19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Апсотиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө Нускама


 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 18-ноябрындагы
N 283 токтому менен
бекитилген

Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө
НУСКАМА

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Бул, Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган расмий документтерге апостиль коюу укугу берилген баардык мамлекеттик органдардын апостиль коюусунун тартибин жана шарттарын аныктайт.

2. Апостиль коюу жол-жобосунун максаты - 1961-жылдын 5-октябрындагы Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенцияга (мындан ары - Гаага Конвенциясы) катышкан өлкөлөрдүн аймагында колдонууга арналган апостилдештирилчү документтердин аныктыгын жана тийиштүү түрдө тариздөөнүн кепилдигин камсыз кылууну көздөйт.

3. Бул Нускамада төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

апостиль - документке кол койгон адамдын койгон колунун, кол койгон адам ким катары чыккандыгынын аныктыгын жана тиешелүү учурда бул документ бекитилген мөөрдүн же штамптын аныктыгын ырастаган атайын штамп;

апостилдештирүү - Кыргыз Республикасынан чыккан расмий документтерге, аларды Гаага Конвенциясына катышкан мамлекеттердин аймактарында көрсөтүү үчүн "Апостиль" штампын коюунун жол-жобосу;

Гаага Конвенциясына катышуучу - Гаага Конвенциясына кол койгон жана ага кошулган мамлекет;

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - апостиль коюу укугуна ээ болгон мамлекеттик органдар;

жылдызча - документтин барактары бекитилген жерге жабыштырылган жана апостиль койгон органдын гербдүү мөөрү коюлуучу калың кагаз.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ишинде Гаага Конвенциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Нускаманы жетекчиликке алат.

5. Апостиль коюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жыйым алынат.

II. Апостилдештирүүгө тийиш болгон документтер

6. Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган жана Гаага Конвенциясына катышуучу башка мамлекеттин аймагында пайдаланылууга тийиш болгон расмий документтер апостилдештирилет.

7. Апостилдештирилүүгө тийиш болгон расмий документтер катары төмөнкүлөр кабыл алынат:

а) мамлекеттик органдардан (мекемелерден, нотариустардан), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан, анын ичинде укук коргоо жана сот органдарынан чыккан документтер;

б) нотариуста күбөлөндүрүлгөн документтер;

в) расмий белгилер коюлган документтер (каттоо жөнүндө белгилер, белгилүү бир датаны ырастаган визалар, нотариуста күбөлөндүрүлбөгөн документтеги коюлган колду ырастоо).

8. Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын жана Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун мурдагы республикаларынын органдары тарабынан берилген расмий документтердин түп нускалары Кыргыз Республикасынын аймагында апостилдештирилиши мүмкүн эмес. Апостиль Кыргыз Республикасынын аймагында нотариустук түрдө ырасталган мындай документтердин копияларына коюлушу мүмкүн.

9. Апостиль төмөнкүлөргө коюлбайт:

а) Кыргыз Республикасынын элчиликтеринде же консулдук мекемелеринде жасалган документтерге;

б) коммерциялык же бажы операцияларына түздөн-түз тиешелүү документтерге.

Төмөнкү документтер аларга кирбейт: уюштуруу документтери, мамлекеттик органдан чыккан патенттик документтер (каттоо жөнүндө күбөлүктөр, лицензиялар);

в) чет өлкөгө алып чыгылбачу жана салынып жиберилбечү документтерге (аскердик белеттер, ким экендиги жөнүндө күбөлүк, паспорттор).

10. Башка мамлекеттер тарабынан берилген расмий документтер Кыргыз Республикасынын аймагында апостилдештирилиши мүмкүн эмес.

III. Апостилдештирүү мөөнөттөрү

11. Документтерди апостилдештирүү мөөнөтү документтер берилген күндөн тартып 2 иш күндөн ашпоого тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Апостиль коюуга берилген расмий документке кол койгон кызмат адамынын койгон колунун үлгүсүн талап кылуу жана кол коюуга ыйгарым укугун аныктоо (же) расмий документ чыгарылган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, кызмат адамынын мөөрүнүн же штампынын үлгүсүн талап кылуу зарыл болгон учурда апостилдештирүү мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш.

13. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, кызмат адамынын койгон колунун, мөөрүнүн же штампынын аныктыгына карата шек туулган учурда апостиль коюу үчүн жооптуу адам документке кошумча текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.

Документке кол койгон адамдын койгон колунун, ким катары чыккандыгынын аныктыгын, документ бекитилген мөөрдүн же штамптын аныктыгын текшерүү үчүн суроо-талап жөнөтүлгөн мамлекеттик орган суроо-талап жиберген органга 3 жумушчу күндүн ичинде толук жооп берүүгө тийиш.

IV. Апостиль коюу тартиби жана шарттары

14. Апостиль коюу үчүн документтер түп нускасында, ошондой эле нотариуста күбөлөндүрүлгөн копияларда кабыл алынат.

15. Апостиль коюу боюнча милдетти аткаруу төмөнкү жол-жоболорду камтыйт, алар:

- документтерди кабыл алуу жана каттоо;

- ведомстволук караштуулугун жана апостиль коюудан баш тартуу үчүн негиздер жоктугун аныктоо;

- кызмат адамынын расмий документтеги койгон колунун жана органдын мөөрүнүн же штампынын үлгүлөргө шайкештигин текшерүү;

- апостиль коюу же апостиль коюудан баш тартуу (апостиль коюудан баш тартуу үчүн негиздер аныкталган учурда);

- документтерди берүү.

16. Апостиль коюу үчүн төмөнкүлөр берилет:

- расмий документке апостиль коюу жөнүндө арыз (1, 2-тиркеме);

- ким экенин билдирүүчү документ (көрсөтүлөт);

- мыйзамда каралган учурларды албаганда, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, кызмат адамы тарабынан чыгарылган, белгиленген тартипте нотариуста ырасталган, Гаага Конвенциясына катышкан мамлекеттин аймагына алып чыгылуучу расмий документ;

- апостиль коюлган расмий документти берүүдө апостиль койгондук үчүн жыйымдын төлөнгөнү жөнүндө документ.

17. Арыз ээлери тапшыруучу документтерге коюлуучу талаптар:

- апостиль коюу жөнүндө арыз бир түп нускада берилет (1, 2-тиркеме);

- апостиль коюу үчүн арналган расмий документ эки нускада берилет, алардын бири (копиясы) документтерди сактоо үчүн папкага салынат, экинчиси (түп нускасы) арыз ээсине апостиль штампы коюлуп берилет;

- расмий документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү болгон реквизиттерди камтууга тийиш (номери, датасы, колу, мөөрү);

- апостиль коюу үчүн берилген документтердин тексттери даана жана так баяндалууга тийиш, кызмат адамдарынын коюлган колдору жана басылган мөөрлөр даана болууга тийиш;

- эгерде документте оңдоолор жана (же) кошумча жазуулары болсо, ал жөнүндө документке кол койгон адам тарабынан эскертилүүгө тийиш. Аталган кошумча жазуулар жана (же) оңдоолор бардык жаңылыш жазылгандар, андан кийин оңдолгондор жана чийилгендер алгачкы түрүндө окулгандай баяндалууга тийиш.

18. Апостиль коюу боюнча иштерди аткара баштоо үчүн негиз болуп апостиль колу зарыл болгон документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү саналат.

19. Документтерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу адис кайрылуунун ведомствого караштуулугун жана анын предметин аныктайт (тапшырылган документтердин комплекти менен таанышат). Эгерде арыздануучунун кайрылуусунун предмети расмий документтерге апостиль коюу болбосо, документтерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу адис арыз ээсине кайсы кызмат адамдарына жана кайсы мамлекеттик органга кайрылуу керек экендигин билдирет.

Документтерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу адис келген документтерди эсепке алуу журналына документтер кабыл алынганы жөнүндө жазат, анда төмөнкүлөр камтылат:

- жазуунун катар номери;

- документтерди кабыл алган күн;

- арыз берүүчү жөнүндө маалыматтар (адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы);

- апостиль коюу үчүн тапшырылган документтердин саны;

- апостиль коюу үчүн берилген расмий документтин реквизиттери (номери, сериясы, берилген жери жана датасы);

- документти кабыл алган адистин аты-жөнү.

20. Документтерди тапшырган дата болуп алар келип түшкөн дата эсептелет.

21. Апостиль коюу үчүн ыйгарым укуктуу адис документтерди кароодо расмий документтеги кызмат адамынын коюлган колунун жана органдын басылган мөөрү менен штампынын колдо бар үлгүлөргө шайкештигин, аталган адамдын апостиль коюуга берилген документке кол коюуга ыйгарым укугу бар экендигин текшерет.

22. Расмий документте басылган мөөрдүн же штамптын колдо бар үлгүлөргө шайкештигин карап текшерүүдө апостиль коюуга ыйгарым укуктуу адис өчүрүп тазалоонун, кошумча жазуулардын, эскертилбеген оңдоолордун жоктугун текшерет, ошондой эле төмөнкүлөргө көңүл бурат:

- мөөрдүн же штамптын изинин түсүнүн бир кыркалыгына жана дааналыгына;

- мөөрдүн же штамптын элементтеринин изи так түшүрүлгөнүнө;

- мөөрдүн же штамптын басылган изинин контурунун четтериндеги боектордун айырмаланып көрүнгөн чыгып кетүүлөрү жоктугуна;

- мөөрдүн же штамптын изинин деталдарында айырмачылыктардын, "боеолордун", "өчүрүүлөрдүн" жоктугуна.

23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда коюлган колдун, мөөрдүн же штамптын изинин үлгүлөрү жок болсо, апостиль коюуга ыйгарым укуктуу адис коюлган колдун, мөөрдүн же штамптын үлгүлөрүн алууга жана апостиль коюуга берилген расмий документке кол койгон кызмат адамынын кол коюуга ыйгарым укугун ырастоого расмий суроо-талапты расмий тариздейт.

24. Мөөрдүн же штамптын изинин, апостиль коюу үчүн берилген документке кол койгон кызмат адамынын кол коюуга ыйгарым укуктуулугун ырастоо коюлган колдун үлгүлөрү алынган учурда, апостиль коюуга ыйгарым укуктуу адис коюлган колдун жана мөөрдүн же штамптын изинин алынган үлгүлөрүн колдо бар үлгүлөрдүн делосуна жайгаштырат.

25. Апостиль коюуга ыйгарым укуктуу адис берилген расмий документте реквизиттери бар экендигин карайт (номери, датасы, коюлган колу, мөөрү).

26. Апостиль коюуга ыйгарым укуктуу адис жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

- апостиль коюу жөнүндө;

- апостиль коюудан баш тартуу жөнүндө.

27. Апостиль коюу жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда адис берилген расмий документке апостиль коет.

28. Апостиль коюу "Апостиль" штампынын атайын изин басуу жана аны толтуруу менен жолу менен ишке ашырылат.

29. "Апостиль" штампындагы графалар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде толтурулат.

30. "Апостиль" штампы 12х12 см өлчөмүндөгү квадраттык клише түрүндө жасалууга тийиш, "Апостиль" штампынын аталышы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы N 75 "Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген формага ылайык француз тилиндеги текстти камтууга тийиш.

31. Апостилди ксерокөчүрмө жолу менен же "Апостиль" штампын коюудан башкача ыкма менен коюуга болбойт.

32. "Апостиль" штампы расмий документте тексттен бош жерге же кийинки бетке, же кагаздын өзүнчө бетине коюлат.

33. "Апостиль" штампы өзүнчө бетке коюлган учурда апостилдештирилген документтин барактары жана "Апостиль" штампы басылган барак номерленет жана ар кандай түстөгү жип менен же атайын ичке шнур, тасма менен көктөлөт. Документтин акыркы барагынын көктөлгөн жерине "жылдызча" жабыштырылып, ага гербдүү мөөр басылат. Гербдүү мөөрдүн изи "жылдызчага" жана баракка бирдей жайгаштырылат. Көктөлгөн барактардын саны көктөлгөн жана номерленген барактардын саны жөнүндө маалыматтарды камтыган штамп менен ырасталат.

34. Эгерде даректелген мамлекетке котормосун берүү зарыл болсо, документтин маалыматтары даректелген өлкөнүн тилине которулат, андан кийин котормо мамлекеттик нотариус тарабынан ырасталат, ал эми ырасталган котормонун аягына апостиль штампы коюлат.

35. Эгерде даректелген өлкөдө апостиль штампынын кошумча котормосу талап кылынса, апостилди кайталап коюу жол-жобосу колдонулат. Башкача айтканда, апостиль коюлгандан кийин документтер, анын ичинде апостиль штампы даректелген өлкөнүн тилине котормочу тарабынан которулуп, андан кийин мамлекеттик нотариус тарабынан ырасталат, ал эми акырында ырасталган котормонун аягына апостиль штампы коюлат.

36. Түп нускадан өзүнчө баракта (барактарга) жайгаштырылган котормо документтин түп нускасы менен бириктирип тиркелет жана мамлекеттик нотариустун колу менен ырасталат.

37. Апостиль коюуга ыйгарым укуктуу адис "Апостиль" штампынын басылган изин төмөнкүдөй түрдө толтурат:

"Апостиль" штампынын изинин 2-сабында апостиль коюу үчүн берилген расмий документке кол койгон кызмат адамынын фамилиясы көрсөтүлөт.

Эгерде расмий документке кызмат адамынын кол коюшу жана фамилиясы караштырылбаса, бирок документ мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын атынан чыгып жатса, анда "Апостиль" штампынын изинин 2-сабында: "кол коюу караштырылган эмес" деп көрсөтүлөт, ал эми 4-сапта ал документ чыккан органдын расмий аталышы көрсөтүлөт.

Эгерде "Апостиль" штампын коюуга берилген расмий документке кызмат адамы тарабынан кол коюлса, бардык зарыл реквизиттери болсо жана күмөн туудурбаса, бирок ага кол койгон кызмат адамынын фамилиясы чечмеленбесе жана аны аныктоого мүмкүн болбосо, "Апостиль" штампынын изинин 2-сабында "кол коюлган" деген сөздөн мурда фамилиясынын ордуна "кызмат адамы" тарабынан деп көрсөтүлөт, ал эми 3-сапта бул адамдын кызматы көрсөтүлөт.

Апостилди нотариустук түрдө ырасталган документтин копиясына коюуда "Апостиль" штампынын изинин 1-сабында "Ушул расмий документ" деген сөздөрдөн кийин "нотариустук көчүрмөсү" деген сөздөр жазылат, ал эми 2, 3, 4-саптарда нотариустун фамилиясы, кызматы жана нотариустук округдун аталышы тиешелүү түрдө көрсөтүлөт.

"Апостиль" штампынын изинин 3-сабында документке кол койгон адамдын кызмат орду көрсөтүлөт. Эгерде расмий документке бир нече адам кол койсо, алардын ичинен кызматы боюнча башкысынын кызмат абалы көрсөтүлөт (мисалы, соттун курамындагы төрагалык кылуучунуку).

"Апостиль" штампынын изинин 4-сабында документти берген органдын расмий аталышы көрсөтүлөт.

"Апостиль" штампынын изинин 5-сабында апостиль коюлган шаар көрсөтүлөт.

"Апостиль" штампынын изинин 6-сабында апостиль коюлган дата көрсөтүлөт.

"Апостиль" штампынын изинин 7-сабында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт (мисалы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги).

"Апостиль" штампынын изинин 8-сабында апостилди каттоо китепчесиндеги катар санга жараша номер көрсөтүлөт.

"Апостиль" штампынын изинин 9-сабында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гербдүү мөөрү коюлат.

"Апостиль" штампынын изинин 10-сабына апостиль койгон адамдын колу коюлат жана фамилиясы көрсөтүлөт.

38. "Апостиль" штампынын изинин текстине өзгөртүүлөрдү (оңдоолорду, кырып өчүрүүлөрдү) киргизүүгө болбойт.

39. Кол жана гербдүү мөөр коюлгандан кийин апостиль коюуга ыйгарым укуктуу адис апостилди каттоо китебине жазуу киргизип (3-тиркеме), анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- жазуунун катар номери ("Апостиль" штампынын изинин 8-сабы);

- апостиль коюлган дата (Апостиль" штампынын изинин 6-сабы);

- апостиль коюлган расмий документтин аталышы, анын реквизиттери (номери, сериясы, берилген жери жана датасы);

- расмий документке кол койгон адамдын аты-жөнү жана кызматы ("Апостиль" штампынын изинин 2 жана 3-сабы тиешесине жараша);

- апостиль койгон адамдын аты-жөнү жана кызматы ("Апостиль" штампынын изинин 10-сабы);

- арыз берүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, арыз ээсинин ким экенин билдирүүчү документинин маалыматтарын көрсөтүү менен;

- апостиль көрсөтүлүүчү өлкө (арызга ылайык көрсөтүлөт);

- апостиль койгондук үчүн жыйымды төлөгөндүк жөнүндө документтин реквизиттери;

- адамдын документти алгандык жөнүндө койгон колу.

40. Апостиль коюуга ыйгарым укуктуу адис расмий документти арыз ээсине берет. Арыз ээси апостилди каттоо китебинин тиешелүү графасына документтерди алганы жөнүндө кол коет.

V. Документти апостилдештирүүдөн баш тартуу

41. Эгерде төмөнкүдөй болсо документтерди апостилдештирүүдөн баш тартылышы мүмкүн:

а) документтер ушул Нускаманын 9-пунктунун аракетине туура келсе;

б) документ Гаага Конвенциясына катышуучу эмес мамлекеттин же

Кыргыз Республикасынын Гаага Конвенциясына кошулуусуна каршы пикир

билдирген мамлекеттин аймагында көрсөтүү үчүн арналса;

в) документтин тексти бузулуунун натыйжасында окууга жараксыз болсо;

г) документ карандаш менен толтурулса же карандаш менен кол коюлса, же факсимилдик байланыш аркылуу алынса;

д) документте расмий ырасталбаган толуктоолор же оңдоолор камтылса;

е) документтер мыйзамдын талаптарын сактабастан берилсе;

ж) кызмат адамынын койгон колу жана (же) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, кызмат адамынын расмий документте басылган мөөрү же штампынын изи ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда болгон үлгүлөргө ылайык келбесе;

з) расмий документке кол койгон кызмат адамы ага кол коюуга ыйгарым укуктуу болбосо.

42. Апостиль коюудан баш тартуу жазуу жүзүндө негизделүүгө тийиш.

43. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын апостиль коюудан баш тарткандыгы боюнча даттануу мыйзамда белгиленген тартипте жогору турган орган тарабынан, ал эми даттануу канааттандырбастан калтырылганда сот тарабынан каралат.

VI. Корутунду жоболор

44. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда расмий адамдардын койгон колунун жана апостилдештирилчү документтердин берилиши үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын мекемелеринин мөөрлөрү менен штамптарынын издеринин үлгүлөрү болууга тийиш.

Жогоруда көрсөтүлгөн үлгүлөрдө жана издерде болгон ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө тийиштүү мекемелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өзгөрүү пайда болгон учурдан тартып 3 иш күндүн ичинде маалымдоого тийиш.

45. Апостилдештирилген документтерди каттоо китеби жыйымдарды төлөгөндүк жөнүндө квитанциялар мыйзамда белгиленген мөөнөткө сакталат.

46. Гаага Конвенциясына катышуучу эмес мамлекеттин аймагында же Гаага Конференциясынын катышуучусу, бирок Кыргыз Республикасынын ага кошулуусуна каршылык билдирген мамлекеттин аймагында көрсөтүү үчүн арналган документтер консулдук легалдаштыруунун демейдеги жол-жобосунан белгиленген тартипте өткөрүлөт.

 

1-тиркеме

Жеке адамдын арызынын үлгүсү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

АРЫЗ

Мен, _________________________________________________________________,

(арыз берүүчүнүн фамилиясы, аты-жөнү толугу менен)

______________________________________________ сериядагы паспортум бар,

_______________________________________________________________________

(ким экенин билдирүүчү башка документтин аталышы жана реквизиттери)

______-жылдын ____ - _________________________________________ берилген

(качан жана ким тарабынан берилген)

_______________________________________________________________________

(туруктуу же көбүнчө жашаган жердин дареги толугу менен)

дарек боюнча жашайм,

байланыш телефонум ________________, ____________________ туулгам,

көрсөтүүгө тийиш болгон расмий документтерге апостиль коюуну өтүнөм

________________________________________________________________________

(апостиль көрсөтүлүүчү өлкө)

Бул арызга төмөнкүлөр тиркелет:

Документтин реквизиттери

Нускасынын саны

__________________________________________________________________

(арыз берүүчүнүн колу) (арыз берүүчүнүн аты-жөнү толугу менен)

 

2-тиркеме

Юридикалык жактын арызынын үлгүсү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

АРЫЗ

_______________________________________________________________________

(юридикалык жактын, мамлекеттик органдын, жергиликтүү

______________________________________________________________________,

өз алдынча башкаруу органынын толук аталышы)

_______________________________________________________________________

____________________________________________________________ катталган,

(юридикалык жак ким тарабынан жана качан катталган),

байланыш телефону ____________________________________________________,

_____________________________________________________ көрсөтүлүүгө

(апостиль көрсөтүлүүчү өлкө)

тийиш болгон расмий документтерге апостиль коюуну өтүнөт.

Бул арызга төмөнкүлөр тиркелет:

Документтин реквизиттери

Нускасынын саны

Ушул арызды жана ага тиркелген документтерди көрсөтүүгө __________________

______________________________________________________ ыйгарым укуктуу,

(өкүлдүн аты-жөнү толугу менен)

_______________________________________________________________________

(өкүлдүн ким экенин ырастоочу документтин аталышы,

_______________________________________________________________________

сериясы, номери, ким тарабынан, качан берилген)

_______________________________________________________________________

(арыз берүүчүнүн атынан арызга кол коюуга ыйгарым укуктуу кызмат адамы)

_______________________________________________________________________

(колу) (аты-жөнү)

 

3-тиркеме

Апостилди каттоо китеби

Апостиль коюу датасы

Документтин аталышы, анын реквизиттери

Документке кол койгон кызмат адамынын аты-жөнү

Апостиль койгон кызмат адамынын аты-жөнү

Апостиль коюу үчүн документти берген адамдын аты-жөнү, ким экенин ырастоочу документинин маалыматтары

Документ көрсөтүлчү өлкө

Апостиль коюу үчүн жыйым төлөө жөнүндө документтин реквизиттери

Адамдын документти алгандык жөнүндө койгон колу

1

2

3

4

5

6

7

8

9

 

 

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы