22 Теке, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Укуктук маалымат башкармалыгы


2016-жылдын «___»_________№ ____

Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин

буйругуна 8-тиркеме

 

Укуктук маалымат башкармалыгы жөнүндө Жобо

 

  1. 1.      Жалпы жоболор

 

1. Укуктук маалымат башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кодификациялоону жана системага салууну жүргүзүү боюнча ишин, Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин жана Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкын жүргүзүү боюнча ишин координациялаган, ошондой эле сервердик жана компьютердик жабдууларын техникалык жактан коштогон Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Юстиция министрлиги) борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмчөсү болуп саналат.

2. Башкармалык өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Юстиция министрлигинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Башкармалык өз ишин Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмчөлөрү, ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрү жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жүргүзөт.

4. Башкармалык өз ишин Юстиция министрлигинин статс-катчысынын жетекчилигинде жүргүзөт.

2. Башкармалыктын милдеттери жана функциялары

 

5. Башкармалыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кодификациялоо жана системага салуу;
  • Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
  • Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкын жүргүзүү;
  • мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жарандарга жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтарды берүү;
  • Юстиция министрлигинин веб-сайтына маалыматтык жардам көрсөтүү;
  • укуктук маалыматка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын, жарандардын жана юридикалык жактардын Юстиция министрлигинин веб-сайты аркылуу кирүү мүмкүндүгүн уюштуруу;
  • Юстиция министрлигинин кызматчыларын ченемдик укуктук актылар менен камсыздоо;
  • сервердик жана компьютердик жабдууларын техникалык жактан коштоо.

6. Башкармалыктын алдына коюлган милдеттерге жетишүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кодификациялоо жана системага салуу боюнча ишин жүргүзөт;
  • Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
  • Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кагаз жана электрондук түрлөрүндө контролдук абалында кармайт;
  • Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
  • Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкын түзөт;
  • Юстиция министрлигинин веб-сайтын жүргүзүү боюнча ишин жүзөгө ашырат;
  • Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкынан кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга маалымат берет;
  • жеке жана юридикалык жактардын каттарына жана сурамдарына жооп даярдоону жүзөгө ашырат;
  • Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жыйнактарын ККМБнын катышуучу-мамлекеттеринин юстиция министрликтерине жиберет;
  • Облустук, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыктарына жана Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгына кодификациялоо маселелери боюнча практикалык жана методикалык жардам көрсөтөт;
  • сервердик жана компьютердик жабдууларын техникалык жактан коштоо боюнча иш жүргүзөт;
  • маалыматтык ресурстарды түзүүгө багытталган программалык камсыздоону сактайт.
  •  
  1. 3.      Башкармалыктын укуктары

 

7. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

  • мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий мекемелерден, коомдук жана эл аралык уюмдардан, башка кызыкдар адамдардан Башкармалык даярдаган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна корутунду алууга;
  • Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмчөлөрүнөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдардын актыларын сурап алууга;
  • Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнөн, ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүнөн министрликтин веб-сайтына жайгаштыруу үчүн жаңылыктарды жана укуктук маалыматтарды сурап алууга;
  • Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмчөлөрүнөн кодификация боюнча ишинин белгиленген тартибин аткаруусун текшерүү жүргүзүүгө, контролдоо жүргүзүүгө;
  • ККМБнын катышуучу-мамлекеттеринен укуктук маалыматтарды алмашуу тартибинде алардын ченемдик укуктук актыларын сурап алууга жана алууга;
  • Юстиция министрлигинин кызматкерлерин окутуу үчүн эл аралык, донордук жана коомдук бирикмелердин каржы акчаларын мыйзамдарда белгиленген тартипте тартууга;
  • Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнөн, ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүнөн Башкармалыкка жүктөлгөн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга жана алууга.

 

 

4. Башкармалыктын түзүмү жана штаты

 

8. Башкармалыктын түзүмү жана штаттык саны Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.

5. Башкармалыктын кызматкерлери

 

9. Башкармалыктын кызматкерлери болуп жогорку юридикалык жана/же маалыматтык-технологиялык билимдүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамы менен белгиленген тартипте кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган, өзүнүн функцияларын ушул Жобого жана Башкармалыктын  кызматкерлеринин бекитилген кызматтык нускамаларына ылайык жүзөгө ашырган мамлекеттик кызматчылар эсептелинет.

10. Башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, юридикалык жана жеке адамдар менен өз ара мамиле түзүүдө Башкармалыктын  кызматкерлери Юстиция министрлигинин өкүлдөрү болушат.

11. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызматтык нускамада жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбоо же анын күнөөсү боюнча туура эмес аткаруу үчүн тартиптик жоопкерчилигин тартат.

6. Башкармалыкты жетектөө

 

12. Башкармалыкты начальниги жетектейт.

13. Начальник Башкармалыктын ишине жетекчилик кылат жана анын атынан Юстиция министрлигинин жетекчилиги, башка мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке адамдар алдында чыгат.

14. Башкармалыктын начальниги жүктөгөн милдеттеринин жана иштердин аткарылышы, эмгек жана аткаруучулук тартибинин абалы, ошондой эле гендердик теӊ салмактуулукту эске албастан Башкармалыктын кызматкерлеринин ортосундагы милдеттердин бөлүштүрүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

15. Начальник жок болгон учурда анын милдеттерин убактылуу Башкармалыктын башкы адиси аткарат.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы