07 Бугу, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин регламенти


Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2022-жылдын 13-декабрындагы
№ 212 буйругуна тиркеме
 
 
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
            регламенти

1.Жалпы жоболор
 
1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобого жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык Юстиция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ишинин ички тартибин аныктайт.
2. Министрлик өз ишин төмөнкү принциптердин негизинде уюштурат:
- ачыктык;
- коомдук пикирди эске алуу;
- Министрликтин системасынын органдарын жетектөө боюнча маселелерди талкуулоодо жана чечүүдө коллегиялуулукту жана жеке башчылыкты айкалыштыруу;
- кабыл алынган чечимдерди аткарууда Министрликтин жетекчилигинин, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин белгилөө.
3. Коллегиянын, туруктуу иштеген комиссиялардын дайыма өткөрүлгөн жыйындары, министрде, министрдин биринчи орун басарында жана министрдин орун басарларында өткөрүлгөн оперативдүү кеңешмелер, Министрликтин жетекчилигинин, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин уюштуруучулук-практикалык иши аркылуу жүктөлгөн милдеттердин чечилиши камсыздалат.
4. Кабыл алынган чечимдердин жана тапшырмалардын өз убагында аткарылышы, материалдардын сапаттуу даярдалышы, ошондой эле борбордук аппаратта, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө документтердин эсебин алуу жана сактоо жоопкерчилиги Министрликтин бардык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлөт.
5. Министрликтеги иш кагаздарын жүргүзүү ушул Регламентте каралган учурларда мамлекеттик тилде, ошондой эле расмий тилде жүргүзүлөт.
6. Ушул Регламенттин талаптарынын сакталышын контролдоо борбордук аппараттын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү (мындан ары – РИБ) ведомстволук бөлүмдөрдүн иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмдөрү (мындан ары – ИБ), аймактык бөлүмдөрдүн иш кагаздарын жүргүзүү боюнча функциялар жүктөлгөн иш кагаздарын жүргүзүүчүлөрү, ошондой эле аталган талаптарды бузган кызматкерлер жөнүндө маалыматты жетекчиликтин кароосуна киргизүү укугу менен атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
 
2. Министрликтин органдарынын системасы
 
7. Министрликтин бирдиктүү системасын борбордук аппарат, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр түзөт.
8. Борбордук аппаратта министр тарабынан бекитилген борбордук аппараттын түзүмүнө ылайык башкармалыктар, бөлүмдөр жана секторлор иштейт.
9. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык бөлүмдөр өз ишинде Министрликтин буйруктары менен бекитилген алар жөнүндө жоболорду жетекчиликке алат. Ведомстволук бөлүмдөр өз ишинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) токтому менен бекитилген, алар жөнүндө жоболорду, ошондой эле Министрликтин укуктук актыларын жетекчиликке алат.
10. Борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери өз милдеттерин министр тарабынан бекитилген кызматтык нускамаларга ылайык жүргүзөт.
Ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери өз милдеттерин бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан бекитилген кызматтык нускамаларга ылайык жүргүзөт.
11. Борбордук аппаратка, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөргө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууда кызматкерлер даярдалган сунуштарды эгер алардын компетенциясына кирген маселелер козголсо, башка бөлүмдөрдүн жетекчилери менен макулдашууга тийиш.
 
3. Ишти пландоо жана уюштуруу
 
12. Ишти пландоо Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууну уюштуруучулук жактан камсыздоонун негизги каражаттарынын бири болуп саналат.
Министрлик ченемдик укуктук актыларга жана жогору турган мамлекеттик органдардын тапшырмаларына ылайык өз ишин календардык жылга иш планга (мындан ары – План) ылайык уюштурат.
13. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, аймактык, ведомстволук бөлүмдөр жыл сайын 20-декабрдан кечиктирбестен министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин иштин тиешелүү багыттарын тейлеген орун басарлары менен макулдашылган  кийинки жылдын планына киргизүү үчүн сунуштарды министрдин кеңешчисине киргизет.
14. Министрдин кеңешчиси алынган сунуштарды жалпылайт, жылдык иш пландын долбоорун түзөт, ал Министрликтин буйругу менен 20-январдан кечиктирбестен бекитилет жана аткаруу үчүн жооптуу адамдарга жиберилет.
15. Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери 5-февралдан кечиктирбестен милдеттерди талдоонун негизинде регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө иштердин бекитилген жылдык пландарынын көчүрмөлөрүн берет.
16. Пландын аткарылышын контролдоо министр, министрдин биринчи орун басары, бөлүнгөн милдеттерге ылайык министрдин орун басарлары тарабынан жүргүзүлөт.
17. Жооптуу аткаруучулар ай сайын, айдын 5-числосунан кечиктирбестен, пландын аткарылышы боюнча маалыматты экономикалык мыйзамдар башкармалыгына берет, ал аны жалпылайт жана ай сайын, айдын 10-числосунан кечиктирбестен министрге берет.
18. Планда каралган маселени объективдүү себептер боюнча белгиленген мөөнөттө аткаруу мүмкүн болбосо, жооптуу аткаруучу министрдин биринчи орун басарынын/министрдин иштин тиешелүү багыттарын тейлеген орун басарынын макулдугу менен бул жөнүндө министрге жазуу жүзүндө (баяндама кат) маалымдайт. Министр аткаруу үчүн кошумча мөөнөт белгилөөгө же пландан бул маселени алып салууга укуктуу.
 
4. Министрликтин коллегиясына маселелерди киргизүү, даярдоо жана өткөрүү тартиби
 
19. Министрликтин коллегиясынын иши коллегиянын жылдык иш планына (мындан ары – План) ылайык уюштурулат.
20. Кийинки жылдын планына киргизүү үчүн министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин иштин тиешелүү багыттарын тейлеген орун басарлары менен макулдашылган маселелер жыл сайын 20-декабрдан кечиктирилбестен борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан министрдин жардамчысына киргизилет.
21. Министрдин жардамчысы алынган сунуштарды жалпылайт, жылдык пландын долбоорун түзөт, ал жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн жыйында Министрликтин коллегиясы тарабынан каралат. План жактырылгандан кийин коллегиянын токтому менен бекитилет жана аткаруу үчүн жооптуу адамдарга жиберилет.
22. Пландын аткарылышын контролдоо министрдин жардамчысы тарабынан жүргүзүлөт.
23. Белгиленген компетенцияга ылайык Министрликтин коллегиясынын жыйынына маселелер борбордук аппараттын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык, ведомстволук бөлүмдөр тарабынан даярдалат. Эгер маселе ар түрдүү бөлүмдөрдүн компетенциясына кирсе, анда аны министр тарабынан аныкталган түзүмдүк бөлүм даярдайт, ага кошо аткаруучу бөлүмдөр аны андан ары топтоо үчүн маалыматты берет.
24. Коллегиянын кароосуна киргизилген маселелер боюнча токтомдордун долбоорлору даярдалат.
Токтомдун долбоору так болууга, талкууланган маселеге толук жана принципиалдуу бааны камтууга, кабыл алынуучу актынын максатын жана милдеттерин так баяндоого, аткаруучуну жана аткаруунун реалдуу мөөнөтүн аныктоого тийиш.
Токтомдун долбооруна жана тиркелген маалымкатка аларды даярдаган кызматкер, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, тейлеген жетекчи тарабынан виза коюлууга тийиш. Токтомдун долбоору жана ага маалымкат коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тарабынан даярдалган учурда, токтомдун долбооруна жана тиркелген маалымкатка аларды тейлеген жетекчилер тарабынан  виза коюлушу керек.
Токтомдун долбооруна маалымкаттын көлөмү 5 барактан ашпоо керек. Маалымкаттын тексти 14-өлчөмдөгү “Times New Roman” шрифти, 1 интервал менен басылууга тийиш. Токтомдун долбооруна маалымкаттан тышкары башка материалдар да тиркелиши мүмкүн.
Эгер токтомдун долбоорунда башка борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, аймактык, ведомстволук бөлүмдөргө тапшырмалар камтылса, анда ал алар менен макулдашылууга жана алардын жетекчилери тарабынан виза коюлууга тийиш, эгер токтомдун долбоорунда коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууга тапшырмалар камтылса, анда ал тейлеген жетекчи менен макулдашылууга жана виза коюлууга тийиш.
Материалдар жана визалар менен токтомдун долбоору министрдин жардамчысына коллегиянын жыйыны өтүүчү күнгө чейин 7 жумушчу күндөн кечиктирилбестен тапшырылат.
Ушул пунктта аталган талаптарды сактабастан киргизилген токтомдун долбоору тийиштүү тариздөө үчүн кайтарылып берилет.
25. Объективдүү себептер боюнча белгиленген маселе коллегиянын кароосуна өз убагында киргизилиши мүмкүн болбогон учурда, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери бул жөнүндө министрге жазуу жүзүндө (баяндама кат) маалымдайт.
Пландан маселени алып салууга же аны кароонун мөөнөтүн өзгөртүүгө министрдин чечими боюнча жол берилет.
26. Коллегиянын жыйынына маселени киргизүү үчүн министрдин жардамчысы министрге маалымкатты берет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- маселенин аталышы;
- баяндамачынын аты-жөнү жана кызматы;
- талкууланган маселе боюнча кызмат орундарын көрсөтүү менен чакырылган адамдардын тизмеси.
27. Кечиктирилгис айрым маселелер боюнча токтомдун долбоору кароо үчүн коллегиянын жыйынынын кароосуна жумушчу тартипте берилиши мүмкүн.
28. Коллегиянын жыйынынын маселелерин өз убагында жана сапаттуу даярдоо үчүн жоопкерчиликти аларды даярдаган борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тартат.
29. Коллегиянын жыйынына министр, ал эми ал болбогон учурда министрдин милдетин аткаруучу төрагалык кылат.
30. Коллегиянын жыйыны зарылчылыкка жараша өткөрүлөт, министр, ал эми ал болбогон учурда министрдин милдетин аткаруучу тарабынан чакырылат.
31. Зарыл болгон учурларда коллегиянын төмөнкү жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн:
- кеңейтилген, Министрликтин же башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин катышуусунда маселелерди кароо үчүн;
- көчмө, пайда болгон маселелерди жер-жерлерде кароо үчүн;
-биргелешкен, жалпы маселелерди кароо үчүн биргелешкен чечимдерди кабыл алуу максатында башка мамлекеттик органдардын коллегиялары менен өткөрүлүүчү.
32. Күн тартибинин долбооруна сунуштар министрдин жардамчысына коллегиянын жыйыны өтүүчү күнгө чейин 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жиберилет.
33. Күн тартибинин долбооруна коллегиянын жана Министрликтин жылдык иш планындагы маселелер, ошондой эле киргизүүгө зарыл болгон маселелер киргизилет.
34. Күн тартибинин долбоору төрагалык кылуучу менен макулдашылат, андан кийин кошумча маселелер коллегиянын жыйынына анын уруксаты менен гана киргизилиши мүмкүн.
35. Коллегиянын мүчөлөрүнүн жана чакырылган адамдардын кызматын, аты-жөнүн көрсөтүү менен куверттерди даярдоону, материалдарды көбөйтүүнү, коллегиянын жыйынынын датасы жана убактысы жөнүндө билдирүүнү министрдин жардамчысы жүргүзөт.
36. Эгер анда коллегия мүчөлөрүнүн курамынын жарымынан көбү катышса, коллегиянын жыйыны мыйзамдуу болуп саналат.
37. Коллегиянын жыйынында маселелерди талкуулоо учурунда коллегиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- күн тартиби жана иш тартиби боюнча сунуштарын киргизүүгө;
- каралган маселелер боюнча баяндамачылардан түшүндүрмө берүүнү талап кылууга.
Коллегиянын мүчөлөрү жана баяндамасылар төмөнкүлөргө укуктуу:
- маселелерди талкуулоого катышууга;
- токтомдордун долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же аларды кайрадан иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- маселени талкуулоону коллегиянын башка жыйынына которуу, маселени кошумча изилдөө жөнүндө сунуш киргизүүгө.
38. Коллегиянын токтомдору коллегиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, добуштар бирдей болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
39. Коллегиянын жыйынында талкуулоо учурунда сын-пикирлер жана сунуштар киргизилген токтомдун долбоорлору кабыл алынган чечимге ылайык аткаруучулар тарабынан толукталып иштелип чыгат.
40. Коллегиянын токтомуна төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат.
41. Коллегиянын жыйынында министрдин жардамчысы тарабынан протокол түзүлөт, анда катышкан адамдар, күн тартиби, талкууланган маселелер, чыгып сүйлөөлөрдүн мазмуну, кабыл алынган чечимдер көрсөтүлөт. Протоколго төрагалык кылуучу жана жыйындын катчысы тарабынан кол коюлат.
42. Коллегиянын жыйынынын материалдары көктөмөнүн номенклатурасына ылайык индексти көрсөтүү менен өзүнчө көктөмөгө көктөлүп, министрдин жардамчысында 1 жылга сакталат, аталган мөөнөт аяктагандан кийин архивге өткөрүлөт.
 
5. Оперативдүү кеңешмелерди өткөрүү тартиби
 
43. Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары – Президент), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары – Жогорку Кеңеш), Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, башка жогору турган кызмат адамдардын чечимдеринин, өзүнүн чечимдеринин, ошондой эле пландуу иш-чаралардын аткарылышын контролдоо максатында бөлүштүрүлгөн милдеттердин алкагында министрде, министрдин биринчи орун басарында жана министрдин орун басарларында кеңешме өткөрүлөт.
44. Министрде болгон оперативдүү кеңешмелердин протоколдору министрдин жардамчысы, ал эми министрдин орун басарларындагы кеңешмелердики алардын тапшырмалары боюнча борбордук аппараттын тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
Протоколдо кеңешменин өткөрүлгөн датасы, убактысы, жери, төрагалык кылуучунун аты-жөнү жана кызматы, катышуучулардын курамы, талкууланган маселелер, каралган ар бир маселе боюнча чыгып сүйлөөчүлөр, алардын аткарылышы үчүн жооптуу адамдарды жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн аныктоо менен кабыл алынган чечимдер чагылдырылат.
Протоколго кеңешке төрагалык кылуучу жана катчы тарабынан кол коюлат.
45. Министр, министрдин биринчи орун басары же министрдин орун басарлары тарабынан өткөрүлгөн кеңешмелерде кабыл алынган чечимдер алардын аткарылышын контролдоо боюнча иштерди уюштуруу үчүн регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө берилет.
46. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери аткаруучулук тартипти сактоо, иш пландарды жана жетекчиликтин тапшырмаларын аткаруу, иш тажрыйбасын алмашуу маселелери боюнча кеңешмелерди өткөрөт.
47. Маанилүү маселелер боюнча шашылыш чараларды көрүү үчүн видео-конференц-байланыш аркылуу оперативдүү кеңешмелер өткөрүлүшү мүмкүн.
48. Кеңешмелерде кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышын контролдоо бардык бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт.
 
6. Семинардык сабактарды, стажировкаларды өткөрүү тартиби
 
49. Кесиптик квалификацияны жогорулатуу жана борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен иш тажрыйбасын алмашуу максатында семинардык сабактар өткөрүлөт.
Пландалган иш-чаралардын аткарылышы жана өткөрүлгөн семинардык сабактардын сапаты үчүн жоопкерчилик борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
Жыйынтыктарды тариздөө менен стажировкадан өтүү тартиби буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде стажировкадан өтүү тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
 
7. Министрликтин туруктуу иштөөчү комиссияларынын ишин уюштуруу
 
50. Башкаруу ишин жүргүзүү максатында Министрликтин туруктуу иштөөчү комиссиялары түзүлүшү мүмкүн.
Комиссиялардын милдеттери, функциялары, укуктары жана жоопкерчиликтери Министрликтин ушул комиссиялар жөнүндө буйруктары менен бекитилген жоболордо же  Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында аныкталат.
Комиссиялардын ишин уюштуруу бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссиялардын жыйындарында протоколдор түзүлөт, ага төрагалык кылуучу жана комиссиянын катчысы тарабынан кол коюлат.
Комиссиялардын протоколдору мамлекеттик тилде таризделет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда расмий тилге которулат.
Комиссиялардын жыйындары алардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү болгон учурда өткөрүлөт. Чечимдер комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, добуштар бирдей болгондо, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
Комиссиялардын жыйындарынын протоколдорунан көчүрмөлөр чечимдер, сунуштамалар жана башка материалдар менен кызыкдар адамдарга жиберилиши мүмкүн.
 
8. Министрликтин укуктук актылары, аларды даярдоо тартиби
 
51. Министрлик өзүнүн компетенциясынын алкагында буйруктарды чыгарууга укуктуу.
Министрликтин буйругу – негизги жана оперативдүү милдеттерди чечүү максатында чыгарылган укуктук акт.
52. Министрлик төмөнкү буйруктарды чыгарат:
- кадр маселелери боюнча;
- негизги иш боюнча;
- юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо жөнүндө же андан баш тартуу тууралуу;
- нотариалдык иш маселелери боюнча;
- адвокаттык иш маселелери боюнча;
- Министрлер Кабинетинин өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алынгандар.
53. Буйруктар милдеттүү аткарылууга тийиш.
54. Министр болбогон учурда Министрликтин буйруктарына министрдин милдетин аткаруучу кол коет.
55. Буйруктардын долбоорлору министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн  жетекчилеринин, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин демилгеси боюнча даярдалат.
56. Буйруктардын долбоорлорун даярдоо жана макулдашуу иштин багытына ылайык борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ведомстволук бөлүмдөр, ошондой эле аймактык бөлүмдөр тарабынан жүргүзүлөт.
Борбордук аппараттын буйругунун долбоору министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары жана аларга тиешелүү маселелер боюнча тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси менен туура тариздөө максатында макулдашылууга тийиш.
Ведомстволук бөлүмдүн буйругунун долбоору бөлүмдүн жетекчисинин орун басары жана аларга тиешелүү маселелер боюнча тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси менен туура тариздөө максатында макулдашылууга тийиш.
Буйруктун долбоорун макулдашуу мөөнөтү 3 жумушчу күндөн ашпоого тийиш.
57. Буйруктун долбоору, зарыл учурда буйруктун маанисинин кыскача баяндамасы, анын зарылдыгынын негиздемеси, ошондой эле долбоор эмненин негизинде даярдалгандыгы, ким менен макулдашылгандыгы жана кандай пикир келишпестиктердин болгондугу тууралуу маалыматтар камтылган кызматтык кат түрүндө таризделип, маалымкат менен кол коюуга берилет.
58. Иш-чараларды аткаруу жөнүндө буйрукта аты-жөнүн жана кызмат ордун көрсөтүү менен аткаруучулар, ошондой эле контролдоо жүктөлгөн адам көрсөтүлөт.
Буйрукту аткаруу мөөнөтү конкреттүү дата же мезгил менен белгиленет.
59. Мурда кабыл алынган буйрукту же анын айрым түзүмдүк элементин жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп танууда анын реквизиттери көрсөтүлөт.
60. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка актыларда башкача каралбаса, буйрукту кабыл алуу үчүн негиз катары көрсөтүлгөн кызматтык кат жана башка материалдар ага түп нускада тиркелет.
61. Өз алдынча документ (жобо, нускама, план, комиссиялардын курамы ж.б.) буйрук менен бекитилген учурда, аталган документ буйрукка тиркелет жана текстте тиркелген катары көрсөтүлөт.
62. Буйруктун жана тиркеменин текстинде жалпы кабыл алынган кыскартуулар гана колдонулат, юридикалык жактардын ж.б. кыскартылган аталыштары толук жазылат. Кыскартуулар текстти кайталоо учурунда колдонулушу мүмкүн.
63. Негизги иш боюнча Министрликтин жана Министрлер Кабинетинин өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алынган буйруктар эки тилде чыгарылат, башында мамлекеттик тилдеги, андан кийин расмий тилдеги текст коюлат. Негизги иш боюнча буйрук шашылыш кабыл алынган учурда, буйрук мамлекеттик тилде гана чыгарылышы мүмкүн.
Кадр маселелери боюнча буйруктар мамлекеттик тилде чыгарылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда расмий тилге которулат.
64. Буйруктун мазмуну жана сапаты үчүн жоопкерчилик долбоорду даярдаган түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдүн жетекчисине, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууга жүктөлөт.
65. Буйруктар календардык жылдын чегинде катар номерлери берилип, сөз-сан ыкмасы менен датасын көрсөтүү менен катталат.
66. Борбордук аппаратта кадр маселелери боюнча буйруктар адам ресурстарын башкаруу бөлүмүндө (мындан ары – АРББ), калган буйруктар – регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүндө, ведомстволук бөлүмдөрдө кадр маселелери боюнча буйруктар – кадрлар бөлүмүндө, калган буйруктар – иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүндө, аймактык бөлүмдөрдө бардык буйруктар – бөлүмдүн жетекчиси аныктаган кызматкерлер тарабынан катталат.
67. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, алар тейлеген чөйрөгө тиешелүү болгон буйруктар менен таанышууга тийиш.  
68. Министрликтин буйруктары менен тааныштыруу жана аларды ЭДС аркылуу аймактык, ведомстволук бөлүмдөргө жиберүүнүн камсыздоо буйрукту даярдаган түзүмдүк бөлүмгө жүктөлөт.  
Буйруктардын көчүрмөлөрүнө же алардын көбөйтүлгөн нускаларына борбордук аппаратта РИБнын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдө ИБнын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, алар буйруктун аткаруучусу тарабынан түзүлөт жана кол коюлат.
69. Министрликтин укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарына ылайык таризделүүгө тийиш.
 
9. Буйруктардын аткарылышын контролдоону уюштуруу
 
70. Буйруктар өз убагында жана сапаттуу аткарылууга тийиш.
Буйруктардын мөөнөттөрүн жана аларды иш жүзүндө аткарылышын негизги аткаруучу болгон же жыйынды маалыматты даярдаган адам контролдойт, ал:
- заманбап техникалык каражаттарды колдонуу менен зарыл болгон маалыматтык базаны камсыздайт;
- кошо аткаруучулардан (болсо) же иш-чаралар планынын айрым пункттарын аткаруучулардан тапшырмаларды аткаруунун абалы жөнүндө маалыматты алат;
- иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө министрге/тейлеген жетекчиге маалымат берет. Министр, аларга контролдоо жүктөлгөн тейлеген  жетекчи, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери буйруктардын иш жүзүндө аткарылышын текшерет. Айрым тапшырмаларды өз убагында аткаруу мүмкүн болбогон учурда аткаруучу белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин аны кийинкиге жылдыруу же башка чечимди кабыл алуу жөнүндө министрдин, аймактык/ведомстволук бөлүмдө - жетекчинин макулдугун алууга тийиш.
Аткаруучу тарабынан маалымкат менен тастыкталган, аткарылган буйрук контролдон алынат.
 
10. Жарандардын документтерин жана кайрылууларын кабыл алуу тартиби
 
71. Кириш корреспонденция РИБ, ИБ жана аймактык бөлүмдөрдө иш кагаздарды жүргүзүүчү тарабынан кагаз түрүндө жумуш күндөрү саат 9:00дөн 16:00гө чейин кабыл алынат.
Эскертүү:
1. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо маселелери боюнча документтер аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан жумуш күндөрү саат 9:00 – 17:00 чейин кабыл алынат. Арызды аткаруучулар дайындалган кийин электрондук документ жүргүзүү системасына (мындан ары – ЭДС) каттоого берилет.
2. Апостилдештирүү жана легалдаштыруу үчүн документтер белгиленген кызматкерлер тарабынан жумуш күндөрү саат 9:00 –12:00гө чейин кабыл алынат, андан кийин документтер ЭДСга каттоого берилет.
72. Кириш кагаз/электрондук документтерди жана жарандардын кайрылууларын каттоо алар келип түшкөн күнү саат 9:00 – 17:00 чейин ЭДСда жүргүзүлөт.
            Ведомстволор аралык документ жүгүртүү ЭДСга кошулбаган мамлекеттик органдарды кошпогондо электрондук форматта жүргүзүлөт.
Электрондук форматтагы ведомстволор аралык документ жүгүртүү жеткиликтүүлүгү чектелген грифи болгон документтер менен документ жүгүртүүнү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 526 “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
ЭДС аркылуу келип түшкөн электрондук документтерди алгачкы текшерүү автоматташтырылган режимде жүргүзүлөт жана келип түшкөн электрондук документтин бүтүндүгүн жана анын бардык реквизиттерин: каттоо датасын, документти жиберген мекеменин аталышын, кыскача мазмунун, документке кол койгон адамдын аты-жөнүн, электрондук колтамгасын текшерүүнү камтыйт.
Кагаз жүзүндөгү документтер жана жарандардын кайрылуулары сканерден өткөрүлөт жана ЭДСга жүктөлгөндөн кийин бардык реквизиттерди көрсөтүү менен катталат.
Документтерди каттоодо датасы жана чыгыш номери, мекеменин аталышы, кыскача мазмуну, маселенин мүнөзү, ал эми жарандардын кайрылууларын каттоодо арыз ээсинин аты-жөнү, дареги, байланыш маалыматтары, катка кол коюлган дата, маселенин мүнөзү, кайрылуунун түрү көрсөтүлөт.
Кириш каттоо номери автоматташтырылган режимде катар номери катары берилет, жарандын кайрылуусун каттоо учурунда берилген кириш номер арыз ээсинин фамилиясынын биринчи тамгасынан жана катар номерден турат.
Кагаз документтерде жана жарандардын кайрылууларында төмөнкү оң жагына ЭДСда ыйгарылган кириш номерди жана каттоо датасын көрсөтүү менен мөөр коюлат.
73. ЭДСда катталган документтер министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери жана жетекчилердин орун басарлары, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн /ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан аткаруучуларды, зарыл болгон учурларда жана кошо аткаруучуларды аныктоо үчүн алар катталган күндөн кечиктирилбестен каралат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары убактылуу эмгекке жарамсыздыгына, өргүүдө, командировкада болгондугуна байланыштуу министрдин орун басарлары болбогондон башка учурларда, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүн жана кызмат адамдарын, министрдин башка орун басарлары тейлеген ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин документтерди жана жарандардын кайрылууларын жооптуу аткаруучу катары аныктай алышпайт.
РИБдин, ИБнын кызматкерлери жана аймактык бөлүмдөрдүн иш кагаздарын жүргүзүүчүлөрү, эгер алар жетекчиликтин милдеттүү кароосун талап кылбаса, документтерди түздөн-түз түзүмдүк бөлүмдөргө жана жооптуу аткаруучуларга жибере алат.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин “өтө шашылыш” жана “шашылыш” белгиси менен тапшырмалары келип түшкөндө, РИБ аларды оперативдүү кароо үчүн аларда баяндалган маселелер алардын компетенциясына кирген тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилерин ЭДСда кечиктербестен белгилейт.  
74. Борбордук аппаратка келип түшкөн факсограммалар жана телеграммалар ЭДСда катталат, катчы аркылуу министрге, ал болбогон учурда – министрдин милдетин аткаруучуга тейлеген багыттарга ылайык жетекчиликтен жооптууларды көрсөтүү менен андан ары виза койдуруу үчүн берилет. Эгер факсограмма же телеграмма конкреттүү адамга анын аты-жөнүн көрсөтүү менен жиберилсе, анда ал кабыл алган күнү даректелүүчүгө берилет, шашылыш болсо токтоосуз түрдө берилет.
Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдө факсограммалар жана телеграммалар ЭДСда катталгандан кийин катчы аркылуу жетекчиге берилет.
Электр байланыш каражаттарынын жардамы менен алынган телефонограмма министрдин, министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын катчысы тарабынан жазылат (басып чыгарылат), ЭДСда катталат жана анда баяндалган маселелер боюнча материалдарды даярдоо үчүн жооптуу аткаруучуну көрсөтүү менен андан ары виза койдуруу үчүн ага даректелген жетекчиге оперативдүү түрдө берилет. Кызмат адамы көрсөтүлбөгөн телефонограмманы алууда, ал министрдин, ал болбогон учурда – министрдин милдетин аткаруучунун катчысына берилет.
Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдө телефонограммалар менен иштөө жетекчинин катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
75. “Өтө жашыруун”, “Жашыруун” жана “Кызматтык пайдалануу үчүн” (мындан ары - КПҮ) грифи коюлган документтер фельдъегердик байланыш аркылуу келип түшөт.
Борбордук аппаратта “Өтө жашыруун”, “Жашыруун” грифи коюлган документтер Биринчи сектордун кызматкери тарабынан келип түшкөн күнү кириш корреспонденцияны каттоо журналында катталат жана атайын папкаларда жетекчиликтин кароосуна киргизилет. Жетекчилик резолюциялары менен документтерди жооптуу кызматкерге кайтарып берет, ал аларды журналга кол койдуруу менен аткаруучуларга берет.
Аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдө “Жашыруун” грифи коюлган документтер менен иштөөгө уруксаты болгон жетекчи/кызматкерлер бул документтерди карайт жана кириш, чыгыш корреспонденцияны каттоо журналдарына каттайт.
“КПҮ” грифи болгон корреспонденциялар менен иштөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
“КПҮ” грифи менен келип түшкөн документтер иш кагаздарын жүргүзүүчүлөр тарабынан “Өтө жашыруун”, “Жашыруун” грифи коюлган документтер сыяктуу катталат.
76. Электрондук почтаны контролдоо.
Электрондук каттардын түшүүсүн контролдоо жана электрондук жоопторду жиберүү РИБ, ИБнын жооптуу кызматкери, аймактык бөлүмдөрдө – иш кагаздарды жүргүзүүчү тарабынан жүргүзүлөт. Электрондук почта жумушчу күнү 18.00гө чейин ар бир 30 мүнөт сайын текшерилет, электрондук кат келип түшкөндө ЭДСда катталат жана  авторуна аны алган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде анын катынын келип түшкөн датасын жана убактысын, кириш номерин, аткаруучунун аты-жөнүн жана анын телефон номерин көрсөтүү менен электрондук кабарлама жиберилет.
Каттын автору “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузган учурда, ага баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кароодон баш тартылгандыгы жөнүндө жана кайрылууну кайра жиберүүдө жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарын сактоо өтүнүчү менен электрондук билдирүү-кабарлама жиберилет.
Каттын авторуна электрондук жооп кайрылуу катталган күнү жиберилет. Электрондук жооп менен бирге жаранга кагаз жүзүндөгү жооп жиберилет.
 
11. Документтерди жана жарандардын кайрылууларын аткаруу мөөнөттөрү
 
77. Документтердин жана жарандардын кайрылууларын аткаруу мөөнөттөрү алар келип түшкөн күндөн тартып эсептелет.
78. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмаларын аткаруу мөөнөттөрү Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Министрлер Кабинетинин регламентине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 буйругу менен бекитилген Президенттин Администрациясынын регламентине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 буйругу менен бекитилген Президенттин Администрациясында документтер менен иштөө регламентине ылайык белгиленет.
Тапшырмада эреже катары, аны аткаруунун мөөнөтү (календардык датасы) белгиленет. Эгер аткаруунун мөөнөтү катары убакыт мезгили белгиленсе, анда мөөнөт тапшырмага кол коюлган датадан башталат.
Тапшырма факсимилдик байланыш, телефонограмма же ЭДС аркылуу алынган учурда аткаруу мөөнөтүнүн башталышы аны алган жана белгиленген тартипте катталган күндөн тартып белгиленет.
Эгер тапшырманын текстинде аткаруу датасынын ордуна “өтө шашылыш”, “шашылыш” деп көрсөтүлсө, анда тапшырма 2 жана 3 жумушчу күндө аткарылууга тийиш. Шашылыш тапшырмаларды аткаруу мөөнөттөрү узартылбайт.
Эгер резолюцияларда, кеңешмелердин протоколдорунда тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн же “оперативдүү тартипте”, “кыска мөөнөттө” деп көрсөтүлгөн учурларда 10 жумушчу күндүн ичинде аткарылууга тийиш. Аткаруу мөөнөтү макулдашуу боюнча бир айга чейин узартылышы мүмкүн.
Эгер Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, анда эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларында, ченемдик укуктук актылардын (актылардын) долбоорлорун иштеп чыгууга жана киргизүүгө тиешелүү резолюцияларда, кеңешмелердин протоколдорунда камтылган тапшырмалар эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Мөөнөттү узартуу жөнүндө сунуш себептерди жана аткаруунун пландалган датасын көрсөтүү менен министр тарабынан Министрлер Кабинетине тапшырмага кол коюлган күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен киргизилет.
Эгер Министрлик тапшырманы кошо аткаруучу болсо, алар аткарууга бөлүнгөн мөөнөттөрдүн биринчи жарымында аткарылат.
Эгер тапшырма белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, тапшырманы аткарууга берилген мөөнөт аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде Министрлер Кабинетине тапшырманы аткаруунун абалы, аны белгиленген мөөнөттө аткарбоонун себептери жөнүндө тапшырманы аткаруу жүктөлгөн кызмат адамдарын көрсөтүү менен жана тапшырманын аткарылбаганына күнөөлүү кызматкерлерге карата көрүлгөн жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалымат берилет.
Президенттин Министрлер Кабинетине берилген тапшырмасын аткаруу үчүн берилген Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасына карата Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасын аткаруу жөнүндө баяндама эгер тапшырмада башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, Президент белгилеген мөөнөт аяктаганга чейин 7 күн мурда Президентке баяндаманын долбоорун тиркөө менен берилет.
Эгер Президент Министрлер Кабинетинин Төрагасына же анын орун басарларына жана ошол эле убакта министрге тапшырма берсе, ал эми Президентке баяндаманын долбоорун жана башка зарыл болгон материалдарды тиркөө менен аткаруу жөнүндө баяндама Президент белгилеген мөөнөт аяктаганга чейин 7 күн мурда Министрлер Кабинетине берилет.
Эгер Президент министрге түздөн-түз тапшырма берген учурда ал Министрлер Кабинетинин Төрагасына Президенттен тапшырма алгандыгы жөнүндө токтоосуз баяндайт, ал эми аткаруудан кийин Президентке анын тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалымат берүү менен, ошол эле мезгилде бул жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасына билдирет.
Президенттин АдминистрациясынынКыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот) чечимин аткарууга жооптуу мамлекеттик органга сунуш берүү тапшырмасы 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен аткарылат.
79. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын колу коюлган кат түрүндө таризделген Министрлер Кабинетинин корутундусунун долбоорун даярдоо жана Президенттин Администрациясына берүү Министрликке мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып 15 күндүк мөөнөттө камсыздалат. 
Корутундуну аталган мөөнөттө берүүгө мүмкүн болбогондо, Жогорку Кеңеш (комитет, мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти) менен мөөнөттү узартууну макулдашуу жана Министрлер Кабинетинин Төрагасын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарын жетишилген макулдашуу жөнүндө маалымдоо зарыл.
Министрлер Кабинетинин корутундуларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына министрдин же алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан Жогорку Кеңештен келип түшкөн бардык материалдарды, кызыкдар мамлекеттик органдардын сунуштарын тиркөө менен киргизилет.
Министрлер Кабинетинин корутундуларынын долбоорлору боюнча жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын кароосуна киргизилет, ал акыркы чечимди кабыл алат.
80. Депутаттык суроо-талап “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Министрлер Кабинетинен келип түшкөн депутаттык суроо-талап Министрлер Кабинетинен келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүк мөөнөттө аткарылат, министрдин, министрдин биринчи орун басарынын же министрдин орун басарларынын колу коюлган жооп жазуу жүзүндө берилет.
Эгер Жогорку Кеңештин депутатынын суроо-талабы конкреттүү кызмат адамына даректелсе, анда жооп ошол адамдын колу коюлган жазуу жүзүндө берилет.
Депутаттардын жана комитеттердин суроо-талаптарына жооптору боюнча Жогорку Кеңешке берилген жооптордун жана материалдардын көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жиберилет.
81. Конституциялык соттун чечимин компетенциянын чегинде аткаруу ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоорун иштеп чыгуу жана аны “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген мөөнөттүн жарымында макулдашуу менен камсыздалат.
Аткаруу мөөнөтү Конституциялык соттун чечими Министрликке келип түшкөн күндөн тартып эсептелет.
Конституциялык соттун чечимдерин аткаруунун жана Президенттин Администрациясына ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүүнүн мөөнөттөрү төмөнкүдөй:
- мыйзам долбоорлору үчүн – 1,5 ай;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актылары үчүн - 1 ай;
– Министрлер Кабинетине берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алынуучу актылардын долбоорлору үчүн-1 ай.
Эгер объективдүү себептер боюнча Конституциялык соттун чечимин аткаруу мүмкүн болбосо, аны узартуу жөнүндө сунуш жиберилет. Мөөнөт 14 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Министрлик квартал сайын Конституциялык соттун чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт жана жыйынтыгы боюнча Конституциялык сотко маалымат берет.
82. Мыйзамдардын долбоорлорун, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин актыларын макулдашуу жана экспертизанын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
- мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлору – 10 жумушчу күн (100 барактан ашык – 18 жумушчу күн);
- жарлыктардын долбоорлору-6 жумушчу күн;
- тескемелердин долбоорлору-3 жумушчу күн.
83. Эл аралык келишимдердин алкагында өз ара жардам көрсөтүү боюнча чет мамлекеттердин суроо-талаптарын аткаруу мөөнөтү мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга ведомствосу боюнча кароого жиберүү, ошондой эле суроо-талаптардын демилгечилерине жоопторду жиберүү үчүн 10 жумушчу күндү түзөт.
Эгер суроо-талапты аткаруу үчүн кошумча материалдарды сурап алуу же башка чараларды көрүү зарыл болсо, мөөнөт 15 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Мурастык иш боюнча суроо-талапты аткаруу мөөнөтү узартылбайт.
Суроолорго жооптор түздөн-түз суроо-талаптын демилгечилерине багытталат.
Отчетторду жана аларга тиркелген документтерди түзүү расмий тилде таризделет, эгер тиркелген материалдар мамлекеттик тилде түзүлсө, аларга расмий тилдеги күбөлөндүрүлгөн котормо тиркелет.
84. Министрликтин карамагында турган маалыматты берүү жөнүндө суроо-талаптар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эки жумалык мөөнөттүн ичинде аткарылат.
85. Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, адвокаттардын суроо-талаптары “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдардын, мекемелердин, башка юридикалык жактардын документтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык 14 жумушчу күн ичинде каралат.
Мамлекеттик органдардын каттарын кароо мөөнөтү Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызматтык каттарынын негизинде, катта каттын демилгечиси менен кошумча мөөнөт жөнүндө макулдашуу жөнүндө маалыматты чагылдыруу менен узартылышы мүмкүн.
Жарандын кайрылуусун кароо мөөнөтү жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматтык катынын негизинде тейлеген жетекчинин чечими менен, бирок арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) билдирүү менен 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Жарандардан нотариалдык же адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө, жеке нотариустардан жана адвокаттардан лицензияны колдону мөөнөтүн токтото туруу, жаңылоо, узартуу жөнүндө арыздар келип түшкөн учурда нотариалдык жана адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссиялардын жыйындарында маселелерди кароонун зарылдыгына байланыштуу аларды аткаруу мөөнөттөрү аткаруучулардын кызматтык каттарына ылайык тейлеген жетекчилер тарабынан белгилүү бир мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Жарандардын кайрылуулары төмөнкү учурларда каралбайт же кайтарылууга тийиш, эгер:
- аларда уят жана кемсинткен сөздөр, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууга, улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууну тутандырууга чакырыктар камтылса;
- текстти окуу, ошол эле учурда арыз ээси менен байланышуу мүмкүн болбосо;
- аларда фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), жашаган дареги көрсөтүлбөсө, жазуу жүзүндөгү кайрылууларда жеке колу болбосо;
- кайталап кайрылууда жаңы жүйөөлөр же жаңы табылган жагдайлар келтирилбесе жана алар боюнча текшерүүнүн толук материалдары болсо жана жарандарга жооптор берилсе;
- аларда соттун чечими же судьянын жүрүм-туруму, ошол соттук чечимге же судьянын жүрүм-турумуна даттануу тартибин түшүндүрүү менен даттанылат.
Кайрылууда жарандардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана (же) мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулгандыгы жөнүндө маалыматтар камтылгандан башка учурларда, жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан баш тарткан учурда аны кароону токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
86. “Административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик даттанууларды кароонун максималдуу мөөнөтү 30 жумушчу күндү түзөт, башка мыйзамда атайын мөөнөт каралышы мүмкүн. Административдик жол-жобонун мөөнөтүн эсептөө арыз катталган күндөн тартып башталат.
87. Арыздарды кароо мөөнөтү:
- төмөнкү эки абзацта көрсөтүлгөн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) – документтердин зарыл тизмеги юстиция органына берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде;
- саясий партияларды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) кошпогондо, финансылык-кредиттик мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле финансылык-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) – документтердин зарыл тизмеги юстиция органына берилген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде;
- саясий партияларды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) – документтердин зарыл тизмеги юстиция органына берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде;
- юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) ишинин токтотулгандыгын каттоо – 7 жумушчу күндүн ичинде;
- жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо – 10 календардык күндүн ичинде;
- юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү - 3 жумушчу күн. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк аймактык бөлүмдөрдө – бөлүмдүн жетекчиси, айрым кызматкерлери тарабынан жумуш күнү 14:00дөн 17:00гө чейин берилет.
Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик каттоого таасир этпеген маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө кабарламаларды кароо – 7 жумушчу күндүн ичинде;
Юридикалык жакты жоюу жөнүндө кабарламаларды кароо 7 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт, ошол эле учурда аткаруучу Мамлекеттик реестрге юридикалык жактын жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө жазууну киргизүүгө, бул жөнүндө салык жана бажы органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондго билдирүүгө милдеттүү.
Бул маалымат Министрликтин расмий сайтына 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланат.
Финансылык-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюштуруу документтери жоголгон (бузулган) учурларда мамлекеттик кайра каттоодо жана ишинин токтотулгандыгын каттоодо Министрликтин расмий сайтына билдирүүлөрдү жарыялоо 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктөрү, мөөрлөрү жана (же) штамптары жоголгон (бузулган) учурларда мамлекеттик кайра каттоодо жана ишинин токтотулгандыгын каттоодо Министрликтин расмий сайтына билдирүүлөрдү жарыялоо 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Министрликтин расмий сайтына юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө билдирүүлөрдү жарыялоо 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
88. Документти апостилдештирүү мөөнөтү документ берилген күндөн тартып 2 жумушчу күндөн ашпоого тийиш.
89. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөр 34 мүнөттүн ичинде берилет.
90. Юридикалык жактардын документтерин, жарандардын кайрылууларын, жеке нотариустардын жана адвокаттардын арыздарын аткаруу үчүн министрлик мамлекеттик органдардан же башка уюмдардан, мекемелерден жоопту күткөн учурда, эгер мурда суроо-талапты жиберүү менен бирге арыз ээсине кабарлоо жиберилсе, аларды кароо мөөнөтү аткаруучу ЭДСга жооп алган күндөн тартып 5 жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн.
91. Эгер документтин, жарандын кайрылуусунун аткаруу мөөнөтү дем алыш же жумушчу күн болбогон майрам күнүнө туш келсе, анда ал кийинки жумушчу күнгө жылдырылат.
 
12. Документтердин аткарылышын уюштуруу
 
92. Аткарууга Президенттин Администрациясынын, Жогорку Кеңештин жетекчилигинен келип түшкөн тапшырмалар, жарандардын жана юридикалык жактардын каттары, ошондой эле макулдашууга жана экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн жүргүзүүгө келип түшкөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлору милдеттүү тартипте “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык каралууга тийиш.
93. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-9-беренелеринде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө так жүргүзүлүүгө тийиш болгон, жарандардын кайрылууларын кароо боюнча иш артыкчылыктуу болуп саналат.
94. Документтерди жана жарандардын кайрылууларын кароо жана аткаруу үчүн мөөнөттөр контролдук мөөнөттөн пайыздык катышта (2 күндүк жана 3 күндүк аткаруу мөөнөттөрү менен документтерди кошпогондо) төмөнкүдөй белгиленет:
- 50 % – аткаруучуга;
- 30 % – түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине;
- 10 % – тейлеген жетекчиге;
- 10 % – министрге, ал эми ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө – алардын жетекчилерине.
3 күндүк контролдук мөөнөт менен документтерди кароо жана аткаруу үчүн төмөндөгүдөй мөөнөттөр белгиленет:
- экинчи жумушчу күнү саат 12:30 чейин  – аткаруучуга;
- саат 13:30 – 18:00 чейин – түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине;
- үчүнчү жумушчу күнү саат 9:00 – 12:30 чейин – тейлеген жетекчиге;
- саат 13:30 – 18:00 чейин – министрге, ал эми ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө – алардын жетекчилерине.
2 күндүк контролдук мөөнөт менен документтерди кароо жана аткаруу үчүн төмөндөгүдөй мөөнөттөр белгиленет:
- экинчи жумушчу күнү саат 12:30 чейин – аткаруучуга;
- саат 13:30 – 14:30 чейин – түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине;
- саат 14:30 – 16:00 чейин – тейлеген жетекчиге;
- саат 16:00 – 18:00 чейин – министрге, ал эми ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө – алардын жетекчилерине.
Эскертүү.
1. Аймактык бөлүмдөрдө түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси үчүн аныкталган мөөнөт аткаруучунун пайдасына эсептелет, эгер конкреттүү маселелерди бөлүмдүн жетекчиси өзү тейлесе, анда тейлеген жетекчи үчүн аныкталган мөөнөт жетекчинин пайдасына эсептелет.
2. Документтерге тейлеген жетекчи тарабынан кол коюлган учурларда, министр, ведомстволук, аймактык бөлүмдүн жетекчиси үчүн аныкталган мөөнөт тейлеген жетекчинин пайдасына эсептелет.
3. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоодо же андан баш тартууда түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси үчүн аныкталган мөөнөт аткаруучунун пайдасына эсептелет, ал эми тейлеген жетекчи жана министр/ аймактык бөлүмдүн жетекчиси үчүн аныкталган мөөнөт юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү буйруктарга кол койгон адамдын пайдасына эсептелет.
4. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан документтерге кол коюлганда, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси үчүн аныкталган мөөнөт аткаруучунун пайдасына эсептелет, ал эми тейлеген жетекчи жана министр үчүн белгиленген мөөнөт Министрликтин тиешелүү буйругу менен маалыматтык жана аралыктагы мүнөздөгү каттарга кол коюу укуктуу борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин пайдасына эсептелет.
95. Документти аткаруу каттарды, маалымкаттарды, кызматтык каттарды ж.б. даярдоо менен камсыздалат.
Эгер адресат ЭДСга кошулса убактылуу мөөнөткө сакталган чыгыш документке электрондук түрдө кол коюлат.
Эгер адресат ЭДСга кошулбаса же Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө укуктук жардам жана жарандык, үй бүлөлүк иштер боюнча укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү документтер жиберилген учурда убактылуу мөөнөткө сакталган чыгыш документке ЭДСда жана кагаз жүзүндө - бланкка кол коюлат.
Туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү чыгыш документтерге электрондук түрдө жана милдеттүү түрдө А4 форматындагы ак кагазга (архивдик нуска) кол коюлат.
Эгер адресат ЭДСга кошулбаса жана Президенттин Администрациясына мыйзам долбоору/акты киргизилген учурда туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү кагаз жүзүндөгү чыгыш документке эки нускада – бланкка жана архивдик нускага кол коюлат.
Документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык таризделет.
Документтер 12-14 өлчөмдөгү Times New Roman шрифти менен таризделет, таблицаларда 10-шрифтке чейин кичирейтүүгө жол берилет (текст батпаган учурда), бир сап аралык интервал, ар бир документте төмөнкүдөй талаача болууга тийиш: сол жагынан – 3см, оң жагынан – 1,5 см өлчөмдөн кем эмес, жогорку жана төмөнкү талаачасынан – 2 см өлчөмдөн кем эмес. Беттердин номерлери төмөнкү колонтитулдун оң жак четине коюлат, биринчи бетке номер коюлбайт.
Абзацтын биринчи сабы 1, 25 см чегинүү менен жазылат, туурасынан түздөө сөздөрдү ташымалдоосуз жасалат (таблицаларда туурасынан түздөө зарылдыгына жараша сөздөрдү ташымалдоо менен).
Документти даярдоодо тапшырманын, каттын чыгыш номерине шилтеме милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
Адресат жогорку оң бурчуна сол тилкеден 10 см чегинүү менен жазылат, сол чети менен тегизделет жана карартылган шрифт менен басылат.
“Кол тамга” реквизити документке кол койгон адамдын кызматынын аталышынан, анын аты-жөнүнөн, жеке кол тамгасынан жана анын чечмеленишинен турат. Кызматынын аталышы документтин сол жагынан жылдырылбастан жазылат. Коюлган колдун чечмелениши сол четинен 120 мм жылдырылып, кызматтын аталышынын акыркы сабынын деңгээлинде таризделет.
Көп саптуу реквизиттин максималдуу узундугу 7 см.
               Документтин тиркемесинин болгондугу жөнүндө белги тексттен кийин “Кол тамга” реквизитинин алдында жайгаштырылат. “Тиркеме” деген сөз тиркемелердин санына карабастан, ал жекелик түрүндө жана документтин сол талаачасына жылдыруусуз жазылат.
               Тиркемеде көрсөтүлгөн барактардын саны жана тартиби туруктуу сакталуучу документтерди тариздөөдө так сакталууга тийиш.
               Таризделүүчү каттын экинчи нускасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
               - аткаруучунун кызмат орду, фамилиясы, инициалдары, анын колу, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине, эгер түзүмдүк бөлүмдө сектор же бөлүм болсо – сектор/бөлүм башчыга, аймактык бөлүмдө – жетекчинин тейлеген орун басарына/жетекчиге киргизилген дата жана убакыт;
               - сектор/бөлүм башчынын кызматы, фамилиясы, инициалдары, анын колу, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине киргизилген дата жана убакыт;
               - түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кызмат орду, фамилиясы, инициалдары, анын колу, министрдин тейлөөчү орун басарына, ведомстволук бөлүмдө – жетекчинин тейлөөчү орун басарына/жетекчисине киргизилген дата жана убакыт;
               - министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарынын кызмат орду, фамилиясы, инициалдары, колу, документ министрге киргизилген дата жана убакыт, аймактык, ведомстволук бөлүмдө-жетекчинин тейлеген орун басарынын кызмат орду, фамилиясы, инициалдары, анын колу, документ жетекчиге киргизилген дата жана убакыт.
               Министрдин тейлөөчү орун басары болбогон учурда документке Министрликтин буйругу менен бекитилген бөлүштүрүлгөн кызматтык милдеттерге ылайык кол коюлат.
               Аткаруучу жөнүндө белги документтин биринчи бетинин төмөнкү сол бурчунда жылдырылбастан жайгаштырылат, аткаруучунун фамилиясынан жана инициалдарынан, түзүмдүк бөлүмдүн аталышынан, анын телефонунун номеринен турат жана № 10 шрифттин өлчөмүндө басылат, “аткаруучу” деген сөз көрсөтүлбөйт.
               Эскертүү.
               1. ЭДС аркылуу келип түшкөн туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү документ аткарылган учурда, ал милдеттүү түрдө аткаруучу тарабынан басып чыгарылат жана кагаз жүзүндөгү чыгыш документтин архивдик нускасына тиркелет. Туруктуу сакталуучу документтерди черновиктерге көчүрүүгө же басып чыгарууга жол берилбейт, анткени сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин алар республикалык архивге тапшырылат.
               2. Жооптор ЭДС аркылуу келип түшкөн тапшырмаларга же башка каттарга байланыштуу гана таризделүүгө тийиш, аларды өзүнчө демилгелүү документтер катары жиберүүгө катуу тыюу салынат.
               3. Эгер документтин кагаз жүзүндөгү версиясы тейлеген жетекчи тарабынан ЭДСда аткаруучу катары дайындалбаган аткаруу үчүн конкреттүү кызматкерге берилсе, кызматкер жоопту демилге кат катары тариздөөнү болтурбоо максатында ушул күнү регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн кызматкерлерине аны ЭДСда аткаруучу катары дайындоо үчүн милдеттүү түрдө билдирүүгө тийиш.
               4. Жоопту же демилге катты кагаз жүзүндө тариздөөдө кат жиберилүүгө тийиш болгон жарандын/юридикалык жактын так дареги милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
               5. Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери тарабынан аймактык/ведомстволук бөлүмгө аткарууга кайра жиберилген Президенттин Администрациясынын тапшырмасы тиешелүү бөлүмдөн жооп алынганга чейин контролдон алынбайт.
96. Эгер документте бир нече маселе козголсо, кошо аткаруучу алардын ишин координациялоо жана кошо аткаруучуларды чакыруу милдети жүктөлгөн аткаруучуга жетекчи тарабынан кол коюлган маалыматты, сунуштарды ж.б. кызматтык кат түрүндө тапшырманы аткаруу үчүн бөлүнгөн мөөнөттүн биринчи жарымында (контролдук күнү саат 18:00 чейин) берет. Кошо аткаруучунун кызматтык каты ЭДСда документке бекитилүүгө тийиш.
Мөөнөттүү мүнөздөгү документтерди аткарууда, кошо аткаруучулар үчүн мөөнөттү эсептөө төмөндөгүдөй:
- 1 күндүк аткаруу мөөнөтү менен, кошо аткаруучулар үчүн                              мөөнөт – катталган күндөн кийинки күнү саат 9:00 чейин;
- 2 күндүк аткаруу мөөнөтү менен, кошо аткаруучулар үчүн мөөнөт – катталган күндөн кийинки күнү саат 12:30 чейин;
- 3 күндүк аткаруу мөөнөтү менен, кошо аткаруучулар үчүн мөөнөт – катталган күндөн кийинки күнү саат 15:00 чейин.
Зарыл болгон учурда аткаруучу тарабынан анын жетекчиси кол койгон кызматтык каттын негизинде башка бөлүмдөн (ага тиешелүү маселелер боюнча гана) маалыматтар, сын-пикирлер же документке карата сунуштар алынышы мүмкүн, мында жооп белгиленген мөөнөттөрдө, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган кызматтык кат түрүндө берилет.
97. Борбордук аппаратка келип түшкөн документти, жарандын кайрылуусун аймактык, ведомстволук бөлүмдөргө кайра жиберүү 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт, мында бир мезгилде арыз ээсине да кабарлама жиберилет. Кайра жиберилген документти, жарандын кайрылуусун кароо мөөнөтү аймактык, ведомстволук бөлүмгө келип түшкөн күндөн баштап эсептелет. Жаранга аралыктагы жана акыркы жоопту ЭДС аркылуу жиберүүдө жооптор Министрликке да жөнөтүлөт, алар милдеттүү түрдө бөлүмгө аткаруу үчүн жиберилген катка тиркелет.
98. Жогорку Кеңештин депутатынын аймактык, ведомстволук бөлүмгө кайра жиберилген суроо-талабы эгер жетекчиликтин резолюциясында башка белгиленбесе, ал келип түшкөн күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде аткарылууга тийиш, Президенттин Администрациясынын тапшырмасы Министрликтин жетекчилиги тарабынан белгилеген мөөнөттө аткарылат.
Депутаттын суроо-талабына же Президенттин Администрациясынын тапшырмасына жооп аймактык/ведомстволук бөлүм тарабынан борбордук аппараттын дарегине ЭДС аркылуу бөлүмгө жөнөтүлгөн катка бекитүү менен берилүүгө тийиш.
Борбордук аппараттын жооптуу кызматкери аймактык/ведомстволук бөлүмдүн берген маалыматынын негизинде Жогорку Кеңештин депутатынын суроо-талабын жана Президенттин Администрациясынын тапшырмасын аткаруу мөөнөтү аяктаганга чейин жооп даярдайт.
99. Документтердин аткаруу мөөнөтү жана сапаттуу даярдалышы үчүн аткаруучулар жана алардын жетекчилери жоопкерчиликке тартылат. Кошо аткаруучулардын күнөөсү боюнча документтердин аткаруу мөөнөтү бузулган же сапатсыз даярдалган учурда, кошо аткаруучу жана анын жетекчиси жоопкерчиликке тартылат.
100. Эгер министр же министрдин орун басары тапшырманын, каттын, жарандын кайрылуусунун негизги аткаруучусу катары Министрликтин аймактык/ведомстволук бөлүмүн аныктаса, анда аткаруу мөөнөтү ал борбордук аппаратта катталган күндөн тартып эсептелет.
Аймактык/ведомстволук бөлүм жоопту адресатка өз алдынча жиберет, ошондой эле аны маалымат иретинде Министрликке да жиберет, электрондук жооп милдеттүү түрдө ЭДСда катталган документке бекитилет.
101. Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин жана Жогорку Кеңештин оозеки жана жазуу жүзүндөгү (электрондук) тапшырмалары, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө түздөн-түз даректелген мамлекеттик органдардын каттары алар тарабынан өз алдынча каралат жана жооптор бөлүмдүн жетекчисинин, ал эми ал болбогон учурда - бөлүмдүн жетекчисинин милдетин аткаруучунун колу менен жиберилет.
102. Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына Министрлик аркылуу гана кайрылат, бул жобону бузганда министрдин чечими менен бөлүмдүн жана ИБнын жетекчилерине, аткаруучуга жана документти каттаган кызматкерге тартиптик жаза чаралары колдонулат.
103. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертизалоонун адистештирилген түрлөрү компетенцияга ылайык борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Ченемдик укуктук актынын долбоору келип түшкөндө бөлүмдүн  жетекчиси аткаруучуну аныктайт.
Ченемдик укуктук актынын долбооруна экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү аткаруучу тарабынан ЭДСда документти алган учурдан тартып жүргүзүлөт.
Ченемдик укуктук актынын долбооруна экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча демилгечиге Министрликтин позициясын чагылдыруу менен кат даярдалат жана материалдар бөлүм башчынын текшерүүсүнө жиберилет.
Кат бөлүм башчы менен макулдашылгандан кийин башкармалыктын жетекчисине макулдашууга киргизилет. Кат башкармалыктын жетекчиси менен макулдашылгандан кийин тейлеген жетекчиге макулдашууга киргизилет.
Кат тейлеген жетекчи менен макулдашылгандан кийин министрге, ал эми ал болбогон учурда – министрдин милдетин аткаруучуга кол коюу үчүн киргизилет. Эгер ченемдик укуктук актыларда корутунду берүү каралса, министр ага да кол коет жана ал катка тиркелет.
Министр болбогон учурда катка (корутундуга) анын милдетин аткарган адам кол коюушу мүмкүн.
 
13. Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук жана ички ведомстволук актылардын долбоорлорун кароо тартиби
 
104. Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнөн андан ары илгерилетүү максатында келип түшкөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлору документ жүгүртүүнүн жалпы жол-жобосунан өтөт жана тейлеген маселелерине ылайык укуктук жардам жана АУКК бөлүмүнө, пенитенциардык, пробациялык, соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгына жана эл аралык-укуктук бөлүмгө андан ары илгерилетүү үчүн жиберилет.
Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси аткаруучуну аныктайт, ал бир айлык мөөнөттүн ичинде сунушталган долбоордун актуалдуулугуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуулугуна талдоо жүргүзөт, ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдайт жана мамлекеттик органдарга макулдашууга жиберет.
Ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте Президенттин Администрациясына киргизүү мөөнөтү долбоор мамлекеттик органдарга макулдашууга жиберилген күндөн тартып 2 айды түзөт.
105. Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ЭДС аркылуу экономикалык мыйзамдар башкармалыгына жана социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгына кароого жиберилиши мүмкүн.
Экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын ченем жаратуу ишин жөнгө салуучу мыйзамдарына шайкештигин текшерүү ЭДСга документти алган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде аткаруучу тарабынан жүргүзүлөт, иштин жыйынтыгы боюнча аткаруучу бөлүмдүн жетекчиси ЭДСда кол койгон кызматтык кат түрүндө демилгечиге жоопту жиберет.
106. Башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишине тиешелүү ички ведомстволук актылардын долбоорлору аткаруучу актынын долбоорун ЭДСга алган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде алар тарабынан каралат.
107. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү ай сайын 10-числодон кечиктирбестен министрдин жардамчысына 1-тиркемеге ылайык бирдиктүү топтомду түзүү үчүн Министрлик тарабынан учурдагы жылга иштелип чыгуучу/иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматты берет.
 
14. Узак мөөнөттүү тапшырмалардын аткарылышын контролдоо
 
108. Узак мөөнөттүү тапшырмалар тапшырмада белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш.
Узак мөөнөттүү тапшырмада бир нече аткаруучу болсо, резолюциядагы биринчи аткаруучу узак мөөнөттүү документти аткарууга жооптуу болот. Жооптуу аткаруучуга ишти координациялоо, документтин сапаттуу жана өз убагында даярдалышы үчүн бирдей деңгээлде жоопкерчилик тарткан кошо аткаруучулардан маалымат сурап алуу укугу берилет.
Узак мөөнөттүү тапшырманын аткарылышын контролдоо узак мөөнөттүү тапшырмада камтылган маселелерди тейлеген министрдин орун басарына жүктөлөт.
Узак мөөнөттүү тапшырманы аткаруунун белгиленген мөөнөтү бузулганда же сапаттуу аткарылбаганда министрдин чечими менен узак мөөнөттүү тапшырманын аткарылышын контролдоо жүктөлгөн министрдин орун басарына, ошондой эле аткаруучуга жана кошо аткаруучуга/кошо аткаруучуларга карата тартиптик жаза чаралары колдонулат.
 
15. Кызматтык териштирүүнү уюштуруу, жүргүзүү мөөнөттөрү жана тартиби
 
109. Министрликтин системасынын кызматкерлерине карата жеке/юридикалык жактын даттануусу келип түшкөн учурда зарыл болгон учурда кызматтык териштирүү жүргүзүлөт. Кызматтык териштирүү жүргүзүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет::
- кызматкерлердин кызматтык каттары;
- этика боюнча комиссиянын сунушу;
- тартиптик жоруктар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүүлөр;
- министр тарабынан жоруктун түздөн-түз аныкталышы;
- кызыкчылыктар кагылышынын келип чыгуу тобокелдигинин болушу;
- мамлекеттик кызмат ордун ээлөө тартибинин бузулгандыгын аныктоо;
- кызматчынын ага карата негизсиз айыптоолорду же шектенүүлөрдү алып салуу максатындагы арызы.
110. Кызматтык териштирүү Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
111. Министр комиссия түзөт жана анын мүчөлөрүнүн ичинен төраганы дайындайт. Комиссиянын курамы так эмес санда 3 адамдан кем болбоого тийиш.
Кызматтык териштирүү аны жүргүзүү үчүн себеп (негиз) болгон маалымат алынган учурдан тартып 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен башталууга жана аны жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 жумушчу күндөн кечиктирбестен аяктоого тийиш. Жеке/юридикалык жакка орто аралык кабарлоо каты буйрук кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде жиберилет, андан кийин даттануунун контролдук мөөнөтү буйрук кабыл алынган күндү эске алуу менен 30 жумушчу күнгө жылдырылат. Эгер жыйынтыктоочу корутундуну киргизүүнүн мөөнөтү (календардык датасы) буйрукта көрсөтүлсө, анда даттанууну аткаруунун контролдук мөөнөтү конкреттүү календардык күндөн кийинки 4 жумушчу күнгө жылдырылат (жыйынтыктоочу корутунду киргизилген күндү эске алуу менен – министрдин чечим кабыл алуусуна 3 жумушчу күн, министр чечим кабыл алган күндү эске алуу менен – жоопту жиберүү үчүн 3 жумушчу күн).
Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү учурунда комиссия өз иш-аракетинде өз алдынча болот, министр жана башка кызмат адамдары кызматтык териштирүүнүн жүрүшүнө кийлигишүүгө укугу жок.
Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө Министрликтин профсоюздук комитетине кабарланат, анын өкүлдөрү кызматтык териштирүүнүн кайсы стадиясында болбосун катышууга жана бардык материалдар менен таанышууга укуктуу. Кызматтык териштирүү жана анын натыйжалары боюнча сунуштар жана сын-пикирлер болсо  профсоюздук комитеттин өкүлдөрү аларды кат жүзүндө министрге жана комиссияга берет.
112. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же жүргүзүлбөйт:
- фактылар чындыкка ылайык келген учурда - кызматчы жасаган жоругу үчүн өзүнүн күнөөсүн чын дилинен мойнуна алса;
- эгер жасалган жорукта кылмыштын курамынын белгилери табылганда, материалдарды тийиштүү мамлекеттик органга өткөрүп берүү менен.
113. Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө административдик укук бузуулар же кылмыш жасоо белгилери жөнүндө күбөлөндүрүүчү фактылар аныкталса, кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы жөнүндө материалдар ал боюнча чечим кабыл алуу үчүн тийиштүү органдарга жиберилет.
114. Кызматтык териштирүүнүн мөөнөтү 30 жумушчу күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү мөөнөтү комиссиянын жетекчисинин (төрагасынын) узартуу мөөнөтү жана кызматтык териштирүүнү аяктоо датасы көрсөтүлгөн кызматтык катынын негизинде мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан төмөнкү учурларда узартылышы мүмкүн, эгер:
- башка калктуу конуштарга баруу зарылдыгы пайда болсо;
- мамлекеттик органдар, жеке адамдар жана юридикалык жактар менен негиздүү кат алышуу жүрүп жатса;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү экспертиза жүргүзүлүп жатса;
- мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан иштин материалдары кошумча териштирүү үчүн комиссияга кайтарылып берилсе;
- жүйөлүү себептер боюнча башка учурларда (ага карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адамдын ооруп калышы, күбөлөрдүн болбогондугу ж.б.).
115. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адам убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда, анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу чечими менен ошол кызматчы жумуш ордуна чыкканга чейин токтотула турушу мүмкүн. Мындай учурда кызматтык териштирүүнүн мөөнөтү да токтотула турат жана кызматчы жумуш ордуна чыккан күндөн тартып кайра башталат.
116. Эгер чогултулган материалдардын жыйынтыгы боюнча комиссия кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан кызматчынын (кызматчылардын) күнөөсүз экендиги жөнүндө тыянакка келсе же далилдик база болбосо, комиссия комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынуучу кызматтык териштирүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат жана комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлган тийиштүү кызматтык катты мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жиберет. Кызматтык каттын негизинде министр 3 жумушчу күндүн ичинде кызматтык териштирүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
117. Кызматтык териштирүүнүн мөөнөтүнүн аякташы кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын жыйынтыктоочу корутундусу түзүлгөн күн болуп эсептелет.
Жыйынтыктоочу корутундуда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- кызматтык териштирүү жүргүзүү үчүн негиз болгон жагдайлар;
- иштин маңызы (жорук жасалган жер, убакыт, ыкма, башка жагдайлар);
- кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адам жөнүндө маалымат;
- укук бузуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүүчү же оорлотуучу жагдайлар;
- жасалган жоруктун оордугу жана мүнөзү;
- жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунуш. Жыйынтыктоочу корутундунун айрым жоболорунун мазмунуна макул болбогон комиссиянын мүчөсү жыйынтыктоочу корутундуга кол коюп, ага өзүнүн өзгөчө пикири жазылган катын тиркейт.
118. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу корутундунун негизинде министр 3 жумушчу күндүн ичинде төмөнкүдөй чечимди кабыл алат:
- кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн кызматчыга тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө;
- кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн кызматчыга тартиптик жазаны колдонбоо жөнүндө;
- иштин материалдарын кошумча кызматтык териштирүүгө кайтаруу жөнүндө.
Министр тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы жөнүндө расмий жооп же кошумча кызматтык териштирүү жөнүндө кайрадан аралыктык кабарлоо-кат жиберилет. Мында эгер министр чечим кабыл алган күндөн тартып көрсөтүлгөн 3 жумушчу күн белгиленген контролдук мөөнөттөн (30 жумушчу күн) ашып кетсе, анда контролдук мөөнөт министр тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып 3 жумушчу күнгө жылдырылат.
120. Кошумча кызматтык териштирүүнүн контролдук мөөнөтү кызматтык териштирүүнүн контролдук мөөнөтүнө окшош белгиленет.
121. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө буйрук ал чыгарылган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кызматчыга кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматчы аталган буйрукка кол коюудан баш тарткан учурда тийиштүү акт түзүлөт, ал РИБде катталат.
122. Кызматчыга карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө сотко даттана алат. Кызматтык териштирүүнүн материалдары талаш-тартышты кароонун жүрүшүндө сотко берилиши мүмкүн. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечимге даттануу анын аткарылышын токтотпойт.
123. Кызматтык териштирүүгө тартылган эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрү Министрлик тарабынан төлөнөт.
124. Эгер министрге мурда кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим чыгарууда ага белгилүү болбогон, жоруктун оордугун жана мүнөзүн өзгөртүүчү жагдайлар белгилүү болгон учурда, ал 3 жумушчу күндүн ичинде өзүнчө буйрук менен кызматтык териштирүүнү кайра баштоого милдеттүү.
Буйрук узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болгон учурда кызматтык териштирүүнү кайра баштоо мурда жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча буйруктун колдонулушун токтотпойт.
125. Кызматтык териштирүүнүн материалдары делого топтолот жана адам ресурстарын башкаруу бөлүмүндө үч жыл сакталат, андан кийин Министрликтин архивине өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
126. Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдө кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү борбордук аппараттагыдай болот.
127. Даттанууну чакыртып алуу жөнүндө арыз келип түшкөн учурда маселе контролдон алынат.
 
16. Актыларынын долбоорлорун макулдашуу жана Президенттин Администрациясына киргизүү тартиби
 
128. Мыйзамдардын долбоорлору жана коштоочу документтер макулдашууга мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет.
Мыйзамдын долбоорун макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Министрлик келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен долбоорду толуктап иштеп чыгууга же аларды эске албоого, же долбоорду андан ары илгерилетүүнү токтотууга укуктуу. Эске алынган жана эске алынбаган сын-пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалымат жана аларды эске албоонун себептеринин негиздемеси Президенттин Администрациясына долбоорду киргизүүдө коштомо катта чагылдырылат.
Мыйзамдардын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагазда жана электрондук булактарда берилет.
Мыйзамдардын долбоорлору жана коштоочу документтер 14 өлчөмүндөгү “Times New Roman” шрифти менен 1 саптык интервал аркылуу жазылууга тийиш.
Мыйзамдардын долбоорлору министр же анын милдетин аткарган адам тарабынан анын аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Актынын долбоорунун текстинин көлөмү машинага жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы бетине РИБдин мөөрлөрүн коюуга жол берилет.
Президенттин Администрациясына киргизилүүчү мыйзамдардын долбоорлору төмөнкү документтердин пакети менен коштолууга тийиш:
- министр же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына коштоочу кат;
- мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кол коюусуна киргизүү үчүн мыйзам долбоору боюнча расмий өкүлдү дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын наамына каттын долбоору;
- министр же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган мыйзамдын долбоорунун төмөнкүлөрдү камтыган негиздеме-маалымкаты: “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн маалыматтарды; финансылык-экономикалык эсептерди; мыйзамдын долбоору кабыл алынгандан кийин кабыл алууга же өзгөртүүгө тийиш мыйзам актыларынын тизмегин;
- салыштырма таблица (актыга өзгөртүүлөр киргизилген учурда);
- долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик органдардын корутундулары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жөнгө салуу таасирин талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык кат;
- Министрлер Кабинетинин жыйынында долбоорду кароодо катышуусу зарыл болгон адамдардын тизмеси.
Эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна кошумча төмөнкүлөр тиркелет:
- эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши жөнүндө жана аны ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерин баалоо жөнүндө Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору, корутундунун долбоору менен;
- министр же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган тескеменин долбоорунун негиздеме-маалымкаты;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин корутундулары (чечимдери). Министрлик Президенттин Администрациясындагы мыйзам долбоорунун концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизбестен толуктап иштеп чыгууга жана негиздемелерди келтирүү менен Президенттин Администрациясында аны кароонун ар түрдүү стадиясында долбоорду чакыртып алууга укуктуу.
129. Редакциялык-техникалык мүнөздөгү (тармактык маселелерди козгобогон), экономикалык жана финансылык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорлору бирдиктүү пакеттерде түзүлөт жана мезгил-мезгили менен Президенттин Администрациясына Министрлик тарабынан киргизилет.
Мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетин түзүү үчүн министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Президентке караштуу мамлекеттик органдар Министрликке зарыл болгон документтерди (маалыматтарды) берет.
Зарыл болгон документтердин (маалыматтардын) тизмеси, аларды берүүнүн мезгилдүүлүгү, ошондой эле мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетин түзүүгө тиешелүү башка маселелер Министрликтин чечимдери менен аныкталат.
Мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетинин расмий өкүлдөрү болуп министр жана Министрликтин кызмат адамдары дайындалат.
Расмий өкүл мыйзам долбоорлорунун бирдиктүү пакетине мыйзам долбоорлорун киргизген мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана кызматкерлерин Жогорку Кеңеште долбоорлорду сунуштоого жана илгерилетүүгө катышууга тартууга укуктуу.
130. Президенттин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагазда жана электрондук булактарда берилет.
Президенттин актыларынын долбоорлорунун жана негиздеме-маалымкаттардын темалары бирдей болууга жана А4 форматындагы ак кагазга, 14 өлчөмүндөгү Times New Roman шрифти менен, бир саптык интервал аркылуу, абзацтын биринчи сабында 1,25 см чегинүү менен таризделүүгө тийиш. Актынын долбоорунун жогорку талаасы бланктын чектери менен белгиленет. Актынын долбоорун эки же андан көп бетке тариздөөдө экинчи жана андан кийинки беттердин жогорку чети 2 см түзөт, ошол эле учурда сол жана оң четтери 3 см, төмөнкү четтери 2 см болууга тийиш.
Президенттин актыларынын долбоорлору министр же анын милдетин аткарган адам тарабынан анын аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Актынын долбоорунун текстинин көлөмү машинага жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы бетине РИБдин мөөрлөрүн коюуга жол берилет.
Президенттин Администрациясына киргизилүүчү Президенттин актыларынын долбоорлору төмөнкү документтердин пакети менен коштолууга тийиш:
- министр же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына коштоочу кат;
- министр же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган долбоордун төмөнкүлөрдү камтыган негиздеме-маалымкаты: “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөКыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн маалыматтарды; эске алынган жана эске алынбаган сын-пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалыматты жана аларды эске албоонун себептеринин негиздемесин; финансылык-экономикалык эсептерди;
- салыштырма таблица (актыга өзгөртүүлөр киргизилген учурда);
- долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик органдардын корутундулары.
Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана коштоочу документтер Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагазда жана электрондук булактарда берилет.
Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору жана негиздеме-маалымкаттары 14 өлчөмүндөгү Times New Roman шрифти менен, бир саптык интервал аркылуу басылууга тийиш. Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору министр же анын милдетин аткарган адам тарабынан анын аты-жөнүн жана датаны көрсөтүү менен парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Актынын долбоорунун текстинин көлөмү машинага жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы бетине РИБдин мөөрлөрүн коюуга жол берилет.
Президенттин Администрациясына киргизилүүчү Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору төмөнкү документтердин пакети менен коштолууга тийиш:
- министр же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын наамына коштоочу кат;
- министр же анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлган долбоордун төмөнкүлөрдү камтыган негиздеме-маалымкаты: “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөКыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада көрсөтүлгөн маалыматтарды; эске алынган жана эске алынбаган сын-пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалыматты жана аларды эске албоонун себептеринин негиздемесин; финансылык-экономикалык эсептерди;
- салыштырма таблица (актыга өзгөртүүлөр киргизилген учурда);
- долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдардын каттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик органдардын корутундулары.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жөнгө салуу таасирин талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык кат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин корутундулары (чечимдери);
- Министрлер Кабинетинин жыйынында долбоорду кароодо катышуусу зарыл болгон адамдардын тизмеси.
Министрлер Кабинети тарабынан өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыгуучу Министрликтин чечимдеринин долбоорлору Министрлер Кабинетинин жыйынын өткөрбөстөн жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кабыл алынуучу токтомдорунун долбоорлору үчүн каралган тартипте жана мөөнөттө макулдашылат.
Министрлик Президенттин Администрациясында турган мыйзам долбоорунун концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизбестен толуктап иштеп чыгууга жана негиздемелерди келтирүү менен Президенттин Администрациясында аны кароонун ар түрдүү стадиясында долбоорду чакыртып алууга укуктуу.
132. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлору негиздеме-маалымкат менен бирге Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагазда жана электрондук булактарда берилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлору А4 форматындагы ак кагазга, 14 өлчөмүндөгү Times New Roman шрифти менен, бир саптык интервал аркылуу, абзацтын биринчи сабында 1,25 см чегинүү менен таризделүүгө тийиш. Тескеменин долбоорунун жогорку талаасы бланктын чектери менен белгиленет. Тескеменин актысынын долбоорун эки же андан көп бетке тариздөөдө экинчи жана андан кийинки беттердин жогорку чети 2 см түзөт, ошол эле учурда сол жана оң четтери 3 см, төмөнкү четтери 2 см болууга тийиш.
133. Министрлик кезектеги квартал башталганга чейин 1 айдан кечиктирбестен Президенттин Администрациясына Министрлер Кабинетинин жыйынында каралууга тийиш болгон маселелерди датасын көрсөтүү, ошондой эле аларды кароонун зарылдыгын негиздөө менен берет.
Министрлер Кабинетинин жыйындарынын планына киргизилген маселелер боюнча материалдар маселени кароонун планда аныкталган датасына чейин 14 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
Министрлер Кабинетинин жыйынында кароо пландалган мыйзамдардын, Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин жыйынынын белгиленген мөөнөтүнө чейин 14 календардык күндөн кечиктирилбестен Президенттин Администрациясына киргизилет.
 
17. Документтердин айрым категориялары менен иштөө тартиби
 
134. Эл аралык келишимдердин долбоорлору Президенттин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми зарыл болгон учурда “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келишимдин тарабы болуп саналган өлкөнүн тилинде киргизилет.
135. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын башчыларынын катышуусу менен кеңешмелерге маселелерди даярдоодо кеңешменин протоколунун долбоору менен материалдар Министрлик тарабынан Президенттин Администрациясына кеңешме өткөрүүнүн белгиленген күндөн 7 күн мурда берилет.
136. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусу менен өткөрүү пландалган жолугушуулар, визиттер жана башка иш-чаралар үчүн даярдалган чыгып сүйлөөлөрдүн, баяндамалардын, маалыматтык-аналитикалык маалымкаттардын, программалардын жана башка материалдардын тексттери Президенттин Администрациясына иш-чаранын датасына чейин 7 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, ал эми толукталып иштелип чыккан акыркы материалдар иш-чаранын датасына чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жиберилет.
Чыгып сүйлөөлөрдүн, баяндамалардын, куттуктоолордун тексттери А4 форматындагы ак кагазга 16 өлчөмдөгү Arial шрифти менен бир жарым сап интервал аркылуу таризделүүгө тийиш, ошол эле учурда сол жана оң талаачалар 3 см, үстү жана асты 2 см болууга тийиш.
137. Эгер Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусу менен жолугушууларды, визиттерди жана башка иш-чараларды өткөрүү учурунда кандайдыр бир тапшырмалар берилсе, Министрлик бир айлык мөөнөттө же бул тапшырмаларды аткаруу боюнча иш-чаралар планында белгиленген мөөнөттө Президенттин Администрациясына алардын аткарылышынын натыйжалары жөнүндө маалыматты берет.
 
18. Демилгечи топтордун арыздарын жана мыйзам долбоорлорун кароо тартиби
 
138. Демилгечи топтордун арыздары жана мыйзам долбоорлору “Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык каралат.
Демилгечи топ Министрликке демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо жөнүндө арыз менен кайрылат. Демилгечи топ каттоо жөнүндө арызда демилгечи топтун аталышын көрсөтүүгө укуктуу.
Демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо боюнча арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган демилгечи топтун чогулушунун протоколу;
- төмөнкү маалыматтарды камтыган демилгечи топтун мүчөлөрүнүн тизмеси: аты-жөнү, туулган датасы, жашаган жери (туруктуу же убактылуу), паспорттун сериясы жана номери;
- мыйзам долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
- маалымкат-негиздеме;
- салыштырма таблица (эгер ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда) же жаңы редакциясы.
139. Демилгечи топту каттоо тартиби.
Министрлик 30 күндүк мөөнөттө демилгечи топту түзүү жөнүндө документтерди, ошондой эле мыйзам долбоорунун текшерет, ал төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- жарандар тарабынан элдик демилге тартибинде сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөгө тийиш. Мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык таризделет;
- мыйзам долбоору аны кабыл алуунун зарылдыгын негиздөө менен республикалык басылмаларда жана Министрликтин расмий сайтында жарыяланууга тийиш. Берилген документтерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Министрлик тарабынан демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүк берилет.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү жоготкон (бузган) учурда демилгечи топ Министрликке анын көчүрмөсүн алуу үчүн кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк ыйгарым укуктуу адамдын арызынын негизинде “көчүрмө” деген белги менен беш жумушчу күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү негизде Министрлик тарабынан берилет.
Демилгечи топту каттоо Министрликке зарыл документтердин тизмеги берилген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө демилгечи топко күбөлүк берилет.
Демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүктүн формасы Министрлик тарабынан бекитилет.
Министрлик демилгечи топту каттоо күнүнөн тартып беш күндүк мөөнөттө бул тууралуу Жогорку Кеңешке маалымдайт.
Демилгечи топту каттоо тууралуу күбөлүк берилген күндөн тартып Министрлик өз сайтына үч жумушчу күндүн ичинде мыйзам долбоорун кабыл алуунун негиздемеси менен анын текстин, ошондой эле демилгечи топ жөнүндө маалыматты жарыялайт.
140. Демилгечи топту жана мыйзамдын долбоорун каттоодон баш тартуунун негиздери.
Министрлик төмөнкүдөй учурларда демилгечи топту жана мыйзамдын долбоорун каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:
демилгечи топтун мүчөлөрүнүн маалыматтары анык эмес болсо;
- Министрлик тарабынан мыйзамдын долбоорунун аталган талаптарга ылайык келбегендиги белгиленсе.
Демилгечи топтун мүчөлөрү каттоодон баш тартууга негиз болуп саналган себептерди жойгондон кийин Министрликке кайрадан кайрыла алат.
 
19. Сот жыйындарында Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызыкчылыктарын коргоо
 
142. Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген өкүлдүн ыйгарым укуктарын аныктоо менен Кыргыз Республикасынын бардык сот инстанцияларында (Конституциялык соттон тышкары) Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызыкчылыктарын коргоого ишеним кат берүү укугу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук өкүлчүлүк борборунун директору, эми ал болбогон учурда - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары тарабынан жүргүзүлөт.
Сотто Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишеним кат Президенттин Администрациясынын штатындагы адамдарга (анын компетенциясына кирген маселелер боюнча гана) министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине же ишке тартылган адвокаттарга берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын карыздык милдеттенмелерине байланыштуу Министрлер Кабинетине коюлган доо же башка талаптарды соттордун кароосунун натыйжалары жөнүндө маалымат, эгер сот процессинин жүрүшүндө кийинкиге калтырууга болбогон жагдайлар пайда болбосо, отчеттук жарым жылда каралган бардык иштер боюнча январь жана июль айларынан кечиктирилбестен Министрлер Кабинетине берилет.
 
20. Чыгыш документтерди иштеп чыгуу
 
143. Чыгыш документтерди иштеп чыгуу РИБ, ИБ, аймактык бөлүмдөрдүн иш кагаздарды жүргүзүүчүлөрү тарабынан ЭДСда жүргүзүлөт.
Документ жетекчилик тарабынан кол коюлган күнү ЭДСда катталууга тийиш, ошол эле учурда документти тариздөөнүн талаптарына шайкештиги текшерилет: документтин тиешелүү форматы, электрондук колтамганын шайкештиги, тиркемелердин болушу, көрсөтүлгөн даректердин тууралыгы, шайкеш келбегендиги аныкталган учурда документ толуктап иштеп чыгууга кайтарылат.
Борбордук аппараттын маалыматтык жана орто-аралык мүнөздөгү каттарына кол коюу укугун министр тиешелүү буйрук менен өзү  аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине бериши мүмкүн, алар болбогон учурларда (эмгек өргүү, командировка, убактылуу эмгекке жарамсыздык) бул каттарга Министрликтин буйругуна ылайык жетекчилердин милдеттерин аткаруучу кызматкерлер кол коет.
Башка адамдар тарабынан кол коюлган аталган мүнөздөгү каттар катталбайт жана аткаруучуга кайтарылат.
Чыгыш номер көктөмөлөрдүн номенклатурасына ылайык автоматтык түрдө берилет.
Жарандын кайрылуусуна жооп берүүчү документтеги чыгыш номери кириш номерге окшош автоматташтырылган түрдө, каттоо датасын көрсөтүү менен ыйгарылат.
Кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүдө ЭДСда автоматтык түрдө ыйгарылган чыгыш каттоо номери жана каттоо датасы бланктын атайын бөлүнгөн жеринде жана документтин экинчи нускасынын биринчи барагынын жогорку бөлүгүнө белгиленет.
Аткаруучу тарабынан расмий жооп катары аралык кат туура эмес таризделген учурда РИБнын, ИБнын кызматкери, аймактык бөлүмдүн иш кагаздарын жүргүзүүчүсү аны каттайт жана контролдук мөөнөттү белгилөө менен кириш документти аткарууга кайра кайтарат.
144. Чыгыш документтер почта, электр жана фельдъегердик байланыш аркылуу берилет, ошондой эле курьер аркылуу жеткирилет.
ЭДСга кошулбаган мамлекеттик органдарга кагаз түрүндөгү чыгыш документтер алар катталган күнү же кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен курьер тарабынан жеткирилет жана кутуга салынат же иш кагаздарын жүргүзүүчүлөргө реестрде же таратуу китебине кол койдуруу менен берилет.
Юридикалык жактарга, жарандарга жана мамлекеттик бийликтин башка органдарына даректелген каттар катталган күнү же кийинки күндөн кечиктирилбестен жумасына 3 жолу почта байланышы аркылуу жиберилет.
Эгер документ мөөнөттүү мүнөзгө ээ болсо, анда аткаруучу аны даректелүүчүгө факсимилдик байланыш аркылуу жибере алат, ал эми каттын түп нускасы курьер тарабынан жеткирилет же почта байланышы аркылуу жиберилет.
“Өтө жашыруун”, “Жашыруун” жана “КПҮ” грифтери болгон документтер эгер саат 12:00гө чейин кол коюлса, аларга кол коюлган күнү, саат 12:00дөн кийин кол коюлса кийинки күнү фельдъегердик байланыш аркылуу жиберилет.
Мамлекеттик органдын өкүлүнүн (кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө) же жарандын (паспортун же ким экендигин күбөлөндүргөн башка документти көрсөткөндө, башка учурларда документ даректелген адамдан ишеним кат) өтүнүчүнө ылайык документ кайрылган мамлекеттик органдын өкүлүнө же жаранга берилиши мүмкүн. Мындай учурда документтерди берүү кагаз журналына төмөнкүлөр жазылат: чыгыш документтин каттоо номери; адресаттын аталышы; документти алган адамдын аты-жөнү жана колу.
145. Убактылуу сакталуучу документтер электрондук түрдө гана түзүлүшү мүмкүн, бул жөнүндө көктөмөлөрдүн номенклатурасына белги коюлат.
Туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү документтер кагаз жүзүндө милдеттүү түрдө кайталанат.
146. А4 форматындагы ак кагазда кол коюлган тиркемелери менен катталган чыгыш документ маселе чечилгенден кийин дароо архивдик көктөмөгө жиберилет.
Архивдик көктөмөлөр РИБнын, ИБнын, аймактык бөлүмдөрдүн иш кагаздарын жүргүзүүчүлөрдүн кабинеттеринин шкафтарында көктөмөлөрдүн номенклатурасына ылайык сакталууга тийиш жана жылдын аягында архивариустар тарабынан мукабалоого даярдалат. Мурдагы жылдагы көктөмөлөрдү мукабалоо жыл сайын I жарым жылдыкта жүргүзүлөт.
Кызматкерлерге иштөө үчүн документтерди жана көктөмөлөрдү берүү, ошондой эле аларды кабыл алуу архивариус тарабынан датасын, кызматкерлердин аты-жөнүн, документтин чыгыш номерин же көктөмөнүн номерин көрсөтүү, атайын журналда кол койдуруу менен жүргүзүлөт, андан кийин электрондук журналга бул жөнүндө тийиштүү белгилер коюлат. Документтер жана көктөмөлөр бир айдан көп эмес мөөнөткө берилет.
 
21. Аткаруучулук тартип боюнча маалымат берүү
 
147. Борбордук аппараттагы контролдук документтерди аткаруунун жыйынтыгы боюнча РИБ жума сайын министрдин биринчи орун басарына, министрдин орун басарларына маалымат берет.
Аталган маалымат тейлеген жетекчи тарабынан каралат, алар  аткаруучулук тартипти бузган кызматкерлерге карата тартиптик жаза колдонуу же колдонбоо жөнүндө (күнөөсү болбогон учурда) чечим кабыл алуу максатында министрге киргизүү үчүн түшүнүк каттарды топтоо жөнүндө тапшырманы берет.  
148. Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн иш кагаздарын жүргүзүүчүлөрү жетекчилерге жана жетекчилердин орун басарларына аткаруу тартиби боюнча жума сайын маалыматты берет, аткаруучулук тартипти бузган кызматкерлерге карата тартиптик жаза колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимди бөлүмдөрдүн жетекчилери кабыл алат. 
149. Аймактык, ведомстволук бөлүмдөр ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5-числосуна чейин борбордук аппаратка иш жөнүндө отчетторду жиберет:
- аткаруучулук тартип боюнча – иш РИБге;
- кадр маселелери, кызматтык иликтөөлөр, кызматкерлерге карата көрүлгөн тартиптик чаралар боюнча – АРББ (өздүк делого кошуу үчүн);
- башка маселелер боюнча – тейлеген түзүмдүк бөлүмдөргө.
150. Аткаруучулук тартиптин натыйжалары жөнүндө отчеттор Министрликтин коллегиясында, ошондой эле министр, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан өткөрүлгөн аппараттык кеңешмелерде угулат.
 
22. Министрликтин кызматкерлери тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык командировкаларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди өткөрүп берүү тартиби
 
151. Министрликтин кызматкерлери тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык командировкаларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди өткөрүп берүү, баалоо, эсепке алуу, сактоо жана сатып алуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтому менен жөнгө салынат.
Министрликтин кызматкерлери протоколдук иш-чараларга, кызматтык командировкаларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алган белектерди финансылык пландоо жана материалдык камсыздоо башкармалыгына (мындан ары ФПМКБ) жогоруда аталган токтом менен бекитилген формага ылайык кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча белектерди өткөрүп берет.
ФПМКБ алынган белектерди эсепке алууну жана сактоону камсыздайт.
Айрым белектер сувенирдик стендге жайгаштырылышы мүмкүн.
 
23. Эл аралык ишти жүргүзүү тартиби
                                                
152. “Эл аралык иш-чаралар” түшүнүгү Министрликтин жетекчилигинин/кызматкерлеринин жана мамлекеттик органдардын, чет өлкөлүк мамлекеттердин дипломатиялык корпусунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн ар түрдүү иш-чараларды (жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, документтерге кол коюу, окутуу иш-чаралары, конференциялар ж.б.) билдирет.
153. Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук бөлүмдөр квартал сайын кварталдын акыркы айынын 25-числосуна чейин эл аралык кызматташуу чөйрөсүндөгү маалыматты 2 жана 3-тиркемелерге ылайык эл аралык-укуктук бөлүмгө (мындан ары -ЭУБ) жиберет.  
Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр жыл сайын 15-декабрга чейин Министрликтин аралык кызматташуу чөйрөсүндөгү ишине сунуштарды 2-тиркемеге ылайык киргизет.
154. Эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө жооптуу түзүмдүк бөлүм ЭУБга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине маалымдоо үчүн 4-тиркемеге ылайык маалыматтарды көрсөтүү менен өткөрүү датасына 25 календардык күн калганда маалыматты жиберет.
Эгер эл аралык иш-чаралардын жүрүшүндө чыгып сүйлөөлөр, баяндамалар пландалса, маалыматка алардын тексти тиркелет.
155. Эл аралык иш-чара үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүм ЭУБга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине маалыматты жиберүү үчүн иш-чара аяктагандан кийин 7 календардык күндүн ичинде 5-тиркемеге ылайык маалыматтарды көрсөтүү менен анын жыйынтыгы боюнча отчетторду берет.
156. Мамлекеттик органдардын, чет өлкөлүк мамлекеттердин дипломатиялык корпусунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө жолугушуунун катышуучуларын талкуулоонун предмети болгон маселелер компетенциясына кирген борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмү, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр залды (отургучтарды, куверттерди, бөтөлкөгө куюлган сууларды жайгаштырууну) жана Министрликтин жетекчилиги үчүн материалдарды даярдайт.
Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жооптуу бөлүм ЭУБга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кабарлоо үчүн жетишилген макулдашуулар жөнүндө маалыматты 7 календардык күндүн ичинде берет.
157. Министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары, Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкери алдыдагы чет өлкөлүк кызматтык командировкага чыкканда чет өлкөгө чыгуучу датага 14 календардык күн калганда эгер чыгып сүйлөө пландалса сунуштардын жана докладдардын долбоорлорун тиркөө менен маалымат Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берилүүгө тийиш.
Министрдин, министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын, Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкеринин чет өлкөлүк кызматтык командировкасынын жыйынтыгы боюнча отчет келген күндөн кийин 14 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берилет.
158. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чет өлкөгө боло турган кызматтык командировка жөнүндө маалыматты жана чет өлкөлүк кызматтык командировканын жыйынтыгы боюнча отчетту жиберүүдө бул ишти координациялоо максатында экинчи адресат ЭУБны көрсөтүүгө тийиш.
Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин чет өлкөгө боло турган кызматтык командировкалары жөнүндө маалымат министр менен макулдашуу үчүн ЭУБга жиберилет.
Командировкага жиберилген адам ушул пунктта көрсөтүлгөн маалыматты жана отчетту берүү үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот.
 
24. Министрликтин иши жөнүндө маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо тартиби
 
159. Министрликтин иши жөнүндө маалыматты жарандардын жана юридикалык жактардын алуу мүмкүнчүлүгү жалпы пайдалануудагы маалыматтык системалар, анын ичинде Министрликтин расмий сайты (www.minjust.gov.kg) жана аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн расмий сайттары аркылуу камсыздалат.
160. Расмий сайттарда жайгаштыруу үчүн Министрликтин иши жөнүндө маалыматтар түзүмдүк, аймактык, ведомстволук бөлүмдөр, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тарабынан даярдалат.
161. Министрликтин иши жөнүндө жарандарга жана юридикалык жактарга системалуу түрдө маалымдоо маалымдама жана аналитикалык материалдарды чыгаруу, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо жана башка ыкмалар аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
 
25. Мамлекеттик реестрлерди жүргүзүү тартиби
 
162. Министрлик тарабынан төмөнкү мамлекеттик реестрлер жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын;
- адвокаттардын;
- жеке жана мамлекеттик нотариустардын;
- нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун;
- юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн);
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын;
- кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын;
- эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын көмөгү менен мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыккан ченемдик актылардын долбоорлорунун.
Юридикалык жардам кызматы (Министрликтин ведомстволук бөлүмү) тарабынан квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестри жүргүзүлөт.
163. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, жеке нотариустардын, адвокаттардын, юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн), жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын мамлекеттик реестрлери Министрликтин расмий сайтына (www.minjust.gov.kg) жайгаштырылган.
Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестри Юридикалык жардам кызматынын расмий сайтына(www.ukuk-jardam.gov.kg) жайгаштырылган.
164. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестри ченемдик укуктук актылардын реквизиттерин, ошондой эле ушул актылар жөнүндө маалыматтык-маалымдама мүнөздөгү маалыматтарды камтыган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү системасы болуп саналат.
Реестр кагаз жана электрондук түрдө жүргүзүлөт.
Реестрди жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын            8-декабрындагы № 743 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо аныкталган.
Реестрге “КПҮ” грифи болгон жана мамлекеттик сырларды камтыган ченемдик укуктук актылар киргизилбейт.
Реестрди жүргүзүү мамлекеттик жана расмий тилдерде Укуктук маалымдоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынган ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде да, расмий тилде да жүргүзүлүүчү реестрге мамлекеттик тилде гана киргизилет.
Ченемдик укуктук актылар реестрге расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде киргизилет.
Ченемдик укуктук акты реестрге киргизилгенден кийин 10 күндүк мөөнөттө ал кабыл алынган тилде (тилдерде) Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына (МББ) киргизилет.
Реестрде камтылган ченемдик укуктук актыларды жайылтуу Интернет тармагынын жардамы менен Министрликтин расмий сайты (www.minjust.gov.kg) аркылуу акысыз негизде жүргүзүлөт.
165. Жеке нотариустардын мамлекеттик реестри кагаз жана электрондук түрдө Адвакатура, нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт, ага жазуу нотариуска каттоо күбөлүгү берилгенден жана Министрликке жеке мөөрүн бергенден кийин киргизилет.
Реестр жеке нотариустун аты-жөнүн, юридикалык дарегин, лицензия берилген датаны, лицензиянын номерин жана белгиленген тартипте даярдалган жеке мөөрүнүн үлгүсүн камтууга тийиш. Реестрде белгиленген ар кандай өзгөртүүлөр бир айдын ичинде Министрликке маалымдалууга тийиш.
166. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестри кагаз жана электрондук түрдө жүргүзүлөт.
Реестрде нотариустар, Кыргыз Республикасынын консулдук (чет өлкөлүк) мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлгөн бардык нотариалдык иш-аракеттер катталат.
Реестр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү тартиби жөнүндө нускамада аныкталган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
167. Адвокаттардын мамлекеттик реестри Адвокатура, нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгы тарабынан кагаз жана электрондук түрдө жүргүзүлөт, ага жазуу адвокаттан Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына кирүү жана адвокаттык кабинетти түзүү жөнүндө кабарламалар алынгандан, адвокат тарабынан Министрликке мөөр берилгенден кийин киргизилет.
Реестр адвокаттын аты-жөнүн, анын дарегин, лицензия берилген датаны, лицензиянын номерин, Адвокатурага кирүү датасын, адвокаттык мекеменин аталышын жана юридикалык дарегин, белгиленген тартипте даярдалган мөөрдүн үлгүсүн камтууга тийиш. Реестрде белгиленген ар түрдүү өзгөртүүлөр адвокаттар тарабынан бир айдын ичинде Министрликке маалымдалууга тийиш.
168. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрин электрондук түрдө ЮЖКБ, аймактык бөлүмдөрдө – жетекчи тарабынан аныкталган кызматкерлер жүргүзөт.
Реестрге жазуу юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо күнү, ошондой эле юридикалык жакты жоюу жана өзгөртүү жөнүндө кабарламаны алган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде киргизилет:
- жетекчи органдын, жетекчинин курамы;
- жайгашкан жери (юридикалык дареги);
- телефондун, факстын номери жана электрондук дареги;
- чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомдордон тышкары), коомдук фонддун, мекеменин жана топтолмо пенсиялык фонддун уюмдаштыруучу (катышуучу) жеке жактардын паспорттук маалыматтары же өздүгүн күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтары;
- чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомдордон тышкары), коомдук фонддун, мекеменин жана топтолмо пенсиялык фонддун уюмдаштыруучу (катышуучу) юридикалык жактын каттоо маалыматтары;
- жетекчинин паспорттук маалыматтары же өздүгүн күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтары.
169. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестри аймактык бөлүмдөр тарабынан кагаз жана электрондук түрдө жүргүзүлөт, ага жазуу жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын  каттоо күнү киргизилет.
170. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри күрөөлөрдү каттоо бөлүмү, ошондой эле акысыз кызмат көрсөтүү келишимдеринин негизинде күрөө кармоочулар-каттоочулар тарабынан электрондук түрдө жүргүзүлөт.
Реестрге жазуу күрөө кармоочу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо, катталган күрөө кабарламасына өзгөртүүлөрдү киргизүү, катталган күрөө кабарламасын токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылган учурдан тартып 53 мүнөттүн ичинде киргизилет.
171. Жеке нотариустардын мамлекеттик реестринде жеке нотариустардын жеке мөөрлөрүнүн жана Адвокаттардын мамлекеттик реестринде адвокаттардын мөөрлөрүнүн оттискаларын өз убагында коюу, ошондой эле Министрликтин реестрлерине өз убагында, анык жана толук жазууларды киргизүү үчүн жоопкерчиликти бул главада көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн жетекчилери тартат.
172. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдардын көмөктөшүүсү менен мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун реестри Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана укуктун үстөмдүгү институту тарабынан жүргүзүлөт.
Бул реестр мамлекеттик органдардан жана эл аралык уюмдардан алынган маалыматтардын негизинде 6-тиркемеге ылайык түзүлөт.
 
26. Жарандарды кабыл алуу тартиби
 
173. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону кыйла натыйжалуу жүргүзүү максатында жана кайрылууларды компетенциянын чегинде оперативдүү чечүү үчүн Министрликте жарандарды жеке кабыл алуу жүргүзүлөт.
174. Министр, министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары тарабынан жарандар календардык жылга буйруктар менен бекитилген графикке ылайык жумада бир жолу кабыл алынат.
Жарандарды кабыл алуу алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча түздөн-түз кайрылуу менен борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн/ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт.
175. Министр, министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары тарабынан жарандарды кабыл алуу графиги борбордук аппараттын имаратынын көрүнгөн жердеги такталарында жайгаштырылат жана Министрликтин расмий сайтында (www.minjust.gov.kg) жарыяланат.
Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдө жетекчилер жана алардын орун басарлары тарабынан жарандарды кабыл алуу графиктери имараттардын стенддеринде жарандардын алар менен таанышуучу жерлерде жайгаштырылат жана расмий сайттарда жарыяланат.
176. Министрдин дарегине кайрылган жарандарды кабыл алууну уюштурууну министрдин жардамчысы жана катчысы, министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, алардын орун басарларынын кабыл алууларын уюштурууну алардын катчылары камсыздайт.
177. Эгер кайрылууда аны чечүү Министрликтин компетенциясына кирбеген маселелер камтылса, жаранга кайда жана кандай тартипте кайрылуу керек экендиги түшүндүрүлөт.
178. Жарандарды кабыл алууга каттоо кабыл алуу күнүнө чейин эки жумушчу күн мурда жүргүзүлөт.
Эскертүү.
1. Юстиция органдарында коррупциялык көрүнүштөр маселелери боюнча кайрылган жарандарды кабыл алуу тастыктоочу маалымат (фото-аудио-видео жазуулар ж.б.) болгондо алдын ала каттоосуз жүргүзүлөт.
2. Майыптарды, көп балалуу энелерди, жарандарды башка социалдык жактан аялуу категорияларын, ошондой эле республиканын алыскы региондорунан келген жарандарды кабыл алуу алар Министрликке келген күнү жүргүзүлөт.
179. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн/ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери алар кайрылган күнү жарандарды кабыл алат.
180. Жарандарды жеке кабыл алуу журналдары министрдин, министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катчыларында болот.
Журналга төмөнкүлөр жазылат: кайрылган адамдын аты-жөнү; байланыш маалыматтары; кайрылуунун мазмуну; кабыл алынган чечим.
181. Жаранды кабыл алуу учурунда маселени чечүү мүмкүн болбогон учурда кайрылуу жаран тарабынан жазуу жүзүндө же электрондук формада баяндалышы мүмкүн жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралууга тийиш.
182. Жарандардын кайрылуулары боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону Министрликтин бардык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, министрдин жардамчысы жана катчысы, министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катчылары жүргүзөт.
 
27. Күн тартиби
 
183. Министрликтин кызматкерлери үчүн иштин башталган, аяктаган убактысы, эс алуу жана тыныгуу убактысы төмөнкүдөй белгиленген:
- иштин башталышы саат 9:00;
- эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуу саат 12:30-13:30 чейин;
- иштин аякташы саат 18:00, майрам алдындагы күндөрдө – саат 17:00.
Бийик тоолуу райондордо, алыскы жана барууга кыйын зоналарда иштеген аялдардын иштөө жана эс алуу убактысы эмгек мыйзамдарына ылайык белгилениши мүмкүн.
184. Министр Министрликтин иш өзгөчөлүгүн эске алуу менен иш убактысынын режимин өз алдынча белгилөөгө укуктуу.
185. Борбордук аппараттын кызматкерлеринин жумушка келүү жана жумуштан кетүү убактысын контролдоону уюштуруу АРББ тарабынан жүргүзүлөт.
Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин жумушка келүү жана жумуштан кетүү убактысын контролдоону уюштуруу алардын жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт.
186. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тейлеген жетекчилердин уруксаты менен кызматтык же башка иштер боюнча жумуш ордунда болбошу мүмкүн.
Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин уруксаты менен кызматтык же башка иштер боюнча жумуш ордунда болбошу мүмкүн.
Жүйөлүү себептер боюнча жумуш ордунда болбогондугу жөнүндө белги АРББдагы журналга коюлат.
187. Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери жумуш ордунда болбогондугунун себептери жөнүндө министрге, ал эми ал болбогон учурда министрдин милдетин аткаруучуга билдирүүгө тийиш.
188. Аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери бөлүмдүн жетекчисинин уруксаты менен кызматтык же башка иштер боюнча жумуш ордунда болбошу мүмкүн. Жүйөлүү себептер боюнча жумуш ордунда болбогондугу жөнүндө белги бөлүмдүн жетекчисинин катчысындагы журналга коюлат.
189. Ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери бөлүмдүн жетекчисинин уруксаты менен кызматтык же башка иштер боюнча, ички эмгек тартибинде каралган учурларда - түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин уруксаты менен жумуш ордунда болбошу мүмкүн.
Жүйөлүү себептер боюнча жумуш ордунда болбогондугу жөнүндө белги кадрлар бөлүмүндөгү журналга коюлат.
 
28. Ушул Регламентти сактоо жоопкерчилиги
                                                                      
            190. Ушул Регламенттин талаптарын сактабоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчиликке алып келет.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
                                                                                              Кыргыз Республикасынын
                                                                                              Юстиция министрлигинин
                                                                                              Регламентине 1-тиркеме
                                                                                             
 
 
Түзүмдүк/ ведомстволук бөлүмдүн аталышы
ЧУАнын долбоорунун аталышы
Илгерилетүүнүн стадиясы
(макулдашуунун, коомдук талкуулоонун, жөнгө салуу таасирин талдоонун ж. б. датасы)
Эскертүү
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
                       
 
 
                                                                                              Кыргыз Республикасынын
                                                                                              Юстиция министрлигинин
                                                                                              Регламентине 2-тиркеме
                                                                                             
 
_____-ЖЫЛГА (____-ЖЫЛДЫН___КВАРТАЛЫНА) ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ ПЛАН
I. Эл аралык иш-чаралар
Иш-чаранын аталышы жана өткөрүү орду
Аткаруу мөөнөттөрү
Аткаруучу
Уюштуруу чу
Каржылоо
Максаттар жана милдеттер
Эскертүү
1.1
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
II. Долбоордук иш
2.1
Долбоордун аталышы
Ишке ашыруу мөөнөттөрү
Долбоордун статусу
Каржылоо
Максаттар жана милдеттер
Эскертүү
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
III. Окуу иш-чаралары
3.1
Иш-чаранын аталышы жана өткөрүү орду
Ишке ашыруу мөөнөттөрү
Каты шуучу лар
Уюштуруучу
Каржылоо
Максат тар жана милдет тер
Эскертүү
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
IV. Тышкы саясий демилгелер
4.1
Демилгенин аталышы
Аткаруу мөөнөттөрү
Аткаруучу
Негиздеме
Эскертүү
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
                                                                                             
                                                                                              Кыргыз Республикасынын
                                                                                              Юстиция министрлигинин
                                                                                              Регламентине 3-тиркеме
 
_____-ЖЫЛГА (____-ЖЫЛДЫН____КВАРТАЛЫНА) ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ ПЛАНДЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ
 
I. Эл аралык иш-чаралар
Иш-чаранын аталышы жана өткөрүү орду
Өткөрүү датасы
Катышуу чулар
Уюштуруу чу
Каржылоо
Өткөрүлдү/ өткөрүлгөн жок
Жетишилген жыйынтык/
Эскертүү
1.1
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
II. Долбоордук иш
Долбоордун аталышы
Ишке ашыруу мөөнөттөрү
Долбоордун статусу
Каржылоо
Ишке ашыруу даражасы
Эскертүү
2.1
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
III. Окуу иш-чаралары
Иш-чаранын аталышы жана өткөрүү орду
Өткөрүү датасы
Катышуу чулар
Уюштуруу чу
Каржылоо
Жетишилген жыйынтык
Эскертүү
3.1
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
IV. Тышкы саясий демилгелер
Демилгенин аталышы
Ишке ашыруу мөөнөттөрү
Аткаруучу
Негиздеме
Иштеп чыгуу даражасы
Эскертүү
4.1
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
                                                                                             
Кыргыз Республикасынын
                                                                                              Юстиция министрлигинин
                                                                                              Регламентине 4-тиркеме
                                                                                             
 
Алдыдагы чет өлкөлүк кызматтык командировка/эл аралык иш-чара жөнүндө маалымдоо
 
_______ тартып (башталган дата) ________ чейин (аяктаган дата) ________ шаарында, _________ (шаардын жана өлкөнүн аталышы) ___________ (иш-чаранын аталышы) боло тургандыгын маалымдайбыз.
 
Иш-чаранын уюштуруучулары төмөнкүлөр:
1.
2.
 
Министрликтен төмөнкү кызматкерлердин иш-чарага катышуусу пландалууда (аты-жөнү, ээлеген кызмат орду);
1.
2.
 
Уюштуруучулар тарабынан билдирилген иш-чаралардын негизги максаттары жана милдеттери:
1.
2.
 
Министрликтин өкүлдөрүнүн катышуусунун максаттары жана милдеттери:
1.
2.
 
Иш-чаранын күн тартиби төмөнкү маселелерди камтыйт:
1.
2.
 
Күн тартибинин ар бир маселеси боюнча Министрликтин позициясы төмөнкүдөй:
1.
2.
 
Күн тартибинин ар бир маселеси боюнча аталган позиция төмөнкү мамлекеттик органдар/кызмат адамдары тарабынан жактырылган (эгер маселелер Министрликтин ыйгарым укуктарынын чегинен ашса):
1.
2.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер/темалар боюнча Министрликтин өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөөлөрү/билдирүүлөрү пландалууда:
1.
2.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө Министрликтин өкүлдөрү тарабынан төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды киргизүү пландалууда:
1.
2.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жыйынтыктоочу документтерди (аталышы, кыскача мазмуну) кабыл алуу/кол коюу пландалууда:
1.
2.
 
Эл аралык (анын ичинде ведомстволор аралык) келишимдердин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (эгер иш-чаранын жүрүшүндө аларга кол коюу пландалса) төмөнкү чечимдери менен жактырылган:
1.
2.
 
Жыйынтыктоочу документтерде кыргыз тараптын төмөнкүдөй милдеттенмелери каралат:
1.
2.
 
Жыйынтыктоочу документтердин долбоорлору Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик органдары менен макулдашылган (эгер маселелер Министрликтин ыйгарым укуктарынын чегинен ашса):
1.
2.
 
Министрликтин өкүлдөрүнүн иш-чарага катышуусунан төмөнкүдөй жыйынтыктар күтүлүүдө:
1.
2.
 
Катышуу боюнча чыгымдар (уюмдун аталышы) эсебинен жабылат:
1.
2.
 
Иш-чарага катышуунун жыйынтыгы боюнча отчет келгенден/аяктагандан кийин 14 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберилет.
 
Тиркеме:        1. Тиешелүү материалдардын көчүрмөлөрү.
                        2. Кыргыз Республикасынын позициясынын, чыгып сүйлөөлөрдүн, билдирүүлөрдүн, сунуштардын долбоорлору.
 
 
 
 
 
 
 
                                                                                              Кыргыз Республикасынын
                                                                                              Юстиция министрлигинин
                                                                                              Регламентине 5-тиркеме
                                                                      
 
Чет өлкөлүк кызматтык командировканын/эл аралык иш-чарага катышуунун жыйынтыктары боюнча отчет  
 
_______ тартып (башталган дата) ________ чейин (аяктаган дата) ________ шаарында, _________ (шаардын жана өлкөнүн аталышы) ___________ (иш-чаранын аталышы) болгондугун маалымдайбыз.
 
________№______кат менен бул иш-чаранын өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине алдын ала маалымдалган.
 
Иш-чаранын уюштуруучулары төмөнкүлөр:
1.
2.
 
Кыргыз тараптан төмөнкү кызматкерлер иш-чарага катышкан (аты-жөнү, ээлеген кызмат орду);
1.
2.
 
Уюштуруучулар тарабынан билдирилген иш-чаралардын негизги максаттары жана милдеттери:
1.
2.
 
Кыргыз тараптын катышуусунун максаттары жана милдеттери:
1.
2.
 
Иш-чаранын күн тартибине төмөнкү маселелер камтылган:
1.
2.
 
Күн тартибинин ар бир маселеси боюнча кыргыз тараптын позициясы төмөнкүдөй баяндалган:
1.
2.
 
Күн тартибинин ар бир маселеси боюнча кыргыз тараптынаталган позициясы төмөнкү мамлекеттик органдар/кызмат адамдары тарабынан жактырылган (эгер маселелер кызматкери иш-чарага катышкан мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарынын чегинен ашса):
1.
2.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер/темалар боюнча кыргыз тараптын чыгып сүйлөөлөрү/билдирүүлөрү болгон:
1.
2.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тараптантөмөнкү маселелер боюнча сунуштар киргизилген:  
1.
2.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча төмөнкү жыйынтыктоочу документтер (аталышы, кыскача мазмуну) кабыл алынган/кол коюлган:  
1.
2.
 
Эл аралык (анын ичинде ведомстволор аралык) келишимдердин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (эгер иш-чаранын жүрүшүндө аларга кол коюу пландалса) төмөнкү чечимдери менен жактырылган:
1.
2.
 
Жыйынтыктоочу документтердекыргыз тараптын төмөнкүдөй милдеттенмелери каралган:
1.
2.
 
Жыйынтыктоочу документтердин долбоорлору Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик органдары менен макулдашылган(эгер маселелер кызматкери иш-чарага катышкан мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарынын чегинен ашса):
1.
2.
 
Төмөнкүлөр менен жолугушуулар өткөрүлгөн (аты-жөнү, кызматы, жолугушуунун тематикасы жана жыйынтыгы):
 
Кыргыз тараптын иш-чарага катышуусунан төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишилген:  
1.
2.
 
Иш-чарага катышуунун жыйынтыгы боюнча сунуштар:
1.
2.
 
Кошумча маалымат (болсо):
1.
2.
 
Катышуу боюнча чыгымдар (уюмдун аталышы) эсебинен жабылган:
1.
2.
 
 
Тиркеме:        чыгып сүйлөөлөрдүн, билдирүүлөрдүн тексттери, жыйынтыктоочу документтердин жана башка материалдардын көчүрмөлөрү.
 
Эскертүү: ар бир пункт милдеттүү түрдө толтурулат.
 
 
Кыргыз Республикасынын
                                                                                              Юстиция министрлигинин
                                                                                              Регламентине 6-тиркеме
 
Мамлекеттик органдын аталышы
 
Эл аралык жана техникалык жардамдын алкагында ишке ашырылган долбоордун аталышы
Иштелип чыккан ЧУА долбоорунун аталышы
ЧУАны ишетп чыгуу максаты
Иштеп чыгуу мөөнөтү
Жетишилген натыйжалар
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы