Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮКыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2010-жылдын «11» 23
№ 160 буйругуна
тиркеме
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Юстиция министрлиги) эненин жана баланын бөлмөсү сүт эмизген энелердин эмгек, үй-бүлөлүк жана социалдык укуктарын коргоо, энелик жана аталык институттарын колдоо, ошондой эле Юстиция министрлигинин балдары бар кызматкерлерине зарыл шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан жана Юстиция министрлигинин эненин жана баланын бөлмөсүнүн иштөө тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо «Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамдын жоболоруна негизделген.
2. Максаттары
3. Эненин жана баланын бөлмөсү төмөнкү максаттарда түзүлөт:
1) сүт эмизген энелерге жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле балдарды эмчек эмизип багууну коргоо;
2) Юстиция министрлигинин балдары бар кызматкерлерин колдоо;
3) Юстиция министрлигинин кызматкерлери болуп саналган сүт эмизген энелердин эмгек, үй-бүлөлүк, социалдык жана башка укуктарын коргоо;
4) Юстиция министрлигинин кызматкерлери өздөрүнүн функционалдык милдеттерин сапаттуу жана өз мезгилинде аткарышына, ошондой эле иш мөөнөтүнөн тышкары жана дем алыш күндөрүндө мыйзамда аныкталган тартипте иш аткарышына мүмкүнчүлук берген тиешелүү шарттарды алардын балдары үчүн түзүү.
3. Эненин жана баланын бөлмөсүнүн иштөө тартиби
4. Эненин жана баланын бөлмөсү Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын имаратында жайгашкан жана Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин балдары үчүн гана пайдаланууга арналган атайын жабдылган жай эсептелет.
5. Эненин жана баланын бөлмөсүнөн пайдаланууга укуктуу субъекттерге булар кирет:
1) Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин 3 айдан 10 жашка чейинки балдары;
2) балдардын ата-энелери (Юстиция министрлигинин кызматкерлери жана алардын жубайлары);
3) ата-энелердин балдарын атайын карашкан жакын туугандары;
4) эмгек келишиминин негизинде Юстиция министрлиги тарабынан жалданган балдарды багуу тармагындагы квалификациялуу кызматкер;
5) балдардын ата-энелери тарабынан жалданган балдарды багуу тармагындагы квалификациялуу кызматкерлер.
6. Эненин жана баланын бөлмөсү төмөнкүдөй режимде иштейт:
1) балдарына күн бою эмчек сүтүн эмизүү талап кылынган кызматкерлер үчүн – жума сайын, дүйшөмбүдөн жумага чейин 8.30дан 18.00ге чейин балдарын атайын кароо камсыз кылынбастан;
2) өздөрүнүн функционалдык милдеттерин иш мөөнөтүнөн тышкары жана дем алыш күндөрүндө мыйзамда аныкталган тартипте аткарышкан балалуу ата-энелер үчүн – жума сайын:
а) ишембиде – 8.30дан 18.00ге чейин балдарын бала багуу тармагындагы квалификациялуу кызматкер тарабынан атайын кароону камсыз кылуу менен;
б) жекшембиде – 8.30дан 18.00ге чейин балдарын атайын кароо камсыз кылынбастан.
7. Юстиция министрлигинин кадрлар бөлүмү:
1) Балдардын жана Юстиция министрлигинин алардын ата-энелери болушкан кызматкерлеринин аты-жөндөрү жазылган тизмесин түзүү менен топторду түзөт;
2) Эненин жана баланын бөлмөсү ушул Жобого ылайык иштешине коюлган талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
3) Эненин жана баланын бөлмөсүнүн материалдык-техникалык базасы талаптагыдай пайдаланылышын көзөмөлдөйт.
8. Эненин жана баланын бөлмөсү донорлордун каражаттарын жана колдонуудагы мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттарды тартуунун эсебинен иштейт.
4. Корутунду жоболор
9. Эненин жана баланын бөлмөсүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тамеки тартууга;
2) мас, баӊгизат колдонгон абалда кирүүгө;
3) ок атуучу куралды, жарылып кетүү коркунучу бар, радиоактивдүү заттарды жана адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунучтуу башка предметтерди сактоого.
10. Эненин жана баланын бөлмөсүнө материалдык-техникалык зыян келтирилген учурда ушуга күнөөлүү адамдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.
Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И
Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы
Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы
Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо