Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2017-жылдын 13 - майындагы
№ 96 буйругуна 1-тиркеме
Экономикалык мыйзамдар башкармалыгы жөнүндө
Жобо
1.Жалпы жоболор
1. Экономикалык мыйзамдар башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын (мындан ары – Юстиция министрлиги) өз алдынча түзүмдүк бөлүнүшү болуп эсептелинет. 2. Башкармалык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, карама-каршылыктарды, боштуктарды жана коррупция ченемдерди жоюу предметине мыйзамдарды инвентаризациялоо, эл аралык ченемдерди улуттук мыйзамдарга имплементациялоо ишти уюштурат, ошондой элеченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоо, коррупцияга каршы жана гендердик экспертизаларды жүргүзѳт.
3.Башкармалык өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Юстиция министрлигинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4.Башкармалык өз ишин Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын башка түзүмдүк бөлүнүштөрү,ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрү жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жүргүзөт.
2. Башкармалыктын негизги милдеттери
5. Башкармалыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштуруу;
- ар кандай деңгээлдеги ченемдик укуктук актылар ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу максатында мыйзамдарды инвентаризациялоо;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоо, коррупцияга каршы жана гендердик экспертизаларды жүргүзүү;
- жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз ыйгарым укуктарынын чегинде камсыз кылуу.
3. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
6. Башкармалык жүктөлгөн милдеттерге жетүү максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштуруу чөйрөсүндө:
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана аларга маалымкат-негиздемелерди иштеп чыгат; долбоорлорду мамлекеттик органдар менен макулдашууну камсыздайт, келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды жалпылайт, коомдук талкулоону уюштурат, долбоорлорду жеткире иштеп чыгат, коштоочу документтердин пакетин даярдайт жана аларды ченем жаратуу органына жөнөтүү үчүн Юстиция министрлигинин жетекчилигинин кароосуна киргизет;
- Юстиция министрлигинин жетекчилигине ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторду (ведомстволор аралык жумушчу топторду) түзүү тууралуу сунуштарды киргизет; зарылдык болгон учурда эл аралдык жана ѳкмѳттүк эмес уюмдар менен жумушчу топторду колдоону камсыз кылуу маселелер боюнча ишти жүргүзѳт;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо катышуу, анын ичинде Юстиция министрилигинин борбордук аппаратынын башка түзүмдук бѳлунүштѳрү жана мамлекеттик органдар менен түзүлгѳн жумушчу топтордун алкагында;
- Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бѳлүнүштѳрүнөн, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнөн берилген ыйгарым укуктарынын алкагында керектүү маалыматты суроо-талап кылат;
- Юстиция министрлиги менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун укуктук коштоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүш менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт;
- Юстиция министрлиги менен киргизилген укук ченемдик актылардын долбоорлорун укуктук узатуунун чегинде көзөмөлдөөчүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн көзөмөлдөөчүсү менен карым катнашты камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш менен өз ара аракетешүү боюнча иштерин алып барат, анын ишинин жүрүшүнө көз салуу максатында, мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Юстиция министрлиги расмий өкүл болуп саналган Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтү менен киргизилген укуктук ченемдик актылардын кабыл алынышында ошондой эле анын ишинде катышат,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жана эл-аралык гуманитардык укукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын имплементациялоо чɵйрɵсүндɵ:
- карама-каршылыктардын келип чыгышындагы маселерди кароо боюнча, боштуктар жана коррупциялык ченемдер, ошондой эле, улуттук мыйзамдардагы эл-аралык гуманитардык нормаларды трансформациялоо (которуу) зарылчылыктары боюнча мыйзамдарды анализдеп, анын негизинде укук ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыгат же ошол укук ченемдик актыларга ыйгарым укуктары жана ишмердиги тийиштуу болгон мамлекеттик органга укук ченемдик актынын долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу сунуш жɵнɵтɵт;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелеринде тармактык мамлекеттик органдар менен ɵз ара аракеттенүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча Эл аралык комиссия жана Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Ѳкүлчүлүктɵр аралык камиссиянын ишмердүүлүгүн камсыздоочу, Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бɵлүнүшү менен, Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын башка тузумдук бɵлумдɵру менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ɵз-ара аракеттенет.
Каралып жаткан маселелердин багыттары боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочу, коррупцияга каршы жана гендердик экспертиза жүргүзүүчɵйрɵсүндɵ:
- долбоорлорду карап чыгуу жолу менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоо, коррупцияга каршы жана гендердик экспертизаларды жүргүзүүнү уюштурат, анын жынтыгында корутунду даярдайт жана Юстиция министрлигинин жетекчилигине киргизет;
- зарылдык болгон учурда Юстиция министрлигинин түзүмдүк бѳлүнуштѳрүнѳн, келип түшкөн ченемдик укуктук актылардын долборлору боюнча керектүү маалыматты суроо-талап кылат, же Юстиция министрлигинин жетекчилигине киргизүү алдында корутундулардын долбоорлорун ишмердүүлүк багыты козгогон түзүмдүк бѳлүнүштѳр менен макулдашат.
Ѳзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, жарандардардын, юридикалык тараптардын, мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо чɵйрɵсундɵ:
- Юстиция министрлиги жооптуу аткаруучукатары эсептелинген Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы сын-пикирлерин Жогорку Кенештин кароосу боюнча ишти алып барат;
- Жогорку Кенешинин депутаттарынын, комитеттеринин, фракцияларынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын, Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнүн аппаратынын, башка мамлекеттик органдардын Башкармалыктын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча каттарын жана суроо-талаптарын карайт жана жыйынтыктары боюнча жоопторду даярдайт;
- Башкармалыктын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана кайрылууларын карайт.
7. Башкармалык Башкармалыктын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча өз ара аракеттенет:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги менен;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен;
- Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнѳ караштуу монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттиги менен;
- Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнѳ караштуу мамлекеттик салык кызматы менен;
- Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнѳ караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен;
- Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнѳ караштуу мамлекеттик бажы кызматы менен;
- Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнѳ караштуу финансы рыногун жѳнгѳ салуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ мамлекеттик кызматы менен;
- Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнѳ караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен;
- Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнѳ караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен;
- Кыргыз Республикасынын Стратегиалык изилдѳѳ институту менен;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен.
4. Башкармалыктын ишин уюштуруу
8. Башкармалыктын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
9. Башкармалыктын штаты начальник, башкы адистерден, жетектөөчү адистерден жана адистен турат.
10. Башкармалыкты начальник жетектейт.
11. Башкармалыктын начальниги:
- Башкармалыктын ишмердүүлүгүнө жалпы жетекчиликти жүргүзѳт, Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын уюштурат жана аны Юстиция министрлигинин жетекчилиги, башка органдар, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен мамиле түзүүдѳ Башкармалыктынатынан чыгат;
- берилген ыйгарым укуктарды эске алуу менен Башкармалыктын кызматкерлеринин жумушунун ɵз убагында жана өз убагында аткарылышын камсыздайт жана уюштурат, ошондой эле белгилүү багыттарда башкы адистердин менен жетектѳѳчү адистердин (адистердин) өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
- башкы адистердин жана жетектѳѳчү адистердин (адистердин) өз ара аракеттенүүсүн эске алуу менен Башкармалыктын аткаруусуна тушкɵн документтерди жана тапшырмаларды бɵлүштүрɵт. Шашылыш түрдѳ документ (үч күнгѳ чейин) тушкѳн учурда аткарууну түздөн-түз тиешелүү кызматкерге тапшырат же ѳз алдынча аткарат;
- Башкармалыктын кызматкерлери даярдаган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана ченемдик укуктук актынын долбоорлоруна даярдаган корутундулардын долбоорлорун карайт жана толук иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын корутундулардын долбоорлорун Юстиция министрлигинин жетекчилигине кол коюуга киргизет;
- жетекчиликтин тапшырмасы менен Президенттин Аппараты, Жогорку Кеӊештин Аппараты, Ѳкмɵттүн Аппараты жана башка мамлекеттик органдардын уюштурган жана ɵткɵргɵн иш жыйындарына, жолугушууларына, тегерек столдорго катышат;
- Юстиция министрине башкармалыктын түзүмүн ɵзгɵртүү, Башкармалык кызматкерлеринин атайын даражалык чендерди ɵздɵштүрүү жɵнундɵ, сыйлоо жана дисциплинардык жоопко тартуу боюнча сунуштарды киргизет;
- берилген ыйгарым укуктарын чегинде мамлекеттик кызматкерлер тарабынан Этика кодексинин ченемдеринин сакталышын камсыздайт жана кызыкчылыктардын жана коррупциянынын пайда болушунун алдын алат.
12. Башкармалыктын ыйгарым укуктарынын чегинде Башкармалыктын начальниги кызматкерлердин арасында функционалдык милдеттерин бɵлуштурɵт жана тейлөөчү министрдин орун басарына бекитүүгɵ киргизет.
13. Башкармалыктын начальниги Башкармалыкка коюлган тапшырмаларды аткарууда, эмгектик жана аткаруучулук тартиптин абалы үчүнжеке жоопкерчилик тартат.
14. Башкармалыктын начальниги жок болгон учурда анын милдеттерин башкармалык тарабынан функционалдык милдеттерди бɵлүүдɵ каралган башкы адистин бири аткарат.
15. Бɵлүштүрүлгɵн функционалдык милдеттерге ылайык Башкармалыктын башкы адистери, жетектɵɵчү адистери жана адистери ɵзунɵ коюлган милдеттерин аткарат жана ɵз жумуштарын уюштурууну камсыздайт.