21 Тогуздун айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Баткен областынын юстиция Башкармалыгы


Баткен облусунун юстиция башкармалыгы жөнүндө

ЖОБО

 

I. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Юстиция министрлиги) иштин көрсөтүлгөн чөйрөсүндө ченемдик укуктук жөнгө  салуу  тармагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча функцияларын камсыз кылган жана жүргүзгөн, ошондой эле адам жана жаран укуктарын жана эркиндиктерин коргогон аймактык бөлүнүшү болуп эсептелет.

2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген Юстиция министрлиги жөнүндө Жобону, Юстиция министрлигинин  чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Башкармалык өз ишин түздөн-түз Юстиция министрлигинин жетекчилиги алдында жүргүзөт.

4. Башкармалыктын ыйгарым укуктар чөйрөсү Баткен облусунун аймагы менен чектелет.

5. Башкармалык юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, банк мекемелериндеги эсептешүү жана башка эсептери түшүрүлгөн мөөрүнө ээ.

6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен шаары, 8-март көчөсү, № 1.

 

II. Башкармалыктын милдеттери жана функциялары

 

7. Башкармалыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • укуктук реформаларды практикалык ишке ашыруу боюнча иштин координацияланышын камсыз кылуу;
  • мамлекеттик нотариат кеңселеринин ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу;
  • мамлекеттик нотариалдык кенселеринин ишин уюштурулушун жана мамлекеттик нотариустары тарабынан эмгек тартибинин сакталышын контролдоо;
  • берилген ыйгарым укуктардын чегинде юридикалык жактарды каттоо жол-жоболорун камсыз кылуу;
  • юридикалык жактардын жана жарандардын укуктук маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүн уюштуруу;
  • тиешелүү аймакта укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды  уюштуруу;
  • мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүн укуктук пропагандалоо боюнча иштерин координациялоо;
  • өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде адам жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу.

 

8. Коюлган милдеттерге жетишүү үчүн Башкармалык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

  • Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
  • укуктук пропаганда, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын, өкмөттүк эмес уюмдарды жана башка субъекттерди тартуу менен иш-чараларды уюштурат;
  • укуктук пропаганда маселелери боюнча мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнө методикалык жардам көрсөтөт жана координациялайт;
  • юридикалык жактардын жана жарандардын укуктук маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүн уюштурат;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары келип түшкөн күнү алардын  көчүрмөлөрүн  Юстиция министрлигине жөнөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик тизмесин түзүүгө катышат;
  • ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына көмөктөшөт;
  • адвокаттардын жана мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтүшкөн адвокаттардын ишин координациялайт;
  • мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтүшкөн адвокаттарга эмгек акы төлөөнү уюштурат;
  • мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтүшкөн адвокаттардын иши жөнүндө Юстиция министрлигине отчет берет;
  • жарды жашаган жарандарга юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Борбордун ишин уюштурат;
  • мыйзамдуулукту бекемдөө, жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча укук коргоо жана башка органдар менен өз ара иштешет;
  • өз ыйгарым укуктарынын чегинде адамдардын жана юридикалык жактардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгы жөнүндө даттанууларын, арыздарын, каттарын карайт;
  • Юридикалык жактардын, филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) мамлекеттик бирдиктүү тизмесин жүргүзөт;
  • юридикалык жактарды жана филиалдарын, (өкүлчүлүктөрүн) жана облустун аймагында түзүлө турган жана продукциясы облустун районунун жана шаарынын, бир нече районунун (шаарларынын), ошондой эле ишкананын же уюмдун аймагында таркатуу үчүн багытталган жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоону, кайра каттоону жана ишинин токтотулганын каттоону жүргүзөт;
  • катталган, кайра катталган жана иши токтотулган жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Юстиция министрлигине маалыматты өз убагында берип турат;
  • жеке нотариалдык кеңселердин жайларынын коюлган талаптарга ылайык келиши боюнча корутунду берет;
  • Юстиция министрлигине мамлекеттик нотариалдык кеңселердин аткарылган нотариалдык иш-аракеттери боюнча жыйынтык отчет берет;
  • өз ыйгарым укуктарынын чегинде жана мыйзамда каралган тартипте текшерүү-ревизиялоо ишин жүргүзөт;
  • Башкармалыкта  статистикалык, бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту уюштурат, өздөрүн камсыздандырууга чыгымдар боюнча пландардын долбоорлорун түзөт;
  • так отчеттуулуктагы бланктардын сакталышын, пайдаланылышын жана эсебинин алынышын, алардын сарпталышы жөнүндө Юстиция министрлигине отчет өз убагында берилишин контролдойт;
  • Башкармалыктын иш жана иш-чаралар пландарына ылайык, жарым жылдык жана жылдык аткарылган иш жөнүндө, ошондой эле аткаруу тартиби боюнча маалыматты Юстиция министрлигине берет;
  • мыйзамдарга ылайык архив документтерин комплектөө, сактоо, эсебин алуу жана пайдалануу боюнча иш жүргүзөт;
  • ошондой эле Юстиция министрлиги тарабынан өзүнө жүктөлгөн башка функцияларды да аткарат.

III. Башкармалыктын укуктары

 

9. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүдөй укуктарга ээ:

  • Юстиция министрлигинин тапшырмасы боюнча нотариустарга жана адвокаттарга карата кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү;
  • өткөрүлгөн кызматтык териштирүүлөрдүн натыйжалары боюнча нотариустар жана адвокаттар тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда Юстиция министрлигинин алдындагы тиешелүү квалификациялык комиссияларга сунуштар киргизүү;
  • тиешелүү тартипте Башкармалыктын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
  • өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде методикалык жетекчилик кылуу;
  • өз ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдарынан зарыл маалыматтарды, документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды сурап алуу;
  • тиешелүү тартипте иштин жүрүшүндө келип чыккан маселелерди териштириш үчүн башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартуу;
  • өз ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгаруу;
  • мыйзамдарда каралган башка укуктарды жүргүзүү.

 

IV. Башкармалыктын түзүмү жана штаты

 

10. Башкармалыктын түзүмү жана штаттык саны Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.

 

V. Башкармалыктын кызматкерлери

 

11. Башкармалыктын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте кызматка дайындалган жана бошотулган жана өз функцияларын ушул Жобого жана Башкармалыктын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларына ылайык жүргүзгөн жогорку билимдүү мамлекеттик кызматчы болуп саналат.

12. Башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен өз ара мамиле түзүүдө Башкармалыктын кызматкерлери Башкармалыктын өкүлдөрү болуп саналышат.

 

VI. Башкармалыктын жетекчилиги

 

13. Башкармалыкты анын начальниги жетектейт.

14. Начальниги бүткүл ишин жетектейт жана Юстиция министрлигинин жетекчилиги, башка мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен мамиле түзүүдө Башкармалыктын атынан чыгат;

15. Башкармалыктын начальниги Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, эмгек жана аткаруу тартибинин абалы, ошондой эле гендердик тең салмактуулукту эске албастан Башкармалыктын кызматкерлеринин ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

16. Башкармалыктын начальниги өзү жокто өзүнүн чечими аркылуу өз милдеттерин аткаруучу Башкармалыктын кызматкерлеринин бирине жүктөөгө акылуу.

17. Начальниги облусунун аймагынан Юстиция министринин уруксаты менен гана тышкары чыга алат.

 

VII. Башкармалыктын коллегиясы

 

18. Башкармалыкта 3-5 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызматы боюнча Башкармалыктын жетекчиси коллегиянын мүчөсү болуп саналат. Коллегиянын калган мүчөлөрүн Башкармалыктын жетекчисинин сунуштамасы боюнча Юстиция министри бекитет.

Башкармалыктын коллегиясы Башкармалыктын ишине тиешелүү маселелерди карайт.

Коллегиянын чечимдери токтом түрүндө кабыл алынат жана Башкармалыктын буйругу менен жүзөгө ашырылат.

Коллегиянын иш тартиби Башкармалыктын жетекчиси тарабынан бекитилген регламент аркылуу аныкталат.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы