Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тизмесинин 6-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө” жобонун 11-пунктуна таянуу менен
буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобо (1-тиркеме);
2) Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартиби (2-тиркеме).
2. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгы (А.У. Искендеров) зарыл болгон учурда ушул буйруктан келип чыккан тиешелүү буйруктун долбоорлорун даярдап бекитүү үчүн кароого киргизсин.
4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Нотариат маселесин көзөмөлгө алган Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басарына жүктөлсүн.
Министирдин м.а. М. Сарымсаков
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2017-жылдын “8” ноябры
№ 242 буйругуна 1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиянын ишин уюштуруу тартибин аныктайт (мындан ары – Квалификациялык комиссия).
2. Квалификациялык комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" мыйзамына, башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Жобого таянуу менен иш алып барат.
3. Квалификациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Юстиция министрлиги) алдында төмөнкү курамдан турган жети адамдан түзүлөт: нотариат маселесин көзөмөлгө алган Юстиция министринин орун басары (Квалификациялык комиссиянын төрагасы), нотариат маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, «Нотариалдык палата» коомдук бирикмесинин төрагасы, бир мамлекеттик нотариус, нотариат маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери (Квалификациялык комиссиянын катчысы), жарандык коомдун эки өкүлү.
4. Квалификациялык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
2. Квалификациялык комиссиянын функциялары
5. Квалификациялык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
1) квалификациялык экзамен тапшыруусуз жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын арыздарын карайт;
2) жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын мамлекеттик же жеке нотариустан такшалуудан өтүүгө жөнөтүү жөнүндө арыздарын карайт (мындан ары - талапкерлер);
3) квалификациялык экзамен өткөрүүнүн күнүн жана убактысын белгилейт (анын которулган күнүн);
4) Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилүүчү квалификациялык экзамендин суроолорун макулдашат;
5) квалификациялык экзаменге уруксат берүү арыздарды карайт;
6) талапкерлерден квалификациялык экзаменди кабыл алат;
7) доо арыздарды аппеляциялык тартипте карайт.
3. Квалификациялык комиссиянын ишин уюштуруу
6. Квалификациялык комиссиянын отуруму зарылдыгына жараша төрага тарабынан чакыртылат жана ага анын мүчөлөрүнүн теңинен кем эмеси катышса, отурум мыйзамдуу болуп саналат. Отурум алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт
Квалификациялык комиссиянын бардык маселелер боюнча чечимдери анын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7. Квалификациялык экзамен жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан келип түшкөн арыздардын Юстиция министрлигинде топтолгонуна жараша, бирок алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Квалификациялык экзамен өткөрүү күнүн жана ордун Квалификациялык комиссия аныктайт. Эгерде талапкерлерден арыздар келип түшпөсө, квалификациялык экзамен өткөрүлбөйт.
Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар, экзамен өткөрүлгөнгө чейин 7 (жети) календардык күн мурда, квалификациялык экзамен өткөрүү күнүн, ордун жана убактысы тууралуу маалымдар болушат.
8. Экзамендин суроолору Квалификациялык комиссия менен макулдашылат, Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет жана жалпы жеткиликтүү болуу үчүн Юстиция министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылат.
9. Квалификациялык комиссиянын чечими компьютердеги тесттин жыйынтыгынын негизинде кабыл алынат.
Тесттин жыйынтыгы компьютердин мониторуна чыгат, ал катчы тарабынан жазылып алынат. Квалификациялык экзамен аяктагандан кийин протокол жазылат, ага Квалификациялык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
10. Квалификациялык комиссиянын катчысы Квалификациялык комиссиянын отурумун даярдайт жана иш кагаздарын жүргүзөт.
11. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алуунун тартиби Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан түшүндүрүлөт.
4. Квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү тартиби
12. Квалификациялык экзамен тапшырууга "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына 4-беренесинде коюлган талаптарга ылайык келген адамдар киргизилет.
13. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адам (мындан ары - талапкер) квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин атына арыз менен кайрылат (арыздын формасын Квалификациялык комиссия бекитет) жана министрликтин расмий сайтына жайгаштырылат.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) талаптагыдай толтурулган жана кол коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
2) өмүр баян;
3) эмгек китепчесинин көчүрмөсү (акыркы иштеген жери же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
4) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
5) паспортунун көчүрмөсү;
6) такшалуудан өткөндүгү жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;
7) такшалуудан өткөндүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө корутунду.
8) көктөмө.
Талапкердин документтери Квалификациялык комиссиясынын катчысы тарабынан өздүк иш катары таризделет.
14. Документтер кабыл алынгандан кийин нотариат маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалымат борборуна талапкердин соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн суроо-талап жиберет, анын натыйжасы талапкер тарабынан сунушталган өздүк ишке тиркелет.
15. Квалификациялык комиссия зарыл болгон учурда талапкерге карата кошумча документтерди жана маалыматты мамлекеттик органдардан жана башка юридикалык жактардан сурап алууга укуктуу.
16. Квалификациялык комиссия талапкердин документтерин кароонун жыйынтыгы боюнча аны квалификациялык экзамен тапшырууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Квалификациялык комиссиянын катчысы Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен талапкерге кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө маалымдайт.
17. Төмөнкү адамдарга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берилбейт;
1) такшалуудан өткөн күндөн тартып алты ай мөөнөттү өткөргөндөр;
2) такшалуудан өтүү планын жана такшалуудан өтүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуну бербеген адамдар;
3) такшалуудан белгиленген тартипте өтпөгөндөр,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда.
5. Квалификациялык экзаменди өткөрүү тартиби
18. Квалификациялык экзамен компьютерден тест тапшыруу түрүндө өткөрүлөт.
Компьютердик тест 110 суроодон турат. Тесттин суроосу суроонун өзүнөн жана жооптун төрт вариантынан турат. Талапкер сунушталган ар бир суроонун бир гана жообун тиешелүү белгилөө менен тандоого тийиш.
Талапкерлер компьютердик тестти өз каалоолору менен тандаган мамлекеттик же расмий тилде тапшырышат.
Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү башка бөлмөдө отуруп, «on-line» режиминде экзамендин жүрүшүнө видеобайкоо аркылуу байкоо жүргүзүшөт.
19. Квалификациялык экзамен төмөнкүдөй тартипте өткөрүлөт:
1) талапкерлер тесттен өтүүнүн эрежелери менен мамлекеттик жана расмий тилде видеожазуу менен таанышып чыгышат;
2) Квалификациялык комиссиянын катчысы талапкерлердин инсандыгын паспорт боюнча аныктайт, андан кийин талапкерлер шифр тандашат, шифрлерди компьютерге ар ким өзү киргизет;
3) квалификациялык экзамен тапшырууга 110 мүнөт берилет, убакыт тест башталган учурдан тартып компьютерде белгиленет;
4) тесттин жыйынтыгы компьютердин мониторуна чыгат, ал катчы тарабынан жазылып алынат.
Квалификациялык экзамен аяктагандан кийин отурумдун протоколу жазылат, ага Квалификациялык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн теңинен кем эмеси катышса, отурум мыйзамдуу болуп саналат.
Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Юстиция министрлиги экзамендин жыйынтыктары жөнүндө чечим кабыл алат, ал кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде административдик тартипте датанууга мүмкүн.
20. Тесттин жыйынтыгы балл алуу системасы боюнча бааланат. Тесттин ар бир суроосуна туура жооп берген бир жооп үчүн талапкер 1 балл алат.
21. Тесттин жалпы суроолорунун ичинен 77 жана андан ашык суроого туура жооп берген адам квалификациялык экзаменди тапшырган болуп саналат, ал 70 жана андан ашык пайызды түзөт.
22. Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга, Квалификациялык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып, бир айдын ичинде арыздын негизинде Юстиция министрлиги тарабынан нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия берилет.
23. Квалификациялык экзаменди тапшырбаган адамга, Квалификациялык комиссия чечим кабыл алгандан кийин бир жылдан эрте эмес мөөнөт ичинде кайра экзамен тапшырууга уруксат берилет.
24. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамендин боло турган күнү тууралуу маалымдалган, бирок аны тапшыруу үчүн келбеген адамга документтери кароосуз кайтарылат.
Жүйөлүү себептери бар (ден соолугунун абалы боюнча) талапкер квалификациялык экзаменди тапшыруу күнүн кечирээк мөөнөткө жылдыруу жөнүндө арызы менен кайрылууга укуктуу.
25. Квалификациялык комиссиянын отурумунан көчүрмө жеке нотариусту өздүк ишине тиркелет.
Жеке нотариустардын өздүк иштери Юстиция министрлигинин архивинде белгиленген тартипте сакталат.
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2017-жылдын “8” ноябры
№ 242 буйругуна 2-тиркеме
Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга
талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" мыйзамынын 4-беренесине ылайык жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн нотариат ишинин практикалык көндүмдөрүн алуу такшалуудан өтүүнүн максаты болуп саналат..
2. Такшалуудан өткөрүү тартиби
3. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жараны (мындан ары - такшалуучу) такшалуудан өтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине (мындан ары - Юстиция министрлиги) кайрылууга тийиш. Такшалуудан өтүү үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
1) арыз;
2) эмгек китепчесинин көчүрмөсү (акыркы иштеген жери же нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
3) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
4) талаптагыдай толтурулган жана кол коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
5) өмүр баян;
6) паспортунун көчүрмөсү.
Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Квалификациялык комиссиянын чечими боюнча талапкер такшалуудан өтүү үчүн мамлекеттик нотариуска же жеке нотариуска жөнөтүлөт.
4. Мамлекеттик нотариуска такшалуудан өтүү Квалификациялык комиссиянын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан дайындалат.
Такшалуучунун ишине мамлекеттик нотариуста түздөн-түз жетекчилик жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен ушул милдет жүктөлгөн нотариус тарабынан ишке ашырылат.
5. Жеке нотариуста такшалуудан өтүү нотариус менен такшалуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылат.
Такшалуучунун ишине жеке нотариуста жетекчилик жүргүзүү нотариуста беш жылдан кем эмес иштеген иш тажрыйбасы бар нотариус ишке ашырат.
6. Такшалуудан өтүү түздөн-түз квалификациялык экзамен тапшыруунун алдында жүргүзүлөт, бул учурда такшалуу аяктаган учурдан тартып квалификациялык экзамен тапшырганга чейинки убакыт алты айдан ашпоого тийиш.
Такшалуудан өтүү мөөнөтү алты айдан кем эмес убакытты түзөт жана кыскартылбоого тийиш.
Такшалуудан өтүүнүн мөөнөтү такшалуучу ооруп калган же башка жүйөлүү себептер боюнча жок болгон мезгилге мамлекеттик же жеке нотариустун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен узартылат.
7. Мамлекеттик нотариуста такшалуудан өтүү мезгилинде такшалуучуга мамлекеттик нотариустун эмгек шарттары, ички эмгек тартибинин эрежелери жайылтылат. Такшалуучунун эмгегине акы төлөнбөйт.
Жеке нотариуста такшалуудан өтүүчү такшалуучунун укуктары жана милдеттери келишим менен аныкталат.
Такшалуучу ишке ашарылып жаткан нотариалдык иш-аракеттердин сырын сактоого тийиш.
8. Жеке нотариустар өздөрүндө такшалууданө өтүп жаткан адам жөнүндө маалыматты ушул Жобого тиркелген форма боюнча такшалуудан өтүү жөнүндө келишим түзүлгөн учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен юстиция органдарына берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик же жеке нотариус бир эле мезгилде экиден ашпаган такшалуучунун ишине жетекчилик кыла алат.
9. Такшалуудан өтүү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген такшалуу программасына ылайык жүргүзүлөт. Такшалуу программасы такшалуудан өктрүү жетекчилери жана такшалуучулар үчүн милдеттүү болуп саналат
Программа нотариалдык иш-аракеттерди өркүндөтүү жана нотариустун ишин уюштуруу боюнча практикалык көндүмдөрдү такшалуучунун алуусуна багытталган иш-чаралардын тизмесин камтууга тийиш.
10. Такшалуу программасынын негизинде такшалуудан өткөрүүнүн жетекчиси такшалуудан өткөрүүнүн жеке планын бекитет.
Такшалуудан өтүү учурунда такшалуучу төмөнкүлөрдү өздөштүрүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын нотариат ишин жөнгө салган мыйзамдарын;
2) нотариаттык практиканы, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кыла турган нотариаттык иш-аракеттерди жана нотариаттык иш кагаздарды жүргүзүүнүн эрежелерин;
3) кесиптештер жана кардарлар менен өз ара мамиле түзүүнүн адеп ченемдерин.
3. Такшалуудан өтүүнү аяктоо
11. Такшалуудан өтүү аяктаганда такшалуучунун жетекчиси анын жыйынтыгы жөнүндө корутунду түзөт, анда такшалуунун жүрүшүндө такшалуучу ээ болгон жалпы даярдыктын деңгээли чагылдырылат.
Корутундунун бир нускасы такшалуучунун жетекчисинде, экинчиси - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде же анын аймактык органдарында сакталат, ал эми үчүнчүсү такшалуучуга берилет.
12. Мамлекеттик нотариус катары алты айдан ашык иштеген адамдарга иштин көрсөтүлгөн мөөнөтү такшалуудан өтүү мөөнөтү катары эсептелет.
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2017-жылдын “ 8 ”ноябры
№ 242 буйругу менен бекитилген
Жеке нотариат ишин жүргүзүү
укугуна лицензия алууга талапкер
адамды такшалуудан өткөрүү
тартиби жөнүндө жобого
тиркеме
Такшалуудан өтүүчү адам жөнүндө
маалыматТАР
№ | Такшалуудан өтүүчү адамдын аты-жөнү | Такшалуудан өтүүнүн негиздери | Такшалуудан өтүү башталган күн | Такшалуудан өтүү аяктаган күн | Эскертүү |
Такшалуудан өткөрүүнү жетектеген адамдын
аты-жөнү жана кызматы мөөр кол тамгасы
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2022-жылга План
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо