13 Бештин айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Жарандарды кабыл алуу


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жетекчилигинин жарандарды кабыл алуу

Г Р А Ф И Г И

Кызматы

Ф.А.А.

Кабыл алуу күнү

Кабыл алуу убактысы

Телефону

Министр

Ахметов У.Т.

Бейшемби

14.00дөн – 16.00гө чейин

65-64-90

Статс-катчы

Абдылдаева А.Н.

Жума

14.00дөн – 16.00гө чейин

65-64-77

Министрдин орун басары

Сарымсаков М.Б.

Шейшемби

14.00дөн – 16.00гө чейин

65-64-77

Министрдин орун басары

Абдуллаев Р.Б.

Шаршемби

14.00дөн – 16.00гө чейин

65-65-06


 Ишембиде саат 9-дан 14-кө чейин министрлик боюнча нөөмөтчү кабыл алат

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЮСТИЦИЯ ОРГАНДАРЫНДА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ БЕКИТИЛДИ

Ушул Кыргыз Республикасынын Юстиция органдарында  жарандарды кабыл алуу эрежелери адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону эффективдүү жүзөгө ашыруу максатында, жана компетенциянын алкагында жарандардын кайрылууларын ыкчам чечүү үчүн жарандарды кабыл алуу тартибин регламенттейт.

1.  Жарандарды кабыл алуу  «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген графиктерге, 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндөгү жобого, ушул маселелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин көрсөтмөлөрүнө буйруктарына  ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция министри, анын орун басарлары, статс-катчы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн начальниктери, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары менен аптасына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

2. Жарандарды кабыл алуу графиги юстиция министрлигинин расмий Web-сайтына жарыяланат жана кабыл алууну жүзөгө ашырган кызмат адамды, күнүн жана кабыл алуу убактысын көрсөтүү менен,  юстиция органдарынын орун жайларынын жарандардын эркин жетүүсүн камсыздаган орундарынын такталарына жайгаштырылат.

3. Министрдин дарегине кайрылган жарандарды кабыл алууну уюштурууну министрдин жардамчысы же/жана катчысы камсыздайт, ал эми министрдин орун басарларынын, статс-катчынын,  ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин дарегине  кайрылган жарандарды кабыл алууну уюштурууну – алардын катчылары жүзөгө ашырышат.

4. Кайрылуучунун маалыматтары,  кайрылуунун мазмуну жана кабыл алынган чечим жөнүндө жазуулар жүргүзүлгөн жеке кабыл алуу журналдары министрдин, министрдин орун басарларынын, статс-катчынын, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын катчыларында, ошондой эле министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринде болот.

5. Телефон жана факс байланышы боюнча жарандарды кабыл алууну жазуу жүргүзүлбөйт.

6. Жарандарды кабыл алууну жазуу, кабыл алуу күнүнө чейин эки күн калганда белгиленген график менен жүргүзүлөт.

7.  Улуу ата Мекендик согуштун катышуучуларын, майыптарды, көп балалуу энелерди, башка жарандардын социалдык аярлуу категориясын, ошондой эле республиканын алыскы региондорунан келишкен жарандарды кабыл алуу, алар келген күнү жүргүзүлөт.

8. Юстиция органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн маселелери боюнча  кайрылган жарандарды кабыл алууну тастыктаган документтер бар болгондо (фото-аудио-көрмөжазма ж.б.) күн сайын жумуш күндөрү юстиция министри, анын орун басарлары жана статс-катчы жүзөгө ашырат.

9. Министрдин жардамчысы жана жетекчилердин катчылары кабыл алууга жазуу жөнүндө маселени кароодо тиешелүү түзүмдүк бөлүнүш менен биргеликте жарандардын оозеки кайрылууларынын мүнөзүн жана мазмунун талдайт, кайрылуунун маӊызы боюнча документтин бар экендигин тактайт, андан кийин жарандарды кабыл алуу журналына жазуу жүргүзөт жана жетекчиликке билдирет.

10. Юстиция министринин кабыл алуусуна жазылуу ушул эрежелердин 8-пунктунда каралган Юстиция органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн фактылары боюнча кайрылууларды кошпогондо министрдин орун басарларынын бирөөнүн же статс-катчынын колу менен жарандардынкайрылууларына жооптор бар болгондо жүргүзүлөт.

11. Бир эле маселе боюнча жарандардын экиден ашык кайталап кайрылуусу  каралбайт жана кабыл алууга жазуу жүргүзүлбөйт.

12. Жаӊы жүйөөлөр же жаңыдан ачылган жагдайларды көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кайрылуулар  «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык белгиленген тартипте каралат.

13. Жарандарды кабыл алууну жазууну жүргүзгөн, министрдин жардамчысынын жана/же катчысынын, министрдин орун басарларынын, статс-катчынын, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын  катчыларынын кабыл алууну уюштуруу жана жетекчиликке билдирүүнү даярдоо үчүн түзүмдүк бөлүнүштөрдөн материалдарды берүү жөнүндөгү суроо-талаптары юстиция органдарынын кызматкерлери үчүн милдеттүү болуп саналат жана токтоосуз аткарылат.

14. Кайрылуулар боюнча кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча контролду министрдин жардамчысы жана/же катчысы, министрдин орун басарларынын, статс-катчынын, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын  катчылары жүзөгө ашырат.

15.  Кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан жетекчи каралып жаткан кайрылуулар боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы