15 Жетинин айы, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алынган ЧУАны жарыялоо


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө  жобону бекитүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамынын 20 жана 21-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы     № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө"  токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө” жобонун 11-пунктуна жетекчиликке алып,

 

буйрук кылам:

 

1Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Буйрук расмий жарыяланууга тийиш.

3. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн                     2011-жылдын 28-февралындагы № 79 “Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгы (А.У. Искендеров) зарыл болгон учурда ушул буйруктан келип чыккан  тиешелүү буйруктун долбоорлорун даярдап бекитүү үчүн кароого киргизсин.

5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө адвокаттык иштин маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Министрдин м.а.                                                                           М. Сарымсаков

 

 

Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин

2017-жылдын « » ноябры

№ 241буйругуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө  жобо


1. Жалпы жоболор

 

1.        Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиянын ишин уюштуруу тартибин аныктайт (мындан ары – Квалификациялык комиссия).
2.      Квалификациялык комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 

Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3.        Квалификациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Юстиция министрлиги) алдында төмөнкү курамдан турган жети адамдан түзүлөт:

1) Юстиция министрлигинин үч өкүлү:

- министрдин орун басары (Квалификациялык комиссиянын төрагасы);

- ээлеген кызмат оруну боюнча адвокатура маселесин көзөмөлдөгөн башкармалыктын жетекчиси;

- адвокатура маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери (Квалификациялык комиссиянын катчысы).

2) Адвокаттар кеңеши тарабынан сунушталган жана адвокатык ишинде беш жылдан кем эмес эмгек тажрыйбасына ээ адвокаттардын ичинен төрт өкүл.

4. Квалификациялык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.

 

2. Квалификациялык комиссиянын функциялары менен ыйгарым укуктары

 

5. Квалификациялык комиссия, адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамендерди кабыл алат.

Квалификациялык экзамен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчүАдвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен өткөрүү тартибине ылайык  өткөрүлөт.

6. Квалификациялык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:

1) квалификациялык экзамен тапшыруусуз адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын арыздарын карайт;

2) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө талапкерлерден түшкөн арыздарды карайт;

3) квалификациялык экзамен өткөрүүнүн күнүн жана убактысын белгилейт (анын которулган күнүн);

4) Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилүүчү квалификациялык экзамендин суроолорун макулдашат

5)  адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алат;

6) талапкерлердин талаш маселелер боюнча арыздарын карайт.

Квалификациялык комиссия өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл маалыматты белгиленген тартипте менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жактардан сурап алууга укуктуу.

 

3. Квалификациялык комиссиянын ишинин тартиби

 

7. Эгерде отурумда анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү, анын ичинде Квалификациялык комиссиянын төрагасы катышса, Квалификациялык комиссия чечим кабыл алууга укуктуу  болуп саналат.

8. Квалификациялык комиссиянын чечими отурумда катышкан анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Квалификациялык комиссиянын төрагасынын чечими чечүүчү болуп саналат.

Квалификациялык комиссиянын чечими менен макул болбогон Квалификациялык комиссиянын мүчөсү өзүнүн өзгөчө (жеке) оюн жазуу жүзүндө баяндап Квалификациялык комиссиянын протоколуна тиркөө үчүн  калтырат.

9. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен алуу боюнча квалификациялык комиссиянын чечими компьютердеги тесттин жыйынтыгынын негизинде кабыл алынат.

Тесттин жыйынтыгы катчы тарабынан жазылып алынат. Квалификациялык экзамен аяктагандан кийин протокол жазылат, ага Квалификациялык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат

Тесттен өткөндүгү жөнүндө маалыматтар серверде 6 айдан кем эмес мөөнөт сакталат.

10. Квалификациялык комиссиянын протоколу Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан жазылат: анда отурум өткөрүү убактысы, орду, комиссиянын курамы,   фамилиясы, аты, атасынын аты, экзамен тапшырган тесттин шифри менен компьютердик тесттин жыйынтыгында алган баллдардын саны көрсөтүлөт. 

11.    Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Юстиция министрлиги адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия берүү чечимин кабыл алат.

12. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуунун тартиби Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан түшүндүрүлөт

  13.    Квалификациялык комиссиянын катчысы Квалификациялык комиссиянын отурумун даярдайт жана иш кагаздарын жүргүзөт.

 

4. Квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү тартиби

 

14. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат алуу үчүн Юстиция министрлигине Квалификациялык комиссия карап чыгуусу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл:

1) лицензия алуу үчүн квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат алуу жөнүндө арыз(арыздын формасын Квалификациялык комиссия бекитетжана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат;

2) талаптагыдай толтурулган жана кол коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

3) өмүр баян;

4) талапкердин инсандыгын күбөлөндүргөн жана Кыргыз Республикасынын жараны экенин тастыктаган документтер (паспорт);

    5) жогорку юридикалык билими жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн дипломдун көчүрмөсү;

 6) юридикалык адистик боюнча эмгек тажрыйбасын акыркы иштеген жери боюнча тастыкталганже нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документердин көчүрмөсү (эмгек китепчеси);

7) акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө;

8) сүрөт (өлчөмү: 4x6, кагазы — түстүү);

9) соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалым кат.

15. Квалификациялык комиссия зарыл болгон учурда талапкерлер тарабынан берилген документтер менен маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө, ушул себептен тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка уюмдарга сунушталган документтер менен маалыматтардын аныктыгын текшерүү же тастыктоо жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.  

16. Документтерди текшерип бүткөндөн кийин Квалификациялык комиссия квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү же уруксат бербөө чечимин кабыл алат. Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат бербөө чечими ал кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде административдик тартипте датанууга мүмкүн
17. Квалификациялык экзаменди тапшырбаган адамга кайра экзамен тапшырууга алты айдан эрте эмес мөөнөт ичинде  уруксат берилет.
18. Квалификациялык комиссиянын отурумунун протоколунан көчүрмө адвокаттын өздүк ишине тиркелетАдвокаттардын өздүк иштери Юстиция министрлигинин архивинде белгиленген тартипте сакталат.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы