28 Жетинин айы, 2023
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Юридикалык жактарды каттоо боюнча башкармалыгы


 2016-жылдын «___»_________№ ____

Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин

буйругуна 4-тиркеме

Юридикалык жактарды каттоо боюнча башкармалыгы жөнүндө Жобо

  1. I.     Жалпы жоболор

1. Юридикалык жактарды каттоо боюнча башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Юстиция министрлиги) борбордук аппаратынын мыйзамдарда берилген ыйгарым укуктарынын чегинде юридикалык жактарды, филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо боюнча.

2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган жана мыйзамдарда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Юстиция министрлигинин чечимдерин ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Башкармалык өзүнүн иш аракетин Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын башка түзүмдүк бөлүкчөлөрү, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрү жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жүргүзөт.

4. Башкармалык өз ишин Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин жетекчилигинде жүргүзөт.

II. Башкармалыктын милдеттери жана функциялары

5. Башкармалыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • берилген ыйгарым укуктардын чегинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактарды, филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) каттоо жол-жобосун камсыз кылуу;
  • каттоо маселелери боюнча Юстиция министрлигинин аймактык бөлүнүштөрүнүн ишин методологиялык жактан жетектөө;
  • берилген ыйгарым укуктарынын чегинде каттоо маселелери боюнча юридикалык жактар, филиалдары (өкүлчүлүктөрү), жеке адамдар менен өз ара иштешүү;
  • берилген ыйгарым укуктарынын чегинде каттоо маселелери боюнча юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр), Юстиция министрлигинин аймактык бөлүнүштөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сакталышын контролдоо.

6. Башкармалык алдыга коюлган милдеттерге жетишүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

  • юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзөт;
  • төмөнкүлөрдү каттоо ишин камсыз кылат:
  • саясий партияларды;
  • мамлекеттик органдарды, алардын аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрүн, уюмдарын жана мекемелерин кошпогондо;
  • иши пайдалуу кен байлыктарын эксплуатациялоого (иштетүүгө) багытталган юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) албаганда чет өлкөлүк катышуудагы юридикалык жактарды жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн);
  • юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик тизмесин (мындан ары – мамлекеттик тизме) жүргүзөт;
  • юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр), Юстиция министрлигинин аймактык бөлүнүштөрү тарабынан юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо боюнча мыйзамдардын сакталышын контролдоо жүргүзөт;
  • кызыкдар адамдарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик тизмеден маалымат берет;
  • продукциясы Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы, андан тышкары, облустун аймагында жана Бишкек шаарында таркатууга багытталган жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо боюнча Юстиция министрлигинин ишин камсыз кылат;
  • юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо маселелерине ченемдик укуктук актылардын, Юстиция министрлигинин актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат;
  • юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо маселелерине ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды берүү маселеси боюнча Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрү менен эриш-аркак иштешет;
  • тиешелүү тартипте «бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодун жана идентификациялык салык номерин ыйгаруу жаатында статистика, Социалдык фонд органдары, салык органдары менен эриш-аркак иштешет;
  • статистика, Социалдык фонд органдарын жана салык органдарын юридикалык жактардын, филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жайгашкан жеринин, жетекчисинин, телефонунун, электрондук дарегинин, факсынын өзгөргөндүгү жөнүндө кабардар кылат;
  • статистика, Социалдык фонд органдарын жана салык органдарын юридикалык жактардын, филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) ишинин токтотулганы жөнүндө кабардар кылат;
  • Юстиция министрлигинин архивинде турган юридикалык жактардын, филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн), жалпыга маалымдоо каражаттарынын документтери менен иш алып барат;
  • уставдын жоболорун сактоо маселеси боюнча саясий партиялардын ишине текшерүү жүргүзөт;
  • Башкармалыктын ыйгарым укуктарынын чегинде административдик укук бузуулар боюнча иштерди карайт;
  • юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо маселелери боюнча Юстиция министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери менен кеңешмелерди, семинарларды, тренингдерди өткөрөт;
  • юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо маселелери боюнча Юстиция министрлигинин аймактык бөлүнүштөрүнүн ишин аларга практикалык жана методологиялык жактан жардам көрсөтүү менен текшерет;
  • Юстиция министрлигинин каржы-чарба бөлүмүнө бланк продукциясын даярдатуу үчүн муктаждык туурасында маалымат берет.

 

  1. II.                Башкармалыктын укуктары

 

7. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

  • мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан, Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнөн, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнөн Башкармалыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл маалыматты, документтерди жана материалдарды сурап алууга;
  • саясий партиялардын жетектөөчү органдарынан алардын уставынын бузулушу менен байланышкан маселелер боюнча түшүндүрмө берүүлөрүн талап кылууга;
  • саясий партиялардын уставында аныкталган максаттардын жана милдеттердин чегинен чыккан же мыйзамды бузган иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн алардын ишин эки айлык мөөнөткө чейин токтото туруу жөнүндө сунушту Юстиция министрлигинин жетекчилигинин кароосуна киргизүүгө;
  • Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды Юстиция министрлигинин жетекчилигине киргизүүгө.

 

  1. III.             Башкармалыктын түзүмү жана штаты

 

8. Башкармалыктын түзүмү жана штаттык саны Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.

V. Башкармалыктын кызматкерлери

9. Башкармалыктын кызматкерлери болуп жогорку юридикалык билимдүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамы менен белгиленген тартипте кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган, өзүнүн функцияларын ушул Жобого жана Башкармалыктын кызматкерлеринин бекитилген кызматтык нускамаларына ылайык жүзөгө ашырган мамлекеттик кызматчылар эсептелинет.

10. Башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, юридикалык жана жеке адамдар менен өз ара мамиле түзүүдө Башкармалыктын кызматкерлери Юстиция министрлигинин өкүлдөрү болушат.

11. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызматтык нускамада жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбоо же анын күнөөсү боюнча туура эмес аткаруу үчүн тартиптик жоопкерчилигин тартат.

VI. Башкармалыктын жетекчилиги

 

12. Башкармалыкты начальник жетектейт.

13. Начальник Башкармалыктын ишине жетекчилик кылат жана анын атынан Юстиция министрлигинин жетекчилиги, башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар алдында чыгат.

14. Башкармалыктын начальник Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин жана иштердин аткарылышы, эмгек жана аткаруучулук тартибинин абалы, ошондой эле гендердик тең салмактуулукту эске албастан Башкармалыктын кызматкерлеринин ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

15. Башкармалыктын начальниги жок болгон учурда, анын милдетин убактылуу Башкармалыктын башкы адиси аткарат.

 

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.pnge06ee80e86f65341e2f59be964b9bd7b20230306040230.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg3e5e646a291fbe33878be64667ad7f6320190328065104.jpg78277ff9494b6ec7ac6f10db7a7ff42520210922104929.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы