18 Жетинин айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизадан ѳткѳрүү башкармалыгы


2016-жылдын «___»_________№ ____

Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин

буйругуна 2-тиркеме

Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгы жөнүндө Жобо

I. Жалпы жоболор

1. Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлоруна укуктук, укук коргоо, коррупцияга каршы жана гендердик экспертизалардын түрлөрүн жүргүзгөн жана калкты документтештирүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын (мындан ары – Юстиция министрлиги) түзүмдүк бөлүкчөсү болуп эсептелет.

2. Башкармалык өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Юстиция министрлигинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Башкармалык өз ишин Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын башка түзүмдүк бөлүкчөлөрү, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрү жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жүргүзөт.

4. Башкармалык өз ишин Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин тейлеген орун басарынын жетекчилиги алдында жүргүзөт.

II. Башкармалыктын милдеттери жана функциялары

5. Башкармалыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз ыйгарым укуктарынын чегинде камсыз кылуу;
  • мыйзам алдындагы актыларды укук колдонуу практикасында эффективдүү пайдаланууга жетишүү үчүн сапатын жогорулатуу.
  • калкты документтештирүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны камсыз кылуу.

6. Башкармалыктын алдына коюлган милдеттерге жетүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

  • мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун укуктук, укук коргоо, коррупцияга каршы жана гендердик экспертизаларын өткөрөт;
  • адамдын ким экендигин тастыктаган документтерди даярдоо, каттоо, эсепке алуу, берүү, коргоо, сактоо жана жок кылуу маселелерине тиешелүү сунуштарды иштеп чыгат.
  • Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жана ведомстволук бөлүнүштөрү тарабынан даярдалган мыйзам алдындагы актылардын долбоорлоруна корутунду берет;
  • юридикалык жана жеке жактардын кайрылууларын карайт;
  • Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча сот органдарында Өкмөттүн жана Юстиция министрлигинин кызыкчылыктарын көздөйт;

III. Башкармалыктын укуктары

7. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

  • мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий мекемелерден жана окуу жайлардан, коомдук жана эл аралык уюмдардан Башкармалыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды сурап алууга жана алууга;
  • Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүкчѳлөрүнѳн, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнөн Башкармалыктын өзүнө жүктөлгөн функцияларын аткаруу үчүн зарыл материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга жана алууга.

IV. Башкармалыктын түзүмү жана штаты

8. Башкармалыктын түзүмү жана штаттык саны Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.

V. Башкармалыктын кызматкерлери

9. Башкармалыктын кызматкерлери болуп жогорку юридикалык билимдүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамы менен белгиленген тартипте кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган, өзүнүн функцияларын ушул Жобого жана Башкармалыктын кызматкерлеринин бекитилген кызматтык нускамаларына ылайык жүзөгө ашырган мамлекеттик кызматчылар эсептелинет.

10. Башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, юридикалык жана жеке адамдар менен өз ара мамиле түзүүдө Башкармалыктын кызматкерлери Юстиция министрлигинин өкүлдөрү болушат.

11. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызматтык нускамада жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбоо же анын күнөөсү боюнча туура эмес аткаруу үчүн тартиптик жоопкерчилигин тартат.

VI. Башкармалыкты жетектөө

12. Башкармалыкты начальник жетектейт.

13. Начальник Башкармалыктын бүткүл ишин жетектейт жана Юстиция министрлигинин жетекчилиги, башка органдар, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен мамиле түзүүдѳ Башкармалыктын атынан чыгат.

14. Башкармалыктынын начальниги Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин жана иштердин аткарылышы эмгек жана аткаруучулук тартибинин абалы, ошондой эле гендердик тең салмактуулукту эске албастан Башкармалыктын кызматкерлеринин ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

15. Башкармалыктын начальниги жок учурда анын милдеттерин калкты документтештирүү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча Бөлүмүнүн башчысы аткарат.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы