19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Дыйкан чарбанын Tиптүү уставы


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-январындагы
№ 31 токтому менен
бекитилген
Дыйкан чарбанын
ТИПТҮҮ УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
2. Дыйкан чарбанын укуктары жана милдеттери
3. Дыйкан чарбанын ишинин предмети жана максаты
4. Дыйкан чарбанын жер участогу, менчиги жөнүндө маалыматтар
5. Башкаруу органдары, чечимдерди кабыл алуу тартиби
6. Дыйкан чарбанын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар
7. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
8. Дыйкан чарбанын жаңы мүчөлөрүн кабыл алуу жол-жобосу
9. Кирешелерди жана чыгашаларды бөлүштүрүү
10. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн анын курамынан чыгышынын тартиби
жана шарттары
11. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн чарбанын милдеттенмелери боюнча
жоопкерчилиги жөнүндө жобо
12. Ишти токтотуунун тартиби жана шарттары
1. Жалпы жоболор
1.1 Дыйкан чарбанын мамлекеттик тилде толук аталышы: “_____________________________________________________” дыйкан чарбасы.
Дыйкан чарбанын расмий тилде толук аталышы: Крестьянское хозяйство “____________________________________________________________________”.
Дыйкан чарбанын мамлекеттик тилде кыскартылган аталышы: “_________________________________________________________________” ДЧ.
Дыйкан чарбанын расмий тилде кыскартылган аталышы: КХ “____________________________________________________________________”.
1.2. “____________________________________” дыйкан чарбасы (мындан ары – дыйкан чарба) өз ишин базар экономикасынын принциптеринде жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставга ылайык аракеттенет.
1.3. Дыйкан чарбанын жайгашкан жери: _____________________________ ______________________________________________________________________.
1.4. Дыйкан чарба Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн мезгилден тарта юридикалык жак болуп саналат.
1.5. Дыйкан чарба – дыйкан чарба түрүндө түзүлгөн коммерциялык уюм болот, анын иши көбүнчө айыл чарба продукциясын чогуу өндүрүшкөн бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн, туугандардын жана башка адамдардын эмгегине негизделет, ал дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө менчик укугунда таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участоктун жана башка мүлктүн негизинде түзүлөт.
Дыйкан чарбасында жалданып иштеген, дыйкан чарбасы менен эмгектик мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынчу жарандар дыйкан чарбанын курамына кирбейт.
Дыйкан чарбанын иштөө мөөнөтү – чектелбейт.
1.6. Дыйкан чарба мамлекеттик каттоодон өткөн мезгилден тарта иштин мыйзамда тыюу салынбаган түрлөрүн жүргүзүү үчүн зарыл граждандык укуктарды жана милдеттерди алат. Ал уюштуруу документтерине ылайык бүтүмдөрдү түзүү укугуна ээ болот. Дыйкан чарба дыйкан чарбанын аракетке жөндөмдүү мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда бекитилген ушул уставдын жана дыйкан чарбаны түзүүнүн тартибин жана анын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүнүн тартибин аныктаган келишимдин негизинде аракеттенет.
1.7. Дыйкан чарба өзүнүн милдеттенмелери боюнча мүлктүк жоопкерчиликти дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда аныкталган тартипте өзүнүн мүлкү аркылуу тартат.
1.8. Дыйкан чарба аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде түшүрүлгөн тегерек мөөргө жана штамптарга ээ.
2. Дыйкан чарбанын укуктары жана милдеттери
2.1. Дыйкан чарба төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштердин бардык түрлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул уставда белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- чарбалык ишти өз алдынча уюштурууга, анын багытын жана түрлөрүн аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана уставда белгиленген тартипте жана шарттарда мүлктү менчиктөөгө, сатып алууга же башка түрдө алууга, сатууга, күрөөгө коюуга жана башка мүлктүк укуктарды ишке ашырууга;
- эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүн, көп жылдык мөмө-жемиш, декорациялык жана башка өсүмдүктөрдү, турак-жайды, өндүрүштүк, маданий-турмуш тиричиликтик жана башка курулуштар менен курулмаларды менчиктөөгө;
- бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле уставда белгиленген максаттарга жетүү үчүн керектүү бардык укуктарын ишке ашырууга;
- карызга каражат алууга;
- кеңири таралган пайдалуу казындылардын жер участогундагы майда кендерин, суу объекттерин чарбалык керектөөлөрү үчүн жалпы негизде пайдаланууга, ошондой эле жердин башка пайдалуу касиеттерин пайдаланууга;
- жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген имараттарды жана курулуштарды Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө мыйзамдарын, архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) аткаруу менен курууга;
- өндүргөн продукцияны жана аны сатуудан алынган кирешени өз алдынча тескөөгө;
- белгиленген тартипте көмөкчү иштерди жүргүзүүгө жана айыл чарба продукциясын иштетүүгө;
- мыйзамда тыюу салынбаган кооперативдерди жана ассоциацияларды, бирикмелерди, кошуундарды түзүүгө катышууга жана аларга карата өзүнүн укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырууга;
- дыйкан чарбанын резервдик жана башка фондуларын түзүүгө, каражаттарды банктарга жана кредиттик мекемелерге, баалуу кагаздарга жана башка мүлккө салууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тышкы экономикалык иш жүргүзүүгө;
- дыйкан чарбаны өзгөртүп кайра түзүүгө же жоюуга;
- дыйкан чарбанын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
2.2. Дыйкан чарбанын милдеттери:
- жерди анын максаттуу багытына ылайык натыйжалуу пайдалануу, кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу, айыл чарба өндүрүшүнүн заманбап технологиясын колдонуу, өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасы менен экологиялык абалды начарлатпоо, жерди коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу;
- жер салыгын же жер үчүн ижара акысын өз убагында төлөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөп туруу;
- жанаша жер участоктордун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктарын бузбоо;
- жер участогунда курулуш курууда колдонуудагы архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо;
- жер, токой, суу жана башка жаратылыштык ресурстарды пайдалануунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин сактоо.
3. Дыйкан чарбанын ишинин предмети жана максаты
3.1. Дыйкан чарбасы киреше алуу максатын көздөйт. Анын негизги ишинин предмети ар кыл айыл чарба продукциясын өндүрүү болот.
3.2. Дыйкан чарба иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзөт:
- малчылык, мал багуу;
- эт жана сүт продукция өндүрүү;
- айыл чарба продукциясын иштетүү жана сатуу;
- талаачылык, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- калкка акы алып көрсөтүлчү кызматтардын номенклатурасын жана сапатын кеңейтүү, келечектеги суроо-талапты изилдөө;
- калкка турмуш-тиричилик кызматтарынын айрым түрлөрүн көрсөтүү;
- көмөкчү чарба жүргүзүү;
- азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды сатуу боюнча чекене соода түйүнү;
- аукциондорду, жарманкелерди, көргөзмө-сатыктарды уюштуруу;
- чарбалык коммерциялык иштин мыйзамда тыюу салынбаган башка түрлөрү.
3.3. Иштин ушул уставдын 3.2-пунктунда көрсөтүлгөн, уруксат талап кылынган түрлөрү боюнча өз ишин дыйкан чарба Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан берилчү лицензиялардын негизинде жүргүзөт.
4. Дыйкан чарбанын жер участогу,
менчиги жөнүндө маалыматтар
4.1. Эгерде алардын ортосундагы келишимде башкача белгиленбесе, дыйкан чарбанын мүлкү анын мүчөлөрүнө мүлктүк үлүшүн көрсөтүү менен жалпы биргелешкен менчик укугунда таандык болот.
4.2. Дыйкан жер участокторун, турак үйлөрдү, чарбалык курулуштарды, жер участогундагы дарактарды, продукт берүүчү жана жумушчу малды, канаттууларды, айыл чарба техникасын жана шаймандарды, транспорт каражаттарын жана анын мүчөлөрү тарабынан келишимдин негизинде берилген башка мүлктү, ошондой эле чарба үчүн анын мүчөлөрүнүн жалпы каражаттарына сатып алынган башка мүлктү менчиктей алат.
4.3. Дыйкан чарба өзүндө өндүрүлгөн продукцияга, ошондой эле аны сатуудан түшкөн кирешеге карата менчик укугуна ээ болот, ал аларды өз каалоосу боюнча пайдаланат.
4.4. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жеке эмгектик кирешелери жана топтогон каражаттары, ошондой эле алар өз каражаттарына сатып алышкан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздер боюнча алышкан жана чарбанын менчигине өткөрүлүп берилбеген мүлкү ошол адамдын менчиги болот.
4.5. Дыйкан чарбанын мүлкү мыйзам боюнча же керээзде көрсөтүлгөн мурасчылар болуп эсептелген адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мураска өтөт.
4.6. Дыйкан чарбанын уставында жер участогу жана башка мүлкү жөнүндө маалыматтар камтылат (маалыматтар укук берүүчү жана укугун ырастоочу документтер боюнча көрсөтүлөт).
4.7. Дыйкан чарбанын жер участогуна болгон укук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда токтотулат.
5. Башкаруу органдары, чечимдерди кабыл алуу тартиби
5.1. Дыйкан чарбанын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
5.1.1. Башкаруунун жогорку органы дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу болот, чогулуш дыйкан чарбанын ишине байланышкан бардык маселелерди чечет. Дыйкан чарбанын жалпы чогулушу жылдык же кезексиз болушу мүмкүн.
Жалпы чогулуштун гана компетенциясына кирген маселелер дыйкан чарбанын аткаруучу органына тапшырылышы мүмкүн эмес. Дыйкан чарбанын жалпы чогулушу эгерде ага анын мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмеси катышса укуктуу болот.
5.1.2. Аткаруу органы – Дыйкан чарбанын төрагасы. Дыйкан чарбанын жалпы чогулушунун гана компетенциясына киргенден башка бардык маселелерди чечүү дыйкан чарбанын башчысынын ыйгарым укугуна кирет.
5.2. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун гана компетенциясындагы маселелерге төмөнкүлөр кирет:
- дыйкан чарбанын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- дыйкан чарбаны өзгөртүп түзүү;
- дыйкан чарбаны жоюу, жоюу комиссиясын дайындоо жана мезгилдер аралык жана биротоло жоюу баланстарын бекитүү;
- дыйкан чарбанын башкаруу органдарынын курамы, компетенциясы жөнүндө жоболорду бекитүү;
- дыйкан чарбанын мүчөлөрү келишимге ылайык өткөрүп беришкен мүлктү кабыл алуу тартиби;
- дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы каражаттарына чарба үчүн мүлк сатып алуунун тартиби;
- алынган продукцияны өткөрүүдөн түшкөн кирешени бөлүштүрүү маселелери;
- дыйкан чарбанын чыгашаларына байланыштуу маселелерди кароо;
- аткаруу органын – дыйкан чарбанын башчысын шайлоо, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, дыйкан чарбанын жетекчисинин материалдык баалуулуктарды (финансылык каражаттарды жана башка өндүрүштүк каражаттарды) тескөөгө ыйгарым укуктарын же укуктарын аныктоо жана чектөө;
- дыйкан чарбанын жылдык отчетторун, бухгалтердик баланстарын, киреше жана чыгаша эсеп-кысаптарын бекитүү, анын кирешелерин жана чыгашаларын бөлүштүрүү;
- дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн чогулушунда ири бүтүм түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата дыйкан чарбанын активдеринин баланстык наркынын 50 процентинен ашкан мүлк предмети болгон ири бүтүм түзүү;
- кооперативдерди жана ассоциацияларды (кошуундарды) түзүүгө катышуу жана аларга карата өз укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүү;
- жерди, ошондой эле дыйкан чарбага жалпы биргелешкен менчик укугунда таандык болгон башка өндүрүштүк каражаттарды сатып алууга, тескөөгө (сатуу же ижарага берүүгө) байланышкан маселелерди чечүү;
- дыйкан чарбанын уставында аныкталган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка маселелерди чечүү.
5.3. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдер дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 добушу менен кабыл алынат.
5.4. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимдер ушул чогулушка катышкан да, катышпаган да бардык мүчөлөрү үчүн милдеттүү болот.
5.5. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн ортосундагы талаш-тартыштар кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан, ал эми пикир келишпестиктер болгон учурда соттук же арбитраждык тартипте чечилет. Эгерде мыйзамдын, уставдын талаптары бузулса, ошондой эле эгер ал чогулушка катышпаган же ушундай чечимдин кабыл алынышына каршы болгон болсо жана аталган чечим менен анын укуктары жана мыйзамдуу таламдары бузулган болсо дыйкан чарбанын кайсы мүчөсү болсо да дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн чогулушунда кабыл алынган чечим боюнча сотко даттанууга акылуу.
5.6. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу алардын катышуусунда гана өткөрүлөт. Дыйкан чарбанын жалпы чогулушу жылдык же кезексиз болушу мүмкүн;
Жалпы чогулуш каалаган убакта, дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн 10 проценттен ашыгынын демилгеси боюнча, ал маселе көтөрүлгөн учурдан тартып 10 күндүн ичинде чакырылышы мүмкүн.
5.7. Жалпы чогулуштун иш тартиби негизинен дыйкан чарбанын мүчөлөрү жана мүчөлөрдүн сунушу боюнча дыйкан чарбанын башчысы тарабынан түзүлөт. Дыйкан чарбанын жалпы чогулушунун күн тартиби боюнча сунуштар жазуу түрүндө киргизилет.
5.8. Дыйкан чарбанын башчысынын кызматына кандидатты көрсөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүдө, анын ичинде, өзүн көрсөткөн учурда талапкердин аты, фамилиясы, атасынын аты, иш тажрыйбасы, квалификациясы ж.б. көрсөтүлөт.
Көрсөтүлгөн кандидат аткаруучу органга шайлоо үчүн добуш берүү үчүн талапкерлердин тизмесине киргизилгендей эле, дыйкан чарбанын мүчөсү сунуш кылган маселе да күн тартибине киргизилүүгө тийиш.
5.9. Дыйкан чарбанын башчысынын маселени күн тартибине же кандидатты аткаруу органына шайлоо боюнча добуш берүү үчүн тизмеге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө негизделген чечими маселени койгон же сунуш киргизген мүчөсүнө ал чечим кабыл алынгандан үч күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт. Ал чечим боюнча сотко даттанууга болот.
5.10. Дыйкан чарбанын төрагасы – аткаруучу орган.
5.10.1. Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыккан, аракетке жарактуу кайсы жараны болсо да дыйкан чарбага башчы боло алат. Дыйкан чарбанын башчысы дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда 2 жылдан ашпаган мөөнөткө, кийин кайра шайлануу укугу менен шайланат.
5.10.2. Дыйкан чарбанын төрагасы:
- граждандар, юридикалык жактар жана мамлекеттик органдар менен болгон мамиледе дыйкан чарбанын таламынын атынан чыгат;
- чарбанын ишин уюштурат;
- дыйкан чарбанын атынан белгиленген суммалардын чегинде бүтүмдөрдү түзөт;
- ишеним кат берет;
- дыйкан чарбанын мүлкүн жана каражаттарын тескейт, ошондой эле дыйкан чарбанын ишине байланыштуу башка юридикалык иштерди жүргүзөт:
- дыйкан чарбанын бухгалтердик эсебинин бухгалтердик эсептин кыргыз стандарттарына төп келишин камсыз кылат;
- айыл чарба продукциясын өндүрүүнү уюштурат;
- дыйкан чарбада иштөөчүлөрдү жалдайт жана кызматкерлерине, дыйкан чарбада жалданып иштегендерге эмгек акы төлөйт;
- дыйкан чарбанын техникалык өнүгүүсүн камсыз кылат;
- өндүрүлгөн продукциянын баасын, сатып өткөрүлүшүн жана маркетингди аныктайт;
- негизги жана жүгүртүүдөгү капиталдын инвестициялык саясатын жүргүзөт;
- дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун кароосуна киргизүү үчүн жылдык отчетторду, кирешелердин жана чыгашалардын балансын жана эсеп-кысабын даярдайт жана дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө маалымат берет;
- жылдык жана кезексиз жалпы чогулуштун чакырылышын камсыз кылууга, дыйкан чарбанын жалпы чогулушуна катышууга милдеттүү жана жалпы чогулушта чыгып сүйлөөгө укуктуу;
- дыйкан чарбанын жалпы чогулушу үчүн күн тартибин түзөт;
5.10.3. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу жыл сайын дыйкан чарбанын башчысынын эмгек акысын жана деңгээлин аныктайт;
5.10.4. Дыйкан чарбанын башчысы эмгек акыны эки жол менен алса болот: дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда белгиленген жылдык эмгек акы же аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча акы төлөө.
Экинчи жол продукцияны сатып өткөрүүгө, өндүрүштүн өсүшүнө, кирешеге жана аткарылган иштин башка көрсөткүчтөрүнө жараша болушу жана акчалай, товар жана кызмат көрсөтүү түрүндө алынышы мүмкүн;
5.10.5. Дыйкан чарбанын башчысы дыйкан чарбанын биргелешкен мүлкүн ак ниет башкарылышы үчүн дыйкан чарбанын башка мүчөлөрүнүн алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоопкерчиликте болот.
5.10.6. Дыйкан чарбанын башчысы чарбаны башкаруу боюнча милдеттерин аткара албаган учурда же милдеттерин аткарууга андан ары мүмкүнчүлүгү болбосо дыйкан чарбанын аракетке жарамдуу мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча милдетин аткаруудан бошотулушу мүмкүн.
5.10.7. Дыйкан чарбанын башчысы өлгөн учурда чарба жүргүзүүгө укук дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда добуш берүү аркылуу чарбанын мүчөлөрүнүн бирине берилет.
5.10.8. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн ортосунда дыйкан чарбаны андан ары жетектөөгө артыкчылык укугу боюнча талаш-тартыштар алардын ар биринин дыйкан чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымын, ошондой эле дыйкан чарбаны жүргүзүүгө жөндөмүн (эмгекке жарактуулугун, кесиптик даярдыгын жана башка жагдайларды) эске алуу менен сот аркылуу чечилет.
Кызмат адамы (дыйкан чарбанын башчысы) ушул уставдын талаптарын аткарбастан түзүлгөн келишимден келип чыккан милдеттенмелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Дыйкан чарбанын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар
- _______________________________________________________________, паспортунун сериясы _____________________ , ______________________ жылы ___________________________________ тарабынан берилген, жашаган дареги: _______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________;
- _______________________________________________________________, паспортунун сериясы _____________________ , ______________________ жылы ___________________________________ тарабынан берилген, жашаган дареги: _______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________; паспортунун сериясы _____________________ , ______________________ жылы ___________________________________ тарабынан берилген, жашаган дареги: _______________________________________________________________________ ______________________________________________________________________.
7. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
7.1. Дыйкан чарбанын мүчөлөрү төмөнкүдөй мүлктүк укуктарга ээ:
- дыйкан чарбанын мүчөсү дыйкан чарбанын курамынан анын уставында каралган тартипте тоскоолдуксуз чыгууга;
- дыйкан чарбанын ишинен түшкөн кирешеден өзүнүн үлүшүнө пропорциялуу бөлүгүн алууга;
- дыйкан чарба жоюлганда кредиторлордун талаптары аткарылгандан кийин жалпы биргелешкен менчиктеги дыйкан чарбанын калган активдеринен өзүнүн үлүшүнө пропорциялуу бөлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алууга;
- өз үлүшүн (жер жана мүлктүк) жеке адамдарга жана юридикалык жактарга сатууга, мураска калтырууга же башкача жол менен берүүгө;
- үлүштүн мыйзамдуу ээлеринен мүлктү (мүлктүн бөлүгүн) алууга же менчикке алууга;
- дыйкан чарбанын мүчөсү анын калган катышуучуларынын макулдугу менен дыйкан чарбанын мүлкүндөгү өзүнүн үлүшүн өткөрүп берүүгө укуктуу;
- орток мүлктөгү үлүштү (үлүштүн бөлүгүн) башка адамга өткөрүп бергенде, өз үлүшүн (үлүшүнүн бөлүгүн) өткөрүп берген катышуучуга таандык укук толугу менен же тиешелүү бөлүгү ага өтөт. Үлүш (үлүштүн бөлүгү) өткөрүп берилген адам келишимге ылайык дыйкан чарбанын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ.
7.2. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн мүлктүк эмес укуктары:
- добуш берүү укугу менен чогулуштарга катышуу;
- дыйкан чарбанын жалпы чогулушунун күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча чыгып сүйлөө;
- дыйкан чарбанын жалпы чогулушунун күн тартибине кирген бардык маселелер боюнча добуш берүүнү сунуш кылуу;
- дыйкан чарбанын жалпы чогулушунда добушка коюлган бардык маселелер боюнча добуш берүү;
- дыйкан чарбанын жалпы чогулушунда добуш берүү укугун өз өкүлүнө ишеним кат менен өткөрүп берүү;
- жазуу жүзүндө маалымдоо менен дыйкан чарбанын кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылуу;
- эгерде жалпы чогулуш өткөрүү жөнүндө талап коюлгандан кийин жыйырма күн ичинде аны чакыруу жөнүндө жарыяланбаса, жалпы чогулушту өз алдынча чакыруу;
- дыйкан чарбанын бир мүчөсү – бир добуш принциби боюнча добуш берүү;
- жалпы чогулуштун кайсы жыйынында болсо да каршы пикирин билдирүү, түшүндүрмө берүү жана сунуш киргизүү;
- ушул уставга ылайык дыйкан чарбаны башкарууга катышуу;
- ишеним кат боюнча өзүнүн өкүлдөрүнө жалпы чогулуштун жыйындарына катышууну тапшыруу;
- жалпы чогулуштун жыйынына ишеним каттын негизинде жалпы өкүлдү жиберүү максатында биригүү;
- эгерде ушундай талап жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүү жалпы чогулуш өткөрүлгөнгө чейин 15 иш күндөн кем эмес мурдатан дыйкан чарбанын башчысына берилген болсо, дыйкан чарбанын ишине байланышкан каалаган маселени дыйкан чарбанын жалпы чогулушунун күн тартибине киргизүүнү талап кылууга акылуу;
- дыйкан чарбанын кайсы жалпы чогулушунда болсо да дыйкан чарбанын иши жөнүндө туура маалымат алуу, анын ичинде анын жыйындарынын протоколдорун жана бухгалтердик отчетторду жана башка документтерди текшерүү;
- дыйкан чарбанын финансылык жана экономикалык ишине көз каранды эмес аудитин жүргүзүүнү талап кылуу;
- уюштуруу документтерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген учурларда дыйкан чарбанын жалпы чогулушу кабыл алынган чечимдер боюнча сот тартибинде талашуу.
7.3. Дыйкан чарбанын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Дыйкан чарбанын уюштуруу документтеринин, анын ичинде ушул уставдын жана дыйкан чарбанын ишин жөнгө салган башка бардык документтердин жоболорун сактоого;
- дыйкан чарбанын иши жөнүндө дыйкан чарбанын мүчөлөрү болгондуктан билген коммерциялык сырды жана жашырын маалыматты таркатпоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жалпы чогулуштун чечимдерине ылайык башка милдеттерди аткарууга.
Дыйкан чарбанын мүчөлөрү дыйкан чарбанын милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Дыйкан чарбанын жаңы мүчөлөрүн кабыл алуу жол-жобосу
8.1. Дыйкан чарбанын жаңы мүчөсү жалпы чогулушта добуш берүү менен кабыл алынат.
9. Кирешелерди жана чыгашаларды бөлүштүрүү
9.1. Таза киреше бардык салыктар төлөнгөндөн кийин дыйкан чарбанын карамагында калат жана мүчөлөрдүн арасында дыйкан чарбанын жалпы чогулушунун чечими менен бөлүнөт.
9.2. Дыйкан чарбанын таза кирешесин пайдалануу боюнча чечим дыйкан чарбанын жалпы чогулушунда кабыл алынууга тийиш. Андай чечим кабыл алынганга чейин дыйкан чарбанын башчысы дыйкан чарбанын жылдык отчетун, балансын, кирешелеринин жана чыгашаларынын эсеп-кысабын дыйкан чарбанын жалпы чогулушунда бекитүүгө берүүгө тийиш. Дыйкан чарбанын башчысы жалпы чогулушка ошондой эле дыйкан чарбанын кирешесин пайдалануу жаатында сунушун айтууга, ушул сунуш финансылык натыйжалары жана дыйкан чарбанын кредиторлорго жана мүчөлөргө милдеттенмелери жагынан өзүн актаарын ырастоого тийиш.
Эгерде дыйкан чарбанын жалпы чогулушу кабыл алган чечим дыйкан чарбанын кредиторлорго береселерин мөөнөтүнө жараша төлөө мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизсе, анда мыйзамсыз бөлүштүрүлгөн киреше дыйкан чарбасына анын мүчөлөрү тарабынан ордуна коюлушу керек.
10. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн анын курамынан
чыгышынын тартиби жана шарттары
10.1. Дыйкан чарбанын мүчөсү өз каалоосуна жараша дыйкан чарбадан чыгууга акылуу. Мындай учурда ага үлүштүн наркы кайра берилиши же анын үлүшүнө барабар мүлк берилиши, ошондой эле келишимде каралган башка төлөөлөр жүргүзүлүшү керек. Эгерде келишимде дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн дыйкан чарбанын жалпы мүлкүндөгү үлүштөрү аныкталбаса, алардын үлүштөрү бирдей деп табылат.
Келишимде анын үлүшүнүн наркын натуралай же акчалай төлөп берүү каралышы мүмкүн. Үлүштүн өлчөмдөрү жана төлөп берүү тартиби жөнүндө талаштар сот аркылуу чечилет.
10.2. Дыйкан чарбадан мүчөлүктөн чыгууда жер участогуна болгон менчик укугу же аны пайдалануу (ижарага алуу) укугу менчик ээсине кайтат.
10.3. Дыйкан чарбанын чыгып жаткан мүчөсүнө үлүш жана башка мүлк финансылык жыл аяктагандан жана бухгалтердик баланс дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда бекитилгенден кийин берилет.
10.4. Дыйкан чарбанын мүчөсү дыйкан чарбадан анын уставы менен ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жалпы чогулуштун чечими боюнча чыгарылышы мүмкүн.
Дыйкан чарбадан чыгарылган мүчө анын үлүшүнүн наркын же анын үлүшүнө барабар мүлктү алууга, ошондой эле келишимде каралган башка төлөмдөрдү алууга жана дыйкан чарбанын жалпы мүлкүнө кошкон жер участогуна ээлик кылуу жана пайдалануу укугунун кайра алууга акылуу.
10.5. Дыйкан чарбанын мүчөсү өлгөн учурда анын мураскерлери дыйкан чарбага мүчө болуп кабыл алынышы мүмкүн. Дыйкан чарбанын өлгөн мүчөсүнүн дыйкан чарбага мүчөлүккө алынбаган жана чарбага кирүү ниетин билдирбеген мурасчыларына өлгөн мүчөнүн мүлкүнүн наркы төлөп берилет жана мураскерлер жерге менчик укугу жөнүндө күбөлүк кайра берилет.
11. Дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн чарбанын
милдеттенмелери боюнча жоопкерчилиги жөнүндө жобо
11.1. Дыйкан чарбанын юридикалык жактар менен өз ара мамилеси келишим негизинде түзүлөт.
11.2. Келишимдик милдеттенмелер аткарылбаган учурда дыйкан чарба Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мүлктүк жоопкерчилик тартат.
11.3. Юридикалык жактар жана жеке адамдар дыйкан чарбага анын укуктарынын бузууга жана чарбалык ишин жүргүзүүсүн чектөөгө байланыштуу келтирилген зыяндар жоопкерчилик тартышат. Дыйкан чарбасына келтирилген зыяндар толук көлөмдө (анын ичинде алынбай калган пайданы кошуу менен) төлөнөт. Бул маселе боюнча чыккан талаштар сотто чечилет.
12. Ишти токтотуунун тартиби жана шарттары
12.1. Дыйкан чарбанын иши ал жоюлган же өзгөртүп түзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча токтотулат.
12.2. Дыйкан чарбаны өзгөртүп түзүү (биригүү, кошуу, бөлүү, бөлүнүп чыгуу, өзгөртүп түзүү) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына жана ушул уставга ылайык жүргүзүлөт.
12.3. Дыйкан чарбаны өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим дыйкан чарбанын жалпы чогулушунда кабыл алынат, анда өзгөртүп түзүүнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
12.4. Дыйкан чарба төмөнкүдөй учурларда жоюлушу мүмкүн:
а) дыйкан чарбанын жалпы чогулушунун чечими боюнча;
б) мыйзам актыларында каралган учурларда соттун чечими боюнча.
12.5. Жоюлуп жаткан дыйкан чарбанын кредиторлорунун талаптарын канааттандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган кезекте жүргүзүлөт.
12.6. Дыйкан чарба ыктыярдуу жоюлган учурда жоюу комиссиясы дыйкан чарбанын жалпы чогулушунда, ал эми соттун токтому боюнча жоюлган учурда – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дайындалат.
12.7. Дыйкан чарбанын ишинин токтотулушун каттоо датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы