21 Тогуздун айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Нотариат жана адвокатура башкармалыгы


2016-жылдын «___»_________№ ____

Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин

буйругуна 3-тиркеме

 

Нотариат жана адвокатура  башкармалыгы жөнүндө

Жобо

I. Жалпы жоболор

 

1. Нотариат жана адвокатура башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) нотариалдык, адвокаттык ишмердүүлүктү координациялоо жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуучу документтерге апостилдөө ишмердүүлүгүн жүргүзүп, мамлекеттин укуктук коргоо саясатын ишке ашыруу, адам укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин  (мындан ары – Юстиция министрлиги) борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөсү болуп саналат.

2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Юстиция министрлигинин чечимдерин ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Башкармалык өзүнүн ишинде Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын башка түзүмдүк бөлүкчөлөрү, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрү жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жүргүзөт.

4. Башкармалык өз ишин Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин тейлеген орун басарынын жетекчилиги алдында жүргүзөт.

 

II. Башкармалыктын милдеттери жана функциялары

5. Башкармалыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
  • нотариаттык иш тажрыйбаны жалпылоо жана биримдигин камсыз кылуу;
  • нотариустардын ишин жетектөөнү камсыздоо;
  • жеке нотариалдык жана адвокаттык  иш менен алектенүү үчүн укук алууга талапкерлерди квалификациялуу сынактан өткөрүү жол-жобосунун уюштурулушун камсыз кылуу;
  • мамлекеттик жана жеке нотариустардын реестрин жүргүзүү;
  • нотариустардын жана адвокаттардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү болгон ченемдик укук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
  • адам укуктары, нотариалдык жана адвокаттык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарына квалификациялык юридикалык жардам берүү системасын өнүктүрүү;
  • мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча тутумдун ишмердүүлүгүн координациялоо жана уюштуруу;
  • адвокаттардын жана адвокаттык органдардын ишмердүүлүгүн координациялоо;
  • 1961-жылдын 5-октябрында Гаага шаарында кол коюлган чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу Конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу.

6. Башкармалык алдында коюлган милдеттерге жетишүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

  • нотариалдык иш-тажрыйбаны өркүндөтүү маселелери боюнча методикалык сунуштамаларды иштеп чыгат;
  • нотариустардын ишин жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
  • нотариустардын ишине үзгүлтүксүз текшерүү жүргүзөт;
  • мамлекеттик жана жеке нотариустардын, ошондой эле нотариалдык иш аткарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-кагаздарын жүргүзүү тартибинин аткарылышын контролдойт;
  • нотариустардын иши жөнүндө статистикалык жыйынтык отчетторун кабыл алат жана түзөт;
  • Юстиция министрлигинин аймактык бөлүнүштөрүнө нотариустардын ишин жетектөө жана координациялоо боюнча зарыл уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтөт;
  • мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун иши жөнүндө коомчулукка маалымдайт;
  • мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга болгон керектөөнүн статистикалык маалыматтарын чогултат, иш тажрыйбаны жалпылайт жана ага баа берет;
  • адвокаттардын кесиптик уюмунун катышуусу менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат, анын ичинде төмөнкүдөй маселелер боюнча;
  • Ø мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын эмгегине акы төлөөнүн тарифтери жана шарттары;
  • Ø мамлекет кепилдеген жардам тутумундагы адвокаттардын көрсөтүүчү юридикалык жардамдын сапатына карата минималдуу талаптар;
  • мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттардын ишине баа берүүнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн жол-жоболору;
  • Ø мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча арыздарды жана даттанууларды кароонун жол-жоболору;
  • мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө адвокаттар менен келишимдердин долбоорлорун түзөт;
  • мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча координаторлордун иш тажрыйбасын контролдойт;
  • мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун ар жылдык бюджетинин долбоорун түзөт;
  • жарандардын жана адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, камсыздоо маселеси боюнча өлкөдөгү тиешелүү мамлекеттик жана чет өлкөлөрдөгү түзүмдөр, укук коргоочу жана өкмөттүк эмес уюмдар менен  кызматташат;
  • адвокаттардын эмгегине акы төлөө механизмин жүзөгө ашырат;
  • адвокаттардын жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттардын реестрин жүргүзөт, аймактык тизмесин жана адвокаттар резервинин тизмесин түзөт;
  • адвокаттардын жана нотариустардын квалификациясын жогорулатуу боюнча ишин уюштурат;
  • расмий документтерге кол жана мөөр койгонго укугу бар адамдардын колдорунун жана мөөрлөрүнүн үлгүсүн чогултууну жүргүзөт;
  • Кыргыз Республикасынан чыгып жаткан документтерге апостил коюу жолу менен күбөлөндүрөт;
  • консулдук мыйзамдаштырууда мамлекеттик нотариустардын коюлган колдорун жана мөөрлөрүн күбөлөндүрөт;
  • Юстиция министрлигинин кызматчылары үчүн апостилдөө маселелери боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгат;
  • апостилдөөнүн жол-жобосун жакшыртуу үчүн иш-чараларды иштеп чыгат жана жүргүзөт;
  • Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын аты-жөнү, колдору жана бекитилген мөөрлөрү жөнүндө камтылган маалымат банкын түзөт;
  • апостилдөө үчүн келген документтердин каттоо китепчесин жүргүзөт;
  • жеке жана юридикалык жактардын башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карайт.

III. Башкармалыктын укуктары

7. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

  • мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий мекемелерден жана окуу жайлардан, коомдук жана эл аралык уюмдардан башкармалыкка жүктөлгөн функцияларды аткарууда зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга жана алууга;
  • Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн Башкармалыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга жана алууга;
  • Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча материалдарды ар тараптан текшерүү үчүн зарыл болгон кошумча документтерди жана маалыматтарды жеке жана юридикалык жактардан талап кылууга;
  • Юстиция министрлигинин жетекчилигине башкармалыкка жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
  • Башкармалыктын ишинин багыттарынан келип чыккан башка ыйгарым укуктарды жүргүзүүгө.

IV. Башкармалыктын түзүмү жана штаты

 

8. Башкармалыктын түзүмү жана штаттык саны Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.

 

V. Башкармалыктын кызматкерлери

 

9. Башкармалыктын кызматкерлери болуп юридикалык жогорку билимдүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте кызматка дайындалган жана бошотулган, өзүнүн функцияларын ушул Жобого жана Башкармалыктын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларына ылайык жүзөгө ашырган мамлекеттик кызматчылар эсептелинет.

10. Башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен өз ара мамиле түзүүдө Башкармалыктын кызматкерлери Юстиция министрлигинин өкүлдөрү болушат.

11.Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызматтык нускамада жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбоо же анын күнөөсү боюнча туура эмес аткаруу үчүн тартиптик жоопкерчилигин тартат.

VI. Башкармалыктын жетекчилиги

 

12. Башкармалыкты начальник жетектейт.

13. Начальник Башкармалыктын ишине жетекчилик кылат жана анын атынан Юстиция министрлигинин жетекчилиги, башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке адамдар алдында чыгат.

14. Башкармалыктын начальниги Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин жана иштердин аткарылышы, эмгек жана аткаруучулук тартибинин абалы, ошондой эле гендердик тең салмактуулукту эске албастан Башкармалыктын кызматкерлеринин ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

15. Башкармалыктын начальниги жок болгон учурда, анын милдетин убактылуу Башкармалыктын башкы адиси аткарат.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы