20 Тогуздун айы, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин текшерүүлөрдү өткөрүү регламенти


Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин

2017-жылдын  «____» ________№ ____ 

буйругуна тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

юстиция министрлигинин текшерүүлөрдү өткөрүү

регламенти

 

1. Жалпы жоболор

 

1.1. Текшерүүлөрдү жүргүзүү регламенти (мындан ары - регламент) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда аракеттердин тартибин жана ырааттуулугун жөнгө салат.  

1.2.  Ушул регламентти аткаруу бөлүнүш жөнүндөгү жоболор жана кызматтык нускамалар менен белгиленген, Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын бөлүнүшүнүн компетенциясына кирген жагында Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.

1.3. Өз компетенцияларынын алкагында текшерүүлөрдү жүргүзгөн бөлүнүштөр:

а) Уюштуруучулукту камсыздоо башкармалыгы;

Аткаруучулук тартип боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү:

- кириш жана чыгыш корреспонденцияларды  каттоо журналын;

-жарандардын кайрылуулары боюнча кириш жана чыгыш корреспонденцияларды  каттоо журналын;

- мөөнөттөрдүн бузулушу менен аткарылган документтер боюнча көрүлгөн чаралар;

-  көктөмөлөрдүн номенклатурасы;

- архивдик документтерди тандап текшерүү;

- архивдик орун жайларды текшерүү;

- маалымат такталарынын бар болуусу;

- жарандарды кабыл алуу журналы;

- эмгек тартиби боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү;

- жеке курам боюнча, эмгек өргүүлөр боюнча, эмгек китепчелеринин жүргүзүлүшү жөнүндө каттоо журналдары;

- КТП жана ТТП дайындоолор боюнча буйруктар;

- эмгек өргүүлөр боюнча буйруктар;

- иш сапарлар боюнча буйруктар;

- КТП жана ТТП эмгек китепчелери;

- КТП жана ТТП өздүк иштери.

б) Юридикалык жактарды каттоо боюнча башкармалыгы;

- буйруктарды каттоо журналы;

- архивдик документтерди тандап текшерүү;

- архивди жүргүзүү;

- мыйзамдарды жана Юстиция министрлигинин чечимдерин аткаруу;

- юридикалык жактардын филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) каттоо, кайра каттоо жана ишинин токтотулушун каттоодо  мөөнөттөрдү сактоо жагында текшерүү;

-юридикалык жактардын филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) маалыматтарынын электрондук базасына маалыматтарды киргизүүдө мөөнөттөрдү сактоо жагында текшерүү;

в) Нотариат жана адвокатура  башкармалыгы;

Нотариалдык ишти жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды жүргүзүүгө текшерүү өткөрүү:

- жеке жана мамлекеттик нотариустардын статистикалык отчеттору;

- апостилдештирүү боюнча журнал;

- архивдик, апостилдештирилген документтерди тандап текшерүү;

- МКЮЖ реестрине кирген адвокаттар менен квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндөгү келишимди;

-МКЮЖ алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндөгү отчеттор;

- МКЮЖ реестрине кирген адвокаттардын  кезметчилик графигин текшерүү;

Мамлекеттик нотариалдык контораларга текшерүү өткөрүү:

- кириш жана чыгыш корреспонденцияларды  каттоо журналын;

-нотариалдык аракеттердин, алфавиттик керээз китепчелеринин жазууларынын реестрин;

- нотариалдык документтердин наряддарын

-  даттануу жана сунуштар китепчесин;

- мамлекеттик нотариалдык контораны материалдык техникалык камсыздоо;

- маалыматтык такталардын бар болуусу;

- нотариалдык аракеттерди жасагандыгы үчүн банктын кассасына мамлекеттик алымды төлөөнүн өз убагында алынгандыгы жөнүндө төлөм тууралуу квитанция;

- автотранспорт каражаттарын башкарууга так отчеттуулук бланктарын пайдаланууну жана бар болуусу;

- жасалган нотариалдык аракеттер боюнча отчет;

- Юстиция министрлигинин чечимдерин жана мыйзамдарды аткаруу;

г) Укуктук маалымат башкармалыгы;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин каттоо журналы;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайтарылган чечимдери;

- укуктук маалыматтар базасынын бар болуусу;

- интернеттин бар болуусу жана иштеши.

д) Укуктук пропаганда жана СЭМБ, БККК менен иштөө боюнча башкармалыгы:

- телевидениеге чыгууну;

- телевизиондук роликтер;

- радиого чыгып сүйлөөнү;

- макалаларды жарыялоо;

- тегерек столдорду өткөрүү;

- лекцияларды өткөрүүнү;

- семинарларды өткөрүүнү;

- акцияларды, конкурстарды ж.б.өткөрүү.

е) Каржы-чарба бөлүмү;

- эмгек акыны төлөө боюнча – мемориалдык ордерлер № 5, 8;

- киреше жана чыгаша боюнча отчетторду – мемориалдык ордерлер № 13, 10;

- мамлекеттик сатып алуулар – сатып алуулар планы, буйруктар, сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколдору, келишимдер;

- банк жана казыналык менен өз ара аракеттешүү - мемориалдык ордер 2, 2а;

- уюмдар менен эсептешүүлөрдү – мемориалдык ордер № 6;

- материалдык-техникалык базаны текшерүү.

2. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруу

2.1. Пландык текшерүүнү уюштуруу жана өткөрүү

2.1.1. Пландык текшерүүнүн предмети болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын милдеттүү талаптарын, Юстиция министрлигинин бекитилген ички эрежелерин жана Юстиция министрлигинин жетекчилигинин, борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн компетенциянын алкагындагы тапшырмаларын Юстиция министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрү тарабынан сактоо  саналат.

2.1.2. Пландык текшерүүлөр жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

2.1.3. Пландык текшерүүлөр кезектеги жылга Юстиция министрлигинин ишинин  бекитилген планынын негизинде өткөрүлөт.

2.1.4. Пландык текшерүүнү юстиция министрлигинин ишинин жылдык планына  киргизүү үчүн негиз болуп юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн сунушу саналат.

2.1.5. Пландык текшерүү документтик текшерүү жана (же) көчмө текшерүү  түрүндө ушул регламент менен белгиленген тартипте өткөрүлөт.

2.2. Пландан тышкары текшерүүнү уюштуруу жана өткөрүү

2.1.1. Пландык текшерүүнүн предмети болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын милдеттүү талаптарын Юстиция министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрү менен, компетенциянын алкагында Юстиция министрлигинин бекитилген ички эрежелерин жана Юстиция министрлигинин жетекчилигинин жана борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн тапшырмаларын сактоо  саналат.

2.2.2. Пландан тышкары текшерүүнү өткөрүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

Юстиция министрлигине жарандардын, юридикалык жактардын кайрылууларынын жана арыздарынын, мамлекеттик бийликтин органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын келип түшүүсү, ошондой эле төмөнкүдөй фактылар жөнүндө Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнөн түшкөн маалыматтар:

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу;

б) ички эрежелердин жана Юстиция министрлигинин жетекчилигинин жана юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн тапшырмаларынын бузулушу;

в) жарандарга жана юридикалык жактарга зыян келтирүү;

г) жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын бузулушу.

2.2.3. Пландан тышкары текшерүү документтик текшерүү жана (же) көчмө текшерүү  түрүндө ушул регламент менен белгиленген тартипте өткөрүлөт.

2.3. Документтик текшерүү

2.3.1. Документтик текшерүүнү уюштуруу  (пландык да пландан тышкаркы да) ушул регламент менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат, жана борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүнүшү менен жерине барбастан өткөрүлөт.

2.3.2. Документтик текшерүүнү өткөрүүнүн процессинде  биринчи кезекте бөлүнүштүн карамагында бар болгон аймактык жана ведомстволук бөлүнүштүн документтери, мурдагы текшерүүлөрдүн актылары  жана ушул бөлүнүшкө карата жүзөгө ашырылган контролдун  жыйынтыктары жөнүндө башка документтер каралат.

2.3.3. Эгерде бөлүнүштүн документтериндеги камтылган маалыматтардын  ишенимдүүлүгү негиздүү күмөн жаратса, же бул маалыматтар белгиленген бөлүнүш тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын милдеттүү талаптарын, Юстиция министрлигинин белгиленген ички эрежелерин жана компетенциянын алкагында  Юстиция министрлигинин жетекчилигинин жана түзүмдүк бөлүнүштүн тапшырмаларынын аткарылышына баа берүүгө мүмкүн болбогон учурда  документтик текшерүүнү өткөрүүнүн жүрүшүндө кароо үчүн башка зарыл болгон документтерди көрсөтүү талабы менен жүйөөлүү суроо-талапты арыз ээсине жөнөтөт. Суроо-талапка документтик текшерүүнү өткөрүү жөнүндөгү текшерүүнү өткөрүү буйругунун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет.

2.3.4.  Документтик текшерүүнү жүргүзүп жаткан кызмат адам мурда көрсөтүлгөн документтердин ишенимдүүлүгүн тастыктаган арыз ээсинин сунуштаган түшүндүрмөлөрүн жана документтерин кароого милдеттүү.  Эгерде сунушталган түшүндүрмөлөр жана документтер каралгандан кийин же түшүндүрмө жок болгон учурда бөлүнүш милдеттүү талаптардын бузулушунун белгилерин белгилейт же мыйзамдар менен белгиленген талаптарды бөлүнүштүн кызмат адамдары көчмө текшерүүнү өткөрүүгө укуктуу.

2.3.5. Документтик текшерүүнү жүргүзүүдө бөлүнүш документтик текшерүүнүн предметине тиешеси жок маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле бул орган тарабынан башка мамлекеттик органдардан алынышы мүмкүн болгон маалыматтарды жана документтерди арыз  ээсинен талап кылууга укуксуз.

2.4. Көчмө текшерүү

2.4.1. Көчмө текшерүү эгерде документтик текшерүүдө сунушталган документтерде камтылган маалыматтардын толуктугуна жана ишенимдүүлүгүн тастыктоо мүмкүн эмес болгон учурда жүргүзүлөт.

2.4.2. Көчмө текшерүү контрол боюнча иш чаралардын түрлөрү жана көлөмү, көчмө текшерүүнүн максаттары, милдеттери жана аны өткөрүүнүн негиздери  менен көчмө текшерүүнү дайындоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен жетекчини же башка кызмат адамды тааныштыруудан башталат.

2.4.3. Жетекчи, башка кызмат адам көчмө текшерүүнү өткөрүп жаткан кызмат адамдарга көчмө текшерүүнүн максаттары, милдеттери жана предмети менен байланышкан документтер менен таанышууга мүмкүндүк берүүгө, ошондой эле көчмө текшерүү өткөрүп жаткан кызмат адамдарга текшерүүнүн предмети боюнча бардык документтерге жетүүсүн камсыздоого милдеттүү.

2.5. Комплекстүү текшерүү

2.5.1. Комплекстик текшерүүнүн предмети болуп аймактык жана (же) ведомстволук бөлүнүштүн ишин жалпы текшерүү саналат.

2.5.2. Комплекстүү текшерүү үч жылда бир жолу өткөрүлөт.

2.6. Текшерүүнү уюштуруу тартиби

2.6.1. Текшерүү Юстиция министрлигинин регламентине ылайык таризделе турчу  жетекчинин, министрликтин жетекчисинин орун басарынын буйругунун негизинде    өткөрүлөт.  Текшерүү   министрликтин  буйругунда көрсөтүлгөн кызмат адам же кызмат адамдары тарабынан өткөрүлүшү мүмкүн.

2.6.2. Текшерүүнү өткөрүү жөнүндөгү буйрукта көрсөтүлөт:

- мамлекеттик органдын аталышы;

-текшерүүнү өткөрүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдардын маалыматтары;

- ага карата текшерүү өткөрүлгөн Юстиция министрлигинин аймактык же ведомстволук  бөлүнүштүн аталышы;

- текшерүүнүн максаттары, милдеттери предмети жана аны өткөрүүнүн мөөнөтү;

- текшерүүнү өткөрүүнүн укуктук негизи, анын ичинде компетенциянын алкагында юстиция министрлигинин жетекчилигинин тапшырмалары жана борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ички эрежелери менен белгиленген текшерилүүгө тийиш милдеттүү талаптар;

- текшерүүнү өткөрүүнүн башталуу жана бүтүү датасы.

2.6.3. Жетекчинин, министрликтин жетекчисинин орун басарынын буйругунун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү текшерүүнү өткөрүп жаткан бөлүнүштүн кызматкерлери тарабынан ага карата текшерүү жүргүзүлүп жаткан жетекчиге кол коюуусу менен тапшырылат.

2.7. Текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздөө тартиби.

2.7.1. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча текшерүүнү өткөрүп жаткан бөлүнүштүн кызмат адамдары тарабынан иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык эки нускадагы маалым кат түзүлөт.

2.7.2. Маалым катта көрсөтүлөт:

- маалым катты түзүүнүн датасы,  убактысы жана орду;

- жетекчинин, министрликтин жетекчисинин орун басарынын буйругунун датасы жана номуру;

- текшерүү өткөргөн кызмат адамдардын маалыматтары;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин текшерилип жаткан аймактык же ведомстволук бөлүнүшүнүн аталышы, текшерүүнү өткөрүүдө катышкан жетекчинин, башка кызмат адамдын фамилиясы, аты атасынын аты;

- текшерүүнүн датасы, убактысы, узактыгы жана өткөрүү орду;

-текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде милдеттүү талаптардын жана Юстиция министрлигинин ички эрежелери менен белгеиленген талаптарынын жана юстиция министрлигинин жетекчилигинин жана борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн тапшырмаларынын табылган бузуулары, алардын мүнөзү жана аталган бузууларга жол берген жактар жөнүндө маалыматтар;

- текшерүүнү өткөрүүдө катышкан жетекчинин, башка кызмат адамдын текшерүүнү өткөрүү жөнүндөгү буйрук менен таанышуудан баш тарткандыгы же таанышкандыгы жөнүндөгү, алардын колу же кол коюдан баш тарткандыгы жөнүндөгү маалыматтар;

- текшерүүнү өкөргөн кызмат адамдын же кызмат адамдардын колу.

2.7.3. Маалым катка бардык зарыл болгон материалдар тиркелет.

2.7.4. Маалым кат ал бүткөндөн кийин түздөн-түз эки нускада таризделет, анын бирөө тиркемелердин көчүрмөлөрү менен жетекчиге, башка кызмат адамга текшерүүнүн акты менен таанышкандыгы жөнүндө же таанышуудан баш тарткандыгы жөнүндө колу менен тапшырылат.  Жетекчи же башка кызмат адам жок болгон учурда, ошондой эле текшерилип жаткан жак таанышуу жөнүндө кол коюудан же текшерүүнүн актысы менен таанышуудан баш тарткан учурда акт текшерүү актысынын нускасына кошула турчу тапшырылгандыгы жөнүндөгү кабарлоо менен заказдык почталык жөнөтүү менен жиберилет.

2.7.5. Текшерүү актысын түзүү үчүн өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн, атайын иликтөөлөрдүн, экспертизалардын жыйынтыктары боюнча корутундуну алуу керек болгон учурда текшерүү актысы контрол боюнча иш чаралар бүткөндөн кийин үч жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө түзүлөт жана арыз ээсине анын колу менен тапшырылат же бөлүнүштүн көктөмөсүндө сакталган текшерүү актысынын нускасына кошулган, тапшыргандыгы жөнүндөгү кабарлама менен заказдык почталык жөнөтүү менен жиберилет.

2.7.6. Мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык, башка сырды түзгөн маалыматты камтыган текшерүүнүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасыны мыйзамдары менен каралган талаптарды сактоо менен таризделет.

2.7.7. Маалым катта баяндалган фактылар, жыйынтыктар, сунуштар менен макул эмес учурда жүргүзүлгөн ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөргө текшерүү маалым катты алган датадан тартып он беш күндүн ичинде маалым катка же анын айрым жоболоруна карата  жазуу түрүндө каршы пикирин көрсөтүүгө укуктуу. Бул учурда ведомстволук жана аймактык бөлүнүштүн кызмат адамы мындай кааршы пикирлерге ушундай каршы пикирлердин негиздүүлүгүн тастыктаган документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөөгө же макулдашулган мөөнөттө аларды бөлүнүшкө берүүгө укуктуу.

2.8. Текшерүү жүргүзүүдө табылган бузуулар фактыларына карата бөлүнүштүн кызмат адамдары тарабынан көрүлгөн чаралар

2.8.1. Текшерүү өткөрүүдө ведомстволук жана аймактык бөлүнүштүн кызмат адамдары тарабынан  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген, Юстиция министрлигинин белгиленген ички эрежелерин жана  компетенциянын алкагында юстиция министрлигинин борбордук аппараттынын ички эрежелерин жана жетекчилеринин тапшырмаларынын милдеттүү талаптары бузулган учурлары табылган учурда текшерүүнү өткөргөн бөлүнүштүн кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган ыйгарым укуктардын алкагында табылган бузууларды контролдоо, алардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле табылган бузууларга жол берген жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды колдонуу жөнүндө жетекчиликтин кароосуна  сунуштарды киргизүүгө милдеттүү.

2.8.2. Эгерде контрол боюнча иш чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө административдик же кылмыш-жаза укук бузуунун курамынын бар экендигин көрсөткөн жетишээрлик маалыматтар табылса бөлүнүштүн кызмат адамы министрликтин жетекчилигин бул тууралуу маалымдайт жана текшерүүнүн материалдарын тиешелүү жол-жоболорду өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүү жөнүндөгү маселени коёт.

 

 

 

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы