тартып 1975-жылдын февралына чейин (Суэцк каналынын зонасын минадан тазалоого катышкан Кара деңиз жана Тынч океан флотторунун тральщиктеринин өздүк составы үчүн);

Йемен Араб Республикасындагы согуш аракеттери: 1962-жылдын октябрынан 1963-жылдын мартына чейин; 1967-жылдын ноябрынан 1969-жылдын декабрына чейин;

Вьетнамдагы согуш аракеттери: 1961-жылдын январынан тартып 1974-жылдын декабрына чейин;

Сириядагы согуш аракеттери: 1967-жылдын июну; 1970-жылдын март-июлу; 1972-жылдын сентябрь-ноябры; 1973-жылдын октябры;

Анголадагы согуш аракеттери: 1975-жылдын ноябрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин;

Мозамбиктеги согуш аракеттери: 1967-1969-жылдар; 1975-жылдын ноябрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин;

Эфиопиядагы согуш аракеттери: 1977-жылдын декабрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин;

Афганистандагы согуш аракеттери: 1978-жылдын апрелинен тартып 1989-жылдын 15-февралына чейин;

Камбоджадагы согуш аракеттери: 1970-жылдын апрель-декабры;

Бангладештеги согуш аракеттери: 1972-1973-жылдар (СССР Аскер-Деңиз Флотунун кораблдеринин жана көмөкчү кемелеринин өздүк составы үчүн);

Лаостогу согуш аракеттери: 1960-жылдын январынан тартып 1963-жылдын декабрына чейин; 1964-жылдын августунан тартып 1968-жылдын ноябрына чейин; 1969-жылдын ноябрынан тартып 1970-жылдын декабрына чейин;

Сириядагы жана Ливандагы согуш аракеттери: 1982-жылдын июну;

Венгриядагы согуш аракеттери: 1956-жыл.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттерде (аймактарда) согуш аракеттерине катышкандарга “Согуш, Куралдуу Күчтөрдүн ветерандары жана тылдын эмгекчилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясынын 2, 4, 5-пункттарында айтылгандар жайылтылат.

 

     1. 3-статья:

 

 

2-пунктту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын аймагында 1999-жылдын 1-июнунан тартып 2000-жылдын ноябрь айына чейинки мезгилде чет элдик террористтик топтун басып кирүүсүндө өкмөттүк күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда алган  жараттан, контузиядан жана оорудан майып болгон Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын, ички иштер, мамлекеттик коопсуздук органдарынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилик жана катардагы курамындагы адамдар»;

-4-пункттун биринчи абзацында “аймагында” деген сөздүн алдында “Кыргыз Республикасы жана” деген сөздөр менен толукталсын;

4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

- Кыргыз Республикасынын аймагында 1999-жылдын 1-июнунан тартып 2000-жылдын ноябрь айына чейинки мезгилде чет элдик террористтик топтун басып кирүүсүндө өкмөттүк күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда согуштук аракеттерге катышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары, ички иштер, мамлекеттик коопсуздук органдарынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилик жана катардагы курамындагы адамдар.

2. 17-статьяда:

- статьянын  аталышында “аймагында” деген сөздүн алдында “Кыргыз Республикасы жана” деген сөз менен толукталсын;

- биринчи бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«I.  Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиздик флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССР  Ички иштер министрлигинин жетекчилик жана катардагы курамындагы адамдар, башка мамлекеттин аймактарындагы согуштук аракеттерге катышкан аскер адистери, аскер кеңешчилери, Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкмөттүк согуштук тапшырмаларын аткарууда согуштук аракеттерге катышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары, ички иштер органдарынын жана мамлекеттик коопсуздуктун, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилик жана катардагы курамындагы адамдар 14-статья каралган (1-пункттан тышкары) Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын социалдык кепилдиктерин, ал эми майыптар – ушул Мыйзамдын 15-беренесинде (1-пункттан тышкары) каралган Улуу Ата мекендик согуштун майыптары үчүн социалдык кепилдиктерден пайдаланат.

3. “Кыргыз Республикасынын жарандары катышкан согуштук аракеттер болгон мамлекеттик, шаарлардан, аймактардан жана мезгилдердеги тизмеси” Мыйзамынын тиркемесинин III бөлүмүнүн он бешинчи абзацын төмөнкүдөй мазмунда толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын түштүк аймагындагы (Баткен, Чоң Алай) согуштук аракеттерге: 1999-жылдын июнунан 2000-жылдын ноябрына чейин”

 

2. Согуштун майыптары:

 

- граждандык жана Улуу Ата мекендик согушта согушуп жаткан армиянын аскер кызматчысынын, партизандардын жана подполдук уюмдардын мүчөлөрүнүн катарында болгон адамдар, ошондой эле граждандык жана Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде фронтто, согуш жүргөн райондо, согушка жакын темир жолдордо, коргонуу чегиндеги курулуштарда, аскер-деңиз базаларында жана аэродромдордо алынган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жумушчулар жана кызматчылар жана пенсия менен камсыз кылуу боюнча согушуп жаткан армиянын аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына теңештирилген адамдар;

- СССРди коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин башка мезгилдерде аткарууда, ошондой эле Афганистанда, же согуш аракеттери болуп жаткан башка өлкөлөрдө аскер кызматын өтөө учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн натыйжасында майып болуп калган аскер кызматчылары;

- СССРдин ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын согуш аракеттери болуп жаткан мамлекеттерде аскер кызматын аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;

- 1944-жылдын 1-январынан 1951-жылдын 31-декабрына чейин Украин ССРинин, Белорус ССРинин, Литва ССРинин, Латвия ССРинин, Эстон ССРинин аймактарында аракеттенген, аскердик тапшырмаларды аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган аскер кызматчылары, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар, жок кылуучу батальондордун жана элди коргоо взводдорунун жана отряддарынын жоокерлери жана командалык адамдар;

- башка өлкөлөрдө согушкан аскердик контингенттерди тейлеген жана аларда согуштук аракеттер жүргөн мезгилде жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жумушчулар жана кызматчылар.

- Кыргыз Республикасынын аймагында 1999-жылдын 1-июнунан тартып 2000-жылдын ноябрь айына чейинки мезгилде чет элдик террористтик топтун басып кирүүсүндө өкмөттүк күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда алган  жараттан, контузиядан жана оорудан майып болгон Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын, ички иштер, мамлекеттик коопсуздук органдарынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилик жана катардагы курамындагы адамдар;

 

4. Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн аймагында согуш аракеттерине катышкандар:

- СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасында жана  башка өлкөлөрдүн аймагында согуш аракеттерине катышкан Советтик Армиянын, Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары жана СССРдин Ички иштер министрлигинин башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар (согуштук адистер жана кеңешчилерди кошкондо);

- согуштук аракеттеринин учурунда Афганистанга жүктөрдү жеткирүү үчүн жиберилген автомобилдик батальондордун аскер кызматчылары;

- согуш аракеттеринин учурунда аскердик жыйынга чакырылган жана Афганистанга жиберилген аскерге милдеттүүлөр;

- СССРдин аймагынан Афганистанга аскердик тапшырма боюнча учууну аткарган учкучтардын курамындагы аскер кызматчылары;

- Афганистандагы советтик аскер контингенттерин тейлеген, жаракат, контузия алган же мертинген, же болбосо согуштук аракеттерди камсыз кылууга катышкандыгы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жумушчулар жана кызматчылар.

- Кыргыз Республикасынын аймагында 1999-жылдын 1-июнунан тартып 2000-жылдын ноябрь айына чейинки мезгилде чет элдик террористтик топтун басып кирүүсүндө өкмөттүк күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда согуштук аракеттерге катышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары, ички иштер, мамлекеттик коопсуздук органдарынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилик жана катардагы курамындагы адамдар.

Кыргыз Республикасынын граждандары катышкан согуш аракеттери жүргөн мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана алар болгон мезгилдердин тизмеси ушул Мыйзамдын тиркемесинде келтирилет.

17-статья. Кыргыз Республикасында жана башка мамлекеттин аймактарында  согуш аракеттерине катышкандарга берилүүчү социалдык гарантиялар

(Статьянын аталышы 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

I. Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиздик флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССР  Ички иштер министрлигинин жетекчилик жана катардагы курамындагы адамдар, башка мамлекеттин аймактарындагы согуштук аракеттерге катышкан аскер адистери, аскер кеңешчилери, Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкмөттүк согуштук тапшырмаларын аткарууда согуштук аракеттерге катышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчылары, ички иштер органдарынын жана мамлекеттик коопсуздуктун, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилик жана катардагы курамындагы адамдар 14-статья каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын социалдык кепилдиктерин, ал эми майыптар – ушул Мыйзамдын 15-беренесинде (1-пункттан тышкары) каралган Улуу Ата мекендик согуштун майыптары үчүн социалдык кепилдиктерден пайдаланат.        

 

III Бөлүм

Алжирдеги согуш аракеттери: 1962-1964-жылдар;

Египеттеги согуш аракеттери (Бириккен Араб Республикасы); 1962-жылдын октрябрынан тартып 1963-жылдын мартына чейин; 1967-жылдын июну; 1968-жыл; 1969-жылдын мартынан тартып 1972-жылдын июлуна чейин; 1973-жылдын октябрынан тартып 1974-жылдын мартына чейин; 1974-жылдын июнунан тартып 1975-жылдын февралына чейин (Суэцк каналынын зонасын минадан тазалоого катышкан Кара деңиз жана Тынч океан флотторунун тральщиктеринин өздүк составы үчүн);

Йемен Араб Республикасындагы согуш аракеттери: 1962-жылдын октябрынан 1963-жылдын мартына чейин; 1967-жылдын ноябрынан 1969-жылдын декабрына чейин;

Вьетнамдагы согуш аракеттери: 1961-жылдын январынан тартып 1974-жылдын декабрына чейин;

Сириядагы согуш аракеттери: 1967-жылдын июну; 1970-жылдын март-июлу; 1972-жылдын сентябрь-ноябры; 1973-жылдын октябры;

Анголадагы согуш аракеттери: 1975-жылдын ноябрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин;

Мозамбиктеги согуш аракеттери: 1967-1969-жылдар; 1975-жылдын ноябрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин;

Эфиопиядагы согуш аракеттери: 1977-жылдын декабрынан тартып 1979-жылдын ноябрына чейин;

Афганистандагы согуш аракеттери: 1978-жылдын апрелинен тартып 1989-жылдын 15-февралына чейин;

Камбоджадагы согуш аракеттери: 1970-жылдын апрель-декабры;

Бангладештеги согуш аракеттери: 1972-1973-жылдар (СССР Аскер-Деңиз Флотунун кораблдеринин жана көмөкчү кемелеринин өздүк составы үчүн);

Лаостогу согуш аракеттери: 1960-жылдын январынан тартып 1963-жылдын декабрына чейин; 1964-жылдын августунан тартып 1968-жылдын ноябрына чейин; 1969-жылдын ноябрынан тартып 1970-жылдын декабрына чейин;

Сириядагы жана Ливандагы согуш аракеттери: 1982-жылдын июну;

Венгриядагы согуш аракеттери 1956-жыл:

Кыргыз Республикасынын түштүк аймагындагы (Баткен, Чоң Алай) согуштук аракеттерге: 1999-жылдын июнунан 2000-жылдын ноябрына чейин.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттерде (аймактарда) согуш аракеттерине катышкандарга “Согуш, Куралдуу Күчтөрдүн ветерандары жана тылдын эмгекчилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясынын 2, 4, 5-пункттарында айтылгандар жайылтылат.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы