Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮКыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2017-жылдын 10-мартындагы
№ 43 буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде стажировкадан өтүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде стажировкадан өтүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – жобо) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан.
2. Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде (мындан ары – юстиция министрлиги, министрлик) стажировкадан өтүү тартибин регламенттейт.
3. Стажировкадан өтүү- жаш адистерди иш оордунда үйрөтүү формаларынын бири, ал министрликтин тутумунда иштөө үчүн билимге ээ кылууга жана тажырыйба ыктарын үйрөтүүгө багытталган, ошондой эле жеке жана иш билгилик сапаттарын, уюштуруучулук жөндөмүн жана теориялык даярдыгын билүү жолдорунун бири болуп саналат.
4. Стажировкадан өтүүнүн минималдуу мөөнөтү бир айдан кем эмес болушу зарыл.
5. Стажировкадан өтүүнүн тартибин жалпы жетекчиликке алуу адам ресурстары менен башкаруу маселелери боюнча жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан жүзөгө ашырылат.
II. Стажировканы уюштуруу
6. Стажировка катары мамлекеттик башкаруу жана эл аралык укуктук мамилелер чөйрөсүндө юридикалык адистик боюнча билим алган же билим алып жаткан жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчү курстарынын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери, анын ичинде министрликтин бош административдик кызмат орундарына конкурска катышкан адамдар жана өзүн оӊ жактан көрсөткөн министрликтердин жана ведомстволордун мамлекеттик кызматчылары, ошондой эле министрликти кадрларынын ички резервинде турушкан адамдар боло алат.
7. Стажировка мезгилинде жана стажировкадан өткөндөн кийин, стажер белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келгенде юстиция министрлигинде бош административдик мамлекеттик кызмат орунду ээлөөгө конкурска катыша алат.
8. Башкармалыктарда, бөлүмдөрдө, ведомстволук жана аймактык органдарда стажировкадан өтүүчүлөрдүн саны түзүмдүк бөлүнүштөрдүн муктаждыктарына ылайык министрликтин жетекчиси менен аныкталат.
9. Стажерлор төмөнкү учурларда стажировканы андан ары улантууга баш тартылат:
- стажировкадан өтүп жаткан бөлүнүштүн жетекчиси тарабынан тиешелүү сунуштама киргизилгенде;
- ишенич жоготкондо;
- этиканы бузганда;
- министрликтин эмгек тартибинин эрежелерин сактабаганда.
10. Стажировка өтүү жөнүндөгү чечим министрликтин буйругу менен таризделет.
11. Стажировкадан өтүү үчүн талапкер менен персоналды башкаруу маселеси үчүн жооптуу министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшүнө төмөнкүдөй документтерди көрсөтүшү керек:
- арыз – иш тажырыйбадан өтүү жөнүндөгү өтүнүч;
- өздүк баракча сүрөтү менен (2 даана, 3*4 өлчөм, түстүү фон);
- автобиография;
- резюме;
- билим жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү же студент окуп жаткан ЖОЖдун маалым каты (диплом же зачёт книжкасынын көчүрмөсү).
12. Окуудан өтүү үчүн түзүмдүк бөлүнүшкө дайындалган стажер жетекчиси тарабынан төмөнкүдөй иш чаралар аткарышы керек:
- стажер үчүн насаатчыны аныктоо;
- түзүмдүк бөлүнүштүн иши жүзөгө ашырылган ченемдик укуктук актылар, жамаат менен таанышууну өзүнө кошкон көрсөтмөнү өткөрүү;
- коопсуздук техникасы боюнча баштапкы инструктажды жана министрликтеги бар болгон маалыматты жайылтпоо жөнүндөгү талаптарды сактоо боюнча баштапкы инструктажды өткөрүү;
- стажировка календары менен таанышытыруу (1-тиркеме).
13. Стажировкадан өтүүдө маалыматтык коопсуздук режимин сактоону камсыздоо үчүн контрольстажер окуудан өтүп жаткан министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн, аймактык жана ведомстволук бөлүнүшүнүн жетекчисине жүктөлөт.
III. Стажердун укуктары жана милдеттери
14. Стажер төмөнкүлөргө укуктуу:
- жеке кадыр-баркын урматтоого, жетекчилик тарабынан кесиптештер жана жарандар тарабынан өзүнө адилеттүү жана урмат-сый мамиле камсыз кылуусуна;
- өткөрүү күбөлүгүн алууга;
- ага жүктөлгөн тапшырмаларды даярдоо жана аткаруу үчүн зарыл болсо белгиленген тартипте документтерди жана башка маалымат материалдарды алууга;
- министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышууга.
15. Стажер төмөнкүлөргө милдетүү:
- жашыруун маалыматты таркатууга;
- Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген иш тартибин сактоо;
- стажировкадан өтүп жаткан башкармалыктын кызматкерлерине жардам көрсөтүүгө;
- ишинде колдонулуучу документтердин коопсуздугу үчүн жоопкерчилик алууга;
- министрликке тиешелүү болгон мүлктөргө кам көрүп баалоого;
- жүрүм-туруму, адеп-ахлак жана жалпы эрежелерин сактоо ;
- кесиптик сапаттарды аныктоо максатында, стажировканын аягына чыгышы менен стажер эссе жазууга милдеттүү;
- стажировканын бүтүшү менен стажер башкармалыкты көзөмөлгө алган жетекчи менен макулдашылган, аткарган иши жөнүндө маалым катты адам ресуртарын башкаруу бөлүмүнө тапшырууга милдетүү.
Маалым катты стажер – сунуш катары колдонсо болот.
IV. Бөлүмдүн башчысынын укуктары жана милдеттери.
16. Бөлүмдүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
- стажер түздөн түз насаатчылык ишин жүргүзүүгө катышуу;
- стажер окутуу ыкмаларын жана узактыгын аныктайт;
- ай сайын аткарылган жумуштар жөнүндө стажердон отчет талап кылууга;
- стажер ишеним жоготкондугуна байланыштуу министрге стажерду стажерлордун курамынан чыгарууга сунуш берүүгө.
17. Бөлүмдүн башчысы төмөнкүлөргө милдетүү:
- стажерду атайын кызматкерге түз насаатчылык кылуусу үчүн бекитүүгө (бөлүм башчылардын арасынан жана башкы адистердин арасынан);
- стажерду башкармалыктын Жобосу менен, кызматкердин функционалдык милдеттери менен, министрликтин регламенти менен, жана Коопсуздук боюнча нускама менен тааныштырууга;
- стажерго урмат-сый мамиле кылууга;
- стажердун укугун жана кызыкчылыгын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурга ылайык коргоого.
- жасаган ишин жана жазылган эссенин жыйнытыктарын эске алуу менен стажердун кесиптик сапаттарына баа берүү.
V. Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын
адам ресурстарын башкаруу жаатындагы бөлүмүнүн
укуктары жана милдеттери.
18. Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын адам ресурстарын башкаруу жаатындагы бөлүмү төмөнкүлөргө укуктуу:
- стажердон аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча отчет талап кылууга;
- стажерлордун саны боюнча база түзүүгө- стажерлордун курамы;
- стажердун натыйжалуулугун талдоо.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо