21 Жетинин айы, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Эл аралык кызматтыштык башкармалыгы


2016-жылдын «___»_________№ ____

Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин

буйругуна 5-тиркеме

 

 

Эл аралык кызматташтык башкармалыгы жөнүндө Жобо

 

  1. I.          Жалпы жоболор

1. Эл аралык кызматташтык башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) – Юстиция министрлигинин тышкы саясий иш-милдетин жүргүзгөн, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдеринин долбоорлорун даярдаган жана укуктук экспертизадан өткөргөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Юстиция министрлиги) борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөсү болуп эсептелет.

2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Юстиция министрлигинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Башкармалык өзүнүн иш аракеттин Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын башка түзүмдүк бөлүкчөлөрү, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрү жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жүргүзөт.

4. Башкармалык өз ишин Юстиция министринин тейлеген орун басарынын жетекчилиги алдында жүргүзөт.

II. Башкармалыктын милдеттери жана функциялары

5. Башкармалыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • тиешелүү тартипте укук маселелери боюнча эл аралык байланыштарды жүргүзүү, эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу;
  • эл аралык келишимдердин долбоорлорун, аларды жактыруу жөнүндө жана эл аралык келишимдердин долбоорлору тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктарын экспертизадан өткөрүү;
  • Юстиция министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык кырдаалды жана тажрыйбаны комплекстүү изилдөөсүн жана талдоосун камсыз кылуу;
  • Кыргыз Республикасынын тышкы саясат концепциясына ылайык Кыргыз Республикасынын укуктук маселеси боюнча тышкы саясий курсун ишке ашыруу;
  • Юстиция министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн эл аралык ишин координациялоо;
  • - ЕврАзЭс, КМШ, ШКУ, ЖККУ жана башка мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык бирикмелер менен өз ара мамиле түзүү маселелери боюнча Юстиция министрлигинин ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн эл аралык ишин координациялоо;
  • чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын  укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо тармагында тиешелүү тартипте укуктук маселелер боюнча  көмөк көрсөтүү.

6. Башкармалык алдыга коюлган милдеттерге жетишүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

  • эл аралык келишимдердин долбоорлорун экспертизадан өткөрөт;
  • эл аралык каржылык келишимдер боюнча юридикалык корутундуларды берет;
  • Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик программалардан жана долбоорлордон келип чыккан иш-чараларды уюштурат жана аткарат;
  • Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын каттарына жана суроо-талаптарына жооп берет;
  •  Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары өкмөттөр аралык комиссиялардын ишине катышат;
  • Юстиция министрлигинин жетекчилигинин эл аралык иш сапарларын уюштурат жана өткөрөт;
  • чет өлкөлүк делегациялардын Юстиция министрлигине келишине, кетишине, кыска мөөнөттөгү сапарларына байланышкан  протоколдук иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
  • өзүнүн компетенциясынын чегинде Юстиция министрлигинин линиясы боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана келишимдерге кол коюуга  катышат жана тиешелүү сунуштарды киргизет;
  • Юстиция министрлигинин ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамиле түзүүдөгү укуктук маселелер боюнча эл аралык иши жөнүндө маалымат сурап алат;
  • Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча семинарларга жана тегерек столдорго катышат жана уюштурат;
  • квалификацияны жогорулатуу менен байланышкан иш-чараларга, тажрыйба алмашууларга катышат.

III. Башкармалыктын укуктары

7. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

  • мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан, илимий ишканалардан жана окуу жайлардан, коомдук жана эл аралык уюмдардан, Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнөн, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнөн Башкармалыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга жана алууга;
  • мыйзамдарда белгиленген тартипте эл аралык, донордук жана коомдук уюмдардын каржы каражаттарын  Юстиция министрлигинин кызматкерлерин окутуу үчүн тартууга;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарга.

IV. Башкармалыктын түзүмү жана штаты

8. Башкармалыктын түзүмү жана штаттык саны Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.

V. Башкармалыктын кызматкерлери

9. Башкармалыктын кызматкерлери болуп жогорку юридикалык билимдүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамы менен белгиленген тартипте кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган, өзүнүн функцияларын ушул Жобого жана Башкармалыктын кызматкерлеринин бекитилген кызматтык нускамаларына ылайык жүзөгө ашырган мамлекеттик кызматчылар эсептелинет.

10. Башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамиле түзүүдө Башкармалыктын кызматкерлери Юстиция министрлигинин өкүлдөрү болушат.

11.Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызматтык нускамада жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбоо же анын күнөөсү боюнча туура эмес аткаруу үчүн тартиптик жоопкерчилигин тартат.

VI. Башкармалыктын жетекчилиги

 

12. Башкармалыкты начальник жетектейт.

13. Начальник Башкармалыктын ишине жетекчилик кылат жана анын атынан Юстиция министрлигинин жетекчилиги, башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке адамдар алдында чыгат.

14. Башкармалыктын начальниги Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин жана иштердин аткарылышы, эмгек жана аткаруучулук тартибинин абалы, ошондой эле гендердик тең салмактуулукту эске албастан Башкармалыктын кызматкерлеринин ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

15. Башкармалыктын начальниги жок болгон учурда, анын милдетин убактылуу Башкармалыктын башкы адиси аткарат.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы