19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Коммерциялык кооперативдин Tиптүү уставы


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-январындагы
№ 31 токтому менен
бекитилген
Коммерциялык кооперативдин
ТИПТҮҮУСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
2. Кооперативдин ишинин предмети жана максаттары
3. Кооперативдин мүчөлөрү
4. Кооперативге мүчө болуп кирүүнүн тартиби
5. Кооперативде мүчөлүктү токтотуу тартиби
6. Кооперативдин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
7. Кооперативдин мүлкү жана капиталы
8. Кооперативдин мүчөлөрүнүн үлүштүк төгүмдөрү
9. Кооперативге мүчөлүк токтогондо кооперативдин мүчөлөрүнө
пайлык акыларын (үлүштөрдү) берүүнүн мөөнөтү жана тартиби
10. Кооперативдин кирешелерин жана чыгашаларын бөлүштүрүү
11. Кооперативдин фонддорун түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби
12. Кооперативдин башкаруу органдары
13. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу
14. Кооперативдин кеңеши
15. Кооперативдин кеңешинин компетенциялары
16. Кооперативдин аткаруу органы
17. Кооперативдин ишин ревизиялык текшерүү
18. Эсеп-кысап жана отчет
19. Кооперативди өзгөртүп түзүүнүн жана жоюунун тартиби жана
шарттары
1. Жалпы жоболор
1.1. Кооперативдин мамлекеттик тилде толук аталышы: “_____________________________________________________________________” коммерциялык кооперативи.
Кооперативдин расмий тилде толук аталышы: Коммерческий кооператив “_____________________________________________________________________” (мындан ары – кооператив).
Кооперативдин мамлекеттик тилде кыскартылып аталышы: “_________________________________________________________________” КК.
Кооперативдин расмий тилде кыскартылып аталышы: КК “____________________________________________________________________”.
1.2. Кооператив өз ишин Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул уставга ылайык жүргүзөт.
1.3. Кооперативдин жайгашкан жери (юридикалык дареги): ___________ ______________________________________________________________________.
1.4. Кооперативдин иштөө мөөнөтү чектелбейт.
1.5. Кооператив Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөн мезгилден тарта юридикалык жак болуп саналат.
1.6. Кооператив коммерциялык уюм болуп саналат.
1.7. Кооператив менчигинде өзүнчө мүлккө ээ жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ушул мүлк менен жооп берет, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарды жана милдеттенмелерди алышы жана ишке ашыра, сотто доочу жана жоопкер боло алат.
Кооперативде өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган тегерек мөөрү жана штамптары болот.
1.8. Кооперативдин уюштуруучулары жеке адамдар да, юридикалык жактар да болушу мүмкүн.
2. Кооперативдин ишинин предмети жана максаттары
2.1. Кооперативдин негизги максаты болуп киреше алуу эсептелет.
2.2. Бул максатына жетүү үчүн кооператив Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштерди жүргүзөт.
Кооператив уруксат талап кылынган иштердин түрлөрү боюнча ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министрликтер жана ведомстволор тарабынан берилчү лицензиялардын негизинде жүргүзөт.
3. Кооперативдин мүчөлөрү
3.1. 18 жашка чыккан жеке адамдар жана юридикалык жактар кооперативдин мүчөлөрү боло алышат.
3.2. Кооперативдин мүчөсү болуп саналган юридикалык жактын кызыкчылыгынын атынан кооперативде юридикалык ыйгарым укуктуу жак чыгат.
3.3. Кооперативдин мүчөлөрү бир эле мезгилде башка кооперативдердин мүчөлөрү боло алышат.
3.4. Кооперативдин мүчөлөрүнүн саны жетиден кем эмес болууга тийиш.
4. Кооперативге мүчө болуп кирүүнүн тартиби
4.1. Кооперативге мүчө болууну каалаган жеке адамдар же юридикалык жактар ал мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин кооперативдин башкармасына кооперативге мүчөлүккө кабыл алуу жөнүндө арыз берет. Арызда ушул Уставдын жана кооперативдин башка ички документтеринин талаптарын аткаруу жөнүндө милдеттенме, ошондой эле аталган пайлык акыны төгүү жөнүндө милдеттенме болууга тийиш.
4.2. Башкарма арыз түшкөн күндөн тартып төрт аптанын ичинде кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат.
4.3. Кабыл алуу жөнүндө чечим кооперативдин мүчөлөрүнүн кезектеги жалпы чогулушунда бекитилет.
4.4. Кооперативдин мүчөсүнө мүчөлүк китепче берилип, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги, туулган күнү, кооперативге кирген күнү;
2) билдирилген жана кошулган пайларынын саны жана алар төгүлгөн күн;
3) кошумча пайлардын саны жана алар төгүлгөн күн;
4) кооперативдик төлөмдөрдүн, анын ичинде пайлык акыларга чегерилген төлөмдөрдүн суммасы жана алардын кириштелген күнү;
5) пайлык төлөмдөрдүн наркынан төлөмдөрдүн суммасы жана ушул төлөмдөр төгүлгөн күн;
6) төлөнгөн дивиденддердин суммасы жана алар берилген күн.
4.5. Кооператив кооперативдин мүчөлөрүнүн реестрин өз алдынча жүргүзөт жана сактайт жана анын жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчиликти кооперативдин башкармасы тартат.
5. Кооперативде мүчөлүктү токтотуу тартиби
5.1. Кооперативге мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
- кооперативден өз ыктыяры менен чыкканда;
- кооперативдин мүчөсү өлгөндө;
- кооперативден чыгарылганда;
- кооперативдин мүчөсү болуп саналган юридикалык жак жоюлганда.
5.2. Кооперативдин ар бир мүчөсү ушул уставда аныкталган тартипте өзүнүн кооперативдеги мүчөлүгүн токтотуу укугуна ээ.
5.3. Кооперативдин мүчөсү кооперативден чыгаардан 12 айдан кем эмес мурда анын башкармасына жазуу жүзүндө арыз берүү менен кооперативден өзүнүн каалоосу боюнча чыгууга укуктуу.
5.4. Кооперативдин мүчөсү андан төмөнкүдөй негиздер боюнча чыгарылышы мүмкүн:
- эгерде “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана кооперативдин уставында каралган милдеттерин аткарбаса;
- эгерде анын ишинин (аракетсиздигинин) натыйжасында кооперативге зыян келтирилсе.
5.5. Кооперативдин кеңеши кооперативге мүчөлүктөн чыгаруу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу, ал чечим кооперативдин мүчөлөрүнүн кийинки жалпы чогулушунда бекитилүүгө тийиш.
5.6. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрү, кооперативдин башкармасынын мүчөлөрү кооперативге мүчөлүктөн кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча гана чыгарылышы мүмкүн.
5.7. Кооперативдин башкармасы кооперативдин мүчөсүн чыгаруу жөнүндө маселе каралары тууралу ага кат жүзүндө маалымдоого тийиш.
5.8. Кооперативден чыгаруу жөнүндө чечим андан чыгарылган жакка кооперативдин башкармасы чечим кабыл алгандан кийин 2 аптадан кечиктирбестен билдирилүүгө тийиш. Кооперативге мүчөлүк кооперативдин кеңеши жакты кооперативге мүчөлүктөн чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган учурдан баштап токтотулат.
5.9. Кооперативден мүчөлүктөн чыгарылган жак жалпы чогулуштун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотко даттанууга укуктуу.
5.10. Кооперативдин андан чыгарылган мүчөсүнө пайлык акысын кайра берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул уставга ылайык ишке ашырылат.
5.11. Кооперативдин мүчөсү өлгөн учурда анын мураскерлери кооперативдин мүчөсү өлгөн күндөн тарта эки айдын ичинде ушул уставдын 3 жана 4-бөлүмдөрүнүн талаптарына ылайык кооперативге кабыл алынышы мүмкүн. Кооперативдин өлгөн мүчөсүнүн ага мүчөлүккө кабыл алынбаган жана эки айлык мөөнөт ичинде кооперативге мүчөлүккө өтүүгө ниетин билдирбеген мураскерлерине өлгөн адамдын пайлык акысынын наркы төлөп берилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул уставга ылайык башка төлөмдөр берилет.
6. Кооперативдин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6.1. Кооперативдин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- кооперативден Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул уставда каралган тартипте эркин чыгуу;
- мүчөлөр ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон кирешенин бир бөлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул уставда каралган тартипте алуу;
- кооперативди башкарууга катышуу, кооперативдин уставына ылайык кооперативди башкаруу жана текшерүү органдарына шайлоо жана шайлануу, кооперативдин иши менен байланышкан сунуштарды киргизүү;
- кооперативдин уставында анын мүчөлөрү үчүн аныкталган жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул уставда каралган тартипте кооперативдин финансылык-чарбалык ишинин документтери менен таанышуу;
6.2. Кооперативдин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кирүү жана пайлык акыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул уставда каралган тартипте төлөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, кооперативдин уставын жана башка ички актыларын сактоо.
7. Кооперативдин мүлкү жана капиталы
7.1. Кооператив ага мүчөлөрү пайлык акы катары кошкон мүлктүн жана кооперативдин ишинин процессинде өндүрүлгөн жана алынган мүлктөрдүн менчик ээси болуп эсептелет.
7.2. Кооперативдин капиталы кооперативдин мүчөлөрүнүн пайлык төгүмдөрүнөн, түзүлө турган фонддорунан жана бөлүштүрүлө элек кирешелеринен турат.
7.3. Пайлык фонд кооперативдин мүчөлөрү кошуучу милдеттүү жана кошумча пайлардын эсебинен түзүлөт.
7.4. Кооперативдин капиталынын наркы кооперативдин активдеринин реалдуу наркы менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма катары бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде аныкталат.
7.5. Кооператив өз милдеттенмелери боюнча өзүнө менчик укугунда таандык бардык мүлкү менен жооп берет жана анын мүчөлөрүнүн милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.
7.6. Кооперативдин мүчөлөрү кооперативдин милдеттенмелери үчүн жооп беришпейт жана кооперативдин иши менен байланышкан чыгымдарда кошкон пайлык төгүмдөрүнүн чегинде тобокелдик тартышат.
7.7. Кооперативдин милдеттүү пайлык төгүмдөрүн толук төгүшпөгөн мүчөлөрү кооперативдин ар бир мүчөсүнүн милдеттүү төгүмүнүн (үлүшүнүн) төлөнө элек бөлүгүнүн наркынын чегинде кооперативдин милдеттенмелери боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.
7.8. Ушул кооперативдин мүчөлөрүнүн күнөөсү боюнча келтирилген зыяндар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ордуна коюлат.
7.9. Эгерде кооперативдин мүлкү жана каражаттары кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча кооперативдин мүчөлөрү тарабынан кошумча төгүмдөрдү төгүү каралышы мүмкүн. Кошумча төгүмдөрдүн өлчөмү милдеттүү үлүшкө пропорциялуу же кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган башка тартипте аныкталат.
Бул маселе боюнча чечим кооперативдин бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.
7.10. Кооперативдин мүчөсүнүн өз карыздары боюнча анын үлүштүк төгүмүн өндүрүп алуу үчүн чегерүүгө анда ушундай карыздарды жоюу үчүн башка мүлк жетишсиз болгон учурда гана, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул уставда каралган тартипте жана мөөнөттө жол берилет.
8. Кооперативдин мүчөлөрүнүн үлүштүк төгүмдөрү
8.1. Кирүүдөгү жана милдеттүү пайдын өлчөмү кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда аныкталат.
8.2. Пайлык фонддун жалпы өлчөмү ____________________ сомду түзөт. Кооперативде милдеттүү пайлар бирдей өлчөмдө аныкталат жана кооперативдин ар бир мүчөсү үчүн ___________________________________ сомду түзөт.
8.3. Үлүштүк төгүмдөрдүн эсеби кооператив тарабынан акчалай түрдө жүргүзүлөт.
8.4. Кооперативдин мүчөсү милдеттүү үлүштүн 25 пайыздан кем эмесин кооператив мамлекеттик каттоодон өткөн же кооперативге кирген учурда, ал эми милдеттүү төгүмдүн калган бөлүгүн кооператив мамлекеттик каттоодон өткөндөн же кооперативге киргенден тартып бир жыл ичинде төлөөгө милдеттүү.
8.5. Кооперативге кирген адам үлүштүк төгүм катары мүлктү кошкон учурда үлүштүк төгүмдү акчалай баалоо кооперативдин башкармасы тарабынан жүргүзүлөт жана кооперативдин кеңеши бекитет. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу өткөрүп берилген мүлктү акчалай баалоонун усулун беките алат жана ушул усулдун негизинде мүлктү акчалай баалоо боюнча ишти уюштурууну кооперативдин башкармасына тапшыра алат. Мүлктү баалоо боюнча талаш маселелер кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун кароосуна коюлат. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча үлүштүк төгүмдөрдү акчалай баалоо аудитордук же эксперттик текшерүүгө коюлушу мүмкүн.
8.6. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими менен кооперативдин үлүштүк фондунун наркы кооперативдин экономикалык абалына ылайык көбөйтүлүшү же азайтылышы мүмкүн.
8.7. Үлүштүк фонддун наркын көбөйтүү кошумча үлүштөрдү кошуу же кооперативдин төлөмдөрүнүн эсебинен үлүштүк төгүмдөрдүн наркын көбөйтүү жолу менен ишке ашырылат.
8.8. Кооперативдин үлүштүк фондунун өлчөмү азайган учурда анын кредиторлору аталган өзгөртүүлөр киргизилгенден тартып бир ай ичинде ушул туурасында кат жүзүндө кабарланууга тийиш. Үлүштүк фонддун өлчөмү азайтылганы жөнүндө билдирүү жарыялангандан кийин 6 айдын ичинде кооперативге талап коюшкан кредиторлордун дооматтары канааттандырылууга тийиш.
9. Кооперативге мүчөлүк токтогондо кооперативдин
мүчөлөрүнө пайлык акыларын (үлүштөрдү) берүүнүн
мөөнөтү жана тартиби
9.1. Кооперативге мүчөлүк токтотулган учурда кооперативдин мүчөсүнө үлүштүн наркы кайтарылат же анын үлүшүнө барабар мүлк берилет, ошондой эле ага тиешелүү башка төлөмдөр берилет, бирок бул анын кооперативге мүчөлүгү токтотулган финансылык жыл аяктагандан кийин үч айдан кечиктирбестен ишке ашырылат. Мында, эгерде үлүштүк төгүмдү өткөрүп берүү жөнүндө келишимде башкача каралбаса кооперативге мүчөлүгүн токтоткон жак үлүштүк төгүм катары өзү кошкон мүлктүк объектини берүүнү талап кылууга акысы жок.
9.2. Үлүштүк төгүмдү кооперативдин мүчөсү болбогон адамга өткөрүп берүүгө кооперативдин макулдугу менен гана жол берилет. Мындай учурда кооперативдин мүчөлөрү ушул үлүштүк төгүмдү сатып алууга артыкчылык укугунан пайдаланышат. Өзүнүн үлүштүк төгүмүн кооперативдин башка мүчөсүнө өткөрүп берген кооперативдин мүчөсү арыз жазгандан тарта 12 ай мөөнөт өткөнгө чейин өзүнүн мүчөлүгүн токтотууга укуктуу.
9.3. Кооператив өзүнөн чыгып жаткан мүчөсү менен эсептешүүдө ушул адамга төлөнө турган суммадан кооперативдин аласаларын кармап калууга укуктуу.
10. Кооперативдин кирешелерин
жана чыгашаларын бөлүштүрүү
10.1. Кооперативдин таза кирешеси бардык салыктар төлөнгөндөн кийин кооперативдин карамагында калат жана кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими менен бөлүштүрүлөт.
10.2. Кооперативдин кирешесин бөлүштүрүү тартиби аткаруучу орган тарабынан сунушталууга жана финансылык жыл аяктагандан кийин 3 айдын ичинде кооперативдин жылдык жалпы чогулушунда бекитилүүгө тийиш.
10.3. Кооперативдин таза кирешесин пайдалануу жөнүндө чечим кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда кабыл алынышы керек. Андай чечим кабыл алынганга чейин башкарма кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун бекитүүсүнө кооперативдин жылдык отчетун, балансын, кирешелердин жана чыгашалардын эсеп-кысабын берүүгө тийиш. Башкарма ошондой эле жалпы чогулушка кооперативдин кирешесин пайдалануу боюнча сунушун бериши, ушул сунуш финансылык натыйжасы жана кооперативдин кредиторлордун жана мүчөлөрдүн алдындагы милдеттенмелери жагынан өзүн актаарын ырастоого тийиш.
10.4. Эгерде кооперативдин жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынган чечим кооперативдин кредиторлорго береселерди мөөнөтү келгенине жараша төлөө жөндөмүнө таасирин тийгизсе, анда мыйзамсыз бөлүштүрүлгөн киреше кооперативге алардын мүчөлөрү тарабынан кайра берилүүгө тийиш.
10.5. Кооперативдин иш процессинде пайда болгон чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул уставда каралган тартипте кооперативдин каражаттарынын эсебинен орду толтурулат.
11. Кооперативдин фонддорун түзүүнүн
жана пайдалануунун тартиби
11.1. Кооперативдин бөлүнгүс фондун түзүү жөнүндө чечим кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда анда катышкан мүчөлөрдүн үчтөн экиден кеми эмесинин добушу менен кабыл алынат.
11.2. Таза кирешенин эсебинен төмөнкүдөй фонддор түзүлөт:
- өндүрүштү өнүктүрүү;
- социалдык камсыздандыруу;
- өзгөчө кырдаалдар үчүн;
- резервдик;
- бөлүнгүс;
- мыйзамда тыюу салынбаган башка фонддор.
11.3. Өндүрүштү өнүктүрүү фонду өндүрүлгөн продукциянын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) атаандаштык жөндөмдүүлүгүн, өндүрүштүк-айыл чарбалык өсүшүнүн келечегин, капиталдык салымдардын натыйжалуулугун жана кооперативдин кирешелүүлүгү өсүшүн камсыздоо үчүн пайдаланылат.
11.4. Социалдык камсыздандыруу фонду кооперативдин ишке жарактуулугунан убактылуу ажыраган кызматкерлерине мыйзамда каралгандан тышкары кошумча төлөө, санаторийлерге жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомолорду төлөп берүү, кооперативдин мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун кошумча камсыздандыруу максатында түзүлөт.
11.5. Өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд өзгөчө кырдаалдарда тарткан зыянды жабууга арналган.
11.6. Резервдик фонддун каражаты өзгөчө кырдаалдарда тарткан зыянды жабуудан тышкары кооперативдин башка муктаждыктарын камсыздоого жумшалат.
11.7. Кооперативдин бөлүнгүс фонду болушу мүмкүн. Бөлүнгүс фонд кооперативдин мүлкүнүн белгилүү бөлүгү, ал кооперативдин мүчөлөрүнүн пайларына киргизилбейт.
12. Кооперативдин башкаруу органдары
12.1. Кооперативдин башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы чогулуш;
- кооперативдин кеңеши (эгер кооперативдин мүчөлөрүнүн саны 50дөн ашса милдеттүү түрдө түзүлөт);
- башкарма;
- текшерүү комиссиясы.
13. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу
13.1. Кооперативдин жалпы чогулушу кооперативди башкаруунун жогорку органы болот жана кооперативдин ишине байланышкан бардык маселелерди чечүүгө, анын ичинде кооперативдин кеңешинин жана башкармасынын чечимдерин бекитүүгө же жокко чыгарууга укуктуу.
13.2. Төмөнкү маселелер кооперативдин жалпы чогулушунун гана компетенциясына кирет:
1) кооперативдин уставын бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2) кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана түшүрүү, алардын иши жөнүндө отчетторду угуу жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу;
3) кооперативдин аткаруу органын түзүү жана бошотуу;
4) кооперативдин текшерүү комиссиясын шайлоо;
5) кооперативди өнүктүрүү программаларын, жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү, кирешелерди бөлүштүрүү жана кооперативдин чыгымдарына байланыштуу маселелерди кароо;
6) кооперативдин мүчөлөрү төгүүчү үлүштүк төгүмдөрдүн жана башка төлөмдөрдүн курамын, өлчөмүн жана аларды төлөөнүн тартибин аныктоо;
7) кооперативдин мүчөлөрүнө акча каражаттарды карызга берүүнүн өлчөмүн жана тартибин бекитүү;
8) кооперативдин кыймылсыз мүлкүн кооперативдин уставында аныкталган нарктан ашык нарк боюнча башка жактарга берүү маселесин чечүү;
9) кооперативдин фондун түзүү, алардын түрлөрүн, өлчөмүн жана түзүү шарттарын аныктоо;
10) кооперативди өзгөртүп түзүү жана жоюу;
11) кооперативдин башка кооперативдерге, чарбалык шериктештиктерге жана коомдорго, кошундарга, ассоциацияларга кирүүсү, ошондой эле алардан чыгуусу;
12) кооперативдин өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын түзүү жана жоюу;
13) кооперативдин мүчөлөрүн кабыл алуу же чыгаруу жөнүндө акыркы чечим;
14) кооперативдин уставында каралган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка маселелер.
13.3. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу эгерде ага кооперативдин мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышса мыйзамдуу болот. Эгер жалпы чогулушка кооперативдин мүчөлөрүнүн зарыл саны катышпаган болсо, ал чогулуш биринчи чакырылган күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кайра чакырылат. Кайра чакырылган чогулушта кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы санынын теңинен аз эмеси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
13.4. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда добуш берүү “кооперативдин бир мүчөсү – бир добуш” принциби боюнча жүрөт.
13.5. Кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун гана компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдер Кыргыз Республикасынын “Кооперативдер жөнүндө” Мыйзамында жана ушул уставда каралган тартипте кабыл алынат.
13.6. Добуш берүүдө добуштарды эсептөө үчүн кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу кооперативдин мүчөлөрүнүн ичинен эсептөө комиссиясын шайлайт.
13.7. Эгерде кооперативдин үлүшү бир нече жактын жалпы үлүштүк менчигинде болсо, анда кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда добуш берүү ыйгарым укугу алардын ылайык көрүүсү боюнча жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын бири же алардын жалпы өкүлү тарабынан жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн адамдардын ар биринин ыйгарым укуктары тийиштүү түрдө таризделиши керек.
13.8. Кооперативдин мүчөлөрүнүн кезектеги жалпы чогулушу кооперативдин башкармасы тарабынан чакырылат жана жыл сайын анын ички актыларында аныкталган мөөнөттө, бирок финансылык жыл аяктагандан кийин 3 айдан кечиктирбестен чакырылат.
13.9. Кооперативдин мүчөлөрүнүн кезексиз жалпы чогулушу төмөнкү учурларда чакырылат:
- кооперативдин башкармасы (төрагасы) тарабынан өз демилгеси боюнча;
- кооперативдин кеңешинин чечими боюнча;
- кооперативдин текшерүү комиссиясынын талабы боюнча;
- кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 10 пайыздан кем эмесинин талабы боюнча.
13.10. Кооперативдин мүчөлөрүнүн кезексиз жалпы чогулушу кооперативдин башкармасы (төрагасы) тарабынан ушундай талап билдирилген же кооперативдин кеңешинин чечими түшкөн күндөн тартып 20 күндүн ичинде чакырылууга тийиш.
Мындай болбогон учурда ушундай талапты билдиришкен кооперативдин кеңеши, кооперативдин текшерүү комиссиясы же кооперативдин мүчөлөрү кооперативдин мүчөлөрүнүн кезексиз жалпы чогулушун өз алдынча чакырууга укуктуу.
13.11. Кооперативдин бардык мүчөлөрү кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу өткөрүлчү күнгө 15 күн калгандан кечиктирбестен кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун компетенциясына кирген маселелердин алдыда каралаары жөнүндө милдеттүү түрдө кабарланат.
Бул талап бузулган учурда кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими мыйзамсыз болуп эсептелет.
13.12. Кооперативдин ар бир мүчөсү чогулушта өзү же ишеним каты бар өкүлү аркылуу катышууга укуктуу. Эгерде кооперативде мүчөлөрдүн саны 20га чейин болсо, бир өкүл бир мүчөдөн ашык жактын кызыкчылыгынын атынан чыга албайт, эгерде кооперативдин мүчөлөрү 20дан ашса, бир өкүл кооперативдин мүчөлөрүнүн 3төн ашыгынын кызыкчылыгынын атынан чыга албайт. Кооперативдин мүчөсү гана өкүл боло алат.
13.13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле кооперативдин уставын бузуу менен кабыл алынган кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте сотко даттанууга болот.
13.14. Чогулуштун күн тартибиндеги маселелер боюнча кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда добуш берүү үчүн бюллетендер аркылуу жүргүзүлөт.
13.15. Добуш берүү бюллетенинин мазмунун кооперативдин кеңеши же аткаруучу орган бекитет (эгер кооператив ишин кооперативдин кеңешин түзбөстөн жүргүзсө). Добуш берүү бюллетени кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна катышуу үчүн катталган кооперативдин мүчөсүнө (анын өкүлүнө) берилет;
13.16. Добуш берүү бюллетени төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- кооперативдин аталышы;
- кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу өткөрүлө турган жер, күн жана убактысы;
- добушка коюлган ар бир маселенин баяндалышы жана алардын каралыш кезеги;
- добушка коюлган ар бир маселе боюнча “макул”, “каршы” жана “добуш берген жок” туюнтмалары менен билдирилген добуш берүү варианттары.
Кооперативдин кеңешинин, аткаруу органынын же текшерүү комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө маселе боюнча добуш берилген учурда добуш берүү үчүн бюллетенде талапкердин (талапкерлердин) фамилиясы, аты, атасынын аты көрсөтүлүү менен ал жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.
13.17. Күн тартибине коюлган ар бир маселе боюнча добуш берүү үчүн өзүнчө бюллетень пайдаланылат, ал эсептөө комиссиясына эсептөө үчүн тапшырылат. Добуш берүүчү тарабынан добуш берүүнүн мүмкүн болгон варианттарынын бири гана калтырылган добуштар жарактуу деп эсептелет. Жогоруда айтылган талапты бузуу менен толтурулган бюллетендер жараксыз деп эсептелет жана аларда көрсөтүлгөн маселелер боюнча берилген добуштар эсепке алынбайт.
14. Кооперативдин кеңеши
14.1. Кооперативдин кеңеши жалпы чогулуш тарабынан шайланган кооперативдин үчтөн кем эмес мүчөсүнөн турууга тийиш.
14.2. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жалпы чогулуштун чечими боюнча жана алар шайланган мөөнөт бүтө электе да токтотулушу мүмкүн.
14.3. Кооперативдин кеңеши кооперативдин аткаруу органынын ишин контролдойт.
14.4. Кооперативдин кеңешинин жыйындары зарылчылыкка жараша, бирок 3 айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана анын мүчөлөрүнүн үчтөн экиден аз эмеси катышканда чечим кабыл алууга укуктуу.
14.5. Кеңештин жыйындарында чечимдер ушул уставдын 14.6-пунктунун 3-пунктчасында аталган жана чечими кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмесинин добушу менен кабыл алынчу маселелерден башкасында көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
14.6. Кооперативдин кеңешинин компетенциясына төмөнкү маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу кирет:
1) үлүштүк төгүмдөрдүн акчалай баасын бекитүү;
2) кооперативге мүчөлүккө кабыл алуу жана кооперативге мүчөлүктөн чыгуу жөнүндө арыздар боюнча корутундуларды берүү;
3) кооператив тарабынан бүтүмдөрдү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата кооперативдин активдеринин баланстык наркынын өлчөмүнөн ашык нарктагы кыймылсыз мүлкүнө тиешелүү (күрөөгө коюу, ижарага берүү, башкаруу ишенимин артуу ж.б.) бүтүмдөрдү бекитүү.
14.7. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүнө кооперативдин ишинин алкагында өз иш милдеттерин аткарганы үчүн кандайдыр бир акы алууга тыюу салынат.
Сметада каралбаган жана өзүнүн милдеттерин аткарууда тарткан чыгымдар кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде орду толтурулат.
14.8. Кооперативдин кеңешинин мүчөсү башкарманын мүчөсү же текшерүү комиссиясынын мүчөсү боло албайт.
15. Кооперативдин кеңешинин компетенциялары
15.1. Кооперативдин кеңеши кооперативдин аткаруу органынан анын иши жөнүндө отчет талап кылууга, ошондой эле кооперативдин документтери менен таанышууга, кооперативдин кассасынын абалын текшерүүгө, инвентаризация жүргүзүүгө, ошондой эле кооперативдин уставында жана ички актыларында аныкталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга укуктуу.
15.2. Кооперативдин кеңеши бухгалтердик баланстын, жылдык отчеттун, кооперативдин жылдык кирешесин бөлүштүрүү же жылдык дефицитти жабуу чаралары жөнүндө сунуштар боюнча корутундулардын текшерилишине жооптуу.
Текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө кооперативдин кеңеши бухгалтердик баланс кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда бекитилгенге чейин кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна билдирүүгө милдеттүү.
15.3. Кооперативдин кеңеши кооперативдин ишине аудитордук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
15.4. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын башка адамдарга өткөрүп берүүгө укуксуз.
15.5. Кооператив тарабынан кеңештин мүчөлөрүнө доо талаптар коюлган учурда кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу менен ыйгарым укук берилген адам кооперативдин таламдарынан чыга алат.
15.6. Кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерин аткарбагандыктан же талаптагыдай аткарабагандыктан, мыйзамсыз бүтүмдөрдү жасагандыгынан, ошондой эле алар уставды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыктан келтирилген зыяндар алар тарабынан сот тартибинде ордуна коюлат.
16. Кооперативдин аткаруу органы
16.1. Кооперативдин башкармасы кооперативдин учурдагы ишин жүргүзгөн жана чарбалык жана башка мамилелерде анын атынан чыккан аткаруу органы болот.
Башкарма кооперативдин кеңешине жана кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна отчет берет.
16.2. Кооперативдин аткаруу органын түзүү жана чакырып алуу кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу аркылуу ишке ашырылат. Мүчөлөрүнүн саны 50гө чейин болгон кооперативдерде башкарманын мүчөлөрү үчтөн кем болбошу, мүчөлөрүнүн саны 50дөн ашкан кооперативдерде башкарманын мүчөлөрү жетиден ашпашы керек.
16.3. Кооперативдин башкармасынын мүчөлөрү кайсы мезгилде болбосун кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда же кеңешинин жыйынында ушул уставдын 16.2-пунктунун талаптарына ылайык өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши мүмкүн.
16.4. Башкарманы кооперативдин башкармасынын төрагасы жетектейт.
16.5. Кооперативдин мүчөлөрү болбогон адамдар деле башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү боло алышы мүмкүн.
16.6. Кооперативдин ишин оперативдүү жетектөө, кооперативдин башкармасынын мүчөлөрүн жана (же) төрагасын шайлоо (дайындоо) жана иш милдеттерин аткаруудан четтетүү, башкарманын курамын өзгөртүү, ыйгарым укуктар, шайлоо мөөнөтү, башкарманын мүчөлөрүнүн жана анын төрагасынын милдеттери жаатындагы маселелер кооперативдин уставы жана анын ички документтери аркылуу аныкталат.
16.7. Кооператив тарабынан башкарманын мүчөлөрүнө доо коюлган учурда кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу ыйгарым укук берген адам кооперативдин кызыкчылыгынан чыга алат.
17. Кооперативдин ишин ревизиялык текшерүү
17.1. Кооперативдин финансылык жана чарбалык ишин контролдоо үчүн кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу кооперативдин эки мүчөсүнөн кем эмес курамдагы ревизия комиссиясын шайлайт. Кооперативдин ревизия комиссиясынын мүчөлөрү кооперативдин кеңешинин жана аткаруу органынын мүчөлөрү боло алышпайт.
17.2. Уурулук кылганы, пара алганы жана башка өз пайдакечтик кылмыштары үчүн соттолгондугу мыйзамда аныкталган тартипте алып салынбаган (же жоюла элек) адамдар кооперативдин ревизия комиссиясынын курамына кире алышпайт, ошондой эле материалдык жоопкерчилиги бар башка кызматтарды ээлей алышпайт.
17.3. Ревизия комиссиясы (ревизор) кооперативдин мүчөлөрүнүн таламдарын кысууга, кооперативдин ишинин начарлашына же анын банкроттугуна алып келиши мүмкүн болуучу мыйзам бузуулардын алдын-алуу максатында кооперативдин финансылык-чарбалык ишин текшерет, ошондой эле кооперативдин бүткүл ишинин ченемдик укуктук актыларга ылайыктыгын текшерет. Ревизия комиссиясы текшерүүгө квалификациялуу адисти тартууга укуктуу.
17.4. Кооперативдин ревизия комиссиясы (ревизор) кооперативдин финансылык жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча финансылык абалын текшерет, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун, кооперативдин кеңешинин тапшырмасы же кооперативдин мүчөлөрүнүн он пайызынан кем эмесинин талабы, ошондой эле өз демилгеси боюнча кооперативдин финансылык-чарбалык ишин текшерет.
17.5. Кооперативдин ревизия комиссиясынын мүчөлөрү (ревизор) кооперативдин кызмат адамдарынан текшерүү үчүн зарыл документтерди берүүнү талап кылууга укуктуу.
17.6. Кооперативдин ревизия комиссиясы (ревизор) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кооперативдин башкармасына жана кооперативдин кеңешине кат жүзүндө корутунду берет.
17.7. Кооперативдин ишин ревизиялык текшерүүнүн жыйынтыгы 7 күндүн ичинде кооперативдин башкармасынын биргелешкен жыйынында каралат, андан кийин кооперативдин мүчөлөрүнүн кезексиз же кезектеги жалпы чогулушунда каралат.
18. Эсеп-кысап жана отчет
18.1. Кооператив тиешелүү тартипте бухгалтердик отчетту, ошондой эле кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулуштарынын, башкарманын жана кеңештин жыйындарынын протоколдорун жүргүзүүгө милдеттүү. Кооператив ар бир мүчөсүнө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен жеке эсепти жүргүзүүгө тийиш: кооперативге мүчө жеке адамдар үчүн – фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, паспорттук маалыматтары, өзүнүн колу жана үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмү; кооперативге мүчө юридикалык жактар үчүн – алардын аталыштары, жайгашкан жери, банктык реквизиттери ж.б.
18.2. Кооператив жылдык отчетто жана бухгалтердик баланста камтылган маалыматтардын тууралыгы үчүн, ошондой эле мамлекеттик органдарга, кооперативдин мүчөлөрүнө берилчү жана расмий басма органдарга жарыяланчу маалыматтардын тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
18.3. Кооператив бухгалтериялык жана операциялык-эксплуатациялык отчетторду, ошондой эле статистикалык эсеп жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында талап кылынган документтерди тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте берет.
18.4. Финансылык жыл кооператив мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып башталат жана ошол календарлык жылдын 31-декабрында бүтөт. Кийинки финансылык жылдар календарлык жылга туура келет.
18.5. Кооперативдин ишинин эсеп-кысабы кооперативдин максаттарына жана милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.
18.6. Башкарманын төрагасы, башкы бухгалтер бухгалтердик эсептин жана отчеттун жүргүзүлүшү жана тууралыгы үчүн жеке жоопкерчиликте болушат.
19. Кооперативди өзгөртүп түзүүнүн жана
жоюунун тартиби жана шарттары
19.1. Кооперативдин иши ал жоюлган же өзгөртүп түзүлгөн учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерде токтотулат.
19.2. Кооперативди өзгөртүп түзүү (биригүү, кошуу, бөлүү, бөлүнүп чыгуу, өзгөртүп түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул уставга ылайык жүргүзүлөт.
19.3. Кооперативди өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кооперативдин жалпы чогулушунда кабыл алынат, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү аныкталат.
19.4. Кооператив төмөнкүдөй учурларда жоюлушу мүмкүн:
а) кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда соттун чечими боюнча.
19.5. Жоюлуп жаткан кооперативдин кредиторлорунун талаптарын канааттандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган кезекте жүргүзүлөт.
19.6. Кооператив ыктыярдуу жоюлган учурда жоюу комиссиясы кооперативдин жалпы мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда, ал эми соттун чечими боюнча жоюлган учурда – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте дайындалат.
19.7. Кооперативдин иши токтотулганын каттоо датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы