13 Бештин айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Министрликтин түзүлүш тарыхы


Кыргызстанда юстиция тутумунун тарыхы 1917-жылдын 15-ноябрынан башталат, ошондо Ташкентте жумушчулар, жоокерлер жана дыйкандар депутаттарынын Кеӊештеринин 3-крайлык съезди крайлык өкмөт түзүү жөнүндө маселени карап, анда бир нече комиссариаттар, анын ичинде юстиция комиссариаты түзүлгөн. Ошентсе да бизде юстиция тутуму Кыргызстан автономиялуу, андан соӊ союздук республика  болуп түзүлгөндөн кийин гана өз алдынча  өнүгүү жолуна түшкөн.

1927-жылдын 7-12-мартында ошондогу тарых музейинин имаратында Кыргыз АССРин түзүү съезди өтүп, анда КАССРин түзүү жөнүндө декларация кабыл алынган. Андан соӊ Борбордук Аткаруу Комитетинин биринчи сессиясы болуп, анда  БАКтин төрагасы болуп А.Орозбеков, Элдик Комиссариаттын Кеӊешинин төрагасы – Ю.Абдрахманов, ал эми юстициянын Элдик коммисары болуп Ташмухамед Худайбергенов шайланган.

КАССР юстициясынын элдик комиссариатынын 1928-жылдын 3-октябрындагы № 1 буйругу менен төмөнкүдөй штат бөлүмдөрү түзүлгөн: прокуратура бөлүмү, жалпы бөлүм, кылмыш жана жарандык иштер боюнча сот бөлүмдөрү.

КАССР Жогорку соту КАССР юстициясынын элдик комиссариатына толук баш ийген. Юстициянын элдик комиссариаты сот мекемелери, прокуратура, тергөө органдары аркылуу мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүк кылган.  Өзгөчө көӊүл негизги милдетти – тартиптин жана мыйзамдын сакталышына бурулган.

Юстициянын элдик комиссариаты төмөнкүдөй иш-милдеттерди аткарган: юридикалык мүнөздөгү буйруктарды чыгарган, мыйзам долбоорлорун даярдаган, соттук-тергөө аппаратын өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыккан жана жүргүзгөн, түзөтүү-эмгектенүү комитетин жалпы жетектеген, СССР жана РСФСР мыйзамдары боюнча корутундуларды чыгарган.

1929-жылдын 25-30-апрелинде кыргыз элинин турмушунда маанилүү тарыхый окуя болуп өткөн – КАССР экинчи республикалык съездинде республиканын биринчи Конституциясы кабыл алынган да, ал Кыргызстанда мамлекеттик түзүлүштүн негиздерин бекемдөөгө, жарандык укуктарды жана милдеттерди аныктоого кызмат кылган.

Юстиция элдик комиссариаты үчүн кадрларды даярдоо максатында алты айлык юридикалык курстар ачылган, алар андан ары такай иштей турган бир жылдык укуктук мектептерге айланган да, аны бүтүргөндөр  прокурордук, соттук-териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. 1936-жылдын ортосунда  СССР юстиция элдик комиссариатынын жана СССР Жогорку сотунун түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу  КАССР юстиция элдик комиссариатынын тутумунан  КАССР Жогорку соту, андан соӊ республикалык прокуратура бөлүнүп чыккан.

1939-жылдын  5-декабрында республикада дагы бир өтө маанилүү тарыхый жана саясий окуя  болуп өткөн – КАССР Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп өзгөртүлгөн. 1940-жылдын декабрында юстициянын элдик комиссариатынын түзүмү бекитилген. Элдик комиссариатта мурда түзүлгөн  бөлүмдөргө кошумча  текшерүү-инспекция тобу, катчылык жана архив бөлүмү түзүлгөн, ал эми юстициянын элдик комиссариатынын облустук башкармалыктары сот секторунан, кадрлар бөлүмүнөн, каржы-чарба секторунан жана катчылыктан турган.

Кыргыз ССР юстиция элдик комиссариатына төмөнкүдөй милдеттер жүктөлгөн:

1. соттор тарабынан сот түзүлүшү жөнүндө, жазык, жарандык жана процесстик кодекстердин жоболорунун аткарылышын, ошондой эле бирикккен сот практикасынын камсыздалышын  көзөмөлдөө;

2. сот тутумунун уюштурулушуна, сотторду шайлоого жана сотторду уюштуруучулук-чарбалык тейлөөгө жетекчилик кылуу;

3. сот мекемелерин көзөмөлдөө жана нускалоо;

4. өндүрүштүк-шериктештик, айылдык, кыштактык коомдук соттордун ишине жалпы жетекчилик жана көзөмөлдүк;

5. сот тарабынан шайлоо укуктарынан ажыратылган адамдардын соттук статистикасы жана эсебин алуу;

6. мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүк;

7. нотариатка жалпы жетекчилик жана көзөмөлдүк;

8. кыргыз тилинде укуктук адабияттарды басып чыгарууга жетекчилик жана даярдык;

9. Кыргыз ССР мыйзамдарынын кодификациясы боюнча ишти жүргүзүү, элдик комиссариаттын кеӊеши үчүн корутундуларды даярдоо.

Төмөнкүдөй жаӊы топтор жана бөлумдөр түзүлгөн: статистика сектору, жашыруун-шифрлөө бөлүмү жана архив. Андан ары сот органдарынын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө боюнча жана адвокатуранын жана сот аткаруучуларынын ишине жетекчилик кылуу боюнча бөлүмдөр кошумча түзүлгөн.

Кыргыз ССР юстиция элдик комиссариатынын түзүмү төмөнкүлөрдөн турган:

1. сот менемелеринин бөлүмү;

2. калкка юридикалык жардам жана сот тарабынан коргоо көрсөтүү бөлүмү;

3. нотариат бөлүмү;

4. Кыргыз ССР мыйзамдарын кодификациялоо бөлүмү;

5. кадрларды даярдоо, эсебин алуу жана бөлуштүрүү бөлүмү;

6. каржы бөлүмү.

Юстициянын элдик комиссариатынын коллегиясынын курамына элдик комиссардын орун басары, сот мекемелеринин бөлүмдөрүнүн, кадрлар бөлүмүнүн жана кодификация бөлүмүнүн башчылары киришкен.

Улуу Ата мекендик согуштун алдында Кыргыз ССРинде  юстициянын 5 облустук башкармалыктары иштеген, бирок согуш совет мамлекетинин бүткүл ишин кайра курууну жана мобилизациялоону талап кылды.

Юстиция элдик комиссариатында 1941-жылдын июлунда өткөн чукул кеӊешмеде аскердик трибуналга жана укук коргоо органдарына ооруктагы төмөнкүдөй тартип бузуулар менен күрөшүү милдеттери жүктөлгөн: аскердик өнөр жай ишканаларындагы эмгек тартибин бузуулар, аскерге даярдоо курсунан милдеттүү өткөндөн качуулар, аскердик катталуу эрежелерин бузуулар. Юстиция жана сот органдарына өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө, аскерден безүүгө, чайкоочулукка каршы багытталган иш-чаралардын комплексин өткөрүү жүктөлгөн. Ошондуктан 1942-жылдын январынан тарта юстициянын элдик комиссариаты аскердик катталуудан жана аскердик милдетин аткаруудан баш тарткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга укуктуу болгон.

1946-жылдын мартында республиканын юстиция элдик комиссариаты Кыргыз ССР юстиция министрлигине өзгөртүлүп түзүлгөн да, анын ыйгарым укуктарына мурда аныкталган иш-милдеттери кирген.

Бирок 1958-жылы көптөгөн борбордук органдар айрым функцияларды өз ара кайталап калышкандан улам борборлоштурулган башкаруу  татаалдашып кетти деген жүйө боюнча  юстиция министрлиги жоюлган жана анын ыйгарым укуктары Жогорку сотко өткөрүлүп берилген.

Юстиция министрлиги жоюлгандан кийин Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдында юридикалык комиссия түзүлүп, ал Жарандык кодекстин жоболорун иштеп чыгуу, анын беренелерин талкуулоо жана башка мыйзам актыларын кайрадан карап чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү ишин жүргүзгөн. Юридикалык комиссиянын карамагына адвокатура да өткөрүлүп берилген.

Акырындап, совет коомунун ар кыл тармактарында иш-милдеттердин көбөйүшү менен бүткүл сөюздук масштабда  ченемдик-укуктук актыларды толуктоо жана тактоо зарылдыгы чукулунан келип чыккан. Бирок жалгыз сот органдарынын жана юридикалык комиссиянын кызматкерлеринин күчү  менен ушул маселени чечүү кыйын келипп,  чыгарылган мыйзам актыларынын  сапатын жакшыртуу максатында  1970-жылы Кыргыз ССР юстиция министрлиги кайрадан түзүлгөн.

Юстиция министрлигине кайрадан  соттордун ишине жетекчилик кылуу жана координациялоо, мыйзамдарды кодификациялоо, калкка укуктук билимдерди түшүндүрүү жана пропагандалоо, нотариат, адвокатура ишин жетектөө, жарандык абал актыларын каттоо, соттук-медициналык экспертиза мекемелерин жетектөө ж.б. милдеттер жүктөлгөн.

Юстиция министрлигинин иш-милдеттерине төмөнкүлөр кирген:

- мамлекеттик, кооперативдик, коомдук уюмдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;

- укукту пайдалануу практикасын өнүктүрүү жана жакшыртуу;

- сотторду уюштуруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- кылмышка каршы күрөшүү жана мыйзамдуулукту чыӊдоо максатында социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- сот чечимдеринин жана өкүмдөрүнүн аткарылышына көзөмөлдүк жана жетекчилик;

- Кыргыз ССР мыйзамдарын кодификациялоо.

80-жылдардын аягында  өзгөчө көӊүл жарандардын саясий, социалдык-эконеомикалык жана жеке укуктарын укуктук камсыз  кылуу боюнча чараларды көрүүгө бурулган. Ушундан улам  адам укуктарын жана эркиндиктерин, басма сөз, дин тутуу  эркиндигин, ыктыярдуу коомдорду жана бирикмелерди кепилдеген мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана кароо тартибин тездетүү милдети коюлган.

1986-1990-жылдарда республиканын укуктук бүткүл тутумун  өнүктүрүү боюнча бир катар маселелер каралган.

80-жылдарда жаӊы демократиялык пайдубалдар түптөлгөн. Укуктук мамлекеттин, рынок экономикасынын, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун принциптери киргизилген.

1991-жылдын 31-августунда  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суверенитети жөнүндө декларацияны» салтанаттуу жарыялаган. Биздин өлкө өз алдынча, көз карандысыз өнүгүү жолуна түшкөн.

Эгемендүүлүккө жетишкенден кийин  Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети 1991-жылдын 15-апрелинде Кыргызстан Республикасынын юстиция министрлиги жөнүндө жобону бекиткен. Ушул мезгилден тарта кыргыз юстициясынын жаӊы тарыхы башталат. Жогоруда аталган жобого ылайык Кыргызстан Республикасынын юстиция министрлигинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр аныкталган: мыйзам актыларынын долбоорлорун даярдоо, ченемдик актылардын долбоорлорун юридикалык экспертизадан өткөрүү, мыйзамдарды иретке келтирүү жана өркүндөтүү, соттордун ишинин уюштурулушун камсыз кылуу, нотариатка, соттук-эксперттик мекемелерге, жарандык абал актыларын каттоо органдарына, эл чарбасындагы укуктук ишке  жетекчилик, калкты укуктук тарбиялоо жана юридикалык жактан бүтүндөй окутуу, ошондой эле адвокатурага жалпы жетекчилик.

Укуктук саясатты жүргүзүүдө юстиция органдарынын ролун жана жоопкерчилигин көтөрүү максатында «Кыргызстан Республикасынын юстиция органдарынын жана мекемелеринин ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргызстан  Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 16-июнундагы Жарлыгына ылайык  Кыргызстан Республикасынын юстиция министрлигине кошумча соттук-укуктук реформаны практикалык жүзөгө ашыруу, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволорунун жалпы милдеттүүлүк мүнөзгө ээ ченемдик актыларын укуктук экспертизадан өткөрүү, жарандарга жана юридикалык жактарга укуктук кызматтарды көрсөтүү боюнча иш жүргүзүүгө укук берген  лицензияларды каттоо жана жарандарга жана юридикалык жактарга  берүү, республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жана жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында  мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө иш-милдеттерин аткаруу жүктөлгөн. Ушул эле Жарлык менен Кыргызстан  Республикасынын юстиция министрлигинин карамагына  буга чейин  жергиликтүү аткаруу комитеттерине баш ийген ЖААК органдары өткөрүлүп берилген.

«Кыргыз Республикасынын юстиция органдарын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 22-ноябрындагы № 325 Жарлыгына ылайык  Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине аткаруу бийлигинин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын  юридикалык кызматтарына алардын менчигинин түрүнө карабастан  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын жүзөгө ашыруу боюнча усулдук жетекчилик кылуу жана мыйзамдардын долбоорлорун даярдоо маселери боюнча алардын кызматкерлерин окутууну уюштуруу  жүктөлгөн. Кыргыз Республикасынын юстиция министрине аткаруу бийлигинин органдарынын кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буюрмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буюрмаларын аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы фактылары боюнча жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү укугу берилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-июнундагы № 332 токтомуна ылайык  КР юстиция министрлигинин карамагына Республикалык күрөө кеӊсеси өткөрүлүп берилген, КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-апрелиндеги № 243 токтому менен  Сот экспертизаларынын  республикалык илимий-изилдөө лабораториясы Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборуна уюштурулуп түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын сот департаменти  Кыргыз Республикасынын  юстиция министрлигине караштуу Сот департаментине кайра уюштурулган.  Ушул эле жарлык менен  жазаларды аткаруу тутумун  Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү маселесин үйрөнүү маселеси коюлган.

«Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу тутумун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 24-октябрындагы Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-июнундагы № 391 токтому менен  Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жаза-аткаруу тутуму Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын сот департаменти болуп түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын сот бийлиги тутумуна өткөрүлүп берилген.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы Жарлыгы менен юстиция министрлигинин  жазаларды аткаруу жана соттолгондорду кайтаруу маселелери боюнча иш-милдеттеринин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлүп, анын карамагына жазаларды аткаруу Башкы башкармалыгы жана түзөтүү мекемелерин  жана соттолгондорду жана камакка алынгандарды кайтаруу боюнча  Департаменти өткөрүлүп берилген. Ушул эле жарлык менен Юстиция министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын карамагына  жарандык абал актыларын каттоо боюнча функциялар өткөрүлүп берилген.

Ушул мезгилде Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин органдарынын бирдиктүү тутумун анын борбордук аппараты, аймактык жана карамагындагы бөлүнүштөрү түзөт.

Юстиция министрлигинин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- мамлекеттин тиешелүү иш чөйрөсүндөгү ишин ченемдик укуктук камсыз кылуу;

- өз ыйгарым укуктарынын чегинде  адам жана жаран укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;

- аткаруу бийлик органдарынын мыйзам долбоорлоо ишинин координацияланышын камсыз кылуу;

- берилген ыйгарым укуктарынын чегинде каттоо жол-жобосун камсыз кылуу;

- соттук-эксперттик ишти уюштуруу жана жүргүзүү.

Юстиция министрлиги өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй  функцияларды аткарат:

а) ченемдерди иштеп чыгуу жана экспертизадан өткөрүү функциялары:

- мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарын түзөт жана жалпылайт, аларды  көрсөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизет жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоону жүргүзөт;

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат же даярдоого катышат;

- юстиция органдарын каржылоого тиешелүү  республикалык бюджеттин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна мамлекеттик органдар тарабынан киргизиле турган  ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун укуктук, укук коргоо жана гендердик экспертизадан өткөрөт;

- (укуктук, укук коргоо, гендердик, антикоррупциялык жана экологиялык) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун  экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн өткөрүү боюнча иш жүргүзүшкөн адамдарды жана юридикалык жактарды аккредитациялоону жүргүзөт;

- соттук-эксперттик иш жүргүзөт;

- тиешелүү тартипте укуктук маселелер боюнча  эл аралык байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт, эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун даярдоого жана экспертизадан өткөрүүгө катышат;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик тизмесин жүргүзөт;

б) координациялоо функциялары:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешиндеги туруктуу өкүлү менен эриш-аркак иштешүүнү  камсыз кылат;

- министрликтердин, административдик ведомстволордун мыйзам долбоорлоо ишин координациялайт;

- эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-усулдук жана техникалык жактан камсыз кылат;

- соттук экспертиза тармагында илимий-изилдөө ишин координациялайт;

в) жөнгө салуу функциялары:

- жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия берет;

- адвокаттык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия берет;

г) кызмат көрсөтүү боюнча функциялары:

- Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды көрсөтөт;

- коммерциялык эмес уюмдарды жана филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн), жалпыга маалымдоо каражаттарын жана саясий партияларды мамлекеттик каттоону, кайра каттоону жана алардын ишинин токтогонун каттоону жүргүзөт;

- коммерциялык эмес уюмдардын жана филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн)  жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик тизмесин жүргүзөт;

- нотариалдык иш аракеттерди жүргүзөт;

- мамлекеттик жана жеке нотариустардын мамлекеттик тизмесин жүргүзөт;

- адвокаттардын мамлекеттик тизмесин жүргүзөт;

- күрөө бүтүмдөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик тизмесин жүргүзөт;

-соттук жана тартипти сактоо органдарынын документтеринен тышкаркы Кыргыз Республикасынан чыга турган турган документтерди аппостилдөөнү жүргүзөт;

- кызыкдар адамдарга жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынан маалымат берет;

- тиешелүү тартипте сот органдарында  Юстиция министрлигинин  ыйгарым укуктарынын алкагында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгынан чыгат;

д) колдоо функциялары:

- юстиция органдарынын кадрларын тандоо, жайгаштыруу жана квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча  мамлекеттик кызмат тармагында  ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине көмөктөшөт;

- нотариустар жана адвокаттар үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштурат;

- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана адамдарга турак жай фондунан турак үйлөрүн жана батирлерди ээликтен ажыратуу боюнча комиссиянын ишин уюштурат жана техникалык жактан камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкын жүргүзөт;

- юстиция органдарынын материалдык-техникалык жактан камсыз кылынышын жана каржыланышын, анын ичинде алардын имараттарынын курулушун жана оӊдолушун уюштурат, юстиция органдарынын кызматкерлеринин материалдык жана социалдык жактан камсыз болушу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, ошондой эле юстиция органдарынын ишин уюштуруу боюнча  башка чараларды  көрөт;

- юстиция органдарында ички көзөмөлдүктүн тууралыгын жана натыйжалуулугун, каржы жана башкаруу маалыматынын ишенимдүүлүгүн жана ынанымдуулугун, ишинин  жана башкаруунун үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун, активдердин  жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын талдайт, баа берет жана байкоо жүргүзөт;

- мыйзамдарга ылайык министрликтин архивдик документтерин жыйнактоо, сактоо, эсебин алуу жана пайдалануу боюнча ишин жүргүзөт;

Министрлик мыйзамдар аркылуу жүктөлгөн башка функцияларды да аткарат.

Юстиция органдары түзүлгөндөн берки жетекчилери:

1. Худайбергенов Ташмухамед – Кыргыз АССР юстиция элдик комиссары (1927-1929-ж.ж.).

2. Жоломанов Искендер Джанузакович – Кыргыз АССР юстиция элдик комиссары (1929 -1934-ж.ж.).

3. Табельдинов Каратал – Кыргыз ССР юстиция элдик комиссары (1935-1937-ж.ж.).

4. Урицкий Анатолий Григорьевич – Кыргыз ССР юстиция элдик комиссары (1939-1940-ж.ж.).

5. Климов Сергей Алексеевич – Кыргыз ССР юстиция элдик комиссары (1940-1942-ж.ж.).

6. Али Мамедов Сафар Гусейн Заде – Кыргыз ССР юстиция элдик комиссары (1942-1943-ж.ж.).

7. Лавренков Иван Кузьмич – Кыргыз ССР юстиции министри (1945-1949-ж.ж.).

8. Ташкулов Рашид Ташкулович – Кыргыз ССР юстиция министри (1949-1952-ж.ж.).

9. Шаменов Кожоналы – Кыргыз ССР юстиция министри (1953-1958-ж.ж.).

10. Жумабаев Мухтарбек  Акматбекович – Кыргыз ССР юстиция министри (1970-1980-ж.ж.).

11. Абакиров Джумабек Абдыласович – Кыргыз ССР юстиция министри (1981-1983-ж.ж.).

12. Абдыралиев Аскар – Кыргыз ССР юстиция министри (1983-1986-ж.ж.).

13. Алымбеков Мадан – Кыргыз ССР юстиция министри (1986-1989-ж.ж.).

14. Табалдиев Бусурманкул Беркутович – Кыргыз ССР юстиция министри (1989-1991-ж.ж.).

15. Мукамбаев Усуп Мукамбаевич – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (1992-1993-ж.ж.).

16. Чолпонбаев Мукар Шалтакович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (1993-1995-ж.ж.).

17. Гутниченко Лариса Викторовна – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (1995-1998-ж.ж.).

18. Бейшеналиева Нэля Николаевна – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (1998-2001-ж.ж.).

19. Абдрахманов Жакып Токтобекович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (2001-2002-ж.ж.).

20. Нарымбаев Данияр Ильич – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (2002-ж.).

21. Осмонов Курманбек Эргешович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (2002-2004-ж.ж.).

22. Бейшеналиева Нэля Николаевна – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (2004-2005-ж.ж.).

23. Кайыпов Марат Таштанович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (2005-2008-ж.ж.).

24. Турсункулов Нурлан Жанышевич – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (2008-2009-ж.ж.).

25. Абдиев Курмантай Абдиевич – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (2009-2010-ж.ж.).

26. Салянова Аида Женишбековна – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (2010-ж. апрелинен декабрына чейин).

27. Мухамеджанов Абылай Жумакадырович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (2010-2011-ж.ж.).

28. Шыкмаматов Алмамбет Насырканович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри (2011-2015-ж.ж.).

29. Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна – Кыргыз Республикасынын юстиция министри 2015-жылдын февралдан ушул мезгилге чейин.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы