Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна
Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32
Дб-Иш, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Юстиция министрлиги) иштин көрсөтүлгөн чөйрөсүндө ченемдик укуктук жөнгө салуу тармагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча функцияларын камсыз кылган жана жүргүзгөн, ошондой эле адам жана жаран укуктарын жана эркиндиктерин коргогон аймактык бөлүнүшү болуп эсептелет.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген Юстиция министрлиги жөнүндө Жобону, Юстиция министрлигинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалык өз ишин түздөн-түз Юстиция министрлигинин жетекчилиги алдында жүргүзөт.
4. Башкармалыктын ыйгарым укуктар чөйрөсү Жалал-Абад облусунун аймагы менен чектелет.
5. Башкармалык юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, банк мекемелериндеги эсептешүү жана башка эсептери түшүрүлгөн мөөрүнө ээ.
6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Кыргыз Республикасы көчөсү, № 139»А».
II. Башкармалыктын милдеттери жана функциялары
7. Башкармалыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
8. Коюлган милдеттерге жетишүү үчүн Башкармалык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
III. Башкармалыктын укуктары
9. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүдөй укуктарга ээ:
IV. Башкармалыктын түзүмү жана штаты
10. Башкармалыктын түзүмү жана штаты санын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
V. Башкармалыктын кызматкерлери
11. Башкармалыктын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте кызматка дайындалган жана бошотулган жана өз функцияларын ушул Жобого жана Башкармалыктын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларына ылайык жүргүзгөн жогорку билимдүү мамлекеттик кызматчы болуп саналат.
12. Башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен өз ара мамиле түзүүдө Башкармалыктын кызматкерлери Башкармалыктын өкүлдөрү болуп саналышат.
VI. Башкармалыктын жетекчилиги
13. Башкармалыкты анын начальниги жетектейт.
14. Начальниги бүткүл ишин жетектейт жана Юстиция министрлигинин жетекчилиги, башка мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен мамиле түзүүдө Башкармалыктын атынан чыгат;
15. Башкармалыктын начальниги Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, эмгек жана аткаруу тартибинин абалы, ошондой эле гендердик тең салмактуулукту эске албастан Башкармалыктын кызматкерлеринин ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
16. Башкармалыктын начальниги өзү жокто өзүнүн чечими аркылуу өз милдеттерин аткаруучу Башкармалыктын кызматкерлеринин бирине жүктөөгө акылуу.
17. Начальниги облустун аймагынан Юстиция министринин уруксаты менен гана тышкары чыга алат.
VII. Башкармалыктын коллегиясы
18. Башкармалыкта 3-5 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызматы боюнча Башкармалыктын начальниги коллегиянын мүчөсү болуп саналат. Коллегиянын калган мүчөлөрүн Башкармалыктын начальнигинин сунуштамасы боюнча Юстиция министри бекитет.
Башкармалыктын коллегиясы Башкармалыктын ишине тиешелүү маселелерди карайт.
Коллегиянын чечимдери токтом түрүндө кабыл алынат жана Башкармалыктын буйругу менен жүзөгө ашырылат.
Коллегиянын иш тартиби Башкармалыктын начальниги тарабынан бекитилген регламент аркылуу аныкталат.
Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
ММК каттоо үчүн документтердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды,филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) каттоону жүргүзүүнүн тартиби
Типтүү уставтардын үлгүлөрү, каттоо арызынын формасы жана каттоо үчүн алына турган акы
“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Mассалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө Жобо 1992-жылдын 19-августу № 410
Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо мөөнөттөрү
Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо докуметтердин тизмеси
Массалык маалымат каражаттарын каттоо жөнүндө маалымат
Жоопкерчилиги чектелген коомду каттоо үчүн төмөнкүлөр керек
Акционердик коомду (ачык, жабык) каттоо үчүн керек
Коомдук бирикмени каттоо үчүн керек
Коомдук фондду каттоо үчүн керек
Филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо үчүн керек
Жабык акционердик коомдун Tиптүү уставы
Коммерциялык кооперативдин Tиптүү уставы
Ачык акционердик коомдун Tиптүү уставы
Жоопкерчилиги чектелген коомдун Tиптүү уставы
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо