29 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобо


 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 15-декабрындагы
№764 токтому менен бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө
ЖОБО
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 1132010-жылдын 18-ноябрындагы №280,
2012-жылдын 20-февралындагы №1122013-жылдын 6-майындагы № 2402014-жылдын 23-майындагы № 2762015-жылдын 30-марты № 1682016-жылдын 29-августундагы № 4612016-жылдын 15-ноябрындагы № 589
2017-жылдын 8-февралындагы № 762017-жылдын 31-майындагы № 3142017-жылдын 14-июлундагы № 4322017-жылдын 18-сентябрындагы № 5882017-жылдын 1-ноябрындагы № 7242018-жылдын 22-октябрындагы № 4982018-жылдын 31-декабрындагы № 6662019-жылдын 30-июлундагы № 382, 2019-жылдын 5-августундагы № 4002019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
 
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык жана пробациялык иштерин аткаруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу, берилген ыйгарым укуктардын чегинде каттоону камсыз кылуучу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин органы болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Юстиция министрлиги өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын бирдиктүү системасын Юстиция министрлигинин борбордук аппараты, Юстиция министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрү түзөт.
4. Юстиция министрлиги юридикалык жак болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
 
II. Юстиция министрлигинин милдеттери
 
5. Юстиция министрлигинин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- иштин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттин ишин ченемдик укуктук жактан камсыз кылуу;
- адам жана жаран укуктарын жана эркиндиктерин өз ыйгарым укугунун чегинде камсыз кылуу;
- аткаруу бийлик органдарынын мыйзам долбоорлоо ишин координациялоону камсыз кылуу;
- берилген ыйгарым укук чегинде каттоо процедурасын камсыз кылуу;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазык жазаларын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну, пробациялык көзөмөлдү, шарттуу соттолгондорду көзөмөлдөөнү жана контролдоону, жаза мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен соттолгондорду, түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарды, ошондой эле берилген ыйгарым укуктардын чегинде пробациялык докладды түзүү боюнча функциялардын аткарылышын камсыздоо;
 
III. Юстиция министрлигинин функциялары
 
6. Юстиция министрлиги өз милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
а) ченем жаратуу жана экспертиза функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системага салуу жана кодификациялоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарын түзөт жана жалпылаштырат, аларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизет жана аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялайт;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат же даярдоого катышат;
- калкты жана жарандык абалдын актыларын, кыймылдуу мүлктү каттоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү жана анын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгат;
(абазц КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иш кагаздарды жүргүзүүсүн уюштуруу жана архив жүргүзүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткарууга багытталган мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- республикалык бюджеттин долбоорунун юстиция органдарын каржылоого тиешелүү бөлүгүн түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочу, коррупцияга каршы жана гендердик экспертиза жүргүзөт;
- укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун экспертизасын (укуктук, укук коргоо, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоону жүргүзөт;
(абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- белгиленген тартипте Юстиция министрлигинин ишинин чөйрөсүндөгү маселелер боюнча эл аралык байланыштарды өнүктүрөт, эл аралык келишимдердин долбоорлору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык келери тууралуу баа берет;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- элдик мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу үчүн демилге кылынган Мыйзам долбоорун жана демилгечи топту каттоону жүргүзөт;
б) координациялоо функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизүүчү мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү менен өз ара аракеттешүүнү камсыз кылат;
- министрликтердин, административдик ведомстволордун мыйзам долбоорлоо ишин координациялайт;
- Эл аралык гуманитардык укукту киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык жана техникалык жактан камсыз кылууну ишке ашырат;
(абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик органдардын укуктук пропагандалоо боюнча иштерин координациялайт;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү боюнча ишти координациялайт;
- пробациялык ишти координациялайт;
в) жөнгө салуу функциялары:
- жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия берүүнү жүзөгө ашырат;
- адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия берүүнү жүзөгө ашырат;
г) кызмат көрсөтүү боюнча функциялар:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтөт;
- юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоону, кайра каттоону жана иш-аракетин токтотууну каттоону жүзөгө ашырат;
- юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- нотариаттык иштерди жүргүзөт;
- мамлекеттик жана жеке нотариустардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ведомстволук нотариалдык архивди жүргүзөт;
- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттайт;
- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- сот жана укук коргоо органдарынын документтеринен тышкары, Кыргыз Республикасынан чыккан документтерге аппостиль коёт;
- кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкынан маалымат берет;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктарынын алкагында сот органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жыйналыштарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызмат адамдарынын жана чет мамлекеттердин кызмат адамдарынын аты-жөнү, колу жана бекитип берилген мөөрлөрү боюнча маалыматтар банкын түзөт;
д) камсыздоо функциялары:
- юстиция органдарынын кадрларын тандоо, жайгаштыруу жана квалификациясын жогорулатуу маселелеринде мамлекеттик кызмат жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине көмөктөшүү;
- нотариустар үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштурат;
- (төртунчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 276 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын борбордоштурулган укуктук маалыматтар банкын ишин жүргүзөт;
- юстиция органдарын материалдык-техникалык камсыз кылууну жана каржылоону, анын ичинде алардын имараттарын курууну жана оңдоону уюштурат, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун уюштурулушун камсыз кылат, юстиция органдарынын кызматкерлерин материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, ошондой эле юстиция органдарынын ишин уюштуруу боюнча башка чараларды көрөт;
- ички контролдоо системасынын шайкештигин жана натыйжалуулугун, каржылык жана башкаруу маалыматтарынын ишенимдүүлүгүн жана ынанымдуулугун, иштин жана башкаруунун натыйжалуулугун, үнөмдүүлүгүн, кайтарымдуулугун активдердин жана Юстиция органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын талдайт, баа берет жана мониторинг жүргүзөт;
- министрликтин архивдик документтерин комплектөө, сактоо, эсебин алуу жана пайдалануу боюнча ишти мыйзамдарга ылайык жүргүзөт;
- ведомстволук нотариалдык архивдин нотариалдык документтерин комплектөө, сактоо, эсебин алуу жана пайдалануу боюнча ишти мыйзамдарга ылайык жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризация боюнча Комиссиянын ишинин уюштуруучулук жана координациялык камсыздоосун жүзөгө ашырат;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу жана адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашырууга көмөктөшөт;
- өзүнүн компетенциясынын алкагында адам укуктары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын сунуштоого катышат.
7. Министрлик мыйзамдар аркылуу өзүнө жүктөлгөн башка функцияларды да жүргүзөт.
 
IV. Юстиция министрлигинин укуктары
 
8. Юстиция министрлигине өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүдөй укуктар берилет:
- аткаруу бийлик органдарынын мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарын пландоо жана аткаруу маселелерин контролдоого;
- аткаруу бийлигинин органдарынан ченемдик укуктук актыны инвентаризациялоо боюнча ишти жүргүзүүсүн талап кылууга;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн министрликтерден, административдик ведомстволордон, илимий-изилдөө жана окуу жайларынан, коомдук жана эл аралык уюмдардан адистерди же өкүлдөрдү белгиленген тартипте ишке тартууга;
- аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматты, документтерди жана материалдарды берилген ыйгарым укуктардын чектеринде суроого;
- укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте эл аралык, донордук жана коомдук уюмдардын каржылык каражаттарын тартууга;
белгиленген тартипте эл аралык кызматташтыкты жүргүзүүгө;
- өз компетенциясынын алкагында буйруктарды жана башка актыларды чыгарууга;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
- юстиция министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнча материалдарды жайгаштыруу үчүн тиешелүү тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө;
- мыйзамдарда каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 1122019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
 
V. Юстиция министрлигинин ишин уюштуруу
 
9. Юстиция министрлигин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу министр башкарат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Юстиция министрлигинде статс-катчы жана министрдин орун басарлары кызмат орундары каралган.
Статс-катчыны кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат. Министр тарабынан статс-катчыга башка функциялар жана ыйгарым укуктар жүктөлүшү мүмкүн.
Министрдин орун басарлары министрдин сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, министрге түздөн-түз баш ийишет жана министрликтин ишин жүктөлгөн милдеттенмелердин чектеринде уюштурушат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Юстиция министри:
- жеке башкаруучулук негизде Юстиция министрлигинин ишин жетектейт жана Юстиция министрлигине жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана чет өлкөлүк уюмдары менен мамиле түзүүдө Юстиция министрлигинин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Юстиция министрлигинин компетенциясына таандык маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
- министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, юстиция министрлигинин системасынын башка кызмат адамдарынын Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктарына кирген уюштуруу, кадр, каржы жана башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин компетенциясына таандык кылынган айрым функционалдык милдеттерди аткарууну статс-катчыга жүктөйт;
- номенклатурага ылайык кызматка дайындоодо Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштарды киргизет;
- ведомстволук бөлүнүштөрдүн жетекчилерин кошпогондо, статс-катчынын сунушу боюнча юстиция органдарынын системасынын мамлекеттик кызматчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн өзгөрүүсү министрликтин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана болушу мүмкүн болгон түзүмдөрүн бекитет.
Мында юстиция министрин дайындоо Юстиция министрлигинин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт;
- мыйзамдарда белгиленген эмгек акы фондунун жана министрликтин кызматкерлеринин санынын чегинде Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;
- борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө ведомстволук бөлүнүштөрдүн жоболорунун долбоорлорун сунуштайт;
- юстиция органдарынын кызматкерлерине белгиленген тартипте атайын класстык чендерди ыйгарат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогорку атайын класстык чендерди ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Юстиция министрлигинин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарды берүүгө белгиленген тартипте сунуш кылат;
- адвокаттык иш, жеке юридикалык иш жана жеке нотариалдык иштерди жүргүзгөн адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;
- Юстиция министрлигинин системасынын кызматкерлерине карата мыйзамдарда белгиленген тартиптик чара көрүүнүн түрлөрүн колдонот;
- мыйзамдарга ылайык жана Юстиция министрлигинин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана башка актыларды чыгарат, анын ичинде мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бирдикте же макулдашуу боюнча алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- юстиция органдарынын системасынын кызматкерлерин, ошондой эле Юстиция министрлигине жүктөлгөн негизги милдеттерди аткарууда көмөктөшүү көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн Юстиция министрлигинин төш белгилерин (сыйлыктарын) белгиленген тартипте уюштурат, бул төш белгилер жана алардын сүрөттөлүшү жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте бекитет, аталган адамдарды Юстиция министрлигинин төш белгилери, ардак грамоталары менен сыйлайт жана аларга мыйзамдарда каралган сыйлоонун башка түрлөрүн колдонот;
- Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн айырмалануу белгилерин, башка расмий символдорун белгилөө жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет, ошондой эле ушул айырмалануу белгилери жана башка расмий символдор жөнүндө жобону жана алардын сүрөттөлүшүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизет;
- мыйзамда каралган учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн болгон юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо жөнүндө чечимдерин кошпогондо, Юстиция министрлигинин, ошондой эле аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Юстиция министрлигине коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Юстиция министри төмөндөгүлөргө укуктуу:
- төмөнкү өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө: кызматтан бошотуу түрүндөгү жаза чарасын кошпогондо, юстиция органдарынын системасынын мамлекеттик кызматчыларын кызматтан бошотуу боюнча - статс-катчыга, юстиция органдарынын системасынын мамлекеттик кызматчыларына карата мыйзамдар менен белгиленген дисциплинардык мүнөздөгү чараларды колдонуу боюнча - статс-катчыга, аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн начальниктерине;
- Юстиция министрлигинин бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин алар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, ошол эле мезгилде аларды кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштаманы тиешелүү тартипте жөнөтүү менен он төрт күнгө иш-милдеттерин аткаруудан четтетүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
111. Статс-катчы юстиция органдарынын системасында административдик мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларды кызматка дайындоо, которуу, ротациялоо жана кызматтан бошотуу үчүн сунуштарды даярдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №1122019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Юстиция министрлигинде 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр (төрага), статс-катчы жана министрдин орун басарлары кызматы боюнча коллегия мүчөлөрү болуп эсептелет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет. Коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетектеген түзүмдүк бөлүгүнүн макулдугу менен министр бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Юстиция министрлигинин ишине коомдук мониторинг жγргγзγγ максатында консультативдик-байкоочу орган тγрγндѳгγ, коомдук башталышта иштеген Коомдук кеңеш тγзγлѳт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-марты № 1682019-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы