Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Бишкек шаары, 2017-жылдын 30-октябры № 711
Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 79 "Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 79 "Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 10-ноябрында N 118 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | | С.Исаков |
Тиркеме
| | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү
ТАРТИБИ
1. Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартиби (мындан ары - Тартип) адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн эрежесин жана уюштурууну аныктайт.
2. Квалификациялык экзамен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссия (мындан ары - Квалификациялык комиссия) тарабынан өткөрүлөт.
3. Квалификациялык комиссия өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Тартиптин негизинде жүзөгө ашырат.
4. Квалификациялык экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын арыздары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде (мындан ары - Юстиция министрлиги) топтолгонуна жараша, бирок 3 айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Квалификациялык экзаменди өткөрүү күнү, убактысы жана жери Юстиция министрлигинин буйругу менен аныкталат.
Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдарга почта байланышы аркылуу жазуу жүзүндөгү кабарлама жөнөтүү жолу менен квалификациялык экзаменди өткөрүү күнү, жери жана убактысы жөнүндө квалификациялык экзамен өткөрүүгө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбей билдирилет.
Квалификациялык экзаменди өткөрүү жөнүндө талапкерди маалымдоо телефон байланышы аркылуу да жүзөгө ашырылат, бул жөнүндө маалымкат түзүлөт. Талапкердин телефонунун номери көрсөтүлбөгөн же телефону өчүрүлгөн учурда, ошондой эле башка учурларда тиешелүү маалымкат түзүлөт.
5. Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн суроолордун тизмеги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет жана анын расмий сайтына жайгаштырылат.
6. Квалификациялык экзамен компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлөт.
7. Компьютердик тест 110 суроодон турат. Тесттин суроолору суроонун өзүнөн жана жооптун төрт вариантынан турат. Талапкер сунушталган ар бир суроо боюнча жооптун бир вариантын тандап алып, аны тийиштүү түрдө белгилөөсү керек.
8. Талапкерлер компьютердик тестти өзүнүн каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде тапшырышат.
9. Квалификациялык экзамен видео байкоо камералары орнотулган компьютердик класстарда өткөрүлөт.
Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү экзамендин жүрүшүнө визуалдуу же онлайн шартында видео байкоо аркылуу көзөмөл кыла алышат.
10. Квалификациялык экзамен төмөнкүдөй тартипте өткөрүлөт:
1) талапкерлер тесттен өтүүнүн эрежелери жөнүндө мамлекеттик жана расмий тилде таанышат;
2) квалификациялык комиссиянын катчысы паспорт боюнча жеке кол тамгасын милдеттүү түрдө койдуруу менен талапкерлердин ким экендигин аныктайт, андан кийин талапкерлер компьютерге жекече киргизиле турган шифрды тандашат;
33) квалификациялык экзаменди берүүгө 110 мүнөт бөлүнөт, тест башталган учурдан тартып компьютерде убакыт белгиленет;
4) тесттин суроолору боюнча жыйынтыктар компьютерлердин мониторуна чыгарылат, ал Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан белгиленет. Квалификациялык экзамендин бүтүшү менен жыйындын протоколу түзүлөт, ага Квалификациялык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт.
11. Тестирлөө убагында талапкерлерге тыюу салынат:
- бөлмөдөн чыгууга жана бөлмөдө коштоосуз орун которууга;
- башка талапкерлер менен сүйлөшүүгө;
- башка талапкерлер менен кандай гана болбосун материалдар жана буюмдар менен алмашууга;
- тесттик тапшырмаларды сүрөткө тартууга же көчүрүүгө;
- жанында кандайдыр бир буюмдарды алып жүрүүгө (папкаларды, баштыктарды, мобилдик телефондорду, фото, аудио жана видеоаппаратураны жана маалымат сактоонун жана берүүнүн башка каражаттарын).
Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди талапкер бузганда, ал катчынын жана комиссия мүчөлөрүнүн колу коюлган четтетүү жөнүндөгү протоколду түзүү менен тестирлөөнү берүүдөн четтетилет. Мындай талапкердин тесттик тапшырмалары текшерилбейт.
12. Тестирлөө балл берүү системасы боюнча бааланат. Тесттин суроолорунун ар бир туура жообуна талапкер бир балл алат.
13. Тесттин суроолорунун жалпы санынан 70 жана андан көп пайыздагы суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелинет, бул 77 жана андан да көбүрөөк баллды түзөт.
14. Квалификациялык комиссиянын чечими экзамен тапшыруучуга квалификациялык экзамен өткөн күнү Квалификациялык комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү протоколго кол койгондон кийин угузулат.
15. Квалификациялык комиссиянын чечимине, аны кабыл алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде сот тартибинде даттанууга мүмкүн.
16. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган адам, аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.
17. Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Лицензияны берүү жөнүндөгү кабарламаны Юстиция министрлиги он жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына жөнөтөт (мындан ары - Адвокатура). Адвокатура кабарламаны алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде Юстиция министрлигине адвокаттын Адвокатуранын мүчөлүгүнө өткөндүгү жөнүндө маалымдайт.
18. Квалификациялык комиссиянын протоколунан көчүрмө адвокаттын өздүк ишине тиркелет.
Адвокаттардын өздүк иштери Юстиция министрлигинин архивинде белгиленген тартипте сакталат.
19. Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзаменди өткөрүү күнү жөнүндө маалымдалган, бирок аны тапшыруу үчүн келбеген адамга, анын өздүк ишин кайтаруу жөнүндө жазуу жүзүндө арызы болгондо, документтери Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан кайтарып берилет.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо