19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Жабык акционердик коомдун Tиптүү уставы


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-январындагы
№ 31 токтому менен
бекитилген
Жабык акционердик коомдун
ТИПТҮҮ УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
2. Коомдун аталышы, жайгашкан жери жана иш жүргүзүү мөөнөтү
3. Коомдун укуктук абалы
4. Коомдун иш жүргүзүүсүнүн предмети жана максаты
5. Коомдун капиталы
6. Коомдун акциялары
7. Коомдун акционерлери, алардын укуктары жана милдеттери
8. Коомду башкаруу
9. Акционерлердин жалпы чогулушу
10. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу
11. Коомдун директорлор кеңеши
12. Коомдун директорлор кеңешин шайлоо
13. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы
14. Коомдун директорлор кеңешинин жыйыны
15. Коомдун катчысы
16. Коомдун аткаруучу органы
17. Коомдун текшерүү комиссиясы
18. Коомду өзгөртүп түзүү жана жоюу
19. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Мындан ар “коом” деп аталчу “_______________________________” жабык акционердик коомунун Уставы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Ушул уставдын мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына каршы келген учурда, мыйзамдардын нормалары колдонулат.
2. Коомдун аталышы, жайгашкан жери
жана иш жүргүзүү мөөнөтү
2.1. Коомдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде – ___________________________________________;
- расмий тилде – ________________________________________________.
2.2. Коомдун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде – ___________________________________________;
- расмий тилде – ________________________________________________.
2.3. Коомдун уюштуруу-укуктук формасы: жабык акционердик коом.
2.4. Коомдун юридикалык дареги (жайгашкан жери): _________________ ______________________________________________________________________.
2.5. Коомдун иш жүргүзүү мөөнөтү чектелген эмес.
3. Коомдун укуктук абалы
3.1. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жол-жоболорго ылайык мамлекеттик каттоодон өткөндөн тарта юридикалык жак болуп саналат.
3.2. Коом өз менчигинде өз алдынча баланста эсепке алынган өзүнчө мүлккө ээ, өз атынан мүлк сатып ала жана мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарын жүргүзө жана милдеттерди ала алат. Коом өз максаттарына жана милдеттерине ылайык өз менчигине, алган кирешелерине, продукциясына ээлик кылат, пайдаланат жана урунат, өзүнүн мүлкүнүн жана активдеринин бир бөлүгүн же баарын сатууга, алмашууга, өткөрүп берүүгө, которууга же жайгаштырууга жана күрөөгө берүүгө, барымтага коюуга, карызга берүүгө укуктуу.
3.3. Коом коомдун максаттарын ишке ашыруу, максатка жетүү үчүн көмөктөшүү же жетишүү үчүн зарыл же ылайыктуу башка ыйгарым укуктар жана артыкчылыктар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул устав аркылуу берилген бардык ыйгарым укуктарга жана жеңилдиктерге ээ жана аларды ишке ашырууга укуктуу.
4. Коомдун иш жүргүзүүсүнүн предмети жана максаты
4.1. Коомдун ишинин негизги максаты киреше алууну көздөйт.
4.2. Коом өзүнүн максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштерди жүргүзө алат.
4.3. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу тыюу салынбаган иштин бардык түрүн жүргүзүүгө укуктуу. Коом тарабынан ишинин бардык түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана зарыл учурда тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан лицензиялоого (уруксат берүүгө) жаткан иштин түрлөрүнө берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүргүзүлөт.
5. Коомдун капиталы
5.1. Коомдун уставдык капиталы ______________________ сомду түзөт.
5.2. Коомдун капиталы – бул Коомдун анын милдеттенмелери чыгарылып салынгандан кийинки активдери.
6. Коомдун акциялары
6.1. Коом тарабынан чыгарылган акциялар жөнөкөй жана артыкчылыгы бар болушу мүмкүн. Жайгаштырылган артыкчылыктуу акциялардын саны коомдун акцияларынын жалпы санынын 25 пайызынан ашпоого тийиш. Коомдун бардык акциялары ысымдык болуп, документсиз формада чыгарылат.
6.2. Акцияларды каттоонун тартиби, чыгаруунун эсеби жана алардын жүрүшүн көзөмөлдөө жана алардын чыгарылышы жана жүгүртүлүшү менен байланышкан иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6.3. Коомдун бир категориядагы ар бир акциясы анын ээси болгон акционерге укуктардын бирдей көлөмүн берет.
6.4. Коомдун акцияларынын саны:
- жөнөкөй – _______________________________________________ даана;
- артыкчылыктуу – _________________________________________ даана.
Бир акциянын номиналдык наркы _______________________________ сом.
6.5. Коом өзү тарабынан чыгарылган акцияларды элге жарыя кылып жайгаштырууга, аларды башка жол менен жактардын чектелбеген чөйрөсүнө сатып алууга сунуштоого укугу жок.
6.6. Чыгарылган акцияларды жайгаштыруу баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде аныкталган тартипте жүргүзүлөт. Коом акцияларды кошумча чыгарууну мурда чыгарылган акцияларды жайгаштыруунун жыйынтыктары катталгандан кийин ишке ашырат.
7. Коомдун акционерлери, алардын
укуктары жана милдеттери
7.1. Коомдун акционерлери болуп коомдун жок дегенде бир акциясына ээ юридикалык же жеке жактар эсептелет.
7.2. Коомдун акционерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана коомдун уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн укуктарга ээ жана милдеттерди алышат.
7.3. Коомдун акционерлеринин саны элүүдөн ашпашы керек. Эгерде коомдун акционерлеринин саны ушул пунктта көрсөтүлгөн чектен ашса, коом бир жыл ичинде ачык коомго өзгөртүп түзүлүшү керек. Эгерде анын акционерлеринин саны азайтылбаса, коом соттук тартипте жоюлууга тийиш.
8. Коомду башкаруу
8.1. Коомду башкаруу ушул уставга жана коомдун ички документтерине ылайык жүргүзүлөт.
8.2. Коомду башкаруу органдары:
- жогорку башкаруу органы – акционерлердин жалпы чогулушу;
- акционерлердин жалпы чогулуштарынын аралыгындагы мезгилде коомду жалпы башкарууну жүргүзгөн орган – директорлор кеңеши (акционерлердин саны элүүгө чейин болсо директорлор кеңешин түзбөстөн иштөө каралышы мүмкүн);
- аткаруу органы – коомдун учурдагы ишине жетекчилик кылган орган. Ал жеке адамдын башкаруусу алдында же коллегиялуу (башкарма, дирекция) болушу мүмкүн;
- контролдоочу орган – текшерүү комиссиясы.
8.3. Коомдун башкармасынын жана текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү бир эле убакта коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн милдеттерин аткара алышпайт.
9. Акционерлердин жалпы чогулушу
9.1. Коомду башкаруунун жогорку органы болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул устав менен аныкталган коомдун ишинин маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу укугу бар акционерлердин жалпы чогулушу эсептелет.
9.2. Акционерлердин жалпы чогулушу коомдун директорлор кеңеши тарабынан жылына бир жолудан кем эмес чакырылат. Акционерлердин жыл сайын өткөрүлгөн жалпы чогулуштары жылдык чогулуш болуп саналат жана коомдун директорлор кеңеши тарабынан аныкталган мөөнөттө, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен өткөрүлүшү керек. Акционерлердин жылдык чогулуштан тышкары өткөрүлгөн жалпы чогулуштары кезексиз чогулуш болуп эсептелет.
9.3. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү күнү жана тартиби, аны өткөрүү жөнүндө маалыматтарды акционерлерге жөнөтүү тартиби, акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүгө даярдык көрүүдө акционерлерге бериле турган материалдардын (информациянын) тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык коомдун директорлор кеңеши тарабынан аныкталат.
9.4. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө кабар аларга кат жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен ишке ашырылат. Коом акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө акционерлерди жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио) аркылуу кошумча кабардар кылууга укуктуу. Коом акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө акционерлерге ал өткөрүлө турган күндөн кеминде 10 күн мурда кабарлоого милдеттүү.
9.5. Жалпысынан коомдун добуш берүүгө укуктуу акцияларынын бир пайызынан кем эмесине ээ болушкан акционерлер (акционер) финансылык жыл аяктагандан кийин 30 күндөн кечиктирбестен уставга ылайык акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун күн тартибине бирден ашпаган сунуш киргизүүгө жана коомдун шайлоо органдарына талапкерлерди сунуштоого укуктуу.
9.6. Акционерлер акционерлердин жалпы чогулушуна өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу катышууга укуктуу. Акционер каалаган учурда акционерлердин жалпы чогулушундагы өз өкүлүн алмаштырууга же акционерлердин жалпы чогулушуна өзү катышууга укуктуу.
Акционердин өкүлү акционерлердин жалпы чогулушунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же ушуга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көрсөтмөлөрүнө же кат жүзүндө түзүлгөн ишеним катка негизделген ыйгарым укуктарга ылайык иш жүргүзөт. Добуш берүүгө ишеним катта сунушталган жана өкүл жөнүндө маалыматтарды (аты же аталышы, жашаган жери же жайгашкан жери, паспорттук маалыматтар) көрсөтүлүүгө тийиш.
9.7. Акционер өзүнө таандык акциялардын бүткүл пакетине да, анын бир бөлүгүнө да ишеним кат бере алат; ошентип, ишеним кат бир өкүлгө же бир нече мыйзамдуу өкүлдөргө берилиши мүмкүн.
9.8. Акционердин атынан добуш берүүгө катышууга ишеним кат коомдун аткаруучу кызмат адамдарына берилбейт.
9.9. Акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу үчүн катталуу бүткөн мезгилде коомдун добуш берүүгө укук берген жана жайгаштырылган акцияларынын бардыгы болуп 60 пайызынан көбүнө ээ акционерлер (алардын өкүлдөрү) катталган болсо, акционерлердин жалпы чогулушу мыйзамдуу (кворумга ээ) болуп эсептелет.
9.10. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн кворум болбогон учурда акционерлердин жаңы жалпы чогулушун өткөрүү күнү жарыяланат. Акционерлердин жаңы жалпы чогулушун өткөрүүдө күн тартибин өзгөртүүгө болбойт.
9.11. Өтпөй калган жалпы чогулуштун ордуна чакырылган акционерлердин жаңы жалпы чогулушу ага катышуу үчүн каттоо бүткөн мезгилде коомдун добуш берүүгө укук берген жана жайгаштырылган акцияларынын бардыгы болуп 40 пайызынан көбүнө ээ акционерлер (алардын өкүлдөрү) катталган болсо, мыйзамдуу (кворумга ээ) болуп эсептелет. Акционерлеринин саны 10 миңден ашкан акционердик коом үчүн өткөрүлбөй калган жалпы чогулуштун ордуна жаңысын өткөрүү үчүн азыраак, бирок коомдун жайгаштырылган жана добуш берүүгө укук берген акцияларынын 30 процентинен кем эмес добуш берүүчү кворум каралышы мүмкүн.
9.12. Акционерлердин жаңы жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берилет.
9.13. Акционерлердин жалпы чогулушунда анын күн тартибиндеги маселелер боюнча добуш берүү добуш берүү бюллетендери аркылуу ишке ашырылат.
9.14. Добуш берүү үчүн бюллетень өзүндө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- коомдун аталышы;
- акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлчү жер, күн жана башталыш убактысы;
- добуш берүүгө коюлган ар бир маселенин баяндалышы жана аларды кароонун кезеги;
- добуш берүүгө коюлган ар бир маселе боюнча “макул”, “каршы” же “добуш берген жок” деген сөздөр менен билдирилген добуш берүү варианттары.
Акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясы
9.15. Акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- коомдун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же коомдун жаңы редакциядагы уставын бекитүү;
- коомду өзгөртүп түзүү;
- коомду жоюу, жоюу комиссиясын дайындоо жана жоюу балансын бекитүү;
- коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын санын өзгөртүү (көбөйүшү же азайышы) жөнүндө, ошондой эле акцияларга конвертацияланчу башка баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ири бүтүм жасоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
- артыкчылыктуу акцияларды жөнөкөй акцияларга айландыруу;
- коомдун жетекчисин же коллегиялуу аткаруучу органынын мүчөлөрүн, же коомдун бир аткаруучу органынын функцияларын аткаруучу адамды шайлоо (эгер коом ишин директорлор кеңешин түзбөстөн жүргүзсө);
- ушундай баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата суммалык номиналдык наркы коомдун активдеринин баланстык наркынын 50 жана андан ашык пайызын түзгөн, акцияларга айлантылбачу облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- коомдун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн (текшерүүчүнү) шайлоо жана алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- дивиденддерди төлөө өлчөмү жана тартиби жөнүндө чечим кабыл алуу;
- директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнчү акылардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;
- акционерлердин мурдагы жалпы чогулуштарында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- коомдун резервдик жана башка фонддорун пайдалануу;
- директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- эгерде директорлор кеңешиндеги орундардын саны уставда аныкталбаган болсо коомдун директорлор кеңешинин сандык курамын аныктоо;
- эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү;
- коомдун жылдык бюджетин, жылдык отчетторун, баланстарын, кирешелеринин жана чыгымдарынын эсеп-кысабын бекитүү, анын кирешелерин жана чыгымдарын бөлүштүрүү;
- коомдун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө (текшерүүчүсүнө) төлөнчү акылардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;
- директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомдун уставы менен акционерлердин жалпы чогулушунун ыйгарым укуктарына берилген башка маселелерди чечүү.
9.16. Акционерлердин жалпы чогулушунда добуш берүү кумулятивдик добуш берүү учурларын кошпогондо, “бир акция – бир добуш” принциби боюнча жүргүзүлөт.
9.17. Чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жалпы чогулуш тарабынан кабыл алынат.
Эсептөө комиссиясы
9.18. Акционерлердин жалпы чогулуштун эсептөө комиссиясы жалпы чогулушта акционерлер же алардын өкүлдөрү тарабынан добуш берүү укуктарын ишке ашырууга байланыштуу пайда болгон маселелерди, добуш берүүгө коюлган маселелер боюнча добуш берүү тартибин түшүндүрөт, добуш берүүнүн белгиленген тартибин жана акционерлердин добуш берүүгө катышуу укугун камсыз кылат, добуштарды эсептейт жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзөт, добуш берүү бюллетендерин архивге өткөрөт.
9.19. Эсептөө комиссиясынын сандык жана персоналдык курамы коомдун директорлор кеңешинин сунушу боюнча акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилет. Эсептөө комиссиясына коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү, коомдун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчүсү), коомдун аткаруучу органынын мүчөлөрү, башкаруучу уюму же башкаруучу, ошондой эле ушул кызматтарга көрсөтүлгөн талапкерлер кире алышпайт.
Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколу
9.20. Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколу акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөндөн кийин 15 күндөн кечиктирбестен үч нускада түзүлөт. Бир нускасы акционерлердин ушул чогулушун тейлеген көз каранды эмес реестр сактоочуда сакталат. Протоколдун үч нускасына тең акционерлердин жалпы чогулушуна төрага кылуучу, акционерлердин жалпы чогулушунун катчысы кол коюп, коомдун мөөрү менен бекитилет.
9.21. Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөн жер жана убактысы;
- коомдун добуш берүүчү акцияларына ээлик кылган акционерлердеги добуштардын жалпы саны;
- чогулушка катышкан акционерлер ээ болгон добуштардын саны;
- чогулуштун төрагасы (президиуму) жана катчысы, чогулуштун күн тартиби.
9.22. Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколунда сүйлөгөндөрдүн сөзүнүн негизги мазмуну, добуш берүүгө коюлган маселелер, алар боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары, чогулуш кабыл алган чечимдер камтылышы керек.
Акционерлердин жалпы чогулушунун протоколун сактоо тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
10. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу
10.1. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу коомдун директорлор кеңешинин чечими боюнча төмөнкү негиздерде өткөрүлөт:
- өз демилгеси;
- коомдун аткаруучу органынын талабы;
- коомдун добуш берүүгө укуктуу акцияларынын 20 пайызынан кем эмесине ээлик кылган акционердин (акционерлердин) талабы;
- коомдун текшерүү комиссиясынын талаптары;
- баалуу кагаздар боюнча мыйзам бузулган учурда Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарды жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын талабы.
10.2. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу коомдун директорлор кеңеши тарабынан акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 45 күндөн кечиктирбестен чакырылат.
10.3. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө талапта чогулуштун күн тартибине киргизилчү маселелер аларды киргизүүнүн негиздерин көрсөтүү менен баяндалууга тийиш.
10.4. Коомдун директорлор кеңеши ушул уставдын 10.1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын талабы боюнча чакырылган акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун күн тартибиндеги маселелердин баяндалышына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акысы жок.
10.5. Эгерде акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө талап акционерден (акционерлерден) болсо, анда анын аты-жөнү (аталышы) ага таандык акциялардын саны, категориясы көрсөтүлүүгө тийиш.
10.6. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө талапка акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылган адамдын (адамдардын) колу коюлат.
10.7. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу демилгеси менен чыккан акционер (акционерлер) өткөрүлчү чогулуштун аягына чейин өзүнүн акцияларын ажыратууга акысыз.
10.8. Ушул уставдын 10.1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кезексиз жалпы чогулуш чакыруу талабы алынган учурдан баштап 10 күндүн ичинде коомдун директорлор кеңеши акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө же чакыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш.
10.9. Ушул уставдын 10.1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын талабы боюнча кезексиз жалпы чогулуш чакыруудан баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда гана кабыл алынышы мүмкүн, эгерде:
- чогулушту чакыруу жөнүндө талап коюунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиби сакталбаса;
- акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылган акционер (акционерлер) коомдун добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынын ээси болбосо;
- коомдун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун күн тартибине киргизүү үчүн сунушталган маселелердин бири да анын компетенциясына кирбесе;
- күн тартибине киргизүү үчүн сунуш кылынган маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербесе.
10.10. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим же аны чакыруудан баш тартуу жөнүндө негиздүү чечим аны талап кылган адамдарга ал кабыл алынгандан кийин үч күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруудан баш тарткандык боюнча сотко даттанууга болот.
11. Коомдун директорлор кеңеши
11.1. Директорлор кеңешинин өзгөчө ыйгарым укуктарына төмөнкү маселелер кирет:
- коомдун стратегиялык максаттарын жана анын саясатын аныктоо, ошондой эле аткаруучу органдар аларды аткарышын контролдоо;
- коомдун акционерлеринин жылдык жана кезексиз жалпы чогулуштарын чакыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден башка учурларда акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибин, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушун даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан башка маселелерди түзүү жана бекитүү;
- “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөндөн башка учурларда коомдун ички документтерин кабыл алуу жана бекитүү;
- “Акционерлер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ири бүтүм жасоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
- аткаруу органын шайлоо жана төлөнчү акынын өлчөмүн аныктоо;
- коллегиялуу аткаруучу органдын жетекчисин шайлоо;
- аткаруучу органдын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- акциялар боюнча дивиденддин өлчөмү жана аны төлөө тартиби боюнча сунуштарды даярдоо;
- акционерлердин жалпы чогулушуна коомду өзгөртүп уюштуруу, ошондой эле коомдун филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрүн ачуу боюнча негизделген сунуштарды берүү;
- коомдун аудиторун шайлоо жана аудиторго төлөнчү акынын өлчөмүн аныктоо;
- акционерлердин жалпы чогулушуна жүгүртүлчү акциялардын чоңдугу, шарттары жана акциялардын санын көбөйтүү же азайтуу тартиби жөнүндө сунуштарды берүү;
- акционерлердин жалпы чогулушунда кароо үчүн материалдарды даярдоо;
- акционерлердин жалпы чогулуштарынын чечимдери аткарылышын контролдоо;
- коомдун катчысын шайлоо;
- ушундай баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата суммалык номиналдык наркы коомдун активдеринин баланстык наркынын 50 пайызына чейинди түзгөн, акцияларга айлантылбачу облигацияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу.
11.2. Директорлор кеңешинин компетенциясына төмөнкүдөй маселелер да кириши мүмкүн:
- коомдун аткаруучу органынын, текшерүү комиссиясынын, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү, катчысы жана аудитору менен контракттарды түзүү;
- акционерлердин жалпы чогулушунун жана директорлор кеңешинин чечимдерин аткаруу органдары аткарбаган учурда соттордо коомдун атынан өкүл болуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана коомдун уставында каралган башка маселелер.
12. Коомдун директорлор кеңешин шайлоо
12.1. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан ушул уставда каралган тартипте үч жылдык мөөнөткө шайланат. Коомдун директорлор кеңешинин курамына шайланган адамдар чектелбеген санда кайра шайланышы мүмкүн.
12.2. Коомдун директорлор кеңешинин сандык курамы так санда болуп, акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталышы жана 3төн аз жана 11ден ашык болбошу керек.
13. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы
13.1. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы директорлор кеңешинин биринчи жыйынында директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан алардын өздөрүнүн ичинен, директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
13.2. Коомдун директорлор кеңеши каалаган убакта өзүнүн төрагасын директорлор кеңешинин жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кайрадан шайлоого укуктуу.
13.3. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы анын ишин уюштурат, директорлор кеңешинин жыйындарын чакырат жана аларга төрагалык кылат, жыйындарда протокол жазылышын уюштурат. Директорлор кеңешинин төрагасы коомдун акционерлеринин жалпы чогулуштарын ачат.
14. Коомдун директорлор кеңешинин жыйыны
14.1. Коомдун директорлор кеңешинин жыйындары коомдун директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан өзүнүн демилгеси же төмөнкүлөрдүн талабы боюнча чакырылат:
- коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн);
- коомдун текшерүү комиссиясынын же аудиторунун;
- коомдун аткаруучу органынын;
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар боюнча мыйзамдары бузулганы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органынын.
14.2. Директорлордун кеңешинин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
14.3. Коомдун директорлор кеңешинин жыйынын өткөрүү үчүн кворум коомдун директорлор кеңешинин шайланган мүчөлөрүнүн сандык курамынын жарымынан кем эмес болот. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн саны коомдун уставында каралган сандын жарымынан азайган учурда, коом өзүнүн директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлоо үчүн акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууга милдеттүү.
Коомдун директорунун кеңешинин калган мүчөлөрү акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жана даярдык көрүү жөнүндө гана чечим кабыл алууга укуктуу.
14.4. Коомдун директорлор кеңешинин жыйындарында маселе чечүүдө коомдун директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ.
14.5. Коомдун директорлор кеңешинин жыйындарында чечимдер коомдун директорлор кеңешинин жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Коомдун директорлор кеңешинин шайланган ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Коомдун директорлор кеңешинин бир мүчөсү өз добушун директорлор кеңешинин экинчи мүчөсүнө өткөрүп беришине болбойт. Коомдун директорлор кеңеши тарабынан чечим кабыл алууда директорлор кеңешинин шайланган мүчөлөрүнүн добуштары бирдей болуп калган учурда директорлор кеңешинин төрагасынын добушу чечүүчү болот
15. Коомдун катчысы
15.1. Коомдун катчысы коомдун директорлор кеңеши тарабынан шайланган кызмат адамы болуп эсептелет да, анын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- коомдун акционерлери менен алардын өз укуктарын ишке ашыруу маселеси боюнча байланыш түзүү;
- коомдун акционерлеринин реестри жүргүзүлүшүн жана сакталышын контролдоо;
- акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартиби боюнча акционерлердин сунуштарын түзүү;
- коомдун акционерлерин акционерлердин жалпы чогулуштары боюнча материалдар менен камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционерлердин жалпы чогулуштарынын, директорлор кеңешинин жыйындарынын материалдары сакталышын камсыздоо.
15.2. Коомдун катчысына башка милдеттер да жүктөлүшү мүмкүн.
16. Коомдун аткаруучу органы
16.1. Коомдун ишине жетекчилик коомдун жеке башкаруучу аткаруу органы же коллегиялуу аткаруу органы (башкарма, дирекция) тарабынан жүргүзүлөт.
Коомдун аткаруучу органынын мүчөлөрү директорлор кеңеши тарабынан 1 жыл мөөнөткө шайланат. Коомдун аткаруу органына мүчө болуп шайланган адамдар саны чектелбестен кайра шайлана алышат.
16.2. Коомдун аткаруучу органынын компетенциясына коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун же директорлор кеңешинин гана компетенциясына берилгенден башка коомдун учурдагы ишин жетектөөнүн бардык маселелери кирет. Коомдун аткаруучу органы коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун жана директорлор кеңешинин чечимдерин аткарууну уюштурат.
16.3. Коомдун аткаруучу органынын чечим кабыл алуу тартибин акционерлердин жалпы чогулушу аныктайт.
16.4. Коомдун жеке башкаруучу аткаруу органынын, коллегиялуу аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн, башкаруу уюмунун же башкаруучусунун коомдун учурдагы ишине жетекчилик кылуу боюнча укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, коомдун уставы, коом менен түзүлчү келишим, коомдун укуктук документтери менен аныкталат.
16.5. Жыл сайын, акционерлердин чогулушу өткөрүлөөргө 20 күн калгандан кечиктирбестен коомдун аткаруучу органы жылдык отчетту, балансты, киреше жана чыгымдар эсебин, жылдык бюджетти даярдоого жана акционерлердин бул материалдар менен таанышуусун камсыздоого тийиш.
17. Коомдун текшерүү комиссиясы
17.1. Коомдун финансылык-чарбалык ишин контролдоо үчүн акционерлердин жалпы чогулушу коомдун текшерүү комиссиясын (текшерүүчүнү) шайлайт. Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү (текшерүүчү) коомдун акционерлеринин арасынан шайланат.
17.2. Коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн) иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана акционерлердин жалпы чогулушунда бекитилген коомдун ички документи менен аныкталат.
18. Коомду өзгөртүп түзүү жана жоюу
18.1. Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте өзгөртүп уюштурулушу жана жоюлушу мүмкүн.
18.2. Кошулуу түрүндөгү өзгөртүп уюштургандан башка учурларда коом жаңы пайда болгон юридикалык жактар катталган учурдан тартып өзгөртүп уюштурулду деп эсептелет.
18.3. Коомдун иши токтотулганын каттоо датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйрукту чыгарган датасы эсептелет.
19. Корутунду жоболор
19.1. Ушул уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына укугуна кирет.
19.2. Эгерде ушул уставдын жоболорунун бири жараксыз болсо же жараксыздыкка чыгарылса, бул калган жоболордун иштешин токтотууга себеп болбойт. Жараксыз жобо укуктук жактан жол берилчү же мааниси боюнча жакын жоболор менен алмаштырылат.
19.3. Бул устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы